Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#141 Пользователь офлайн   kom   03 Март 2009 - 14:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Алым сабак айтышып,
Махабатка батышып,
Бири-бирин сындашып,
Бири-бирин кыйнашып,
Форумчулар бул жерде,
Калыптыр го жыргашып.

Андай болсо соз учугун,
Саламым менен улайын.
Жанымай, Happy, AeCHkaнын,
USSR,ЛИМОН, Vaisканын,
Мени талап койо электе,
Ал-аквалын сурайын:
Амансынбы ЛИМОНбай!
Арыбаныз Жанымай!
Салам айтам Vaisга!
Привет сага AeCHka!
Кубанычтамын Happy,
Коруп эсендигинди.
Сурасам USSR ал-жайды,
Журосунбу жайдары?

Тенелем деп силерге,
Тандай катып кеткенде,
Суулап койдум тандайды,
Билдирбестен эч кимге.

Келген элем форумга,
Белсенип жолдош табууга,
Ошондуктан каалоочулар
Мага жолдош болгула.
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Тынчтыкбек   03 Март 2009 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 415
  • Катталган: 26 Февраль 07
  • Соңку аракети: 23 Фев 2013 15:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Кубанып абдан жатамын,
Акындык онор уланып
Жаткан экен кыргызда.
Демек кыргыз тугонбойт
Элимдин мындай бактысы
Жанган экен жылдызда.
Кытай, Ички Монголия, Хух-Хото
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   arhidey   03 Март 2009 - 15:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Жека деген Жаныбек
Жалтырайсыз мынча эле
Жазып кеткен создорун
Конулумо жакты да
Желбиреген байрактай
учуп турат создорун.
Ар тамганын мааниси
Тогулуп турат балга окшоп
Сонун создор жазасыз
Сууга малып жайлайсыз
ороп ороп дегендей
ачык айкын айтасыз
Айтышта айтыпсыз
Ким келип кетет
Кеткендер болсо жазып кетет
Мен ойлоймун эч ким кетпейт
жакшы ачкан бул теманы
суппер деген наамга эээ
Аны тапкан ССРге
Мин мертебе ырахмат дегиле
Кыздардын алдында тик туруп
Майрамды эскертип кетипсиз
эскертууго караганда
Белегин берип кетесиз
Белеги эмне экен деп
Кыздарда уйку болобу
Кантебиз эми кыздарай
Алмагул Аечка Жанымай
Байкадынарбы кыздар ай
Белегим бар кучтуу ай
Деп айткансып жатат
Бул мырза жигитай
Кантсе да жазам тамаша
Тамаша чынга айланса
Болбонуз бизден капа ай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   алмагуль   03 Март 2009 - 17:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 22 Февраль 09
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2009 16:40

ар адамдын башында
ар бир асыл ой турат,
батыра албай башына
чечен болуп ыр курап,
соз байлыгын ташытып,
ары-бери соз жуурат.

акын эмес толгонуп, ыр жазбаган
токмо эмес, оозунан ыр ташпаган
жамакчы эмес ырга-ырды уйкаштырбай,
чандырактап, созго-созду куралбаган.

Мен билгенден ушул жер
акындардын уясы.
Билбесем да ушу жер
айтаар элем ТЕМАЛАРдын мыктысы!

кирдим эле окуйун деп,
бул жердеги ырларды.
окуй калып, бу не шумдук
илхомум кыйнай баштады.

Бирок жазсам ырымды
башкалар менден кыйынбы????
айтор жаза берип сырымды
тыя албадым ыйымды.
бул созумду тушунгондор тушуноор
тушунбогон ар кайсыны жазба деп,
бей куноосуз мен байкушту куноолоор.

ийгилик каалап акындарга ,терен урматто менен Алмагул
Адамдын конулу гул сымал ,бат соолуйт.Аны аздекте!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   ЛИМОН   03 Март 2009 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Алмагул сага раазымын
А балким чон карызмын
Кабыл алып кечиримди
Таарынган кыз чечилдинби
Лимонбайдан капа болбой
Ага кошуп бата жолдой
Эл суйунтчу кыздардан
Чыга келдин Алмагул
Дагыле сурайт элдерден
Кап кылып карындашын
Басып салат эмнеге
Жазганымды тамашалап
Тушунбостон агажан
Жаман кыздын арасына
Кошуп салат эмнеге
Сурай берсен суроо туула берет
Уча турган куштар уча берет
Алмагулум айтарым
Акындар менен айтышып
Артка калбай жарышып
Жыла бергин тырышып
Келечегин алдыда
10 гулундун бироосу
Элек экен ачыла
Акындардын айтышы
Уланып жатат дагыле
Андыктан сулуу Алмагул
Акырын басып жолунда
Комузду кармап колуна
Куулой бергин форумга


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   USSR   03 Март 2009 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жалпына айтам саламды
Форум калкы аманбы.....
Ырынар жакшы баарындын
Суктандырып адамды....
Кулукту кулук коргондо
Торт туягы тыбырайт....
Акынды акын коргондо
Куюлтуп,тогуп ыр ырдайт....
Ынтымакка келбесек
Айтышыбыз ыдырайт....
Акындар начар экен деп
Бут форумда кеп ырбайт....
Жека дос айтты жакшы кеп...
Аялдарды сыйла деп....
Азамат экен Жаныбек
Айткан созго дайым бек....
Жакшы айттын,бали деп
Кенешинди угайын....
Аялзатын урматтап
Жамак создон айтайын.....
Ыраазы болсун Жараткан
Пайгамбарым айткан дейт.....
Бейиш кайда?аялдын
Бут алдында бейиш дейт......
Эзелтен ата-бабабыз
Ардактап кызын остургон....
Тарбия берген жагынан
Озгочо конул болдургон... ..
Журт которуп кочоордо
Шокуло,шайы кийгизген... ..
Ата салтын билдирип
Ардактап айгыр мингизген... .
Тектуу жерден келишип
Жуучулар чыкса соз айткан
Дайындап жасап кыз себин
Той менен кызын узаткан....
Келин болуп барганда
Кайын журттан бата алган.....
Кызматын кылып жакшылап
Ыймандуу келин аталган....
Тарбия берип балдарга
Оз адебин сактаган....
Кайненем жаман чыкты деп
Торкунуно качпаган....
Эмгеги синип кайынга
Тамырын чачып,шактаган. ...
Улгу болуп кичууго
Уулуну турган урматтап....
Азамат аял дедиртип
Айылдын баарын суктанткан. ....
....................
.....
Коптору откон кыргыздан
Жаныл Мырза,Курманжан. ....
Каныкей менен Айчурок
Айта берсек дагы коп.....
Беш куну тынбай токсом да
Бутпосом керек эсептеп....
Оо...аялзат.. ..баары
нар
Ырдадым бугун сизди эстеп....
Жаркырап журо бергиле
Жайнаган гулдой кулпунуп....
Мырзалар болсо унутпай
Турушсун дайым гул сунуп....
Бар болгула баарынар
Силер бар,биз бар эркектер....
Сиздерге арнап ыр сунган
Урматым менен СССР....

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 03 Март 2009 - 19:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   ЛИМОН   03 Март 2009 - 22:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

8-мартка даярданып жургон жигиттерге ичинен сарсанаа болуп турган ЛИМОНдун кербези

Салам алейкум замандаш
Мени менен да саламдаш
Кыргызыма раазымын
Дайым кундой жанышсын
Аялдардын майрамы
Коптон куткон 8-март
Келе жатат жайдары
Ал эми жигиттери
Акчаларын чогултуп
Журушот азыр кайдадыр
Майрам куну келгенде
Тутпой калып баарына
Кетпесе экен алдары
Баарынарга Кудайдан
Чындап эле сурайын
Айымдарга жеткидей
Роза деген куурайдан
Нааразы кылбай суйгонун
Жакшылап алгын конүлү н
Алалбай калсан сен досум
Келээрки жылы 23 нөн
Анда такыр түнүлгү н
8-март өткүчө
Майрамын менен жаным деп
Ак бетинин өпкүчө
Тура тургун таарынтпай
Акын кызын форумдун
Айта кетчу бир нерсе УССР
Келиптир досун АЕЧКА
Жолугам деп сен менен
Күтүп турат эшикте
Анда досум эртеле

андан сон Лимон тамаша чынын аралаштырып форумдун кыздардын эртелеп эле куттуктоого отту

Жаманды жакшы кылган аял
Вазирди хан кылган да аял
деген создон баштайын
Айымдар силер жашоо манызы
Ким таарынтса айымдарды
Өзуно казыптыр чон аңызды
Силерге каалайм төмөнкү нү
Жакын албай журогуно
Кабыл алгын бир озумдон
Азил чыны аралаш
Жаза кетем айланайын
Эже синди карындаш
Кыргызымдын кыздары
Силерсинер жылдыздары
Карангы тундо асмандын
Келе жаткан 8-март
Майрамынар кут болсун
Кулуп жайнап жургулочу
Серпе кагып кирпигинди
Эч бир жанга корсотпой
Катып журчу киндигинди
Кыргыз кызы дайыма
Үлгу болгон башкага
Ошолордун жолун жолдоп
Унутпагын кимдигинди
Келе жаткан майрамын
Суйгонундон белек алып
Роза гулдой жайнагын
Ачык болсуп маанайын
Ошону сага каалаймын
Акчасы жок калгандар
Белек берсе азыраак
Тушунбостон жанайым
Капа болуп калбагын
Бирде жигит жоо журот
Бирде жигит тоо минет
Болуп калса акчасы
Журу жаным келчи деп
Ресторанга киргизет
Келе жаткан майрамын
Конулдуу болсун ардайым
Кыргызымдын кыздары
Силерди дайым сыйлаймын


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   USSR   03 Март 2009 - 23:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кайрылып келген Аечкасына журогу эрип,создун гулдорунон терип,дене-бою бир башкача жибип,соз берметин кыналыштыра тизип,баягы сапсары арстан жок,алда нени ойлоп,комуз ордуна кылыч кармап,куунун коштоосу жок,кадимки Барпы акындын ыргагына салып СССРдин айтып турган жери.....
Ар ким айтат суйгонун
Акылына туйгонун
Айланып келдин адашпай
Аечка менин суйгонум....
Кар калындап калындан
Кайкалай буткон далындан
Кыйшайта кийген шляпандан
Мышыктай болгон назындан.....
Арманым ашып кетчудой
Абалым айтсам башынан
Сагынып сени жургонум
Акылманым,татынам. ..
..
Озун байкап отупсун
Аватарым алмашкам
Темирден кийим кийгизип
Колуна кылыч карматкам... ..
Баатыр болуп эр журок
Бийкеч издей баштагам
Суктандырган баарысын
Коп кыздарды талашкам....
Аечкам кетти кокуй деп
Арман ырын коп айткам
Энгиреп ыйлап эзилип
Элдин баарын тажаткам....
Келгенин жакшы келипсин
"Куйоонду" эстепсин
Эсимди эки кылбачы
Экинчи эми кетпессин... ..
Шок кыздардын тизмесин
Озун окуп билипсин
Ичинен тандап бироону
Ала бер деп кетипсин....
Алтыным сени коргондо
Качып кетти коп кыздар
Кадырынды сыйлашып
Жок дешет эми шок кыздар.....
Отоору жок озундон
Жалжылдап жанган козундон
Сериалды эстесем
Санаалар санга болунгон.....
"Кемпир-чал" болуп кайрадан
Сериалга баралы
Кыйырга чейин угулуп
Кош жылдыз болуп жаналы.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   USSR   04 Март 2009 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Жаным жигит жактыбы?
Жылуу созум кактыбы
Болгун келсе суйгонум
Болгун жаным анда шер

Аял кетсе тошок жанырат
Эркек кетсе андан эмне калат?
Шыгыраган кыз-балдар
Жаныртканга тошок калбайт

Салыштырсам дагы айтасын
Эркекке сен тенелбе деп
Тенелсем да мен эркекке
Аял экеним ачык- анык

"Упчу" бар менде, сенде жок
"Инин" бар сенин, менде жок
Салыштырууга болбойтко
Кандай дейсин мен да шок.

Бирок жаным айтамын
Мен эркек деп секиргенге
Айта турган созум бар
Кээ бирине караганда
Эркектик сапат менде бар.

Суйушкум келет сени менен
Обушкум келет эгер билсен
Бул эмне экенин билесинби
Же уйронуп анан келесинби?

Жазганына караганда
Жаным жигит жаштайсын
Сегизди мен чаптым деп
Мактанасын, жайнайсын

Берчу жообун даяр болсо
Жаным жигит кутом сени
Айтышууга дайым даяр
Эжекенди тындагын.

Ооо...корбой калган экенмин
Жазганын ушул "эжемдин"
Ойлонбой эле оодарып
Жообумду жаза берейин....
Азамат бир жигитке
Ажалдуу кийик жолугат,
Колго тушкон коенду
Кое берген онобу....
Соз кезеги келгенде
Айтпай койсом болобу,
Жармашып алган Жанымай
Кой десем озун болбодун....
Капканды тосуп тородун
Чаяндай жайып торлорун
"Упчу"ну кайра эскертип
Бир айтып эки койбодун....
Айтышам деп чакырып
Жигиттерге тойбодун,
Тийишип кордун баарына
Лимонго да Вайсына....
Аечкам келди токтот деп
Тушундуруп айтты элем,
Болбосо деп кызганыч
Мен айтыштан качты элем....
Макул десен сунушка
Сени деле алайын,
Аечканын устуно
Токол кылып алайын...
Лимон досту чакырып
Ак никени кыйдырып
Форумда чон той откором
Калын калкты бут жыйып....
Тойбашы болсун Барс досум,
Куйоо жолдош-Вайс досум,
Жека болсун тамада
Коп онор керек ага да.....
Коншу-колон форумдан
Чакыралы коп конок
Жайлоодон айдап келинген
Уйур-уйур флуд сойсок....
Алмагуль менен Архидей
Кызматын кылса эринбей,
Дасторкон жайып,чай куюп
Жаны келген келиндей.....
Алты бакан орнотуп
Ойношсун кыз-келиндер,
Аргымак атын жулкунтуп
Кокбору тартсын жигиттер....
Тоо баштаган тогуздан
Калынды толойм коркпогун,
Кыйналсам жардам беришет
Форумдагы досторум....
Мына менин сунушум
Ойлонуп кор Жанымай
Макул болсон билдирип
Жазып койгун Жанымай....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   AeCHka   04 Март 2009 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аечканын берген СССРге жообу:

Саламдашып ырдамак
Салты болот акындын
Салам айтпас жан барбы
Урматтуу кыргыз калкымда
Жаным жигит амансынбы
Саламдашып алалыкпы
Сагыныпсын сен мени
Сагынттырдым мен сени
Коп энседим озунду
Коргум келип козунду
Элестетип олтурам
Сени суйгон чагымды
Келдим бугун кашына
Ээрчип журсом багына
Суйгон сендей жигиттин
Суйуусу болор бекемин
Кеттим эле форумдан
Келбейм дегем кайрадан
Сагынып сени кыйналдым
Кирип алып кайра уялдым
Суранды менден бир досум
Кирсенчи деди форумга
СССР сени сагынып
Калатко деди асылып
Аядым сени суйгонум
Сен учун катуу куйомун
Экообуз кол кармашып
Ашабыз ашуунун кырын
Кечирим сурайм жалпындан
Озгочо сулуу кыздардан
Жактырып менин жигитимди
Калсан сен кечир эжекенди
Шонтседа кыздар аракет кыл
Ким билет, балким суйуп калаар
Жаныртса эркек тошогун
Айла жок ага кономун
Айтам жалпы форумга
Келди кайра Аечка
Ат салышып, ыр токушуп
Жарышканга мен даяр

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 04 Март 2009 - 01:45

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Maika   04 Март 2009 - 01:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 824
  • Катталган: 23 Август 08
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

OOO aechka jakshyle kyldyn.....
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   ЛИМОН   04 Март 2009 - 07:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Эй майка сен абайлап суйло бияка кирээрде макулбу


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   USSR   04 Март 2009 - 08:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кайран акын Лимонбай
Бул эми кандай жазганын?
Жооп жазып Майка постуна
Теманы "чаттап" таштадын..... .
Эки ооз созду курадын
Эмне,тугондубу ырларын?
Тийишип эле журосун
Бут баарына кыздардын... .
"Эй,абайлап суйлогун" дедин
Майканы мынча кекеттин,
Кыздарды сыйлап журушу
Парзы болот эркектин.....
Байкасам сени башынан
Катуу чыга баштадын
Лимондой болбой кыпкычкыл
Таттуу чыга баштадын....
Мырзалардан буйтадын
Жекеме-жеке чыкпадын
Айтышкан чыккан кыздарды
Четинен "туздап,чыктадын" ....
Алмагуль сага таарынды
Ошону менен жок болду
Аны ээрчиген Архидей
Артынан чогуу жоголду
Жаркылдаган Жанымай
Эми менин токолум.
Жетпей калып кыздарга
Лимон досум "лох" болдун....
Майкага эми тийиштин
Баары бутуп башкасы
Отунуч,ушул кызды жон койчу
Ал-СССРдин Майкасы...
Тумшуктууга чокутпайм
Жылкы мунозго тептиртпейм
Карап тургун Лимон дос
Сени Майкага жакын келтиртпейм. ...
....................
...
Кызык жери кобойсун деп айтыштын
Катуу кетип тамаша жазганым чын....
Таарынчак элен ЛИМОН дос,
Болбосун мага сакталган кек,таарынычын....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   janymai   04 Март 2009 - 09:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 01 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Дек 2013 20:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Комузун куулоп Жанымайдын СССРге берген жообу:

Ооп, бали жигит баракелде
Жанымай берет жообун кечиктирбей
Сен чылап журуп албайм бир нече кун
Даярмын жооп бергенге бачым эле.

Алдына айтам сага саламымды
СССР бажырайган амансынбы
Аечкан келип унун чыккан экен
Катынга жашынган эркек оноор бекен

Жабышып калыпмынбы жигитке мен?
Жазканмын "упчуну да" эскертип мен
Сенден чыкты "упчу" деген татына соз
Оо,жигит ага жетпей жургон жигиттер коп

Айтыпсын токолдукка аламын деп
Кантседа кыйалбадын мени бир топ
Аечкан келбегенде жазаар белен
Аечкандын устуно алаар белен.

Журогундо калтырдымго мен сезим
Болбосо качпас элен жашынып
Унчукпас макул болот баарына
Ойлондунго копко чейин сызыла

Бирок жигит, болбоймун мен токолун
Биринчин да болбос элем ойлонуп
Жаздым токуп ырлардан мен сап кылып
Болсун дедим кызыктуураак бул айтыш

Макул жигит, качпай жазгын жообунду
Жигит болсон тушунгун менин оюмду
Акындарга каалап кетем ийгилик
Болсун дайым биздин жерде досчулук

Билдирүүнү түзөткөн: janymai: 04 Март 2009 - 09:12

Мен бул жөнундө эртең ойлоном...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   ЛИМОН   04 Март 2009 - 09:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

АА бул болсо кыздардын кулагына лапша илген УССРга



Оо кычздардын коргоочусу
Атырылбай коетурчу
Абыдан салам айтайын
Комузду куулоп алайын
Рахмат айтам кенешине
Ачып койдун козумду
Буттунбу айтып созунду
Кызжандуу неме ондоносун
Бир эмес коп селкилердин
Алтындай башын айлантып
Эки жуздуу неме коруносун
Сакташым керек кыздарды
Кантип айттын бул созду
Угуп алып жан досум
Аябай бетим кызарды
Суйгонун АЕЧКАнын
Кетишин кутуп тургансып
Токол кылып ЖАНЫМАЙды
Экинчи жузун жылмайды
Талабын тартып калыпсын
Эркелеген МАЙКАнын
Аны дагы запаска
Сактап койгон турун бар
Кызды суйсон онду суй
Тогузун кой запаска
Кетип калса бироосу
Эсептеп кой ал багажда
Бул соз сага ылайык
Аялдарды сактамай
Менин парзым Лимонбай
Бул созунду айтпачы
Койчу деги мактанбай
Суйуу болот бироо гана
Кадырын билет суйгон гана
Аялдар үйүрдө гү байтал эмес
Аларга тенегидей айбан эмес
А сенболсо аларга
кыйкырып жургон айгыр эмес
Форумдагы акын кыздар
Токол болуп тийгидей
Алар сага жубан эмес
Аппетитин шумдук экен
Кулагына лапша илсен
Кыздар сага жабышты
Кулак менен суйот деген
Боло турган кеп экен
Архидей менин суйгонум
Жанымай менен Алмагул
Алар эмес жармагул
Андыктан досум Акебай
Коп тийишпей ЛИМОНго
АЕЧКАНДЫ колтуктатып
Уктай бергин конуругун тартып
Чоное элек МАЙКАнды
Баю баю баю деп
Ырдай тургун сен досум
Уктап калса ал кызын
Жылуу жатып укта деп
Жаап койгун чоооооооон майканды

Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 04 Март 2009 - 09:24



















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   USSR   04 Март 2009 - 09:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ээ Лимонум,Лимонум
Кегинди абдан туйупсун
Тийише коюп сен мага
Башына балээ уйупсун.....
Адырандап чаптырбай
Аттын башын бери бур
Сага жообум берейин
Чычалабай угуп тур....
Калп айткан менен болобу
Кыздарды коп ойлоймун
Журокто жаз,махабат
Анан кимди ойлоюн....
Суйгонум бироо-Аечка
Жанымай болсо токолум
Аечка болсо он колум
Жанымай анда сол колум....
Алмагуль менен Архидей
Кенжеси ушул айтыштын
Экооно тишин сындырып
Сен Майкага асылдын.....
Коколоп кетип конулун
Анан мени качырдын
Зеригип калган форумду
Бир кызыкка батырдын.....
Жакшы кенеш бар эле
Мен айтайын,сен тында
Майканы эч ким ээлебейт
"Акеси" мен турганда....
Алмагуль менен Архидей,
Жанымай менен айтыштын
Тишин отпой аларга
Уч тишинди сындырдын.,. ..
Эми мага оттунбу
Акылын менен иш кылгын
Тиштерин баары сынбасын
Абайлап досум жооп кылгын....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   USSR   04 Март 2009 - 10:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жанымайдын жамагына жаны жыргап,ар нерсени кошуп ырдап,СССРдин куулонуп алган кези.....
Жанымай деги бул эмнен
Жаным деп мурун айтчу элен
Аечка келип озгорду
Мага кылган мамилен....
Коркпо Аечка сулуудан
Мышыктай жумшак ал деген
Сени озу сунуштап
Токол кылып ал деген....
Аечка жакшы аял го
Журогу чон,кепкенен
Токол болуп сен барсан
Болуп албайт "кайненен" ....
Илгертен ата-бабабыз
Аял алган экиден
Токтоосу болуп "байбиче"
Токолун алган эркеден....
Бир жигитке жети кыз
Туура келет эсепте
Сага жакшы "шанс" келди
СССРди сен "теппе" ......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   arhidey   04 Март 2009 - 10:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

USSR АРНАЛА ТУРГАН СОЗДОРУМ.

Салам айтам СССР
Тушунбой калдым мен сизге
Жазат болчу бул жигит
Жанга жакын создорду
Адашпасам бул жигит
Сол жагынан турганбы
Туруп туруп тийишип
Лимонго каршы чыкканбы
Чычалатып Лимонду
Лохко чейин алып барганбы
Тушунбой калдым СССР
Кыздардын барын суйупсун
Суйдуруп кийин куйупсун
Алыпсын Аечканы он колум деп
Жанымайды алыпсын Токолум деп
Жайлаптыр Жаным ай жообун
Токолун болбойм мен сени деп
Ордунда болсо Жанымайды
Берет эле ар бир ак куу
Куп ушундай жоопту.
Биринен отуп бирини
Суйупсуз журок экидей
Барынан да кучтуроок
Майкан катуу суйгонбу
Лимондон коргоп кетипсиз
Кыз раазылыгын албай эле
Тойду баштап жиберипсиз
Анысы аз келгенсип
Алмагул менен Архидейди
Кызматка катырып койупсуз
Мейман болсо бул кыздар
Торго отсун дебепсиз
Колуму салып суук сууга
Жарылтып мага эмне пайда
Жакшысы кызмат кылгыча
Айтыштан четтеп кеткеним
Онбу дейм озунчо кайгырып
Айтышта болот мындай кеп
Айгырдай секирген уят дейм.
Ошондуктан кайгырбай
Же айгырдай аттанбай
Атасы болгон теманын
СССРге ийгилик каалайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   ЛИМОН   04 Март 2009 - 10:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Анда эле кайрадан ЛИМОН сахнада УССР га жооп ыргытып турган чагы

Угуптур анда сен досум
Угуп буттум мен созун
Байкап корсом УССР
Тобон кокко жеткендей
БИроо мээге тепкендей
Ондоносун сен досум
Эч кимди озуно тенебей
Буппутун болгон тишиме
Тийиштин сен кенебей
Козунду ач сен досум
Башкаларды жок дегенде
Тенеп койгун кенеге
Текеберлик жаман иш
Кудайга да башкага
Чындап жакпайт эх досум
Анда эле дуйнодо
Болдун досу шайтандын
Досум туура айтыпсын
Жанымай менен айтыштым
Аяктабай айтышты
Алдым анын алкышын
Чын чычалайт демекчи
Кылган иштин сонунда
Каарданбагын сен досум
Абайлап жооп кылгын деп
Болбюосо тишин сынат деп
Адырандаба сен досум
Биринчи кордум сендейди
Аялдарга коргонгон
Он колу кылып Жанымайды
Жетпей калса сол жагына
Жылдыра калат Жанымайды
Кенжеси кылып Алмагулду
Ага кошуп Архидейди
Кылып алдын желдеттери
Же алар макул болсочу
Олкону да уйду да
Ажону да мени да
Жигит коргойт кыз эмес
Коргонгон болсо кыздарга
Ал чыныгы эр эмес
Аша чаап сен жигит
Тенине албай эч кимди
Коодонунду которбо
Арданганын сен жигит
Эч бир жанга коргозбо
Уят болот жигитке
Ызырынып каарданып
Болбогон иэле бир ишке
Онорун бар экен бааладым
Сага тынчтык кааладым
Сени менен буюрса
Нооруз майрам келгиче
Айтышууну кааладым
Аман болсом ардайым

Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 04 Март 2009 - 10:35



















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   ЛИМОН   04 Март 2009 - 11:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

ЛИМОНдун ЖАНЫМАЙга конул айтып турган убагы

Эх Жанымайым кыйналдын
Лапшагон досум УССР
Токол кылып алам десе
Макул болбойм сага деп
Анча неге ыйладын
Болбогон созго чычалап
Биринчи да болбойм деп
Анча неге кыйналдын
Боло берет турмушта
Чындап келсе Жанымай
Мунун баары лапша гой
Карабаса ал досум
Колумду сунам мен тосуп
Токол эмес суйуу эмес
Болуп берем чын досун
Суйуум менин такыр башка
Жол бербеймин алдашка
Баардык ишти биргеликте
Кенешели кесели
Нааразы кылбай бирибизди
Ынтымак жашап бул дуйнодо
Омур гулун кечели
Айтышка чыгып биргеликте
Акыйлашып кетели
Акырында айтыштын
Капа болбо досум деп
Кечиримди берели
Азыр болсо акырындап
Алга жыла берели
анда сага ийгилик

Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 04 Март 2009 - 11:45



















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 15:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: