Суперстан: Дракон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Дракон "Дракон" болуунун оной жолу

#1 Пользователь офлайн   deya-deya   30 Январь 2014 - 16:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 24 Февраль 12
  • Соңку аракети: 29 Сен 2020 11:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кичине кезимде бир мультфильм кордум эле. "Бир жерде абдан каардуу Дракон жашаптыр. карамагындагы элдерди коркутуп уркутуп жашачу экен. Озу каалагандай жашоо жургузуп, салыктарды салып дегендей. Элдер да андан коркконунан унчугушпай оздорунун тиригилигин жасап, салыкты берип коюп жашшай беришчу экен. Кээде Дракондон тажаган эр журок жигиттер элибиздин эркиндиги учун баарына даярбыз дегендер Дракондун жашаган коргоонуна (замок) барышып, эч кимиси кайтчу эмес. Канчалаган акылдуу, тайманбас жигиттер Дракондун колунан каза табышты, коргоонго кирген барабар чыгышпады. Ошентип Дракон коптогон кылымдар бою жашап келе берди. Кайсы бир убакытта карапайым уй-булодон дагы бир эр азамат Драконду жок кылганга аттанат. Элдер аны койсончу кайтпай каласын дешсе болбой элибиз канчага чейин кыйналат деп жоноду коргоонго. Дракон менен алышты, мушташты, чабышты, салгылашты. Акырында женип алды Драконду. Суйунду, эми элим кыйналбай жашайт деп. Жаны чыгып бараткан дракон - Суйунбо, сен Драконду олтургон жоксун, эми сен Драконе болосун деди. Убагында мен да сендей болуп келгем Драконду олтургом анан анын байлыктарын, бийликтерин коруп баарын унуттум, Драконго айландым деп коз жумду. Чынында, Дракондун коргоону укмуштуудай кооз, ичи толтура байлык бийлик эле. Азаматыбыз акырындап Драконго айлана баштады, ичи тарый баштады, эмне учун келгенин да унутта баштады. Бирок, озун кармады. Коргоондон аман эсен чыгып, Дракондун байлык бийликтерин элгетаркатып берип жакшы жашоо башталды" . Эмнени айткым келгенин тушундунор да. Балким биздин да бийликтегилердин кол тийбестигин, женилдиктерин, турак жай, унааларын алып салып айлыкка гана жашайсынар дегенде ушунчалык бийликке умтулгандар аз болуп, чыныгы элдин бейпилдигин ойлогондор гана иштейт беле дейм да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   muxammet   30 Январь 2014 - 16:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 641
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 18:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Сүрөт+ 100000000000000
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Berkyt   30 Январь 2014 - 17:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 19 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 07 Дек 2015 16:16
  • Жынысы:Эркек

ЖОООК АНДАЙ БОЛБОЙТ ГО.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   30 Январь 2014 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

оаа кана эми биздин дракондор да ушундай кылышканда соонун болмок. айдаганың беш эчки ышкырыгың таш жарат болуп эмнени кыйратып койгонуна жеңил жашоону бийликтен талашып жашап жатышат түшүнбөймүн. эл башкаргысы келгендерди бир гана айлык маяна берип гана иштеткенде жакшы болмок, эч кандай үй, машина бербей. ошондо билет элек ким эл үчүн гана иштээрин. эх кыргызым, кыргызым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Argymak007   30 Январь 2014 - 17:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек


Аскар Акаев:
Калк накылын карасаң:
«Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат» –
Таамай келди дал ошол.
Кезек келди табалаар,
Кез келдиби сагалаар?
Көргүлүктү сен дагы
Көрдүң катын-баладан.
Мени качкын дедилең,
Беш жыл өтүп арадан:
Кудай айткан көрүнөт,
Курманбекти ала бар.
Көөнө кыргыз айткандай,
Менин башым жутам деп,
Сен да болдуң камалаар.
Эсирген сен не кылдың,
Элди кырып чала жан.
Эсен-аман калсын деп
Эптеп эле кара жан,
Эси жогум бекерге
Элди кылдың жарадар.


Курманбек Бакиев:
Ырдадың узак сабалап,
Ыржалактап, табалап.
Сен да болдуң жаманат,
Мен да болдум жаманат.
Эмки бийлик эл-журтка
Экөөбүздү каралап,
Ээлик кылды тактыга,
Эстеп: көздөн кан агат.
Жамандашып бир жактан
ЖМКлар жабалап,
Качкын эки ажо деп
Калды кыргыз каганат.
Минскиге тентисем,
Сен Маскөөнү аралап,
Ала-Тоого кайталбай,
Жүрөгүбүз жаралап,
Өлүп калсак кантебиз,
Сөөгүбүз кайдан э-эй жай алат!?
Угуп тур дагы айтаарым…

Аскар Акаев:
Каңырыгым түтөттүң,
Кайгылуу күндөр бүтөттүр.
Адашканын адаштык,
Адилеттик күтөттүр.

Курманбек Бакиев:
Аскар, тур сөздү талашпай,
Айтышым калат жарашпай.
Ансыз деле келдик ко
Алыстап бетти карашпай.
Катының сенин, менин да
Катташпай калды аяштай.
Үзүп койсом кебимди,
Үндөбөй калат дедиңби?
Башталды жаңы илхамым
Басалбайсың демимди.
Алдым күүлөп комузду
Аламын эми кегимди.

Аскар Акаев:
Талаштың эле бийликти,
Талашсам сөздү кеп бекен.
Тактан куулуп мага окшоп,
Таарынганың эп бекен.
Темине бербей ордуңан
Термеге сен да кезек бер.
Теңсинбей элди бир кезде
«Тезек тер, – дедиң, – тезек тер»
Теледен да, гезеттен.
Теңирди бир кез тааныбай,
Телпең-телпең телпеңдеп.
«Андижандын полкасын»
Аянтка чыгып желпеңдеп,
Аябай бийлеп майрамда
Ары-бери кейкеңдеп…
Ажо кылар жорукпу?
Алып күндө колукту!
Жети күн айтсам түгөбөс,
Жемкорлугуң олуттуу.
Жегениң ашык менден да
Жек-жаатың бүтүн чогултту,
Жетинчи апрель болгончо
Жерден казып оюкту.

Курманбек Бакиев:
Жеңил туруп салмагың,
Жеңижок боло калганын.
Жети күн айтат элем деп,
Жемкорлугум андагын.
Жоругумду санайсың,
Жолдо өзүң калбагын.
Эсиңдеби баягы
Ельцин башка салганын,
Кашык менен чокуңа…
Кана ошону сайрагын.
Эгер эстен чыгарсаң,
Эстетер дейм Майрамың.
Тим эле кыйынсынасың,
Тиштебестей бармагын.
Калкты он беш жыл башкарып,
Калган жоктур арманың.
Ыңкылап эгер кылбасам,
Ыгы жок катын-балдарың
Ыштанын элдин шыпырмак,
Ысырап кылып жан жагын.
Ордуңа анан көз артып,
Ошонүчүн баргамын.
Акүйдү элге курчатып
А өзүм манты жалмадым.
Түбүңө менсиз жетсин деп
Түгөгүчө дарманың.
Анан менден аябай
Ака-үкалар жардамын:
Каалашымча ээ болдум
Калса канча чарбагың.
Билим эмес күч менен
Бийликти катуу кармадым.
Акыл кошор жаныма
Академик албадым.
Анан эми кажетсиз
Айткан менен ар жагын…
Чардаганын чардадым.

Аскар Акаев:
Тойбогон көзүң байлыкка,
Толтура билем, амалың.
Тоорушпас үчүн бийликти
Тор ичине камадың
Тобу менен канчасын,
Тоодой үйүп жарагың:
Токсон бала өлтүрдүң,
Тоотпой адам ажалын.
Саясат деген ушу экен,
Кыйындатып абалың…
Бийликке сени апкелген
Азимбек, Роза, жанагыл
Атамбаев баш болуп
Топчубек деген агаңын
Торуна түштүң. Аларың,
Түбүңө жетмек акыры
Талашып жүрчү таламың.
Калкка жексур көрсөттү,
Канкор далай кадамың.
Жадаттың элди беш жылда
Жадатат эми жамагың.
Жакпайбыз элге барыбир
Жаагымды мен да жабайын.
Кыйын экен төкмөлүк
Кыйылдап калды тамагым.
Ачуубузду басалы,
Алып чык болсо арагың… э-эй!

Курманбек Бакиев:
Чукушпай өткөн-кеткенди,
Чунаңдашпай кел эми,
Ачуубузду агөрөк
Арак менен жеңели.
Ырдап бүтө албайбыз,
Бары бир
Ыңкылап деген немени!

Экс Дракондордон, бир үзүм. :)

Олжобайдан, бырс этме.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Vazir   31 Январь 2014 - 21:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Мен да коргонмун бул мультфильимди ...)
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   barabei   31 Январь 2014 - 23:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 28 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2014 04:02

Мен анык ишенем Курманбек Салиевичтин куносу жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   ruslanwww   09 Февраль 2014 - 21:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 17 Май 13
  • Соңку аракети: 26 Апр 2014 19:55

барабей кайдан куносу жок курманбектин айынан канчалаган ер азаматар курман болду куносу жокмиш
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Elvira Karaeva   18 Февраль 2015 - 11:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул бөлүмдө конкреттүү маселелердин тегерегинде талкуу болчу темалар ачылышы керек. Жабылды.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Авг 2025 08:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: