Суперстан: Майкл Жексон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Майкл Жексон Өмүрү

#1 Пользователь офлайн   Fasebook   05 Ноябрь 2013 - 11:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 21 Апрель 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2021 11:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:уззактан


Поп музыка падышасы М.Жексон
Гремми сыйлыгынын 15 жолку ээси, 25 жолу рекорд жараткан, дүйнө жүзүнө өзгөчө бийи менен таанылган, поп музыканын падышасы легендарлуу Майкл Жексон Лос-Анжелесте 1958- жылы 29- августта жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын жетинчиси. Майкл 5 жашынан чыгармачылыкка арбалып өз тең туштарына ырдап берчү. "Кичинемден көргөн атамдын катык кол мамилеси мени бул жашоодо чыйралтты” - деп бала кезин айтып өткөн.

Сүрөт



1970-жылы алгачкы 4 ыры АКШда хит болуп, эл оозуна алына баштаган. Майкл ошол мезгилде эле сахнада өзүн алып жүрүүсү, манералары менен башкалардан айырмаланган.



Жашоосунда эки ирет үйлөнгөн. Бир уул бир кыздын камкор атасы болгон. Майкл үй-бүлөсүн жашырып, ачык айтчу эмес. Балдары менен сейилдегени чыкканда аларга маска кийгизип койчу.

1980-жылдарда Жексондун сырткы көрүнүшү генетикалык чанда кездешүүчү оорууга байланыштуу өзгөрүп кеткен. Айрым сүрөттөрундө анын денесиндеги ак дактарды байкоого болот. Күндүн нурунан сактануу үчүн дайыма гримде кара түстүү кийим менен жүрчү. Анын дарыгерлеринин айтымында Майкл бир нече жолу пластикалык операция жасаткан.

Сүрөт





2009-жылы 25- июнда көптөгөн жаштардын кумирине айланган Майкл бул жарык дүйнө менен кош айтышат. 25- июнь күнү эрте менен Жексондун дарыгери Конрад Мюррей ырчыга оруусуна каршы керектүү дозасын берип , аны тынч абалда эс алуусу үчүн таштап чыгып кеткен. Эки саат аралыгында келип, Поп ырчынын эси кушу кетип жатканын көрүп, биринчи жардам көрсөткөнүн айтат. Бирок Жексондун жүрөгү эбак эле токтоп калган болот, ошол убакытан тартып эки сааттай дарыгерлер анын жашоосу үчүн күрөшүшөт, бирок алардын аракети жыйынтык берген эмес.

Дарыгер Конрад Мюррей ырчынын өлүмүнө айыптуу делип, 2011- жылдын ноябрь айында соттун чечи менен 4 жылга эркинен ажыратылган.

М. Жексондун өлүмү тууралуу ошол эле күнү ушак тарап, күйөрмандарынын арасында чоң бум жаратат.

Сүрөт



2009-жылдын 7-июлунда майкл джексон менен коштошуу аземи "Форест-Лаун” эс алуу багында өтүп, миллиарддаган күйөрмандары жана телеканалдардан түз эфирден көрсөтүшкөн. Жексондун күйөрмандары анын урматына чоң флешмобдорду уюштурушкан. Ал эми Мехико шаарында 12937 адамдын катышуусунда эң чоң масштабтагы флешмоб менен дагы бир ирет реккордор китебине киргизилген.

Музыка дүйнөсүндө, анын ичинен поп музыкасына чоң салым кошкон М.Жексон күйөрмандарынын жүрөгүндө жашай берет.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Azamatnur   05 Ноябрь 2013 - 18:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 039
  • Катталган: 15 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 15 Фев 2017 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал-Абад Токтогул

М. Жексон олгону учун Кыргызстандык ашынган куйорман бала да озун озу олтyргон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Askaruli   05 Ноябрь 2013 - 18:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Просмотр сообщения Azamatnur (05 Ноябрь 2013 - 18:05) жазган:

М. Жексон олгону учун Кыргызстандык ашынган куйорман бала да озун озу олтyргон.




Мен да ушул жонундо жазайын дедим эледа.Москвада болгон окуя э?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Azamatnur   06 Ноябрь 2013 - 02:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 039
  • Катталган: 15 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 15 Фев 2017 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал-Абад Токтогул

Ооба! Супер инфодон эле окуган болушум керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Rinatik94   06 Ноябрь 2013 - 06:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Майкл Жексон менин кумирим эмес,бирок абдан баалайм,сыйлайм.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Fasebook   06 Ноябрь 2013 - 09:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 21 Апрель 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2021 11:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:уззактан

билбоард журналынын маалыматы боюнча 500го жакын Майклдын куйорманы оз жанын кыйган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Январь 2014 - 17:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Жарыктык киши, атам (тайатам), эч бизге концерт коргозбочу. (Ал убакта эки-уч уйдо бир телевизор, ал дагы черно-белый%)).
Джексондун концертин тун оокумдап болсо да коргону эсимде. Кичине болчум анда. Так-так эттирип тандайын, "бу кишиде соок жок..!" деп тан берип..

Мен да ашынган фанаты болбосом да, жакшы кором, уну, бийлегени..озунчоле идеал..%)
Анан да кайрымдуулук коп жасачу деп айтышат..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   21 Январь 2014 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Ээ бул адам дуйного бир жаралган адам экинчи жаралышы да мункун эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   rnurzida   07 Февраль 2014 - 08:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кайталангыс талант болгон. Мындайлар чанда гана кездешет.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   kanat4ik   20 Февраль 2014 - 21:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Озунун бир тууган байкесин олтуртуп жибергени жакшы эсимде калыптыр.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Vazir   20 Февраль 2014 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Бийлегенин жактырам ото кучтуу реакцияга ээ.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Ali.kg.HT   20 Февраль 2014 - 22:10

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 159
  • Катталган: 04 Февраль 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2014 16:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:жер шаары

Ушу шайтанды уксам эле жиним келтта, ислам динин кабыл кылдыго, бирок шайтандыгын таштай албадыда.
Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо чар-тарапка жаюуну каалайт» [9:32]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Jamalym   20 Февраль 2014 - 22:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Кээ бир ырлары жагат.Бирок такай кууп деле укпайм,куйорманы деле эмесмин.Бирок козу отконун укканда кызыктай болгом.Бай болсон да "бир кем дуйно..." деген ушул экен да деп койгом.Канчалаган бийиктиктерди оз кучу менен багынтып,миллиондогон куйормандарды топтогону,ыр дуйносундо очпос из калтырганы учун деле Майклды сыйлайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Askaruli2   26 Февраль 2014 - 17:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Эмнеге Майкл Джексонго окшогон адамдар көп дүйнөдө?Эгер биз деле ушундай жылдыз болуп кетсек,бизге окшогондорда көбөёбу же юул табияттын бергениби?:oylonup:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 17:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Таанымалдуулуктун азабы.

Майкл Жексон таанымалдуулугунун азабын өмүр бою тартып өткөн. Британиялык The Sun гезити убагында анын ислам динин кабыл алып, Алла Таала периштелеринин биринин атын - Микаэль (Mikaeel) ысымын алганын, Иегова күбөлөрү дининде тарбияланган адамдын мындай кадамына таң калып жазып чыкса, еврейлерди "сүлүк курттар" (пиявки) деп айтып жибергени Америкада ар кыл талкууну жараткан. Ал бир топ соттук процесстерди башынан өткөргөн. Алардан бирде таза чыкса, "балдарга байланышкан" соттук процессте жагымсыз маалыматтар ачыкка чыккан. Бирок ырчы "ал күнөөсүн тастыктаган далилдер жетишсиз" болгондугунан толук акталып чыккан. Бирок көпчүлүк Америкалыктар анын актыгына ынанышкан эмес.

ITV телеканалынын "компроматтары. "

Себеби, Неверленд деген ранчосунан жаш балдарга ылайыкталып жасалгаланган, Майклдын уктоочу бөлмөсү аркылуу гана кирип-чыккандай кылып катар салынган, анан калса эшиги гардероб ичине жашырылган бөлмөнүн табылышы шек туудурган. Ал эми британиялык журналист Мартин Баширдин 14 млн. көрүүчү күбө болгон 110 мүнөттүк телебаарлашуусунда Майкл анын ранчосуна дагы деле "кичинекей достору" келип турарын айтып өткөн. Конуп-түнөп калышкан конокторуна уктоочу жайын бошотуп берип, өзү жерге уктаарын айткан. Чыгармачылык шыктанууну балдардан алаарын, аларга эч качан залалын тийгизбегендигин баса белгилеген. Ошол эле берүүдө дүкөндөрдү бир кыдырганда эле 6 млн доллар коротоорун, атасынын катаал болгонун, анын айынан - сырткы келбетинин жарашыксыздыгын, мурдунун чоңдугун айта бергенинен пластикалык операцияга баргандыгын айткан. Беткап (маска) тагынып жүргөнүнүн себебин болсо, "теринин табигый өңүн жоготкон ооруга чалдыктым" , "күнгө аллергиям бар" деп түшүндүргөн. Фоторепортерлор балдарын да жөн койбогондуктан, алар да көчөгө беткап кийип чыгууга аргасыз болушканын, үчүнчү уулу өзү тааныбаган бир аялдан - суррогат энеден төрөлгөнүн айтып алган.

Майкл балдарынын өз атасы эмес.

Экинчи жубайы Дебби Роудан эки балалуу - Майкл II деген уулдуу, Пэрис Майкл Кэтрин деген кыздуу болгон. Ажырашканда Дебора Майклдан акчалай компенсация алып, энелик укугунан баш тарткан. New York Post Майкл Жексондун көзү өткөндөн кийин Роу анын апасынан дагы 4 млн доллар алганын жазган. Ал эми News of the world деген гезитке берген интервьюсунда Майклды улуу балдары - Майкл II менен Пэристин биологиялык атасы эмес деген. Анын айтымында, алар "белгисиз донордун" балдары. Майкл балалуу болуу максатта гана Деборага үйлөнгөн да, ал үчүн чоң акча төлөп берген.

Жексон баласынын колунан узаган.


Майкл Жексондун улуу баласы атасынын акыркы мүнөттөрүндөгү кыйналуусун көрүп калып катуу чоочуп калган. Life.ru сайтынын маалыматы боюнча, анын көз алдында Майкл турган жеринде кулап түшүп, бүгүлүп-жыйрылып жатып калганда, баласы алгач тамашалап жатса керек деп ойлогон. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда чабалактап калганын атасынын өздүк дарыгери Конрад Мюррей чуркап келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, эсине келтиргенге аракет кылып баштаганда гана түшүнгөн. Күлбөй да, сүйлөбөй да турган жеринде селейип катып калган.



Жексон таз болгон жана анарексияга кабылган.

Майкл Жексондун өлүмү алигүнчө табышмак болуп келет. Бирок эксперттердин жыйынтыгы боюнча, ырчы элүү жаш менен чектелген өмүрүнүн акыркы жылдарын адам чыдагыс кыйналуу менен өткөргөн. Көз жумган учурунда ушунчалык арыктаган - бою 178 см келген Жексон 57 килограммга жетпеген салмакта болгон. Патологоанатомдор анын ашказанынан дары-дармектен башка эч нерсе табышкан эмес. Андан тышкары Майкл Жексон денесиндеги тырыктарга караганда аз дегенде 13 операцияны башынан өткөргөн. Хирургиялык кийлигишүүгө кабылган бети бир топ жабыркаган: жөргөмүштүн желесиндей жыбыраган тырыктарга толуп, мурунунун кайкысы (переносица) таптакыр жок болгон. Элди таң калтырган дагы бир кабар - таптакыр чачы түшүп калган, эл алдына кийме чач менен чыгып жүргөнүн аз гана адам билген. Бир катар кабыргасы жүрөгү токтоп калганда жасалган массаждан сынып кеткен, жүрөк туштагы төрт ийне изинен адреналин саюу менен анын жанын алып калуу аракети жасалганы билинген.

Майклдын өлүмүнүн себептери:


1. Дарыгердин жаңылыштыгы. Официалдуу маалыматтар боюнча жүрөгүнүн токтошу себеп болгон. Эми жүрөгүнүн токтошуна эмне себеп болгон деген суроого жооп изделип жатат. Киши колдуу болгон деген версиянын жаралышына жеке дарыгери Конрад Мюррейдин окуя болуп өткөндөн кийин жок болуп кетиши себеп болгон да, дарыгердин жеке жаңылыштыгынан деп айтылып баштаган. Майклдын айрым достору, бир туугандары дагы деле ушул пикирди карманып жатышат. Бирок сот-медэкспертиза ырчынын денеси кандайдыр бир күч колдонуудан жабыркагандыгы байкалган эмес деген. Ал колдонгон бир катар дары-дармектердин курамы такталып, так жыйынтыгы токсикологиялык экспертизадан кийин гана белгилүү болору айтылып келет.


2. Дары-дармектерди ашыкча колдонгон.
Дарыгерлердин пикири боюнча, Жексон үчүн дарылардын өзү эмес, алардын өлчөмү кооптуу болгон. Маселен, 2005-жылдагы сот процессинде эле бир күндө викодиндин 40 таблеткасын колдонору белгилүү болгон. Өмүрүнүн акыркы айларында Майкл Жексондун уйкусу качып кыйналып, дары-дармектерге ого бетер байланган. Өздүк диетологу Шерилин Лиден таасири күч диприван дарысын берүүнү өтүнгөн, "Таңдын атышын көрбөй калышыңыз мүмкүн" деген эскертүүлөрүнө кол шилтеп койгон. Шерилиндин айтканы боюнча, Жексон 21-июлда ага "бир капталы ысып, бир капталы муздап" жатканын айттырып телефон чалдырган. Ал ооруканага бар десе, барган эмес. Шерилин кимдир бирөө анын борбордук нерв системасына таасири күч препаратты берген деп эсептейт.

3. Психологиялык кысым.
The Daily Mail гезити болсо, саламаттыгы катуу жабыркап турган ырчыга психологиялык кысым да кошул-ташыл болгон деп жазып чыккан. 21-июнда Майклды досторуна өлгүсү келгенин айтканын анын жардамчысынын: "Майкл эч нерсе жеген жок, "түшүмдө мени өлтүрүп жатышканын көрдүм" деп кыйналды, концертин күтүп жаткандардын көңүлүн калтырып коембу деп коркуп, "Лондондогу концерттерим башталганча эле өлүп каламбы" деп жүрдү" деген сөзү менен далилдеп, Майклга бардык жактан (кредиторлор, жакын туугандары, банкирлер, продюсерлер) кысым болгонун айтып, Лондондогу концерттер "аларга гана керек болчу, бир гана Майклга эмес" деп жазып чыккан. Себеби, жакын досторунун биринин айтканы боюнча, Майкл 50 концерт бермек түгүл, сценада бир саат да тура алмак эмес, фонограмма гана колдонулбаса, ырдаганга алы келбей калган.

4. Майклдын карыздары .
Майкл Жексон карызга баткан бойдон кеткенин бардык ММК жазып, айтып чыкты. The Wall Street Journal басылмасынын эсеби боюнча, болжолдуу суммасы - жарым миллиард долларды түзөт. 200 млн доллар карызы эле 2001-жылы Bank of America банкынан алынган кредит менен байланыштуу. Жеке чыгымдары да тапканынан 30-40 млн долларга ашып түшкөн. "Новые известия" гезити ал дары-дармекке эле күнүнө 50 миң доллар коротконун жазган. Карыздарынын айрымдарынан кутулуш үчүн маркум ырчы март айында AEG Live продюсердик компаниясы менен Британияда сериялык концерттик- турнени уюштуруу жагын макулдашкан. Башында он деп пландаштырышып, билеттер бир заматта сатылып кеткендиктен, анан 30, соңунда 50 концертке келип токтолушкан. Бул концерттик де-маршы анын музыкалык карьерасынын финалдык аккорду болмок. Ал "ушуну менен чыгармачылык карьерамдын көшөгөсү жабылат" деген.

Майкл Жексондун керээз каты.


Ырчы бардык менчигин үй-бүлөлүк фондго берүүнү керээз кылган. Фонд иштерин башкарууну апасы Кэтринге ылайык көргөн. Кыз-уулдарын багып-кароону да апасына тапшырган. Кокус апасы көз жумса же балдарын карай албай калса, бул функциялардын баары белгилүү ырчы Дайана Росско берилери каралган. Андан тышкары, The Daily Express гезити Майкл Жексон балдарын карызын куугандардын таландысында калтыргысы келбегендигин, алар гана пайдасын көрө турган 200гө жакын жаңы ырды жашыруун жаратканын жазып чыккан. Адистер мындай коллекциянын баасы 100 млн доллардан кем эмес деп жатышат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Rinatik94   12 Апрель 2014 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Прикрепленное изображение: 0f9c80df570b9c590f5c23618b16b38a.jpgjpg]
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Rinatik94   12 Апрель 2014 - 15:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Прикрепленное изображение: 1385743883_48106044_47539305_1238336343.jpgjpg]
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Rinatik94   12 Апрель 2014 - 15:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Прикрепленное изображение: 20090520jaksonpost.jpgjpg]
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Rinatik94   12 Апрель 2014 - 15:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Прикрепленное изображение: 280.jpgjpg]
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Rinatik94   12 Апрель 2014 - 15:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Прикрепленное изображение: mj_1.jpgjpg]
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Авг 2025 16:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: