Курултайга кара кийимин кийип Карга, көгүш көйнөк кийип күйөөсүн колтуктап Көгүчкөн, көкүлүн көктү каратып Кекилик, курсагына кара кур курчанып Карачыйырчык, кыштын күнүнө карабай кыска көйнөкчөн Күкүк, кимоно кийип Куркулдай келди.
Курултайга Кулаалы, Каркыра, Канарейка калган көптөгөн куштар келишпеди.
Көзайнегин колуна кармаган Карга куштарга кайрылды: Кымбаттуу куштар!Канаттууларды каптап келаткан кеселдерден коргонолу! Кеселге кабылбоонун камын көрөлү!Көздөрүңөрдү канаттарарыңарды кастарлагыла!
Кекилик:- Капчыгайда кар көп.Кардын көптүгүнөн кишилер кекиликтерге карата көп капкан, кылтактарды коюп көптөгөн кекиликтер кырылып калганынан кейиди.
Кыш келип, курт кумурскалар калбай калып, кишилердин короосуна кирип, көптөгөн кордуктарды көрүшкөнүн Карачыйырчык кабарлады.
-Кандай кыйынчылык күн көрсөкта, коркунучтуу күндөргө кабылсакта, Кыргызстаныбызды калтырып кетпейбиз! Колтукташкан Көгүчкөндөр көкүрөктөрүн койгулашты.
Карга Күкүккө кайрылды: -Күкүк !Кандай кудайдан коркпогон кушсун?Көрүнгөндүн короосуна кичинекей күкүкчөлөрүңдү калтырганыңды качан коёсун?Карыганда кантесиң?
Күкүк Каргага кеп кайтарды:-Кудайдан корком канешна.Күкүкчөлөрүмдү карап короодо камалгым келбейт.Концерт, кино, кечелерди көргүм келет.Карыганымда кудайдын көрсөткөн күнүн көрөөрмүн.
Күкүктүң кептерине куштардын көңүлдөрү кирдеди.
Көптөгөн көйгөйлөр каралды, кызыктуу кептер козголду.
Кийинки курултай күзгүгө коюлгандыгын Карга кабарлады. Курултайдан кийин куштар Козукеев көчөсүндөгү Канаттулардын кафесине келишти.
Кафенин кожоюну Күрпкө Карга кабарландырган. Куштарга койкойгон Короз, кайкайган Каз кызмат кылышты.Курт- Кумурскалардан кайнатма, курттан куурдак ,көпөлөк кошулган кекс, консерваланган кукуруз, көп күнкарама келтиришти. Куштар курсактарын кампайтышты. Кетеринде Карга кычыраган кыргыз купьюралардан көптү калтырды. Короздун, Каздын колтугуна Каралаевтин кагазын кыстарды.Кымыңдашкан кызматкерлер куштарды көчөгө күзөтүп коюшту.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















