саламатсыздарбы!
!!Мен чынында азыр эмне кылышымды билбей турган чагым,мага туура кенешиниздерди бересиздер деген умуттомун!
Мен Чуй тарапка турмушка чыктым,куйоом менен 1,5 жыл суйлошуп турмуш курдук бирок... бирок мени апасы жактырбай турмуш куруубузга аябай каршы чыккан экен мен аны кийин билдим,,Мени ошол маалда ала качып уйуно алып барды,кайын энем жактырбай койду куйоом ага жалынып тизе бугуп ыйлап олтуруп кондурду.менида ошого кондурду .омуру тизе бугуп жалынган эмеслем.Суйуум учун ошого бардым,аран конду!ошондо мен каттуу жанылган экенмин,аны азыр тушунуп олтурбаймынбы.
баары ошентип башталды.мени жактырбай журду,акырындык менен менин кылган иштерими байкаштырып жакшы коруп калды кайын энем.ага бир башымы которуп соз кайтарбадым суйлободум,
бирок мени жакшы корсо да мени аябай каттуу урушчу урушканда дагы журокко жеткиз создору менен урушчу,ыйлап ыйлап калып кетчумуун,бир жагынан куйоом уруп баштады,ошондо менин абалымды айтып тушундуро албайм,мен билем куйоом мени суйушун,апасын да билчу мунозу кандай экенин ,ал чыдап кой деп айтчу ,баарына макул болуп 7 ай чыдадым,бир жагынан боюмда да болбой атты андайда кайын энеме соз табылды.Не боюнда болбойт деп,текшерилдим таза чыктым,куйоон текшерилиши керек деди ал азырынча текшериле элек,врачтар тазасын ,боюнда болот ,болгону уйундо тынчтык да болуш керек деди!ошентип кундор отту уйдогу жанжалдар токтолбос болду.кетип калайын десем уйдогулор кой бири мененле тынчы кызым деп конушподу.намыс деп жашап жаттым!акыры чыдай албай кетип калдым уйдогулорго да айтпай кеттим,1 жумадан кийин куйоом апам кетип калды инисиникине деди,кел деп чакырды,мен бардым 1ай жашадык мурункудай экообуз урушпадык ,Бирок мени апасы ойлондуруп атты,кыйналбады бекен деп кайра агг боорум ооруп кетти,ушунча жаман создор менен журогумо так калтырган болсода мен кайын энеми жакшы корчумун!
Кыйналбадыбы деп ойлогонумдун себеби кайын энем баспайт болчу буту сынып калгандыганан баспай калганкенле.
мен аны оз апамдай коруп бапестеп карадым,рахматын ыраазычылыгын билдирчу мени кызым деп,кудайдан сендей келин сураган элем кудайга шугур дечу,бирок баары бир урушале берчу.Ошентип куйоом менен 1 ай жакшы жашадык,куйоом ошко барып иштеп келели деди,алда мурун ошто окуп калган ошого ошту жакшы корчу,ошентип ошко келдик иштеп баштадык,себеби менин жумушум жакшы болчу,куйоомда жанымда иштеп баштады!Бирок мени ошондо да тынч койбоду кайын энем ,баарына келиним баламы алып кетип калды деп соз чыгарыптыр.
Мен кетеличи деп жургом ,бирок ушул созу мени ойлондуруп койду барсам баягыле корунуш башталабы деп,куйоом экообуз жакшы жашап атканбыз жазга чон тоюбузду откозсокбу деп экообуз тен тилек кылып алганлек .Бирок мени ойлондурганы анын апасы экообузду бирге болушубузду каалабайтго дейм,анандагы кулагымда жанырып турган создору журогумду эзип жиберет,балама башка кыз алып берем деп айткандары да бар,ойлонуп башым ооруп чыгат ,балким чынле мен ал менен ажырашсамбы деп?эмне кылсам болот?куйоом кийин таштап кетпешине ким кепилдик бере алат?апасы айнытып койсочу?(уйдогулор бирок каршы чыгып атат ажырашыма)ажырашсам аларга эмне дейм ошолорду ойлоп ажырашкым келбейт!алдын ала рахмат,ката жазсам мени кечириниздер!
!!
- (2 )
-
- 1
- 2
Бири-бирибизди сүйөбүз,бирок....
