Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#221 Пользователь офлайн   Beka161197kg   22 Январь 2014 - 14:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 08:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Абдан сонун баарынын тарбиялык мааниси зор экен дагы кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   dina   22 Январь 2014 - 14:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Бактылуулук сиздин колуңузда Сүрөт

Бактылуу болуу бул – ар бир адамдын өз колунда. Ал эми ар бир пендени бактылуулук жолуна алып барчы нерсе анын ниети, тилеги, инсандык жеке сапаттары жана аракети. Бакыт дүйнөсүнө баруу өтө эле машакаттуу эмес, болгону айрым жагдайларга маани берүү гана керек.
1. Мал-мүлккө, материалдык жетишкендиктерге маашырланып ашыкча сүйүнбөш керек. Анткени “Акча колдун кири” (Макал). Андан ажырап калуу ага толук ишеним арткандарды азап-муңга салары турган иш. Андыктан Алла берген ниметтер анын жолунда, Ал ыраазы боло турган иштерде коротулса анда ага кайгырбай, тескерисинче руханий лаззат аласың.
2. Бул дүйнөнүн оош-кыйышы, өйдө-төмөнү көп болот эмеспи. Кандайдыр бир проблемага тушугуп калган учурда, адам үмүтсүздүккө чалыкпай (“Үмүтсүздүк – шайтандан” (Хадис)) өзүнүн ишенимине таянып, руханий чыйралууга өтүүсү керек.
3. Адам баласы жашоосунда ар кандай окуяларга күбө болот. Бул чындыкты алдын ала аңдап кабыл алуу зарыл. Ошондо кайгылуу окуялар да, кубанычтуу көз ирмемдерге да кандай мамиле кылып, кандай абалда болуу керектигин түшүнөт. Анан дагы эмнеге кайгырып, эмнеге кубануу керектигин билүү дагы маанилүү.
4. Адам баласы көбүнчө кыял менен жашайт. Бирок ошол кыялданган нерселер реалдуулукка жакын болсо, анда адам жетпей калган арзуусуна, кармай албай калган мүмкүнчүлүктөрүнө кайгыруусун жүйөлүү деп караса болот. Анткени инсанды бактысыздыкка жетелеген факторлордун ичинде акылга сыйгыс кыялдарынын ишке ашпай калганына кайгырып, өзүн азапка салгандыгы болуп саналат.
5. Бакытты башка жактан издебейли. Бакыт – ар бир адамдын үй-бүлө уясында. Ошондуктан ар бирибиз өз үй-бүлөбүздөгү бакыттын баркына жетели. Ата-эне, бир туугандар, өмүрлүк жар, бала-бакыра. .. Мына бакыт...
6. Ден-соолук бул – эң чоң бакыт. Албетте бир эле өзүбүздүн эмес, жакындарыбыздын ден соолугунун чың болушу да биз үчүн маанилүү.
7. Ички дүйнөбүздү өзгөртүүгө кандай аракет кылган болсок, сырткы дүйнөбүздү өзгөртүүгө да дал ошондой жан үрөйлү. Анткени ички-сырткы дүйнө бүтүндүгү болбосо анда адамдын жашоосунда хаос болору шексиз. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн тартып, жакындарыбыз, досторубуз, кошуналарыбыз менен бөлүшүп турууну унутпайлы. “Өзүбүз жакшы көргөн нерселерди башкаларга да ыраа көрөлү” (Хадис). Бир сөз менен айтканда “Башкаларга өмүр тартуулоо үчүн жашайлы” (М.Ф.Гүлен).
8. Бактылуу болууну каалаган адам акыл-калчап, чын дилден эмгектенүүсү зарыл. Кечээки күн өттү. Өткөн күнгө карап кайгыра берүүнүн кажети жок. Эртеңки күн али келе элек. Ал үчүн алдын ала тынчсыздана берүү пайдасыз. Эң негизгиси бүгүнкү күндү, азыр жашап жаткан учурубузду пайдалуу өткөрүүгө аракет кылганыбыз оң. Арийне “Биз үчүн эң маанилүү жерибиз – мына ушул турган жерибиз. Эң маанилүү кишибиз – ушул учурда маектешип жаткан кишибиз” (Л.Толстой).

Шоола Абдыкаар кызы
Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 23 Январь 2014 - 16:18

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Жолоочу_Kosmopolitka_* 22 Январь 2014 - 21:45

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Куран окуунун керемет кучу


Кайсыбир жерде бир кыштак болуптур. Ошол кыштакта бир абышка небереси менен бирге жашачу, кундо беш убак намаз окуу менен бирге куран окуп, тилават кылчу экен.Небереси да чон атасынын айткандарын тушунбосо да, ар бир созун кайталап тилават кылчу экен. Бир куну небереси чон атасына:
- Чон ата куран окуп жатабыз, бирок бир да созуно тушунбойм, бул нерсени окуудан кандай пайда? - дейт. Чон атасы комурду печкасына салып, балам ушул комур себетке колдон суу ала келчи дейт. Бала тушунбой макул деп чуркаган бойдон кетет. Бир аздан сон келип, ата сууну ала келгиче суум тогулуп калбай калды дейт, чон атасы балам, тезирээк чуркашын керек эле да деп кайра жиберет. Кайра эле небереси оолугуп бир нече жолу барып келет да, чон ата бул себетке болбойт экен, пайдасы жок экен, чакага эле ала келейинчи деп далилдемекчи болот. Чон атасы жылмайып, эми комур себетинди карачы дейт. Бала комур себетин коруп аябай тан калат. Анткени жана эле капкара себети таптаза болуп калган болчу. Ошондо абышка небересин жанына алып, мына кордунбу Курандын керемети да ушундай. Адам Куранды окуп тушунбосо да, Курандын ар бир суроосун окуганда жан дуйносу да, озу да акактай тазарып турат деген экен...

Билдирүүнү түзөткөн: Kosmopolitka: 22 Январь 2014 - 21:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   dina   23 Январь 2014 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Калактагы жазуу

Бир кайыкчы дарыянын бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө адамдарды ташып оокат кылчу. Кайыгын кыймылга келтирген эки калагынын бирөөсүнө “ишеним”, экинчисине болсо “аракет” деп жазып алган эле. Дарыядан өткөн ар бир кардары бул жазуулардын маанисин сурай берчү. Кайыкчы да ар бирине турмуштун чындыгын чагылдырган бул жазуулардын маанисин айтуудан жадачу эмес. Ал дайыма мындай деп айтып берчү: “Бул дарыянын бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө өтүү үчүн ушул эки калакка муктаждык бар. Эгер бирөөсү жок болсо, бир ордуңдан жылбай айланып тура бересиң. Жашоодо да ошондой: ишеним болуп, аракетиң болбосо, же тескерисинче, аракет кылганың менен, бир ийгиликке жетериңе ишенбесең, анда бир ордуңдан алыс кете албайсың. Калактарга береги жазууларды жазып алганымдын себеби ушундай.

Тажрыйба – мугалим, эч ким андан мыкты окута албайт (Т.Карлейл).

Көпчүлүктүн камын көргөн адам – адилет адам.
Ишеним көп нерсеге жеткирет
(Ж.Лабрюйер).

Аракет кылсаң – берекет (Макал).

Адам өз күчүнө ишене билүүгө тийиш (Абай).
Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   dina   23 Январь 2014 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Жарыгыңды чача бил

Бир адам соода кылуу максатында шаардын ичине дүкөн ачат. Ал адам соодага бүт дитин коюп, эч качан эч кимди алдабайт. Саткан тиричилик буюмдары да өтө кымбат эмес эле. Бул кылганы бат эле шаардын экинчи учуна, андан кийин башка шаарларга да жетти. Акырындап туруктуу кардарлары көбөйүп, башка шаарларга да дүкөн ачып, иштете баштайт. Жылдар өтүп, ар кайсы шаарда орун алган дүкөндөр тармагынын ээси болот. Ошентип, бул дүкөндөр тармагын башкарууну кайсыл баласына берүү керектигин ойлонот. Акыры балдарын чакырып: “Балдарым, эми силердин бирөөңөр ушул дүкөндөр тармагын башкарып калууңар керек. Бирок силер ага татыктуу экениңерди көргөзүшүңөр керек. Силер жүз сомдо акча алып, ага үйдүн эң чоң бөлмөсүн толтура турган нерсе сатып алышыңар керек. Кечинде кимиңер тапшырманы так аткарып келсеңер, ошонуңар башкаруу укугуна ээ болосуңар”, - дейт. Балдары бул чечимге макул болушат да, эртеси жөнөп кетишет. Кечинде атасынын алдына келишет. Биринчи уулу шардын сыртындагы досунун чарбасына барып, жүз сомго эки боо саман сатып алганын айтат да, аны алып келип бөлмөгө чача баштайт. Эки боо саман түгөнөт, бирок бөлмөгө толук жетпей калат. Экинчи уулу жууркан жасаган адамга барып эки жаздык сатып алганын айтат да, аны ачып, ичиндеги тооктун жүнүн чача баштайт. Бөлмөнүн ичи сапырылып, аппак болуп калат, бирок ал да бөлмөгө толук жетпей калат. “А сен эмне сатып алдың?” – дейт атасы, үчүнчү уулуна суроо салып. Ал: “Алгач бир эски дүкөнгө бардым, акчамды майдалаттым да, 50 сомун жетимдер үйүнө бердим, 20 сомун садака бердим. 10 сомун өтө зарыл деп сурап келген досума карыз бердим. Калган 20 сомго болгону эки нерсе алдым: бир куту ширеңке жана бир шам”, - дейт да, ал экөөнү алып чыгып, шамды жагат. Ошол замат саманга, тооктун жүнүнө толбогон чоң бөлмө башынан аягына чейин жарык боло түшөт. Ошондо атасы баласына кайрылып: “Азамат, уулум, сен менин айтканымды толук түшүнүпсүң. Жашоодо акчаны, аны менен бирге башка нерселерди да максаттуу жана пайдалуу колдоно билүү керек. Бул дүкөндөр тармагын башкарууну сен колуңа аласың. Сен жашооңо жарык чачканды үйрөнүпсүң. Бул эң сонун!” – дейт.

Биз алган орунга караганда биз алган багыт орчундуу (Голмс).

Жумуш адамга пайда келтирген учурда гана көңүлдүү болот (У.Шекспир).

Адам канчалык адилет болсо, адилеттикти ошончолук жакшы түшүнөт (Цицерон).

Адам болуш үчүн улуулардын жолун жолдоп, келечекке жол сала билиш керек (Л.Лихтенберг).
Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   dina   23 Январь 2014 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Ийгилик жана ишеним

КОДАК фирмасында иштеп, чоң ийгиликке жеткен бир сүрөтчү жаш кезинде Африкадан тарткан жапайы жаныбарлардын сүрөттөрүн досторуна көргөзүп калат. Ал убакта сүрөттү жакындатып тарткан аппарат жок болгондуктан, жөнөкөй фотоаппарат менен тартылган эле. Жапайы жаныбарларды ушунчалык жакын жерден тартканына достору таң берип: “Ээ досум, бир секирсе жетип алчу жерден тартыпсың, кантип коркпой бардың?” – деп сурашат. Анда ал: “Жаныма жакшы бир аңчыны алдым. Аппаратты жайгаштырган жердин айланасына диаметри он метрдик айлана чийдим да, ал чийинден өткөн жаныбарды атуусу керектигин айттым. Ошентип, эч коркпостон өз ишимди аткара бердим”, дейт. “А эгер ал аңчы аталбай калса эмне болот элең, аны ойлонгон жоксуңбу?” – дешет достору. “Достор, эгер турмушта бир ийгиликке жетүүнү кааласаңар, сөзсүз түрдө жаныңардагы адамга ишенгенди үйрөнүүңөр керек. Бул – жашоонун мыйзамы”, - дейт сүрөтчү.

Адамдарды аракетке келтирген эки негизги күч бар: коркунуч жана жеке кызыкчылык (Наполеон Бонапарт).

Кырсыктан корккон бактыга жетпейт (Петр I).

Чымырканган эмгек болбойт, талант да, гений да жаралбайт (Д.Менделеев).

Досуң ит болсо, көп да болсо жалгызсың, итиң дос болсо, ай талаада экөөсүң (Макал).
Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   dina   25 Январь 2014 - 13:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Шансты кармап калуу Сүрөт


Америкада унааларды оңдоочу бир жайда курсагы ач, эртеңки нанын табуу үчүн сүрөт тартууга камынган бир сүрөтчү отурду. Сатууга кандай сүрөт керек экендигин, талап кандай болорун ойлонуп, башы маң болуп турду. Өзүнүн жолсуздугуна кейип, бир шанс келсе коё бербестигин ойлонуп отурду. Ошол учурда бутунун алдынан бир чычкан жөргөлөп өтүп, түптүз эле дубалдын бурчундагы тешикке барып кирип кетти. Чычкандын артынан көпкө карап турган сүрөтчүнүн башына бир ой келди. Чыгармачыл адам катары ал бул нерсеге башкача баа берди да, дароо өз ишине киришти. Сүрөтчү чычканды тарта баштады. Ошол мүнөттөн татып ал сүрөтчүнүн жашоосунда гана эмес, Американын санат дүйнөсүндө да чоң өзгөрүү болду. Ал өзүнүн шансын кармап калды. Анын жашоосун чычкан өзгөрттү. Ал чычкандын аты Микки, ал эми сүрөтчүнүн аты Уолт Дисней эле.


Келген бакытты кармай албаган жан кеткен бакытка өкүнбөшү керек (М.Сервантес).

Кызыккан ишин талант менен аткарган адамга эч нерсе тоскоолдук кылбайт (Бетховен).

Улуу тоскоолдуктар болбой, улуу эмгектер жаралбайт.
Адам колунан келе турган иште гана өз күчүнө ишене алат
(Л.Фейербах).

Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   Sanjaraka   25 Январь 2014 - 15:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 18 Февраль 13
  • Соңку аракети: 30 Янв 2019 03:23
  • Жынысы:Эркек

Жакшы нерселер жазылыптыр, рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   guard   26 Январь 2014 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дагы жазчы Дина айым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   dina   26 Январь 2014 - 22:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Аял. .. Алтын... Бакыт...Сүрөт

Бир адам жакшынакай жар күтүп, эл катары үй-бүлө куруп бактылуу жашагысы келчү. Бирок алгач кенч таап алып, дароо байып, анан бардар турмушта жашасам дечү. Ошентип, куру кыялга алдырып, кенч издеп жүрө берет. Бир күнү кудук казып жатып, катуу нерсеге туш болот. “Кенч” деп ойлойт. Ал чынында эле чоң кулпу салынган сандык эле. Кыйла кыйналып жатып сандыкты ачып, ичиндеги дагы бир сандыкты көрөт. Эптеп жатып аны да ачат да, “Ким кенч издесе, деңиз түбүнө түшсүн” деген жазуусу жана картасы бар кагазды табат. Сүйүнгөн бойдон деңзге келип, ордун таап, ал жактан кенч издей баштайт. Ошентип, ал жактан алтын сандык таап алат. “Ичи толгон дүнүйө экен го” деп кудуңдап, чоң алтындан жасалган кулпуну ачат да, ичинен дагы бир кичинекей алтын сандыкка туш болот. Ал сандыкты да ачып, оролгон жалгыз кагазды көрөт. Ал баракта төмөнкүдөй жазуу бар эле:
“Оо акылман адам, аялзаты эмне да, алтын эмне?
- Аялзаты жүрөктү жалындатып жибитет, ал эми алтын жүрөктү муздатат;
- Аялзатынын жанында адамдын жүрөгү жумшарат, адам жароокер болот, алтындын жанында жүрөк катуу болуп, өзүмчүл, таш боор болуп калат;
- Алтынды сактап, ал үчүн жан үрөп кам көрөсүң, ал эми аялзаты сен үчүн кам көрөт;
- Аялзатын сүйгөн жүрөк нурга толуп, башка адамга да жакшылык жасоого умтулат, алтынды сүйгөн жүрөк ар дайым сарсанаа болуп, жакынына да жамандык кылууга даяр болуп калат;
- Аялзаты сени жамандыкатан сактайт, алтын болсо жамандыкка түртөт;
- Аялзаты демиңе дем берип, өмүрүңдү узартат, алтын болсо санаага салат, аны сактайм, көбөйтөм деп жүрүп, өмүрүңдүн кантип өткөнүн билбей каласың. Ошондуктан жашоодо биринчи эмне керек экенин жакшылап ойлон: байлыкпы же үй-бүлөбү? Алтын бактылуу кылабы же аялзатыбы?”.
Ал адам баракты акырын бүктөп чөнтөгүнө салат. Сандыкты болсо жаап, кайра деңизге ыргытып жиберет.
Ошондон кийин үйлөнүп-жайланып, аялы жана бала-чакасы менен бактылуу жашап калат.


Нике менен үй-бүлө куруу – менин сүннөтүм, эгер ким менин сүннөтүмдөн четтесе, ал бизден эмес (Хадис).
Байлык мүлктүн көптүгү менен эмес, балким, напсинин токтугу менен эсептелет (Хадис).
Адам бактылуу болууга тийиш. Бактысыз болсо, өзүнөн көрсүн (Л.Н.Толстой).
Аял – үйдүн чырагы (Макал).

Сүрөт


Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   Maximus   26 Январь 2014 - 22:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 283
  • Катталган: 26 Апрель 08
  • Соңку аракети: 17 Апр 2015 15:33
  • Жынысы:Эркек

Сонун экен. Дагы жаза берчи....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   guard   26 Январь 2014 - 23:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дагы, жакшы экен, суроту дагы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   dina   29 Январь 2014 - 21:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Проблемасы жок жай
Сүрөт

Бир журналист бир күнү эски досун жолуктуруп калат. Ал ишкер болуп, көп акча тапкан бир фирманы жетектеп турган болот ал учурда. Экөө бир кафеге кирип көпкө сүйлөшүп отурушат. Анан журналист: "Иштериң кандай, досум, баары жакшы болсо керек?..." - деп сурап калат. Досу: "Ээ досум, эмнени сурайсың..." - дейт да, үйүндөгү аялынын аны түшүнбөстүгүн, балдары эрке чыгып, аны укпай тургандыгын, баарынан да ишинин жакшы жүрүшпөй жаткандыгын айтып даттанат. "Андан көрө мага жардам берчи, ушул проблемалардан кантип кутулсам болот? Мага жардам берсең, мен сага акча жагынан каалашыңча жардам берем, ал жагы мага проблема эмес", - дейт. Журналист убагында акчадан башканы ойлонбой, акча менен баардык проблеманы чече албастыгын кеч түшүнгөн досуна эмне дээрин билбей, ойлонуп туруп мындай дейт: "Мен кечээ бир жерге бардым, ал жерде эч кимдин проблемасы жок экен". Ошол замат досу: "Мени ошол жакка алып барчы. Мен каалагандай жер тура, бир эс алайын. Деги ал жер эмне деп аталат?" - дейт, андан аркысын аңдабай. "Ээ досум, ал жер "көрүстөн" деп аталат. Мына ошол жерде гана эч ким проблемасы тууралуу айтпайт экен", - дейт журналист досу.

Турмуш татаал, анын жолу да катаал. Жеңилди коюп татаалга матал. (Сузани).

Өмүр - күрөш, бакыт - күрөшүп жеңгендики. (И.Гончарев).

Адамдагы эң негизги күч - анын эркинин күчтүүлүгү. (Ю.Гагарин).

Жашоо үчүн күрөшпөгөн адамдын жолу туюк болот. (Лу Синь)

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 14 Февраль 2014 - 12:40

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   aikow92   31 Январь 2014 - 16:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Эне курсагындагы бөбөк

Наристе: Оо жараткан! Эртен мени дүйнөго жиберериңди уктум, бирок мен ал нерсеге даяр эмесмин, алсызмын ал жерде кантип жашаймын.

Жараткан: Сен эч кабатыр болбо. Периште сыяктуу бирөө сени ал жакта күтүп турат. Ал сени баардык кырсыктардан коргойт. Кечкисин ыр ырдап, күндүз болсо мээрмин төгүп көздун карегиндей сактайт. Ошентип, сага деген мээримин байкап бактылуу болосуң.

Наристе: Ал эми мен мага суйлөп жаткан адамдардын тилин кантип түшүнөм.

Жараткан: Ал периште сага дүйнөдөгү эң сүйкүмдүү кулакка уккулуктуу сөздөрдү сүйлөп, сага сүйлөшүүнү сүйүү аркылуу уйрөтөт.

Наристе: Жер жүзүндө жаман адамдар болгонун да уктум. Ал адамдардан мени ким коргойт?

Жараткан: Албетте периштен коргойт Ал өз турмушу канчалык кыйынчылыкта болбосун, өз жанын кыйып, сени коргоого ар дайым даяр турат.

Эне курсагындагы бөбөк Жаратканга акыркы суроосун берүүнү чечет.

Наристе: Оо Жараткан, эгерде мен азыр кете турган болсом, ал периштенин аты ким, айтчы?

Жараткан: Ага сен “АПА” деп кайрыласың.

Апа – терең ой, бүт өмүр, мээрим, сүйүү катылган сөз, тилиң жаңыдан чыга баштаганда айткан алгачкы сөз, сүйүнгөндө да, күйунгөндө да айткан баа жеткис сөз. Бул ыйык сөз жөнундө жазууга акым деле жок, бирок улуу сөздүн жанынан кыйчалбастан өтүп кете албадым. Баркын билип, даамын таткандардан өткөн бактылуу адам жок болсо керек. Социологдордун жүргузгөн сурамжылоосу буга далил боло алат. Дүйнө жүзү боюнча “Бакытты кармааго болобу” деген суроого баардык энелер “Ооба” деп жооп беришкен. Монетанын эки тарабы болоору баарыбызга белгилүү. Эне деген сөзгө татыксыздардын да бар экени өкүндүрбөй койбойт. 9 ай жүрөгүнүн астында көтөргөн эненин өз баласын кучагына кыскандагы кубанычын айтсаң бүтпөс дастан болоору шексиз. Ал эми наристени ким угат, төрөлгөндө ыңаалаганы сүйүнүчтөнбү же күйүнүчтөнбү. Баланча баласынан баш тартыптыр, түкүнчө алдырып салыптыр деген үрөйдү учурган кабарларды уккан сайын жүрөгүм тызылдап жатып бырчаланып калды окшойт. “Балаңды бага албайсынбы, анын жарык дүйнөдөгү убалына калба, күнүмдүк кызыкчылык эки адамдын бүт өмүрүнө залакасынын тийгизээрин ойлон. Акыл-эстүү эне сени жарык дүйнөгө, сүйүктүү жар, мээримдүүэне болсун деп алып келген. Эне болуу бактысы ар кимге эле буюра бербейт”-деп ичимден өзүмө-өзүм сүйлөнүп алам. Адамдын саны канча болсо тагдырдын түрү да ошончо болот бейм. Бирөө өз баласын бөпөлөп өстүрүп, эрезеге жеткирип, үйлөп-жайлагандан соң куттуу үйдүн төрүндө отурса, бирөөнүн баласы “туулдуң калдың балээге” деп чоңоюп, эптеп күн өткөрүп, өз жанын араң багып жатып, ата-энесине караңгылык байыр алган карылар үйүнөнөн орун менчиктеп берет экен. Ал эми кээ бирлери өмүр бою бала жытын искебей өтүп кетишет тура.

“Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө”. Ушул сөздү акыркы күндөрү көп айтчу болдум. Өз баласын өлтүргөн эне, дааратканага таштап басып кеткен эне. Мындайды укканда кулагыңа кадимкидей баланын чаңырып, жардам сурап жаткан үнү угулат . Коомдогу көңүл иренжитээрлик окуяларды көрүп, аргасыздан башыңды чайкап: “Апа” деген сөздүн баркын бузгандардын таманынын астында эмне бар? – деп калат экенсиң.

(Турмуш сабактары китебинен)


Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 31 Январь 2014 - 16:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   niet   05 Февраль 2014 - 19:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 19 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2017 00:05

жылмаюу - жакшы экен, окуп отуруп ыйлагым да келип кетти, тилемчиге жаман болуптур уйу орттонсо, уйу орттонбой эле курсагы тойгон боюнча жылуу жатып уктап калып бутсо болмок, эми уйу жок кайда тунойт !

Билдирүүнү түзөткөн: guard: 05 Февраль 2014 - 22:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   kanat4ik   10 Февраль 2014 - 23:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күндөрдүн бир күнүндө үч киши сапарга чыгат.
Узун жол жүрүп чарчагандыктан түнөмөккө бир
үңкүргө киришет. Арадан көп убакыт өтпөй
тоодон кулаган чоң таш капыстан үңкүрдүн оозун
жаап калды.
Эч нерсени түшүнө албаган үчөө бири-бирине карашты жалдырашып. Айла жок. Эмне
кылабыз? Акыры ойлонуп отурушуп мындай
чечимге келишти. «Эгер мындан мурун кылган
жакшылыктарыбызды себеп кылып дуба кылсак
мындан кутулабыз».
Бирөөсү алакан жайып:
-Оо, жараткан Аллам! Менин карыган ата-энем
бар эле. Тамактануу учурунда алардан мурун
баларыма да, кызматчыларыма да эч нерсе
жедирип ичирбейт элем. Бир күнү малдарымды
жаюу үчүн оттуу жер издеп алыс кеттим. Кечке
жуук кайтып келип сүт саап, ата-энемдин жанына барсам, алар уктап жатышкан экен. Аларды
ойготууну каалабадым жана алардан мурун
балдарыма жана кызматчыларыма сүттү
бербедим. Балдарым жанымда мени тегеректеп
ыйлап жатышты. А мен болсо колумдагы бир
кесе сүттү кармап, таң атканча күтүп турдум. Эрте менен ата-энем ойгонуп сүттү ичишти.
Оо, жараткан Аллам! Эгер ушул кылган ишимди
сенин ыраазычылыгың үчүн кылган болсом, анда
бизди бул балээден куткар, - деди.
Таш бираз жылды. Ошентсе да үңкүрдөн чыгууга
мүмкүнчүлүк болбоду. Экинчиси болсо мындай деп айтты:
- Оо жараткан Аллам! Атамдын инисинин бир
кызы бар болчу. Ал мен үчүн эң сүйүктүү адам
эле. Ага жакындоону кааласам да, ал дайыма
өзүн менден алыс тутту. Бир жылы жут болуп
ачкачылык башталганда ал мага келип жардам сурады. Мындан кийин меники болуусу шарты
менен ага жүз алтын бердим. Каалап турган
ишимди баштайын дегенде, ал мага:
-Алладан корк! Болбогон нерсе үчүн менин
намысымды булгаба, - деди. Ал мага аялдардын
эң сүйүктүүсү болсо дагы ойлогон оюмдан кайттым, берген алтындарымды кайра алган
жокмун.
- Оо жараткан Аллам! Эгер бул кылган ишим
сенин ыраазычылыгың үчүн болсо, бизди бул
үңкүрдөн чыгар.
Таш ордунан кичине козголду. Бирок дагы да болсо чыгууга мүмкүн эмес эле.
Ошондо үчүнчүсү:
- Оо, жараткан Аллам! Бир жолу бир канча
жумушчу жалдап иштеткен болчумун. Баарына
акысын толук төлөдүм. Бирок бирөөсү акысын
албастан кетти. Анын акчасын иштетип, көбөйтүп, чогулттум. Аябагандай көп акча
топтолду.
Акысын албаган адам көптөн кийин мага келип:
- Эй Абдулла! Акымды бер, - деди.
Мен:
- Мына көрүп турган төө, уй, кой жана кызматчы сеники, - дедим.
Тиги киши:
- Эмне мени тамашалап жатасыңбы?
- Жок. Тамашалаган жокмун.
Ал адам эч нерсе калтырбастан баарын алып
кетти.
- Оо, Аллахым! Ушул кылган ишим сенин
ыраазычылыгың үчүн болсо, анда бизди бул
абалдан куткар, - деди. Таш жылып үңкүрдүн
оозу толугу менен ачылды. Үчөө кубанычы
койнуна батпай үңкүрдөн чыгып кетишти.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   kanat4ik   10 Февраль 2014 - 23:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аңгемедеги биринчи дуба кылган
адамга токтололу. Алла таала Кураны каримде:
«Жаратканың жалгыз өзүнө сыйынууңарды, ошондой эле ата-энеге жакшылык
кылууңарды буюрду. Эгер алардын (ата- энеңердин) бирөөсү же болбосо экөө тең сенин кол астыңда карылык жашына жетишсе,
аларга карап «уф» дебе (үшкүрбө) жана алардын (сөздөрүн) кайтарба. Аларга (ар дайым) жакшы сөздөрүңдү айт. Алар үчүн мээримдүүлүк менен кичипейилдик канатын
жай, кичипейил бол жана «Жаратканым, мени (алар) наристе чагымдан тарбиялап- өстүрүшкөндөй, Сен да аларга ырайым кыл»
деп аларга дуба кыл». деп айтат. (Исра, 23-24) Пайгамбарыбыз да мындай деген: «Бейиш энелердин таманы астында», «Атанын
баласына кылган дубасы, пайгамбардын
үммөтүнө кылган дубасы сыяктуу». Ошондуктан ата-энени урматоо, алардын
айтканын аткаруу, көңүлдөрүн калтырбоо жада
калса аларга карап «уф» деп да үшкүрүнбөө жогоруда да белгилүү болгондой кандайдыр бир
балээден кутулуубузга себеп болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   kanat4ik   10 Февраль 2014 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ал эми экинчи адамга келе турган болсок, анын
аябай эрктүү, кайраттуу жана түшүнүктүү адам
экенин көрөбүз. Ал киши өзүнүн напсисин жеңди.
Каалоосун аткарууга толук мүмкүнчүлүк болсо дагы кыздын: «Алладан корк!» деген сөзү менен зына кылуу оюнан кайтты.
Зина - арам жыныстык катнашуу, тактап айтанда
эркек жана аялдын никеден сырткары (никесиз) жыныстык байланышта болуусу.
Зина - коомдун адеп-ахлагын, үй-бүлөө куруу
системасын жана тукум улоо процессин бузуучу
нерсе болуп эсептелет. Кураны каримде:
«Зинага жакындабагыла, себеби ал уятсыздык жана эң жаман жол»,-деп айтылат. (Исра, 32) Ошондуктан адамзат коомунун келечегин ойрон
кылуучу мындай көрүнүштөрдөн өзүбүздү
сактообуз керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   kanat4ik   10 Февраль 2014 - 23:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Үчүнчү кишинин кылган иши да кандай сонун.
Акысын албай кеткен адамдын акчасын иштетип,
көбөйтүп, чогултуп бир тыйынын да өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланбай ээси келгенде
толугу менен кайтарып берди. Динибизде да
кызматчы адамга акысы бешене тери кургай
электе берилүүсү айтылат. Бул деген бирөөнү
жалдап иштетсең анын акысын дароо берүү
керек экендигин билдирет. Алла таала Кураны каримде мындай дейт: «Мал- мүлк, байлыгыңарды өз араңарда арам
жолдор менен жебегиле (бири-бириңердин акыңарды жебегиле)». (Бакара, 188) Урматтуу окурман! Биз да ата-энебизди
сыйлайлы, арам жолго түшпөйлү, бирөөнүн
акысына кол узатпайлы. Ошондо гана биз да бир
балээге туш болгонубузда андан оңой
кутулуубузга шарт түзүлөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   kanat4ik   10 Февраль 2014 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бөлмөдө жалгыз карыя. Үстүндө көп жылдан
бери түшүрбөй кийип жүргөн эски чапаны.
Адаттагыдай өзү менен өзү сүйлөшүп отурат:
- Оо Кудай ай! Дагы жарык өчтү. Бул кандай
болгон караңгылык, туруп туруп эле адамдын
үшүн алгандай. Билбейм, бул караңгылыкта абалыбыз ушунчалык болсо, кабырдагы
караңгылыкта абалыбыз кандай болот.
Коюлган жеринде турган ширенкенин кутусун
карылыктын айынан көпкө издеп, араң тапты.
Аны кулагынын түбүнө алып келип шыгыратып
көрдү. «Ширенкени болсо таптым. Бул жерде бир шам бар болушу керек. Ии... Таптым, таптым»
Шамды күйгүзөрү менен карыган чоң атанын
эсине балалыгы түштү. Ууртунан жылмайды.
Бирөөгө айтып жаткансып эсиндеги окуясын
баяндай баштады.
«Бала кезимде жарык өчөрү менен дароо кичинекей бөлмөнүн терезесиндеги пардаларды
ачып, ай жарыгында сүйлөшүп отурар элек.
Атам, апам, иним жана мен болуп. Ээй, кандай
гана сонун күндөр өттү.
Атам кичинекейинде эшектен кантип
жыгылганын, апам болсо даракка чыгып алып кайра түшө албай бутакка асылып калганын
айтар эле. Биз болсо каткырып күлөр элек.
Жарыктын өчүшү биз үчүн чоң кубаныч эле ал
кезде. Анткени кубанычтарыбызды жана
кайгыларыбызды бөлүшчүбүз. Ал эми башка
күндөрү телевизорду тиктеп отуруп, маектеше алчу эмеспиз.
Аай, технология! Адамдарды бири-биринен
алыстатты. Же болбосо аны биз туура колдоно
албай жатабызбы? Бардык нерседен баш тартып,
кайдыгер мамиле кылдык. Телевизордогу
футбол оюндары жубайларыбыздан, балдарыбыздан да кымбат нерселерби? Жоок...
Карылар үйү өз үйүңдөн да сүйкүмдүү беле?
Адамдар балдарына, үй-бүлөсүнө, ата-энесине
маани бербей турган болушту. Мен дагы ошол
карылар үйүнө барбаш үчүн жападан жалгыз
отурбаймынбы. » Ээх! Ээх! Ээ Жараткан! Шам да сонун болуп
жанып жатат. Жанган сайын эрип барат. Эриген
сайын жарык чачып, ансайын түгөнүп барат.
Чоң ата кокусунан туруп эле минтип кыйкырды:
«Азирети Умар! Алла сенден ыраазы болсун!
Сен кандай гана өзгөчө, кандай гана улуу адамдардан элең. Өзүңдүн ишиң үчүн башка, ал
эми өлкө иши үчүн башка шам колдонуп,
бирөөнүн акысын жегенден коркор элең.
Пайгамбардын үммөтү да, досу да сен элең.
Азирети Абу Бакир! Азирети Хатижа! Азирети
Фатима! Азирети Зайд! Силерди сагындым го!» Бираз токтоп, ыйламсырап кайрадан кыйкырды:
кусамын, эй Расулалла! Бардык адамдар сени
«Сенин адилетиңе, шапаатыңа, нурдуу жүзүңө
сагынууда.
Балдарымдын үндөрүн, неберелеримдин чуру-
чуусун сагындым...» Көздөн жаш тоголонду. Көп жылдан бери
ыйлабагансып, көз жашты сагынгансып, өксүп-
өксүп ыйлап жатты. Көз жаш тагдырды өзгөртө
албаганын, бир гана кайгы муңга чөмүлгөн
жүрөктү жубатарын өзү жакшы билет эле.
Мурдун шыр тартып, жашын сүрттү. Өзүн карманып тобокел кылды да: «Кудайга шүгүр!
Жаным балалыктын тунук сезимин аз да болсо
кайрадан жашады. Бул кандай сүйкүмдүү сезим.
Жымжырттыкта отуруп баарын эстеген.
Мунун артынан күрс күрс жөтөлдү да, илбериңки
алаканы менен көз жашын арчыды. Дал ошол учурда жарык жарк этип жарык жанды
да, бөлмө дароо жарыкка бөлөндү. А бирок чоң
ата тынчтыгын бузган лампага душманындай
карап: «Чакырбадым го! Эмнеге келдиң? Шам
жарыгында мага кусалыгым, кубанычым менен
тең ортоктош болуп отурганымда. Бөлмө караңгылык менен бөлөнгөндө көңүлүм тынчып,
жүрөгүм нурданган эле.
Чоң ата карылыкта күтүлбөгөн тездик менен
өйдө болуп, жарыкты өчүрдү да: «Өч! өчкүн
жалганчы жарыктар! Силер күйгөндө менин
үмүттөрүм суу чачкандай өчүүдө» Андан кийин оор кадам таштап төшөгүнө келип
жатты. Балдары, неберелери жок жалгыз ээн
үйдө дагы бир түн жалгыздыкты өткөрүүсү керек
эле.
Бул жарыктык өчпөс эле,
Эгер үмүт болбосо. Болбос эле ал жалгыздык,
Медер туткан,
Үмүт кылган,
Жаратканы болбосо.
Кайрадан жалбарды, дагы бир жолу жалынды:
«Оо, Жараткан Алла Таалам! Башыман кечирген турмуштун оош-кыйыштарында сенчелик мага
жакын эч кимим жок экенин түшүндүм. Мени
кечир. Алла Таалам! Артымда калган балдарыма
өзүң жар боло көр. Аларга ырайымыңды төгө көр.
Аларды кечире көр. Өлүм аркамда күтүп турат.
Жанымды ыйманым менен ала көр!» Чоң ата алакан жайа «оомийин» деди.
Жуурканга кирерден мурун дайыма айтып жүрчү,
тилинде жана дилинде үмүт шамын жандырган
«Бисмиллахир- рохманир-рохим» деген сөзүн
айтты.
Бираз өткөндөн кийин катуу уйкуга бөлөнүп ошол бойдон бул жалгандан түбөлүк сапарга аттана
берди.

Билдирүүнү түзөткөн: guard: 17 Февраль 2014 - 14:55

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: