23-январь күнү Кытайдын чек арасын бузуп өтүп, биздин аймакка кирип келген 11 террорист менен кармашууда каза болгон Александр Барыкинге абдан ыраазы болдум. Себеби, улуту орус болсо да Кыргыз жерин коргоп, бастырып кирген душмандарга каршылык көрсөтүп, баатырларча курман болду. Жаткан жери жайлуу болуп, жаны Жаратканымдын бейишинен орун алсын...
Кыргыз жерин коргогон Барыкинге Данк! Чек арадагы эрдик.
#3 27 January 2014 - 15:50
7-апрелдеги "баатырлардын"
катарын толуктады да байкуш, бейкуноо жерден былык оюндун курмандыгы болгон А. Барыкинге ДАНК дейбиз да айла жок!
Өзүн актагандан өлө кач!!!
#4 27 January 2014 - 19:31
Күбөлөрдүн айтуусу боюнча 23-январдагы окуя.
==================
Александр Барыкин 23-январда эртең менен жумуштары боюнча автоунаасы менен сыртка чыккан. Жолдон баратып ал 11 адамдан турган топту кезиктирет. Бул учурда Барыкин жалгыз болгон. Бирок ал жалгыздыгына карабай белгисиз адамдардын тобун токтотуп, алар Кыргызстандын аймагына кайдан келгенин сурайт. Үстүнө мүшөк жана рюкзактарды артынып алган азиат түспөлүндөгү уйгурларга окшогон белгисиз адамдар кыргызча да, орусчада түшүнбөгөндүктөн алардын ким экенин тактай албай коет. Барыкин оюнда эч нерсе жок, балким адашып кеткен туристтер же альпинисттер болсо керек деп алардын өздүгүн тастыктаган документтерин да сурайт. Бирок эч кандай документ көрөсөт алышкан эмес. Мына ушундан улам булар чек араны мыйзамсыз бузган броконьерлер же мал уурулар болушу мүмкүн деген ойдо калган Барыкин түз эле чек арачыларга барып кабарлайт. Тилекке каршы ал учурда белгисиз адамдардын тобун кармаганга чек арачылардын жетиштүү колу болбогондуктан алар кошумча аскерлерди чакырышат. Ал эми Барыкин белгисиз адамдар анын үй-бүлөсүнө кол салып жибербесин деп үйүн көздөй жөнөйт. Ал жолдо баратып, колдорунда жалгыз куралы бар эки кыргыз жигитин да жанына алып тиги белгисиз адамдарды көздөй жөнөшөт.
Ошентип үчөөлөп тигилерди токтотуп, колго түшкөнүн айтат. Мына ушул учурда иш күтүлбөгөн жерден курчуп кетип, белгисиз адамдар бычак менен кол салууга өтүшөт. Аларга эң жакыныраак Барыкин турган жана ал ок чыгарып экөөсүн атууга үлгүрөт. Куралды кайра кезегичекти террористтер Барыкинге жетип келип мойнуна эки ирет бычак саюуга жетишишкен. Ошентип алар куралга ээ болушат. Ал эми берки ээрчип барган эки жигит колунда эч нерсе жок болгондуктан качууга аргасыз болушат. Барыкинди "аллаху акбар" деп мууздаганын мына ушул эки жигит көрүп, чек арачыларга айтып келишкен.

Гуд бай, форумчулар!
!!
#5 18 February 2015 - 11:09
Тема актуалдуулугун жоготконуна байланыштуу жабылды.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."

Супер-Инфо
super.kg
видео