Суперстан: Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)

#301 Пользователь офлайн   sensei   15 Январь 2014 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

'Түйүлдүк' деген ырын өтө-өтө экен.(көзүжашылданганбыйтык)
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#302 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Январь 2014 - 01:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения sensei (15 Январь 2014 - 14:14) жазган:

'Түйүлдүк' деген ырын өтө-өтө экен.(көзүжашылданганбыйтык)

Рахмат чон!
Аягына чыга элек бирок..(

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#303 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Январь 2014 - 02:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Суйом дебе..:79:

Суйлосон создорундон суйуу буркот,
Не кылсам..? Сезим сени алыс туртот..
Оройлоп суйлоп алып озум дагы,
Ойлонуп калам кээде кабак буркоп..

"Суйом" деп айтайын дейт оозун таптап,
Соз бербей башка созго коем чаптап..
Бул кундо кор кылдымбы суйууну же?
Алгандай кайдыгерлик мени каптап..

Суйлошот коздор тиктеп бири-бирин..
Соз айталбай турдун копко дагы бугун..
Эмне кылсам..? Коруп турам кыйналганын,
Бир тараптуу суйуунун алып жугун..

Билем ичте билгизбейсин, ызасын,
Кусалыгын алыстарга узасын.
Достор элек, дос бололу туболук,
"Суйом" дебе..анда баарын бузасын..

Оюмдайсын, эмне десем кыласын,
Кантип бассам журогундун ызасын?
Сыймыктанаар дос бололу туболук,
"Суйом" десен анда баарын бузасын..

Жолукканда кором коздо кусасын:
"Суйлой корбо! Ушул мунот узасын..!"
Эркетайым дос бололу туболук,
"Суйом! "-дебе.. Анда баарын бузасын..!
:79:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11_01_2014-19_40_38.jpg

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#304 Пользователь офлайн   KUMU89   18 Январь 2014 - 06:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 16:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Просмотр сообщения Sweet-Lika (18 Январь 2014 - 02:26) жазган:

Суйом дебе..Сүрөт

Суйлосон создорундон суйуу буркот,
Не кылсам..? Сезим сени алыс туртот..
Оройлоп суйлоп алып озум дагы,
Ойлонуп калам кээде кабак буркоп..

"Суйом" деп айтайын дейт оозун таптап,
Соз бербей башка созго коем чаптап..
Бул кундо кор кылдымбы суйууну же?
Алгандай кайдыгерлик мени каптап..

Суйлошот коздор тиктеп бири-бирин..
Соз айталбай турдун копко дагы бугун..
Эмне кылсам..? Коруп турам кыйналганын,
Бир тараптуу суйуунун алып жугун..

Билем ичте билгизбейсин, ызасын,
Кусалыгын алыстарга узасын.
Достор элек, дос бололу туболук,
"Суйом" дебе..анда баарын бузасын..

Оюмдайсын, эмне десем кыласын,
Кантип бассам журогундун ызасын?
Сыймыктанаар дос бололу туболук,
"Суйом" десен анда баарын бузасын..

Жолукканда кором коздо кусасын:
"Суйлой корбо! Ушул мунот узасын..!"
Эркетайым дос бололу туболук,
"Суйом! "-дебе.. Анда баарын бузасын..!
Сүрөт




Сүрөт Сүрөт
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#305 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Январь 2014 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Кайталанбас…

Сүйүү гүлүн бийиктерден үзөлү,
Балык болуп дениздерде сүзөлү.
Кетсе кетээр кайра келбес жаштык кез,
Ар мүнөттү бакыттардан түзөлү.

Сүйүү көлүн белчебизден кечели,
Сыр айтышып түйүндөрүн чечели.
Өтсө өтөөр кайра келбес жаштык кез,
Соңку мүнөт кайталанбас кечээги.

Кайкып учуп асамандарда каркыра,
Айдай, Күндөй, Жылдыздардай жаркыра.
Кечээ болсо бугун болбос жамандык,
Эртеңкиде жакшы күндөр бардыр а..?

Тоого чыгып сүйүүнүн ак байрагын
сайып келдим, тоо кушундай сайрагын.
Бүгүн барбыз.. Жок болобуз эртеси,
Ажал келет көтөрүнүп кайрагын..

Сүйүү күүсүн чертип-чертип эринбей,
Ыр жазалы дастандардын өзүндөй.
Бугун конок, эртең жомок кызыгы,
Бекинебиз жан адамга көрүнбөй..

Сүйүү болсун жүрөктөрдө муз эмес,
Шекер болсун көңүлдөрдө туз эмес.
Жайнап турган дүйнө дагы азгыраар,
Ыйман болсун жүз эмес, миң-миң элес…

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 17 Май 2014 - 17:45

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#306 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   19 Январь 2014 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Мен суйбойун…

Мен суйбойун, мерээз жанмын каралдым,
Балким мага жалгыз озун жаралдын..?
Бар экени чындык болсо суйуунун,
Журогунду мээнет менен бар алгым..!

Мен суйбойун, мени суйбо жан кубат!
Менде журок катып турат таш курап.
Жолой корбо, аяп турам озунду,
Сезимдерим коз жашка зар! Жаш жутат..

Мен суйбойун, сен да суйбо озумду,
Жалооруган аяп турам козунду..
Мени суйуп окуноорсун каралдым,
Тек кетирип кырчындай жаш кезинди.

Мен суйбойун, сен да суйбо каралдым,
Балким мага белек болуп жаралдын..?
Бар экени чындык болсо суйуунун,
Келбейт сени коптун бири санагым..!

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#307 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   19 Январь 2014 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Туйулдук IV. Кутуу.

Куттум кечээ..куттум бугун..азыр да..
Туйулдугум булбул белен жазында..?
Келбес болуп кеткен ондуу сен дагы,
Бул жашоодо кордум кобун, азын да.

Куттум..куйут кулго айланып баратат..
Курган умут ар бир кунду санатат..
"Ушул танда мумкун келип калаар,"-деп,
Сенин коноор жайын улам каратат..

Корсом деген эки козум торт болуп,
Коодон ысып жалындады орт болуп.
Очуп барат откон кундо чырагым,
Карегиме ысык жаштан орт толуп..

"Келем" дебес, кеттинби же сен дагы,
Элесин бир булбул эле, кел дагы.
Эстен кетпей эзип алган журокту,
Энсоолорго женилдимби мен дагы..?

Жашообу же бала жытын искебес..?
Эне барбы Жаш чырагын издебес..?
Кекиртегим муунуп барат олумго,
Тируу болуп, тируу эмес бир элес..!

Корбосом да куноолуумун алдында,
Эркетайым элес болуп каттын да.
Кутуп журуп кабар берчуу булбулду,
Жансыз жандай санааларга баттым да..

Кундо барсам бейитине каралдым,
Торт чарчы жер тартат мени..бараттым.
Кээде батам куноолорго бир кейип,
"Алаар болсон айтчы неге жараттын?! "

Куттум кечээ..куттум бугун..азыр да..
Келбес болдун булбул болуп жазында!
Келип кетсен эч болбосо тушумо,
Бул жашоодо кордум кобун..азын да..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#308 Пользователь офлайн   Ханбийке   19 Январь 2014 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Sweet-Lika , :kiss3: :give_rose: Азаматсын Лайк кыз. Туйулдук деген ырларынды окусам журогум ооруйт :(
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#309 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   19 Январь 2014 - 01:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Туйулдук V. Атанын арманы.

Ушул тапта озун беле дарысы?
Коз кыйыгын салат жашы-карысы.
Келбес жакка кетсен деле кутуп бир,
Энекендин кучоп барат оорусу..

Булбул эле конулун тынч алдырган,
Коптон бери келбей койду кабары жок.
Откон кундо эстеп улам озунду,
Жылуу айтсам же конулго алаары жок..

**
"Тогуз ай котором деп ойлобонуз,
Наристениз майып болуп торолот.
Ансыз деле журогунуз оорулуу,
Бул торотту чанда адам которот."

"Журогунуз которалбайт алдырыныз,"
Дарыгердин кенешине макул болдук.
Наристе жытын энсеп, тилеп жургон
дулой элек, биротоло сокур болдук..

Багып алдык башка деле баланы,
Мээрим тогуп аны деле карады.
Балам озун кетпей койдун эсинен,
Турат алсыз жутуп алып санааны..
**

Жагылбай очуп кетти чырактайым,
Агаарда соолуп кетти булактайым.
Эки коз баш ийбеди акылыма,
"Токтот" деп токтоталбайм жаш акмайын..

Ачылалбай узулду кайран гулум,
Бир омур угузбадын шынгыр унун.
Кайраттуу корунгонум апакене,
Калп сымал откон сайын ар бир кунум..

"Кел" десем, тай-тай басып келээрин жок,
Эртеге умут чачып берээрин жок.
"Аттин! " деп тилди кесе тиштегенде,
"Эркектер арман кылбайт" дешет бирок..


P.S.Аягы. :капамын:
Ооофф жазбайм болду..!
Буулуп кетти тамагым.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#310 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   19 Январь 2014 - 01:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Ханбийке (19 Январь 2014 - 00:52) жазган:

Sweet-Lika, :kiss3: :give_rose: Азаматсын Лайк кыз. Туйулдук деген ырларынды окусам журогум ооруйт :(

Рахмат чон.
Ошону озум да кайдан гана баштадым экен..журогум ооруп кетти..ооф..:капамын:

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#311 Пользователь офлайн   Vazir   20 Январь 2014 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Лика айым ырларыныз эн сонун, онорунуз оркундой берсин сизге ийлик, ардайым жакшы журоктон чыкан ырларды тартуулай бериниз. Акыркы ырларыныздан ""Кайталанбас" деген ырлардагы ыр саптар жакты мага .

Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 20 Январь 2014 - 00:24

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#312 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   20 Январь 2014 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Vazir (20 Январь 2014 - 00:23) жазган:

Лика айым ырларыныз эн сонун, онорунуз оркундой берсин сизге ийлик, ардайым жакшы журоктон чыкан ырларды тартуулай бериниз. Акыркы ырларыныздан ""Кайталанбас" деген ырлардагы ыр саптар жакты мага .

Рахмат Вазир Мырза,
Ырларым жакса сиздерге,
Мен үчүн өтө чоң сыймык.
Айтылып турса жылуу сөз,
Жоктур андан чоң сыйлык.
:достор:

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#313 Пользователь офлайн   kgman92   20 Январь 2014 - 19:06

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 133
  • Катталган: 13 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 19:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ысык Көл

Омеей э,мурун бул жерге кирбей кайда темселеп журдум экен!Биякта да бир талант ашып ташып,тогулуп аткан турбайбы! Ырлар жакшы жазылыптыр! Талантын мындан да осуп онуго берсин!
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#314 Пользователь офлайн   Rinatik94   20 Январь 2014 - 19:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

"Супер-Интервюдан" бир кыздын жазганын эшитип калдым эле, ой, көрүп калдым эле, ал кыз Лика эженин дарегине "Адабият жана поэзия" жакта попсуз" деген кебин айтты эле, ошондо "ии, анан бир кыдырып келем го" деп калдым эле, мен өзүм бул бөлүмгө көп кире бербейм. Ал эми Лика эже тууралуу айтсам, сизде талант бар экен, ырларыңыз маанилүү жана маңыздуу жазылган ажайып чыгармалар экен. Не дейбиз, өнөрүңүз өркүндөй берсин, талант ээси!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#315 Пользователь офлайн   Lumia-800   20 Январь 2014 - 20:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Просмотр сообщения Sweet-Lika (19 Январь 2014 - 00:24) жазган:

Туйулдук V. Атанын арманы.

Ушул тапта озун беле дарысы?
Коз кыйыгын салат жашы-карысы.
Келбес жакка кетсен деле кутуп бир,
Энекендин кучоп барат оорусу..

Булбул эле конулун тынч алдырган,
Коптон бери келбей койду кабары жок.
Откон кундо эстеп улам озунду,
Жылуу айтсам же конулго алаары жок..

**
"Тогуз ай котором деп ойлобонуз,
Наристениз майып болуп торолот.
Ансыз деле журогунуз оорулуу,
Бул торотту чанда адам которот."

"Журогунуз которалбайт алдырыныз,"
Дарыгердин кенешине макул болдук.
Наристе жытын энсеп, тилеп жургон
дулой элек, биротоло сокур болдук..

Багып алдык башка деле баланы,
Мээрим тогуп аны деле карады.
Балам озун кетпей койдун эсинен,
Турат алсыз жутуп алып санааны..
**

Жагылбай очуп кетти чырактайым,
Агаарда соолуп кетти булактайым.
Эки коз баш ийбеди акылыма,
"Токтот" деп токтоталбайм жаш акмайын..

Ачылалбай узулду кайран гулум,
Бир омур угузбадын шынгыр унун.
Кайраттуу корунгонум апакене,
Калп сымал откон сайын ар бир кунум..

"Кел" десем, тай-тай басып келээрин жок,
Эртеге умут чачып берээрин жок.
"Аттин! " деп тилди кесе тиштегенде,
"Эркектер арман кылбайт" дешет бирок..


P.S.Аягы. Сүрөт
Ооофф жазбайм болду..!
Буулуп кетти тамагым.



СүрөтСүрөтЭхх...буттубуу. Азаммматсында.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#316 Пользователь офлайн   Lumia-800   20 Январь 2014 - 20:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Просмотр сообщения Sweet-Lika (19 Январь 2014 - 00:27) жазган:

Рахмат чон.
Ошону озум да кайдан гана баштадым экен..журогум ооруп кетти..ооф..Сүрөт



Антпеда,моондай жаздын,эн сонун! СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт Сүрөт
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#317 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   22 Январь 2014 - 10:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

kgman92 , Rinatik94, Lumia-800,
Терең-терең раазычылыктар! Бар болуңуздар! :pardone:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#318 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   22 Январь 2014 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Түшүнүксүз айлана түшүнүксүз,
Шамалы кайда кеткен ою бүткүс?
Жамгырын кары менен кошуп туруп,
Бекиткенби табийгат түшүнүксүз. .

Сууктугу ушул кыштын үшүп бүткүс,
Сай-сөөккө жетип барат күтүп бүткүс.
Табият каарын көргүн суук айлана,
Жамгыры же кары жок түшүп бүткүс.

Себелеп жаабайт неге аппак кары,
Табияттын ушул белем таарынганы. .
Ак тонун күтүп күндө "болобу" деп,
Сумсаят кайың дагы жанымдагы..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#319 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   22 Январь 2014 - 17:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Суроо- Жооп.
"Бакыт" деген эмне?

Агарып таңдын атканын,
Кызарып күндүн батканын,
Айланада эмне кеп?
Түшүнүп билип жатканың!

Саламга алик алганың,
Саламды угуп жатканың.
Басып кетсе көрмөксөн,
Кыжырданып калганың!

Таң заарда сууга барганың,
Суу көтөрүп кайтканың.
Саналуудай аярлап
Баскан ар бир кадамың.

Тоого чыгып барганың,
Тоодон отун алганың,
Көтөрүнүп жетишпей
Караңгыда калганың.

Маңдай жара күлгөнүң,
Шайыр мүнөз жүргөнүң.
Жардамысыз эч кимдин,
Жибек көйнөк кийгениң.

"Ысымың ким?" билгениң,
Сүйүнсөң угуп күлгөнүң.
Корксоң ал да бакыттыр,
Көрүп муштум түйгөнүн..

Үн салып Азан айтканың,
Намаздан үйгө кайтканың,
"Атакелеп" турушса,
Үйгө кирсең балдарың..

Түйшүк тартып убайым,
"Келе калса турайын!"
Сыйлап турса бул бакыт,
Алган асыл жубайың..

Санап турса чалдарың,
Өнгөн ар бир талдарын.
Жүрөккө батпай сүйүнчү,
"Бактылуу" -деп балдарын..

Урушчаак чыкса кемпири,
"Аттиң," -деп бир кейисе.
Сабыр кылса тагдырга,
Ушул кандай жеңиш ээ..?:)

Оору күдө кыйнаса
Аны сезип ыйласа,
Бул да өзү чоң бакыт,
Жансыз эмес тубаса..

"Апалап" тартса жеңиңден,
Күлкүсүнө жеңилген,
Бул да болсо бакыттыр,
Аман болсо наристең.

Сезимсиз эмес Адамдыр,
Бактылуу болоор качандыр..
Маңкурт жандай жаралсаң,
Ошол сенин жазаңдыр…


В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#320 Пользователь офлайн   Ханбийке   22 Январь 2014 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Азаматсын Лайк кыз! Колдорун талыбасын, калемин курчуй берсин, биз кутуп окуй беребиз. :kiss3:
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: