Сүйүү, сүйүү... Атың сенин керемет.<
br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Айтчы сүйүү, сага кимдер теңелет?<
br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Сени менен дос болууга жүгүнсөм,<
br style="color: rgb(55, 64, 78); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 18px;">Сараңдыгың кетти мени жемелеп!
Ушул саптарды жазып олтуруп, сүйүүнүн акыйкатын издегим келди. Адамзат сүйүүсүз өмүр өтөбөс.. Эки ашык бирин-бири сүйбөсө, махабаттын улуулугу байкалмак эмес. Сүйүүнүн күчтүүлүгүн эч ким даңазалабастыр.
.. Жүрөктүн башкача согуп, каректин башкача тиктеши эле баарып сүйүүнү айгинелейт.
Эх, сүйүү! Канчалаган адамды азапка салып, канчалаган адамды азаптан алып чыктың экен? Канча түндөрдү уйкусуз өткөрүп, канча каттардын күбөсү болдуң? Кээде пайдаңа караганда, зыяның көбүрөөктөй сезилет. Адамды сүйдүрүп койуп, өзүң дайынсыз жоголгонуң кантет? Эки жарым, бир бүтүнгө айлануу үчүн, сенин сезимиң эки жакка тең бирдей болууга тийиш эмеспи? Эмне үчүн бирине көбүрөөк сүйүү бересиң да, экинчисне аз бересиң? Же, экөөнүн сыноосунан ырахат аласыңбы? Калыстыгың кайда? Кең пейилдигиңчи?
Эгер, сезимиңди аяп жатсаң, анда эмнеге экөөнү кезиктирдиң?
Эмнеге ортосуна түштүң да, байкоосуз отуң жактың? Жообуң жокпу? Ооба, жообуң жок! Сен алсызсың!
Сен мерез жана таш боорсуң! Сага жолуккан күнү менин жан дүйнөмдө бурганак, ойлорумда чийелешкен куру үмүттөр пайда болгон. Жүрөгүм сүйүүдөн жабыркап, көңүлүм сынып, тагдырдан тайгаланганыма сен гана күнөлүүсүң.
Сага кезикпегенимде,
мен улардын баарын көрмөк эмесмин.. Хмм, кайдаан? Сага кезикпей койууга мүмкүн беле? Шайтан жолду торогондой эле, кай жактан чыга келесиң да, адамдын акылын торуп аласың. Анын жүрөгүнү өзүңө баш ийдиресиң да, каалаганыңды жасайсың. Байкуш жүрөк сенин кебиңе кулак салып, акылсыздык кылып койоорун кайдан билсин? Сен кезиктирген адамдан сүйүүмө жооп алалбай калганда, көзүмө ыза жашы тегеренип, сүйүүнү жектесем, сенин табаң канат. Унуттура койбойсуң. Түшкө кирип, таңды өзүң менен кошо аттырасың. Кет! Жан жүйнөмдөн кет! Экинчи ирет жан дүйнөмө жолотпойм. Акылымдан кет, сүйүү! Сенден түңүлдүм, сенден жададым! Сага таарындым!
Сенден үмүтүмдү да үздүм! Кош бол! Суранаарым,
экинчи ирет кайрылба!
Таш боор махабат менен күрөшүүгө алым жок! Тынч жашагым келет. Кош сүйүү!
Уулкан АМИРАЕВА.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кош, сүйүү!
#1 26 January 2014 - 16:45
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#2 26 January 2014 - 17:21
Чын журоктон жазган окшойс аа !!!!!
!
Бизге сууйу качан келет е кутудон тажадыкго(((
Бизге сууйу качан келет е кутудон тажадыкго(((
Салам
#3 26 January 2014 - 17:30
Кээде суйуунун балын татсак, кээде тузун татабыз. Бул да болсо жашоонун тен салмагы.
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
#4 26 January 2014 - 17:49
Суйуу таш боор эмес, "суйуу оттон ысык, гулдон назик", суйуу таш боор эмес "суйуунун козу сокур", суйуу таш боор эмес "суйуу олумдон кучтуу", суйуу суйуу эмес эринден, суйуу деген сузуп отуу денизден, суйуусуз жашоону элестетуу кыйынго..
#6 26 January 2014 - 17:55
Дуйнодо эмне жаман суйгон жаман
Махабаттын отуна куйгон жаман
Экообу бири бирин суйуп туруп
Экообу эки жакта жургон жаман.
Махабаттын отуна куйгон жаман
Экообу бири бирин суйуп туруп
Экообу эки жакта жургон жаман.
#8 26 January 2014 - 18:07
"Кош, сүйүү!"
деп атабы, "Кош сүйүү!"
деп атабы? Эгер 1-си туура болсо, сүйүү менен коштошкону,
2-си туура болсо эки сүйүү келгени!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#9 26 January 2014 - 18:28
" Кош, сүйүү!"
деп атабы, "Кош сүйүү!"
деп атабы? Эгер 1-си туура болсо, сүйүү менен коштошкону,
2-си туура болсо эки сүйүү келгени! 
Теманын аталышы "Кош сүйүү!" экен. Үтүрү жок эле. Демек 2 сүйүү. Анан, айла жок бирөөсү менен коштошуп да жатса керек...
```
#11 26 January 2014 - 19:18
Уулкан Амираева талантынызга баа бердим. Суйуу менен коштошуп жатканыныз окунучтуу, "Жан дуйно жарыгы" деген темадагы билдируунуз абдан кайгылуу жазылган. Бактылуу болун ылайым.
#12 26 January 2014 - 21:16
Кош, сүйүү! Үтүрүн унутуп калыпын. Кечирим сурайм.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#13 27 January 2014 - 00:36
Кош, суйуу! Демек суйуу менен коштошуп жаткан го. Суйуусуз жашоо кызыксыз болот го дейм. Суйуп, суйулуп жашаганга не жетсин.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#14 27 January 2014 - 00:52
менимче суйууно жетпей калсан ошол бактылуу суйуу. Азыркы жашоодо бири-бирин суйуп уйлонгондор аз. Орустар айткандай все по расчету болуп кетип атат...
#15 27 January 2014 - 09:35
Кош, сүйүү! Үтүрүн унутуп калыпын. Кечирим сурайм. 
Азаматсың, Уулкан! Сезимдин кылдарын дирилдеткен, жан сергиткен сабаттуу жазылган ырларың көбөйө берсин!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#17 27 January 2014 - 10:35
#18 27 January 2014 - 13:40
Суйуу-Куйуу,
баары жалган ишенбеймин мен. Баш оорутма.
[/]color quenсалам
#19 31 January 2014 - 11:55
мага деген махабаттын балын татпай тузун таттым корбосом мен суйбойт элем кайдан сени учураттым дебейсинби ия
#20 31 January 2014 - 12:21
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео



















