Суперстан: Максатка карай жол... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Максатка карай жол... Мен ким элем, учурда киммин, келечекте ким болом...

#1 Пользователь офлайн   aikow92   23 Январь 2014 - 16:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Сага окшоп Бишкекте окуйм дегендердин айынан жер титиреди
Кечки тамактын үстүндө апам адаттагы сөзүн баштады.

-Элдин балдары чет өлкө, шаар дебей эле алына жараша окуп, иштеп атышат. Сен эле борбор, Бишкек деп жулунасын.

-Апа, ал жакта мүмкүнчүлүк көп экенин билесиз. Сиз деле өзүнүз каалаган окуу жайда окугансыз го.
Жай сүйлөшүбүз демейдегидей апамдым кыйкырганы, менин ыйлаганым менен аяктады. Дубалга сүйкөнүп ыйлап отуруп көзүм ызгып уктап кетипмин. "Тур ордуңдан, бурчка барып келме келтир" – деген апамдын жүзүн көрүп коркуп кеттим. Жет титиреп жаткан экен, синдилеримдин көздөрү чыгып кетчүдөй коркуп алышкан. Жер силкинип өттү. Апам:

-Көрдүңбү, сага окшоп Бишкекте окуйм дегендердин айынан жер титиреди - деп ойлуу, коркунуч толгон көздөрү менен карады.
Ага карабастан. Көгөрүп туруп алдым да, борборду көздөй бет алдым. Студент болдум. Улам жер титиреген сайын, бирөө шаарда окуйм деп жаткан го деп калам.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 23 Январь 2014 - 17:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aikow92   23 Январь 2014 - 16:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Жаман кызды неге сагынам, түшүнбөйм
Студенттик күндөрүмдө түбөлүккө ишенимдүү достук таптым деп мактана алам. Негизи кыздардын достугуна ишенбейм. "Көралбастык, ушак-айынга жакын болушат. Андан көрө жалгыз жүргөн жакшы". Ооба, бул да менин сөзүм.
Жаз менен кошо үзүкчүлүк да келди. Акча жок, ачка отурган курбум экөөбүз дале кыялданганды койбойбуз. "Жолдон 1 миллион таап алсак..." деп баштап, курсак курулдаганда бир жумадан бери сууга кайнатып жеген төө буурчакты эстеп анан токтотобуз.
-“Тигүүчү цехке топчу кадаганга иштебейсинерби? ” деп бир эже айтып калды.
-“Ооба, иштейбиз” - жарыша айттык. Цех жашаган жерибизге жакын экен. Кечки саат 10дон танкы 6 га чейин тырмагыбыз тешилгенче топчу тигип, 90 сомдон алып аябай сүйүндүк. Бирин-серин карыздарды төлөп, азык-түлүк сатып алдык. Кантип жеткиргенибизди азыр элестете албайм. Окууну бүтүп жатканда ыйласам да, жыргасам да бир кыз дайыма жанымда жүрүп бир туугандай болуп калганын байкадым. "Ушул жаман кызды эмнеге сагынам түшүнбөйм" - деп жазган курбумдун каттарын да, достугубузду да түбөлүккө сактасам дейм.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 23 Январь 2014 - 16:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   tolkun85   23 Январь 2014 - 16:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 239
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 21 Янв 2015 10:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

кызык!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aikow92   23 Январь 2014 - 16:48

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

" Шеф келсе сен тейлебе, ал "оштуктарды" жаман көрөт"
Кышкы сессияны жаап, айылга барып бош жатканча иштеп турайын, кийим, тамак-ашыма акча кылып алам деп үйдөгүлөрдү көндүрдүм. Жумушка орноштуруу агенттиги бир жума эки жака жиберип, аягында кафеге официант болуп иштей баштадым. Орус тилинде сүйлөгөндүгүмдөн түштүктөн экенимди билишпептир. Кыргызча сүйлөгөнүмдү уккан администратор: "шеф келсе сен тейлебе, ал "оштуктарды" жаман көрөт" деди. Ашканага кирсем баары саясатчы боло калышыптыр, "сен Бакиевдин жердешисин. ..". Иштегим келбей, айлык алсам кетем деп баштадым. Көптөн күткөн күн келди. Акчаны кармап, сүйүнүп турсам, "Уулумдун туулган күнүн жакшы өткөрүп бердинер. Баарынар уул-кызымдай болуп калдынар. Тааныштарымды эн жакшы тейлепсин. Сени аябай макташты, сага премия берилет" деп кошумча акча берди. Башчыбыздан мактоо, чогуу иштешкендерден жерүү угуп ал жумуштан кеттим. Алгачкы трайбализмден элес калтырган кафеден башка чай ичкен жокмун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aikow92   23 Январь 2014 - 16:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

“Иштеп чарчаса керек, ойготпой эле койгула”
Күндүзү окуп, түндө дүкөндө сатуучу болуп иштедим. Кечинде сменде иштеп, күндүз “зомби” болчум. Окуу жайда жазган лекциямды азыр окусам да түшүнбөйм. Биринин үстүнө бири жазылган. Мугалимдер уктап калсам “иштеп чарчаса керек, ойготпой эле койгула” дешчү экен. Окуудан чыгып кошумча курска да жазылдым. Чет тилдер курсуна акыркы күндөрү биринчи катарда отурган баланы көрүү үчүн барып калгам. Бою узун, тыкан, өзүнө жарашыктуу кийинген. Биздин тайпада анын деңгээли биртоп жогору болсо да келе берчү. Ал келбей калса сабакка активдүү катышам. Кечигип келет. Анан мен уйкудагы, кыялкеч периге айланам.
“Экөөбүз ээрчинишип, сейил бакта жүрөбүз. Баары бизди карашкан. Ооба, кыздар аны карашат. А мен кызганбайм. Анткени ал менин жанымда. Ал мээримдүү ошол эле учурда сүрдүү. Кандай бактылуумун. ” Жанымдагы кыздын "Жүрү кеттик" дегенин укканда бош аудиторияда ойгоном. Тил окуп, ал боюнча иштеген жокмун.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 23 Январь 2014 - 17:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Begai_kg   23 Январь 2014 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

анан
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   LaraKroff   23 Январь 2014 - 18:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Эгер бул окуяларды автор жазып жаткан болсо новатордук шедевр жаралчудай. Демейкиге окшобогон суроттоо. Онорунузго таазим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Жолоочу_SaliXa_* 24 Январь 2014 - 18:23

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кызыктуу экен, дагы жазчы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Kapitan   24 Январь 2014 - 19:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 31 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 18 Авг 2014 20:06
  • Жынысы:Эркек

Бул создорду окуп жатып. Авторду ото шайыр кыз экенин байкадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   aikow92   25 Январь 2014 - 01:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Жатаканада “ашар”менен аш жасап жеп "кара тизмеге" киргенде

Окуудан чыгып жатаканага бет алдым. Бир бөлмөдө кыял мүнөзү татаал 4 кыз чогуу жашайбыз. Баарыбыз куу, амалкөй, жемин жедирбеген калемпир кыздар. Үчөөбүз Айка болгонубуз менен төртүнчүбүз Мэканын кимге кайрылып жатканын билебиз.

Айка-1 жигиттерди сууга алпарып суугарбай келген эркекыз. Мен үйдө улуусу болгондуктан өзүм менен тең кыздын мага да кыялдарын көрсөткөнүнө таң калып кээде жиним келчү. Ар кимди бөлмөгө алып кирип дасторконду кенен жаймайы бар. Үй жыйнаса буюмдарыбызды таппай калабыз. Баарын сүрүп,көрүнбөй турган жерлерге тыгып салат.

Айка-2 биз менен жашы тең болсо да жашоодо көптү көргөн кемпирлерче көздүн кыры менен карап отурмай адаты бар. Бир күн кечке сүйлөбөй да кое берет. Бирок сүйлөбөй койгону деле жакшы болбосо маанайыңды 10 шкала ылдыйга түшүрүп салат. Мурда салондо иштегендиктен кээде бизди сулуу кылып койчу. Эч үй жыйганын көрбөптүрмүн.

Мен Айка-3 (бөлмөгө акыркы көчүп келгем) бирөө артымдан кууп жаткандай окууга, жумушка, курстарга чуркап, бир нерседен кур калчудай шашып жүрөм. Урушту биринчи баштабайм, бирок коргонуум жакшы эле. “Кобра” деген лакап атым бар болчу. Тамакты мыкты жасайм. Айрыкча палоону.

Мэка макалдаштырып сүйлөгөндөн алдына эч кимди салдырбайт. Өмүрүмдө укпаган сөздөрдү Мэкадан уккам. Токтоо, сүрдүү, жашоодо проблемасы көп адамдардай ойлуу жүрөт. Жөн көчөдө баспайт.

Кыздар менен бирде урушсак, кийин кучакташып калмайыбыз бар. Бир жолу Айка-1дин “Кыздар аркыбөлмөнүн балконунда приправа турат. Өздөрү үйдө жок сыяктуу. Кечке жуук майрамдабайлыбы” дегени баарыбызга жакты көрүнөт жымыңдап алдык. Айка-2 идиштерди ырастап, сабиз менен күрүчтү даярдады. Мен палоо жасадым. Эптеп эчкимге көрүнбөгөндөй болуп приправаны алсак сукка тоңуп калыптыр (кока-коланынидишине куюлган экен). Аны жылытып, столго ашты коюп отурабыз. Мэка “бир нерсе жетпегендей, күтүп отурганда эмне?” деп эшикке чыгып кетти. Бир аздан кийин тоок этин вилкага сайган бойдон кирип келсе таңданып карап калдык. Көрсө ашканада кайнап турганын көрүп шилекейи чууруган бойдон өткөн экен. Бири-бирибизди карагандан уялып тамактанып алгандан кийин тамагыбыз сиңбей, лезгинка бийлей баштадык. Үчүнчү кабатта жашагандар “тынчтык бербейт” деп арызданып, коменданттын “кара тизмесине” да кирдик.Сынактарда ырдап, дебаттарга жатакананын атынан катышып жатып тизмеден араң чыкканбыз.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 25 Январь 2014 - 01:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aikow92   25 Январь 2014 - 01:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Жандырмагы бар тандоо: карьера же үй бүлө

Баары айылдан башталат дешет, менин башоорум да айылга кышкы эс алууга баргандан башталды. Борбор калаабыздагы жашооушунчалык тез темпте өтүп, убакыттын канчалык тез өткөнүн байкабай калдымбы,балалыгым өткөн жерге барбаганыма 2 жылга чукулдаганда, сагынычка толуп бардым.Чоң энеме барам, ата-энемдин жанында эс алам да 3 жылга жетчү энергия, дем, күччогултуп келип, окуумду аяктасам, жумушка орношуп карьера жасайм деген оюма апамдын:“Сени шаарда окутуп катачылык кетириптирмин, жакын жерге окусаң эчак күйөөгөузатмакмын. Шаарда карьера жасайм дегениңди кой, айылга келесин дипломуңдукөтөрүп” деген сөзү кар жаадырды.

Үй бүлө жана карьера — төрт сөздөн, он жети тамгадан турган сөз айкашы,жашоодогу жол, айрымдар үчүн тандоо. Аял киши тагдырдан “үй бүлө” жана“карьера”деген кемеге жолдомо алып, бир эле кемеге түш, калакты эки колуң менен карма,аркы кемеге көз артпай алдыга сүз деген буйрукту алат тура. Жашоо деңизиндегитолкуп ташууларга туруктуулук талап кылгандыктан, тандоодо жаңылбоо керек экен.Бул тема боюнча мектепте, ЖОЖдо өткөрүлгөн талкууларга катышып, дайымакарьераны жактап, өз оюмду бербей, дебаттардан жеңип чыкчумун.
Голливуд жылдыздарынын жашоосун карасаң укмуштуудай, жумушу, өзүнө болгон сыйурматы, үй бүлөсү, балдары. Же алардын жашоосу да кино сыяктуусценарийлешкенби? Үстүңдө үйүң, астыңда машинаң, жумуш ордуң, калың капчыгыңжана банкта өздүк эсебиң бар болсо кандай жакшы. Кинодогу жашоону реалдуу кылууколдон неге келбесин деген принцибимден кайткан эмесмин. Сенде үй, машина,акча, жумушуң бар, бирок сен жалгызсын. Үйүң күлкүгө толуп турса курсагың да,көңүлүң да ток, ашыкча байлыктын кереги эмне, барыбир жалган дүйнөдө байлыгыңкалат. Заңгыраган үйдө, сүйлөсөн сөзүң жаңырып турса ушул бакытпы? Аял кишигебашкаруу деген сөз жарашпайт. Сенин ордуң коломтодо деген сөздөрдү угупэтибарга деле албаганмын.
Жаштайымдан карьера деп чоңойдумбу, өзүмдү жумуш ордундагы, ишкер айымдынобразында элестете берет экенмин. Өткөөл кезде өзүмдү контролдоп, кыялкечтигимден жазган жокмун. Келечектеги портретимди түзүп отура берчүмүн.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aikow92   25 Январь 2014 - 01:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Кыялкеч пери 15 жашта: Тагдырыңды танда же тандал


Курбуларым көңүл ачып, жигит жандап, айрымдары дүкөн кыдырып жүрүшкөндө, менмектепти бүтсөм, ЖОЖго барам, аны аяктап жумушка орношом, карьера жасайм,акча топтоп айылыбыздын жолун оңдойм, апама машина сатып берем деп кыялданыпбүтпөй койдум.


Бир жолу дос кызым менен кезигип калып, окууну бутсөң эмнекыласың деген суроомо: “Билбейм, ошол күн келе берсинчи анан көрөм, аны ойлонупэмне кыласын. Жүр андан көрө дүкөн кыдырабыз”- деген жооп алып: “Сен ушинтипотура берсең, сен үчүн башкалар тагдыр жазып коюшат. Өз тагдырыңды өзүң чеч.Антпесе мектепти бүтөөрүң менен алакачып кетсе, жашоо ушундай экен да депотуруп каласың. Күндө таң заардан эшик шыпырып, тамак жасап, кир жууп күнөткөрөсүң, анан төрөйсүң, бала карап же үй жумуштарыңа жетишпей эптепчоңойткучаң экинчиси төрөлөт, анан үчүнчүсү, төртүнчүсү. Аларды камсыздоокерек, кийинтип, тамагын берип, окутуу, баскан турганы акча. Эгер сен иштебесеңкүйөөңдүн тапканын жеткире албайсың. Эптеп күн өткөрүп пенсияга чыгып, ананпенсияны күтүп жашай бересин. Бул баарынын жашоодогу баскан жолу, жазыпкойгондой окшош. Ага өзгөртүү киргизиш керек. Өзгөртүү сенден көз каранды, иштеп,бирөөнүн көзүн карабагыдай болушуң керек!” деген монологумдан соң курбумдан:“Сен өтө эле кыялкечсин, жашоо башка. Дүкөнгө барасыңбы деги?” деген кыска жоопалдым.

“Жашоо кыялдануудан турат эмеспи. Жашоону башкача кылган өзүбүз. Сениноюңа кошулалбайм. Мен мектепти бүтүп Эл аралык мамилелер факултетине тапшырып,чет тилдерди окуп үйрөнөм. Кыргызстандын кызыкчылыгын чет өлкөдө коргогон адисболом. Дүйнөнү көргүм келет, акча иштеп таап Кыргыз айылдарын жөө кыдырыпчыгам”- деп карасам курбумдун жүзү дагы эле дүкөн кыдыралы дегенсип караптуруптур. Унчукпай “макул” дегенсип башымды ийкеп, дос кызымды жандап көзүмменен соода кылып келдим, курбум 2 кофта алып сүйүнүп калды.


Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 25 Январь 2014 - 01:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   aikow92   25 Январь 2014 - 01:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Кайран көздөр ачылгандагы учур чак


Курбу кыздарымдын баары эле үй бүлөбү же карьерабы деп тандап отурбай элетурмуш куруп, алды эки балалуу болуп тынч жашап жатканын көрүп тынчсызданганапамды деле түшүнөм. Ошентсе да ушул теманын алкагындагы үй бүлөлүкталаш- тартышыбыз менин 2-3 жолу көз жашым менен аяктады. Чоң энемдикине, тайэнемдикине барбайын ушул тема, ушул суроо.


Досторум да чын тамашага салып,качан күйөөгө кетесиң, жүрө бересиңби?-деп сөз ыргытып, бирөө: “ Ырас, окуп ушулжолду тандадыңбы эми иштеп үзүрүн көр”-дейт, экинчиси: “Үй бүлө күтүп, турмушкурганың оң.”Көчөгө чыксам дарактар да, дубалдар да ушул суроону берипжаткансып, эс алууга барганым курсун акыркы 10 күндө үйдөн чыкпай эле койдум. Айылдын сөзүнөн шааргакеткенде кутулат белем деген ойдо шаарга кеткенче шаштым.

Жашоодогумаксаттарымды, ага жетүүдөгү жолумду үй куруу менен салыштырып көрдүм. Үйдүн пайдубалынмектепте окуп жүргөндө куруптурмун. Ал эми дубал, терезе, эшиктерин ЖОЖдо курупжатамын го деп ойлодум. Чатыр жок үй кантип болсун, окууну аяктап жумушкаорношкон соң ийгилик жаратсам үйдүн чатырын жаап коём деп тыянак чыгардым.Чатыры жок үй кыштын суугуна, жайдын ысыгына туруштук бере албайт. Ушугачейинки эмгегимдин тепселенип- кулашын каалабайм. Бекем чатыр жаап, жылуу үйдөжашаганга эмне жетсин.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aikow92   25 Январь 2014 - 01:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Белгилүү маршрут карьера проспектисинде

Карьера проспектисине түшкөн айымдын маршруту, акыркы аялдамасы белгилүү болотокшойт. Ой күлүк болчу эле деп, мен да ушул жолду тандагандагы келечегимебардым: “Мектепти бүтүп, дипломат болом дегениме карабай уйдөгүлөрдүн чечимименен өз учурунда журналистика багыты боюнча билим алып, иштеп келе жатам.

Бүгүн маалымат агенттигинде бийликке нааразы болгон эл өкүлдөрүпресс- конференция беришти. Баягы эле бүтпөгөн проблемалары. Ал жактанчыгып, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына катыштым. Материалдарды редакцияга таштап,журналисттик иликтөөгө алган соттук процесстин күбөлөрү менен сүйлөшүүгөбардым. Үй бүлө куруп тынч жашап жатканда, күйөөсү достору менен кызуу келип,аялы жакшы кабыл албаганы үчүн сабап, сөөк-мээден жаракат алган келиндинтуугандары күйөөсүнүн атына арыз жазышып, иш сотко өткөрүлөн.


Кызык, аял күйөөсү бирин-бири жактырып турмуш курган соң ынтымактуу эле жашайберишпейби. Ал аялдын ордунда болсом, күйөөмдү алдап-соолап, көзүн карап эле жашамакмын. Кап, азыр ордум башка жерде. Коомдун көйгөйлөрү, аягы көрүнбөгөнчырлар, депутаттар, эл өкулдөрү – ушул менин ордум. Той-ашка барганда атымдыугар замат сыйлуу орун, көчөдө көргөндө жылуу учурашкан адамдардын арасы, элчогулуп кезек күтүп отурганда, кезексиз өтүү да менин ордум. Шаардын түштүкмикрорайонундагы көп кабаттуу үйдүн 4 кабатындагы 3 бөлмөлүү үй, мерседес600дүн рулу, банктагы VIP колдонуучулардын тизмесиндеги орун да меники.

Бул орундар менин бир канча жылдан берки эмгегим. Менде баары бар, бул кыскажашоодо ушул мага керек беле деп ойлоп калам кээде. Жашоодо баарын үйрөнүп, үй-бүлө түзгөндү үйрөнө албай койдум. Эжекелерим жолугушууга жиберип, курбуларыммени жигит менен тааныштырам деп канчалаган кызыксыз кинолорду көрүп,кинотеатрлап жүрүштү, апам келген жуучуну артка кайтарып… Анын күлгөнү, мунунсүйлөгөнү, тигинин басканы жакпады деп кылдан кынтык тапкан жанымды аягында өз жайына коюшту.

Бүгүн да жалгыз өзүмө тамак жасадым, тамактанып жаткандабөлмөдөгү жымжырттыктан корктумбу, айтор көзүмдөн жаш акканын байкабай калыптырмын. Телефондун шыңгыраганынан чочуп кеттим, алсам курбум экен: “Тунуулубуз 7 жашка чыгып мектепке барды, ортончубуз 5 жашта, ал бакчада, кенжебизкыз, ал “апа” “ата” деп сүйлөп калды. Кенжебиз басканына тушоо кесүү той берипжатабыз . Кел, күтөбүз”-дегенинен белек алуу үчүн дүкөнгө баш бактым.

Сатуучу кыз: “Келиңиз, өз балдарыңызгабы, кызга мындай, уул балага мындай”-десе, менин бүлөм жок, бала жытын жыттай элекмин деп айталган жокмун.
Жашоодо каалаганыма жеттим, бирок менин биринчи күнүм экинчи күнүмө окшош,жүрөгүмдүн соккону мүнөтүнө 63-65 жолу, жүзүм кайгырсам да, кубансам да биркалыпта, бөлмөдө радио же телевизордун үнү угулуп калбаса жымжырттык, жумасынабир жолу апамдан ал абалды сураган чалуу албасам, өзүмдү жумуш менен гана алаксытам”


Өкүнүчтүү… Тезинен бүгүнкү күнгө келиш керек.

Азыркы учурда мен эмнени каалайм ? –деп , кайра бул суроого сен мектеп учурунда жооп бергенсин дейм, кайра , анда каным денемди эки эсе тез ылдамдыкта айланчу , эми мен өзгөрүп , жашоодогу максаттарымды да өзгөртүшүм керек деп сүйлөп калам өзүмө.

Ооба, эми өзгөрөм, бул ыктыярдуу кадам эмес…Кыял-максаттардан баш тартуудан өткөн азап жок деп ойлоп жатып, англиялык жазуучу Жонсон Самуэльдин: “ Үй бүлөлүк турмушта кайгы капа көп болот, бирок үйбүлөсүз турмушта эч кандай кубаныч болбойт” деген сөзүн эстедим. Жакында тандоо жасайм…

Үй бүлө менен карьеранын бирөөсүн танда деген учур менен кезигем, тандоонун ортосунда турган күнүмдү көрүп турам.

Эки коёнду бирок менен атууга болобу? Аял киши үчүн эмне биринчи орунда турушу зарыл? Сөзсүзтүрдө тандаш керекпи? Эмне үчүн экөөсү чогуу алып кетүүгө мүмкүн эмес?


Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 25 Январь 2014 - 01:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   slastenka   25 Январь 2014 - 01:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 506
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 17 Авг 2020 21:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мусулмандар жашагАн ШаардА

Аял затты учун эн биринчи уй-було болуп саналат.Ошол уй-булонун фундаментин тузуп кетуу бул аял жана эркектен коз каранды. Карьера эч качан сизди бактылуу кыла албайт. Эртен сиз карып калсаныз сизди ким багат?эч ким сиз учун куйунбойт. Ошондуктан колдон келишине турмушка чыгып,суйуктуу жар,мээримдуу эне болгонго эмне жетсин. Аял киши учун мындан откон бакыт жок.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   meri6ka   25 Январь 2014 - 02:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 063
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 09 Янв 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город зеленого цвета...

жакшы жазылыптыр. ......



Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Vazir   25 Январь 2014 - 03:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Жазган чыгарманыз эн сонун, тушунуктуу жазылыптыр, кандай болгон чакта дагы сабак болчу экен.

Аял, эркек - оз табиятары менен гана бактылуу боло алышат. Биз канчалык акылдуу же кыйтыр , амалкой болбойлу жараткандын мыйзамынан чыга албайбыз, Анткени ал алысты, келечекти билуучу.
Эмне анчалык зарылбы иштеп корболгон, андан коро иштей турган адамга турмушка чыгып ошону башкарып олтура бербейсинерби деп айткан Мусулман акылмандары айткандарын коп уктум, чынында бул туура.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   aijan   25 Январь 2014 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Сонун жазылыптыр. Сиздикиби? Ой толгоонузбу же отмушунузбу? Жакты...

Бул "койгойлуу" тандоо ар бир кыздын башынан отсо керек. Тырмакча койгонумдун себеби, экоону тен кошо алып кетсе болот экен, болгону, карьера бир аз жай темпте онугот.

Уландысы болсо кутуп калабыз.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Nur_meerim   25 Январь 2014 - 19:48

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 12 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2016 13:04
  • Жынысы:Аялзаты

Карьера кутуп тура алат, ал эми жаштык, убакыт кутпойт. Андыктан, уй булоо куруп, балдарды тороп, чонойтуп, анан карьера жасай бериш керек. Ошондо деле жылмайчу ийгилик жылмая берет. Экоо тен бар болгону жакшы го.. Биз ким учун иштеп, ким учун байлык топтойбуз? Албетте, балдар учун! Демек, уй булоо куруш керек, андан сон карьера..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Begai_kg   25 Январь 2014 - 20:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

сонун соонун
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 12:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: