Аны менен таанышканда 14 жашта болсом,ал менден бир топ улуу эле.Анын дуйносуно аралашкан биринчи да акыркы да адам мен эмес болчум.Менин аны менен болгон байланышымды баары менин жаштыгыма жооруп жатышты.Чындыгында мындай учурда жаштын да убакыттын да эч кандай мааниси жок эле.Сырымды а дегенде жакын досторум менен болуштум.Болгону конул ачайын деген гана оюм бар эле(кандай гана акмак экенмин)Уй булом эч нерседен кабарсыз эле.Айта да албайт болчум.Себеби кызыл кыямат чыгаары белгилуу да.Сактадым.
..............Алгач кез кезде гана жолуксак ,кун откон сайын кездешуубуз улам кобойо баштады.Конул ачыш учун дебедим беле болбоон кеп.Анын жашоомдогу ээлеген оордун байкоо учун ,коп деле убакыттын кереги жок эле.Ооба аны суйот элем.Бирок ага да карабастан анын туткуну эмесмин каалаган убакта таштап кете алам деген журогумдун тупкурундо турмоктой туйулгон бир ой бар эле.Ал турсун апамдын экообузду тутуп алганы да эч нерсени озгорто албады.Чынында апама кармалган жокпуз,издерин гана корду,анын артынан таштаган издерин.......
..............Жинденген да,урушкан да жок кыскача насаатын айтты.Анткени экообуздун мамилебизге чекит кое албашын билет эле.Бул болсо жашыруун тийде улана бермек.Кун откон сайын бири бирибизге байлана бердик.Кобуроок мен ага байландым.Кылчайып артка карасам 6 жыл отуптур.Жандалбастап анын артынан чуркаган да мен болуптурмун.
Ал мага болгону жалган бакыт тартуулады,
а мен болсо болгон нерсемдин баарын жумшадым.Жашоомду арначу жалгыз ал болду.Ал учун уруштум,ал учун мушташтым,анын айынан оорудум,бирок эч качан жанымдан айырбадым ,айыра да албайт элем.Жаман кесепеттеринин баарын коруп билип турдум.Алгач аны суйууну уйрондум,кийин жек корууну.Чогуу болууну каалабаган убакта да жанымда болгонун кордум.Эркимди желдей желпирип учуруп жибергендигин озумду озумо каршы кылгандыгын кордум.Анын айынан башкаларды да таарынтып озум да кобуроок таарындым.Досторум аны жек корушту,ал тургай мен да денеме жана рухума синген жытынан жийиркенчу болдум.Эриндерим ар тийишкенде мен анын рухунан уурдайт элем.Ал ар убак озун жанылап турду,мен болсо барган сайын жаман болуп жаттым.Бирок эч таштай албадым.Чынында бир нече ирет айрылууга аракет кылдым ,бирок айрылуу кайра кайтып келуумо мурункудан да катуу арзууну пайда кылды.Жоктугунан сагынычыман сыздадым конууго аракет кылдым ,бирок такыр унута албадым.Узун жана уйкусуз тундор отту.Тырмактарымды тиштегиледим,
бул да жетпеди,семичке чага баштадым.Айрылуубуздан улам салмагым да оорлошту.Дайым аны менен болуудан кайра тарттым.Ал тургай азыр да жанымда.Бирок,
буга карабастан баарынардын алдынарда,Бир кун ушул шумшук тамекини созсуз таштайм деп ант берем.!!
!!!!!
А шордуу десе, эми кенешти бул жактан эмеес, опкондон сура, опкондон....!

Супер-Инфо
super.kg
видео














