КАНИЕТ ЫРЫ!
Жашагым жок менин борбор калаада.<
br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Үй салсам дейм, булак чыккан талаага. <br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Ал үйүмдү толтургум жок буйумга.<
br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Толтурсам дейм, этек толгон балага. <br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;"><br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Илгим келбейт килем, парда, гүл-чырак.
Болсо болду бакыт, ырыс, ынтымак.
Илгим келет балдарымдын көйнөгүн.
Мына ушул менин бакыт-өрнөгүм.
Бала деген жараткандан асыл белек.
Ата-энеге чексиз сүйүнч, бакыт берет.
Короо толгон балдарыма сыймыктанып.
Мен жашоодо " Баатыр эне " болгум келет
МЕН БҮГҮН...
Мен бүгүн, өпкөм толуп ыйлап турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Муунтуп,
жүрөгүмдү кыйнап турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мерез бул " ТАГДЫР " - деген боору ташка,<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Миң түркүн капалыгым жыйнап турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;"><br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мен бүгүн, айга окшоп жалгыз турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мерт кетпей, алдан тайып, алсыз турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мени эй, бирадарлар талкуулаба!
<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Мен ушул турпатымдан арсыз турам.<br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">
Мен бүгүн кайгыга мас, толуп турам.
Менби?
Мен!
Сагынычтан ооруп турам!
Муңканып, жүрөктөгү дартым менен.
Мүрөксүз жоогазындай соолуп турам.
Каректеги жаш китебимден.
МАКУЛМУН!
Эч түбүнө жетпей келем акылдын.
Эч ойдо жок, жолугууга чакырдың.
Түбөлүккө колум сурап келипсиң,
Менин жообум:
" - Жар болууга макулмун!
"
Нике шакек тагып менин колума.
Уруксатым алдың түгөй болуума.
Каалоо айтып, бакытымды тең бөлүп,
Күбө болуп кеткиле ээ тоюма?
Чексиз, чекчиз бактылуумун бүгүн мен,
Жеттим мына тилек кылган оюма!
БАЛАМА...
Алдей айтып, эң алгач эмизгеним.
Өз колумдан тамагың жегизгеним,
Алгач мени " апа " - деп айтканыңда,
Телегейим чынында тегиз дедим.
Тун баламды эң алгач тапканымда!
Кадам койуп, эң алгач басканыңда.
Мен өзүмдү бактылуу эне дедим,
Жыйган үйүм, талкалап чачканыңда.
Кудай берип, мени сага белекке.
Сен төрөлүп, үйгө толду береке.
Аманатым, эл уулу бол чоңойуп,
Мекен үчүн жарап тургун керекке.
Арча бешик болуп сенин төшөгүң.
Алдыңа мен бүт байлыгым төшөдүм.
Айланайын балам кокус оорусаң,
Аңтарылат күйүп ичтен өзөгүм.
Кел, олтурчу айтайын бир акылды.
Дилиң таза болсун уулум, макулбу?
Калыс болсун ар бир ишиң адалдуу,
Кемсинтпегин кедейсиң деп, жакырды.
Ишеничим акта балам, актагын.
Апакеңдин өтүнүчү акыр бу...
БАШКАЧА МУҢ!
Оорутуп, таза дилим байкабастан.
Омкоруп, жаратымды кайра баштан.
Мен бүгүн бир адамга капа болдум,
Муңайып, көзүмө жаш байлабастан.
Көптөрдүн катарындай көрүп мени.
Көңүлгө түз келбесе бөлүп мени,
Таарынтып алды мени өзү билбей,
Татына жүзүн ачык төгүп эми.
Мен бөлөк, башкалардан башкачамын.
Мен кетем, кайрылбастан артка жаным.
Айоосуз назик жаным ыйлап турат,
Аттигиң, бул жолкусу башкача муң!
СЕНДЕЙ ЖАН!
Болуп мендик сезимимде жактыруу.
Кыйын тура жүрөккө сыр баткыруу.
Сендей жанга түгөй болгон ошол жан.
Бул жашоодо кандай гана бактылуу.
Аруулугуң жүрөгүмдү ээлеген.
Куса болом элесиңе кээде мен.
Дили таза сендей жанга жар болуу,
Бактылуу жан, сага башын жөлөгөн.
Эрдигиң бар, башкалардан башкача.
Эх, ашыгым, сендик сезим башкада.
Мен өзүңдү сырттан сүйүп жүрөйүн,
Мейли мендик сүйүүм жоопсуз калса да.
АВТОР:
Уулкан АМРАЕВА.
Уулкандан ыр белек!
#1 24 January 2014 - 23:17
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#4 25 January 2014 - 01:06
Эжеке сизге сунуш. Адабият жана поэзия болумундогу ырларынызды топтоп, баарын бир темага жазынызчы? Мага окшогон поэзияга жакын адамдар туруктуу бир темадан окуп турушат. Чынында керемет саптар. Калеминиз эч качан мокобосун!
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
#5 25 January 2014 - 10:12
Уулкан Амираеванын "Каректеги жаш" аттуу китебин алып окугам. Сонун ырлар бар, Россияда жүрүп уулун, апасын сагынган ырларды окуп ыйлагам. Чыгармачылыгыңызга ийгилик! Дагы жаңы ырларды күтөбүз.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#6 25 January 2014 - 10:29
Керемет ыр саптар. Ушундай таланттуу адамдарга аябай суктанам. Талантынарга таазим!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#7 25 January 2014 - 16:30
Уулкан Амираеванын "Каректеги жаш" аттуу китебин алып окугам. Сонун ырлар бар, Россияда жүрүп уулун, апасын сагынган ырларды окуп ыйлагам. Чыгармачылыгыңызга ийгилик! Дагы жаңы ырларды күтөбүз.
Ошол китепти кайдан тапсам болот?
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
#8 25 January 2014 - 16:34
Керемет ыр саптары. Калемиңиз курчуй берсин, өнөр ээси!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#10 25 January 2014 - 17:51
Керемет ыр саптар! Автор талантыңызга таазим,мааниси терең экен ыр саптарыңыздын.
Калемиңиз курчуй берсин! Дагы жаңы ыр саптарын күтөбүз!
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#12 25 January 2014 - 23:49
Калеминиз курчуй берсин!"
Мен бугун"-деген ырыныз мен учун эле жазылгандай экен.Дагы ырларыныздан жазып турунуз.
#13 26 January 2014 - 00:03
Oi soonun chygarmalar eken.beriluu menen gana okudumgo jakshy jazylyptyr
#14 26 January 2014 - 16:34
Чооң рахмат. Селердин колдооңор мага дагы-да дем-күч, кубат берет. Буйруса дагы жаңы ырларды жаратам, албетте сиздер менен бөлүшөм. Бул жакты анча түшүнө бербейм да, анан кээде эле кирем. Ырларымдын көпчүлүгү Одноклассники жана Фейсбуктан окусаңыздар болот. Жакшы пикирлер үчүн кубанычтамын.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#15 26 January 2014 - 16:54
Журоко жеткен ыр экен. Канчалык терен мааниге ээ ыр экен э бул ырдан коп сабак алса болчудай

Супер-Инфо
super.kg
видео





















