АЛЛА ТААЛАДАН жардам сурап кайрылсанар бардыгы оорундалат бир гана сабырдуу болгула
Кудайдан тилеп, кайрылуу Мусулмандын куралы-ДУБА.
#42 11 November 2013 - 11:16
Кудайдан тилеп сурануу деп алып, анан аллах эле аллах дегенинерге жол босун? Ал башка кудайбы же? Кыргызсынар го акыры, Кудайды деле Кудай десе эмне болот кыргызча эле? Же арабча айтпаса Кудай тушунбойт дейсинерби?
Шумдугун куру!
А менин Кудайдан тилеп суранам, Ал силерге батасын берсин.

Аллах Кудайдын эн сонун аттарынын бири жана Аллах Аллах дегенибизге сиз айткандай эле жол болсун рахмат.
Башка Кудайбы депсиз жок Ал Аллах жалгыз жана андан башка Кудай жок!
Анан дагы бир кызыгы Аллах деген соз ар биз тамгасы менен Кудайдын жалгыз экенин ж.б сыпаттарын билгизип турат б.а мааниси терен.
Аллах Иса алейхи саламдай пенде эмес билбей же тушунбой калгыдай, Ал кемчиликсиз зат!
Батаны алсыздар кылат Аллах бата кылбайт Ал батаны кабыл кылат
#44 15 January 2014 - 20:26
Ооо Улуу жараткан,
Мына кайрадан сенден тилек тилеп, суранып келдим.
Бул кунго чейин ушунча коп куноо кылып, Сен айткан туура жолдо журо албасам да, бетпак болсом да, Сенден башка тилене турган эч ким болбогондуктан сага келдим. Анткени, Сен кечиримдуусун, кечирууну жакшы коросун, бизди дагы бир ирет кечир!
О Кудайым, менин жана башка момун-мусулмандардын кылган куноосун озун кечир. Бизге туура жолдо жургонду насип кыл.
О Раббим, Сенден башка жаратуучу жок, Сенден башка сыйынуучу жок, Сенден башка тиленуучу жок!
Биздин элибизге, жерибизге жана бардык мусулмандардын жерине тынчтык бер!
Элибизге-журтубузга бейпилдик бер!
Жерибизге токчулук, молчулук, берешендик бер!
Келе жаткан шайлоонун тынч отуп кетуусун Сенден суранабыз!
Элди бөлг өнд өрд өн, элибизге жана өлк өбузг ө кыянат мамилеси болгондордон, көрунг өн жана көрунб өг өн душмандардан өзун сакта!
Силер кандай болсонор, ошондой башкарыласынар дегенинди укканбыз. Бизди кечир! Биз жаман болсок да, бузулуп жатсак да бизге ырайым кыла көр! Себеби, Сен эн ырайымдуусун! Сенин ырайымын, Сенин азабындан мурда келет.
Бизге ыймандуу, элге кызмат кыла турган, келечегибизди ойлой турган, уурдап-талабаган, башка өлк өл өрдун куурчагы болбой турган бир президент насип кыл!
Элдин кызыкчылыгын ойлобогондорду, жегичтерди, мамлекетти тоногондорду, исламга каршы чыккандарды сага тапшырдык. Буларга эгер ыйман бере турсан, эн кыска убакытта ыйман бере көр! Эгер буларга ыйман бербей турган болсон, анда дагы эле сага тапшырдык!
О Аллахым, биз булардан тойдук! Булар бизди кыйнап жиберишти! Бешикте жаткан баланын, төр өл ө элек балдардын акысын жеп атышат!
Булардын баарысын сага тапшырдык! Булардан бизди өзун корго!
О Рахман болгон Кудайым! Сен бул дуйнө дө ишенген да, ишенбеген да бардыгынын ырыскысын бересин. Сага ишенгендерди өзун колдо!
Биздин өлк өбузг ө арабыздагы эн татыктуу, ыймандуу, билимдуу бирө өнун башкаруучу болуусун насип кыл!
Бизге жана биздин келечек муунга, башкалардын көзун карабагандай болуп жашоону насип кыл!
Ооомин!

Оооомиииин!
#45 18 January 2014 - 10:23
Жаратканга чексиз шугур! Атам, апам, бир туугандарым,
эл-журтум менен ушул кунго жеткиргенине.
Уй-булообузду асман-жерден келчу кырсыктан, шайтандан, жырткычтан,
пейили бузук адамдан, дабасы жок дарттан, куру жалаа, куру дооматтан, написинин жамандыгынан сакта. Ээ Аллахым алыста жургондорду сага аманат кылып тапшырдым. Уй-булобузго узун омур, ден-соолук, ыйман, инсап, оомат, кут-береке бер. Уй толтура бала бер. Уй-булобуз, тууган-урук,
дос-курбу, эл-жерибиз аман болсун. Жер шарында тынчтык, токчулук орносун. Ар бир адамдын журогунон Аллах орун алсын.
#46 24 January 2014 - 15:10
Аллахка чексиз мактоо,шугурлор болсун!мен ар дайым аллахтан тиленип.ата энеме .бир туугандарыма.
балама ден.соолук сурайм.Аллахым ар дайым журогумдун башында..ушул кунумо ушул ырыскыма ыраазымын!
бир гана окунгонум мусулмандык парзымды толук аткара албай жатканым..буйруса ниетим бар Аллахтан тиленем..ал тендешсиз кечиримдуу !билип билбей кылган куноолорду кечет!
#47 30 January 2014 - 15:43
Албетте Анын Ырайымы Каарынан устомдук кылат. Амал илим иштериниздерде ийгилик
#49 06 February 2014 - 00:29
Башында: Аллахка
мактоолорду айтуу,
асмаа хуснаа
(Аллахтын ысымдары,
мисалы ар-Рахим
Мээримдүү, аль-
Кодиир Кудуреттүү)
аркылуу кайрылуу,
келменин сөздөрүн
кайталоо.
Андан кийин
Пайгамбарга
(салляллаху алейхи уа
саллям) салам
салаваттарды
жөнөтүү. Мисалы
“Аллахумма солли ва
саллим ъалаа
набиййинаа
Мухаммад” деп айтса
болот.
Андан кийин
истигфар айтуу
(күнөөнүн
кечирилишин суроо),
кылган ката
кемчиликтерге тооба
кылуу. Истигфар
аркылуу күнөө
жуулат, жашообузга
берекет кирет [6] .
Андан кийин өз
каалообузду, өз
тилегибизди суроо.
Айтып жатканда
өзүбүз уккандай
кылып үн чыгарып
айтсак жакшы. Дубага
жүрөк, жан менен
кирип, көз алдыбызга
түстүү-түстүү кылып
элестетип, Аллах
каалообузду
аткаргандай, мына
аткарчудай үмүт
болуусу керек. Дуба
учурунда үмүттү
коркуу сезими
коштосун. Жалгыз
үмүт - амалкөйлүк,
жалгыз коркуу -
үмүтсүздүк. Экөө чогу
болуусу керек.
Аягында дуба дагы
бир сыйра мактоо
жана салават менен
аяктайт.
Ушуларды эске алышыбыз керек экен!
мактоолорду айтуу,
асмаа хуснаа
(Аллахтын ысымдары,
мисалы ар-Рахим
Мээримдүү, аль-
Кодиир Кудуреттүү)
аркылуу кайрылуу,
келменин сөздөрүн
кайталоо.
Андан кийин
Пайгамбарга
(салляллаху алейхи уа
саллям) салам
салаваттарды
жөнөтүү. Мисалы
“Аллахумма солли ва
саллим ъалаа
набиййинаа
Мухаммад” деп айтса
болот.
Андан кийин
истигфар айтуу
(күнөөнүн
кечирилишин суроо),
кылган ката
кемчиликтерге тооба
кылуу. Истигфар
аркылуу күнөө
жуулат, жашообузга
берекет кирет [6] .
Андан кийин өз
каалообузду, өз
тилегибизди суроо.
Айтып жатканда
өзүбүз уккандай
кылып үн чыгарып
айтсак жакшы. Дубага
жүрөк, жан менен
кирип, көз алдыбызга
түстүү-түстүү кылып
элестетип, Аллах
каалообузду
аткаргандай, мына
аткарчудай үмүт
болуусу керек. Дуба
учурунда үмүттү
коркуу сезими
коштосун. Жалгыз
үмүт - амалкөйлүк,
жалгыз коркуу -
үмүтсүздүк. Экөө чогу
болуусу керек.
Аягында дуба дагы
бир сыйра мактоо
жана салават менен
аяктайт.
Ушуларды эске алышыбыз керек экен!
АльхамдулиЛлях!
#50 09 May 2014 - 19:35
Мага гана дуба кылгыла, Мен (дубаңарга жооп беремин (кабыл кыламын) деди” (Гаафир-60). Ушул аятка таянуу менен кыргыз олкосу учун, элибиз учун Аллахка дуба кылабыз.
#51 09 May 2014 - 19:46
"Аллахтан мамлекетибизге дуба (тилек) кылабыз" темасы менен бириктирилди.
Gazii, дубалар ушул темага жазылыш керек!

#52 12 May 2014 - 21:48
(Мындай тема болсо алдын ала кечирим сурайм админдерден).
Теманын жобосу: жакынынабы, озунобу, элинеби, келечегинеби, акырет кунунобу, деги бардык жакшы тилектер учун Аллаху Тааладан алакан жайып суранабыз!
(бул жакка жазып тим болбостон, журоктон откоруп, жузго алакан суртконду унутпай, реалда аткарып койсок ашыкча кылбас)…
Оо Аллахым! Бардык Адам аттууга ыйман, эки дуйно бактысын, ден-соолук, кенен ырыскы, уй-булого берекесин, дуйно жузуно тынчтык бере кор!!
Амиинь!

АТА-ЭНЕ ыйык барынан унутпайлы!!!
... Жакындардын конулун оорутпайлы!
!!...
#53 12 May 2014 - 22:52
Э Аллахым, эки жуздуу, тилин саткан, элин саткан иттерден сакта.
Оозунда келме, журогун кара баскан, дин жамынып байлык-мансапты коздогон саткындан сакта!

УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!

#54 12 May 2014 - 23:57
Тема 'Жүрөк сыры' бөлүмүнөн 'Дин жана Философия'
бөлүмүнө жылдырылды.
В каждой шутке есть доля правды...
#55 13 May 2014 - 03:41
Меримдуу жана ырайымдуу Аллах таалага чексиз мактоолор шугурлор болсун жана Пайгамбарыбыз Мухаммет мустафа с.а.вга салавату саламдар болсун
Оо Аллахым адашып башка жолдо башка динде жургондорду журокторуно хидаят берип озунун дини сала коргун
Оо Аллахым бизди эки жуздуулуктон арам тамактан кыяматтын шермендечилигинен тозок отунан кабыр азабынан озундун каарындан сактай коргун
Оо Аллахым бизди туболуктуу бейишиштик кыла коргун
Оо Аллахым жааматыбызга береке бер кылган ибаадаттарыбызды оз даргойундо кабыл кыла кор журокторубузду озундун динин менен бекемдей кор Пайгамбарыбыз Мухаммет с.а.в.дын татыктуу уммоторунон кылган болгун Пайгамбарыбыз Мухаммет с.а.вдын шифаатынан акыретте насип эте коргун Оомин

Не спеши помогать тем, кто не просил тебя об этом.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.

#56 13 May 2014 - 09:39
"Аллаху Таъаладан алакан жайып сурайбыз!
" темасы менен бириктирилди.
kazybek3001 , ары-бери жакты караңыз!
kazybek3001 , ары-бери жакты караңыз!
#57 15 May 2014 - 09:18
МЭЭРИМДУУ АЛЛАХ ТААЛАМА чексиз жакшы мактоолор жана шугурлор болсун жана
саллаллаху алейхи ва саллям Мухаммед пайгамбарга жана анын сахабаларына салам салаваттар болсун!
«БИСМИЛЛАНЫН» - БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМДИН артыкчылыгыبِسْمِ اللہِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیۡمِМээримдүү, Ырайымдуу Алланын ысмы менен
«Бисмилла» - Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын ысмы менен (баштаймын) деген маанини билдирет. Алла Таала Курани Каримдин биринчи сүрөөсү Фатиханы «бисмиллаахир рохмаанир рохиим» сөзү менен баштайт. Бул абалдын хикматтары - даанышмандыктары өтө көп. Ошолордун ичинен бири, Алла Таала пенделерин ар бир зарыл ишти ушул сөз менен баштоого үндөйт. Алланын Элчисиﷺ, этибардуу ар бир иш «бисмиллаа…» менен башталбаса, анда ал иштин акыры кесилген, деп айткан. Ислам дининде, ар бир иштин жана сөздүн «бисмиллаа…» менен башталуусу сүннөт болуп эсептелет. Андыктан, үйгө кирээрдин жана чыгаардын, тамактануунун, даарат алуунун жана ушул сыяктуу зарыл амалдарды кылаардын алдында «бисмиллааны…» айтыш сүннөт. Бул абалдардын ар бирине хадиси шарифтен далилдер бар. «Бисмиллаахир рохмаанир рохиим». Бул сүйлөмдү чечмелегенибизде, «Алла» - Кудайдын Өзүнүн аты. «Ар-Рохмаан» - Алланын сыфаты, мээримдүү мааниде болуп, момундарга да каапырларга да Өзүнүн мээрими менен ырыскы берип туруучу. Ар-Рохмаан сыфаты жалгыз Аллага гана колдонулат. Андан башка эч кимге колдонулбайт. «Ар-Рохиим» - Алланын сыфаты, Кыямат Күнү момундарга гана ырайым Кылуучу деген мааниде жана ал башка кишилерге да колдонулат. Пайгамбарыбызﷺ Курани Каримде ушул сыпат менен сыпатталган. Хидаятул Куран 14.
Дубанын артыкчылыгы Аллах Таала куранда айтат:
1) “Эгенерге: ”Мени чакыргыла. Мен силерге жооп берем. Акыйкатта, Мага сыйынуудан текеберленгендер, кор болуп тозокко киришет”. (“Гаафир” суроосу 60. 2) “Аллахка жалбаруу менен купуя кайрылгыла. Албетте, Ал чектен ашкан текеберлерди жакшы корбойт”. (Аль – арааф” суроосу 55).3) “Эгер пенделерим сенден (пайгамбарга) Мен (Аллах) тууралуу сурашса: Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса дубасын кабыл кылам. Мага да жооп (буйруктарымды аткарышсын) кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мумкун алар туура жолду табышаар”. (“Бакара” суроосу 186).4) “Ага кайрылганда запкы чеккенге жооп берген, жамандыкты кетирген...”. ( “Ан – намл” суроосу 62).
Дубанын адеби жана шарттары1) Ыклас менен дуба кылуу (чын журоктон);2) Дененин кичи жана чон жаман нерселерден таза болуусу;3) Кыбыла тарапты карап дуба кылуу;4) Колду кокуроко чейин же болбосо андан да бийик которуп дуба кылуу;5) Унду акырын чыгаруу ото эле бийик же болбосо ото эле шыбырабастан; 6) Аллахка жалбаруу менен дуба кылуу анткени Ал куранда: “Аллахка жалбаруу менен купуйа кайрылгыла. Албетте, Ал чектен ашкан текеберлерди жакшы корбойт”. (“Аль – Аъраф” суроосу 55).7) Умут жана коркуу менен дуба кылуу, анткени Аллах куранда: “Акыйкатта алар жакшы иштерге шашылышкан, Бизге умут жана коркуу менен дуба кылышкан. Алар бизге моюн сунуп баш ийишкен”.(Аль – анбия” суроосу 90).8) Дубанын кабыл болуусуна бекем ишенимде болуу;9) Дуба кылганда кайра – кайра 3 жолунан кайталоо;10) Дуба кыларда эн биринчи Аллахка мактоолорду жана алкыштарды айтып андан сон пайгамбарыбызга салаваттарды айтып анан эмне керек болсо ошону дуба кезинде суроо. Дуба кылып буткон сон кайра эле Аллахка мактоолорду айтып андан сон пайгамбарыбызга салаваттарды айтып бутуробуз.11) Дубасы кабыл болуусу учун жеген тамагы, ичкен суусу адалдан болуусу керек ж.б.у.с.;
“Оо Аллахым сен Раббимсиң, сенден башка сыйынууга татыктуу илах жок. Мени жараттың жана мен Cенин кулуңмун. Күчүм жеткенче келишимде болуп, сага берген убаданы аткарамын. Жасаган күнөөмдүн жамандыгынан, Сенден гана сактануу тилеймин. Берген неъматыңды таанып, кылган катачылыгымды мойнума алам. Оо Аллахым, мени кечир! Чындыгында күнөөлөрдү Сен гана кечиресин”
“Кимде- ким бул истигфарды ыйманы бекем болгон абалда күндүзү айтып, кеч киргенче өлсө, ал бейишке татыктуу болот. Эгер аны кечинде ыйманы бекем болгон абалда айтып, таң атканча өлсө, бейишке татыктуу болот”. (Имам Бухари) Муъминдердин энеси Айша (радияллаху анха) айтты: Алланын Элчиси (саллаллааху алейхи ва саллам) бул сөздөрдү көп айтаар эле: Субханна-Ллаахи уа би-хамди-Хи, астагфиру-Ллааха уа атуубу илай-Хи "> Мааниси: “Алла бардык кемчиликтен Аруу, Таза. Ага мактоолор болсун! Мен Ага истигфар айтып, тауба кыламын”. (Муслим рываяты)
Сүйүктүү мусулман бир-тууганым! Алланын Элчисинин кылган жана кыла элек күнөөлөрү кечирилсе да, күнүнө жетимиштен ашык истигфар айтып, тооба кылган болсо, анда биз күнөө ээлери кантип Алла Тааладан жалбарып-кечирим сураганга шашылбайбыз! ?

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#58 15 May 2014 - 09:26
ИСТИГФАРДЫН СӨЗДӨРҮ
1) أستغفر الله “Астагфиру- ллаах”
Мааниси: Алладан кечирим сураймын. ( Муслим )
2) " رَبِّ اغْفِرْ لِي وَتُبْ عَلَيَّ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ "
“Робби- гфир лии уа туб алай-йа инна-Ка Анта-Таввабур- Рохиим.
Мааниси: Оо Роббим мени кечирип, таубаларымды кабыл кыл! Чындыгында Сен таубаларды Кабыл кылуучу жана Ырайымдуусуң . (Абу Дауд рываяты)
3) أسْتَغْفِرُ اللهَ العَظِيمَ الَّذِي لاَ إلَهَ إلاَّ هُوَ، الحَيُّ القَيُّومُ، وَأتُوبُ إلَيه" "
“Астагфиру- ллаахал-ъазиим- ллазии лаа илааха илла хуа, Ал-Хаййул Коййуум. Уа атуубу илай-Хи.
Мааниси: Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу болгон улуу Алладан кечирим сураймын. Ал түбөлүк тирүү жана ар дайым Даяр Туруучу. Жана Ага тауба кыламын. ( Тирмизий )
4) "اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ وَجِلَّهُ وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ
“Аллахумма- гфир-лии занбии куллаху, диккаху уа жиллаху, уа ав-валлаху уа аахираху, уа аълааниятаху уа сирраху”
Мааниси: Оо Аллахым, күнөөлөрүмдүн чоңун жана кичинесин, башкысын жана акыркысын, жашыруун, ашкересин жана баарын кечирүүңдү суранамын . ( Муслим )
5) " اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي خَطِيئَتِي ، وَجَهْلِي ، وَإِسْرَافِي فِي أَمْرِي ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي جَدِّي ، وَهَزْلِي ، وَخَطَئِي ، وَعَمْدِي ، وَكُلَّ ذَلِكَ عِنْدِي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَا قَدَّمْتُ وَمَا أَخَّرْتُ ، وَمَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، أَنْتَ الْمُقَدِّمُ أَنْتَ وَالْمُؤَخِّرُ ، وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِير”
“Аллахумма- гфир-лии хотииа-ти, уа жахлии, уа исроо-фии фии амрии, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Аллахумма-гфир- лии жаддии, уа хазлии, уа хато-ии, уа ъамдии, уа куллу заалика ъиндии, Аллахумма-гфир- лии маа каддамту уа маа аххарту, уа маа асрарту уа маа аъланту, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Антал-Мукоддим Анта уал-Муаххир, уа Анта ъалаа кулли шай-ин Кодиир”.
Мааниси: Оо Аллахым, кетирген катачылыгымды, наадандыгымды, ишимдеги исрафымды жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Оо Аллахым, (күнөөмө болгон) аракет, (чектен чыккан) тамаша, кетирген кемчилдиктер жана билип туруп кылган күнөөлөрдүн баарын кылып алдым, аларды кечирүүңдү суранамын. Оо Аллахым, кылып алган жана кыла турган, жашыруун жана ашкере болгон күнөөлөрүмдү жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Чындыгында Сен Өзүңө (пенделериңди ибадаттары менен ) жакын Кылуучусун жана Өзүңдөн (күнөөлөрү менен) Алыстатуучусуң. Жана бардык нерсеге Кудуреттүүсүң . ( Бухари жана Муслим )
ИСТИГФАРДЫН ПАЙДАЛАРЫ
Истигфар айтуу – Ыймандуу жана чынчыл пенделердин урааны.
Истигфар айтуу – Му’миндин сүйүнүчү, аны менен нафс тарбияланат, жүрөк тазаланат.
Истигфар айтуу – Пайгамбарлардын жана Элчилердин дуасы, аны менен даража көтөрүлөт, күнөөлөр өчүрүлөт.
Истигфар айтуу – андан шайтан кыжырданат, Алла Таала ыраазы болот.

#59 16 April 2016 - 19:30
Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатуху!
Дуба – Аллах менен адамдар арасындагы байланыш жолу. Аллах менен байланыш куруу муктаждыгы болсо адамдын табиятында бар. Ыймандуулар үчүн дуба кылуу жашоолорунун бөлүнгүс жана кадимки бир бөлүгү болсо, көп адамдар үчүн дуба чоң кыйынчылыктарга кабылганда, өмүрүнө кооптуулук туудурган коркунучтарга туш келгенде гана эске түшө турган бир ибадат. Албетте, сүйлөмдүн аягында айтылган дуба түрүн Аллах жакшы көрбөшү мүмкүн. Эң туурасы – бул бейпилдикте да, кыйынчылыкта да Аллахтан жардам суроо. Мына ошол үчүн чын ыкластан Аллахка дуба кылуунун жолдору Куранда жакшылап сүрөттөлгөн.
Куранда көп аяттарда түздөн-түз же кыйыр түрдө дуба жөнүндө сөз болот. Ушул деле дубага абдан маани берүү керек экенин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, дуба жөнүндөгү аяттар окулган сайын мунун канчалык маанилүү ибадат экени даана көрүнөт.
Куран боюнча дуба
«Чакыруу, добуш салуу, каалоо, жардам суроо» маанилерине келген дуба, Куран боюнча «кулдун (пенденин) бүт жүрөгү менен Аллахка кайрылышы» же «күчү чектүү бир жандык болгон адамдын чексиз жана түбөлүктүү бир күч-кудуреттин алдында алсыздыгын кабыл алып, жардам сурашы» маанисине келет.
Аллахка ишенген ар бир адамдын өзү билгендей дуба кылаары бир чындык. Бирок адамдардын абдан көп бөлүгү дубаны кыйынчылык учурунда колдогу бүт мүмкүнчүлүктөр жасалып көргөн соң гана Аллахты эстөө деп түшүнүшөт. Мындай адамдар кыйынчылыктардан кутулган соң кийинки кыйынчылыкка чейин Аллахты унутат жана Андан бир нерсе суроо эстерине да келбейт.
Адамдардын дагы бир бөлүгүндө болсо такыр туура эмес бир дуба түшүнүгү бар. Бул адамдар үчүн дуба – бул кичинекей жашынан баштап үй-бүлөнүн улгайган бирөөсү тарабынан үйрөтүлгөн түшүнүксүз кээ бир сөздөр. Адамдардын мындай дубаларында Аллахтын бар экени, жалгыздыгы, улуулугу, кудурети, адамдарды дайыма көрүп-угуп турганы, дубаларга жооп берээри көп ойлонулбайт. Мурдатан жатталган дуба калыптары кайталана берет. Чынында болсо, китебибиздин да темасы болгон, Аллах Куран аркылуу адамдарга жеткирген дуба такыр башкача.
Куран боюнча, дуба кылуу – бул Аллахка жетүүнүн эң оңой жолу. Эми Аллахтын сыпаттарын бир ойлонолу. Ал – адамга күрөө тамырынан да жакыныраак, бүт нерсени билүүчү, угуучу... Адамдын ичинен өткөргөн кичинекей ою да Аллахтан жашыруун калбайт. Демек, чын ыкластан Аллахтан бир нерсе суроо үчүн адамдын ойлонуп коюшу да жетиштүү. Аллахка кайрылуу мына ушунчалык оңой.
Адам кулчулугун билгенде гана Аллах Кабатында баалуу боло алат. Ошондуктан адам Аллахка кайрылышы, каталарын Аллахка мойнуна алышы жана бир гана Аллахтан жардам сурашы зарыл. Антпесе, Аллахка карата бой көтөргөн болот, мунун жазасынын болсо түбөлүк тозок экени Куранда билдирилет.
Адамдардын баары дубага муктаж. Жарды жана кыйын шарттарда жашаган бирөө бай бир адамга караганда дубага көбүрөөк муктаж деп ойлоо дубаны такыр туура эмес түшүнгөндүктү билдирет. Материалдык абалы жакшы, жашоодо бүт каалагандарыма жеттим деп ойлогон бир адамдын «дубага муктаж эмесмин» деп ойлошу такыр туура эмес. Себеби мындай учурда «дубанын жалгыз себеби – бул дүнүйөлүк каалоолорго жетүү» деген маани чыгат. Чынында болсо момундар дүйнө жашоолору үчүн да, акыреттери үчүн да дуба кылышат. Дуба кылуу тобокелдүүлүктү да алып келет. Дуба кылган адам алдынан чыга турган оор же жеңил ар кандай абалды, бүт окуяларды ааламдын Жаратуучусу жана Ээси болгон Аллахтын эркине таштады дегенди билдирет. Бир көйгөйдү чечүүнүн же алдын алуунун бүт жолдорунун ааламдагы бүт кудуреттин ээси болгон Аллахка таянганын билүү, бүт иштерди ага тапшыруу жана Ага гана дуба кылуу момунга бейпилдик жана ишеним алып келет.
ХАДИСТЕР:
"Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд]
"Аллаху таала айтты: "Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани]
Аллаху таала: "Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын”, -деп билдирүүдө. Демек, дуба текке кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз. Китептерде билдирилет:
Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө, келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:
"Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.” [Дайлами]
"Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана[сооп]жазылат. ” [Дара Кутни]
Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди:
"Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн жактырамын”, - деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: "Мунун тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, - деп буюрат.” [Ибни Нажжар]
Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:
"Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: "Дуба кылдым да кабыл болбоду” деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.” [Муслим]
ДУБА КАБЫЛ БОЛУУЧУ ЫЙЫК КҮНДӨР:
1)Арафат күнү
2)Кадыр түнү(күнү)
3)Рамазан айында
4)Жума күнү
5)Тахажут убагында
6)Таң эрте (багымдат)
7)Каабада
8)Жамгыр, кар жааганда
9)Даарат алгандан кийинки дуба
10)Азан менен кооматтын ортосунда
11)Ооз ачаарда
12)Зулумдук чеккен адамдын дубасы
13)Ата-эненин перзентине берген дубасы
14)Куран окулгандан кийин
15)Короз кыйкырганда (короз периштени көргөндө кыйкырат)
16) Мусаапыр адамдын дубасы
17)Кыйналып жүргөн адамдын дубасы
18)Мусулмандын мусулманга кылган дубасы
ДУБА БАТ КАБЫЛ БОЛУУСУ ҮЧҮН:
1)Тамактын адал болуусу
2)Чын жүрөктөн дуба кылуу
3)Ибадатты көбөйтүү
4)Жан дүйнөнү тазартуу
5)Дуба кылып жатып үмүтсүз болбоо
6) Аллах ыраазычылыгы үчүн
Хадис: "Чындыгында Аллах Таала уялуучу жана берешен. Эгер пендеси Ага кол сунуп бир нерсе сураса, аны куру кайтаргандан уялат" Имам Абу Дауд.
ДУБА КАБЫЛ БОЛБОЙТ ЭГЕР АЛ:
1)Өзүнө же башка бирөөгө жамандык тилесе
2)Күнөө кылууну токтотпосо
3)Туугандар менен мамилени үзгөн болсо
4)Дубанын натыйжасын күтүү
ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУУ ШАРТТАРЫ:
1) Мурда кылган жакшы иштерин ортого коюп дуба кылуу
2)Сажда
3)Аллахка мактоо айтуу (99 атын айтуу)
Салават айтуу
4)күнөөлөргө чын жүрөктөн тообо кылуу.
Сен бирөөгө дуба кылсаң, периштелер: Сага ошонун 10 эсеси болсун"-деп дуба кылышат. Ошондой эле, "Кимде-ким өзүнө каалаган жакшылыкты, башка бир мусулманга ыраа көрмөйүнчө толук ыймандуу боло албайт"- деген хадис бар.
Келгиле мусулман бир-туугандар, бири-бирибизге дуба кылалы.
Кыргызстандын оңолуусу үчүн, мусулмандар үчүн, адашып жүргөндөрдүн туура жолго түшүүсү үчүн, билип-билбей кылган күнөөлөрүбүз үчүн, ооруп жаткандар үчүн, балалуу боло албай жаткандарга, карызынан кулута албай жаткандарга, окуубуздун ийгиликтүү болуусу үчүн. Айта берсек толтура, кайсы тарапөан болбосун дубага муктажбыз. Албетте, дуба кылып гана тим болбостон аракет кылып, чын жүрөктөн каалап, Аллах ыраазычылыгы үчүн дуба кылалы.
ТЕМАНЫН ШАРТЫ:
1)(ТЕМАГА) ДУБА ЖАЗААРДАН МУРУН 3 ЖОЛУ САЛАВАТ АЙТУУ
2)АР БИР ЖАЗЫЛГАН ДУБАНЫ ОКУГАНДАН КИЙИН "АМИН" (КОТОРМОСУ: КАБЫЛ БОЛСУН) -ДЕП АЙТУУ.
Куранда дуба катары жазылган аяттарды, Пайгамбарлардын, сахабалардын, аалым, олуялардын дубаларын жазсаңыз болот.
(Бизден катачылык кетсе, оңдоп-түздөп коесуздар деген үмүттөмүн)

لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#60 16 April 2016 - 19:43
Алхамдулиллахи Раббилаламин.
Ассалату вассаламу ала расулина Мухаммадин ва ала алихи ва аахбихи ажмаин.
Йа, Рабби! Окуган намазымды кабыл кыл! Акыр жана акыбетибизди кайырлуу кыл! Акыркы демимде Калимаи таухид айтуубузду насип кыл! Өтүп кеткендерибизди кечир жана аларга магфират кыл!
Аллахуммагфир вархам ва анта хайруррахимин. Таваффани муслиман ва алхыкни биссалихин. Аллахуммагфир- ли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лилмуминина вал муминат йавма йакумул хисаб.
Йа, Рабби! Бизди шайтандын зыянынан жана душмандын зыянынан жана нафс-и аммарабыздын зыянынан сакта! Үйүбүзгө жакшылыктарды, адал жана кайырлуу ырыскыларды ихсан кыл! Ахл-и Исламга саламаттык ихсан кыл! Дин душмандарын лаанат кыл! Капырлар менен жихад кылып аткан мусулмандарга жардам бер!
Аллахумма иннака афуввун каримун тухиббулафва фафу анни.
Йа, Рабби! Оорулууларыбызга шифаа, дарттууларыбызга дабаа бер! Аллахумма инни асалукассыххата вал-афийата вал-аманата ва хусналхулки варрыдае билкадари би-рахматика йаа архамаррахимин.
Риядан, нифактан, шикактан, ар түрдүү оорудан, казадан, балээден, жалкоолуктан, алсыздыктан, зулумдуктан, кутурткан байлык жана кутурткан кедейликтен, шайтан жана напсимдин зыянынан, душмандан, жаман мүнөздөн, бидат кылуудан, адашуудан, ихлассыз амалдан, ар түрдүү күнөөдөн, куфурга кирүүдөн, башкаларга муктаж болгон кыйынчылыктуу карылыктан, жаман өмүрдөн, өлүм учурундагы боло турчу фитналардан, динибизге, дүнүйөбүзгө зыян бере турчу нерселерден бизди корго!
Чыныгы ыйман, көркөм мүнөз, шүгүр кылуучу көңүл, зикир кылуучу тил, каза жана тагдырга ыраазылык көрсөтчү кайырлуу өмүр, аз жеп аз уктоо, аз сүйлөө, аз күлүү жана көп кызмат кылууну, кабыр азабынан жана акырет коркунучунан кутулууну, өмүр бою ыраазылыгыңа ылайык иш кылууну, шейит болуп көз жумууну жана акыркы демде ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйман жана тообо насип кыл.
Йа, Рабби, өз сүйүүңдү, сүйгөндөрүңдүн сүйүүсүн, сүйүүңө жеткире турчу амалдарга болгон сүйүүнү насип кыл! Илимибизди, ыкласыбызды, зээнибизди арттыр, мураттардан, ыкластуулардан болуубузду насип кыл, жоомарт жана исар ээси болгон пенделериңен кыл.
Эне-атабызга, балдарыбызга жана тууган-туушкандарыбызга бардык дин бир бир туугандарыбызга кайырлуу өмүр, жакшы адеп-ахлак, тунук акыл, чың ден-соолук, хидаят, туура жол бер Йа, Рабби!
Дубадагы кээ бир сөздөрдүн маанилери:
Рия – Эки жүздүүлүк, Аллахтан башкалар үчүн ибадат кылуу.
Нифак – Мунафыктык
Шикак – Келишпестик
Нафс-и аммара – Жамандык кылууну каалаган нафс.
Хидаят – Туура жолду табуу.
Калимаи таухид – Лаа илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деген сөз.
Мурат – тандалган адам.
Исар – "жоомарттык”бул өзүнө керек болбогон нерселерди берүү, ал эми "исар” болсо бул өзүнө да керек болгон нерселерди берүү дегенди түшүндүрөт. Б.а., өзүнүн ордуна башкаларды ыраа көрүү болуп саналат.

Супер-Инфо
super.kg
видео