Кыргызстандык келин Сирияга качты.
========================================
28-январда Ош шаарынын тургуну Наргиза Кадыралиева күйөөсү Бабур Кадыралиевдин макулдугу жок эле үч уулун: 11 жашар Абубакирди,
9 жашар Умарды жана 6 жашар Алини алып Сирияга качып кеткен.
Бул тууралуу аялынан "Мен балдарды алып кеттим, ыраазы бол",- деген СМС алган Бабур:"Бул окуяга чейин ал менден балдарга ишеним кат берүүмдү сураган болчу. Бирок мен каршы болгом. Азыр мага кимден, кантип балдарга ишеним кат алганы белгисиз. Анын мындан аркы кадамы кандай болорун, эмнени көздөп кеткенин билбейм"
-дейт.
Учурда балдарын кайтаруу аракетинде жүргөн Бабур балдарын алып качкан аялынын мындан аркы кадамы кандай болорунан кабарсыз.
Радикалдашкан исламга ыктап, Сириядагы куралдуу кагылыштарга катышып жүргөн жаштар четтен чыгаарын айткан "Мыйзам жана тартип" коомдук фондунун жетекчиси Изатилла Рахматуллаев:
"Бүгүнкү күндө бул биринчи окуя эмес. Мисалы, өткөндө бир аялдын баласы Сирияда өлгөн. Анын апасы "Балам шейит кетиптир, эми мага да бейиштин эшиги ачык" деп жүрөт. Бул эмне деген сөз?! Баласы согушта каза болсо, апасы бейишти ойлоп отурат...
Кыргызстандын тартип коргоо органдары өткөн жылдын жаз жана күз айларында жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияга адамдарды азгырып алып кетүү боюнча фактыларды ырасталган.
Мындай сырткары коңшу Өзбекстандан 500 адам, Казакстандан 150 адам Сириядагы согушта Аль-Каидачыларды колдоп согушуп жүргөнү тастыкталган.
Бейишке чыгам деп бирөөнүн жерине согушка аттангандарды кантип тыюу керек? Бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүнбү же бейишке билет алам дегендерди токтотууга жол жокпу?
---------------------
----------------------
---------------
- (2 )
-
- 1
- 2
Сириядагы согушка эми кыргыз аялдары да кете баштады. Сириядагы согушка кыргыз жарандарынын катышуусу туурабы?
#2 03 February 2014 - 19:23
Сен Исламды жамандап бутуро албадын. Бул маалыматты кайдан алдын? Далилин барбы?
Балдарынын ысымдарына конул бургула?
Балдарынын ысымдарына конул бургула?
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#3 03 February 2014 - 19:26
Информация о том, что женщина из Кыргызстана отправилась в Сирию для участия в джихаде, не подтвердилась,
сообщили 3 февраля ........... в пресс-службе Министерства внутренних дел.По предварительным данным, женщина находится на заработках в Турции.
Озун наркоман...
#4 04 February 2014 - 01:02
Фуу!
!! Кызык тема окшойт деп кире калсам, дагеле Исламды жамандамай макала турбайбы!

Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#5 04 February 2014 - 02:15
Теманын аталышын "Сириядагы согушка эми Оштук аялдар да кете баштады" деп атабаганыңызга шүгүр дейли.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#6 04 February 2014 - 03:48
автор мындай жалган жашык теман менен, бойроктон шыйрак чыгарба
" БЕЙИШ " Эненин таманында!
#7 04 February 2014 - 04:30
Мен мусулманмын.
Бирок чын эле кетиптир менда //////// сайтынан окудум.
Сирия жонундо айтсам. Ал жерде оппозиция менен окмот, арабдар менен арабдар согушуп жатат. Жана ошол эле Америка Европа Башар ал Асаддын бийликтен кетуусун талап кылып эл тарапта болуп жатат. Кытай Иран Орусия окмот тарапта болуп жатат. Эч кандай жихад деген нерсе жок. Исламдын тиешеси жок саясий чыр чатак. Анан булар кимге каршы жихад кылат? окмот тарапта да, оппозиция тарапта да мусулмандар.
Ошол эле каафыр Америка Европа Асадды химиялык курал колдондун элге деп айыптап жатат.
Булар ошол Халифат курабыз деген террордук ашынган Исламчыл уюмдарга алданып барып, кимге жихад кылганын оздору да билбейт. Асад кеткен чакта да, эч кандай халифат эмес кадимки эле Сирия олкосу куралат.
30дай араб олколорунун бири да халифтике макул эмес, жана халифтик курууну каалаган Исламчыл топторго каршы курошуп келет. Ошол эле Исламдын борбору болгон Сауд Аравия да мындай топторго каршы курошуп келет. Сауд Аравия ошондой эле Америка Европа менен эн сонун достук мамиледе болуп келет. Ошол Сауд Аравия олкосундо Исламды ошол халифтик кургусу келген адамдарчалык терен тушунгон адамдар жокбу эмне?
Бул жихадка кетип жаткандар кимге каршы согушаарын терен ойлонуп анан барса болмок.
Ислам десе эле халифтикти ойлобош керек. Исламда да айтылган эмес Ислам динин тутуп мусулман болсон эле Халифтик куруп жашаш керек деп. Халифат бул ошол арабдардын илгерки мамлекети борбору Багдад болгон. Ал эми азыр заман башка, Арабдардын мамлекеттик тузулушу азыр ар башка.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#8 04 February 2014 - 11:15
Сирияда кимдер гана жок дейсинер? Орустар да, кытайлар да, француздар да... Мындайларды "наемник"
деп коет, айрымдар жон эле "приключение"
издеп барат. Анан ага тан калып сенсация кылыштын деле кереги жок. Чечняда согуш болгондо деле араб, озбек, украин, эстон снайпер аялдарына чейин барышкан. Ар кимдин башы озундо, кааласан сен дагы барып Асад тарапта же ага каршы согуша бер. Азыр мамлекет козомолдобойт,
демократия,
дуйнонун кайсы жагына барам десен да, торт тарабын кыбыла деп коет.
```
#9 04 February 2014 - 12:19
Ушакчы болдуго жаман,жаман нерселерди заранее айтып,болжолдоп админдер ары же бери кылбайбы буну
ПыСы: Аалам сырларына барчудай туру бар...
ПыСы: Аалам сырларына барчудай туру бар...
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#10 04 February 2014 - 13:39
#11 04 February 2014 - 17:21
Ички иштер министрлиги:
“Энеси үч баласын Сириядагы согушка алып качып кетти” деген маалымат чындыкка туура келбейт
Орусиялык массалык маалымат каражаттары “Кыргызстандын түштүк аймагында энеси үч баласын Сириядагы согушка алып качып кетти” деп жазып чыккан маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда КРнын ИИМинен билдиришти.
ММКлардын маалыматына таянсак, 29-январда Кыргызстандын түштүк аймагынан айым 11, 9 жана 6 жаштагы балдарын Сириядагы согушка алып качып кеткен. Бул тууралуу ал күйөөсүнө смс аркылуу билдирген.
“Мекендештерибиздин Сирияга баргандыгы боюнча фактылар бар, бирок үч балалуу эне жөнүндө кабар чындыкка туура келбейт”,- деди ИИМдин басма сөз кызматы.

#12 04 February 2014 - 21:26
Стратег/ айтып откондой ал жерде кимдер гана жок, "Братия Мусулмани"
деп жардам берип жатышат. Сирияга согушка мусулманчылыкты аралаштырып,
башын айлантып адамдардын согушка алып бара жатышат, Туркияга чейин учуп барышат андан ары турктор откозуп жатышат чек арадан, Ал жакта эмне кылмак эле ошол эле мусулмандарды,
мусулмандар олтуруп жатышат, кече жакында азатыктан окуп калдым Сирияда согушуп жургон кыргыз куран билбейт экен, бул эмне дегендик сабатсыздык.
Президен США : чет олкодогу саясаты чет олколуктордун колу менен жургузобуз. .......!
Президен США : чет олкодогу саясаты чет олколуктордун колу менен жургузобуз. .......!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#13 05 February 2014 - 11:04
Сирияга согуш болуп жаткан жерге ким эле уч баласын алып кетмек эле. Бул ушундай, бир уюшкан топ коркутуп эле алып кетпесе ал озу бармак эмес деп ойлойм.
#15 05 February 2014 - 11:22
Кетсе кетип жатышкандыр.
Анын үстүнө, мыйзамдын алкагында Сирияга барууга болбойт деген тыюу салуу жок да, туурабы? Ар бир жарандын башы өз мойнунда. Өлөбү, тирүү калабы, өмүрү өз колунда. Эң башкысы, анын зыяны Кыргызстанга жана анын калкына тийбесин!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#16 05 February 2014 - 19:04
Сирияга жихадка кеттик деген кыргызстандыктардын саны 50гө жетиптир. Бүгүнкү күндө аларды үчөө ошол жакта окко учканын УКМК билдирди.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#17 05 February 2014 - 20:17
Бул дагы бийликтин юпи-гейт сыяктуу оюну да. Лично мен ишенген жокмун. УКМКнын маалыматына вообще ишенбейм!
Өзүн актагандан өлө кач!!!
#18 06 February 2014 - 09:20
Сирияда кан төгүлүп, бирин-бири өлтүрмөй заман болуп жатса, ал жакка кыргызстандыктар эмне максат менен барышууда? Ошондой эле кандай жол менен ал жакка жетишкен. Бул тууралуу төмөнкү аудио жазуудан Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандык жаран менен болгон маекти уксаңар болот.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#19 06 February 2014 - 13:35
Бейишке чыккыңар келеби? Анда Сирияга жихадка баргыла.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#20 06 February 2014 - 13:50
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео