kim gana kaalabait tattuu nerseni.
КЫЗДАРДЫН-БАЛДАРДЫН Ыйманы кайда ынсабы кайда? ЫЙЫКТЫГЫН ыйлап кеткен...Эптегендер жыйнап кеткен...
#82 21 September 2013 - 15:03
Ar bir pendege yiman ynsapty jaratkanym ozu ele bersin biz mintip talawkan menen paida jokgo baaribi
#83 27 September 2013 - 13:15
азыр ыйман ынсапты деле заказной сатып ала ала турган болуп калдык окшойт , шылтоосу заман же европа .замана жайында ошо европанын жакшы жагын туурасак болбойт бекен ээ
#84 29 January 2014 - 13:27
"Адамдардын акылы түшүп калдыбы?" темасы менен бириктирилип,
"Кыз-жигит" бөлүмүнө жылдырылды.
#85 05 February 2014 - 01:00
Эшиктеги сууктан улам, кафеге кирип, кофе ичип алайын деп кирген элем. Жанымдагы кошуна столдо бир оурс жигит олтуруптур.
Колунда чооң, кызыл розалардан жасалган букети бар. Улам-улам эшик тарапты бир карап, колундагы саатын бир карап койот. Чамасы бирөөнү күтүп жаткандай. Аңгыча сары чачтуу татынакай орус кызы кирип келди. Энесин көргөн жаш баладай сүйүнүп, эки бетинен өөп, колундагы букетин суна, жылуу тосуп алды. Кофемди ууртап койуп, аларды кызыга карап турдум. Кыздын көздөрү кубанычтан жоодурап, бактылуу жылмайган жүзү өзүнө куп жарашат. Жигит кыздын көңүлүн алып, тим эле бирдемелерди сүйлөп жатты. " Биринчи жолу жоолугушуп жатышат го " - деп, ойлоп койдум ичимен. Оюм үстүнөн чыгып, аңгыча эле шампан атылды да, " экөөбүздүн таанышканыбыз үчүн " - деп, бокалдар кагылышты. Канчалык аларды карабайын десем да, көздөрүм ошол тарапка жүгүрөт. Бирде суктансам, бирде кызганып жаттым. Алар бактылуу эле. Кетүүгө камынып жатсам, алар да оордуларынан козголушуту.
Кыскасы, кафеден чогу чыктык. Артыларынан акырын узата бастым. Жигит, кыздын бетинен сүйкүмдүү өптү да, таксиге салып, узатып кала берди. Кубанычында чек жок. Жаш баладай кудуңдап, сүйүнгөнүн ката албай метрого кирип кетти. Мына кызык ээ? А биздечи? Биздикилер жолугушууга чакырып, башында кафеден жакшы эле сыйламыш болот. Кыз үйүнө кетейин дегенде эле, " бат эле кетип каласыңбы? Жүр анда мейманканага баралы " - дейт, жашырбай эле. Кыздын макулдугун алалбаган соң, " жегендин кусмайы бар " дегенсип, мен төлөдүм, эми карызсың деген арам оюнда, кызды ээнраак жерге алып бараары менен кучактап, өпкүлөп кирет. Сый-урмат, ыйман-ынсап деген кайда калды? Же абийирдин баары төшөк менен ченелип калганбы? Качантан бери интимсиз кыз-жигит болууга тыю салынган эле? Ушундай көрүнүштөн улам, жигиттин сыйын жемек ары турсун, жолуккуң да келбей калат экен. Албетте, беш кол тең эмес дечи. Бирок көңүлдө, баары бирдей, сен да көптүн бирисиң да деген ой менен, эркектин алдынан көздүн кыры менен тиктеп өтүп кетет экенсиң. Жашоого болгон көз-карашың сууй баштап, адамдын кадыры жоголгонсуйт.
Оо, баарынан да " ажырашыптыр " дегенди угушпасын. Бир өмүр бир айылда жашап алып, өмүрү саламдашпаган байкелериң пайда боло баштайт. " Карындаш, чоңойуп калыпсың го? Номериңди берчи, жоолукпайлыбы?
" - деп. Ошондогу ызаны айтпа. Эрден чыккан келиндерди эми буюм катары көрүшөбү? Алар сый-урматка арзыбай калабы, деген суроолор ичтен кемире баштайт. Дубана келиндерди деле, кыздай сыйлап, мамиле кылышса күнөөбү же? Замандын эмес, адамдын бузулганы, кең-пейилдиктин кыскарганы,
сый-урматтын жоголуп баратканы жан дүйнөмдү бырчылантып салат. Бизден кийинки муундардын келечеги кандай болот? Ата-бабаларыбыздын жоголбой келе жаткан үрп-адаттары ушинтип жоголуп кала береби? Кыздарыбыз деле бар, кафеге келип алып, пивону апасынын эмчегин соргон бөбөктөй соруп, колундагы сигареттен кере-кере тартып койуп анан бейкылыктанып бийлеп, өкүрүп-кыйкыргандарын деле көрөбүз. Алар деген назик жан, эне эмеспи? Кыздардын наздыгы күндөн-күнгө оройлонуп, эркектерден кем калышпай мушташып, орусча сөгүнүп, кыргыздын атына шек келиргени өзүнчө бир арман. Эртең балдарына кандай тарбия бере алат? Биз кайда баратабыз? Жалган жашоодо жок дегенде, чын жашап калсак болбойбу? Ойлон кыргыз! Ойгон кыргыз! Биз улуу, ыйманы бийик улутпуз го! Жашоону акча, байлык, беш мүнөттүк кумарлар башкарбайт.
Адал ойлойлу, акыйкат жашайлы. " Беш мүнөттүк кумардын атында, бир өмүрлүк түйшүк бар " - деген сыңары, бир жолку ойлонулбай жасалган кадам, эртеңки күндүн чоң азабына айлананып жүрбөсүн..!
Даярдаган: Уулкан АМИРАЕВА.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#86 05 February 2014 - 01:03
Каттуу талкууга албашыңарды суранам. Көңүлүм жумшак, ыйлап жиберем.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#87 05 February 2014 - 01:14
жанагы ойлон кыргыз! Ойгон кыргыз! Туура жолду тап деп кошуп койойун. Чынында эркеги да кызы да бузулуп баратат, анан ошону биз ээй андай эмес мындай жашайлы десе, сен вахабис, сен тероррист ж.б деп чыга келишет кыргызча жашайлы дейта, озу омуру олуп баратса да андай жашабайт!
Адам озу амал кылып анан башкага насаат айтыш керек!
#88 05 February 2014 - 01:15
Баары бирдей эмес !Бар тузук ошондой жигиттер!
Ошол учурда кыздар Оздору оюн ойнойт! Бир метродо жолуугуп анан башка метрого чейин беркини ээрчиитип келип ушул жерде турам.Метродон чыкпай бара берин агам келип алып кетет ! Кыскасы тузук кыз корунот!Кафе барбайлыбы дегендерди Озун деле билсен керек!Бар ушундай кыздар! Мейкана боюнча билбедим!
Аны ар бир жашпы суйушкондордун мамилесине карап барып дем алып келишет!Кыздын макулдугу менен эле! Жашыруун деле болбой калды айрыкча Москвада!
#89 05 February 2014 - 01:26
Беш кол тен эмес албетте, адамдын ар кандайы бар!
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#90 05 February 2014 - 01:38
Азыркы жашоону чагылдырыпсыз,
бул жазгандарыныздан кийин менде коммент жок, мындайча айтканда без комментарий,
болгону кочуруп алууга уруксат этсениз.
Сиздей конулу назик, терен ойлуу айымдарыбыз коп болсун!
Сиздей конулу назик, терен ойлуу айымдарыбыз коп болсун!
#91 05 February 2014 - 01:44
Башын соонун болуп жылмайуу менен окуп келе жаттым эле..."Беш кол тен эмес",бирок,
турмуш чындыгын жазыптырсыз.
Кыргыз деген атты булгабайлычы,
туугандар.Эркек-
аял дебей ушул жазылгандарды кулагыбызга кумуш сырга кылып илип алсак жакшы болмок...
#92 05 February 2014 - 10:29
Мен да башкалардай эле "баардык адам бирдей эмес", "Беш кол тең эмес"- дейм да , башка соз жок.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#93 05 February 2014 - 14:47
туура эже жакшы жазылган.мен да ушуларды коруп кийин биздин балдарыбыз эмне болот..келечек эмне болот деп
жооп таба албайм.кана эми ар бир адам бироону суйлобой озун адам деген статуска татыктуу алып журсо..
Если Я кому то не понравлюсь_ вот не верите --ПеРеЖиВу))))))).
..
#94 05 February 2014 - 21:53
Эки оруска бутундой Кыргызды салыштыруу туура эмесго дейм.
Кыргызстанга барып, кафелерге кирип андып корсонор андайларды коп эле коросунор.
Кыргызстанга барып, кафелерге кирип андып корсонор андайларды коп эле коросунор.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#95 05 February 2014 - 22:14
Эн жакшысы андай кыз жигит болбой эле тыынч жургон жакшы. Баары сиз айтып жаткан сонун,укмуш романтикадан башталат.....
арам ой,бузук ниет,милдет кылуу адамдын дээринде эле болсо такыр онолбойт.
#96 06 February 2014 - 01:43
Биз келечеке баратабыз, жетелешип, кубалашып, бири- бирибиз менен ыркырашып сүр беришип.. Өз жолубуз менен эмес, көрүнгөн элдин көрсөткөн жолу менен, жапайы жоруктары менен. Бири Чыгышты туу тутса, бири Батышты карап түздөнүп атат.. Алды өнүгүп интернетте жүрсө, аркасы тоодон түшө элек али. Өз жолубузду табалай, ар ким салып өткөн чыйыр жолдо жүрөбүз темселеп, чалынып, куурап, көзүбүз тумандап шыр кете албай.
Силер айткан жигит бугун таксиге салса, эртен кайсыл жака алып барат эч кимибиз билбейбизда. А силер көрүп сыймыктанган жигит, кайырмак салып, ойлогон арам ою ишке аша жатканына кудуңдап жаткандыр ..
Балким чындап эле айымдарыбыз сүйүп, кыялында акак ташындай баалаган "джентельмен" жигиттир. Бул кемчилик эмес бул табигый көрүнүш. Өзүн алып жүрө алган айымдын жанында, шоктонгон жигитиңда какап- чакап калат. Сыйлайт андай айымдарды! Жалжандап турса, же кеттик десе жетегинде кете бергендердин жанында, эркекмин дегендер жөн тура алмак беле? Кыйшандайтта ойлогон максатына жеткенче.
Мындай айтканда бири- бирине 'повод' берип алышат да, анан эле күнөөлөмөй, эркектерибизден ыйман качты, кыздарыбыз бузулду ал эле, бул эле дегендей.
Силер айткан жигит бугун таксиге салса, эртен кайсыл жака алып барат эч кимибиз билбейбизда. А силер көрүп сыймыктанган жигит, кайырмак салып, ойлогон арам ою ишке аша жатканына кудуңдап жаткандыр ..
Балким чындап эле айымдарыбыз сүйүп, кыялында акак ташындай баалаган "джентельмен" жигиттир. Бул кемчилик эмес бул табигый көрүнүш. Өзүн алып жүрө алган айымдын жанында, шоктонгон жигитиңда какап- чакап калат. Сыйлайт андай айымдарды! Жалжандап турса, же кеттик десе жетегинде кете бергендердин жанында, эркекмин дегендер жөн тура алмак беле? Кыйшандайтта ойлогон максатына жеткенче.
Мындай айтканда бири- бирине 'повод' берип алышат да, анан эле күнөөлөмөй, эркектерибизден ыйман качты, кыздарыбыз бузулду ал эле, бул эле дегендей.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#97 06 February 2014 - 11:01
Ошол маданияттуу корунгон эки орустан чыгат балекеттин баары.Оруска батыш эли уйротуп жатса,бизге орустар уйротуп жаткан чак бут жапайычылыктын баарысын.Так ыштоо сырты жылмакайларга суктануунун кажети жок, маданияттуу сынгандардын артында ийриген-чириген коп нерсе жатат.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#98 06 February 2014 - 21:54
авторго кошулам, коп эле мамлекетте болдум, бирок кочодо кучакташып,
тем более обушуп жаткан жаштарды кезиктирген жокмун. Москва шаарында канчалаган кыргыз жаштарына жолуктум, ушунчалык озулорун начар алып журушот, ыпылас нерселерди жасашат, жашоосунун акыркы кунун жашап жаткансып, элди козго илбей обушуп, бири - биринен бир сантиметрге алысташса жоголуп кетчудой, жабышып алышкан. аларды коргон орустардын кыжыры келип жатты.
"андайды бизге орустар уйротуп жатышат" - дешет, силер эмнеге аларды уйроносунор?
"беш кол тен эмес", "ар ким озу учун жооп берет" - ооба, бирок кайдыгер мамиле кылбоо керек. жакшыны колдоп, жаманды жоюп. келгиле, ушундан кийин кочодон терс корунушторду кезиктирсек, аны тыююга аракет кылалы.
"андайды бизге орустар уйротуп жатышат" - дешет, силер эмнеге аларды уйроносунор?
"беш кол тен эмес", "ар ким озу учун жооп берет" - ооба, бирок кайдыгер мамиле кылбоо керек. жакшыны колдоп, жаманды жоюп. келгиле, ушундан кийин кочодон терс корунушторду кезиктирсек, аны тыююга аракет кылалы.
#99 06 February 2014 - 23:46
Уулкан эжеке ар бир адамдын жолугушуу максаты болот ..интимдик жолугуу деп коет сиз айтып жаткан жанагы бири бирин опкулоп бурчка суйрогондорду.
...жакшы адамдар коп еле бизде деле кыздарыбыз ыймандуу болуп турса жигиттерибиз кундо ар-кандай сюрприздерди жасап турганга эмне жетсин
#100 07 February 2014 - 12:23
Каапырлардын жийиркеничтуу жашагандары ,тиги мисал болгон когучкондордон кобуроок ... А мен, ошолорду мисал катары улгу кылгым келбейт ! Бизде да ыймандуулардын кобойгону кундон кунго арбып барат. Жамандар жок эмес, бирок кемчиликтерин ондоп жаткандары да бар. Эмнени издесен , ошону табасын дейт го,канчалык адамдардан жакшы сапат , жакшы муноз издесек, оз кемчиликтерибизди да жойгон болоор элек.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...

Супер-Инфо
super.kg
видео





















