Аьузубиллах ушундайдан сактасын!
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. айткан "Кимде ким толгочуго, козу ачыкка ишенсе анын 40 кундук кылган ибадаты жакшылык иши кабыл болбойт " деген
Аалам сырлары 2 Эфирде
#82 29 January 2014 - 20:12
#84 29 January 2014 - 21:17
ооба,ага кошулам,бирок бул видеороликтегидей болуп биздеги бакшылар дагы "жинди" болобу деп ойлодумда.
байкашымча алардын жанында куран окуса "илхамдары" качып кетет окшойт
Колдун деп ошол кара күчтөр менен иштегендерди айтат
Бирок бул видеодо колдундар эмес эле кадимки жин кирип кеткен адамдар. "Изгнание джина", "экзорцизм" деп ютубдан издесеңер мындай видео толтура.
Канткендеда "оптом" жин чыгаруу үчүн аябай күчтүү (касиети бар) молдо болуш керек. Жөнөкөй киши окуса аны жиндер тоготпойт.
Бирок бул жерде каситеттүү кишилерди - көз ачык деп жатпайбы.
ШИрк дегендей көзү ачык Кудай эмес да ага ишенип кеткидей. Бардыгы өз оорду менен - тезек кабы менен болгону жакшыго.
Жаны доордо адамдарды баардыгы телепат болушат. Телепат дегендик бул бөрөөнүн ойун окуй билүүчү касиет. Ой аркылуу пикир алмашат. Бул мээнин өнүгүшүнөн, андан чыккан мээ толкундарынын күчтүүлүгүнөн болот. Ошондо телепатия деген бул, көрүү, угуу, жыттоо сыяктуу эле сезим болуп калат. Бирок кээбир телепатиясы бар адамдарды да "көзү ачык" деп мөөр тагып жатпайбызбы...
#85 30 January 2014 - 11:40
Бул берууну корбодум,корбойм дагы...козу ачыктар жиндер м.н алака кылышат. Аларды Аллага ширк келтиргендер,
адашкандар деп билем.
#86 30 January 2014 - 13:25
#89 01 February 2014 - 19:18
Тараткыла!
!! Сураныч!!
! Аллахтын ыраазычылыгы учун!!!
Чексиз Мээримдүүнүн ысмы менен...
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге
Кайрылуу
Көзү ачыктар аалам сырларыбы?.. .
же шайтандын ырларыбы...
Коомчулуктун бүйрүн кызыткан, айрыкча айылдыктардын эрмек сөзүнө айланган "аалам сырлары" деп аталып кой терисин жамынган карышкырдай, ыйманбузаар, динбузаар, адамдарды билип-билбестен ыймандан чыгарып, каапырлыктын азаптуу жолуна түшүргөн көрсөтүү бар. Карта кармап, алакан ачып тагдырды алдын-ала айтып, Аллах Тааланын ишине кийлигишип, аз жерден кудайга айлангысы келгендерди даңктап, барктап, алардын базарын кызытып, шайтандын камчысын чабышкан ырысы кем көрсөтүү-берүү.
