Vazir (29 Январь 2014 - 22:24) жазган:

Классташ курбумдун капппппкара ротвейлер ити бар эле.. Анан да страшшшшно сүрдүү болчу. Акеси атайын сатып келген болчу шаардан, күнүгө эт сатып келип, жалаң эт менен бакчу..аты да укмуш "Блейд"

Ал иттен биз эмес, курбум өзү коркчу..
Үйүнө барып калсак, банясына камап койчу..

Бир күнү Айка деген классташыбыздын кызыл ашыгын тиштеп алды..тиши өтуп кеткенче..

Анан эле бир жума өтпөй гигиена сабагынан "кутурма" тууралуу тема өтүп калдык.. Иттин ээси экөөбүз жанаша отурчук, улам Айканы карап коебуз.. Ал болсо бык-бык

Эшикке чыккандан кийин иттин ээси экөөбүз тигиден калбайбыз ээрчип: "симптомдору жокпу?"-десек, күлөт: "эээй ал деген таза ит даа,"-деп.

(билбейм азыр барбы жокпу?)

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 29 Январь 2014 - 23:02