Суперстан: Канткенде баламды туура тарбиялайм? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар

#81 Пользователь офлайн   sezimai93   30 Январь 2014 - 12:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 464
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Июн 2017 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ииииии айтпай эле койоюнчууууу

бала коркуп чунчуп кеткенде биролоргода оюн билдире албай калат минтип айтсам ал анан минсечи деп ошодонда коркот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   zhiza   30 Январь 2014 - 12:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aijan (30 Январь 2014 - 12:01) жазган:

Мен да баламдын эркин сындырып алуудан корком. Азыртан эле оз пикири бар. Бирок коп эрке кылгандан да кооптоном. Кыскасы, эки отко тен тушуп кетпегенге аракеттенуудобуз.


Айжан эже, менин билишимче, балаңыздын жашы 2 - 3 түн эле аралыгында болуш керек ээ? Япондордун ыкмасы менен тарбиялап жаткансыз гоСүрөт.
Масару Ибуканын "3 тон кийин кеч болуп калат" деген китебин окугансызбы? Сонун китеп.
Тема боюнча, Масарудан бир кеңеш:
Баланы башынан тартипке, режимге үйрөтүш керек. Аларга кол көтөргөн туура эмес, айрыкча башка адамдардын көзүнчө. Баланы андан көрө көбүрөөк макташ керек. Эгер жакшы иш жасаса, мактап койсо шыктанып калат, жаман нерсе жасаса, акырын эле уяткарып коюш керек. Уруп - сабоонун зыяндан башка пайдасы жок.
Өзүмө келсем, атам да бизди аябай катуу кармачу, атамдын каалоосу биз үчүн закон эле да.
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   aijan   30 Январь 2014 - 13:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения zhiza (30 Январь 2014 - 12:19) жазган:

Айжан эже, менин билишимче, балаңыздын жашы 2 - 3 түн эле аралыгында болуш керек ээ? Япондордун ыкмасы менен тарбиялап жаткансыз гоСүрөт.
Масару Ибуканын "3 тон кийин кеч болуп калат" деген китебин окугансызбы? Сонун китеп.
Тема боюнча, Масарудан бир кеңеш:
Баланы башынан тартипке, режимге үйрөтүш керек. Аларга кол көтөргөн туура эмес, айрыкча башка адамдардын көзүнчө. Баланы андан көрө көбүрөөк макташ керек. Эгер жакшы иш жасаса, мактап койсо шыктанып калат, жаман нерсе жасаса, акырын эле уяткарып коюш керек. Уруп - сабоонун зыяндан башка пайдасы жок.
Өзүмө келсем, атам да бизди аябай катуу кармачу, атамдын каалоосу биз үчүн закон эле да.

Жоок, жапондордун методу менен тааныш эмесмин. Баламды гений кылгым да жок, анын балалык доорун эртелеп эле сабак, машыгуу менен толтургандан да алысмын.
'По существу' мактайм, себепсиз эле эркелете берем %), жиним келсе тонумду озгортуп, 'азыр урушам' дейм 8) Кээде катасын билип коздору куноолуу тиктеп калса кучактап 'эч нерсе эмес' деп эле коем.
Азыркы актуалдуу темабыз- 'ыйлабай тушундур' .

Дегинкиси, 'балдарды урбай тарбиялоо керек' дегенди айтууга оной, аткарууга кыйын. Кээде коп создон май кочукко жеген бир шапалактын тарбиясы чон(менимче). Бул айрыкча тинейджер маалына чейин, такыр башкара алгыс болуп калганга чейинки уят жаза(бала бакча, 1, 2- класстарда). Бирок аша чапкандан кудай сактасын.

Тимеле тогорогу топ келишкен ата- эне тарбиясы болбосо керек. Анан да бала создон да ата- эненин озун туурап тарбия алгандыктан, озунду да тарбиялап баштайт экенсин :D

Анан айтып коюшат экен,"Ата- эне жетишсиз мээрим болгону учун таарынбагыла, алар силерге озундо бар бардык жылуулукту беришти". Ушул создордон кийин ата- эне канча катуу кармабасын, кантип тарбиялабасын, болгон ички таарынычтын баары жуулуп, аларга болгон суйуун гана калат экен.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Saiha.84   30 Январь 2014 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Балага чектен отуп кеткен катуу мамиле албетте болбойт.Балдар оздору деле жакшы психолог болушат кимден канчалык суйуу же безразличие келип атканын жакшы тушунушот.Анан ошого жараша анткорлоно башташат.Анан баланын фантазиясына чек койбош керек,эгерде ал нерсе озуно же коомго зыян алып келбеген болсо.,кийинки жашоосунда анын "космонафт" болом деген кыялы орундалып калат жок дегенде 50%га калган 50%нын орундалбай калышына биздин,коомдун эн эле жок дегенде системанын чектоолору, ашык баш эрежелери жолтоо болот экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   mr.cana   30 Январь 2014 - 14:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Дек 2021 16:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ноокат (Кулатов)

Башкасын билбейм менин ортончу уулум менден башка кишини такыр укпайт, апасы кунуно, эжекеси (1-класстын окуучусу) 2-3 кундо арызданып турушат.
Жаман шок, тополон. Апам сени тарткан дейт.
Эми мен аны анча мынча какус кукус кылып турбасам мени да укпай коют го.
Эжеси менен инисин алдап, мактап койсон алар жакшы эле угушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   aizul9.kg   30 Январь 2014 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 516
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Май 2016 09:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт уйу (дом счастье).

негизи катуу кармаган деле жакшы.бирок урган болбойт.мени апам эч качан колун которуп урган эмес.соз мн жеткизип койот.апамдан корком ..сыйлайм.сурабай кочого да чыга албайм.байкуш апам Москвада журсом да кундуго званок кылып каердесин эмне кылтасын деп сурап турат болчуу.Москвада жургондо да апамдан сурабай башка жактарга барчуу эмесмин.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: aizul9.kg: 30 Январь 2014 - 15:02

Если Я кому то не понравлюсь_ вот не верите --ПеРеЖиВу))))))). ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   kutordo   30 Январь 2014 - 16:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Апр 2014 21:14

Тарбия - эмне? Ар бир ата -эненин балага тарбия беруу баланын курсакта жатканынан башталып, баланын осуусуно ан - сезимине жараша деерине жазылат. Бут аалам мээримден тургандыктан баланын ан - сезими да мээримдин кучагында болгондуктан ал ан - сезимди эненин курсагынан баштап узбой мээримди музыка, жомок аркылуу берип туруусу керек. Себеби, баланын жаны жарыктан жана ан - сезими тунук дуйнодон жер ааламына энесинин курсагында жатып, эненин ичкен - жеген тамагы , угуп- билуусу коруусу жана журум- туруму менен калыптана баштайт. Эгер болочок наристенин бактылуу келечегине курсагында жатканда эле кам коргон ата-эне жана наристенин ааламдык ан - сезимин очурбой кайра остуруудо болгон болсо, кийин мындай торолгон балдардын ан - сезимин 13 жашына чейин бир гана ааламдык ан - сезимде тарбияласа, мындай балдардын ан - сезими( космоинтелектуалдык болот дагы бала укмуштуу нерселерди жерде жарата алган болот. Мисал, Менделев, Эдгор сыяктуу. Андыктан баланын деерине эмнени сепсен, баландын жашоосу мына ушундай болоору чындык.
Ал эми ата- эне жана баланын ортосундагы тарбияда, ата жубайын 100% башкарса болот, ал эми жубайы куйоосун 50% башкарса, ата эне баласына 100% башкарса болот, бирок бир гана тушунуктун негисиндеги баланын жондомуно жараша анын ошол жондомго карай болгон эркиндигин кулпулабай тарбия берилуусу зарыл. уруп- сабоо же коркутуу, уркутуу жолдору менен эмес. Ал эми бала эч качан ата -энесине акарат келтируусу же башкаруусуна болбойт. Мындай кылганда баланын келечектеги жолу жабык жана катуу болот. Дагы бир айтта турган нерсе ата - эне кандай болгон кундо да баласына нараазычылык бербеши керек. Нараазычылык кучу баладан - балага ген аркылуу отуп кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Konilove   30 Январь 2014 - 20:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 30 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Сен 2023 09:41
  • Жынысы:Белгисиз

Bizdin atabyz baldaryma echkachan katuu tibeit baldarymyn oyu menen bolot,erte menen ishke ketip kech kelgengebi,a men tez tez urup turam ashykcha ele shok bolup ketishet.Ozumo soz berem boldu urbaim kaira ele ura berem.Akyrky kundoru konul burbai koidum shoktonso da birok soz menen aityp tushundurgongo araket kylyp atam
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Konilove   30 Январь 2014 - 20:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 30 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Сен 2023 09:41
  • Жынысы:Белгисиз

Bizdin atabyz baldaryma echkachan katuu tibeit baldarymyn oyu menen bolot,erte menen ishke ketip kech kelgengebi,a men tez tez urup turam ashykcha ele shok bolup ketishet.Ozumo soz berem boldu urbaim kaira ele ura berem.Akyrky kundoru konul burbai koidum shoktonso da birok soz menen aityp tushundurgongo araket kylyp atam
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   aijan   31 Январь 2014 - 09:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Konilove (30 Январь 2014 - 20:53) жазган:

Bizdin atabyz baldaryma echkachan katuu tibeit baldarymyn oyu menen bolot,erte menen ishke ketip kech kelgengebi,a men tez tez urup turam ashykcha ele shok bolup ketishet.Ozumo soz berem boldu urbaim kaira ele ura berem.Akyrky kundoru konul burbai koidum shoktonso da birok soz menen aityp tushundurgongo araket kylyp atam

Сиз башка нерсеге жинденип жургон жоксузбу? Мумкун, уйдо балдар менен такай отуруп бук болуп калган чыгаарсыз?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Neffertiti   31 Январь 2014 - 09:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 669
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 09:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Скрытенбург.

Балага катуу мамиле жасоонун зыянынан пайдасы кобураак, бул деген баланы уруп - согуп тарбиялоо эмес, кандайдыр бир денгээлде балага талап коюуу. Биздин уйдо балдар атасына караганда, менден алдаганча коркуп турушат. Мындай тарбиядагы балдар жоопкерчиликтуу болушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   31 Январь 2014 - 10:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Баланын башынан карма дегендей колдон келишинче соз менен айтып тушундургонго аракет кылсак
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   sestra   16 Февраль 2014 - 19:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

эки уулду тарбиялап жаткан эне катары жазайын: Макаров айткандай методом кнута и пряника тарбиялаш керек. кээ бир бала бир айтсан эле кабыл алат, кээ бироого суйлобой койсон токтойт, кээ бироону урууга аргасыз болосун. бирок кандай тарбия бербе, менимче, муштумсуз болбойт ко?! бул кенеш, албетте, эркек балдарды тарбиялоого, кыздарды кантип тарбиялаш керек билбейм.

Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 16 Февраль 2014 - 19:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Kg.lady   17 Февраль 2014 - 07:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ушу бала тарбиялоо мени абдан туйшолтотда, канткенде адам кылып тарбиялап коомго кошом деген.Кээде урушам,кээде эркелетем,а кээде шапалак менен май куйрукка берип коем,тобомо келип чычышына аз калганда:).Бирок,баары эле кыздарынар эрке деп айта беришет,негизи озумо билинбейт.Балким адаттан тыш эркелетип коебузбу билбейм.Кайсы бир жерден жаза тайып берген тарбиям текке кетпесе экен деп кооптоном. Кыз баланы тарбиялап,тууруна кондуруш эне учун канчалык оор экенин тушунуп,апамдын эмгегин уламдан,улам терендеп баалап жаткан кезим.Охоооо, кыздарым чоноюп,турмуш жолуна аттанганча, аларды кайтарып, кооруп журуп,мээмде эч нерсе калбай калабы:). Омурлук жолдошуна таза,назик,ыймандуу кызды тапшыруу канчалык туйшуктуу экени айтпасада белгилууго.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Jamalym   17 Февраль 2014 - 20:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Баардык нерсенин чеги болот го,ошондой эле эркелетуу менен катуу тарбия беруунун да чеги болот."Баланы курсакта тарбиялаш керек,чыккандан кийин кеч болуп калат" дегенди угуп мен да азыртан эле туйшолуп алгам :smoke:Буйруса татыктуу тарбия берууго,адам деген созго татыктуу болушуна аракет кылам,бул менин милдетим деп билем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Vazir   17 Февраль 2014 - 21:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Баланы урганга болбойт жакшы иш жасаса мактап, коп чектен чыгып шоктонсон соз менен уялтып коюу туура анткени кийин башкарганга да оной, Бала кичинекей кезинде баардык нерсени тез кабыл алгандыктан, озун таза тыкан, тартипти коп буза бербей турган эгоист эмес кылып тарбиялаш керек.
Ошол баланы Гений акылдуу кылам деп коп туйшукту кичинесинен жуктоп коюу да туура эмес.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   vankuver   23 Февраль 2014 - 19:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Пиаже жана баланы өнүктүрүү теориясы
.

Көрүнүктүү психолог жана окумуштуу Жан Пиаже (Jean Piaget) Невшателеде (Швейцария)
.
1896-жылы 9-августта төрөлгөн.
Пиаже балдардын акыл-эсинин калыптануусун түшүнүүдө зор мааниге ээ болгон ачылыштарды жасаган. Бул, баарынан мурда, балдардын ой жүгүртүүсүнүн эгоцентризм(бирөөнүн көз карашын кабыл албоо) өңдүү өзгөчөлүктөрүнүн ачылышы. Синкретизм– ой жүгүртүүнүн дагы бир тиби, мында бирдей эмес кубулуштарды жетишсиз ички негизсиз өз ара байланыштыруу тенденциясы пайда болот.
Мисалы, Пиаже жүргүзгөн изилдөөдө балага деңиз пейзажынын сүрөтүн көрсөтүшүп, “Деңиз деген эмне?” деп сурашкан. Сүрөттөн эмнени көрүшсө, ошону санап берүү балдардын жообунун мүнөздүү белгилери болгон. Мисалы, балыктар, кайык, толкундар, ак чардактар ж. б. у. с. алардын деңиз жөнүндөгү түшүнүктөрүн түзгөн.
.
Трансдукция– логикалык ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү, ал жалпылыкты кыя өтүп, жекеликтен жекеликке өтүү менен мүнөздөлөт.
.
Артифициализм- жасалмалуулук, дүйнөнүн түзүлгөндүгү, дүйнөнү адам колу аркылуу курулган деп түшүнүү.Анимизм– жандангандык, дүйнөнү жандандыруу, карама-каршылыктарды сезбестик.
.

Балдардын эгоцентризмин изилдөө боюнча Пиаженин эксперименттери көбүрөөк мааниге ээ болгон. Ал балдарга кырдаалга башка адамдын көз карашында кароо зарыл болгон жөнөкөй суроолорду берген. Мисалы, баладан канча бир тууганы бар экендигин сурашканда, “Менин эки бир тууганым бар” деген жоопту угушуп, “Ал эми улуу байкеңдин канча бир тууганы бар?” деген кийинки суроону узатышкан. Эреже боюнча, балдар улуу байкесинин бир гана бир тууганы бар экенин айтышып, ошол эле учурда өздөрүн эстен чыгарып, адашып, суроого туура жооп бере алышкан эмес. Бул Пиажени бала үчүн башка бирөөнүн көз карашында туруу кыйынчылык туудурат деген тыянакка, балдардын эгоцентризмине алып келген.
Баланын дене жактан да, акыл жактан да өсүп-өнүгүүсү бир кылка жүрбөйт.Жан Пиаже балдардын психикасынын өсүп-өнүгүүсүнүн 4 баскычтуу теориясын сунуш кылган.

.
1. Сенсомотордук этап(төрөлгөндөн 2 жашка чейин) – денелик туюмдарга: тактилдик сезимталдыкка, өзүнүн физикалык муктаждыктарын аңдоогожооптуу. Бул муктаждыктар сенсордук туюмдар: ачкачылык, оору, чуру-чуу, жарык ж. б. дүүлүктүргүчтөргө жооп кайтаруулар менен байланышкан. өнүгүүнүн бул баскысында баладабиологиялык башталыш азырынча калгандарынын баарын сүрүп чыгуу аркылуу үстөмдүк кылат. Бул этап – бала физикалык объекттер сезимден тыш жашай беришерин (объекттин өзгөрүлбөстүгүн) элес албаган этап.

.
2. Операцияга чейинки этап(2-7 жаш). Бул мөөнөттө негизинен балаөзүнө айланадагы адамдардын, өзгөчө физикалык жана психологиялык жактан жакын аралыкта тургандардын: ата-энелеринин, бир туугандарынын, көчөдөгү, балдар бакчасындагы өзүнүн курдаштарынынкөзү менен карайт. Баланын өзүнө-өзү баа берүүсү көбүнчө өзүнүн түздөн-түз катышы бар, биринчи иретте, үй-бүлөдөгүжагымдуу атмосферагакөз каранды. Баланын өз жөндөмдөрүнө өзүнүн туура баа берүүсүпсихиканы калыптандыруунун бул этабында анын жөндөмдөрүнүн жана табигый шыктарынын кыйлагармониялуу өнүгүшүнө өбөлгө болот, ошондой эле келечекте кадимкидей социалдашуусу үчүн бекем негизди түзөт. Төмөндөгү өзүн-өзү баалоо балдардын инсандык калыптануусунун “тормозу”; катары кызмат өтөйт жана келечекте өзүнүн коомдогу ролун төмөндөтүүгө алып келет. Ошентип, бул баскычта психологиялык фактор өтө маанилүү ролду ойнойт.
.

3. Конкреттүү операциялар(7- 11 жаш) – бул убакыт өз ичинефактылардысалыштырууну, объективдүү жыйынтыктарды куруубилгичтигинж. б. у. с. камтыйт. Бул этапта абстракттуу проблемалар да чечилиши ыктымал. Мисалы, арифметикалык теңдемелер объекттердин гана эмес, сандардын жардамы менен чыгарылышы мүмкүн. Бул мөөнөт мектептик окутуу убактысынын дээрлик жарымын камтыйт. өспүрүм бул убакта системалуу уюшулган ишмердикке тартылып, аны өз алдынча же башкалар менен чогуу ишке ашырат. Бул мөөнөттүн ичинде алайланадагылардын баасына ээ болууга жана өзүндөгү социалдашуунун өнүгүшүнүн айынан, башкача айтканда, конкреттүү социумдагы, берилген учурда – мектептеги (мектептик тартип эрежелери, форма кийүү, класстагы өз ара мамилелердин айтылбаган ченемдери ж. б. у. с.) ченемдерди жана эрежелерди кабыл алуу аркылуу балалык эгоцентризмден арылууга тырышат.
.

4. Формалдуу операциялар(11- 15 жаш). Бул –өтө маанилүү баалуулуктарды кайра баалоо,чыгармачыл, стандарттуу эмес, көбүнчө чындыктан абстракцияланган, көз карандысыз ой жүгүртүүгө умтулуу менен байланышкан инсандын өсүп-өнүгүүсүнүн эң татаал мөөнөтү. Бул – ишеничтердин, үмүттөнүүлөрдүн, жол тандоонун этабы. Бул убакта өспүрүмдүн психологиясыөздүк ишенимдер, баалуулук көрсөтмөлөрү, жаңы кишилер менен алака-катыш өңдүү категориялар менен байыйт. Билимге умтулуу рухий ориентирлерди, “идеалдуу” адамды же көңүл буруу жана кызыгуу бүтүндөй топтоштурулган кайсы бир ишмердик чөйрөсүнө багыт алууну издөө мүнөзүнө ээ болот. Көбүнчө ылгабастан, кээде арасынан тандап, маалыматтын интенсивдүү топтолушу жүрөт.
.

Ар бир баскычта Пиаже эки этапты: берилген деңгээлдин кайталанбас операцияларынын пайда болушун, кийинанын кайрадан өзүнүн баштагы калыбына келишин бөлүп көрсөтөт. өсүп-өнүгүүнүн бүтүндөй этаптарынын ичинде бала өзү бул учурга чейин түзгөн бардык менталдык (ой жүгүртүүчүлүк) карталарды колдонуу менен өз чөйрөсүн башынан өткөрөт. Эгер башынан кечирип жаткан тажрыйба кайталанса, анда ал оңой негиз боло алат – же баланын таанып-билүү түзүмүнө сиңишет (кайталанбас операция) жана бала менталдык тең салмактуулукту сактап калат. Эгер бул айырмаланган же жаңы тажрыйба болсо, анда бала тең салмактуулугун жоготуп, жаңы шарттарга ыңгайланышуу үчүн өзүнүн таанып-билүү түзүмүн (кайталанбас операция) өзгөртөт. Ушундай жол менен бала барган сайын көбүрөөк адекваттуу түзүмдөрдү курат.
.

Пиаженин теориясы окутууга кандай таасир этет?
.

Окуу программасы. Мугалимдер окуучунун өнүгүү деңгээлине төп келген, анын логикалык жана концепциялык жетилүүсүнө көмөк берген окуу программасын пландашы керек.
Көрсөтмө берүү. Мугалимдер тажрыйба аткарып жаткан сынчыл ролго же окуучуларды окутуудагы айлана-чөйрө менен карым-катышка маани бериши зарыл.
Мисалы, мугалимдер когнитивдүү (таанып-билүүчү) түзүмдөрдү орнотуудагы объекттердин өзгөрбөстүгү өңдүү фундаменталдуу концепциялардын ролуна көңүл бурууга тийиш.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Umka220190   04 Июнь 2014 - 11:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Кыздарды эмнеге үйрөтүп, кантип тарбиялоо керек?
Бул суроону баарыбыз бере бербейбиз. Форумда байкашымча "эне", "апа", "мама" деген сөздөрдү өздөрүнүн дарегине уккандар. Кеңеш алып коюуну туура көрдүм Сүрөт
Келечекте кыздарыбызга эмнени үйрөтсөк, кандай тарбияласак кыздарыбыз адамгерчиликтүү, бирок ошол эле убакта өзүн дагы ойлогондой болушат?
Мен бир макаладан окуп силер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Төмөнкү тизмеде кыздарга эмнени үйрөтүү керек экендиги жазылган:
1. Биринчиден, өзүңдү сүй;
2. Мектеп - али чыныгы жашоо эмес. Буга даяр бол;
3. Жашооңдо көп "жаман" кыздарды жолугасың. Өзүңдүн кадырыңды түшүрбө, өтүп кет;
4. Эгер сен чыныгы досту тапсаң, канчалык алыстыкта болсо дагы аны кармап калганга аракет кыл;
5. Оокаттар сени бактылуу кылбайт;
6. Эч кимди сынаба, бирок сени сынашарына даяр бол. Чөкпө;
7. Көйгөйлөр, маселелер жашооңдун бүткөнү эмес;
8. Эмне үчүн күрөшүш керек экенин билип ал. Бүт эле нерсе үчүн күрөшө берүүнүн кереги жок;
9. Өзүңдү башкаларга салыштырба. Алар эч качан сендей болушпайт;
10. Башка бирөөнү аябай сүйүп жатсаң да, эч качан өзүңдү жоготпо;
11. Сүйлө. Өзүңдүн "үнүңдү" таап, аны колдон;
12. "Жок" сөзүн жаттап ал, аны колдонгондон коркпо;
13. Сен өзүңдүн жашооңдун тарыхын жазасың. Анын барактарын жакшы окуялар менен толуктаганга аракет кыл;
14. Эч качан эркектин артынан чуркаба, ал сени тапса, туура болот;
15. Комплименттерди туура кабыл алып, аларга ишен;
16. Чынчыл бол;
17. Өзүндүн чыныгы жүзүң менен бактылуу бол, жалгыздыктан коркпо;
18. Сезимдериң менен бөлүшүүдөн коркпо;
19. Талаш, бирок 8-пунктту эсиңен чыгарба;
20. Колуңа тийгеннерсени окуй бер. Билим - күч-кубат;
21. Жигиттин үйүнөн китеп көрбөсөң, андан кач (Үйүнө жаман оюңар менен барбагыла Сүрөт);
22. Сен бирөөнүн менчиги эмессиң;
23. Өзүң үчүн тургудай бол, ардайым;
24. Жолуң болбой калуудан коркпо, сабак болот;
25. Сен шаардык гезиттин бетине чыгарбачу нерселерди эч качан электрондук түрдө жөнөтпө. Ал качандыр бир убакты калкып чыгат;
26. Башкаларга жардам бер. Жакшылыгың кайтып келет;
27. Сыпайлык бол, мүнөзүңдү ачат;
28. Интуицияңа ишен;
29. Сылык бол;
30. Сөздөрүңө караганда, жүрүш-турушуң сен жөнүндө көп айтат;
31. Сезимдериңди жашырба, аларды билдирүүгө жол тап;
32. Бардык нерседен кооздук жана жакшы жагын изде;
33. Күндөн крогоочу бет май колдон;
34. Сени жакшы көргөн адамдардан кол үзбө;
35. Ар дайым башыңды көтөрүп жүр. Ишенимдүүлүк менен өзүңө тартасың;
36. Ыйлагың келсе ыйла, жаштарыңдан жаңы күч тап;
37. Күлкү жан дүйнөң үчүн эң мыкты каражат;
38. Музыка катуу болуп жатабы, дагы чоңойтуп, бийле;
39. Сөз көпүрөө куруп, өрттөп да жиберет. Сөздү туура танда;
40. Үй сен жашаган жер эмес, сени жакшы көргөндөрдүн жаны;
41. Биринчилерден болуп кечирим суроо - алсыздыктын белгиси эмес;
42. Иште, катуу иште. Өзүңдү кам кыла ала тургандай бол;
43. Билем, сен мени кээде жек көрөсүң, бирок мен сени жакшы көрөм;
44. Сен жетиштүү адамсың;
45. Сен мага каалаган маалда айткың келген нерсени айт, мен ардайым жаныңда болом;
46. Дагы бир жолу, эсиңе тутуп ал: мен сени жакшы көрөм;
47. Сенин колуңан өзүң ойлогондон да көп нерсе келет;
48. Сен сулуусуң. Эч кимге өзүңдү төмөн сездиргенге жол бербе;
49. Жашоо бүгүнкү күн менен гана түзүлөт. Азыркың менен жаша. Сен кечээки менен эртеңки күндү контролдой албайсың. Бүгүнкү күн сенин колуңда, ошол үчүн жөн эле бактылуу бол;

Дагы бир пункт бар эле аны кошкон жокмун...
Дагы эмнени үйрөтүү керек? Өйдөдөгү пункттар туурабы?

Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 10 Июнь 2014 - 17:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   musulmanin   04 Июнь 2014 - 12:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 533
  • Катталган: 29 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жакшы.....

Балдарга деле үйрөтсөң болчуудай.) (Баарын эмес! Албетте).

Билдирүүнү түзөткөн: musulmanin: 04 Июнь 2014 - 12:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Kg.lady   04 Июнь 2014 - 12:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Аябай сонун кенештер экен.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 23:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: