Кантип баштаарымды билбей турам? Оюмду бир жерге топтой албай, жазып баштап, кайра очуруп отуруп бутурууну туура кордум.
Негизи, отмушумду бироолорго баяндап, алардын сын-пикирин уккум келбейт. Айрыкча, кайгылуу окуяларымды болушуудон корком. Анткени, адамдардын мага жалооруп мамиле кылуусун каалабайм. Ичимде толуп турган коз жашымды жалгыздыкка жашырып, эл козундо башымды бийик которуп, озумду кучтуу корсотуп келем. Бул менин жазылбаган мыйзамым. Далай кыйынчылыкты кулуп женип,эч кимдин жардамысыз жашоомду бир нукка салуунун аракетиндемин.
Бирок, журогумдо катылган бир сырым мени туйшолтуп, эстеген сайын конулумду канатып, эми гана учайын деген канаттарымды алсыз кылып салат.
Мектеп жашымда эле балалуу боло албашымды билгем, "Бесплодная"
деп коет эмеспи. Апам ишенбей бир топ врачтарга корсотуп, окшош эле жоопторду алганбыз. Диагнозум "детская матка", тагыраак айтканда бала жатчу жатындын оорчубой калуусу. Ал учурда бала болсом балалуу болбоо кандай экенин сезип деле койбогон экенмин. Катуу ооруп, дары-уколдун жардамы менен ден соолугумдун жакшырганына бактылуу болуп кала бергем.Бирок,
кун откон сайын, учурунда ойлонуп да койбогон нерсе менин алсыздыгыма айланып барат. Аялзаты турмуш куруп, балалуу боло электе эле "энелик инстинкттер"
ойгонобу же мен учун кол жеткис кыял болгону учунбу жаш балдарды корсом эле журогум элжиреп кетчу болдум. Бул сырымды билген аз адамдардын ар дайым кайталачу создору :" Сен деле бактылуу болууга акылуусун. Балким, врачтардын айтканы болбой, кудай сага бала берип калаар", кептин баары "балким"
деген создо жатпайбы. А балким болбой калсачы? Менин деле бактылуу болууга акым бар деп бироого турмушка чыгып, ошол адамдын тагдырын талкалагым келбейт. Суйуп калып, баарына кайыл болуп уйлонуп, кийин кандай жашоону башынан откоргондорду коруп эле журом да. Ким эле бала жытын жыттап, бакытка балкыгысы келбесин? Ким эле тукум улап, мурас калтыргысы келбесин? Ким эле канынан жаралган баланы кучактап, ааламда андан артык нерсе жок экендигин билгиси келбесин?
Айтор, турмушка такыр чыкпоого озуо ант берип, жалгыздыкка озумду даярдап жаша келе жатам. Мен бироонун бактысыздыгына себепкер болуудан корком. Мен жашоомо наалат дагы айтпайм. Тагдырыма моюн сунуп, кабыл алган чечимимди кундо кайталап, алсыздыгымды корсотпоо учун кулуп жашап келем.
Жон гана бугумду чыгарып алууну туура кордум. Конул буруп окуп койгонунуздар учун ыраазычылык.
Мени алсыз кылган жалгыз себеп...... же жон гана журок сыры..
#2 30 January 2014 - 17:39
саламатсызбы автор. Жаш экенсиз. Бироого кор бироого зар дегени ушуда. Кудай берем десе берет. Бир окуя болду. Ал менин атамдын карындашы эле. Ал эки бир тууганына тийип, бир балалуу болду. Андан кийин балалуу боло алышпай барбаган жери калбады. Умутун узуп, чон баласы 23 жашта эле. Бир куну айтып калды бизге боюмда бар окшойт. Жакшынакай кыз тороп алды. Сизда сабыр кылыныз. Ал эжемеда врачтар балалуу болбойбойсун деген бир эмес копчулугу. Бул кудайдын гана колунан келет. Кудайым берем десе берет.
#3 30 January 2014 - 18:29
Детская матканы степенине жараша атайын гормоналдык препараттар менен остурсо болот. Сиздики канчанчы даража? Билбесениз Гуглдан издеп корунуз. Эгер Бишкекте болсонуз, бул жердеги жакшы гинекологдор,
эндокринологдорго кайрылсаныз болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#4 30 January 2014 - 18:32
Аа, дагы диагнозу 'детская матка' делинип ката коюлган бир форумчу кызыбыз кош бойлуу журот. Айы жакындап калды болушу керек.
Дегеним, озунузго эрте эле крест койбонуз. Калганы купуянызда
Дегеним, озунузго эрте эле крест койбонуз. Калганы купуянызда
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5 30 January 2014 - 18:37
Сизди эмне деп жубатышым да билбей турам, баардык нерсе Алладан деп коет го, Алладан болуп сиз да бактылуу энелердин катарын толуктап калаар кун бардыр, умут узбонуз демекчимин.
/>
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#6 30 January 2014 - 19:08
Кээде даарыгерлер деле жанылат,кантседа кудай эмесго.Балким турмушка чыгып жашоонузду башынан баштаарсыз.
Айжандын кенешине кулак салыныз,оптимстик билдируу экен,очкон умутунуз тутанып калгысы бардыр.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 30 January 2014 - 19:21
Аллах суйгон гана пендесине сыноо берет экен .андыктан сынбаныз ,азыр 5 миноттон кийин эмне болорубузду бир гана Аллах билет .чокпонуз капаланбаныз кудай буйруса баары жакшы болот
#9 30 January 2014 - 20:13
Аллах берерин унутпасын. Сизге куч кубат берсин.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#10 30 January 2014 - 20:17
Турмушка чыга элек болсон эрте эле кайгыра бербе, менин женемди дагы детская матка деп, 7 жылдан кийин торогон азыр 2 баласы бар, так что , баары алдыда.
#12 30 January 2014 - 20:48
Кудайым: "сен намазынды окуп, менен керегинди сура мен берем" - деп айтат экен го, ошондуктан конулунузду чоктурбой алга карай умтулунуз.
#13 30 January 2014 - 21:21
Мен эркек болсомда укканымды айта кетейин. Менин да бир женешам ошондоймун деп журчу ал баняны оло жакшы корчу жумасына эки жолу барчу экен ,ошентип барып журуп бир жылда бойуна болуптур мага баня жардам берди деп айтып журчу.
#14 30 January 2014 - 21:52
менде да ошондой коркунуч бар... врачтарга корунуштон уялып журом алар дагы эмне дешет деп...
#15 30 January 2014 - 22:35
Саламатсызбы.
Мен угушума караганда, ал органын такыр жоктор журот, а сизде орчубой калыптыр аны калыбына келтирсе болот деп уканым бар, маалымат чогултуп аракет жасаныз.
Биз ардайым биролордун кучттуу сапатарына, озубуздун алсыз сапатарыбызды теней беребиз чынына келгенде арбир адамда алсыздык бар.
Биз ардайым биролордун кучттуу сапатарына, озубуздун алсыз сапатарыбызды теней беребиз чынына келгенде арбир адамда алсыздык бар.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#16 31 January 2014 - 11:49
Искуственное оплодотварение кылсаңыз болот да. 150миң рубльдай экен. Эжекем деле төрөгөн эмес, төрөй албай жүрөт. Эгер такыр төрөй албасам ошондой кылам дейт. Так что азыр өнүккөн заманда баары болот. Кейибеңиз, жалгыз жашайм деп алдын ала даярданбай туруңуз.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#17 31 January 2014 - 12:02
Жаш экенсинго, турмуш алдыда буйруса баары болот. Дуба кылып ,жараткандан сураныш керек.
Жонеле ойлонуп, сыгыла беруудон башка ооруларда пайда болушу мумкун.
Буйруса келечекте тороп, Апа болосунго
, ошон учун ден-соолугун чын болгону жакшы.
Жонеле ойлонуп, сыгыла беруудон башка ооруларда пайда болушу мумкун.
Буйруса келечекте тороп, Апа болосунго
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#19 31 January 2014 - 12:28
Озунузду озунуз ар ой менен кыйнай беруудон майнап жок ! Жашоодо алсыз болуунун озу , кайдыгерликке барабар ! Издениниз "эмне кылса болот?" деп, аракет кылсаныз,жемишин жейсиз ! Кошуна эженин келини да боюна бутпой журду, мени коруп коздорунон жашы тогулуп ыйлап "детская матка экем корунбогон врач калбады" деп айтты. Жакшы создорду айтып умут узбой дуа кылышын сурандым . Кайненеси экообуз сырдашып калчубуз(алтын эже да), бир жаман суйлободу келинине ,чуркап изденип журуп бир врачты таап( чет жерден келген экен) бир курс лечение алдырган эле , кийин боюна бутуп ,учурда торооруно аз калды ...(Бишкекте болсонуз, издештирип адресин алып берейин,ырас ал врач кетпеген болсо дале). Умут узбонуз жакшылыктан ! Жаман ойлорду кууп , турмушка аттаныныз ! Жалгыздык - Аллахка гана тиешелуу ! Сизге да тен, тугой болчу жигит бар , озунузду озунуз бактысыз кылбаныз !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#20 31 January 2014 - 12:30
Жалгыз жашайм деп озунузду азыртадан эле таштабаныз.
Биздин уй-булоодо деле ушундай окуя болгон. Женеме да врачтар "детская матка" деп диагноз чыгарып коюшкан, 8 жыл торогон жок. Мындан 2 жыл мурун кыз багып алышкан, ошол эле жылы эркек балалуу болушту, азыр да боюнда бар экен. Бизге кулуп калат" мына апам (кайненесин) бала-бала деп жатып, азыр бакканга да жетишпей калды деп. Сабырдуу болунуз, келечек алдыда

Супер-Инфо
super.kg
видео






















