Улуттук суусундуктар кыргызымдын улуттук суусундук, ичимдиктери
#61 04 Июль 2013 - 12:22
Туштукто Алай кымызын тамшану менен кана ичишет.Бир тамакт ар кимдин колунан ар кандай жасалса кымызда ошондой жасалат,ох чон энемин кымызычы канча убакыт отсода оозуман даамы азыркыга чейин кетпейт.Билбейм башкалар кандай бирок мен башка кымыздын даамын окшоштура албадым.
#62 04 Июль 2013 - 12:49
Кыргыздын кымызы деп башкаларга мактап ичкизгенге аракет кылам. Бирок өзүм иче албайм , ичсем эле муун дарым ооруп , ичимде согуш башталат.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#63 05 Июль 2013 - 07:03
Кечээ жумушта охраникке мактадым кымызды,дартка дабаа деп,анан ал киши 50 дон ашып калгандыктан,
чачтары агарып,бир аз тушупта калган.Мен ага,биздин кымызды ичсениз чокунуздагы чачтарыныз восстановление болот десем,240 рубльга бир литр алып ичмек белем дейт...ошондо баасы биздин акчага-360 сом экенда бир литри.
#67 20 Январь 2014 - 02:23
Кымыздын жытын сагындым апам жасаган берип жиберчүү 2жылдан бери кылбай калды
#68 21 Январь 2014 - 06:17
Мен да кымызды аябай жакшы кором. Жайлоодо жургондо вооще коп ичет элем бирок мас болбойм. Кандай адамдарды мас кылат тушунбойм. Бирок суту аябай пайдалуу сутун бээни саап келип эле сразу ичип алчумун. Эхх жайлоону сагындым
#69 21 Январь 2014 - 14:54
Ачырканып,
кымыз ичким келип кеттигоо....

Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#70 22 Январь 2014 - 16:44
Кыргызмында ачырканбай кымыз ичем)) магада жагат
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#72 25 Январь 2014 - 00:30
Саламатсыздарбы!
Араңыздарда бозо салганды билгендер барбы? Бар болсо жазып койсоңуздар жакшы болот эле. Алдын ала рахмат.
#73 25 Январь 2014 - 17:40
Devuwka (25 Январь 2014 - 00:30) жазган:
Саламатсыздарбы!
Араңыздарда бозо салганды билгендер барбы? Бар болсо жазып койсоңуздар жакшы болот эле. Алдын ала рахмат.
Бозо
[оңдоо ] Бозону Кыргызстандын бардык аймактарында жасашат. Бул суусундукту биздин элибиздин эң сүйүктүү ичимдиги десем жаңылышпастырмын. Эң сонун, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу бозону жасоо көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Бозону мыкты сүзгөн келиндердин атагы алыска кетип, айыл тургундарынын алкышына арзыган.
Бозо салуу үчүн 1 килограмм шак, 2-3 килограмм таруу, 200 грамм ун, 2-3 аш кашык тоң май, 200 грамм угут, ачыткы бозо жана суу керектелет. Ар башка аймактарда таруу, жүгөрү, буудай, арпанын шактарын колдонушат.
Угутту даярдап алыш үчүн алгач данды (буудай) баштыкка салып, жылуу суудан куюп, жылуу, караңгы жерге бир күнгө коюп коет. Дан өнө баштагандан кийин айыл жергесинде азыркы күнгө чейин жаргылчакка тартышат. Ал эми шаар тургундарынын шартында кадимки эт туурагычтан (же кофемолка) деле өткөрө берсе болот. Андан соң тегиз жерге жайып, кургатып алуу зарыл.
Тарууну таза жууп, сууга шак кошуп, 10-12 саатка чыланат. Унду койдун майына кууруп андан кийин суу куюп, ага чыланган шак кошулат. Мыкты бозосу менен айырмаланган Ак-Талаа жергесинде бышыраардан мурун дагы бир күн ачытышат. Ал эми башка жерлерде дароо эле казандагы сууга шак салынып, бир калыпта жагылган отко бир сааттан ашык убакыт кайнатылат. Аябай коюу болуп бышкандан кийин оттон түшүрүп, капкагын ачпай туруп муздатуу зарыл. Себеби, капкагы ачык калса бозонун үстүңкү катмары катып кетет. Жылуу кезинде бир чыны кургак угутка жарым литр ачыткы бозо кошуп, бышкан таруу менен шак угут үчөөнү аралаштырып жууруш керек. Жууругандан кийин ал суюлуп, чечиле баштайт. Капкагын жаап жылуу жерге 6-8 саатка калтырылат. Аны улам аралаштырып туруу зарыл. Ачып чыккандан кийин капрон баштыкка (жоолукка) сүзүлөт. Баштыкта калган таруу бозого түшпөшү керек. Бул сүзүп жаткан келин үчүн өтө уят болот. Таруу кийинки бозо салганга угут менен ачыткы катары колдонула берет.
- Бозо күчтүү болушу үчүн буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн, сулунун унун кошуп жасоо керек.
- Шак түбүнө тартып, күйүп кетпеши үчүн үзбөй аралаштырып туруу керек.
- Мүмкүн болсо бозо бышырылган казанды өсүмдүк майы менен майлабоо керек, анткени, сүзүлгөн бозо көпкө сакталбай кычкылданып баш ооруну жаратышы ыктымал.
- Бозону сүзө турган кездеме бышык жана жука болушу керек.
- Казанды отко аскан соң ичин тоң май менен тегиз майлап койсоңуз, бозо көбүрө ачыйт.
- Бозону даамына чыгышы үчүн айрым кожойкелер өнгөн дандын куйруктарын өзүнчө чогултуп алып, ачытып жаткан маалда бир кашык кошуп жиберишет экен.
Булак; http://ky.wikipedia. ...%BE%D0%B7%D0%BE
Бир чакан үй-бүлө үчүн жогоруда көрсөлгөн курам көптүк кылат. Мен 1 кг тарууну эки жолу жасаганга колдоном.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Январь 2014 - 17:45
#74 26 Январь 2014 - 01:25
Aitunuk (25 Январь 2014 - 17:40) жазган:

Чоң рахмат сизге! Аллахым ыраазы болсун сизден.
#75 28 Январь 2014 - 19:19
"Кымыз"
жана "Бозо салганды билгендер барбы?" темалары бириктирилди.
#76 20 Март 2014 - 00:44
Суусундуктар - суусунду кандыруучу муздак ичимдиктер.
Кыргыздын суусундуктары дан жана сут азыктарына,
тамак катары колдонулунгуна карата аксерке, ала ден, айран, бозо, жарма, караден, кымыз, максым, чалап жана башка болуп айырмаланат.
Суусундуктар —баалуу ичимдик, табитти ачат, тамаксинирууго жардам берет, кээ бири мисалы, айран, жуурат, жарма ток да алып журот. Ал балдарга, ар кандай оорудан жабыркагандарга муноз тамак катары берилет. Ар кимдин табитине жараша эттин ынак сорпосуна (болжол менен даамына жараша 1 литрге 200—300 грамм) кымыз, айран, суу, курут же сузмо кошулат, кымыз кошулса — аксерке, айран, эзилген курут же сузмо кошулса — ала ден, муздатылган кайнак суу кошулганы кара ден деп аталат.Кобунчо нарын, беш бармак жана башка коюу тамактардан кийин берилет.Суусунду кандырат, тамакты жакшы синирууго оболго тузот.
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 20 Март 2014 - 00:46
#78 09 Июнь 2014 - 17:59
ekyshka09 (09 Октябрь 2011 - 21:23) жазган:
Мен максымды жакшы жасайм кобуруп-жабырып менин колуман жакшы ачыйт. Жасалуу рецеби :
Талкан-200граммдай мен коз олчом менен жасап конгом,
койдун майы( тон май)- 2 чон кашыктай
ун- куурганга 3-4 чон кашык, ачыткыга 2-3 чон кашыктай.
суу- 3 литрдей
ачыткы-максым(100 гр) жок болсо шородон ачытса болот
Жасалышы- мискейди кургактап отко кактап кургагандан кийин койдун майын салабыз.Май эрип ысыганда ундан 3-4 кашыктай салып кууруйбуз.Кызарганча кууруп суу куябыз( айта кетчу нерсе ундун ордуна талкандын озун да кууруса болот). Суу кайнап баштаганда талканды чалгыч менен болток калтырбай абдан чалып сууга салып бышканча кутобуз. Талкан даамы чыгып бышканда отту очуробуз. Жарма жылымык болуп муздаганча кутобуз. Тузду жарма жылуу болгондо гана кошуш керек ысык кезинде салынган туз жарманын онун бузуп кара жарма кылып жиберет. Туз максымдын ачышында чон роль ойнойт.Туз кем болуп калса да максым ачыбай койушу мумкун. Даамдап коруп кичине откурурок болсо жакшы болот. Бышкан жармага ачыткыны куйуп,ун чалып (болток кылбай)аралаштырып, устун жаап жылуулап койобуз. 6-8 сааттан кийин буркулдап ачыган максым даяр. Оной, суу ичкенче жасап корсонор ток да, суусунун да канат. Мен ысык май токоч менен максымдан жутуп алып жайдары жумуш бутургонду жактырам.

Мен Сочиде жашайм, бул жакта крупа деп иригиреек тартылгандары бар жүгөрүнун боло береби же сөссүз уну болушу керекпи? Сураныч купуяма жазып коюңузчу, бул жактан бир нерсени окуп сурап алып эле жообун таппай кыйнала берем, алдын ала рахмат!
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#79 09 Июнь 2014 - 18:03
Кымыз, максым ичким келип кетти......
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#80 21 Июнь 2014 - 18:47
Мен ушул жерден бозо алдым эле,Кыргызстандагыдай даамдуу эмес экен. Ошентседа кээде алып ичип турабыз. Москвада жакшы даамдуу жасагандарды билсенер айтып койсонор.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"