Саламатсыздарбы?
кант диабетинен кантап арылууга болот. Алдын ала рахмат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кант диабети...
#2 11 January 2013 - 11:15
Кант диабети жөнүндө фактылар:
- Диабет менен жабыркаган адамдардын 46 пайызы 46 жаштан 59 жашка чейинки жарандар.
- Кант диабетинин кесепетинен бир жылда дүйнөдө 600миңден көп оорулуулар көрүү жөндөмдүүлүгүн толук жоготот.
- Болжол менен дүйнө жүзү боюнча бир жылда диабет менен ооруган 500 миңдей адамдын бөйрөктөрү иштебей калат.
- Диабет менен ооруган адамдардын жарымынан көбү өзүнүн оорусу жөнүндө билишпейт, кээ бир өлкөлөрдө бул сан 80 пайызды түзөт.
- Дүйнө жүзү боюнча, 10 секунд сайын бир адам кант диабетинен көз жумат.
- Дүйнө жүзү боюнча ар бир 30 секунд сайын кант диабетинин себебинен амплуатация кылынат.
- Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматтары боюнча бир жылда кант диабетинен 4 миллионго жакын адам өлүмгө дуушар болот, бул дүйнөдөгү бардык өлүмдөрдүн 6 пайызын түзөт жана спидден өлгөндөрдүн деңгээлине туура келет.
Айбай кайгылуу маалыматтарды окуп калып, жаман болуп жатам. Бирок бул факт! Андан эч ким баш тарта албай. Дарт болсо дабасы да болот демекчи, дарылануу жолдору да бар.Мен окуган маалыматтар менен бөлүшүп кетсем.

#3 11 January 2013 - 11:16
Кант диабети кандайча козголот?
Кант диабети бул эң кымбат турган жана дүйнөдөгү кеңири тараган инфекциялык эмес, медицина жактан өмүр бою үзгүлтүксүз жардам кылуусун талап кылуучу оорулардын бири болуп саналат. Ал оор эндокринологиялык оору. Фактыларга таянсак, дүйнө жүзү боюнча 100 млн. адам ооруса, ар бир 5-10 жылда эки эсе көбөйүп турат. Кант диабетинде- адамдын организми инсулинге көз каранды болуп, инсулиндин жетишсиздигинен улам өтө семирип кетүүдөн, тукум куучулуктун кесепетинен, уйку бездердин сезгенишинен да келип чыгат. Уйку безде "альфа" , "бета" клеткалары болот. Альфа клеткалары кантты көтөрөт, ал эми бета клеткалары инсулин иштеп чыгарат. Ошол бета клеткалары жабыркап, организмге керектүү инсулин чыкпай калганда кант диабети пайда болот.
Инсулин жана аны ойлоп тапкандар
Кант диабетин учурунда аныктабагандыктан же аны жетишсиз дарылагандын кесепетинен келип чыккан оорунун өтүшүшүп кетүүсүн дарылоо үчүн коом тарабынан миллиард долларга жакын каражат сарпталат. Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдардын саны 2010 жылдын 1-январында 30415 адамды түзгөн. Бүткүл дүйнөлүк диабет күнү 1991-жылдан баштап жыл сайын 14-ноябрда окумуштуу Фредерик Бантигдин туулган күнүнө карата белгиленип келет. Ал 1921-жылы Чарльз Бест менен октябрь айында инсулинди ойлоп тапкан жана ал үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ошол күндөн тартып, кант диабетин дарылоодо инсулиндик заман башталган. Диабет менен жабыр тарткандар үчүн инсулин бул өмүр, ал суу менен абадай зарыл! Инсулинди колдонбоо- өмүргө тобокел жасагандык деп айтып келишет.

#4 11 January 2013 - 11:21
- Кант диабет оорусу эмнеден пайда болот?
- Организмге инсулиндин жетишсиздигинен улам кант диабети пайда болот. Ал биринчи жана экинчи баскычтарга бөлүнөт. Биринчи баскычта өспүрүмдөр, жаш балдар, ал эми экинчи баскычтагы кант диабетине 40 жаштан жогорку адамдар, жашы өтүп калган карылар чалдыгышат. Жаш балдардыкы ар кандай себептерден улам пайда болот, мисалы, кызамык (краснуха) же бат жугуучу оорулар менен жабыр тартканда кант диабети пайда болушу мүмкүн. Ал эми жашы өткөндөр бат семирип, салмактын жогорулашынан , уйку бездердин иштебей калышынан улам пайда болот. Кээде тукум куучулук менен да берилет.
- Оорунун алгачкы белгилери кандай?
- Биринчиден адам суусап, сууну көп иче баштайт. Алы кетип, суу ичкен сайын баттан заара кылат, абдан арыктайт. Эгер бул белгилерди байкаганда дарыгерге кайрылбаса өтүшүп кетет да, көзгө таасирин тийгизет.
- Кандай түрлөрү бар?
- Кант диабети жеңил жана орто оор, жана оор агым болуп үчкө бөлүнөт. Кант диабетинин оор түрү абдан коркунучтуу анткени, оору күчөп кетет да, көзү көрбөй же бөйрөктөрү иштебей калат. Буттардын нерв системалары иштебей калышы мүмкүн.
- Мындай дарттарды кандай жол менен дарыласа болот?
- Кант диабетинин биринчи бөлүгүндө балдар башынан баштап эле инсулин ала баштайт. Анткени, алардын организми эч нерсе бөлүп чыгарбайт, ошондуктан инсулин куюууга туура келет. Экинчи түрүндө эң биринчи ооругандан баштап таблеткалар бериле баштайт. Кант диабети бул айыкпай турган оору, канчалык дарыласа деле, баары бир инсулин менен жашап калышат. Уйку бези инсулинди бөлүп чыгара албай, чарчап калат. Мындай учурда атайын инсулин куюп, кант диабетин көзөмөлдөп туруу зарыл. Дарыгерлерге кайрылгандардын 80 пайызы кант диабетинин экинчи түрү менен жабыр тартышат. Алардын ичинен аялдар көп кездешет. Көбүнчөсү кант диабети бар экенин билишпейт да, таптакыр арыктап, болбой калганда кайрылышат.
- Бул дарт башка кандай оорулар менен байланыштуу?
- Кант диабети жүрөккө таасирин тийгизет. Алар инфаркт же инсульт болушат. Кан басымы жогорулайт, бөйрөктөр иштебей калышы мүмкүн.
- Диетаны кандай кармаш керек?
- Кант диабет оорусу менен ооругандар диетаны катуу кармоосу зарыл. Майлуу, чучук, казы- карта, таттуу жана камыр тамактарды токтотуп, жеңил витаминдүү тамактарды жеп, жашылча жемиштерден жүзүмдү, коонду, жебеш керек.
Картошканы суюк тамактын ичинде гана жегенге болот.
- Элдик медицинада дарылаганга болобу?
- Элдик медицина менен кант диабетин дарылыганга болбойт. Сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кантты өлчөтүп, инсулин алышы шарт. Ал эми жаңы башталып аткан учурда диетаны кармап, башталуу этабында, кантты түшүрө турган чөптөрдү кайнатып ичип турууга болот.

#5 17 February 2013 - 03:36
kant diabet ooru emes et obra jizn jense bolot anu en jakwusu dieta i insulin 1 tiptegilerge kstati suiuktuuu bu makalalardu kaidan alup jatas 50x50 goooooo
#6 23 May 2013 - 12:59
менин атам ушул оору мн оруйт , дагы кененирээк маалымат бериниздерчи :канттын нормасы канча болуш керек,эмне жеш керек эмне ичиш керек анан дагы тиштери ,мулктору ооруйт ага не кылыш керек сураныч билсениздер жазыныздарчы алдын ала рахмат
#7 10 January 2014 - 21:05
Бул макаланы кант диабети менен ооруган адамга окуп берсен инсульт болот го...
#8 19 January 2014 - 01:27
мумкун болушунча инсулинге отпогон жакшы,анткени оруп калган учурда инсулин
жок б.п калат же срогу отуп кетет,угушумча АЛГЫ деген осумдук бул ооруну туп тамыры м.н жок кылат экен

#9 20 January 2014 - 01:07
Менин таятамда ушул оорудан аябай жабыр тарткан,диетданы сактап, камыр тамак жебей,кайнатылган суу ичуу,же тайенем жазы,жайы максым жасап коер эле. Узбой максым ичип турчуу,анткени бат-баттан суусап тургандыктан максым суунун кандыраар эле
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 20 January 2014 - 10:09
Мен 2008-жылдан бери диабетикмин.
убагында глико-гемоглобин 21 чыгып кеткен азыркы кундо 5-6 дана отпой жакшы болуп калганмын. Инсулин албай эле даарыланып,
элдик мединицинаны да колдонуш керек деп эсептейм. Негизи 1 кашык гресканы 1 чыны айранга чылап (бышырбай) эртен менен жана кечинде жееп турса жакшы болот. Диетаны жакшы сактап кунуно 5-10 чакырым жоо басыш керек. Тайэжемди диабетик оруусуннан сакайдын деп, учеттон чыгаргандан бери, мен да катуу аракет кылып журом. Бишкекте Жолдошова Агына эжеден даарылангандан бери зумду жакшы сезип суйунуп журом.
#11 31 January 2014 - 13:09

Таежениз кантип даарыланыптыр кененирээк жазып кетсениз сизден сураныч
#12 31 January 2014 - 18:41
Таежениз кантип даарыланыптыр кененирээк жазып кетсениз сизден сураныч
Диетаны катуу сактап кунуно 5-10 км басып, эртен менен ачкарын 1 чай кашык имбир, 1 чай кашык куркма, 1 чымчым сейдена кайнак сууга дамдап ичип алат. Айранга гречканы салып эрте кеч жеп жургон калганын толук билбейм деле телефондо эле суйлошуп турабыз.
#13 03 March 2014 - 15:51
канттуулукту тушурууго дары чоптор:аралашма ит уйгак,долоно гулу,жалбырагы,
фасоль,черника,
зыгыр,алгы тамыры,валерианка тамыры,жоо тармал чоп,жугору чачысы,чалкан,
чатыраш..буларды кургатып,демдоо керек
Aлга !
#15 21 August 2014 - 15:23
"Диабет оорусун жок кылса болобу билгендер болсо,Оюнарды айтсанар"
темасы менен бириктирилди.
Armin_van_buuren , теманы туура бөлүмгө жана толуктап ачыңыз. Кайталанма жана маңызы окшош тема ачуудан алыс болуңуз.

#16 23 August 2014 - 11:00
Кант диабети менен ооругандарга тамактар
Кант диабетин дарылоодо зарыл бир шарт - диетаны жакшы көзөмөлдөө менен бирге рационунан ун, кант, таттуу жана майлуу тамактарды таптакыр алып салуу. Тамакты ченеп жеп, оорулуунун өзүнүн ден соолугуна кам көргөн биринчи белгиси болот. Тамакты эч убакта бул оору менен ооругандар ашыкча жебеши керек. Негизи кант диабети менен ооругандарга эң башкы эреже болуп уруксат берилбеген азыктардан баш тартуу болуп эсептелет.
Кант диабети менен жабыркагандар туура тамактануу үчүн эки топко бөлүнгөн азыктар менен тамактануусу зарыл. Алардын биринчи тобуна эч кандай чеги жок жей бере турган азыктар кирсе, экинчисине аз өлчөмдө чек коюп жей турган азыктар кирет. Ал эми тилекке каршы таптакыр жебей, баш тартып, алар тууралуу биротоло унутуп коюга да туура келген азыктар бар. Эми ушул үч топко бөлүнгөн азыктарды жакшылап билип алганыңыз жана аны кармаганыңыз жакшы. Ошондо гана ден соолугуңузга зыян келтирбей, чың ден соолукта жашап, бул коркунучтуу ооруу менен күрөшө аласыз.
Кандай жемиштер пайдалуу?
Кант диабет оорусуна чалдыккандарга эң пайдалуу азыктар болуп сабиз жана помидор эсептелет. Ошондой эле баклажанды жана кичинекей ашкабакты колдонуу да пайдалуу. Аларды бир аз ыштап алыш керек. Себеби ушундай абалында жемиштерди даярдоодо касиетин көпкө сактап калышат.
Кандай азыктарды жегенге болбойт?
Коон, инжир, жүзүм жана мейизди рациондон чыгарып ташташ керек. Ошондой эле глюкозага бай азыктарды колдонуу өтө коркунучтуу. Анткени, алар канга бат сиңип, дароо кандагы канттын өлчөмүн көтөрүп жиберет.
Пайдалуу мөмөлөр
Мөмөлөрдүн арасынан диабет менен ооругандарга алма, апельсин, лимон жана кара өрүк пайдалуу.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#17 23 August 2014 - 11:02
Тамактануунун эрежеси
Күнүнө жок дегенде 5-6 жолу өз маалы менен калтырбай тамактанып туруш керек. Ошондой эле ачка болуп баратканда аны бир стакан айран, чай же пайдалуу, уруксат берилген жер жемиштерди жеп басып коюш керек. Тамакты жай, жакшылап чайнап жеш керек.
Тамакты дайыма чеги менен жеш керектигинин себеби, организмге кошумча глюкозалык күчтү туудуруу эмес, а эң башкысы мындай оору менен ооруганда организмдин эс алып туруусу жана жеңил болушу зарыл экендигинде. Анткени, тамакты сиңирүүдө көп энергия, күч кетет. Ошондуктан тамактануу жеңил жана өз маалы менен болгондо энергия сакталып, кант оорусу менен күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ар бир ооруда тамактануунун өзгөчөлүгүн дарылоочу дарыгер жакшылап түшүндүрүп жана көзөмөлгө алып турушу керек.
Тамактанууга оорулуу канты көтөрүлүп кеткенде эле көңүл буруп, көзөмөлгө алганы туура эмес, дайыма баары жакшы болуп калганда да, канттын өлчөмү эң төмөнкү деңгээлге түшкөн учурда да дайыма көзөмөлдөп, туура тамактануусу зарыл. Ошондо гана аны жеңе алаарыңызды унутпаңыз.
Эгер сөз экинчи топтогу ооруу тууралуу болуп жатса, анда оорулуулар тамакты чектеп эле калбастан, ар бир жеген азыкка көңүл буруп, уруксат берилбеген тамактарды таптакыр чыгарып, унутуп салып, кылдаттык менен тамактануусу керек болуп калат. Кайдыгерлик кылып, ден соолугуңузга чоң зыян келтирип, өзүңүзгө да айланадагыларга да чоң зыян келтирип койбоңуз. Туура тамактануу менен бул кургур ооруну оңой эле жеңип коюуну эстен чыгарбай, дайыма позитивдүү жашап, эч нерв коротпоңуздар.
Кант диабети менен ооругандарга атайын арналган же уруксат берилген азыктарды баардык жактардан тапса болот.
Сиз каалаган таттуу тамактарды өзүңүздүн фантазияңызга, таланттыңызга салып жасап, андан ырахат ала берсеңиз болот. Ошондуктан уруксат берилбеген, чек коюлган тамактарга көз артып кереги жок. Өзү убактылуу желе турган тамакпы же жашай турган өмүр маанилүүбү? Муну да унутпаңыз. Ар түрдүү салаттар, тамактар, ал тургай таттуу тамактарды да пайдалуу азыктар менен жасап алсаңыз болот. Таттуулардын, печеньенин түрүн жасап, жей бергенге уруксат берилет, эгер ал туура жана уруксат берилген азыктар менен даярдалса. Мисалы, жумуртканын агын коюу көбүккө келгенче чайып, бир аз кант кошуп, бөлүк-бөлүк кылып мештин табагына салып, ысык меште бышырып, кургаганча коюңуз.
Кант диабети эмнеси менен коркунучтуу?
Кант диабети жылдан жылга өсүп, анын курмандыктары көбөйүп олтурат. 14-ноябрь Диабетке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет. Азыр ааламда бул оору менен 200 миллиондой адам жабыркап жаткан чагы. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул ооруну XXI кылымдын "инфекциялык эмес" эпидемиясы деп атаган.
Кант диабети деген эмне?
Канда глюкозанын жогору болушу менен байланышкан өнөкөт оору же башкача айтканда гиперлейкемия абалы деп аталат. Муну менен балдар да, чоңдор да жапа чегишет. Ал биринчи типтеги жана экинчи типтеги диабет болуп өз ич ара экиге бөлүнөт.
Биринчи типтеги диабетте организмде инсулин аз иштелип чыгат же таптакыр жок болот. Анда вирустук инфекциялар, курчап турган айлана-чөйрөнүн терс таасири, туура эмес тамактануу чоң роль ойнойт. Экинчи түрү менен негизинен ашыкча салмактагы чоң адамдар оорушат. Аларда инсулин жетишээрлик өлчөмдө иштелип чыкканы менен организм гормондордун таасирине начар жооп бергендиктен, инсулиндин жетишсиздиги пайда болот. Диабет оорусу менен жапа чеккендердин 90 пайызы экинчи тибине киришет. Кант диабет оорусу дүйнө жүзүндө кеңири таркап, өнөкөт оору болгондуктан адамзаттын медициналык жана социалдык проблемасы болуп саналат.

#18 14 November 2014 - 20:24
Жалпы салам! Атамын канында сахары 8 болуп которулуп кеткен экен дары ичип тушурду. Кант диабети менен жабыркагандардын диетасы боюнча врачтар жана билгендер болсо араныздарда жазакетсениздер.
Фруктылардан кайсынынсын жесе болот, болбойт.Таттуу жегиси келет, коланы жакшы корчу.Диетический продукт саткан дукондор барбы Бишкекте?"
зиро" кола ичеберсе болобу ?нормасыга жеткенде диета кармабай койсо болобу? Алдын ала ыраазычылык!
#19 14 November 2014 - 20:30
Сахар которулсо да тушсо да адам ооруйт. Оорунун себеби кандагы инсулин жетишсиздиги.
Семирип кетуу да кант диабетине алып келет. Сунушталуучу жемиштер кок алма кайындын согу жашылча жемиштер. Эч качан Ашказанга нагрузка бербеш керек. Анан тез тез врачтын козомолундо болуп инсулин алып туруш керек.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео