Суперстан: SaliXaдан түркүн даамдар. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Ашкана сырлары
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (15 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

SaliXaдан түркүн даамдар.

#41 Жолоочу_SaliXa_* 23 Январь 2014 - 21:52

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения SaliXa (23 Январь 2014 - 13:22) жазган:

Прикрепленный файл Персик.jpg ал эми бул "шабдоол" таттуу токочтун дярдалышын колум бошогондо уйдо жазып коемун.



"Шабдоолу печенье"

Курамы: 500 г сметана, 1,5 кг ун, 200 г маргарин, жумуртка 5 даана, 1 кг шекер, 200 г грек жангагы, 1 порц заваной крем, амоний жарым чай кашык, сода 1 чай кашык.

Даярдоо жолу: 5 жумуртканын агыны избивалка менен уруп (чайбай, аралаштырбай) кобуртулот, 200 г шекер аз-аздан салынып дагы урулуп бизе даярдалат. Башка бир идиште маргарие, 5 даана жумуртканын сарысы, 200 г шекер салынып кол менен жакшылап аралаштырылган масса даярдалат, сметанага сода, амоний салып аралаштырып массанын устуно куюп даярлалган бизени устуно куюп жумшак камыр болгончо ун салып камыр жасалат, камы 1 саат муздаткычта тындырылат, тынган камырды жумурткадай зувала кылып, шабдоолунун жарым формасына окшоштуруп жасап духовканын листине тизип, 180 градуста 30-35 минут бышырылат. Бышкандан кийин ичин чункурча кылып оюп, ичине жангак салып, крем суртуп окшош формалары бири-бирине жабыштырлат, бир жак тарабын кызыл, бир жак тарабын сары тустогу краска боеп, шекерге булап, кооздук учун бир учуна ызгырдын сабагы сайып коебуз.


Краска даярдоо: 1 аш кашык кондитер краскасына 4 аш кашык кошуп аралаштырылат.

Заварной крем: 400 г шекерге 4 аш кашык ун кошуп аралаштырып, 250 г сут куюп, болтокчолор кеткенче аралаштырып, 3 даана жумуртканы салып жакшылап аралыштырып дагы 250 г сут куюп, орто отто каша корунушко келгенче тынымсыз аралаштырып даярдалат, муздагандан кийин 200 г маргарин салып миксер менен аралаштырылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   aijan   24 Январь 2014 - 09:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ии, студент маалымда 'шабдалы токоч' дегенде жантайыман жата калчумун. Жакшы болбодубу! Рахмат:)

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   aidinaernur   24 Январь 2014 - 13:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Просмотр сообщения Jamalym (21 Январь 2014 - 14:46) жазган:

Рахмат Salixa.Йогурт учун чон рахмат.Ким жасап корду?Кандай болду?Болушо кетсениздер.

Мен дайым эле жасайм сонун болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Жолоочу_SaliXa_* 24 Январь 2014 - 22:18

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

"Туркчо самсы"

Курамы: маргарин - 200 г, сметана - 200 г,жумуртка 4 даана, ун - 1 кг, эт (туурамжы) - 500 г, пияз 2-3 даана, картошка - 2 даана, туз, сейдене, мурч.

Даярдалышы: маргарин менен 600 г унду кукум кылып, 1 чай кашык туз кошуп, 3 даана жумуртканын сарысын кошуп, сметанага 0,5 чай кашык сода кошуп аралаштырып, кукумдун устуно куюп, керегинче ун салып орточо жумшак камыр кылып муздаткычта 30 минут тындырып, тынган камырды 4 зувалага болуп, оточо калындыкта жайып, гулдуу бычак менен 2 см олчомдо кесип, бир учуна фарш коюп спираль корунушто оролот, духовканын табагын майлап тизип, жумуртканын сарысын суртуп, сейдене себебиз, 180 градуста 30-35 минут бышырабыз.

Туурамжысы (фаршы) : этти эт майдалагычтан чыгарып, картошка, пиязды кыргычтан чыгарып, туз, мурч, зире салып аралаштырабыз. Туурамжыны жангактай олчомдон болуп суйру формага кклтирип даярдап алабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Жолоочу_SaliXa_* 24 Январь 2014 - 22:49

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения SaliXa (23 Январь 2014 - 13:19) жазган:

Прикрепленный файл фруктовый торт.jpg Момо-жемиштер кошулган торт



Курамы: 10 даана жумуртка, 300 г шекер, 400 г ун, 1 чымчым амоний кислотасы, 2 г ванилин, 1 порц крем, банан, киви, алма, малина, вишня.

Бисквитти экиге болуп, пропитка суу себип, бисквиттин эки бетине крем суртуп, жука кесилген жемиштерди тизип, тортту оз калыбына келтиребиз, устуно дагы жука кесилген жемиштерди тизип кооздойбуз.

Бисквитти даярдоо: жумуртканын сарысын агынан ажыратып ( агына сарысы бир тамчы да кошулбаш керек) жумуртканын агын избивалка менен уруп кобуртуп каттуу корунушко келтирип, шекерден аз-аздан салып шекер ээригенче изюбивалка менен урулат, избивалканы алып коюуп жумуртканын сарысын кашык менен бир-бирден салып кашыкты ойдо-томон (6-8 жолу массага кашык кирип чыкса жетиштуу) акырындык менен которуп ( чайбай) аралаштырабыз, ун устуно сээп унду да кылдаттык менен жогорудагыдай ыкмада аралаштырып, ванилин, амоний салып кашык менен кичине аралаштырып, духовканын кургак табакчасына кагаз салып, даяр камыр салынат, кашык менен тегиздеп, кызыган духовкага салып 150 градуста 40-45 минут бышырылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Жолоочу_SaliXa_* 25 Январь 2014 - 09:10

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Прикрепленное изображение: S.jpgПрикрепленное изображение: S.jpgПрикрепленное изображение: S.jpgПрикрепленное изображение: S.jpgПрикрепленное изображение: S.jpg

Просмотр сообщенияSaliXa (24 Январь 2014 - 22:18) жазган:

"Туркчо самсы"

Курамы: маргарин - 200 г, сметана - 200 г,жумуртка 4 даана, ун - 1 кг, эт (туурамжы) - 500 г, пияз 2-3 даана, картошка - 2 даана, туз, сейдене, мурч.

Даярдалышы: маргарин менен 600 г унду кукум кылып, 1 чай кашык туз кошуп, 3 даана жумуртканын сарысын кошуп, сметанага 0,5 чай кашык сода кошуп аралаштырып, кукумдун устуно куюп, керегинче ун салып орточо жумшак камыр кылып муздаткычта 30 минут тындырып, тынган камырды 4 зувалага болуп, оточо калындыкта жайып, гулдуу бычак менен 2 см олчомдо кесип, бир учуна фарш коюп спираль корунушто оролот, духовканын табагын майлап тизип, жумуртканын сарысын суртуп, сейдене себебиз, 180 градуста 30-35 минут бышырабыз.

Туурамжысы (фаршы) : этти эт майдалагычтан чыгарып, картошка, пиязды кыргычтан чыгарып, туз, мурч, зире салып аралаштырабыз. Туурамжыны жангактай олчомдон болуп суйру формага кклтирип даярдап алабыз.




Прикрепленное изображение: L.jpg

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: C.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Mr.katagan   25 Январь 2014 - 09:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 550
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Мар 2014 22:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Башы оогон жерде

Тончон эттин фотосун жуктоп койчу
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   LASTO4KA_1   25 Январь 2014 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 10 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2021 12:58
  • Жынысы:Аялзаты

Жакшы даамдар бар экен. Четинен даярдап коруш керек экен. Ал эми Салиха сизге рахмат!
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Жолоочу_SaliXa_* 25 Январь 2014 - 18:06

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения SaliXa (23 Январь 2014 - 12:32) жазган:

«Тончон эт»



Керектелүүчүазыктар:



Уйдун сулп эти – 400 грамм
Камыр – 1 жайым
Сабиз – 1 даана
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 2 тишче
Суу май – 100 грамм
Туз, кара мурч – татымына жараша



Жасоо жолу:




1. Этти жалпагынан алакандай эки бөлүккө бөлүп, туздап жана жанчыпалуу керек.
2. Сарымсак менен сабиз майда тууралып, өзүнчө идишке салынат.
3. Кызытылган майга эттин эки жагы кызарта куурулат.
4. Ошол эле майга пияз да куурулат.
5. Эми камырды 1 сантиметр калыңдыкта жайып, алдын ала майланган көмөч казангасалуу керек.
6. Камырдын бетине куурулган пияз, андан кийин эттин бир кесими салынат.
7. Эттин үстүнө мурч жана сабиз себеленет.
8. Анын үстүнө эттин экинчи кесимин коюп, андан соң сабиз, сарымсак себебиз.
9. Кабатталган этти камыр менен ороңуз.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Жолоочу_SaliXa_* 25 Январь 2014 - 18:54

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения Mr.katagan (25 Январь 2014 - 09:22) жазган:

Тончон эттин фотосун жуктоп койчу



Телефондон жуктой албай койдум, комптон жуктоп коем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Жолоочу_SaliXa_* 27 Январь 2014 - 12:08

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Прикрепленное изображение: тончон эт.jpg тончон эт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Жолоочу_SaliXa_* 27 Январь 2014 - 12:53

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

БЫЖЫ.



Керектелүүчүазыктар:

Койдункара ичегиси, 1-1,5 кг эт, 350-400 грамм ич май, 400-450 грамм күрүч, 3-3,5кашык талкан, жарым боор, 1 көк боор, 500-1000 грамм нан, 200 грамм пияз, бирбаш сарымсак, бир боо ашкөк, татымына жараша туз, зире, калемпир, мурч.

Даярдоо ыкмасы:


Быжыныбышыраардан мурда ичеги-карындарды таза жууп, тазалап, туз татытылган муздаксууга чылап коюп, фаршын даярдоо керек. Ал үчүн сулп этти 2-3 литр азыраак тузкошулган муздак сууга салып, бир аз кайнатуу талап кылынат. Кайнаган эттичыгарып, колго майда туурайт. Эттин шорпосуна таза жуулган күрүчтү салып, күрүчжумшаганча кайнатат. Тууралган этти шорполуу күрүчкө кошуп, үстүнөкалемпир- мурч, зире, ич май, пияз, сарымсакты туурап, татымына жараш туз салыпдемдеп коет. Андан кийин боор менен көк боорду жыгач кашык менен эзип, фарштынүстүнө куюп, 1-2 аш кашык талкан же ун салып аралаштырат. Даяр болгон фарштытузу сиңген ичгегиге куюп, 1-2 саатча жай кайнатып бышырат. Фарш салынганичегинин ар бир 30-35 см аралыгы жип менен байланып турушу шарт. Бышканча ичегининкөөп чыккан жерлерин ичке ийне менен сайып туруу керек. Антпесе, жарылып кетишиыктымал.



Быжы“Өрдөк. ”

Керектелүүчү азыктар:
Эт – 150 гр.
Кан – 300 гр.
Күрүч – 120 гр.
Боор – 250 гр.
Пияз – 100 гр.
Сабиз – 1 даана.
Сарымсак – 4 тишче.
Татымына жараша туз, мурч, калемпир.

Жасалуу ыкмасы:
Жаңы союлган койдун же эчкинин ич канын идишке өзүнчө куюп алабыз. Быжыгакошулуучу күрүчтү тазалап, туз татытылган сууга бир кайнатып алып, суусунсарыктырып төгүп салабыз. Уюп калган канга эт туурагычтан өткөрүлгөн боор, ичмай, күрүч, майда тууралган сарымсак, көк чөп (ашкөк, жусай), кара мурч кошуп,бир азга үстүн жаап, тыныктырып коёбуз. Быжынын туурамжысы канчалык майлууболсо, быжы ошончолук жегиликтүү болот. Даяр туурамжыны таза жуулган жумуругасалып, учун чий менен төөнөп, чарык жип менен бекем бууйбуз. Эскерте кетчүнерсе, жип менен байларда бир аз боштук калтыруу керек. Анткени, күрүч бышкандакөбөйүп кетет. Эми туурамжыга толтурулган жумуруну муздак суу куюлган мискейгесалып, 50-60 мүнөт кайнатсак, быжы даяр болот. Быжыны өзүнчө идишке бышыруукерек. Бышырып жатканда ичке ийне менен ар жеринен сайып коюу кажет. Аткени алжарылса, шорпо кермек тартып, даамы бузулат. Даяр болгон быжыны ысык бойдондасторконго коёбуз.



Быжы-улуттук коюу тамак. Жаңы союлган койдун же эчкинин ич канын өзүнчө куюпалат. Ага кашык менен, же сүргүчкө эзилген боорду колго, же эт туурагычка майдатууралган боор этин жана жүрөктү, ич майын, күрүч, пияз, татымал чөп (ашкөк,шибит, жүсай), суу кошот, туз, кара мурч же калемпир салат, баарын жакшылапаралаштырып, бир азга жаап коёт. Быжыга кошулуучу күрүчтү тазалап, тузтатытылган сууга бир кайнатып алып, суусун сарыктырып төгүп салат. Даяртуурамжыны (фарш) таза жуулган мөөнгө, же жоон ичегиге салып, учун чий менентөөнөп, чарык жип менен бекем бууйт. Эгерде туурамжы көп даярдалса, карынга,жумурга салса да болот. Туурамжы канчалык майлуу болсо, быжы ошончолукжегиликтүү болот. Боор (күрүч кошулганда андан бетер) майды көп талап кылынат.Быжы 50-60 минутада бышат, ысык бойдон дасторконго коюлат. Быжыны этке кошпой,өзүнчө идишке бышырган оң, анткени ал жарылса, сорпо киргил тартып, даамыкермек болуп калат.












Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: SaliXa: 27 Январь 2014 - 12:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Jamalym   28 Январь 2014 - 03:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Просмотр сообщения SaliXa (23 Январь 2014 - 13:18) жазган:

Прикрепленный файл Свадебный. jpg Бул торттун жасалуу жолун уйго баргада жазып илип коемун.



Ушул торттун рецебин жазынызчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   sparkle   28 Январь 2014 - 18:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 24 Март 12
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Йогуртту менен туркчо самсы озгочо жакты, жасап кором
Рахмат Салиха рецепттер учун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Жолоочу_SaliXa_* 29 Январь 2014 - 21:16

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения SaliXa (19 Январь 2014 - 17:54) жазган:

Уй шартында "Йогурт"

Курамы: сут - 1 литр, йогурт - 3 аш кашык.
Даядалышы: сутту бышырып, оттон чыгарып 40-45 градуска чейин муздатып ( жылымык), таза жуулган банкага сутту куюп, йогурту кошуп жакшылап аралаштырып, банканын капкагын жаап, жылуулап ороп жылуу жерге коюп коесуз. Уюткан сон кайра ачып аралаштырууга, ордунан жылдырууга болбойт. 8-10 сааттан кийин йогурт уюйт. Даяр болгон йогуртту муздаткычта сактап 1 жумага чейин колдоно берсениз болот.



Ушул эле ыкмада сметана кошуп сметана уютсаныздар болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   operaledi   29 Январь 2014 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Азаматсыз, SaliXa, сизге чон рахмат, Сүрөтэмне тамак жасасам деп ойлонуп отурганда, сонун идея бердиниз. Эми окшошсо эле болду Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Жолоочу_SaliXa_* 29 Январь 2014 - 21:48

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения operaledi (29 Январь 2014 - 21:32) жазган:

Азаматсыз, SaliXa, сизге чон рахмат, Сүрөтэмне тамак жасасам деп ойлонуп отурганда, сонун идея бердиниз. Эми окшошсо эле болду Сүрөт


Жардамым тийип аткан болсо кубанычтамын. Даамдуу болсун эмне жасасаныз дагы. Кандай болгонун кийин болушо кетиниз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Жолоочу_SaliXa_* 29 Январь 2014 - 22:32

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения Jamalym (28 Январь 2014 - 03:05) жазган:

Ушул торттун рецебин жазынызчы.


Бул торттун бисквитинен баштап, крем суйкоо ыкмалары дал эле жогоруда жазып откон "Момо-жемиш" тортундагы ыкмасы менен жасалат. Бул торттун айырмасы мастика менен аккуу формасында кооздолгон.

"Мастика"
Курамы: 1 аш кашык желатин, 400г шекер пудрасы.
Жасалуу жолу: 1 аш кашык желатинге 3 аш кашык муздак суу куюп 30 минут уютулуп коюлат, уютулгандан кийин кайнап жаткан суунун парына эритип, ыссык маалында 1 аш кашыктан керегинче шекер пудрасын салып камыр жасалат, камырдан аккуунун моюнун-башын, эки канатын жасап алып, салкын жерге каттуу абалга келгенче коюп коебуз, даяр болгондо торттун устуно коюуп кооздойбуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Жолоочу_SaliXa_* 29 Январь 2014 - 22:34

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения Jamalym (28 Январь 2014 - 03:05) жазган:

Ушул торттун рецебин жазынызчы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Jamalym   29 Январь 2014 - 22:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Просмотр сообщения SaliXa (29 Январь 2014 - 22:32) жазган:

Бул торттун бисквитинен баштап, крем суйкоо ыкмалары дал эле жогоруда жазып откон "Момо-жемиш" тортундагы ыкмасы менен жасалат. Бул торттун айырмасы мастика менен аккуу формасында кооздолгон.

"Мастика"
Курамы: 1 аш кашык желатин, 400г шекер пудрасы.
Жасалуу жолу: 1 аш кашык желатинге 3 аш кашык муздак суу куюп 30 минут уютулуп коюлат, уютулгандан кийин кайнап жаткан суунун парына эритип, ыссык маалында 1 аш кашыктан керегинче шекер пудрасын салып камыр жасалат, камырдан аккуунун моюнун-башын, эки канатын жасап алып, салкын жерге каттуу абалга келгенче коюп коебуз, даяр болгондо торттун устуно коюуп кооздойбуз.



Рахмат сизге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ашкана сырлары
  • Кийинки тема →

  • (15 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 02:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: