Максатка карай жол... Мен ким элем, учурда киммин, келечекте ким болом...
#21 25 Январь 2014 - 21:29
#22 25 Январь 2014 - 21:40

#24 26 Январь 2014 - 01:25
Окуудан чыгып батирге жок дегенде 2 саат уктап алсам экен деп барам. Уйкуну 12 саттык жумушка алмаштырган адам робот, зомби же психикалык жактан оорулуу болуп калат сыяктуу.
Мен универсал адамга айландым. Ар бир секунда баалуу, баарын өз убагында жасап,ар бир ишти так аткарган робот. Көчөдө жүргөндө бутум басып баратканы менен денемди сезбейм, көзү ачык бойдон уктаган зомби болом. Уйкуга зарыккан күндөрдө сиркеси суу көтөрбөгөн урушчаак кызмын.
Курбум менен тамактанып отурганда “Эртеңэс алам” деп мактанып алдым. Ал кош бойлуу болгондуктан студенттик поликлиникага анализ тапшыруусу керектигин айтты. “Кезекке туруп күтүү керек экен. Бир нече анализ тапшырам. Мен бир жерден кезек алганда сен экинчи жерге туруп турсаң жакшы болмок. Эртең менен саат 07.30га келе аласыңбы?” деди.
Макул болуп, эрте менен150 маршруткага отуруп 200 сом бердим. Кайтарым пул (сдача) жоктугун айтса, эртең менен жок болушу мүмкүн деп ойлоп калдым. 5 аялдама өтүп Жибек Жолу менен Совет көчөлөрүнө келгенде сурап “бердим” деген жооп алдым. Улам жүргүнчүлөр чыгып атып артка өтүп калган экен, айдоочунун жообун укканда каңырыгым түтөп дароо учуп алдына өттүм.
Өзүмдү колго ала албай калдым бейм алгач кайтарым пулду берүүсүн сурандым. Берген жок. Сунуштадым. Берген жок. Талап кылдым. Жок. Ачуум келипбуйрук бердим. ( ал 30-35 жаштарда болчу).
-Сен менин араң тапкан бир күндүк нанымды алганы жатасың. Карап турбайт белең, кайра-кайра берген акмак белем – деп кыйкырып салды.
-Сиз менин нанымды алган жоксузбу? Мен уйкудан калып тапкан акчам эсептелбейби? Асмандан акча жаап аткансып айтпай бериңиз – деп көзүм чыгып кетчүдөй бийик үн менен сүйлөп жаттым.
Өзүм менен кошо маршруткадагы бардык элдин маанайын өлтүрдүм. Манас проспектисине жеткенде акчамды колума карматып “экинчи 150 маршруткага чыкпагын, түш бат!”деп кыйкырып салды.
Жөн турбай “шаарда сенден башка машине кур калгансып айттыңго. Акыркы жолу түшкөнүм ушул болсун” деп эшикти тарс жаптым.
Бир ыйлагым келсебир күлкүм келип поликлиникага жөө келдим. Курбума айтсам, ал мындай учурга кабылганын айтып таң калган жок. Азыр маршруткага чыкканда кайтарымсыз берүүгө,эмоциямды контролдогонго аракет кылам. Андан кийин 150 маршруткага чыгып эле жүрдүм. Бирок уялып (айдоочунун таанып калгандыктан) байкап чыгам.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 26 Январь 2014 - 01:30
#26 26 Январь 2014 - 01:55
#27 26 Январь 2014 - 05:05
#28 26 Январь 2014 - 08:40
#30 26 Январь 2014 - 13:01
#31 26 Январь 2014 - 13:05
#32 26 Январь 2014 - 23:17
Эл кыдырып жер көргөндү, жаңы адамдар менен таанышканды жакшы көрөм. Мурда Кыргызстандын ар бир айылын жөө басып, элин көрүп, сүйлөшүп чыгам деген кыялымдын бир бөлүгү орундалды. Бардык айылга барбасам да ар бир облуска барып келүүгө жетиштим.
2-курста окуп жатканда группалаштар чогулуп Буранага бармай болдук. Кыздар тамак-ашты балдар машине дайындап Токмокко бардык. Алгач айланага суктанып, сүрөткө түшмөй процесси башталды. Тамактанган соң бир нече топко бөлүнүп ойнодук, ырдадык,бийледик. Бизден башка эс алганы келгендер да көп экен, алар менен кошо көңүлдүү отурдук.
Негизи жалгыз басканды жакшы көрөм. Шаарда да өзүм басып жүрө берем. Курбуларым таң калып, сейилдемек түгүл дүкөнгө чыкса да бирөө менен чыгышат. Бурана тоо этегинде болгондуктан алыс эмес жердеги айылды аралап келүүнү чечтим. Бир чоң эненин баштык көтөрүп бара жатканын көрүп, жардам берейин деп колундагысын алдым.
Эки небереси менен Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашарын айтты. Баласы каза болгондон кийин келини Орусияга иштегени кетиптир. Чоң эне:
-Токмокко сиңдиме келдим. Силерге окшоп ойнодук, иштедик. Жаш кезде ойноп күлүп алыш керек. Эми улгайганда түйүнчөктү көтөргөнгө ал жок болуп калат экен.
-Балаңыз менен келсеңиз сизге жардам бермек экен – дедим.
-Неберем көр оокаттын айынан канча жылдан бери курулушта иштеп келет. Кичинеси балдар менен ойноп калды.
Жакын эле жерге бардык, бирок жай басканыбыздан улам көпкө сүйлөштүк. Чоң эне:
-Ай кызым, бойго жеткен кыз экенсиң. Неберемди үйлөнтсөмбү деп аткам. Кайсыл жерден болосуң? –деп сурап калды.
-Ош тараптан болом. Шаарда окуйм. 2-курсту бүтүп жатам.
-Каап, түндүктөн болгонуңда келин кылып алмакмын – деп кобурап алды. Жылмайып койдум да үйгө жеттик.“Кызым бактылуу бол!” деп колума 4 кургатылган өрүктү карматты. Кудуңдап как өрүктү кармап Буранага жөнөп кеттим.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 26 Январь 2014 - 23:43
#33 27 Январь 2014 - 02:46
Коомдук- саясий иштер менен алектенген чөйрөдө иштеп калдым. Жашоомдогу баа жеткис тажрыйбаларды да ошондо алгам. Бул жолу жумуш сапарыбыз Нарындын Жумгал районуна белгиленди. Ал жактагы четки айылдардын биринде таза суу маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири экен. Айыл тоо этегинде болгондуктан башында дээрлик эл көргөн жокмун. Бул жакты карайм жок, тигил жакты карайм жок. Алгач айылдагы мектепке барып таза суу боюнча окуучулар менен сүйлөшмөй болдук. Биз менен 15чакты адам барган. Ар ким өз ишин билет. Мектепке бат эле эл толуп калды. Окуучулар менен сүйлөшүп нукура кыргыз тилинде сүйлөгөнүнө аябай таң калдым.
Шаарга келип Нарын боюнча отчет жазышым керек. Бир тараптуу болуп калбасын деп тургундар менен сүйлөшүү үчүн 200 метр алыстыктагы үйгө карай бастым. Айланасы бийиктиги 1 метр зым менен курчалган экен ашып өттүм. Короого кирдим. Эч ким жок. “Эжеке” десем эле үйдүн алдында турган сары ит башын көтөрдү.
Мындай учурда коркуп кыйкырыш керек эле деп ойлонуп атсам ит мага карап чуркап келе жатыптыр. 1 секунданын ичинде мээме “коргон”, “кач”, “чурка”, “азыр сени тытып салат” деген сигналдар келип бутум учу жерге тийбей чуркап жөнөдүм. Үйдү эки айлангандан кийин дарбазаны түртсөм ачык экен чыгып кеттим.
Шок болуп туруп калсам аркы үйдөн карыя менен кемпир небересин жетелеп чыга келишти эле сүйүнүп алдым. Алар менен сүйлөшүп отурсам бизге бир мас киши келип кошулду. Суу жоктугун, жерге эгин айдашпаганын айтты. Ичкенге суу жок болуп жатса кайдагы эгин дешет.
Кийинчерээк бир абышка ат менен келип калганын көрүп сүйүнүп кеттим. Ат мингенди жакшы көрөрүмдү айтым сүрөткө түшүп алайын десем
-Кызым, жаңы эле колго үйрөнө баштады. Сенден үрксө чаптырып алып кетип калат.
-Макул, анда жанында туруп сүрөткө түшүп алайын – деп көндүрдүм. Мас киши:
-Мен да шаардан келген карындашым менен сүрөткө түшсөм болобу – деген бойдон жаныма келип туруп алса текеберленбейин деп унчуккан деле жокмун. Жакындап белимден кучактап колу өйдөгө жылып баратат. Нервим чыңалып кетип колуна чаап салдым. Урушуп сүрөткө да түшпөйм деп жулкунуп кетип жатсам чоң ата мас адамды билесиң го,түшүнүп кой деп жоошутту. Шаарга кайтканда жолдон саамал ичип, кымыздык жеп Нарынды көрүп келдим.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 27 Январь 2014 - 02:57
#35 31 Январь 2014 - 14:04
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#36 31 Январь 2014 - 14:52

Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#37 31 Январь 2014 - 16:49
- “Төрөлө элек баланын арманы” – кызык, буга чейин сүйүүсүнө жетпей калгандын арманы, жетимдин арманы дегендерди укчумун, төрөлө элек баланын да арманы болобу- деп досумду таңдана карадым.
- Көрсө бар экен. Ушул видеону жүктөгөндөн бери жеңил ойлуу кыздарды көргүм келбей калды.
- Ии анчалык эле, берчи мен да көрөйүн сени өзгөрткөн видеону – деп эне курсагындагы түйүлдүктүн арманын көрүп чыктым. Аябай таасирлендимби, ыйлагандан көзүм кызарып отуруп калдым. Анда:
“ 2008 жыл 16-февраль.Бүгүн мен пайда болдум, бирок апам али биле элек. Эми апакемдин жүрөгүнүнүн астында жашаймын. Мен жөнундө укканда аябай сүйүнсө керек.
28-февраль, жаңы эле апам мен жөнундө билди, ал абдан бактылуу, сүйүнүп жатат, мен жалгызым апакемди аябай жакшы көрөм.
Бүгүн 21-март, менин жүрөгүм сого баштады. Апам экөөбүздүн жүрөгүбүздүн согушу бир ритмде. Манжаларым да пайда болсо, чоңойгондо ушул колдорум менен апамды көтөрүп жүрөм. Апам мени кыз болсо керек деп ойлоп жатат, мен алардын тун уулу болом. Жакында атам менен да таанышам, мени укканда аябай сүйүнөт болуш керек.
Кечээ атамдын алдына барып келдик. Менин 8 жумалык экенимди апам суйүнчүлөдү. Эмнегедир кайра үйгө келгенден бери апакем ыйлап, анын көз жашына чөгүп кете жаздадым. Апаке ыйлабачы, мен сени кийин жакшы карайм, ыйлатпайм.
Менин пайда болгонума бүгүн туура 9 жума болду. Апакемдин жүрөгүн угуп уктап жатып, бул жерге келгенибизди байкабай калыптырмын. Ак халатчандар жүрөт, суук да окшойт, апамды муздак тер басып кетти, мен да үшүп кеттим. Апа неге ыйлайсын, сени ким капа кылып жатат. Апакем менин! Апа мага муздак нерсе жакындап келе жатат. Улам жакындаган сайын үшүп баратам. Ал аябай муздак экен. Апа , ал менин колумду кесип жатат... Апа ал менин буттарымды да кести...Жүрөгүмдүн сокконун укпай жатасыңбы апаке? Мени куткарчы, жардамыңа муктажмын. Жардам берчи апаке, мени кескилеп жатат, денем ооруп кетти...апа.а. а...Мына мени бүгүн өлтүрүштү”.
Демейде көргөн нерсемди 2-3 жолу кайталап көрчүмүн. Бул жолу кайра көрүүгө алым жеткен жок. Видеону өчүрүп салсам эле мындай көрүнүштөр жоголуп кетчүдөй сезилди, бирок андай болушу мүмкүн эмес эле. “ Баланын билеги ооруса эненин жүрөгу ооруйт” деген сөз чындыкка жакындабай калды го. Неге өз баласын кескилөөгө жол берди деп ичимден суроолорго жооп таба албай уйгу –туйгу болуп жаттым. “Апа” деген ыйык сөздү чириткендердин кара жерди тепсеп жүргөнүнө ыза болдум.
Апа жөнүндө көп окуганмын, ыр жазганмын, калемди колума кармагандан тартып, апам, атам жана мен деп сүрөт тартып, апамдын майрамы деп 8-мартка казадардан гүл жасап, белек бергеним дале эсимде. Сиңдиме кайсы бир журналдан наристенин эне курсагында жатып Жараткан менен баардлашканын окуп бергенимден баштап, “апам менин периштем” деп айтып жүргөнүн көрүп ичимден сүйүнүп алам. Менин периштем дүйнөнүн ары мээримдүү, ары сулуу, ары боорукер, сабырдуу, күчтүү асылзаты.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 31 Январь 2014 - 16:54
#39 05 Февраль 2014 - 17:46

#40 05 Февраль 2014 - 18:14