Төмөндө көзү ачыктарга байланыштуу, касиеттүү шариат текстеринен бир аз маалыматты чогуу көрөлү:
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким көзү ачыкка барса, кырк күнгө чейин намазы кабыл болбойт!" . Имам Муслим. Көрүнүп тургандай бул хадис көзү ачыктарга баруунун арамдыгын, аларга ишенбесе деле, эч нерсе сурабаса деле, жөн эле көргөнү барса деле туура эмес болоорун баяндайт. Намазы кырк күнгө чейин сообу жок калат. Кудай Тааламдын астында кабыл болбойт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким көзү ачыкка барса, ал айтканга ишенсе, Мухаммад алайхис саламга түшүрүлгөн (Ыйык Куранга) каапыр болот". Имам Абу Дауд. Көзү ачыктарга баруу жана айтканына ынануу ыйман алкагынан чыгараарын баяндайт. Себеп дегенде, Мухаммад алайхис салам пайгамбарыбызга түшүрүлгөн касиеттүү Куранга ишенүү менен, шайтан алайхил лаьна алып келген маалыматтарга ишенүү бир бирине коошпойт. Экөөнүн бирине ишенгени экинчисине ишене албайт. Экөөнү бир адамга чогултуу мүмкүн эмес. Имам Ахмад көзү ачыктарга ишенүүнү чыныгы каапырлык (куфрун акбар) деп баалайт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким куштар менен төлгө салса, же кимге куштар менен төлгө салынса, ким көзү ачыктык кылса, же көзү ачыктардын кызматынан пайдаланса, ким сыйкырчылык кылса, же сыйкырчылардын кызматынан пайдаланса, ким көзү ачыкка барып алардын айтканына ынанса, ал – бизден эмес!". Имам Баззаар. Куштар менен төлгө салуу адегенде кайсы бир кушту же чымчыкты же көгүчкөндү колго кармап туруп, асманга учурушат. Кайсыл тарапка учкандыгына, канчалык бийиктегендигине, же дароо эле жерге коно калгандыгына карап төлгө айтышкан. Бара бара адамдардын, жаныбарлардын кыймыл-аракеттеринен төлгө салып башташкан. Мисалы (астынан мышык өтсө жолу болбойт) деген сыяктуу. Ал эми (бизден эмес) деп Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жамаатынан, үммөтүнөн эмес, б.а. мусулман эмес деп таамай айтылат. Кээ бир көзү ачыктар сакал коюп, селде чалынып, жоолук салынып, бисмилла деп сүйлөп, намаз окуп, колуна теспе кармап адамдардын көзүн будамайлашат. Алар канчалык жогорку деңгээлде мусулманчылыктын парздары менен карздарын аткарбасын мусулман деп эсептелинбейт. Кээ бирлери бир нече ирет ажылыкка да барып келген болуусу мүмкүн. Алардын ибаадаты, мусулманчылыкты кармангандыгы, кудайды оозанып сүйлөгөндүгү момун-мусулмандарды алдап азгырат. Сактануу керек. Айрыкча карапайым мусулмандар алардын торуна түшүп калат.
Ибн Аббастан марфууь риваятта мындай айтылат: "Ким жылдыз карап төлгө ачса, (Абжад) тамгаларын жылдыз карап төлгө ачуу үчүн үйрөнсө, Аллах Тааланын алдында жакшылыктуу эч бир үлүш-насибеге ээ болбойт!" . Имам Хумейд бин Занжавуя. Аллах Тааладан жакшылыктуу насибеге ээ болбостук, жамандыктын жеткен чеги. Улук Кудайдын ырайымысыз эч ким бейишке кирмек турсун, бейиштин жытын жыттай да албайт.
Кудай Тааламды таанып, ыйман келтирген пенде:
• Көзү ачыктарга ишенбөөсү керек. Айткандары чындыкка жакындап турган болсо да ишенбөө керек. Шайтандар бир азыраак билгенин айтып жардам берип, көзү ачыктардын кээ бир сөзү туура чыкпаса, айтканынын баары эле жалган чыга берсе анда ким ишенмек эле да, ким шайтандын торуна чалынмак. Кудайдын сыноосу баарыбызга бирдей, татыктуу өтүүнү насип кылсын. Чындыгында, буларды "көзү ачык" деп какшыктап тергегенибиз менен, булар көздөрү караңгы, көкүрөктөрү сокур, ыйманы жок байкуштар.
• Көзү ачыктардын берүүсү болгон "Аалам сырларын" көрүүгө болбойт, үйдөгү бала-чаканы, тууган-урукту да көрүүдөн тосуу керек. Жогоруда укпадыкпы, ишенбестен туруп деле барса кырк күнү намазы кабыл болбойт деп. Ишенбестен туруп эле, жөн эле көрсө да мына ушундай болот.
• "Аалам сырларын" алып баруучуларга, уюштуруучуларга, каражат жагынан жардам бергендерге салам айтуудан, бир дасторкондон тамак жегенден, аларга кыз берүүдөн, ургаачы болсо аларга үйлөнүүдөн, сүйлөшүүдөн сактануу керек чыныгы мусулманмын деген адам. Биринчиден аткарып жаткан иштеринин ыпыластыгын сездирүү, жийиркенүүнү туюндуруу максатта, экинчиден аларга Аллахтын каары келип баштарына балээ түшкөндө жанындагыларга да балээ жабышпасын деген изги тилек. Казанга жакын болсоң карасы жугат дечү беле. Анын үстүнө, көзү ачыктарга жардам берип, алардын базарын кызытып тапкан акча канчалык арам экендигин туйдуңуз бекен? Андан көрө денесин сатып, сойкулук кылып, акча таап жанын бакканы салыштырмалуу түрдө "түзүгүрөөк" болот беле? Же бомж болуп тентип кеткен салыштырмалуу түрдө "жагымдуураак" болот беле?
• Көзү ачыктардын амалы жөнүндө уксаңыз, же каалабаган абалда көзүңүз түшүп калса алардын жамандыгынан сактануу үчүн бул дубаны окуңуз " Аллоохумма, лаа яьтии бил хасанаати илла Анта, ва лаа ядфаьус саййиаати илла Анта, ва лаа хаула ва лаа куввата илла бик". Мааниси: "Оо Жараткан Улуу Кудайым! Жакшылыкты Сен гана берээрсиң, жамандыкты Сен гана кайтараарсың, Болгон айлабыз да, күч-кубатыбыз да жалгыз Сени менен...!" .
Акырында айтаарым, өлкөдөгү ар бир жарандын курсагынын токтугуна, уйкусунун тынчтыгына, ыйманынын бүтүндүгүнө Падышабыз түздөн-түз жооп берет. Ислам дүйнө таанымында парламенттик деген башкарууну тааный албайбыз. Бир адам жоопкерчиликти моюнга алуусу керек. Жыргалын көрүп кууралын тартуусу тартсын. Андыктан Кудай алдындагы жоопкерчилик урматтуу Ажобуз Алмаз мырза Сизге жүктөлөт. Элиңизди каапырлыктын сазынан сактап калыңыз! "Аалам сырлары" берүүсүн токтотуңуз!
Ачка болсок, бир күн тоёрбуз, а бирок ыймансыз акыретке жөнөп кетчү болсо элиңиздин бирөө жарымы, түбөлүк тозокто калып кетет. Омүрүңүздүн узундугун тилеп, элибиздин колунан бейишти көздөй жетелеп акыйкаттын ак жолуна салууңузду үмүт этип, улук Кудайга мунаажат дуба кылып, букараларыңыздын бири.....
Урматым менен Чубак ажы Жалилов
P.S. Болушуп коюнуздар башка туугандарыбыз да билип алышсын, сактанышсын.

#90 01 February 2014 - 20:33
Бул катты жазгану коп эле болду,АША ноль кидать этип койду окшойт...
Озун наркоман...
#91 01 February 2014 - 23:00
мына азыр деле болуп жатат,сыягы чооон взятка менен баарынын оозун жаап таштаган окшойт...
Озун наркоман...
#92 02 February 2014 - 03:08
Бул катты жазгану коп эле болду,АША ноль кидать этип койду окшойт...
АША өзү да ыйык мазарларга президентикке чейин жашыруун барчу деп уккам, Ата -бабаларга Куран тушуруп,
Чисто арабча "понятиеден" тышкары болсок кыргыздын өзүнүн "кыргызчылык" касиеттери бар. Бул тетиги илгерки шаманизмден, теңирчиликтен калган уйюткулуу касиеттер. Арбактар мене сүйлөшүп, сырдуу дуйнө менен баарлашып келген, олуялык касиеттери бар кишилер көп болчу. Алардын духтары азыр деле өздөрү аркалап, өмүр сүргөн жерлеринде, элине жерине көмөк көрүп, көзгө көрүнгүс иш - амалдарды кылып келишеери маалым. Адамзат "преображение" алдында турганда, ак күчтөр менен кара күчтөр адамдардын духтарын талашып, бул жалгандын акыркы замандарында дагы эле күрөшүп келет. Бирок ак күчтөр көп жерде жеңишке жетти...
Деги адамдар кызык, көзү ачыкты Кудайга теңеп ширк деп бири бирин коркутуп үркүтушүп. Кудайдын кудуретине теңдеши жок, ырайымдуулугуна мээримдүүлүгүнө, күч кубатына эч бир жандык кыпындай да теңеле албасын билбейбизби. Кудайды таанууга, түшүнүүгө адамзаттын гана эмес, күчтүү, духтардын периштелердин да акылы жетпесин билбейбизби.
Анан какой-то бир байкуш көз ачыктардан коркобуз. ШИРК деп.
Адамзат дагы эле духовный жактан "детский сад" экенин көрүнүп турат.
#93 02 February 2014 - 20:38
al peredachani korboguloooo suranich. kunnoogo batip kalasinar.. kudaydan korkkula.. al uchun da surak bolot.. alardin kilgani tuura emes...siler korbogulo daje korgondorgo aytkila koruwposun...
#94 02 February 2014 - 20:42
al peredachani korboguloooo suranich. kunnoogo batip kalasinar.. kudaydan korkkula.. al uchun da surak bolot.. alardin kilgani tuura emes...siler korbogulo daje korgondorgo aytkila koruwposun...
Көрүп тыянак чыгарсак болбойбу, булар туура эмес кылып атат деп? Эчтекени көрбөй билбей эле жүрө берсек болобу?
#95 02 February 2014 - 20:44
Мен деле каршымын буларга, кантип эле машинада жаткан адамды билбей калышат деле анан бир үйгө кирип алып эле болгонун болгондой айта беришет тан калам да, ж.б.д.у.с.
#96 02 February 2014 - 23:09
назираны дагы бир жолу тамашалап коюшса болот эле
Озун наркоман...
#97 04 February 2014 - 01:16
АША өзү да ыйык мазарларга президентикке чейин жашыруун барчу деп уккам, Ата -бабаларга Куран тушуруп,
Чисто арабча "понятиеден" тышкары болсок кыргыздын өзүнүн "кыргызчылык" касиеттери бар. Бул тетиги илгерки шаманизмден, теңирчиликтен калган уйюткулуу касиеттер. 1) Арбактар мене сүйлөшүп, сырдуу дуйнө менен баарлашып келген, олуялык касиеттери бар кишилер көп болчу. Алардын духтары азыр деле өздөрү аркалап, өмүр сүргөн жерлеринде, элине жерине көмөк көрүп, көзгө көрүнгүс иш - амалдарды кылып келишеери маалым. Адамзат "преображение" алдында турганда, ак күчтөр менен кара күчтөр адамдардын духтарын талашып, бул жалгандын акыркы замандарында дагы эле күрөшүп келет. Бирок ак күчтөр көп жерде жеңишке жетти...
2) Деги адамдар кызык, көзү ачыкты Кудайга теңеп ширк деп бири бирин коркутуп үркүтушүп. Кудайдын кудуретине теңдеши жок, ырайымдуулугуна мээримдүүлүгүнө, күч кубатына эч бир жандык кыпындай да теңеле албасын билбейбизби. "Кудайды таанууга, түшүнүүгө адамзаттын гана эмес, күчтүү, духтардын периштелердин да акылы жетпесин билбейбизби. "
Анан какой-то бир байкуш көз ачыктардан коркобуз. ШИРК деп.
Алар болгону гана, адамдарга тиги дүйнө бар, көмүскөй көзгө көрүнбөгөн дүйнө бар экендигин айгинелеп турбайбы. 3) Алар болбосо кээбир адамдар, материализмдин түбүндө калмак, каапыр болуп духовный жактан курман болмок. Себеби аларды бир да молдо, духовный жактан "тирилте"
албайт. Бир да киши мечитке сүйрөп баралбайт. "Кудайсыз таш да оордунан жылбайт дегенди унуттукпу"
Кудайдын кандай планы бар экенин эч ким билбейт! Дүйнөдө даже чиркей да бекер жаралган эместигин билбейбиз.
4) Адамзат дагы эле духовный жактан "детский сад" экенин көрүнүп турат.
Чисто арабча "понятиеден" тышкары болсок кыргыздын өзүнүн "кыргызчылык" касиеттери бар. Бул тетиги илгерки шаманизмден, теңирчиликтен калган уйюткулуу касиеттер. 1) Арбактар мене сүйлөшүп, сырдуу дуйнө менен баарлашып келген, олуялык касиеттери бар кишилер көп болчу. Алардын духтары азыр деле өздөрү аркалап, өмүр сүргөн жерлеринде, элине жерине көмөк көрүп, көзгө көрүнгүс иш - амалдарды кылып келишеери маалым. Адамзат "преображение" алдында турганда, ак күчтөр менен кара күчтөр адамдардын духтарын талашып, бул жалгандын акыркы замандарында дагы эле күрөшүп келет. Бирок ак күчтөр көп жерде жеңишке жетти...
2) Деги адамдар кызык, көзү ачыкты Кудайга теңеп ширк деп бири бирин коркутуп үркүтушүп. Кудайдын кудуретине теңдеши жок, ырайымдуулугуна мээримдүүлүгүнө, күч кубатына эч бир жандык кыпындай да теңеле албасын билбейбизби. "Кудайды таанууга, түшүнүүгө адамзаттын гана эмес, күчтүү, духтардын периштелердин да акылы жетпесин билбейбизби. "
Анан какой-то бир байкуш көз ачыктардан коркобуз. ШИРК деп.
4) Адамзат дагы эле духовный жактан "детский сад" экенин көрүнүп турат.
Ушинтип далили жок теорияларды уруп согуп жаза бергенден уялбайт экенсинер да Тенирчи окшойс.
1.Ата бабаларыбыздын арбактары комок сомок корсотпой эле Кудай таала озу жалгыз эле ааламдардын эгеси, асман менен жерди жараткан Аллах берер ырыскысын берип, олтуруп тирилтип а даражалуу арбактар "иллийин" деген убактылуу жерде (кы9матка чейинки) жатат .
2. Козу ачыктарды Кудайга биз эмес силер тенеп жатасынар го. Келечекти Кудайдан башка эч ким билбейт а силер аларды билет деп ишенип жатасынар. Кудайда гана болгон сыпатты башка бироого же нерсеге тануулагандык бул Щирк эмей эмне анан?
"Кудайды таанууга, түшүнүүгө адамзаттын гана эмес, күчтүү, духтардын периштелердин да акылы жетпесин билбейбизби. " Кучтуу духтар дегениниз ким?
3. Эээ уялсаныз! Пайгамбарыбыздын (алейхисалату ва саляму) маалынан бери Исламга дааватта бул козу ачыктарсыз эле элдер ыйман келтирип чын журоктон мусулман болгонушкан жана болуп келе беришет ин ша Аллах. Исламда тескерисинче козу ачыктык арам деп жатса кайра ошол бузукулар аркылуу адамдар ыйман келтиреби?
Эч эле уккан эмес экенмин Аллах адамдарга туз жолду козу ачыктар аркылуу же себебинен келтиргенин бирок тескерисинче молдолордун себебинен туз жолду таап кеткен инсандарды коруп эле журобуз! Молдолор мечитке эч качан суйрогон эмес бирок мен коруп эле журом козу ачыкмын дегендендин судуроп тартып кел келечегини айтып берем, жолуну ачып берем дегендери чектен ашат.
4. Ммм
#98 04 February 2014 - 02:03
АША өзү да ыйык мазарларга президентикке чейин жашыруун барчу деп уккам, Ата -бабаларга Куран тушуруп,
Чисто арабча "понятиеден" тышкары болсок кыргыздын өзүнүн "кыргызчылык" касиеттери бар. Бул тетиги илгерки шаманизмден, теңирчиликтен калган уйюткулуу касиеттер. Арбактар мене сүйлөшүп, сырдуу дуйнө менен баарлашып келген, олуялык касиеттери бар кишилер көп болчу. Алардын духтары азыр деле өздөрү аркалап, өмүр сүргөн жерлеринде, элине жерине көмөк көрүп, көзгө көрүнгүс иш - амалдарды кылып келишеери маалым. Адамзат "преображение" алдында турганда, ак күчтөр менен кара күчтөр адамдардын духтарын талашып, бул жалгандын акыркы замандарында дагы эле күрөшүп келет. Бирок ак күчтөр көп жерде жеңишке жетти...
Деги адамдар кызык, көзү ачыкты Кудайга теңеп ширк деп бири бирин коркутуп үркүтушүп. Кудайдын кудуретине теңдеши жок, ырайымдуулугуна мээримдүүлүгүнө, күч кубатына эч бир жандык кыпындай да теңеле албасын билбейбизби. Кудайды таанууга, түшүнүүгө адамзаттын гана эмес, күчтүү, духтардын периштелердин да акылы жетпесин билбейбизби.
Анан какой-то бир байкуш көз ачыктардан коркобуз. ШИРК деп.
Алар болгону гана, адамдарга тиги дүйнө бар, көмүскөй көзгө көрүнбөгөн дүйнө бар экендигин айгинелеп турбайбы. Алар болбосо кээбир адамдар, материализмдин түбүндө калмак, каапыр болуп духовный жактан курман болмок. Себеби аларды бир да молдо, духовный жактан "тирилте"
албайт. Бир да киши мечитке сүйрөп баралбайт. "Кудайсыз таш да оордунан жылбайт дегенди унуттукпу"
Кудайдын кандай планы бар экенин эч ким билбейт! Дүйнөдө даже чиркей да бекер жаралган эместигин билбейбиз.
Адамзат дагы эле духовный жактан "детский сад" экенин көрүнүп турат.
Чисто арабча "понятиеден" тышкары болсок кыргыздын өзүнүн "кыргызчылык" касиеттери бар. Бул тетиги илгерки шаманизмден, теңирчиликтен калган уйюткулуу касиеттер. Арбактар мене сүйлөшүп, сырдуу дуйнө менен баарлашып келген, олуялык касиеттери бар кишилер көп болчу. Алардын духтары азыр деле өздөрү аркалап, өмүр сүргөн жерлеринде, элине жерине көмөк көрүп, көзгө көрүнгүс иш - амалдарды кылып келишеери маалым. Адамзат "преображение" алдында турганда, ак күчтөр менен кара күчтөр адамдардын духтарын талашып, бул жалгандын акыркы замандарында дагы эле күрөшүп келет. Бирок ак күчтөр көп жерде жеңишке жетти...
Деги адамдар кызык, көзү ачыкты Кудайга теңеп ширк деп бири бирин коркутуп үркүтушүп. Кудайдын кудуретине теңдеши жок, ырайымдуулугуна мээримдүүлүгүнө, күч кубатына эч бир жандык кыпындай да теңеле албасын билбейбизби. Кудайды таанууга, түшүнүүгө адамзаттын гана эмес, күчтүү, духтардын периштелердин да акылы жетпесин билбейбизби.
Анан какой-то бир байкуш көз ачыктардан коркобуз. ШИРК деп.
Адамзат дагы эле духовный жактан "детский сад" экенин көрүнүп турат.
кайсы козу ачык кудайды духтарды корсотуп жатат??? же жалгандан титиреп койсо ошол кудайды таанытты деп жатасынбы??? анда сенда козу ачык окшойсун кудайды тааныткан титиреп жалгандан??? кыскасы автор байкен экообун артист эле экенсинер
#99 06 February 2014 - 17:28
"Аалам сырлары" жабылабы? Мындан эки жыл мурун КТРКда жаңы теледолбоор ачылып, анда Россиядагы "Битва экстрасенсов"
берүүсүндөгүдөй болуп көзү ачыктар өз касиеттерин элге көрсөтүшкөн.
Финалга үч экстрасенс чыгып Фатима аттуу карта менен баарын билип койгон көзү ачык жеңип кеткен. Ошол берүү эфирге чыгып карапайым калктын арасында эми гана популярдуу болуп баратканда мусулмандар бул берүү Алланын жалгыз экенине шек туудуруп, элдин аң-сезимин бузуп жатат, адаштырып жатат деп каршы чыгышкан эле. Ошентип долбоордун 1-сезону жыйынтыкталган соң ушуну менен "Аалам сырлары" бүттү го деп баары унутта калган эле. Анүстүнө бир гезит "Аалам сырларынын"
алып баруучусу жана автору Назира Айтбекованы тамашалай коебуз деп, анын чыры Россиянын мамлекеттик телеканалы аркылуу көрсөткөнгө чейин жеткен. Көпкө созулган бул окуядан кийин жогорудагылардын баары унутулган болчу. Жыл жаңырары менен КТРК аркылуу кайрадан кете баштаган "Аалам сырларынын"
2-сезону мусулмандарды кайрадан реакция жасоого түртө баштады. Анүстүнө мурунку сезондун финалисти белгисиз себептерден улам өлтүрүлгөн Кубаныч Мурзаевдин өлүмүн да ушул берүүгө байланыштыргандар болбой койгон жок. Жакында экс-муфтий Чубак ажы Жалилов, ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу, жаштар арасындагы активисттер болуп атайын бул теманын тегерегинде пресс- конференция уюштурганга да жетишти. Бул пресс-конференцияда алар КТРК жетекчилигине эскертүү беришип, керек болсо нааразылык акциясына чыгарын да билдиришсе,
депутат Турсунбай Бакир уулу Кубат Оторбаевди кызматтан алуу маселесин президентке сунуштаарын айтты.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#100 06 February 2014 - 17:30
Ал эми Коомдук биринчи каналдын "Аалам сырлары" долбоорунун жетекчиси Асыл Апасова мындай пикирге кошулбайт. Ал көрсөтүүгө каршы чыккандарга төмөнкүдөй оюн билдирди. Асыл АПАСОВА, "Аалам сырлары" долбоорунун жетекчиси:
- "Көзү ачыктык - бул өзү ата-бабадан бери келе жаткан нерсе. Негизи "Манасты" окусаңыз, анда дагы Каныкей апанын оң ийининде отурган бала деп көзү ачыктык сүрөттөлөт. Көзү ачыктык кыргыз элинде болгон нерсе. Негизи реалити-шоуну былтыр да ушинтип көтөрүп чыгышкан. Бул эки тарапта: диний көз караштагылар программаны жапкыла деп жаткандар, ал эми экинчиси: биз светтик мамлекетпиз, көзү ачыктар дагы биздин коомдун жараны. КТРК көзү ачыктарды көрсөтүү менен эле ислам тууралуу да программаларды көрсөтүп келет. Мындан чыр издөөнүн кереги жок деп ойлойм.
- "Көзү ачыктык - бул өзү ата-бабадан бери келе жаткан нерсе. Негизи "Манасты" окусаңыз, анда дагы Каныкей апанын оң ийининде отурган бала деп көзү ачыктык сүрөттөлөт. Көзү ачыктык кыргыз элинде болгон нерсе. Негизи реалити-шоуну былтыр да ушинтип көтөрүп чыгышкан. Бул эки тарапта: диний көз караштагылар программаны жапкыла деп жаткандар, ал эми экинчиси: биз светтик мамлекетпиз, көзү ачыктар дагы биздин коомдун жараны. КТРК көзү ачыктарды көрсөтүү менен эле ислам тууралуу да программаларды көрсөтүп келет. Мындан чыр издөөнүн кереги жок деп ойлойм.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео