Бул теманы жазаардан мурда эскертип кетейин, бул чыгарма "кыргыз гезиттери"
сайтынан алынды. Жашообузда болуп жаткан турмуштук окуялардын бири. Балким тарбиялык мааниси болуп калаар. Кантсе дагы окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдомун.
Көңүл бургула, Москва сүйлөйт.
#2 25 January 2014 - 17:00
ңүл бургула, Москвадан сүйлөйбүз!
О, торбосу толбос турмуш! Бул баянды жазуу мага бир топ оор болду. Кантип баштарымды билбей, түркүн ойлорго жетелендим. Акыры бел байлап, алыста жашоонун агымында чабак уруп жүргөн кыргыздардын тагдырынан аз да болсо айтып берүүнү эп көрдүм.
Мектептен кийин Москвага окууга тапшырып, баллым жетпей Ташкенттен окугам. Канча бир жылдан кийин кайрылып Москва шаарына келем деген үч уктасам түшүмө кирген эмес. Ушу менен үчүнчү жолу келдим, бир азга деп коюп көпкө чейин отурукташканы калдым окшойт. Бирөөнүн үйүндө калган эки кичинекей баламды эстегенде түнү менен жөө чуркап кетким келет, бирок колумда бир тыйын жок, мойнунан байлаган иттей күн санап жүрөм. Кандайдыр бир үмүткө байлангансыйм. Учурунда үстүмдө үйүм, жанымда жакшы көргөн жолдошум, балдарым, иштеген ишим бар эле. Бактылуу элем. Анан кырсык басты. Бир жылдын ичинде жашоомду кара куюн каптап, баарын айдап кеткендей болду. Күйөөм чоң кырсыктан каза болгондон кийин, эки баламды жетелеп, айламды таппай калдым. Жаманчылык жалгыз келбейт экен, аз убакыт өткөн соң жашаган үйүбүздөн айрылдык. Айтор, баарын эстегенге жүрөк кургур чыдабайт… Орус аялдын үйүн батирге алып, эки баламды ээрчитип, жашоону улантып кала бердим. Өлбөстүн күнүн көрүп жүрдүк эле. Анан өкмөт алмашып кетти. Кадрлар шумдук алмашпадыбы. Эмне кылат элек, болгону "өз каалообуз" менен жумуштан бошоп, жакшынакаймаанайдаэкидипломду колтукка кысып чыга бердик. Жумуш издеп кайда гана барган жокмун. Айла кеткенде досумдун кеңеши менен бирөөгө телефон чалдырып, Москвага иш издеп жол тарттым. Деги дымагым күч… Ломоносов атындагы университетте "Аскар Акаев иштейт" дегенди уккам, ошол жакка бардым. Күлкү болгонумду айтпа, "президентиңерби, мугалим бекен?" дешип каткырышат. Өзүмдү жемеледим, агайга учурашып, жардам сурайын деген үмүткө жетеленгем да… Чогуу жашагандар "гезит карасаң, жумуш табылат" деп коюшту. Айткандай эле жумуш табылды, дарегин айтышты. Метродон метрого түшүп атып таапбардым. Келишим түздүк, кассасына 900 рубль төлөп, "бул менин акыркы акчам, алдабайсыңарбы" дедим. "Биз андай эмеспиз, келишимдин негизинде жумуш жакпай калса, акчаңызды кайрып беребиз. Эртең саат 9дан калбай келип калыңыз" дешти. Кубанып калдым. Чоң мекеме экен, барсам, чын эле бир киши күтүп туруптур. Ал "бизге сиздей адистер керек, болгону документтериңизди, анан 100 доллар апкеле калыңыз" деди. Кудай бар го, ошол күнү 100 доллар тапсам бармакмын. Эртеси барсам, ал киши жок, келишим түзгөн фирманын телефонун да албаптырмын, айтор алданып кала бердим. Үшкүрүнө тагдырыма таарынып, кайра жумуш издеп жөнөдүм. Типографияда жумуш бар дегенинен аякка бардым. Автобуска түшөрдө айдоочудан "Касаткинага барабы" деп жакшы эле сурагам. Жарым сааттайөттү, жолду катар эки жолу такып жибердим. Жини келип кеттиби, "жеткенде айтам да" деп ороңдоп койду. "Королев шаарчасы" дегенди көргөндөн кийин, "мен сизден адамча сурандым эле го, акмак экенсиз" деп ызаланып, түшүп калдым. Жашымды аарчып, Москвага кетчү жолго чыгып, бир саат автобус күттүм. Ошондогу күндүн суугу, сөөгүңөн өтөт.Орустуугандарга таарынганымды алиге чейин унуталбайм. … Типографияны таап, цехтин эшигин ачып кирип, уялганыман жерге кирип кете жаздадым. 30дай жалаң кыргыз кыз-балдар отурушат. Тигилердин катарынан орун алып, иштей баштадым. Түнү менен конверт жасап, иштерман кыргыздын санын дагы бирге көбөйттүм. Үйгө жеткиче бир жарым саат, карайлап, көзүм жабышып, араң барам, 3-4 саат уктап алып кайра жумушка жөнөмөй. Жашаган жерибиз бир укмуш. Бизден мурун келип, акча таап калган кыргыздын бири 950-1000 доллар төлөп ижарага квартира алат, кайра мага окшогон 20-30 адамга ар бир керебетке 100-120 доллар алып баш калкалатат. Ортодон 1000 доллар пайда көрөт, бул Москвада бизнестин бир түрү. Ар түркүн адамдар жашайбыз, кээде аттарыбызды деле билбейбиз, кээси менен көрүшпөйбүз. Москвада бүт союздун кишилери бар, түркмөн туугандарды гана кезиктиргеним жок. Алардын же жашоосу жакшы, же эч жакка чыгалышпайт го деген ойдо калдым. Казак туугандар да бар, бирок алар көбүнчө офистерде иштешет. Каражумушта ишетегендер жалаң биздикилер - "каралар" . Ар биринин өмүр баяны бар, бириникине бооруң эзилгиче күлсөң, бирөөнүкүнө зээниң кейип ыйлайсың. Бизди "черный" , же "чурки" деп шылдыңдашат. Эркек балдарды көчөдөн сабап, кечке иштеп тапкандарын милициясы баш болуп тартып алат. Кыргыздардын 90%ы түштүктөн, көбүнчөсү Кадамжай, Баткен, Ташкөмүрдөн. Көбү орусча билишпейт, бирок моюн бербей эмне жумуш болсо да иштеп кетишет. Кээде баланча кыргызды өлтүрүп кетиптир деп угуп калабыз, чынбы, калппы, билбейм. Типографияда кечки 8ден эртең мененки 8ге чейин иштейбиз, колубуз менен бирге оозубуз да жөн турбайт. Сөз саясаттан башталып кошунанын огородуна чейин жетет. Кээде кадимкидей талашып-тартышып да кетебиз. Неси болсо да А.Акаевге ыракмат, жок дегенде Россия менен Кыргызстандын ортосуна эки тараптуу паспорт алганга жол ачып коюптур. Башкалардынмындайукугу жок. Бакиев аксакалды деле кээде телевизордон көрөбүз, өңүнө кирип, жакшынакай болуп калыптыр деп кубанып калабыз… Деги кыргыз кантип өнүгөт билбейм, ишенесизби, ушул Москвада жүрүп да бири-бирибизге жумуш ордун сатабыз. Уят, бирок чындык. Пол жууган же шыпырган көчөсүн кадимкидей соодалашып, 100 долларга сатып алганын көрүп, башымды чайкагам. Атасы жетим калтырганы азкелгенсип, энесинен да тирүүлөй ажыраган балдарымды ойлогондо чыдай албай буркурап-боздоп ыйлап жиберем, чогуу жашагандар кошо ыйлашат. Өзбек балабыз бар, "апажан, ыйлабаңыз, Москва сиздин көз жашыңызга ишенбейт, андан көрө нервиңизди сактаңыз" деп калат. Аныкы да туура. Ошентип типографиядан тапкан акчам эч нерсеге жетпей жүргөндө бирөө жумуш таап бермек болду. Еврейдин дүкөнү экен, 100 доллар бермей болдум. Бардым. Айткан адам бир жакка чыгып кеткен экен, күтүүгө туура келди. Ал жерде да кыргыздар бар экен, сүйлөшө кеттик. Бардыгын тээтиги киши чечет деп, бир кишини көрсөтүштү. Учурашып, келген жайымды айтсам, "эртең документтериңди алып кел, бир отделди берейин" деди. "Акчаны сизге беремби" десем, "кайсы акча" дейт. Көрдүңүзбү, алиги кыкең ортодон пайда тапкысы келгенин. Ошентип сатуучу болуп иштеп калдым. Товар алам, алуучуларды тейлейм. Ал го ал, дүкөндө колбаса көп болгондуктан сасып кетет. Муздак сууга жууп, кургатып, майлап, кайра сатмай. Бирөөсүн уулантып аламбы деп, менде жан жок. Кожоюнубуз кебелбейт, сатыш керек деп. 45 күн тынбай иштедим, айлыкты отделди өткөргөндөн кийин аласың деп койду. Отчет берип, жыйынтыгын күтүп отурсам 108 миң сом жетпей калды десе болобу. Отура калып боздоп жибердим. Кантип, бир эмес, эки камера карап турса десем, таап кел деп отчетту ыргытып ийип кетип калды. Үч күнү-түнү отуруп эсептеп, 90 миңин таап көтөрүп бардым. Кантип таптың деп аябай таң калды. "Ушинтип, бир товарды 2-3 жолу киргизе берсеңиз чыгат да" деп экөөбүз айтыша кеттик."Табылганы жакшы болуптур, отделди өткөрүп алып иште, акчаңды ошондо аласың" деп дагы күйгүздү. Алалбасыма көзүм жетти. Бир жума иштеп, жарым айлыгымды алдым да калганын силерге бердим деп араң кутулдум. Азыркыга чейин телефон чалып калат, жумуш бар деп. Сиз барат белеңиз?.. Түркүн тагдыр бар. Бир документ алайын деп элчиликке барсам, жаңы төрөлгөн баласын көтөрүп, 5-6 жашар баласын ээрчиткен келинге жолугуп калдым. "Айланайындар, жардам бергиле, ачкамын, балдарым да ачка, күйөөм башка аял алып кетти, үйгө кетейин десем тыйыным жок, балдарымдын документтери да жок" деп ыйлайт. Болгон акчамды колуна карматып, "оо, кудай, кайда баратабыз" деп капа болдум. "Толгоом айына жетпей, метронун ичинде башталды. Ошол жерде иштегендер тез жардам чакырышып, эптеп төрөт үйүнө жетпедимби. Дагы чогуу жашагандарга ыракмат, ороо-чулгоосун алып келип, чыгарып кетишти. Эми жолума акча бергиле деп кантип айтам. Элчиликте жардам берет дегенинен келгем, жардам эмес, ичине киралбай койдум. Ушул тургандар100- 200дөнберип атышып,8000миң рубль топтодум, документ алсам эле кетем" дейт. Ар биринин өмүр баяны бар. 18ге чыгалек кыз "атам кетип калган, бөбөктөрүм кичине, апам иштебейт. Мен эптеп тапкан акчамды жөнөтүп,багып атам"деп кыңырылса, бири күйөөсүн көңүлдөшү менен кармап алып, таарынганынан балдарына да кайыл болуп, Москвага жүрө берген. "Кичинекейим эки жашта болчу, сүйлөп калыптыр, мени сурабайт экен" деп көзүнө жаш алат. Эжекебиз бар, 50дөн өтүп калган. "Москвага мен ойнойун, өзүм үчүнжашайындеп келгем. Менде баары бар, акча жетиштүү" деп жаш жигиттердиколтуктайт. Бир азаматыбызбар, келгенжаңы кыргыздарды документтерди тууралап берем деп акчасын алып, кийинип-ичинип, кыздарга барып, куйругун түйүп кеткен. Көптөр алданыптыр, издеп келишет, билбейбиз деп тим болобуз.

#3 25 January 2014 - 17:02
Көп кыздар жеңил ойлуу, күйөөсү барлар деле бар арабызда. Телефондон "мен эмне, ойноп жүрөмбү, балдарды жакшылап карап атасыңбы, акча жөнөтүп атам го, сенин жаныңа барганда эшек такалайымбы,
такалаганга эшегиңдажок"
деп алкынып-жулкунуп,
тажик-өзбек туугандарды ээрчип көңүл ачышат. Казань вокзалына барсаң, кыргыз балдар ичип алышып, баягыдай эле урушуп-мушташып атканына күбө болосуң. Арабызда врач, инженер, экономист, бухгалтерлер толтура, айла жок бул жакта көчө шыпырып, пол же идиш жууп жүрүшөт.Таңкы 5тен9гачейинбир жумуш, 9дан 6га чейин бөлөк жумуш, 7ден түнкү 11ге чейин башка жумушта иштеп, бутумду тарталбай жыгылам. Эртеси баягыны улантмай. Бош боло калсак кыялданабыз.
Аян деген жигитибиз бар эле, аны үйлөнттүк. Мечиттен Русландеген кыргыз жигитти чакырып, кадимкидей нике кыйдырып. Зарина деген жакшынакай кызды келин кылып алдык. Эки таежеси бар эле, жоолугун салып, боорсогун жасашып, ырым-жырымын кылышты. Быякта минтип кыйналып атабыз, Кыргызстанга барсак оңолобуз деп ким кепилдик бералат? Кээдеойлоп кетем, эптеп орус туугандардын этегине эрмешип, жакасына жармашып оокатты ушул жерде эле кылсамбы деп. Өткөн каникулда балдарымды апкелсем, "апа, сен иштей бер, биз Кыргызстанга эле кетеличи"
дейт… Эх, жашоо, кайда барып токтолор экенбиз. Кичинекей ымыркай сатылса, өлгөндүн сөөгү сатылса, кыздарыбыз,
уулдарыбызсатылса,
арбир үйдө айланган карыз, өкмөт карыз, кыргыз жер кезип тентип жүрөт… Балдарыма боорум ооруйт. Кандайтагдыргатушкелди.
Үмүтсүз шайтан дейт. Биздин көчөгө да майрам келер… Келбесечи?..
Жылдыз МУРАТОВА, Москва шаары, 8-ноябрь, 2007-жыл

#4 25 January 2014 - 18:42
ээх бир боорум КЫРГЫЗ
оруся деп каанчалаган кыргыз жабыр тартты, а каанчасы озубуздун эле кыргыздарды жабыр тарттырды. ушундай маанисиз окуялардын баарына Окумот кунолуу албетте!
Бирөөнүн элинде Султан болгуча, өз элиңде ултан бол!
#7 26 January 2014 - 04:33
2007-жылкы окуялар баяндалыптыр.
Андан бери айлар , жылдар отту. Бирок мамлекет онукподу. Дагы эле орустун жеринде тентип журобуз. Айла канча. Кыргызстанда эмне иш кылмак элек. Орустарга жаман корунуп, жумушта кысынып оз тилинде суйлой албай калганда, бизди томон назар менен караганда заманан тарып кетет. Айтыша кетесин. Мин айтыш, уруш баарыбир алар туура болуп чыга келет. Деги кандай келечек кутуп турат экен бизди?
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#8 27 January 2014 - 02:06
2007-жылкы окуялар чагылдырыптыр,
андан бери дагы канча тагдырлар талкаланды,
канча жандар бутка туруп онолду,канча мекендештин соогу жонотулду,бирок бул нерсенин аягы,тубу корунбойт!
((
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 27 January 2014 - 04:27
Москвада уйлонуп же жубайлары менен келип иштеп бактылуу болуп кеткендер ото аз ото ...
Корбойт билбейт деп эле каалаганын кылып жатышат...

#10 02 February 2014 - 04:17
Да аябай аянычтуу тагдырлар кыргызымдын бешенеси шор беле,же шым кийип эркекмин деп ата журттун жүгүн аркалайм деп ант берип аткара албаган лохтордун айынан болуп жатат баары!
#11 27 February 2014 - 16:25
Азыркы убакта деги эле бардык адамдардын кайдыгер, таш боор, ыймансыз болуп бара жаткандыгы окундурот. Жараткандан адамдардын журогуно ыйман беруусун тилегенден башка аргабыз калбады окшойт. Эх жашоо, жашоо...
#12 27 February 2014 - 18:21
Орустарго мейли, озубуздун кыргыздардын пейили бузулганы зээнинди кейитет.
#13 24 November 2016 - 23:09
Ар биринин аянычтуу тагдырлары жазылыптыр((.
Андан бери арадан 9 жыл отуптур. Бирок КР эчтеке озгорбоду.
Россия жергесине кундон кунго агылып эле келип жатышат. Кээбироо Россиянын жарандыгын алып, бир топ отурукташып калгандары да бар. Качан биротоло кайтасынар деген суроого тайсалдап жооп бере алышбайт. "КР барсак кантип оокат кылабыз, келечегибизди элестете албайбыз" дегендери жок эмес.
Канчалаган кыргыз апа-эже, карындаш, ага-инилер журушот. Баарында озуно жараша койгойлору бар.
Жашоо шартыбызды ондойлу, уй-жай кылалы, бала-чака бой жетти, окутушубуз керек десе, дагы бироо ата-энеме жардамдашайын, озумду озум каржылайын, уй-жай, машине алайын деген жарандар толтура. Ошондой эле кор тирилик деп кредит алып, аны КРде толошуно козу жетбей жаны мектепти аяктаган уул кыздарын жибергендер да жок эмес. Балдарын айтып, сагынып, куса болгон эжелердин жанында отуралбайсын, кучун кээбироо ый мн чыгарып салат.Мейли журоктун тупкурундогу умуттор, тилек ой-максаттарды ишке ашыралы деп, ден-соолугуна карабай ар кандай жайларда иштеп жургон кыргыздар. Кээбироонун аянычтуу тагдыры ойлондурса, дагы бироонуку кубандырат. ......
Кыргыз элим, дегеле жалпы жердештер, кайсы жерде болсок да аман-эсен, тынчтыкта, ден-соолукта болойлучу.(((

Супер-Инфо
super.kg
видео