Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#101 Пользователь офлайн   Тынчтыкбек   28 Февраль 2009 - 23:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 415
  • Катталган: 26 Февраль 07
  • Соңку аракети: 23 Фев 2013 15:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Чыныгы акындар буерде го ыя?
Кытай, Ички Монголия, Хух-Хото
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   USSR   28 Февраль 2009 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ээ менин акын Вайс досум
Эми озуно окшоштун....
Эроолдон созду козгодун
Эрегишип калган окшойсун.....
Жолуксак мейли,жок дебейм
Айтышам десен жок дебейм.....
Болчу жерди болжойлу
Баарын чогуу топтойлу.....
Маанилуу маныз соз менен
Мылтыктарды октойлу.....
Жанагы жакалашкан кыздарды
"черлидинг" кылып алалы....
Уруштурбай форумда
Ынтымагын сактап калалы....
Барс досум озу болот го
Калыстардын башчысы....
Он жагында Жекабай
Ишенген жардамчысы. ...
Шуулдаган Лимонду
Рефери кылып алалы....
Форумдун ичин дун кылып
Бир кызыкка баталы....
Эстеликке калтырып
Камерага тарталы....
"Айтыш" коомдун чонуна
Чон акчага саталы.....
Базарга барып баарыбыз
Конфет-монфет алалы....
Таарынышып калбасын
Таразага тарталы....
Урушпай эми жургун деп
Ушу акын кыздарга таркаталыыыы эээй....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   vais   28 Февраль 2009 - 23:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Цитата

kachan jyiyntyk chygarasynar?


жыйынтык чыгаруу учун калыстар тобун шайлап алуу керек. Сен угарман катары колуна албайсынбы уюштуруу иштерин. Демоорчулорду деле издейли...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   USSR   01 Март 2009 - 00:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

kachan jyiyntyаk chygarasynar?

Менин эркем Майка кыз
Жыйынтыкка шашпаныз....
Андан коро ыр токкон
Акындарды байканыз.....
СССРди билесин
Ээленбей жур дебессин....
Сен жонундо ырдасам
Каршы болор эмессин....
Коргонду кошуп ырдамай
Ушундай "жаман" адат бар....
Сени кошуп ырдасам
Каршы болбос адамдар....
Майка деген айдай кыз
Бал кошкон сары майдай кыз....
Кыпкызыл болуп демделген
Индия памил чайдай кыз....
СССРдин эркеси
Досторунун кенжеси....
Издешип тапкан форумдан
СССР анын байкеси.....
Ордолуу Оштук жердеши
"Бипбиртууган" акеси....
Билим алып мектепте
Чачына бантик таккан кыз....
Ойдо-томон суйлобой
Орду менен баскан кыз.....
Кызыктырып копторун
Журокко от жаккан кыз.....
Жалпыбыз суйгон форумда
Озунун ордун тапкан кыз.....
"Оюн-кулку" темада
Ойноп конул ачкан кыз....
"Журоктон чыккан ырларга"
Жуйолуу ырлар жазган кыз....
Мас болуп келсе акеси
Соз менен башын жазган кыз.....
Куйруктуу кара кой союп
Кошомат кылдым кичине....
Жыйынтыгын чыгаарда
Ушуну алгын эсине.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   janymai   01 Март 2009 - 08:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 01 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Дек 2013 20:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Салам калкым аманбы
Келип калдым мен дагы
Жыйынтыкка шашпайлы
Айтыш эми жанданды

Кызыгы жок айтышта
Эгер жообун жазбаса
Комуз чертип, ыр токуп
Калды жоопсуз баракта

Жигиттер баары форумда
Жаш экенин далилдейт
Жаздым эле качан жооп
Унчугушпайт, дале жок

Жигитмин деп жазышты эле
Кыйынмын деп чабышты эле
Бир четинен качышты анан
Жанымайдын суру эн жаман

Макул эми жигиттер элдешели
Тамаша кылып чердешели
Унчукпастан келиниздер
Ырдан токуй бериниздер

Васек жигит ыр токуптур
Ар нерседен куп согуптур
Коптон бери корунбой
Кирип калды коноктой

Келгин жигит шашпагын
Кутобуз дайым бут баарын
Мага окшогон кыздардын
Алышын керек батасын

Жоопко кандай экенсин
Жашынды сенин сынайлы
Жаш болсон сен да качаарсын
Болбосо созумду угаарсын

Кээде-кээде бир корунуп
Жазып кыска кептерин
Жазганына мен карап
Оюнкараак демекмин

Чакырдым Барсты айтышка
Жооп жазды акем мен жакка
Баралбайм мен ал тарапка
Жазалбайм дейт мен айтышта.

Макул эми токтотойун
Акындарды жоктотпойун
Комузун даярдап,куулоп
Айтышчулар бар бекен
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   USSR   01 Март 2009 - 09:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кагылайын Жанымай
Мынча "хайвай" салдын ай.....
Жигит издеп айтыштан
Уч-торт жолу жаздын ай....
Башында бизди чоочутуп
Кыйла созду айттын ай....
Тен келбейт мага эч ким деп
Жаш кылып бизди салдын ай.....
Суйушконду уйрон деп
Соз менен башка "чаптын" ай.....
Чоноюп кел жашсын деп
Журокко такты салдын ай....
Бугун мына мен келдим
Белимди бууп бекемдеп....
Тагдырыма сыйынып
Бир озуно жетем деп....
Болсо болду тобокел
"Аял" кылып кетем деп....
Сендей болгон чурокко
Айтаар созум белендеп....
Туулган кунун турбайбы
Озуно белек берем деп....
Майрамын менен куттуктайм
Отузга жашын толуптур....
Отузунда "отун" дейт
От болуп дайым куйуп тур.....
Белек жок башка береерге
Эми эмне кылайын
"Упаковка" оронтуп
Озумду сага сунайын....
Эзилтип журок,боорумду
Эркелетип жур дайым....
Отуз жаштан торттоону
Берсин сага кудайым....
Бак-таалайга чулганып
Оорубай журчу ылайым.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Кыргыз Happy   01 Март 2009 - 10:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 26 Февраль 09
  • Соңку аракети: 22 Фев 2020 12:34
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

нукура акындар ушул жерде го дейм мен токуй албадым создун кучун кетирбейин деп жазбадым жазсам маанисиз жазып коем, СССР токмо акын ойшойсун? телеге чыкканга аракет кылсанар зор болмок
Не с первого взгляда, но до последнего вздоха,
Верю в любовь, в нас, в себя, верю в бога. (KREC)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   janymai   01 Март 2009 - 10:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 01 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Дек 2013 20:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жообун эртен жазам,бугун туулган кунумда,колум бошобойт.Бирок мага жакты СССРдин токуган ыры, салган чыры, эми шашпай тур...
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   алмагуль   01 Март 2009 - 13:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 22 Февраль 09
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2009 16:40

салам айтам баарына
айтылуу кыргыз калкыма
албетте анан жалпына
кыргыз элдин сыймыгы-
форумдагы акындарга
куюштурган создорду
жазгандары тим эле
кычыштырат коздорду.

коптору энсеп келген жер
СССР байкем ачкан жер
ЖЕКА,ЛИМОН, байкемдер
айтышы менен форумду
сапырып бир салган жер.

СССР АЕЧКА эжемдей
суйуулорун тапкан жер
кетип калса ал эжем
СССР байкем тан болуп
сыздап бир ыйлап жургон жер.

бири-бирин токтотуп,
акыл калчап жургон жер.

тушуно албай жакшы кеп,
мен башы архидей тошу болуп,
бир урушуп,элдешип
чырдап гана жургон жер.

бир нерсеге зар болуп,
кайра-кайра суроо коюп,
жыйынтыкты куткон жер.
эмне деймин мен даагы
айтылды го дейм баары.
ишикылып медатор ага
акындарды жакшы танда
бааларынды туура бер
Адамдын конулу гул сымал ,бат соолуйт.Аны аздекте!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   arhidey   01 Март 2009 - 13:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Мырзалардын мырзасына.


Биссимила деп баштайын
Акылман адам болуп
Акыл уйрото баштайын
Урматуу USSR байке
жазат экенс жанга жакын
Акындардын чынысынан
Ичип алганс жугусунан
Ойунуз менен пикириниз
Уйкашат экен уйгактай.
Дагы бир жазам бир байкеме
Анын аты Вайс байке
Жоголуп кетет кее кээде
Пайда боло кез кезде
Аттанып чыккан айтышка
Кыздар менен жарышка
Жарышат кыздар калышпай
Кийишип кызыл койногун
Жарышат экен кыздар ай
Озунузго тын болун
Жанылып кийин калбан ай
Дагы айткан бир созу
Калыстар шайлап кетели дейт
Жакшы айтыш айтырып
Тарыхта калып кетели дейт
Андыктан шайлап кетиниз
Шайыр щыктуу шамдагай
Атуулдардын атынан
Каала шайла балдардан
Каала шайла кыздардан
Шайлай албай кыйналсаныз
Келин бирге тандайбыз
Сизге айтып кетээр элем
Катардан чыкпай айтышка
Кирип турун айттырбай
кеч киргенде кирип келес
Кочмон кыргыз калкына окшоп
Кочуп дайым журо берес.
Алмагул сулуу сизге айтаарым
Созунуз сулууу жазыныз
Айтып койсом бир сунуш
Конулго катуу алыпсыз
Болуп турат андай жагдайлар
Айтышуу айтыш кепке окшош
Атандын кору сен кимге окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   AeCHka   01 Март 2009 - 13:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаздын эн биринчи кунундо
Аечканын окшош жузундо
Бир сыры бар эч ким билбеген
Айткым келет жаным сиздерге

Салам айтам акындарга ийилип
Уланттынар ыр чапанын кийинип
Комуз алып, ырларды да токушуп
Журосунор журокторду кубантып

Окуп чыгып кубандым чын дилимден
Бар экенго кыздар дагы ийилген
Соз токушуп, жигиттерден артта калбай
Керек болсо эркектерди ыйлатышкан

Азаматсын кыргызымдын кыздары
Сулуусунар Каныкей апанын урпактары
Бар болгула, артта калбай бу заманда
Сыйлашышып отушолу бу жалганда

Урматтаймын жигиттерин кыргызымдын
Манас ата бата берген инсандарын
Ар тараптан чогулушуп бу форумга
Бир туугандай болушушкон тен кайгысын

Уйрондум мен бу форумдан каткырганды
Унутканмын, сезим эмне бу жалганда
Кайра суйдум виртуалда бир жигитти
Унутпаймын реалда да бу форумду

Унутпагын кыргызым ким экенинди
Ыйык жерди -жер кылып жургонунду
Колдон келсе калтыргын сен изинди
Кыргызмын деп айткын дайым озунду

Жашоо дайым кызык дагы керемет
Жашаганды эгер билсен сен тездет
Убакыт аз жашаганга не жетсин
Бар бололу дайым -ЖАШОО КЕРЕМЕТ.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   USSR   01 Март 2009 - 13:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Жаздын эн биринчи кунундо
Аечканын окшош жузундо
Бир сыры бар эч ким билбеген
Айткым келет жаным сиздерге

Салам айтам акындарга ийилип
Уланттынар ыр чапанын кийинип
Комуз алып, ырларды да токушуп
Журосунор журокторду кубантып

Окуп чыгып кубандым чын дилимден
Бар экенго кыздар дагы ийилген
Соз токушуп, жигиттерден артта калбай
Керек болсо эркектерди ыйлатышкан

Азаматсын кыргызымдын кыздары
Сулуусунар Каныкей апанын урпактары
Бар болгула, артта калбай бу заманда
Сыйлашышып отушолу бу жалганда

Урматтаймын жигиттерин кыргызымдын
Манас ата бата берген инсандарын
Ар тараптан чогулушуп бу форумга
Бир туугандай болушушкон тен кайгысын

Уйрондум мен бу форумдан каткырганды
Унутканмын, сезим эмне бу жалганда
Кайра суйдум виртуалда бир жигитти
Унутпаймын реалда да бу форумду

Унутпагын кыргызым ким экенинди
Ыйык жерди -жер кылып жургонунду
Колдон келсе калтыргын сен изинди
Кыргызмын деп айткын дайым озунду

Жашоо дайым кызык дагы керемет
Жашаганды эгер билсен сен тездет
Убакыт аз жашаганга не жетсин
Бар бололу дайым -ЖАШОО КЕРЕМЕТ.

:applause: :rofl: :applause:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   алмагуль   01 Март 2009 - 13:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 22 Февраль 09
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2009 16:40

АЕЧКА ЭЖЕ :applause: :rofl: :applause:
Адамдын конулу гул сымал ,бат соолуйт.Аны аздекте!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   vais   01 Март 2009 - 14:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Аечка кыз апбали!
Чапанды сизге жапалы
Жакшы акын экенсиз,
Алаканды чапалы... :applause: :rofl:
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   arhidey   01 Март 2009 - 14:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Цитата

Жаздын эн биринчи кунундо
Аечканын окшош жузундо
Бир сыры бар эч ким билбеген
Айткым келет жаным сиздерге

Салам айтам акындарга ийилип
Уланттынар ыр чапанын кийинип
Комуз алып, ырларды да токушуп
Журосунор журокторду кубантып

Окуп чыгып кубандым чын дилимден
Бар экенго кыздар дагы ийилген
Соз токушуп, жигиттерден артта калбай
Керек болсо эркектерди ыйлатышкан

Азаматсын кыргызымдын кыздары
Сулуусунар Каныкей апанын урпактары
Бар болгула, артта калбай бу заманда
Сыйлашышып отушолу бу жалганда

Урматтаймын жигиттерин кыргызымдын
Манас ата бата берген инсандарын
Ар тараптан чогулушуп бу форумга
Бир туугандай болушушкон тен кайгысын

Уйрондум мен бу форумдан каткырганды
Унутканмын, сезим эмне бу жалганда
Кайра суйдум виртуалда бир жигитти
Унутпаймын реалда да бу форумду

Унутпагын кыргызым ким экенинди
Ыйык жерди -жер кылып жургонунду
Колдон келсе калтыргын сен изинди
Кыргызмын деп айткын дайым озунду

Жашоо дайым кызык дагы керемет
Жашаганды эгер билсен сен тездет
Убакыт аз жашаганга не жетсин
Бар бололу дайым -ЖАШОО КЕРЕМЕТ.



Соз жок азамат!! !!!!! !!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   janymai   02 Март 2009 - 02:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 01 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Дек 2013 20:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Жаздын эн биринчи кунундо
Аечканын окшош жузундо
Бир сыры бар эч ким билбеген
Айткым келет жаным сиздерге

Салам айтам акындарга ийилип
Уланттынар ыр чапанын кийинип
Комуз алып, ырларды да токушуп
Журосунор журокторду кубантып

Окуп чыгып кубандым чын дилимден
Бар экенго кыздар дагы ийилген
Соз токушуп, жигиттерден артта калбай
Керек болсо эркектерди ыйлатышкан

Азаматсын кыргызымдын кыздары
Сулуусунар Каныкей апанын урпактары
Бар болгула, артта калбай бу заманда
Сыйлашышып отушолу бу жалганда

Урматтаймын жигиттерин кыргызымдын
Манас ата бата берген инсандарын
Ар тараптан чогулушуп бу форумга
Бир туугандай болушушкон тен кайгысын

Уйрондум мен бу форумдан каткырганды
Унутканмын, сезим эмне бу жалганда
Кайра суйдум виртуалда бир жигитти
Унутпаймын реалда да бу форумду

Унутпагын кыргызым ким экенинди
Ыйык жерди -жер кылып жургонунду
Колдон келсе калтыргын сен изинди
Кыргызмын деп айткын дайым озунду

Жашоо дайым кызык дагы керемет
Жашаганды эгер билсен сен тездет
Убакыт аз жашаганга не жетсин
Бар бололу дайым -ЖАШОО КЕРЕМЕТ.


:applause: :give_rose: :applause:
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   janymai   02 Март 2009 - 11:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 01 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Дек 2013 20:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Кагылайын Жанымай
Мынча "хайвай" салдын ай.....
Жигит издеп айтыштан
Уч-торт жолу жаздын ай....
Башында бизди чоочутуп
Кыйла созду айттын ай....
Тен келбейт мага эч ким деп
Жаш кылып бизди салдын ай.....
Суйушконду уйрон деп
Соз менен башка "чаптын" ай.....
Чоноюп кел жашсын деп
Журокко такты салдын ай....
Бугун мына мен келдим
Белимди бууп бекемдеп....
Тагдырыма сыйынып
Бир озуно жетем деп....
Болсо болду тобокел
"Аял" кылып кетем деп....
Сендей болгон чурокко
Айтаар созум белендеп....
Туулган кунун турбайбы
Озуно белек берем деп....
Майрамын менен куттуктайм
Отузга жашын толуптур....
Отузунда "отун" дейт
От болуп дайым куйуп тур.....
Белек жок башка береерге
Эми эмне кылайын
"Упаковка" оронтуп
Озумду сага сунайын....
Эзилтип журок,боорумду
Эркелетип жур дайым....
Отуз жаштан торттоону
Берсин сага кудайым....
Бак-таалайга чулганып
Оорубай журчу ылайым.....



Салам жаным жигитай
Айтат салам жанымай
Кеч болсо да жызыпсын
Куттум жообун аябай

Издедим жигит виртуалда
Эстеп сенин айтканынды
Болот дедин суйуп калса
Качпай калдым мен силерден

Суйуп калыш оной эле
Суйдуруп коюш тим эле
Бирок жигит чыдабайтко.
Жооп жазганга ынабайтко

Аял кылып алам дедин
Белекке озунду берем дедин
Макул болуу кеп эмес
Ала качуу шарт эмес

Кыз киши кылыктанат
Жигит жандап мактанат
Чуркаган албайт билесин
Буйрусун деп тилегин

Тизмесин кыздардын жазыпсын
Катарда бар экенмин ыраазымын
Бирок мен жалгызын болгум келет
Гаремге киргенге макул дебейм

Чыдасан "капризиме" мен мына
"Джентельменмин" десен кел мында
Суйуу учун даяр болсон,ойлономун
суйгум келип мен дагы толгономун.

Болдуго дейм, жететко,берекем
Жанэркем, каралдым, кел эркем
Болоюн мен сага суйгонун
Чыдасан сен мага, ойлонгун.
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   arhidey   02 Март 2009 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Цитата

Анча- мынча статистика

СССР досум көп айтты эле - кайталап,
"Инженерлер өлкөбү здө - жетпей жатат"
Кесиптеги тактыгымды - мен колдонуп
Биз тууралу сөз айтайын - мап, майдалап.

Жаныңарда жок болсун - акустика
Алдыңарда анча-мынча - статистика.
Бул темага кимдер, качан - келип кирди,
Ыры менен мамилесин - териштирди

(Маалымат акындардын форумга кирүү тартиби менен берилди)

1) USSR - 23 жолу ыр жазды;
2) Prince - 2 жолу ыр жазды;
3) Jeka - 14 жолу ыр жазды;
4) Aechka - 9 жолу ыр жазды;
5) vais - 11 жолу ыр жазды;
6) edil - 3 жолу ыр жазды;
7) Feya - 1 жолу ыр жазды;
8) kom - 1 жолу ыр жазды;
9) Jahonna - 1 жолу ыр жазды;
10) алмагуль - 18 жолу ыр жазды;
11) janymai 15 жолу ыр жазды;
12) ЛИМОН - 8 жолу ыр жазды;
13) arhidei - 4 жолу ыр жазды;
14) happy - 1 жолу ыр жазды;

Демек, ыр жазуу боюнча:
1-орунда: USSR
2-орунда: алмагуль
3-орунда: janymai



Жека азамат жыйынтык чыгарып койгонсунбу бирок тушунбодум кайсыл ыр бойунча журоктон чыккан ырларбы же акындык айтыш ырларбы или берилген ырларбы кай биринен эсеп чыгардыныз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   janymai   02 Март 2009 - 13:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 01 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Дек 2013 20:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Эми, кичине күтө турсаңар - капырай,
Анча-мынча оңдош керек - шашылбай!



Берели бираз убакыт
Кутобуз, бизда кубанып
Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   ЛИМОН   02 Март 2009 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Лимон жыйынтык чыгарып салган форумчуларга тан калып турган убагы

Эмне деймин туугандар
кылгылыкты кылгандар
чынын айтсам туугандар
жакпады мага мунунар
эки кун калсам кечигип
очен важный иш чыгып
чыгарыптыр жыйынтык
коргондорду кыйылтып
эч тартынбай айтайын
журоктогу создорду
бир мусулман экинчи
мусулмандын кузгусу
деген созду айтайын
капа болбо туугандар
кызуусуна келгенде
же тенине келгенде
азгырылып акчага
же тагыраак айтканда
айтыш коомдук фондунун
призине кызыгып
бутуруунун амалын
бутупсунор сыргырып
болоору болду корунот
андамесе туугандар
татынакай айтышын
уланталы форумдун
дегим келет баарына
ЖЕКА менен УССРга
аябай катуу тан калдым
МАЙКА деген баш багып
сурап калды тан калып
жыйынтыгы айтыштын
качан болот АКЕБАЙ ? (УССР)
азыр жаным МАЙКЕтай
чыдай тургун ыйлабай
деп сооротту АКЕБАЙ
эки жагын аландап
калыска кимди табам деп
шашылды го АКЕБАЙ
аа тапты го мынакей
калыстардын тобуна
Барс досун баш кылам деп
женилбеген Жканы
он канаты кылам деп
шуулдаган Лимонду
рефер кылып алам деп
айтыш коомдук фондуна
ырдын баарын сатам деп
андан тушкон акчага
конфеть печен алам деп
чамынды да бул досум
ай МАЙКАжан МАЙКАжан
ушул созду айтаарда
болсон экен байкасан
Оо достор баарынар
силер эмне кылдынар
азырынча эрте го
токтотпойлу айтышты
ойлобойлу кайтышты
жаны эле баштадым
мен мындагы айтышты
ошондуктан досторум
каалабайм артка кайтышты
бул жердеги досторум
же андагы сулуулар
мени менен айтышып
бутушо элек угундар
утуш келсе алардан
жиберем сага чабарман
айтышалы алты кундеп
айтып коем угузуп
ала тоо деген кабардан

Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 02 Март 2009 - 17:50



















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 20:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: