Билдирүүнү түзөткөн: guard: 04 Февраль 2014 - 16:29
Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#2101 04 Февраль 2014 - 16:28
#2102 04 Февраль 2014 - 17:01
Ошон учун акылдуу болуп корунбой ! Эл башчы жакшы айтып отту кечее Коопсуздук кенешмеде: Биз мусулманбыз бирок Кыргызбыз! Бул создун торкуну терен! Ошондуктан ашыкча ашынып бир мамлекетин кийимин жузун кочуруп алып жарнама кылып Элге! Тозок бейиш дей бербей! Так жана табыгий илимдерге конул буруп.Жомокторду айтып озун ишенип Кыргыз экенинди унутуп! Эртен ушундай жолдо журсон! Элинди жоготосун! Сирияга азгырып кетип жатат. Ошол мобул эле жерде керек эртен! Алыс барбай коншулар Кыргыздын жерин мусмулман жоош бир тууганын жерин ээлеп алгысы бар! Кыргыз бололу! Ыйык китеп Пайгамбарлардын жашоосун ар бири ар башка тушунуп журогундо сактайт жана жашайт. Тилинди жана дилинди башка улуттун кызыкчылыгына алдырбагын. !Бул Кыргызды жолдон адаштыруучу диний коз боемочуу максаты карангы уюмдар! Бул Эч качан оз максаттарын ачыктабайт. Жараткандан коркпостон Ыйык китеп деп Ислам деп !Болок улутту жаман жолго азыруучу адаштыруучу нерселер! !! Кыргыз бол! Эркин бол!
#2103 04 Февраль 2014 - 17:12
bossmos7 (04 Февраль 2014 - 17:01) жазган:
Ошон учун акылдуу болуп корунбой ! Эл башчы жакшы айтып отту кечее Коопсуздук кенешмеде: Биз мусулманбыз бирок Кыргызбыз! Бул создун торкуну терен! Ошондуктан ашыкча ашынып бир мамлекетин кийимин жузун кочуруп алып жарнама кылып Элге! Тозок бейиш дей бербей! Так жана табыгий илимдерге конул буруп.Жомокторду айтып озун ишенип Кыргыз экенинди унутуп! Эртен ушундай жолдо журсон! Элинди жоготосун! Сирияга азгырып кетип жатат. Ошол мобул эле жерде керек эртен! Алыс барбай коншулар Кыргыздын жерин мусмулман жоош бир тууганын жерин ээлеп алгысы бар! Кыргыз бололу! Ыйык китеп Пайгамбарлардын жашоосун ар бири ар башка тушунуп журогундо сактайт жана жашайт. Тилинди жана дилинди башка улуттун кызыкчылыгына алдырбагын. !Бул Кыргызды жолдон адаштыруучу диний коз боемочуу максаты карангы уюмдар! Бул Эч качан оз максаттарын ачыктабайт. Жараткандан коркпостон Ыйык китеп деп Ислам деп !Болок улутту жаман жолго азыруучу адаштыруучу нерселер! !! Кыргыз бол! Эркин бол!
Мисалы сиз так жана табигий илимге бизге караганда көп көнүл буруп, өмүрүнүздү ошого арнап келет экенсиз, ошо так жана табигий илимде сиз кандай жетишкендикке жете алдыныз? Жаны кыймылдаткыч ойлоп таба алдынызбы? Жаны программалоо тилин жаздынызбы? Мен өткөндө сиздин илим дээнгелинизди текшерүү үчүн конрал с деген программалоо тили бар деп жазып койсом, мындай программалоо тили жок экенин баамдай алган жоксуз, бул сиздин интеллект кандай дээнгелде экенинен кабар берип эле турбайбы.
Ушунчалык так илимдерге үндөгөн адам ошол так илимди өркүндөтүүгө кандай салмынызды кошо алдыныз деги? Ошону жаза кетинизчи
#2104 04 Февраль 2014 - 18:07
Yusufmuslim (04 Февраль 2014 - 14:12) жазган:
Ушунчалык так илимдерге үндөгөн адам ошол так илимди өркүндөтүүгө кандай салмынызды кошо алдыныз деги? Ошону жаза кетинизчи
Мен андай илимий кызматкер эмесмин! Бирок маалымат алууда билим алууда ! Бироонун созун жаттап айткым келбейт.Так далилдер менен! Болгон чындыкка конул коюп олконун билим дээнгээли,дин тутунуусу, маданияты заманбап дарылануу жолуна тушуусу керек. Менин окууну аяктаганыма коп болду! Ар окуу жайындын озунун окууту жолу бар! Маалыматты эсептегичтин тилине которуу да !Биринчиден так илимден кучтуу болуш керек. Башталгыч тилдер Паскаль жана Си++ тилдерин оздоштуруп отконбуз! Негизинен так илимдерди уйронуудо канчаалаган адабияттарды окуп, маселелерди эсептеп чыгарып коросун! Эгер ушул кесиптин ээси болсон билесин! Дуйнодо илимдуу болуш керек. Дин деп туруп бетке тук остуруп, аял киши чупуроок жамынып башкача жашабай!
#2105 04 Февраль 2014 - 18:15
bossmos7 (04 Февраль 2014 - 18:07) жазган:
Дагы түркөй ой пикирди айтып жатасыз. Бирөөнүн сөзүн жаттап айикым келбейт деп, так илимде деле мисалы сиз башка адамдардын теориясын, теоремасын жаттап ошолордун сөздөрүн айтасыз, мисалы эң жөнөкөй Пифагордун теоремасын.
Анан дагы кошумча ошол эле Пифагордун бетинде түк болгону анын өз теоремасын далилдөөсүнө эч кандай жолто боло албаганын кантип түшүндүрө аласыз?
Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 04 Февраль 2014 - 18:17
#2106 04 Февраль 2014 - 18:17
Сен экообуз теманын башынан бери барбыз, пенсияга кетеер убак келдиго.
Важно - кто ты на самом деле
#2107 04 Февраль 2014 - 18:27
Yusufmuslim (04 Февраль 2014 - 15:15) жазган:
Анан дагы кошумча ошол эле Пифагордун бетинде түк болгону анын өз теоремасын далилдөөсүнө эч кандай жолто боло албаганын кантип түшүндүрө аласыз?
Адам кызык да! Анын сакалын не тиешеси бар! Ал динчил эмес!
#2108 04 Февраль 2014 - 18:32
#2109 04 Февраль 2014 - 21:23
#2110 04 Февраль 2014 - 21:31
asmera (04 Февраль 2014 - 12:51) жазган:
адашасыз акеси.эгер билсениз,сизди жана дуйнонун баарын аллах жараткан! биз аллахтыкыбыз жана ага албетте кайтабыз.ошол эле учурда кылган иш,суйлогон созубузго жооп беребиз.хиджаб деген чупурок эмес!а балким аялды ар тараптан коргоочу кийим(курал)болот. суракка ала албайт деген созунуз оттто коркунучтууу. абайлап суйлонуз?! каттуу тийсе кечирип коюнуз?!бирок динди карангылык деген адамдын озу -карангы!
#2111 04 Февраль 2014 - 21:51
#2112 04 Февраль 2014 - 22:04
Оба Кыргыздын Аялдары Илгертеден Хиджап кийген эмес, бирок алар жыланач азыркыдай журушкон эмес, жана да ал убакта Эркектер да кумарланып карашкан эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 04 Февраль 2014 - 22:05
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#2113 04 Февраль 2014 - 22:56
muslimka9445 (04 Февраль 2014 - 21:31) жазган:
Имам Ахмадга тиешелүү жакшы сөздөр бар, Эгер сен айтпасан түркөйдүн түркөй экенин, эгерде мен айтпасам, анда момундар эмне түркөй эмне акыйат экенин кайдан билет деген сынарда. Ошол себеп дайны жок, Ислам динине асылып жаткандарга алардын түркөйлүгүн токтоттууга жардам бергенибиз жакшыраак го дейм. Ошондой эле ыймандын эң төмөнү тууралуу хадисти билсениз керек.
#2115 08 Февраль 2014 - 16:20
Билдирүүнү түзөткөн: aika2013: 08 Февраль 2014 - 16:23
#2116 14 Февраль 2014 - 10:39
#2117 14 Февраль 2014 - 13:40
#2118 14 Февраль 2014 - 16:45
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#2119 16 Февраль 2014 - 17:45
#2120 16 Февраль 2014 - 17:54
Ыймандуу аялдарга айт: (Бөтөн эркектерге кумардануу менен кароодон) көздөрүн жумушсун жана жыныс мүчөлөрүн (зынаадан) сакташсын! Көрүнүп турган зыйнатынан (кийиминен) башка зыйнат-тагынчактарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн! Бир гана күйөөлөрүнө, же аталарына , же күйөөсүнүн аталарына, же балдарына, же күйөөсүнүн балдарына, же ага-инилерине же ага-инилеринин балдарына же эже-сиңдилеринин балдарына же өзүнүн (мусулман) аялдарына же кулдарына же (аялга) кызыгуусу калбаган (картайган) эркек кызматчыларына же аялдардын авраттарынын айырмасын билбеген жаш балдарга (көрүнсө күнөө жок). Жашыруун зыйнаттарын билгизиш үчүн буттарын жерге урбасын!
[1]О, ыймандуулар! Баарыңар Аллаhка тооба кылгыла, ажеп эмес жеңишке (Бейишке) жетсеңер! (24:31)
Аалам Алла өкүмүнө баш ийгенде гана тартипке келет. Өзүн билип, өтүгүн төргө илгендердин «билермандыгына» Кудайдын азап-жаза жообу бар. Бүгүн адамзат үчүн көнүмүш болуп, бирок Кудайга ыйман келтиргендердин көңүлүн бузган көрүнүштөр, Кудайды каратып туруп сөккөндөр, тастаңдан өкүм-заңга моюн бербеген тээжиктердин аракети айласыздан баш чайкатып, Кудайдан ыйман тилөөгө түртөт. Куран сүрөөлөрүндө келген «Жамынгыла! » деген буйруктарга «мен али жашмын», «жаппай эле ишенемин», «жүрөгүм таза», «сулуулукту эмне үчүн жашырышым керек?» деген чектелген акылдын наадандык шылтоолору ыймандууларды «Кудайга кантип жооп беришет?!» деген коркунучтар менен тыбырчылатып жиберет.
Ачынганын эмес, жамынганын, чачылганын эмес, жыйналганын сындаган күндөрдө жашап жатабыз. Кыргыз аялынын жоолугун чангандар, тарыхты сүйлөшөт. Чынында тарыхтагы кыргыздын мусулман болгонун, кыргыздын аялы ыйбаалуу, намыстуу болгонун, бул сапаттар алардын сырткы көрүнүшүндө чагылып, уятын жашырып, кымырынып кымтынып жүргөнүн, тагыраагы жоолук менен чачын катып, денесин жаап, жапканда да дене-мүчөлөрүн билгизбей кең-кесири кийим кийгенин кантип танат?! Тарыхты тастыктаган чындыктарды бүгүнкү чачын чолтойто кесип, шыйрагын ачкан (башкасын айптпай эле коёлу) көйнөк кийгендер тастыктай албайт! Кыргыздын кандай болгонун тил менен көрсөтпөй, "мына мындай болгон", деп салабаттуу кийими көрсөтсө, тарыхты таануубузга берекет болот болчу.
Ислам кыргызга бүгүн келген болсо да, пенде исламды тандайт. Жараткан Зат "Ушул динди кармансаңар бактылуу болосуңар" ,- деп жатса, акылы барлар бактылуулукка умтулат. Жалгандын акыркы күнү болсо да Кудайга жаккыдай жашап калайын деп далбастайт. Кыргыз ачык-чачык жүргөндө, бүгүн «Жамынгыла! » деген буйрук түшсө, бүгүн жамынмак. Анткени, жамынбагандын азабы канчалык экенин Куран бетинен окусаң жүрөк үшүйт. «Эмнеге андай? Эмнеге мындай?» деген суроолор менен акыйлашып отурбай кий дегенин кийип, ич дегенин ичип, кыл дегенин кылып, кылба дегенинен тыйылганы адамзаттын эле бактысына багытталган. «Мунуң мага жакпай жатат, башкасын эле аткарайынчы» деген тандоону бизге берген эмес, анткени ошол берилген өкүмдүн баары сиз менен биздин бактыбыз, жыргалчылыгыбызга арналган. Бактылуулукка бир гана акылы алынып салынган айбан атпай гана умтулбайт. Алардан бул талап да кылынбайт.
Жамынуу эң алды менен Жараткандын өкүмү, пенденин укугу менен тандоосу. Муну талкууга алуу, Кудай чечимин талкуулаган менен барабар. Кара киеби, ак киеби ар кимдин өзүнүн акысы. Анын акысына кирүү канчалык күнөө экенин билгенибизде, билгенге умтулганыбызда оозубузга талкан салып коёт болчубуз... Салынган жоолук үчүн кайрашкан көздөр менен сөздөр үчүн жооп берер кез келет. Ушул абал менен ошол күнгө жетип калбайлык. Тескерисинче, ушул жоолукту кандай күч шыктандырып башыңа салып койду деген ынтызарлык менен мамиле кылсак, Кудай өкүмүн жеңил түшүнмөкпүс.
Ал эми жоолугу бар айымдар жоолугуна иреттүү болуп, жоолук салыныштагы милдетин жакшы билгени, кастарлап алганы максатка ылайык. Дене-башына чыпташтырып кийип алганына ыраазы болбой, ар бир кийген кийимин жамынуунун талабына жооп бергидей аткарганы туура. Пендечилик кемчилик менен парзды аткарууну чаташтыргандардын чагымына алдырбай жоолуктарга, милдеттерге бекем болуп келери аз калган Кыямат күндө жоолуктун берекеси менен бейишке кирүүчүлөрдүн катарында бололук. Жаратканыбыз жоолугу жоктун уятын жабып, жоолуктарга бекем кылсын. Сырткы жамынуубуз дилибиздин сулуулугун ашырсын.
Мээрим Осмонкул кызы.
АльхамдулиЛлях!