#1 23 January 2014 - 16:30
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 23 January 2014 - 17:42
Эмнеден корксон ошол болот деп коюшатго андыктан сизда озунузго уверенный болунуз, мени таштап кетсечи.антсечи.
мынтсечи деп эч качан ойлобонуз. Только жакшы нерселерди ойлонуп, куйоом меники гана болот дениз.
Кайненениздин создорун кулагыныздын сыртынан эле кетирип коё берсениз жениш сиздики болот деп ойлойм.
Кайненениздин создорун кулагыныздын сыртынан эле кетирип коё берсениз жениш сиздики болот деп ойлойм.
Мен бактылуумун.
!
#3 23 January 2014 - 17:43
Негизи,ата эне болуп,балабызга келин тандап бере элек туруп антсе болмок,минтсе болмок деш да кыйын экен,алардын да ою,максаты биздики сыяктуу эле да.Ошентсе да,макул каршы болсун,алба десин,жыйынтыгында баласы уйлонгондон кийин,уй булонун жаны мучосу катары,баласынын тандоосун сыйлап,акыры бир уйдо тутун буулаткандан кийин баардыгын унутуп жакшы мамиле м.н жаны жашоо баштаса болот го дейм.Баласынын кыйналып эки ортодо жургону жакшы эмес болсо к.к.Сиз деле каршы болупсуз дебестен жакшы мамиле жазап жатыпсыз го,тушунбойм негее анда антет???Кудай жалгап тороп берсениз неберелерди коруп баары унутулат буйруса,сабыр кылып,жакшы мамиле кыла бериниз,акыбети кайтар.Ушунчага чыдап эми ажырашканда деле жакшы жашоо даяр дейсизби.,мамайдын кору кыскасы!Бирок,
эстегенде мен ушуга татыктуу белем деп,баарын таштай качкыныз келсе да,озунузду басып,кайненениздин ар бир кылган мамилесине ыйманыныз,тыкан жашоонуз,жакшы мамилениз,жолдошунар экоонордун суйуунор м.н гана жооп кылгыла,акыры тушунот баарын..
#4 23 January 2014 - 18:26
Мен озум мындайга кабылбаган учун, эч кандай кенеш бере албайм. Только башынан откондор эле килип жакшы опыттарынан болушпосо, эмне дешти дагы билбей турам. Менин кайненем мени менен таанышпай туруп эле, кайнимден сурап журчу экен мен жонундо, ошондо эле балам ушул кызга уйлонот деп чечип коюптур.
[size=2] [/size]
#5 23 January 2014 - 18:47
мен сени суйомун,сен мени суйосун
жашоодо бирок биз бирге болбойбуз.
дегендей эмес бул жон ган Музыка саптары!! !кудаа кааласа балалуу болосунар анан кайненендин конулу жибип жакшы болуп кетет.ал адамга да тушунуш керек баспаса бугун тилинен чыгарат.дааа

#7 23 January 2014 - 19:36
Сабыр кылыныз. Алладан сурап дуба кылыныз,биз пенделер деле адашуучуларданбыз.
Бир гана Аллах билуучу,беруучу.
..
#8 23 January 2014 - 19:45
Билдируундуу окуп отуруп бир нерсеге тушунбодум.
Эмне себептен сени урушат?Ушу тууралуу ойлонуп кордунбу?Жанжал эмнеден чыгып сени суйгон куйоон неге кол которот.?Ак тарап,ак карап,тили да жок болсо бир момун келин неге жакпады экен.эгер ушундай болсо ошол энеге да кудай бардыр.Карып калган кезинде,буту баспай калганда торкунго жалдыратып дагы бир келиндин колуна таштап койгон уул келинге да кудай бардыр.Кайран эне баласына батпай инисинин колунда калганы не деген азап,..Эне курган ушул уулду эмне умут менен тороп,эмне умут менен бакпады экен.Жалдыратып таштап кеткен уулга наалат,мин наалат...
Кызым эсине кел,эсин барда этегинди жап деген.Сен азыр бир муштапир энени кор кылсан,ошол кун эртеге эле айланып озуно келип калат.Сенде да эне бар,сени да эне торогон.Эсине кел кызым эсине кел...Кандай тизе бугуп келин болсон,азыр да тизе бугуп энеден кечирим сурап эне кылып ал.Ошондо сен эне боло аласын.
Бул турмушта нечендеген келиндер кор болуп,кайненин уу созуно,кайнатанын заар тилине,кайнеже менен кайын синдинин туш тараптан талоонунда калып,чыдап, сабыр кылып турмуш кылып отурушат.Эшике чыгып кул болуп,уйго кирип кун болуп ишине барып иш кылып ал аз келгенсип эрдин капризине чыдап жашагандар бар.Сен эркелеп бир эненин чатагына чыдабай торкунуно качып,ал аз келгенсип инисиникине кетип калыптыр деп кылын кыйшайбай кеп кылып отурасын.
Ажырашсамбы дейсин,ажырашсан озуно кыйын сени баары эле суйуп отурбайт.Биринчинин азасын,экинчи берет сазасын дейт.Куйон сени суйгон учун суйуунун кулу болуп,оз энесин тагасына таштап сенин аркандан келип отурат.Сен ошо жигиттин суйуусуно тан берип,баркына жет.Кыздын уругу тугонуп калса да башка болсо энесин таштап келмек эмес.Тойдум байдын кызынан деп башкага уйлонуп алмак да апасын колуна алмак.Бейиш эненин таманында дешет го,ошо бейишти колуна кармап ак батасын алып,агартып уул кызартып кыз тороп ал.Дагы бир нерсени айтайын,азыр куйон суйуп ысыгы тарабай атат.Жылдар отуп очар бачар болгондо энемди сен учун таштагам деп,бетинен когола кетпей,кулагындан кулак калбай куйондун запкысында каласын.Мындан ажырашып башкага тийгенде деле эмнеге ажырашыптыр деп суроо салганда эне менен баланы ажыратып,баласын каратпай койгон экен деген соз сени омур бойу ээрчийт.Сенден мурун ушул жаман соз жетет ушул жагын да ойлон.кызым. Кызга кырк уйдон тыйуу дейт катуу айтсам,катуу тийсе ойлонуп кор анткени мен сага бол гана соз айтым.Кичуусун, баласысын сен биринчи кечирим сурап энени кор кылбай колуна ал.Эне байкуш деле эчкен сынгандыр оз баласы туруп,инисинин колунда калса,оз келини туруп башка келинге барса мен мындайды жылаанга да ыраа кормок эмесмин.ЭЭ аллахым энеге да балага да ыйман,ынсап бере кор...

#9 23 January 2014 - 19:51
Автор турмуш ушундай сыноолорду берет. Бир түн, бир күн дегендей күн тийген мезгил келет. Ар бир эне баласын кызганат. Жолдошуң экөөң бири бириңди жакшы түшүнүшсөңөр эле калганы өзү чечилет. Кайненеңди мындан дагы жакшы сыйла, кийин сен дагы келиниңден сый көрөсүң. Кыйынчылыктарды жеңип чыгышың керек. Жеңил ойлуулук кылбаңыз. Сиздикинден дагы оор тагдырларды көргөнбүз. Бактылуу болушуңарга тилектешмин.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#10 23 January 2014 - 20:34
кудм мендей экен тагдырыныз менин да кайненем каршы болгон экен досумун кызын алып берем деп (байдын жалгыз кызы жакшы кыз) мен билбепмин мени алып качып келген куйом жалгыз уул той кылган эмес барибир кетирем деп 2жылдан ашты жашаганыма росияга кетип иштегиле деп бизди жонотуп ийген озу небересин карап баласын алып калып озун кетимрем дечу ошону эстесем корком баламы аябай сагындым кетейин десем кайынжурт жоопбербейт азыр кайненем м.н суйлошкум келбейт коргум келбейт куйом уруп журду мени да чыдап журом кайненем ичип алып урчу айтпаган созу калган эмес баланы кимден туудун дечу убакыт баарын дарылайт сабырдуу болун
#11 23 January 2014 - 20:37

#12 23 January 2014 - 21:04
Рая эженин созуно кошулуп кетем. Адам бироону куноолоордон алдын, озунун куноосун билип отуусу зарыл. Терен ойлонуп коргондо, мумкун мындай арыздануулар,
кенеш суроолор чыкмак эмес.....
Эчкимдин уй-булоосу бузулбасынчы!
Эчкимдин уй-булоосу бузулбасынчы!
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#13 23 January 2014 - 21:06
Аллахым озунун суйгон пендесине сыноолорду берип сынайт. Сиз бул сыноолорго чыдап жашашыныз керек.Сиздер али балалуу боло элек экенсиздер,
кудайым буйруп балалуу болсонуздар баары озгорот,деген умуттомун.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#14 23 January 2014 - 21:23
Рая эженин создору жакты. туптуура айтыптыр. кантип эле козун карап, сыйлап, чайын ысык демдеп, апалап турсаныз кайын энениз уруша берсин? жакшы суйлогондо жакшы эле айтат экенго? демек куноо озунуздо экен да, жинине тийип алат экенсиз окшойт... кайнене деле апа да кантип эле бироонун кызын уруша берсин жондон-жон эле? озунуздун апаныз да ажырашпа жаша десе кайын журтунуз куйоонуз тузук эле окшойт. сиз озунуздун каталарынызды деле жаза кетпейсизби?
белая пушистая болуп турсаныз мындай болбойт эле да кумонсурооп жатам бир аз... капа болбонуз, бирок чындык ачуу болот. сиздин кемчиликтеринизди угуп(окуп) коруп анан кенеш берели дегеним. туура тушуносуз деген умуттомун.
#15 24 January 2014 - 00:34
мен чынында коп ойлончумун чынында бир жеринде ката кетирип атамбы деп,кээде куйоомдон сурачуумун мен ката иш кылып койдумбу,айтын мен ондоюн деп,Бирок куйоом сенде куноо жок апамын мунозу ушундай деп.Чынында куйоомду багып алганкен озунун ата энеси жаш кезинде отуп кеткенине байланыштуу 7-классында отуп кеткенкенле,
Бул алыс тууганы экен,озу турмушка чыкпаганынан менин куйоомду карап алган,куйоомду да аявай жаман создор менен урушчу,куйоомда сен кантип чыдап атасын деп сурап калчу,корсо куйоомда чыдай албай атам дечу айткан создоруно деп.Куйоомду уйдон кууп да чыкты,бирок барар жери жок кайрале келди.Силерге эч теке калтырбайм бут мулкумду иниме калтырам деп айтат,макул эч текенин кереги жок,мен милдетими аткарам баары бир деп когоруп туруп алдым мен жакшы карашым керек,мага апам ошондой тарбия берген деп туруп алдым куйоомо,себеби ал кетеличи деп кээде айтып калчу,мен апанызды кимге таштайсыз бизден башка кимиси бар деп аны кармап калчуумун,чынында куноом болсо кудайым жазамды берсин,бирок мени мынча кыйнабанчы деп жалынчуумун,
билем бир кун болбосо бир кун мени да тушуноор адам чыгар,куйоон жондон жон сабабайт дейсинер,апасы мага каршы кылып койчубирок кийин кечирим сурап турчу,аныда тушуном,аявай жакшы кором,алда сен болбогондо мен жашамакда эмесмин деп калат,кээде ыйлайт мени олтурупле койгулачы,сенида бактысыз кылдым деп,кантейин апам ушундай болсо,мага да кандай азаптарды берди олгон ата энеме асылчу ичетле тарбиясы жок деп урушчу куйоомду,эми айтыныздарчы менде кандай куноо бул жерде???ишенесиздерби мени кунуно журокко жетер соз укчумун,кунуно ыйлачумун,куйоом чыда дегенинен чыдадым,башка келин болгондо кетип калмак бир кун турбай дейт.Кайын энеми баары билеткенле тили жаман экенин,баары айтышты чыда кызым деп.Мен чыдадым колумдан эмне келсе ошонун барын кылдым.Апамы бапестеп карадым.уулу менен урушса апама боор тартчумун,Куйоомо бир куну ачыгын суйлошолучу мен келгенден ушундай уруш чыгып атабы.мен кетсем баары ордуна келеби десем.Куйоом жок сен келгенге чейинле ушундай болчу деди!сенденда куноо кетер депсиздер мен бул жерде куноом аларга келин болгонумдаго дейм.менин кандай аргам калды дейсиздер уруу депда чыкты уйдон бир кадам чыкпасам каяктагы уруулук уйуно уурдап алып кеттасын уйдогу нерселерди дейт уйум 24 саатык болсо мен тээ бурчунда ,уйум бу бурчундагоо.
мен эшикке чыксамда кайын энемен уруксат сурап чыгатлем анда дагы сааты карап турчу канча минута жоголду деп болбосо магазингеле керектуу нерселерди алганы чыгатлем.мен муну менен жамандайын деген жерим жок болгону журогумду ойуп келаткан нерсеге жооп алгым келтат.Жаны келин болуп азырга дейре бир кийим кылып бербеди ата энен кылсын дейт.ата энем уялганынан мага кийип кылып беришти.менин кандай куноом учун мынчалык азап чегип атам(((
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#16 24 January 2014 - 00:52
тушундум. кечирип коюнузчу((( эмне дээримди билбей жаман абалда калдым... анда куйоонуз менен кенешиниздер,
биз бул жакта кандай кенеш берген менен кырдаал озгорбойт окшойт. башкача болсун учун кайненениз башынан торолушу керек го анда.... журогум сыгылып кетти жашоонузду элестетип алып((( Жаратканым жар болсун, бул кундор да отоор кетээр... бала-чакалуу болуп алсаныздар баары жакшы болуп кетет кайненениз да небере жытын жыттаса журогу ээрип токтолоор...
саьырдуу болунуз, жана каттуу жазганыма кечириниз дагы бир жолу(((
#18 24 January 2014 - 01:09
Кандай болбосун кайненендин батасын ал,жалгызсыратпагыла энени.Бир тууган кайнене болбосо да бир туугандай кабыл ал.Торобогон болсо демек бир аз кежир болуп калат мындай адамдар ошол мунозун которуп койгула.
Пы.сы.Куйоом кетип калалы дейт мен апанды кимге тапшырабыз дедим дейсин анан эле мен кетем десем куйоом чыда деди дейсин тушунбодум ушул созуно.
Пы.сы.Куйоом кетип калалы дейт мен апанды кимге тапшырабыз дедим дейсин анан эле мен кетем десем куйоом чыда деди дейсин тушунбодум ушул созуно.
#19 24 January 2014 - 01:16
Капа болбонуз,бирок сизге жооп жазгым келди.Сабыр менен кор болууну коп жерде алмаштырып алабыз адамдар,адам оз укугун коргой билиш керек,кайын энесинин кылык жооругуна,жаман создоруно чыдап журо берсе эрте эле оорукчан болуп калатко,бироодон коркпой,журогун сыгылбай ,эркин жашашаганга не жетсин,авторду ажыраш дегим келбейт,бактылуу,
жакшы турмуш каалайм.
#20 24 January 2014 - 09:53
Кызым жазганда башынан жазышын керек эле.Кайын энендин бакма баласы экенин,ага мээрими тушуп асырабаганын жазсан болмок.Биз кайдан билебиз .Эне деген улук,ким болбосун журогу ооруйт.Бул жерде сенин деле куноон жокко.Ичкен эркеке адам зорго чыдайт аял кишинин ичкенин элестете албайм.Болуптур турмушум бузулбасын деп аракет кылып атыпсын,болунупсун эми эмнеге кыжаалат болосун.Эми алганынды сыйлап,жакшына турмуш отун жандырып жакшы жашай бер.Кайненене келсек ал озунун чечимин айтыптыр,бар тапканы инисинде калса демек иниси менен жашайт да.Озу ошону чечиптир.Эми ага кыжаалат болуштун деле кереги жок.Куйоонду кичинесинен багып,эчек сутун бербесе да элик сутун бердим эле деп армандагандай жаштан албаптыр,бок сийдигин жуубаптыр.Балам ботом деп мээримин бербептир.Бирок да азыр болбосо да кийинчерек озунорго келип калганда оштуктарча бир сыйра сарпай кылып астынан отуп койгула.Кечирип жакшы тозуп алса кийин козу откончо кабар алып каралашып койгула.Жанынды кейитип озунду сары санаага сала бербе.кызым ансыз деле коп чайналып,коп кыйналган окшойсун...Адам жакшылыка,жакшы жашоого,бактылуу болуга акылууго.Эми жолдошун экоон турмушту башынан баштап,урушту Чуйго таштап,эки жакты карап кыйналбай астыга умтулуп,тушунушуп бирине бирин жолок болуп ,озунордон кобойуп,озунордон осуп жашай бергиле.Силер да бактылуу болуп,айрыкча куйон бул турмушта коп азап коргонсуптур ошол адамга журогун ачып мээриминди чачып сыйлап,уул кыздарды тороп бактылуу кыл...Аллахым бактынарды ачсын,мончоктой балдарды берсин,балдардын деми менен бул кундорун да унтут болот кызым.Бактынды тегиз кылсын..
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео