Суперстан: "Кара чүмбөт" Саадатбек Мырзакул - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кара чүмбөт" Саадатбек Мырзакул чыгарма

#1 Пользователь офлайн   Taalay2013   05 Июнь 2013 - 00:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 25 Июл 2017 02:25
  • Жынысы:Эркек

Урматтуу супер форумчулар! Кара чумбот деген китеп кимде бар.Мумкун болсо эл. вариантын берип коюнуздарчы сураныч?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Argymak007   19 Декабрь 2013 - 22:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Саадатбек МЫРЗАКУЛ
Кара чүмбөт

Бул чыгармамды
жыйырма алты жашында
мезгилсиз дүйнөдөн кайткан
иним Нурлан Мырзакуловдун
жаркын элесине арнайм.


БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Кандуу ордонун сыры жана кара чүмбөт баяны
Кандуу Ордо. Бул Союз мезгили али күчүндө турган, он беш республика бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, азыркы кездегидей башаламан кризис, базар экономикасы баштала элек кезде эле пайда болгон. Ордо Алматы шаарынан анча алыс эмес түндүк тарабындагы "Япон тайпакчасы" деген ото деле бийик, өтө жапыс да эмес арчалуу тоолордун арасында жайгашкан. Аларды айланта тикенектүү зымдар курчап, сыртынан солдаттар кайтарып тургандыктан, алыс жактан келгендер түгүл, жергиликтүү аймактын жашоочулары да бул өрөөнгө кире алышчу эмес. Бул эмне болгон жай, убагында эч ким анча деле кызыгышпаган. Күнүнө бир-эки маал атылган автомат менен пистолеттердин үнүнө солдаттар өздөрүнчө атканды үйрөнүп, машыгып жатышат болуш керек деп көп анча деле маани беришчү эмес. Сыртынан анча билинбегени менен бул сырдуу, жашыруун жайдын ичинде бейиши да, тозогу да бар болчу.
Союз мезгилинде оор кылмыш кылып "өлүм жазасына" тартылгандардын баары ушул жерге алынып келчү. Аттыргандарын аттырып, атуудан калгандарды жер алдындагы шахтадан иштетишчү. Бул жерге он беш республиканын эң жогорку жаза менен жазаланышкан ар кайсы улуттардын кишилери алынып келинчү. Аны менен бирге тартип да ушунчалык катуу кармалчу. Эгер кылмышкерлердин бирөө эле анча-мынча тартип буза турган болсо, дароо эле эч сураксыз атып салууга уруксат берилген. Мындай катуу кысымга чыдай алышпай жашыруун кылмышкерлер тобу өздөрүнчө көтөрүлүш чыгарып жиберишкен, бирок эки сааттын ичинде ошол топтун бири дагы калбай мөндүрдөй жааган автоматтын огунун астында жер менен жексен кылынган. Башка кылмышкерлерге сабак болсун деп ар кайсы жерде кызыл ала болуп жаткан өлүктөрдү бери жакта карап турушкандардын өзүлөрүнө жүктөткөн машинеге. Алардын үстүнөн көзөмөлдөгөн "жалданма жоокерлер" ушунчалык адамдан башкача сапаттары болушкандыктан киши өлтүргөндү чымчык өлтүргөндөй эле көрүшчү. Ал желдеттер кимдер эле? Ар кайсы улуттан топтолгон тубаса канкор, мыкаачы, жүрөгү таш, эч кимди аябаган, эч нерседен коркпогон ырайымсыз жигиттер атайын тандалып алынган. Союз мезгилинде эле аларга эң жогорку айлык, андан тышкары киши өлтүргөндүгүнө жараша сыйлык берилчү. Алар үчүн атайын эс алуучу жайлар, дачалар, бассейн-сауналары бар болчу. Керек болсо аларга атайын сулуу кыздар алынып келинчү. Алардын "кругуна" аралашкан кыздар оңою менен кайра чыга алышчу эмес. Ошол себептен бул аймак өтө эле жашыруун кармалчу.
Атуу жазасына келгендерди ар кандай түр менен атып өлтүрүшчү. Жалданма жигиттерге пистолетти огу менен беришчү да атыла турган кишини көрсөтүп коюшчу, аларды кандай ыкма менен өлтүрөт өз эрктери болчу. Көзүн таңып бет маңдайына тургузуп коюп, чекеге атышчу, же чөгөлөтүп дубалга отургузуп коюп желкесинен атышчу. Мээсинен өтүп дубалга чачыраган канга алар өздөрүнчө ырахат алышчу, ал кызматы үчүн аларга көптөгөн "гонорарлар" төлөнчү. Алар киши өлтүрүүнүн ар кандай ыкмаларын пайдаланышчу. Адегенде өлүм жазасына тартылган адамга да, аны өлтүргөнү жаткан жоокерге да ичкилик берилчү. Кылмышкерлер узун кууш коридордо кетип баратканда, же бир жерде иштебей жалкоолонуп отурганда, же туура эмес иш жасап койгондо алыс жактан дүрбүсү бар снайпер мылтыгы менен чекеге атып өлтүрүшчү. Эгер көздөгөнүн дал тийгизе албай калса булар үчүн минус болчу. Ошондуктан көздөгөн буталарын жаза атышчу эмес.
Жалданма жоокерлер үчүн бир күндө эки жолу ар кандай спорттун түрлөрү менен машыгуу өткөрүлүп турчу. Алар үчүн атайын республиканын ар кайсы бурчтарынан дасыккан чебер машыктыруучулар жалданып келип иштешчү. Каратэ, бокс, эркин күрөш, таэквандо, кунфу, бычакты он метр аралыкка чейин ыргытып саюу, пистолет-автомат менен "бутага" таамай атуу, андан сырткары оор жана жеңил атлетика менен айына эки жолу норматив тапшырып турушчу. Эгерде ушунун баарын жакшы тапшырган жигиттерге "спорттун мастери" деген наам сыяктуу эле "ардактуу гладиатор" деген наам ыйгарылчу. Ар күн сайын жасалма кишилерди атып, машыгышчу жана ошого жараша баа коюлуп, акча берилчү. Ар бир жекшемби күнү саунадан чыккан соң өздөрүнүн кыздарын ээрчитип алып, калаадагы Алматы ресторандарынын эң жакшы жерлерине барып, эс алып көңүл ачышчу. Бирок "жалданма жоокерлер" бул жактан башка жакка өз алдынча кетип калууга, бул сырды башка бирөөлөргө айтууга, суранып кетсе айткан мөөнөтүнөн кечигип келүүгө тыюу салынган. Биринчи жолу кечигип келсе, кечиримдүү болгон, бирок катуу эскертүү алып турушчу, эгер ал экинчи жолу кайталана турган болсо, бериле турган акчаларынан кур калышчу. Дагы кайталанса бир жумадай жалгыз кишилик камерага отуруп чыгышчу. Эгер суранып кеткен боюнча эч себепсиз бир айга чейин таптырбай кетсе, кандай болсо да аны таап, өлүгүн же тирүүлөй алып келип, "өлүм жазасына" тартылган кылмыш -керлерге аралаштырып салышчу. Убагы келгенде аны да аяшчу эмес, атып ташташчу. Бирок "жалданма жоокерлерде" эч убакта, бир да жолу андай тартип бузуулар болгон эмес. Ар бири кандуу ордонун мүчөсү болушканына аябай сыймыктанышчу. Ошол себептен ак дилдеринен кызмат өтөшчү. Алардын көңүлүн ачып, эс алдырып жүргөн сулуу, чырайлуу кыз-келиндер да бул топтон эч жакка кете алышчу эмес.
Бир жолу Алматы ресторанына ошол кыз-келиндер менен барганда Хасиятхан деген уйгур кыздын акырын сыртка чыгып кетип, ошол боюнча таптырбай качып кетиши "Кандуу Ордонун" жалданма жоокерлери үчүн күтүлбөгөндөй окуя болду. Аны эч жерден издеп таппай коюшкан соң, бул шалаакылыктары үчүн ар бир жоокер өздөрүнө тиешелүү жазаларын алышкан. Керек болсо ал кыздын үйүнө чейин издеп барып, таппай келишкен. Уйгур кыз ошол боюнча дайынсыз жоголду. Бирок өздөрү менен чогуу жүрүшкөн ал кыздарга жоокерлер "Кандуу Ордо" жөнүндө эч нерсе айтышчу эмес. Ошентсе да көңүл ачыш үчүн аларга акчаны каалагандай сапырышчу. Бул жашыруун ордонун сыры ушул убакка чейин эч кимге билинбей келген. Кийин бирдиктүү Союз өз дооранын сүрүп бүтүп, туш-туш жакка шурудай чачырап, ар бири өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп кеткенде аны менен кошо түрмөлөр да өз-өзүнчө бөлүнүп кетти. Мурункудай өлүм жазасына тартылгандар бул жакка анча көп келбей калды. Бара-бара ар бир мамлекет өз жерлерине көптөгөн түрмөлөрдү ачып, кылмышкерлер бул жакка жиберилбей калганда "Кандуу Ордо" да өз дооранын сүрүп бүттү. Жогору жактагылардын буйругу менен "жалданма жоокерлер" өз эрктери менен жер-жерлерге, өз мекендерине кое берилди. Бирок алар жөндөн жөн эле кетишкен жок. Беш-алты жыл өзүнө жетишээрлик акча, аны менен бирге жашыруун автомат менен пистолеттерди ала кетишти. Ал эми окторду болсо каалаганынча топтоп алышкан болчу. Аны менен бирге чыгыш элинин мушташуу, согушуу, бычак саюу, таамай атуу андан сырткары башка көптөгөн ыкмаларын үйрөнүшүп, профессионалдык деңгээлге жетишише, ар бири "ардактуу гладиатор" деген наамга татыктуу болушуп анан кетишти.
Сымаптай чачыраган мамлекеттерди базар экономикасы менен кризис алкымдап, сырьёнун жоктугунан завод-фабрикалардын баары токтоп, жумушсуздук күч ала баштаган мезгилде бул "жалданма жоокерлер" ишсиз калышкан жок. Кээ бирөөлөрү мамлекеттердин жогорку чиновниктерине "телохранитель" болуп иштеп кетишсе, кээлери өздөрүнүн аймактарына бат эле "авторитеттик" наамга татыктуу болушту. Дээрлик көпчүлүгү "рэкеттикти" атайын кесип кылып алышты. Союз боюнча эң алгачкы чет элдик машинелерди мингендер да, тутамдаган долларларды уучтагандар да ушулар болду. Ушунча жыл бою жалаң кишинин өмүрү менен ойноп келген немелер киши өлтүрүү булар үчүн чымын өлтүргөнчөлүккө да татыбайт болчу. Атүгүл жергиликтүү мыйзамга да баш ийишчү эмес.
Союз чачырагандан кийин арадан бир-эки жыл өтпөй эле Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан аймактарында күтүүсүздөн жалт этип күйгөн жалын сыяктуу кандайдыр сырдуу кара чүмбөтчөндөр тобу пайда болду. Алар ушунчалык профессионал болушкандыктан бир да жолу ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кармалышкан эмес. Кара чүмбөттөгүлөр кимдер, каяктан келген кишилер, эмне болгон кишилер, кайсы улуттагылар экени али да болсо табышмак боюнча калды. Кара чүмбөтчөндөрдү укканда атактуу "авторитеттер" , "рэкеттер" атүгүл ар аймактын жергиликтүү милиция кызматкерлери да титиреп турушаар эле. Булардын колунан канчалаган аябай байып келатышкан бизнесчилер, ишмерлер, менчик ишкананын ээлери тонолушту, канчалаган менменсинген "авторитеттер" курман болушту, канчалаган казинолор, менчик банктар каракталды. Булардын пайдасы да тийип, кээде зыяны да болуп атты. Пайдасы, алар бизнесчилерге, челнокчуларга тынчтык бербеген жол каракчыларын, күчтүү мафияларды, зөөкүр-рэкеттерди, бай кишилерге кол салышкан башка чүмбөтчөн кишилерди жоготуп, тазалап коюп турушчу. Зыяны, аябай бай ишкерлердин акчаларын салык түрүндө алып кетишчү, каршылык көрсөтүш -көндөрдү аяшчу эмес. Куралдуу каршылык көрсөтүшкөн адамдарды тобу менен бирин да калтырбай өлтүрүп коюшчу. Бирок бир да жолу мамлекеттик мүлккө кол салышкан жок. Алар бир жерге туруктуу турушчу эмес, алардын чуусу бир туруп Кыргызстанда болсо, бир туруп Тажикстанда, бир туруп Өзбекстанда, бир туруп Казакстанда болчу.
Төрт мамлекеттин ички иштер министрлигинин кызматкерлери да өздөрүнчө биригип алышып операцияларды, буктурмаларды, атүгүл сүйлөшүүлөрдү уюштурушуп, эч майнап чыгара алышкан жок. Ушунча болуп алар эч. убакта башындагы чүмбөттөрүн сыйрып жүрүшкөн эмес. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды алыс жерден камерага тартып алгысы келишип, нечендеген аракеттерди жасап көрүштү, бирок чыныгы жүздөрүн тарта алышкан жок. Аларды кармайбыз деп ортодо канчалаган бейкүнөө милиция кызматкерлери каза болду. Чүмбөтчөндөрдүн ар бир атканы эле жаздым кетпегендиктен милиция кызматкерлери да атышуу мезгилинде алардан коркуп турушчу. Алардын машинелери ар бир жортуул сайын башка болуп алмашыла берчү. Бул кара чүмбөтчөндөр убагында Россиянын аймактарына да барып, ызы-чуу кылып келишкен эле. Кайсы мамлекет болбосун, бул кара чүмбөтчөндөр ким экенин, тек гана ар кандай божомол-доолорду айтышпаса так биле алышкан эмес.
Бир жолу Казакстандын Тараз шаарынын четиндеги атайын даярдалган буктурмадан алар менен кандуу кагылышуу болуп өттү. Бул жолкусунда төрт өлкөнүн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери солдаттар менен бирдикте алдын-ала катуу даярданышкан болчу. Ошондо да алар бир машине менен эптеп кутулуп чыгышып, карматпай кетишти. Бул атышуу алар үчүн эң акыркы атышуу болчу. Андан соң алар кандай күтүүсүз жерден пайда болсо, ошондой күтүүсүз жерден жок болуп кетишти. Муну ар ким ар кандай божомолдоп атышты. Бири "топ уюштуруучусу каза болуп, калгандары чачырап кетишти" дешсе, экинчилери "акчаны өмүр бою жетишээрлик кылып, топтоп алышып, андан соң тарап кетишти" дешүүдө. Ал эми үчүнчүлөрү болсо "алар өз ара ырктары келише алышпай согуша кетишип, бирин бири өлтүрүп ташташты" деген да жоромолдорду жүргүзүп жатышты. Ошондон баштап жер-жерлердин баары тыптынч болуп, чоң бизнесчилер, менчик банктын жетекчилери, бажы бөлүмүндө иштегендер, өзгөчө ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жандары жай алыша кадимкидей эс ала түшүштү.
Андан кийин деле майда-чүйдө кара чүмбөтчөндөрдүн окуясы чыга калып жатты. Бирок алар мындай жогорку масштабдагы профессионалдар эмес эле, майда-барат үйлөрдү тоногондор, бирөөнү карактагандар гана болчу. Бирок азыркыга чейин кара чүмбөтчөндөр ким экени билинбей, табышмак боюнча калды. Эмесе, кара чүмбөт окуяларына кайрылалы.

Акыркы керээз
Түнкү саат он экилерден өтүп калганда Тараз шаарынын кире бериш жериндеги айылдын чет жакасынан күтүлбөгөн жерден автоматтардын, пистолеттердин атылганы менен кошо бир нерсенин катуу жарылганы, адамдардын кыйкырык, ызы-чуусу түнкү тынчтыкты бузду. Мындай күтүлбөгөн атышуулар жергиликтүү элдин үрөйүн учуруп, эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй ызы-чуу болуп жаткан жакка кулактарын төшөп калышты.
- Кудай сакта, деги аманчылык, тынччылык болсо экен, эмне балакет башталып кетти? - айылдын карапайым элдери сыртка чыгышып бир жерге чогулуша автомат, мылтыктардын үнү чыккан жактарга улам карап коюшуп, өздөрүнчө талкууга алып жатышты. Айланадагылардын тынчын алган тынымсыз атышуу бир сааттан ашык болду. Аңгыча алдыңкы айнеги сынган чет мамлекеттик "Мерседес" машинеси атышуу болуп жаткан жерден бөлүнүп чыгып, айыл аралай ылдый көздөй аткан октой учуп жөнөдү. Бир аздан кийин, үстүндө күйүп-өчкөн жарыгын күйгүзө уңулдагын кошо уңулдатып милициянын эки машинеси да тигинин соңунан түштү. Бир аздан кийин алардын артынан дагы эки машине чыкты. Эмне болуп кетишкенин түшүнүшпөгөн жергиликтүү эл куушуп кетишкен машинелердин артынан таң калыша үрөйлөрүн учура карап калышты.
Мерседес машинесинин ичинде уч адам бар эле. Айдоочу алды жагынан көзүн албай улам-улам маңдайындагы күзгү аркылуу арткы орунда кансырап кыйналып келаткан кишини карап коюп, болгон ылдамдык менен айдап кетип баратты. Катуу кыйналып келаткан адамды башынан жөлөп турган жигит үстүнкү жаркырактарын күйгүзүп, артынан калбай удаа унулдаткычын унулдатып келатышкан милициялардын машинесин бир карап койду да колундагы пистолетин чөнтөгүнө салып, ары жакта жөлөнүп турган автоматты колуна алды. Анан айдоочуга үн катты:
- Артыбызда эки машине удаалаш кууп келатат. Эмне кылайын?
- Алдыңкы фараларын атып ташта!
Алиги жигит анын айтканын жасап, автоматын "Мерстин" сынган айнеги аркылуу арт жакта келаткандарды көздөй сунуп бир аз мээлеп турду. Анан бөлүп-бөлүп ок чыгарды эле, ок таамай дал өзүнө тийгендиктен эки машиненин тең алдыңкы жарыгы "жалп" дей түштү. Бирок машинелер ага да болбой ичинен тындырбай автомат менен ок чыгарышып, тигиге куйрук улаш эле удаа келе беришти.
- Тигилер баары бир бизден калышаар түрү жок, эми кандай аракет кылайын, шеф?
- Дөңгөлөктөрүн ата аласыңбы?
- Караңгы го, мейли ошентсе да аракеттенип көрөйүн, -ал кайрадан автоматын алды да арт жагын шашпай мээлей баштады. Бир маалда удаа-удаа эки-үч ок чыгарды эле катуу келаткан машине бир жагына кыйшая жолдун четине чыга ошол күүсү менен ала салып кетти.
- Азамат! Убагында атуу нормативин жакшы тапшырып жүргөнүң билинип турат, эми экинчисинин көзүн курут!
- Аракеттенип көрөм, - ал кайрадан автоматын артын карай суна бергенде куйрук улаш келаткан машиненин эки жагынан тең автоматтардын удаа атылган үндөрү чыгып, тигинин колундагы автоматы ыргып кетип, ийнин басып жатып калды. Айдоочу күзгүдөн анын кыймыл-аракетин байкай койду.
- Эмне болду?
- Сволучтар десе, сол каруума ок тийди окшойт, азыр карап гана тургула, - ары жактан тоголок бир нерсени алып чыкты. да, оозу менен анын бир нерсесин жулуп алып туруп, ары жакта келаткан машинени карай ыргытты. Бир маалда арткы машине катуу жарылып, андан учкан жалындар туш-туш жакка чачырады. Айдоочу күзгү аркылуу акырын арт жагын карап койду да ылдамдыгынан жазбай айдап жүрүп отурду.
- Экөөнү го жайладык, эми тээ арт жакта жаркырап күйүп келаткан тигил экөөнү эмне кылабыз?
Аларды жакын жолотпо, ошол аралыктан эле жайла. Снай-пер мылтыгымды ал да үстүнө күндүз кылып көрсөтө турган дүрбүсү менен экөөнүн тең айдоочусун атып ташта, башка арга жок.
Алиги жигит ак көйнөгүнүн кызыл-ала болуп кеткенине көнүл бурбастан, ары жактан узун мылтыкты сууруп чыкты. Анан үстүндөгү дүрбүсүн алмаштырып такты. Бул мезгилде тээ алыстагы катуу ылдамдык менен келаткан эки машиненин жарыгы өзүлөрүн көздөй улам чукулдап, ортолорундагы аралыгы жүз метрге жакындап калган эле. Алиги жигит шашпастан мылтыгын октой арткы отургучтун кырына жөлөп туруп, биринчи машинени шашпай мээлей баштады, анан акырын мылтыктын курогун басканда "тарс" эткен үн чыгып, тээ арт жакта катуу ылдамдык менен келаткан машине жолдун четине чыгып кетип, эки-үч ала салып кетти, бир аздан кийин "тарс" этип бензин жарылып, айлананы жапжарык кыла жалындап күйө баштады. Экинчи машинедегилер ага болбой эле ылдамдыгынан жазбай тынымсыз ок атышып, куйрук улаш кууп келе беришти. Жигит шашкан жок, ары жактагы жащикчедеги узун октон бирди алып чыгып кайрадан октой баштады. Анан шашпай мээлеп туруп, экинчи машинеге дагы ок чыгарды. Ал ошол ылдамдыгы менен сол жактагы чоң калың даракты сүзө ошо боюнча күмжам болду.
- Сыягы куугунчулардын куйругун үздүк окшойт, - оор күрсүнө алиги жигит мылтыгын ары жакка таштай, кан болгон көйнөгүн айрып жиберип, машиненин аптечкасынан бинт алып, ок тийген жерин катуу таңды. Анан арткы орундукта башын шылкыйтып онтоп жаткан кишинин башын көтөрдү да кан болгон жерлеринин баарын бинт менен таңып чыкты. Машине ошол ылдамдыгынан жазбай жүрүп отуруп, Тараз шаарына кире бербей, багытын оң тарапка бурду.
- Азыр шаарга кирүүнүн эч кажети жок, ал жерде тиги "козёлдор" бизди күтүп кайрадан буктурмала турушат. Рация аркылуу эбакта кабар жеткендир. Андан көрө тиги көлмөгө барабыз да чалдын үйүнө токтойбуз. Машинени болсо Плотинага чөктүрүп жиберебиз. Эртең чалдын машинеси менен Бишкекке же Алматыга жетип алуу керек. Антпесек бул кейпи-биз менен эч жакка баралбайбыз.
Айнектери быркырап, капталдары калбырдай тешилген машина катуу ылдамдыгынан жазбай кетип баратты. Убакыт
түнкү саат экиден өтүп үчкө чукулдап калган. Бир маалда ал токой тарапты көздөй бурулду. Анан токой ичиндеги машиненин жолу менен чаң ызгыта катуу жүрүп отуруп, токой арасындагы кирпичтен салынган жалгыз үйдүн тушуна келип токтоду эле, ары жактан эки-үч ит жолдорун тосуша авалап үрүп чыгышты. Айдоочу колуна пистолетти алды да машиненин эшигин акырын ачып сыртка чыкты.
- Силер туруп тургула ушундай, мен ким бар экенин билип келейин.
Бир аздан кийин үйдүн ички жарыгы күйүп, абышка-кемпири болуп, баары бери жакка чуркап келишти. Машиненин арткы орундугунда кызыл-ала болуп жаткан экөөнү көрүшүп чочуп кетишти.
- Астапралла, деги амансыңарбы? Силерге эмне болду?
- Тигини көтөрүшүп, жардам берип коюңузчу, - айдоочу менен абышка экөө арткы орундукта эс-учун билбей жаткан кишини эки колунан моюндарына алышып, эки бутунан көтөрүшө үйдү көздөй алып жөнөштү. Кемпири жүгүрүп барып эшикти ачып, баары ээрчий үйгө киришти. Ошол замат эле машиненин айдоочусу кайра сыртка чыгып кетти да эки жакка бир сыйра чалгындап көз жүгүртүп алды. Андан соң машинени от алдырып, үйдөн анча алыс эмес чоң суу сактагыч көлчүк тарапты карай айдады. Дөбөчөгө тике чыгып барып, суунун жээгине токтотту, бир аз турган соң машиненин тормозун чыгарып, өзү сыртка секирип кетти. Машине күүлөнүп барып тумшугу менен сууга катуу урунду да акырындап түбүнө чөгө баштады. Бултулдап үстүнө шарик чыгара улам ылдыйлап отуруп тереңдикке кирип таптакыр көрүнбөй калды. Жигит сууну мелтирей тиктеп бир аз ойлонуп турду да капысынан тигилерди эстегендей "селт" этип алып, үйдү көздөй шашыла басып жөнөдү.
Үйгө киргенде ийнине ок тийген жигитти кайрадан жууп тазалап, таңып коюшуптур. Ал эми кроватта жаткан киши дагы эле кыйналып, жөөлүп атыптыр. Анын чекесине ным чүпөрөк менен басып турушту. Айдоочу жигит чалдан сурады:
-- Жакынкы аралыкта врачтар, же доктурлар жокпу?
- Тегеректе, жакын жерде, айылда да жок. Ан үчүн түз эле шаарга барып келиш керек.
- Шаарга барып врач жалдап келбейсизби, акчасын эки эселеп төлөп берели?
Абышка унчукпастан кийимин кийип камына баштады эле кроватта жаткан киши эсине келип, аны токтотуп койду.
- Кереги жок, барбай эле койгула, баары бир кеч болуп калды. Алар аркылуу силерди да колго түшүрүп алышы ыктымал, - анан ал акырын башын көтөрө айдоочу жигитти карады.
- Бул ким? Сен Алмазсынбы?
- Ооба, менмин.
- Калгандары кайда?
- Тиги буктурмада атышуу мезгилинде Хамид курчоодо калып, колго түшөөрдө өзүнө бензин чачып туруп өрттөп жиберди да анан өзүн атып салды. Ага биз эч жардам көрсөтө алган жокпуз. Ал болбосо биз курчоодон чыга алмак эмеспиз. Биз үчүн ал өз жанын кыйды, курчоону бузган да ошол болду. Курчоодон чыккандан кийин тигилердин жолун тоскон да ошол болду.
- Ыйманы саламат болсун! Эч нерседен тайманбаган жакшы жигит эле, кайран жигит, ал эми тигил Эрбол каякта?
- Курчоону бузуп келатканда ал да окко учту. Курчоо аябай катуу чыңалып, күчтүү даярдалыптыр. Араң дегенде кутулуп чыктык.
- Деги кимиңер барсыңар, кимиңер аман калдыңар?
- Альберт экөөбүз эле калдык, анын да оң жак ийинин автоматтын огу талкалап кетиптир.
- Мм... де. Демек, экөөңөр эле калган экенсиңер да! Бир аз ойлонуп турган соң кайрадан жөөлүй баштады. Бул маалда айдоочу бирөөлөр кокусунан келип калган жокпу деп, эки-үч жолу сыртка чыгып, айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп келди. Тигил киши жарым сааттан кийин өзүнө келип, Альберт менен Алмазды чакырды да "сөз бар эле" деп кемпир-чалды башка бөлмөгө тура туруусун өтүндү. Алар чыгып кетишкен-ден кийин бир аз көзүн жума кыйналып турду, анча-мынча онтоп турган соң кайра көзүн ачты.
- Эмесе мындай, Алмаз, Альберт, ушуну менен биздин карьерабыз дагы соңуна чыкты окшойт. Башында Кандуу Ордонун жети кишиси бар элек, мына эми акырындап азайып, тиги дүйнөгө сапар тартып отуруп экөөңөр гана калдыңар. Менин да ичээр суум аяктап баратат. Эми кудая шүгүр деш керек, беш жыл бою чогулткан байлык, акча, алтын-күмүш буюмдар, чет элдик долларлар менен экөөңөр өмүр бою эч нерсе иштебей жашасаңар дагы кенен кесир жетет. Керек болсо ал байлык балаңарга, неберелериңерге чейин барат. Менин өлөөр алдындагы силерден өтүнүчүм, эми мындан ары бейкүнөө адамдардын канына забын болбой, калган өмүрүңөрдү таза жашагыла. Байлыкты талашып-тартышпай ынтымак менен тең экиге бөлүшкүлө. Ал эми менин өлүгүмдү өз айылыма алып барып, тууган-туушкандарымдын колуна тапшыргыла. Андан сырткары аларга элүү миң доллар калтыргыла. Мени койгондо кыйналбай, каражат кенен кесир жеткендей болсун. Калган акчаларына өздөрү оокат кылышсын, - ал бир азга унчукпай катуу кыйналганын билгизбей ичинен акырын онтоп жатты. - Мына, ушунча жылдан бери мобул колум менен канчалаган гана кишилерди өлтүрдүм. Кандуу Ордодо канчалаган адамдарды жалынгандарына карабай, чекесин мээлеп туруп, мээсин чачырата атпадым. Адам жаны чыркырап учуп кетип атканы менен мен ошондон аябай ырахат алчумун. Мына эми бир аз убакыттан кийин өзүмдүн да жаным ошолордукундай болуп чыркырап учуп кетет... Менин силерден өтүнөөрүм жөндөн-жөн эле бирөөлөрдүн канын төгө бербегиле. Жетишет, ушунча жылдан бери канча адамдын канына забын болдук. Чынына келгенде адам өмүрү оюнчук эмес, эми мындай, жогорудагы менин айткандарымдын баарын сөзсүз аткарабыз деп сөз бергиле. Ошондо гана мен тынчыраак тиги дүйнөгө кетемин.
Экөө тең анын маңдайына басып келишти дагы катарлаш туруп калышты.
- Айтканың сөзсүз орундалат, сөз беребиз!
- Рахмат силерге!
Арадан жарым саат өтпөй ал жай, көшүлгөн боюнча кете берди.
Эртеси чоң суммадагы акчага жалданган чет элдиктердин чүмкөмө машинеси, өлүктү атайын кийизге ороп табытка салып, Өзбекстандын чек арасы тарапка катуу ылдамдык менен уруп-согуп кетип баратты.

Оор жоготуу
Эң акыркы жолдошу Альбертти кимдир бирөөлөр өлтүрүп кеткендиги тууралуу кабар Алмаз үчүн такыр күтүлбөгөн окуя болду. Буга ишенгиси келбей жүрөгү бирөөлөр ийне менен сайгылагандай оорутуп, өзүн ушунчалык жаман сезе, бир жерге отура албай, башын кайра-кайра мыкчый ары-бери туталанып баса баштады. "Андай болушу мүмкүн эмес, экөөбүз мындан жарым ай мурун эле ресторанда чогуу отуруп, көп нерселерди сүйлөшүп, акыл-кеңеш куруп, келечек жөнүндө ар кандай пландарды түзүп, анан коштошподук белек?! Ал шордуу бул жакта кал десем да болбой койбодубу. Калып калганда жакшы болмок, бири-бирибизге жөлөк-таяк болмокпуз. "Мен Алтай жакка кетишим керек, ал жакта карындашым жашайт. Жападан жалгыз агасы менмин, менин да андан башка эч кимим жок. Ага жакыныраак жашап, баш көз болбосо болбойт, анын үстүнө ушунча байлыкты мен жалгыз эмне кылам? Алдыда көп пландар, ой-тилек, максаттарым бар. Ошолорду ишке ашырганга аракет кылам. Ал жакка барганда менчик ишкана ачып, мини завод-фабрика сатып алып, өзүмчө ар кандай цех уюштуруп, ошолорду иштетишим керек. Жер алып, аны да иштетем. Мынча байлыкты мындан ары чачпаш керек, адамча жашаш; керек. Өзүбүздүн адамдарыбыз ушунча жыл чогултуп келип, өздөрү пайдалана албай калышкан бул байлыкты биз эми орду-орду менен пайдаланышыбыз зарыл. Алардын арбактарын сыйлайлы, жума сайын Куран окуттуруп туралы. Карап тур, дос, тиякка барганда чоң заңгыраган үй сатып алам. Же үч кабаттуу кылып өзүнчө "особняк" үй салдырам. Анан үйлөнүп-жайланып дегендей, болду эми мындан ары тынч эле оокат кылыш керек. Канча адамдын өмүрүн кыйдык. Мобул колубуз менен нечендеген адамдарды өлтүрүп, жалаң кан чеңгелдеп жүрдүк. Калган өмүрүбүздү эми тынч оокат кылалы. Кудай буюрса, экөөбүз байланышып, катташып турабыз" - айтор ал өзүнүн көптөгөн пландарын, тилектерин айткан эле. "Калганын тигил жакка отурукташып, жайгашкандан кийин келип алып кетем", - деп өзү менен кошо болгону жарым миллионго жетпеген гана доллар алып кеткен. Сыягы көп акча бар экенин билип калып, атайын артынан аңдып жүрүшүп, анан жайлашса керек. Аны Барнаул шаарынын мейманканасынан түнкүсүн өлтүрүп кетишиптир. Кимдер өлтүргөнү белгисиз. Аябай кыйнашып, эки колун таңып салышып мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. "Жо-жок, андай болушу мүмкүн эмес. Ал мушташ боюнча аябагандай чебер, дасыккан жигит эмес беле. Ал эми аткан жагынан болсо эч жаздым кетирчү эмес. Өзү менен кошо куралы да бар болчу. Дайыма сагызгандай сак болуп кыраакы жүрчү. Анан кандайча алдырып коюшу мүмкүн?"
Ордунан туруп, ачылып турган терезелердин форточкаларын жапты. Короонун дарбазасы ичинен бек бекенби деп бир сыйра текшерип чыкты. Телевизор койду эле жакшы кино болуп атыптыр, бирок ага көңүлү чаппай кайра өчүрүп таштады. Анан үй ичинде эле тамеки күйгүзүп залга барып диванга чалкалап отурду. "Мына баары бүттү. Кандуу Ордонун эң тандалма жети адамы бар элек, менден башкалары бири дагы калбай калды. Алар жок дегенде кыркка чыгышкан жок. Атүгүл өз ажалдары менен да өлсө эмне? Баары тең киши колдуу болуп, улам биринин артынан бири кете беришти. Ушунча байлыктын баарын тең мага калтырып кетишти, жападан жалгыз мага. Ушун үчүн канчалаган гана кандар төгүлбөдү чиркин, канчалаган гана адамдардын өмүрү кыйылбады дейсиң. Канчалаган гана ызы-чуу менен топтолду. Бул үчүн эмнелерди гана иштешпеди алар. Жалаң бир гана мамлекет эмес, төрт-беш мамлекеттен топтолгон байлыктар. Өздөрү пайдалана алышпаган бул байлыкты мен эмне башыма урамбы, же өзүм менен кошо тиги дүйнөгө ала кетмек белем. Мунун ондон бир бөлүгү эле өзүмө өмүр бою кенен жетет. Мынча байлыкты эмне кылыш керек?" Алмаз бир аз ойлонуп турду да ордунан көтөрүлүп, дубалга тагылып турган килемди акырын көтөрдү. Анан анын ары жагындагы дубалга жабыша орнотулган темир сейфти ачып, анын ичинен желим баштыкчага кылдат салынган нерселерди сыртка бирден санап алып чыга баштады. Сейфтин ичинде жети баштыкча бар болчу. Анын оозун жаап, килемди кайра мурункудай калыбына келтирип койду да алиги баштыкчалардын баарын кучактай чогултуп, короого көтөрүп чыкты. Чоң дарбазалуу короонун ичиндеги бактардын арасына барып, отургучка көңүлү чөгө бир аз отурду. Анан шашпай ордунан туруп, ары жактан жыгач отундарды алып келип бир жерге додо кылып үйүп, алдына от койду. От жалбырттап күйө баштаганда баштыктагы кара нерселерди бирден сууруп ала баштады. Анда кара чүмбөттөр бар болчу. Ал ар бир чүмбөт кимге тиешелүү экендигин беш колундай таанычу. Аларды бирден отко ыргытаардан мурун, ар бир чүмбөттүн ээсинин келбетин, кыялын, сүйлөгөн сөздөрүн, адамдан башка өзгөчөлүктөрүн, өлөөр алдындагы акыркы сөздөрүн, бардыгын көзүнө элестетип атты. Көңүлү чөгө өзү менен өзү боло, чүмбөттөрдү бирден алып, он-он беш мүнөттөй туруп, анан отко ыргыта берди. Эң аягында өзүнүн кара чүмбөтүн сууруп чыкты да бир топко ойлонуп турду. Анан аны да шашпай бери жакта жалбырттап күйүп аткан чүпүрөк-төрдүн арасына ыргытып жиберип, ал аягына чейин күйүп бүткөнчө мелтирей тиктеп турду. Жалбырттаган оттун илебине кеч күздүн шамалын да, кечки суугун да сезген жок. Атүгүл жанына шыйпаңдап келген итке да көңүл бурган жок. Кабагын карыш түйө оор үшкүрүнүп алды дагы эңкейе он колунун манжалары менен эки көзүн баса өткөндөрүн ойлоно өзүнчө башка дүйнөгө кирип кетти.
Анда Союз жаңыдан чачырап, жалаң "өлүм жазасына" тартылгандар барып жазаланчу Кандуу Ордо да өз дооранын сүрүп бүтүп, анын жалданма желдеттери өз мекендерине кетүүгө буйрук чыгарылган мезгил эле. Кадимки Армиядан демобилизация болгондой ал жерде кызмат өтөгөн желдеттер өзүнүн көңүл ачып ойноп жүрүшкөн кыздары менен акыркы жолу ресторанга отурушуп, кокус пайдабыз тийип калаар деп бири-бирине даректерин калтырышып, аябай шаан-шөкөт менен коштошушкан эле. Кээ бирлери өздөрү менен чогуу ойноп-күлгөн кыздарын да кошо ээрчите кетишти. Кетип баратканда башкалар сыяктуу эле Алмаз да өзү менен кошо Макаров пистолетин, эки кутуча огу менен кошо шилтеп кеткен эле. Кыскасы, курал-жарак сактоочу складдагы куралдар канчалык кайтарууда болгону менен четинен жоголуп, уурдалып, тонолуп отуруп, ал жерде эч нерсе калбай калган. Жалаң адам өмүрү менен ойношкон жалданма желдеттерге Ордодогулардын эч кимиси эч нерсе айта алган жок. Алар бул куралдар үчүн кан төгүүдөн дагы кайра тартышпайт болчу.
Алмаз өз мекенине кайтып келгени менен бир топко чейин ишсиз жүрдү. Эртеңки күндү ойлобой акчаны каалашыңча жумшап, каалашыңча чачып көнүп калган неме чөнтөгүндөгү запас акчаларын үч айга жетпей эле түгөтүп салды. Анан Бишкектеги спорт комитетине келип, чыгыштын мушташуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча машыктыруучу болуп иштей баштады. Кунфу, дзюдо, таэквандо, каратэ, андан сырткары бокс боюнча дагы согушуу техникаларын тигил жакта жүргөндө эң жакшы өздөштүргөндүктөн спорт комитетинин уруксаты менен атайын спорт зал ачып алып, айланасына күчтүү, кайраттуу чыдамкай балдарды топтоп, машыктыра баштады. Албетте, алган маянасы башкаларга салыштырмалуу жогору болсо дагы анча ыраазы болбой жүрдү. Шаарда үйү жок болгондуктан спорт комитети тарабынан берилген бир бөлмөлүү жатаканада эки бала менен чогуу жашачу.
Бир күнү адатынча спорт залда өзүнүн балдары менен машыгуу өткөрүп жаткан. Капысынан машыктыруучунун бөлмөсүндөгү телефон шыңгырап калды. Бул учурда тааныш-тарынан чалгандар көп эле болот, ал ошолордун бири го деп ойлоп, шашпай барып телефонду көтөрүп кулагына такады.
Анан өзүнө тааныш үн кулагына шак дей түшкөндө адегенде Чочуп кетти.
- Алло, мага Алмаз керек эле?
Аны үнүнөн жаземдебей тааныды. Кандуу Ордодо ардактуу гладиаторлордун жетекчиси болчу. Анын үнү аябай катуу, орой, кырылдак болгондуктан сүйлөгөн дабышын алыстан эле жаземдебей билишчү. Кээде ачууланып кетип, катуу кыйкырганда ага эч ким үн катчу эмес, кээде каяша айтып мушташа кеткендер, же кол кайрыгандар болсо сазайын берчү, эч аячу эмес. Мушташуу жагын да, уюштуруучулук, жетекчилик жагын да эң жакшы билчү. Жакшы, түз жүргөн желдеттерге жакшы мамиле жасачу, тоотпой бараткандарды гана катуу кармап жазалап турчу. Ал канчалык катуу болгон сайын желдеттер ошончолук ыйбаа кылышып, аны аябай жакшы сыйлашчу. Улуту чечен, убагында Армияда аба десант бөлүмүндө кызмат өтөптүр. Гладиаторлордун жетекчилигине кыйындардын кыйындары гана тандалып алынчу. Ал ошого өзү татыктуу болгон. Аны убагында кандуу ордонун начальниги тургай, бүт офицерлер сыйлачу. Бута атуу мезгилинде бир да окту текке кетирчү эмес, көздөгөн чекитине дал тийгизе атчу. Кең далылуу, мойну аябай жоон, денесиндеги булчуңдары кадимкидей бөлүнүп-бөлүнүп, кийген кийимдери чак келчү эмес. Ошондуктан атайын заказ менен кийинип турчу. Кыскасы, гладиаторлордун бардыгынан артыкчылыгы, өзгөчөлүгү менен айырмаланып турчу. Аты Шамил, өзүнүн "Спартак" деген кошумча аты бар болчу. Алмаз анын үнүн жаземдебей тааныды.
- Мен Алмаз, угуп атам.
- Алмазсыңбы, иштериң кандай? Мени таанып атасынбы?
- Шамилсиңби?
- Ооба, жаңылган жоксуң. Кыскасы мындай, баса канча мүнөттөн кийин бошойсуң?
- Сен үчүн кайсы мезгил болсо деле даярмын.
- Анда жакшы, жарым сааттан кийин "Жаштык" ресторанына келип калбайсыңбы, сөздөр бар эле.
- Болуптур жарайт.
Алар башка сөз сүйлөшкөн жок, телефонду коюп коюшту. Мындай күтүлбөгөндүккө Алмаз өзүнчө тан калып жатты. "Кызык, ал өз мекенине Грозный шаарына кетпеди беле. Баса, ал жакта азыр орустар менен тил табыша алышпай согуш баш-талбадыбы. Бирок кандайча кайра биякка келип калды. Же
кокусунан келип калдыбы? Жок, бул кокусунан жөндөн жөн келген жок. Атайын бир иштер менен келди. Келсе эмне жумуштары менен келди болду экен. Кандуу Ордонун иши абакта эле бүтпөдү беле? Болуптур, эмнеси болсо да көрө жатаармын, деги жакшылыкка болсо эле болду". Алмаз машыгып жаткандардын эң кыйынын өзүнүн ордуна койду да: "Машыгууну уланта бергиле, анан ачкычты кароолчуга таштай кет", - деп ал балага эскертип, өзү шапа-шупа кийине сала көчөдөн такси кармап, айткан дарекке жөнөдү.
Аны ресторандын алдында үчөө күтүп турушуптур. Аларды көргөндө эле Алмаз алыстан тааныды. Шамилден башка бирөөсү Эрбол деген казак жигит, экинчиси Хамид деген тажик жигит. Алыстан бири-бирин көргөндө эле жылмайыша кучакташып учурашышты. Бир аз турушкан соң ресторандын ичине киришип, чакан төрт кишилик столго отурушканда Шамил официантты чакырып алып заказдарды бере баштады. Алмазга кудум Кандуу Ордо мезгилиндеги кыздар менен отурган ресторан элестеп кетти. Анын ресторанга отурбай калганына көп убакыт болуп калган эле. Шамил түрдүү ичкиликтерди, даамдуу тамак-аштарды столдун үстүнө жайнатып таштады.
- Кудум эле Алматы ресторан дарыядай шаңдуу отурат элек, кыз-келиндер гана жетишпей турат. Бирок аманчылык болсо мындай ресторандарга далай отурабыз, кыз-келиндер да болот. Бүгүнчө аларды кое туралы. Кел андан көрө жолугушкандыгыбыз үчүн мобул тостторду алып жиберели, - Шамил ордунан туруп стаканды колуна алды эле беркилер да ордуларынан турушуп, стакандарды кагыштырышты дагы андагы коньяктарды тартып жиберишти. Өз ара аркы-беркини сүйлөшүп отурушкан соң негизги темага өтүштү.
- Эмесе мындай туугандар, мен силерди бул жерге жөндөн жөн эле чогулткан жокмун. Себеби өзүңөр көрүп атасыңар жашоо азыр кандай болуп каякка ооп баратканын. Бардыгыңар тең бир курстан өткөнсүңөр же, тагыраак айтканда, баардыгыңар тең эң жогорку деңгээлдеги такшалган спортсмендерсиңер, "ардактуу гладиатор" деген наам бардыгыңарда бар. Кандуу Ордонун көпчүлүгү азыр төгөрөктүн төрт бурчуна ар ким өзү менен өзү болуп чачырап кетишти. Азыр алар эмне иш кылып, эмненин башын бүлдүрүп жүрүшөт белгисиз. Албетте, ар ким заманга жараша өз күндөрүн көрүп жатышат дечи. Бирок силерге бирден бир эске сала кетчү нерсе, жалгыз дарак эч убакта токой болбойт. Эмне иш кылсак да кайда болсок да баары бир жекече бир бирден эмес, бирдикте чогуу аракет кылыш керек. Аны мына мен өз башымдан өткөрүп келдим. Канчалык кыйын профессионал болсоң деле, жалгыз көпчүлүккө каршы эч нерсе кыла албайт экенсиң. Канча кылса да көптүн иши көп, сени жөн эле салмагы менен былчыйта басып коёт. Мен Ордодон кеткенден кийин Грозный шаарына барган эмесмин. Гурьево шаарында болуп, көп өтпөй эле белгилүү бир атагы чыккан, аябай бай фирмага орноштум. Же тагыраак айтканда анын үстүнө жетектеген президентинин "телохранители" болуп иштей баштадым. Көп өтпөй эле анын ишенимине кирип, оң колу болууга жетиштим. Кандуу Ордодо кандай ак иштесем, ага да берилип чын дилимден иштөөгө аракет кылып жүрдүм. Бирок тигилер аны актаган жок. Биринчи кырсыкта эле менин башым кетти. Мен алардан андайды күткөн эмесмин. Өкмөттүн көзүн бурмалап, контрабандалык жол менен крупный суммадагы акча жасай коебуз деп алар жергиликтүү ички иштер кызматкерлеринин кылтагына чалынып калышты. Мен аларга ак дилимден кызмат өтөөгө аракет кылып, барып кел деген жагына барып келип, дайындаган жумуштарын тапатак, таптаза бүтүрүп жүрбөймүнбү, ичимде эч арам оюм жок. Көрсө, алар "бир нерсе болсо..." дешип мени отко ыргытышып, өздөрү суудан кургак, сүттөн ак болуп чыгыш үчүн алдын ала мени бутага алып даярдап жүрүшүптүр да. Кийин ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип, ар бирибизди түрмөгө алып кете баштаганда бүт күнөөнүн баарын менин мойнума илишип, өздөрү сүттөн ак таза болуп чыга беришти. Мага болсо тогуз жыл мөөнөттү мойнума илип, темир тордун ары жагы күтүп калган. Көрсө, алар мен сыяктууларды далай ушинтип кестирип, каматып жиберишип, өздөрү акчанын күчү менен кутулуп кетип атыптыр. Алар: "Бир-эки жылдай түрмөгө отуруп чык, анан өзүбүз акчаның күчү менен кайра куткарып алабыз, бизди сактап калгандыгын үчүн кийин чыкканда чоң суммадагы сыйлык акча беребиз. Түрмөдө болсо каалашыңча акча, тамак-аш менен камсыз кылып турабыз. Кыскасы, кор болбойсуң, эки жыл эки күндөй эле эркиндикте жүргөндөй өтүп кетет. Баарын мойнуңа ала бер", - деп мени макул кылдырышкан болчу. Алардын ким экенин, чыныгы жүзүн түрмөдө отурганда биринчи күндөн баштап эле көрбөдүмбү. Ал жакта отурганда алар бир да жолу ахывалымды сурап басып келишкен жок. Өзүм түрмөчүлөрдүн үстүнөн башкарып көнүп калган жаным, ал жакка чыдай алган жокмун. Түрмөдө мен сыяктуу алдап каматып ийгендердин эки-үчөөсүн жолуктурдум. Сырттагылар менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрдүм эле, эч майнап чыккан жок. Минтип отурсам, тогуз жыл толугу менен мөөнөтүн өтөп чыкчудаймын. Акыры ал жактан качып чыгууга туура келди. Качаарын качып чыгып, тигилерге жолугууга таптакыр мүмкүнчүлүк алалбай койдум. Алар менин түрмөдөн качып чыкканымды угушуп, алдын-ала аябай даярданышып, лөкүйгөн профессионал спортсмендерден беш-алтыны жалдап, телохранитель кылып алышыптыр. Жана башында айтпадымбы "жалгыз дарак токой болбойт" деп, аларды канчалык аңдысам да, акмаласам да баары бир жолугууга эч мүмкүнчүлүк алчудай эмесмин. Анан өзүмчө ойлондум да мурунку Кандуу Ордонун эң кыйын деген желдеттердин тизмесин алып, чогулта баштадым. Мына Хамид менен Ерболду таптым, ал аркылуу сени да акыры таап алдык. Эми Альбертти издеп табыш керек, анын дарегин да билем. Жакынкы аралыкта аны да алып келиш керек. Мен жалаң Орто Азияда жашагандарды гана тандап, топтоону чечтим. Эмне себептен силерди чогултканымды эми өзүңөр деле сезип жаткан чыгаарсыңар. Мен алар менен сөзсүз түрдө эсептешүүм зарыл. Мен тагдырга моюн сунуп, кол куушуруп бербейм, мен деген канымдан андай болуп жаралган жан эмесмин. Ошондуктан өзүбүзчө атайын тандама топ түзүшүбүз керек. Бардык жагынан профессионалсыңар, керек болсо өлүмдөн да коркпойсуңар, отко десе отко да тайманбай барасыңар. Менин сунушумду колдоп, мага көмөк көрсөтөөрүңөргө ишенип, тигил жактан атайын келдим. Кана менин сунушумду кандай кабылдайсыңар?
- Куралдарды кандай кылабыз?
- Анын жарасы жеңил, баса, айтмакчы, Ордодон өзүңөр менен кошо шилтеп чыккан эмне куралыңар бар?
- Менимче бардыгыбызда эле Макаров пистолети огу менен бар окшойт?
- Аны өзүңөргө сактап койгула, зыяны тийбейт. Менде баштарында үн чыгарбас "глушителдери" бар атайын револьверлер бар. Ошону пайдаланабыз. Андан сырткары Калашников автоматы беш обоймасы менен бар. Акча каражат жагы Кудая шүгүр, азырынча жетиштүү эле. Аванс кылып алдын ала ар бириңерге беш жүз доллардан бере турам. Иш бүткөндөн кийин калганы дагы болот.
- Тигилердин канча телохранителдери бар?
- Ашып кетсе беш-алтоо, алардан чочулабай эле койсоңор болот, анткени алар спорттун бир гана түрү менен машыккандар. Мисалы, бокс, карата, дзюдо же самбо менен, аларга салыштырмалуу силер спорттун бардык түрүн эң жакшы өздөштүргөнсүңөр. Аларды жөн гана согуп жайлап түшөөрүңөргө ишенем. Ошондуктан ар бириңер жашаган мекениңерге барып бирден топтоп атпаймынбы. Фирманын мен кайсыл жеринде эмне бар коён жатагына чейин эң жакшы билем, бир жылдан бери жакшы эле өздөштүргөнсүдүм. Алар жалпы жонунан алганда имаратта отурган бийликтегилер элүүдөй киши, биз алардын баарын тек өлтүрүп жазалабайбыз. Тек гана эң башкы главарь жетекчи сөрөйлөрдүн баарын бирин да калтырбай көздөрүн тазалайбыз. Анан эң башкы нерсе бухгалтериясындагы, сейфтеги акчаларды эч нерсесин калтырбай шыпырып кетүү керек. Фирма толугу менен таптаза сызга отуруп, банкрот болгондой болсун. Эгер Кудай буюруп ишибиз онунан чыгып калса акчага маарый эле түшөбүз. Ал акчалар менен бир топко жашасаңар да болот. Автоматка да глушитель таап тагыш керек, анын милдетин өзүм алам. Аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн тааныш офицерлер бар. Ошолордон прокатка сатып ала турам, эгерде мүмкүнчүлүк болсо на совсем эле сатып алам. Кана, менин айтканыма кошуласыңарбы? Коркпой, чочулабай эле койгула, мен силерди кайсыл жерден болсо дагы сууруп, куткарып алуу колумдан келет. Кана жигиттер, кандай дейсиңер?
Мурунку жетекчисинин сөзүнө тигилер эч ойлонушпай: "Кошулабыз! ", - деп бир ооздон жооп беришти. Шамил колун столдун ортосуна созуп, алаканын ачты эле беркилер да баары анын алаканына колдорун коюп бириктиришти.
Ошондон бир жума өтпөй эле Шамил баш болгон Кандуу Ордонун тандалма желдеттери - Алмаз, Хамид, Ербол Альберт бешөө мерседес машинасына түшүп алышып, Казакстандын талаасын чаңдатыша түндүк-батышты карай кетип баратышты.

Короодогу өрт
Аларды чогуу бир мезгилде кармаш үчүн тигилер бир жумадан ашык сырттарынан акмалашты. Шамил бул фирманын ичин коён жатагына чейин билгендиктен короого кирүү жолун жакшы билчү. Бирок алардын үстүнөн басып калганга эч бир мүмкүнчүлүк болбой атты. Ошол күн дүйшөмбү күн болчу.
Кеч күздө айлана бат эле күүгүмдөнүп, саат жетиге чукулданып калган маал эле. Мерседес машинеси короонун дарбаза-сына жүз кадам жетпей акырын жылып келип токтоду. Дарбазадан ар кайсы маркадагы чет элдик машинелер улам бири кирип-чыгып атты.
- Азыр фирмада иштеген, мекемедегилердин бардыгы өз кабинеттеринде бир кварталдын отчетунун үстүндө иштеп атышат. Бул жактан жети-сегизге чейин эч ким чыкпайт. Ар бирин кабинеттеринен чыгарбай иштеп аткан жерлеринен тымызын жайлаш керек.
Алар машиненин ичинде өздөрүнчө пландашып, сүйлөшүп, тигил жакты акмалап турушту. Бир маалда баары тынчыган соң Шамил кана баштадыкпы дегендей акырын белги берди эле тигилер куралдарын октошо жабыла машинеден чыгышты да акырын буттарынын учтары менен жыла басып, айланаларын абайлай көз жүгүртүшүп, бийик дубалга жакындап келе жатышты.
- Буларга дарбаза аркылуу кирүүгө болбойт, тигилерге телевизордун экраны аркылуу ар бир кыймыл-аракет, баары көрүнүп турат. Атүгүл сүйлөшкөн сөздөрүбүздөн бери угулуп калат. Андан керө кайсыл жер аркылуу өтүштү силерге азыр көрсөтөм. Бирок ал жакта деле кароолчулары бар болуп! керек. Силер Хамид менен Алмаз, аларга акырын барып алыстан эле бычак уруп, көздөрүн тазалагыла, артыкбаш шум болбосун. Менимче, алар экөө болуш керек. Жаңыдан эле смена алмашышты.
Анын сөзүн түшүндүк дегендей Хамид менен Алмаз бийик дубалдын башындагы чыгып турган башы шиш темир урчук-чага жип ыргытып илмек жасашты да, ууру мышыкча дабыш чыгарбай акырын тартынып чыгышып, ары жагына өтүп кетишти. Калган үчөө айланасына кылдат көз жүгүртүшө ар бир дабышты тыңшап турушту. Бир маалда ары жактан машинанын жарыгы көрүнүп, дарбазага жакындап келе жатканын көрө коюшуп, берки үчөө тигилерге белги берип, калың бактын ары жагына далдаланышты. Жеңил машине дарбазага жеткенде дарбазаны кайтарып тургандар алардын документтерин текшерип, өткөрүп жиберишти да кайра дарбаза автомат менен өзү жабылып калды. Арадан он мүнөт убакыт өтпөй короонун ичинен тааныш белги угулду эле беркил үчөө иш бүттү окшойт дегенсип, салаңдап турган арканга тартынышып, учтуу шиш темирлерге денелерин тийгизбей акырын ары жакка секирип өтүп кетишти. Ары көздөй кетип баратышып, кокосуна бычак сайылып, кыймылсыз жаткан эки адамды көрүштү. Алар энкейише калың бактарды аралай, дабыш чыгарышпай катуу чуркаша жарыгы күйүп турган үч кабаттуу чоң мекеменин ичине жакындай беришти.
- Булардын туалетинин терезеси ачык, ошол аркылуу киребиз. Эрбол сен бул жерге кал, айланага көз бол, эгер бир нерсе болуп шек санасаң, үн чыкпас револьвериң менен акырын жайлап сал, бирок өтө сак бол, эч ызы-чуу кылбай таза иштейли.
Макул дегендей колуна револьверин кармай Эрбол сыртка калып калды да калгандары күйүп турган туалеттин терезеси аркылуу ичине бирден секирип кирип кетишти. Алардын кезектеги дагы бир курмандыктарынын бири туалетке эч капарсыз кирип келаткан киши болду. Кыңылдай басып келип, жаңы эле туалеттин эшигинин кармагычына колу тийгенде желкесине катуу урулган соккудан эч дабышы чыкпай оңкосунан сайылды. Анын кыймылсыз денесин сүйрөп барып, туалеттин ичине ыргытып жиберишти да сыртынан бекитише кууш коридор менен чуркап жүрүп отурушуп, тепкич аркылуу экинчи кабатка көтөрүлүштү. Алдыларынан чыгышкан эки адамды үн чыкпас револьвер менен чекеге атып, тепкичтин алдындагы караңгы жерге жаткырып коюшту. Ал жерде Хамид күзөттө калды, калган үчөө эч дабыш чыгарышпай өтө тездик менен жыла басышып, чоң "Приемный" деген жазуусу бар эшикти шарт ачып ичине кирип барышты. Фирманын президенти корей улутундагы кең далылуу Григорий Пак деген киши эле. Ал мындайды күтпөсө керек. Адегенде шашкалактай түштү, анан өзүн жоготпоого аракеттене тигилерди карап, жылмая күлүп койду.
- Жол болсун жигит, кайдан адашып?
- Каяктан экенимди ансыз деле айтпасам да түшүнүктүү го дейм.
- Баса айтмакчы, ооба уккам, түрмөдөн качып чыкканына бир топ болуптур. Азыр ызы-чуу түшүшө милициялардын баары сени издеп атышат. Бекер кылыпсың, качпай эле койсоң болмок, биз акча төлөп сени куткарып алмакпыз.
- Эгер ошондой эле куткаргыч болсоңор менден мурунку отургандарды эмнеге куткарган жоксуңар? Аларды деле мен сыяктуу отургузуптурсуңар го?
- Аа, алардын иштери башка, сен анын эч нерсесин билбейсиң, алар өзүлөрүнүн кылмыштарына жараша жазаларын алышты. Ошолордун сөздөрүнө да ишенесиңби? Түрмөчүлөр ооздоруна эмне келсе эле айта беришет эмеспи, аларды сөз кылып деле кереги жок бул жерде, андан көрө ко-ош, келип калыпсың, кел демек бар, кет демек жок отургула бул жакка. Келген максатыңарды айткыла, балким, кайрадан бизге иштээрсиң.
- Убактыбыз жок.
- А түшүндүм, демек, акча керек экен да, анын жараты жеңил, азыр, бир мүнөткө, - ал столдогу сигналды басты эле ары жактан толмочунан келген мурутчан киши басып келип, кире бериштеги эшиктин эки тарабында колдорун бооруна ала тикесинен турушкан эки жигитке таңгала көз жүгүртүп койду.
- Фирманын эсебинен буларга элүү миң акча алып келип берчи.
- Бизге акчанын кереги жок, сейфтин ачкычы керек.
- А, ошондойбу, буларга боору ооруп жакшылык кылайын десе, кайра боорго тээп атышканы эмнеси. Силер бул жерден аман-эсен чыгып кетип калабыз деп ойлоп атасыңарбы? Керек болсо силер деген азыр менин туткунумсуңар, эч жакка кете албайсыңар, - ал столуна чалкалай шашпай тамекисин күйгүзө босогодо турган экөөнө мыскылдай карап койду. Анан эки колунун алакандарын акырын чапкылап койду эле аркы бөлмөдөн лөкүйгөн кең далылуу эки киши чыгып келди.
- Чакыруусуз келген бейбаш меймандарды кичине тарбияга чакырып койгулачы, калганын анан сүйлөшөбүз.
Алиги далдайган экөө шашпай барыша Шамилди көздөй умтулушту эле босогодо турган берки экөө эки аттам менен жетип келип, алардын жолун тосуп калышты. Анан төртөө эки-экиден чабыша кетишти. Кабинет ичи бир паста тарса-турс боло түштү. Биринчисинин соккон муштумуна денесин тийгизбей Алмаз жеңил гана буйтап кетип, чыгыш элинин мушташуу ыкмасына сала ушунчалык чагылгандай ылдамдык менен айланып келип бетке тепти. Алиги далдайган киши дубалга такай бир катар тизилип турган стулдарды өзү менен кошо шыпыра, аларды туш-тарапка чачырата паркет полго чалкасынан кулады. Кайра ордунан туруп келатканда экинчи жолу буту менен катуу тебилген соккуга туруштук бере албай оңкосунан түштү. Үчүнчү жолку катуу соккудан гана башы жерге шалак дей түшүп кыймылсыз жатып калды. Альберт болсо аябай таамай согулган эки жолку сокку менен эле экинчисин эбакта эсин оодара чаап жерге сулаткан болчу. Эртеден бери төрдө тигилерге ишенип кыйын болуп аткан президент эки жерде эс-учу жок томолонуп жаткан "телохранителдерин" көргөндө булардын оңой жоо эмес экендигин сезе бухгалтери экөө кичине сестене түштү. Шамил жай алардын бет маңдайына басып келди. Арткы экөө болсо эч нерсе болбогондой эки колдорун боорлоруна ала Шамилдин эки жагында турушту.
- Мен силерге жакшы эле түшүнүктүү кылып айттым го, бизге сейфтин ачкычы керек.
- Болуптур ачкычты берейин, бирок эскертип коеюн, баары бир эч жакка качып кете албайсыңар. Өзүңөргө эле жаман болот. Короону милициялар кайтарышаарын менден да жакшы билесиң да.
Аңгыча ары жакта эс-учун билбей жаткан тигил лөкүйгөн кишинин бирөөсү эсине келе жаңы кыймылдап келатты эле Шамил Альбертке тигинин ишин бүтүр дегендей белги берди. Ал төшүнөн үн чыкпас револьверин алып чыгып, тиги кишинин так эки көзүнүн ортосуна мээлеп туруп, акырын "пук" эткизе машаасын басып койду эле тигинин мээси дубалга чачырай кайра оңкосунан кулады. Пол кызыл-жаян кан болуп эле жатып калды. Аны көргөндө тигил экөөнүн көздөрү ого бетер чакчайды.
- Сейфтин ачкычы! - Шамилдин кыйкырыгына президент сейфтин болгон ачкычтарын бүт кармата берди. Аңгыча кокусунан эшиктен кирип келаткан бирөө куралчан бейтааныш адамдарды, жерде кызыл-жаян кан болуп жаткандарды көрө коюп, кайра шарт бурулуп артты көздөй жөнөдү. Бирок желкесине, кара кушка тийген ок аны сыртка чыгарган жок, ошол жерден эле оңкосунан сайылды.
- Кана, жигиттер урушта туруш жок, кеттик! - Алар сыртка чыгып баратышып, бери жактагылардын баарын унчукпастан чыкыйга атып жайлап салышты. Анан ар бир кабинетке чуркап киришип, эч нерседен бейкапар столдо отургандардын баарын бирин да койбой четинен үн чыкпас куралдар менен атып жүрүп отурушту. Коридордо жолуккандарды ошол эле жерден оңкошаттырып атышты. Кабинеттеринде отурушкан отузга жакын кишинин бүт баарын иштеп отурган жерлеринен эле атып салышты да мекеменин ичинен кулпулап, сейфтеги болгон акчалардын баарын эч нерсесин калтырышпай алышты. Шамил фирманын негизги акчалары кайсыл жерде сакталаарын эң жакшы билчү. Анткени алар акчаларын банктарга кармабай өздөрүнүн мекемесине сакташаар эле. Сейф-тердеги болгон акчалардын баарын эч нерсесин калтырбай чогултуп алышты. Анан өздөрү менен кошо ала келген өрт чыгаруучу ак порошокту шашпастан ар бир кабатка, ар бир бөлмөлөргө чачып чыгышкан соң, бөлмөлөрдү дагы бир сыйра текшерип, кайра терезе аркылуу чыгып кетишти. Дарбаза кайтарып турушкан кароолчуларды да атып салганды унутушкан жок. Дарбазаны ичинен жакшылап кулпулап бекитип туруп, ачкычын алыс жакка ыргытып жиберишти. Андан соң ич жактан узун кылып чачып келген ак порошокко от коюшту. Порошокко тийген от "дүрт" этип дароо от ала мекеменин ичин карай жалбырттай күйүп жөнөдү. От эшиктин алды аркылуу үч кабаттуу үйдүн ичине киргенде тигилер дароо эле өздөрү келген жактары менен кайра секирип чыгып кетишти. Көп өтпөй бийик дубалдан бир топ эле алыс, караңгы жерде турган машинеге отурушуп, заматтын ортосунда от менен жалын болуп дүркүрөп күйүп аткан үч кабаттуу мекемени бир аз карап турушту. Анан машинени от алдырыша дароо эле көздөн кайым болуп караңгылыкка сиңип кетишти. Бул алардын кылмыш иштеринин эң алгачкы башталышы болчу.

Күтүлбөгөн сунуш
Алмаз ойдо жок жерден эле кайрадан акчага марый түштү. Дегеле мынчалык акчаны өмүрүндө алып көргөн эмес. Анын үстүнө Кандуу Ордодон кеткени мурункудай акчаны ой келди жумшай албай кадимкидей тартыла түшкөн эле. Олжодон түшкөн акчаны Шамил беш кишиге тепетең кылып бөлүп берген болчу. Фирманын сейфинде болгону үч миллиондон анча-мынча ашыгыраак акча бар экен. Андан сырткары Шамил да өзүнүн убадасы боюнча беш миң доллардан ар бирине акча берген эле. "Та-ак, мынча акчаны эмне кылсам? Алмаз ар бир акчаны өз-өзүнчө бөлүп, жарымын айылдагы бир туугандарына жөнөттү дагы, жумушка жөө барып келбей деп анча-мынча эскирээк болсо да ал-ахывалы-жүрүшү, сырткы келбети жакшы жигули сатып алды. Айдоого укугу бар кагазы мурун эле бар болчу.
Гурьево шаарындагы болгон кандуу окуяны Алмаз жолдош баласынын үйүнөн кечинде телевизордон көрдү. Жарымысынан көбү күйүп кеткен, үч кабаттуу өзүнө тааныш мекемени кунт коюп карап, анда сүйлөп аткан журналисттин сөзүн жакшылап тыңдап турду. Өлгөн он беш адамдын баары тең жалаң ок менен башка жеп, атүгүл кээ бирлеринин мээси чачырап өлүптүр. Журналист киши өлтүрүүчү террористтер жалаң көзгө атаар профессионалдар экенин, атайын кимдир бирөөлөрдүн жалдоосу менен иштешкендерин баса белгилеп айтып атты. Бул боюнча ар кандай версиялар коюлуп, ошону менен катар буга Шамилдин да тиешеси бар болуш керек деген божомолдорду коюшту. Фирмада иштегендердин бирөөсү чала жан болуп, бирок ооруканага жеткенде тилге келе албай жатып каза болуптур. Бул кандуу окуя бардык гезиттерге дүңүлдөп чыкты, атүгүл бир жумадан ашык чуулдап барып басылды.
Окуя болгондон жарым саат өтпөй эле алиги бешөө беш тарапка чачырап кетишкен болчу. Алмаз түнкүсүн учкан самолетторго түшүп Ташкентке жетип, андан бери такси жалдап келген. Ар ким өз жерине кандай жеткенин кийинчерээк бири-бирине телефон аркылуу билдиришти.
Алмаз жакшы мамилелеш балдары менен түнкү ресторандарга барып, көчөдөгү сулуу түнкү көпөлөктөрдү илип көнгөн адатынча акчаны каалаган жагына сапырып жүргөнү менен ишин таштаган жок. Спорт комитетинде машыктыруучу болуп эле иштеп жүрдү. Арадан жарым жыл өтүп өтпөй баягы эле мезгилде өзүнүн балдарын залда машыктыруу учурунда телефон "чыр-рр" деп калды, ала койсо тааныш үн.
- Бул мен - Спартак.
Алмаз адегенде түшүнгөн жок, бул Шамилдин үнү болчу. "Кандайча Спартак" анан бара-бара боолгоду. Кандуу Ордодо жүргөндө көпчүлүгү аны Спартак деген кошумча ат менен чакырышчу. Бирок кийинчерээк бул наам ага анча жага бербегендиктен айттырбай тыйып таштаган.
- Мени таанып атасыңбы?
- Жаңылган жокмун.
- Анда жарым саатка жетпей "Жаштык" ресторанына келип калбайсыңбы?
- Жайынча элеби?
- Мен эч убакта жайынча жүрбөйм да, өзүң билесиң, келип кал анан сүйлөшөбүз калганын.
- Жарайт.
Адатынча эле ордуна тың балдардан бирөөнү калтырып, жеңил машинесине отура сүйлөшкөн жерине жетип барды. Баягы төртөө тең ошол жерде экен. Шамил утурлай анын жолун тосуп чыкты.
- Охо, машинең кут болсун, демек, такси кармабай калган экенсиң да. Иштерин кандай?
- Алынча.
- Сезип турам, чөнтөгүң кичине жукара түшкөн экен да. Кудай буюрса чоң акчалуу кылам сени.
- Эмне дагы киши өлтүрмөйбү?
- Чочулабай эле кой, бул жолу иш оңунан чыкса кандуу болбойт. Баса, айтмакчы, киши өлтүргөндөн эмне коркуп калгансыңбы. Бул сөзүң мага анча жакпай турат. Кандуу Ордонун ардактуу гладиаторуна окшошпойсуң го?
- Кеп анда деле эмес дечи, просто интересуюсь.
- Это другое дело, анда кирдикпи ресторанга, калганын тигил жерден сүйлөшөбүз. Артында тыңчылар "хвостиктер" жокпу?
- Кудай сактасын. 1
Алар эки жакка кылдат көз жүгүртүшө ресторандын ичине киришип баягыл эле ордуларына келишти. Даамдуу тамак, ичкиликтер алдыга келгиче, аркы-беркиден сүйлөшүп олтурушту.
- Мындан кийин чогулушканда ресторанга келбешибиз керек. Ар кандай болот, кимдир бирөөлөргө шек алдырып коюшубуз да ыктымал. Анын үстүнө өзүңөр билесиңер Россия тарапта мен катуу издөөдөмүн. Менимче, бул боюнча бияк жактагылар да куру кол эмес. Мындан кийин менин Шамил атым өчүп мурунку Кандуу Ордодогудай Спартак атка кайра көчөм. Сактанганды Кудайым сактайт. Сак жүрүш керек.
Берилген заказ боюнча стол үстү тамакка жайнап, ичкилик бир-эки сыйра ичилген соң Спартак (Шамил) келген максатын айтты.
- Мынакей, өзүңөр замандын кандай экенин көрүп турасыңар. Ар ким эле мен жутсам, мен байысам, мен тоносом, алдасам, карактасам деп өз көмөчтөрүнө күл тарткан заман. Мындай бөрү заманда биз да бөрү болуп жашашыбыз керек. Антпесек жашоонун кандай кыйын экенин өзүңөр түшүнүп баамдаган чыгаарсыңар. Кандуу Ордонун жашоосу бүткөнү менен биздин жашообуз бүткөн жок. Жашообуз, келечегибиз али алдыда. Мындайча айтканда биздин заман келди. Азыр мурунку Союз мезгилиндеги он беш республиканын аймактарында белгилүү, кадырлуу "авторитеттердин" баары Кандуу Ордонун мүчөлөрү. Ошон үчүн биз да сыймыктансак болот. Эми сөздү көп узакка созбой негизги темага өтүп, келген максатымды айтайын. Келгиле, андан көрө бобул тостту ишибиздин ийгиликтүү болушу үчүн алып жиберели.
Бардыгы алдыларында турган коньякты алып жиберишти дагы өздөрүнүн шефинин оозун кунт коюп карап калышты.
- Эмесе мындай, силер деген Кандуу Ордонун ардактуу гладиаторлорусуңар. Силер акчаны каалагандай чачып, каалагандай жумшап көнүп калгансыңар. Азыркыдай жашоого силер эч убакта көнгөн эмессиңер, көнө да албайсыңар. Силер киши өлтүргөндөн да коркпойсуңар, керек учурда өз жайыңарды кыйып бергенден да кайра тартпайсыңар, аны мен жакшы билем! Мындан ары чогуу иш кылып бириндебей чогуу жүрбөсөк ишибиз жакшы жүрбөйт. Бизди бир бирден тал сыяктуу сындырып коюш оңой, ал эми топтоткон талдарды эч убакта сындыра албайт эмеспи. Эгер силер буга макул болсоңор бир иш бар. Болгондо да көп акчалуу боло турган иш. Кана, адегенде менин сунушума кандай карайсыңар?
Баары эмне айтаарын билишпей бири-бирин жалдырай карап калышты. Бир аздан кийин Эрбол "мен макулмун" деп баштады эле көп өтпөй "мен да кошулам" деп Хамид аны коштоп кетти. Андан соң биринин артынан бири баары бир добуштан макул экендигин билдиришти. Спартак ыраазы боло, жылмая "күңк" этти.
- Ушундай болорун мен да билгем. Эмесе, "өлсөк бир чуңкурда, өлбөсөк бир дөбөдө" бололу, бири-бирибизди сатышпайлы, бирибиз үчүн бирибиз жан кыюуга даяр бололу, бир тамырга биригели деп сөз берип, шерттешели. Макулсуңарбы? " Баары тең макулбуз дегендей ниеттерин билгизишти.
- Эгер бул шартты аткара албай же бузсачы, анда эмне кылалы?
- Анда ал катуу жазалансын же самурайларча өз каны менен жууп, жооп берсин.
- Буга макулсуңарбы?
- Макулбуз.
- Кол алыштыкпы?
- Кол алыштык!
Баары тең алакандарын бири-бирине бириктире кармашып турушту. Ортодо дагы тосттор сүйлөнүп, ичкиликтер ичилди. Шамил аты өчүп, кайрадан Спартак атка конгон башынан далайды өткөргөн гладиаторлордун жетекчиси өзүнүн ишенимдүү жигиттерине сунушун айтып отурду.
- Эмесе мындай, жигиттер. Алматы шаарынын чет жакасында жайгашкан атактуу "Казинону" эң жакшы билесиңер. "Ал жакта жалаң бай, аябай акчалуулар барышат эмеспи. Биз эң алгачкы жортуулубузду ошондон баштайбыз. Кан төгүү, ок чыгаруу болбосун.
- Эгер алар бизди карай курал суна турган болсо анда айла жок кан төгүшүү болот. А эгер куралсыз рукопашный бой болуп кетсе аны өзүңөр тейлейсиңер да. Бирок бул жерде дагы бир айта кетчү нерсе, өңүбүздү таанытпаш үчүн ар бирибиз бирден кара чүмбөт кийишибиз керек. Аны мен күн мурунтан эле заказ менен тиктирип даярдатып койгом. Калашников автоматы, анан Макаров пистолети менен куралдана-быз. Октору болсо Кудая шүгүр жетиштүү.
- Качан жортуулга чыгабыз.
- Аны бир жумадай өтө кылдат пландаштырып чыгышыбыз керек. Анан пландын негизинде аракет кылабыз.
Ошо күндөн тартып бир жумадай Казинону карактоо планы кылдат иштелип жатты.

☞ Калганын уланта бер автор.

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 19 Декабрь 2013 - 22:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Argymak007   04 Февраль 2014 - 06:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Казинодогу дүрбөлөң
Түнкү саат он экилерге жакын Алматы шаарынын түндүк-батыш тарабындагы атактуу Казинодо жалаң акчалуу бай адамдар чогулуп, оюн аябай кызуу жүрүп жаткан. Бери жакта бири-бирине окшош кара костюм шым, ак көйнөк кийинишкен галстукчан кишилер өздөрүнчө колдорундагы стакандагы чет элдик коньяктан ууртап-татып өздөрүнчө сүйлөшүп турушкан. Башка күндөн да бүгүн өзгөчө көп киши чогулушкан болчу. Спартак ушул күндү көптөн бери белгилеп алдын ала пландаштырып жүргөн. Аңгыча ары жактан ак мерседес машинеси келип токтоду да күтүлбөгөн эле жерден автомат, пистолет менен куралданган кара чүмбөтчөн кишилер ушунчалык чагылгандай тез ылдамдык менен атып чыгышты. Эшикти кайтарып тургандардын баарын томолото чабышты да автомат -чан бирөөсү ооздо калып калгандары жогорку экинчи кабатка көтөрүлүштү. Алдыларынан чыга калышкан эки сакчыны эки шилтем менен томолото чабышып өтө тездик менен чуркап жүрүп отурушуп оюн ойнолуп жаткан залга аткан октой куралдарын суна кирип барышты. Бурчтан чыга калган далдайган бирөөсү каршылык кылайын деди эле кара чүмбөтчөндүн бирөөсү секирип келип бетке тепти. Ал бурчка камгактай томолонуп түшүп ошо боюнча турган жок. Буйрук катуу өкүм угулду.
- Эч кимиңер ордуңардан былк этпегиле!
Оюндун кызуусуна берилип эч нерседен бейкапар туруш-кандар эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй, эмне кылышаарын билишпей жалдырап эле туруп калышты. Алардын бирөөсү бери жакта турган милиция формачан мурутчан жигиттин колундагы рациясын учура атты. Дагы бирөөсү төбөдө илинип турган люстраны үзө атты эле ал полго кулап быркырап калды.
- Баарыңар тең ордуңардан былк этпегиле да колуңарды желкеңерге алгыла!
Бардыгынын көздөрү чекчейише колдорун желкелерине алып барышты. Бирөөсү колун ылдый кылып баратканда колундагы саатын сындыра, үзө атты. Булардын ушунчалык көзгө атар мергенчилигине жүрөктөрү түшө ордуларынан былк этпей тигилер эмне айтышса ошону "кыңк" дебей аткарып турушту. Бирөөсү оозундагы тамекисин алып таштаганы жаңы эле колун оозуна алып баратты эле кезектеги атылган ок тамекисин жулуп кетти. Бери жактагылардын таптакыр эле жүрөктөрү түшө артыкбаш кыймыл жасагандан коркуп далдырай туруп калышты.
Адегенде анча маани бербей тоотпой атышкандар булардын ушунчалык шамдагай, көзгө атаар, эч нерседен кайра тартпаган, тайманбаган, бардык жагынан дасыккан, профессионал адамдар экенин сезишкен соң эч нерсе дей алышпай алардын айтканын "лям" дебей аткарып калышты. Колунда автоматы бар бирөөсү бери басып келди да, баарын дубалга жабыштыра бир катар кылып тизе баштады. Алардын баарын тизип бүткөн соң ары дубалды каратып койду.
- Кыймылдап былк этсеңер жаныңардан үмүт кылбагыла. Ар бириңер дуланын мушкасында турасыңар, ит аткандай атып таштайбыз! - андан соң алиги чүмбөтчөн жалпы кассада топтолгон акчанын баарын өзү менен ала келген баштыкка салды да бери басып келип баарына буйрук бере сүйлөдү.
- Кимде эмне бар чөнтөгүңөрдөгүлөрдүн баарын алып чыккыла, артыңарды карап кылчактоо болбосун. Чөнтөгүңөрдө эч нерсе калтырбагыла, текшерип чыгам, эгерде бир нерсе таап алчу болсом өзүңөргө өзүңөр кыласыңар, аео болбойт. Ары карап тургандар өз ара күбүр-шыбыр боло бери бурулушпас- тан чөнтөгүндөгү болгон нерселерин алып чыгып, полго таштай башташты. Ар кандай кичине китепчелер, кооз калем саптар, чет элдик тамекилер, зажигалкалар, кээ бирөөлөрүндө пистолеттер да бар экен. Көпчүлүгү эле орус акчалары менен казак теңгелери, анан АКШнын долларлары. Экөесү автомат менен тигилердин ар бир кыймыл-аракеттерин байкап турушту. Ал эми берки пистолетчен экөөсү ар биринин тушундагы акчаларды жыйнап өтө тездик менен чөнтөктөрүн бир сыйра текшерип чыкканга үлгүрүп жатышты. Чөнтөгүндө катып калган акчалары болсо тазалап, желкеге пистолеттери менен эсин оодара чаап жатышты. Аны байкап калгандар өздөрү каткан ачкаларын өздөрү эле акырын таштай коюшууда. Ангыча ары жактан атылган автоматтын үнү угулуп четкерээк турган бирөөсү бакыра колун басып көзүн жума тиштенип туруп калды. Анткени ал чөнтөгүнөн пистолетин жаңы гана сууруп келаткан эле. Анын эмне ою бир экенин ким билет, балким, пистолетин чөнтөгүнөн алып жерге койгону жаткандыр, же болбосо чын эле жаман ою бузулгандыр? Колу-башы кызылжайан боло колундагы пистолети жерге түшүп кетти. Алиги эки чүмбөтчөн адегенде жерде жаткан пистолеттердин баарын чогултуп алышты. Анан болгон акчаларынын баарын бирин да койбой шыпырып алышып, баарын тең бир бөлмөгө алып барып шыкап, тыгып салышты да сырттарынан кулпулап ачкычты алыс жакка ыргытып жиберишти. Чыгып баратышып буфеттин акчаларын да кошо алышып чет элдик эки-үч коньякты закузкосу менен ала кеткенди унутушкан жок. Кетип баратышып камалып турушкандарга: "Эшикке мина коюлду, ачсаңар эле жарылып заматта күмжам болосуңар" , - деп эскерте кетишти. Андан соң казинонун сыртынан бекитип "закрыто" деген жазууну илип койгонду унутушкан жок. Бир аздан кийин ак мерседес ордунан козголо заматтын ортосунда караңгылыкка сиңип көздөн кайым болуп кетти. Бүт дүйнөгө чуулгандуу кара чүмбөтчөндөр тарыхы ушундан башталган эле.

Каратоодогу окуя
Алар эртеси эле күндүз Алмаздын Бишкектеги спорт залынын машыктыруучу кабинетинде өздөрүнчө жай сүйлөшүп жумшак кресло-диванда чалкалай отурушту. Мерседес машинесин жеңил машинелер туруучу жайга калтырышып, чоң кенен спорт залды барып ичинен бекитип алышкан эле. Бир-экөөсү ары жактагы машыгуучулар түшчү душка жуунушуп сергип келишти. Спорт зал алты кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө болгондуктан буларга тоскоол болгон эч ким болгон жок. Алар баштыктагы болгон акчалардын баарын стол үстүнө төгүштү да доллар, орус рублдарын, теңгелерди өз-өзүнчө кылып бөлүп санай башташты. Он миңден ашык доллар, жарым миллионго жакын орус рублдары, жети жүз миңдей казак теңгеси бар экен. Андан сырткары төрт пистолет, үч алтын саат беш; сотовой телефон олжого түшүптүр.
- Бул акчаларды дайны жок чачпайлы. Андан көрөкчө Алмазга шаардын четирээк жакаларынан короо-дарбазасы бар эки кабаттуу үй сатып берели. Өзүбүз чогулганга да жакшы, сүйлөшүп, акылдашып, пландашканга эч ким тоскоол болбогондой болсун. Антпесе болбойт, көрүнгөн жерде минтип баш калкалап жүрө бергенди токтотолу. Бишкекке, Алматыга, Ташкенге, Душанбеге ушундай үйлөрдөн бирден сатып кароолчу дайындап коюш керек. Андан сырткары керектүү жерлерге да бирден үй алып коюшубуз зарыл, - Спартак, тигилерге өзүнүн сунушун айтып, алардын жекече ой пикирин уккусу келди. Алар макул болгон соң өзүнүн дагы бир секретин айтты.
- Менин жетимиш миң доллар акчам бар, ошого чет мамлекеттердин куралдарын сатып алыш керек болуп атат. Атайын алып жүргөнгө ылайыктуу чет элдик кичинекей автоматтар бар андан сырткары гранатомет, жөнөкөй гранаталар, түнкүсүн күндүзгүдөй кылып көрсөткөн дүрбүсү бар снайпер мылтыктары да керек. Бул сотовой телефон биз үчүн жарабайт. Мындан да алыс жер менен сүйлөшүүчү телефондорду табышыбыз же, тагыраак айтканда, сатып алышыбыз керек. Ишти биз адегенде ушулардан баштайбыз. Кимде кандай ой-пикирлер бар?
- Ушул жерде турган бешөөбүз эле болобузбу же дагы кишилерди алабызбы?
- Көрөбүз, азырынча бешөөбүз эле болобуз. Анткени силер менин ишенимдүү оң колумсуңар. Эгер зарылчылык болуп калса акырын сыртынан тандап, байкап, текшерип эгер бизге ылайыктуу болсо анан кошобуз. Бизге өтө көптүн деле кереги жок. Аз адам изин жашырып кеткенге да жакшы болот.
- Чет элдик курал-жаракты кайдан сатып алабыз?
- Аны мага койгула, анын жолун мен билем, только ал үчүн акча керек көп суммадагы.
Ошо күнү бешөө көчөдөн кыздарды кармап ресторанга барып отуруп Кандуу Ордодогудай көңүл ачып келишти.
Ошондон көп өтпөй эле Алмаз шаардан анча алыс эмес тоо тарапка кетчү Ортосай айылына жетпей "Царское село" деген жерден эки кабаттуу короо-жайы, бак-шагы менен заңгыраган үйлүү болду. Жигулисин сатып жиберип ордуна кайра "ДЖИП" чет элдик машинесин сатып алды. Спартактын берген кеңеши боюнча машыктыруучулук кызматын таштаган жок. "Ал жакта айлык акысы аз болсо да иштей бер. Биринчиден эч ким сенден шек албайт, экинчиден, алдындагы машыгып жаткан балдардын бирде болбосо бирде кереги тийип калат" деген эле. Арадан бир ай өтүп өтпөй алар Алмаздын үйүнө чогулушуп кезектеги жортуулга даярданыша алдын ала планын түзө башташты.
- Биздин бул жолку план Кытай, Иран, Пакистан тараптан келатышкан челнокчуларга күн көрсөтүшпөй каракташ-кан чек ара боюндагы рэкеттерди тоноо. Менин угушумча ал жердегилер ондон ашык кишилер экен. Ар бири автомат, пистолет менен куралданышыптыр. Байкуш челнокчуларды Каратоонун боорунан өтүп баратканда тосуп алышып көп суммадагы акчага салык салышууда. Акча төлөбөгөндөрдү коркутушуп, машинелерин жардырышып же эч нерсесин калтырбай тоноп алышат экен. Өздөрүн "Каратоонун пираттарыбыз" деп ататып бул атты укканда бизнечи-соодагерлер турмак, жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да зиркиреп турушат. Башка жак аркылуу өтүүгө жол жок болгондуктан соодагерлердин баары айла жок ошол жол аркылуу өтүшүүдө. Коюлган "налог-ставкалары" уламдан улам көбөйүп "кыңк" эткен, каяша сүйлөгөндөр акчаларынан айрылышын, уламдан улам аларга катуу кысылып Каратоонун пираттарынан жапа чегип, запкы көргөндөр уламдан-улам көбөйүп жашоолору кыйындап баратыптыр. Ошолордун болгон акчаларынын баарын тартып алып, ал жолду тазалап коюш керек. Эгер алар бизге кыр көрсөтүп каяша айта турган болушса бирин да койбой көздөрүн тазалап салуубуз зарыл. Эң башкысы алар кайсыл жерде турушат, чогулган жерлери кай жер, алар кимдер, кайсыл улуттагылар, такташка туура келет. Аларга өзүбүз жөнүндө эч бир маалымат бербешибиз керек. Атүгүл эч бирибиздин өңүбүздү тааныбашы зарыл. Ал үчүн кара чүмбөттү сөзсүз кийүүгө туура келет. Ушунун баарын жарым айдын ичинде бүткөргөнүбүз дурус. Убакытты көпкө созбойлу. Анткени ушул айдын аягында ал жерден челнокчулардын эң чоң сандагы кербенчилери өтөт. Мага түшкөн маалыматка караганда Ирандан чыккан үстү чүмкөмө он эки чет элдик машине аларга Пакистандан он сегиз "КаМАЗ" машинеси кошулуп, жолдон Кытайдан дагы жети "МАЗ" машинеси биригет. Ошолорду биз тигилерден сактап калуубуз керек. Балким, алар бизден да жакшы куралданышкандыр, биз сыяктуу алар да профессионал болуп калышы ыктымал. Анткени ал жерде да Кандуу Ордонун мүчөлөрү аралашып кеткенине күмөн санабаса болот. Буга тез арада эртеңден баштап ишке киришибиз керек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Screenshot_2013-12-27-00-11-49_1.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 04 Февраль 2014 - 06:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Argymak007   04 Февраль 2014 - 13:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Каратоонун пираттары" деп аталган тоо каракчыларынын үстүнөн кылдат текшерүү изилдөө иштери жүргүзүлө баштады. Алар он эки кишиден турган ар кайсыл улуттан бириккен каракчылар экендиги такталды. Эң башкы алынган маалымат алардын жетекчиси убагында Кандуу Ордонун мүчөсү болуп жүргөн "Ян Густь" деген кошумча аты бар корей улутундагы жигит экен. Мурун ал дагы ардактуу гладиатор деген наамга татыктуу болгон. Мушташ жагынан да, таамай аткан жагынан да булардан кем калышчу эмес. Убагында Спартак аны өзүнө кошуп алуу жөнүндө сунушун айтканда макул болбой койгон. Бешөө чогулуп отурганда Спартак тигилерге иштин жайын түшүндүрүп айтып берди.
- Бул жерде алардан чочулоонун деле эч зарылдыгы жок экен. Аларды кармап турган Ян Густтан башка эч кимиси анча профессионал эмес. Албетте, алардын башында Ян Густь тургандан кийин биз менен сүйлөшкүсү да келбейт. Эгерде атышуу болуп кетсе биринчи кезекте эле башчысынын көзүн тазалаганыбыз оң. Анан калгандарын жоготуш же баш ийдириш бизге жеңилирээк болот.
Ошондон эки күн өтпөй ак мерседес машинеси артынан чаң учура Каратоо тараптагы челнокчулар өтчү таштак жолго тоо кыялап акырын көтөрүлүп баратты. Кара-Тоо демекчи, тээ баш-аягы көрүнбөгөн узун, бийик тоо жон жагында анча-мынча кар турганы менен көпкө турбайт. Жаз алды менен эле баары ээрип кетет. Эмнегедир тоонун эки капталы капкара болуп, атүгүл таштары да кара болуп көрүнүп турат. Ошол себептен аны Каратоо деп атап коюшса керек. Ал жакка бир дагы карагай-чер өскөн эмес, болгону бирин-серин ар кайсы жерде жапайы карагаттар өскөнү болбосо эч нерсе өспөйт. Булагы бар жерлерде анча-мынча жашылданып көк шиберлери бар. Тоонун боору таптакыр жайдак болгондуктан ал жерде кумурска жөргөлөп баратса да көрүнүп турат деп ары-бери өткөн жүргүнчүлөр ал жакты карап күлүп өтүшөт. Бирок адам баласы үчүн балакеттин баары илгертеден эле ушул тоодо болуп келатат. Тээ он алтынчы жылкы үркүн убагында ушул тоо боорундагы кыядан канча адам жүк-пүгү, төөсү, жылкылары менен учуп өлүшкөн эле. Азиянын түштүк тарабындагы соодагерлерди байланыштырып турган бул жол далай кербенчилердин да өмүрүн алган. Ушул кыя менен соода иштерин кылып келатышкан же кетип баратышкан соодагерлерден сөзсүз бирөө учуп өлчү. "Аман-эсен өтүп кеттик" дегендердин жок эле дегенде төөлөрү же аттары учуп кетчү. Ошол себептен бул жолду "кандуу жол" деп аташчу. Кийин Совет доору башталганда ал жолдун туурасы улам кеңейтилип отуруп, машинелер жүргөнгө ыңгайлаштырылып батышка карай кенен жол ачылган. Бирок кыялап өтүп бараткан машинелер уламдан-улам аварияга учурай бергендиктен жолдун жээктерине атайын бетондолгон тосмолорду коюшуп, ары-бери өткөн машинелерге анча коркунучу жок болуп калган. Артынан чаңын буруксутуп тоо кыялап көтөрүлүп бараткан мерседес машинеси мотору ысып кеткендиктен жардын борунан сызылып агып турган булактын жанына жеткенде бир азга токтоду. Ичинде отурган Спартак жанындагыларга акырын эскертип өттү.
- Бул жерден эч кимиңер чыкчу болбогула. Алар дүрбү менен биздин ар бир кыймылыбызды байкап, аңдып турушу мүмкүн. Мен гана чыгайын да сууну алмаштырайын, ар кандай болуп кетиши ыктымал, куралыңарды ала силер да сак тургула. Сактыкта кордук жок. - Ал башына кийме чач кийип, жасалма мурут тагып, кара көз айнек тагынды да желимчаканы алып булактын боюна барды. Адегенде эки жагына абайлай көз жүгүртүп алды, анан булактагы суудан чакасына толтуруп радиаторго куя баштады. Ошол маалда кандайдыр бир куштун үнү саякаттуу чыккан дабышка бир селт этип алып, кайра билмексен боло суусун куя берди. Анысын куюп бүтүп экинчи жолу кайра сууга барганда кайдан-жайдандыр башына жоолук байланган кара сакалчан киши пайда болду да Спартактын жанына басып келди.
- Тамеки барбы жигит?
Спартак унчукпастан чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып берди.
- Оттугуң жокпу?
- Табылат.
Спартак чөнтөгүнөн зажигалкасын алып тигиге күйгүзүп сунду. Ал эңкейип тамекисин тутандырып кере-кере соруп алып, Спартактын жүзүнө тигилди.
- Ырахмат. Алыска баратасыңарбы? Бирок алыска баратканыңар сезилбейт.
- Ооба, тигил жакта тааныш кишибиз бар, ошонукуна меймандап баратабыз. Жолубуз болсо тийип эле кайра тартабыз го.
- Ал жакта ким деген кишиникине баратасыңар, мен тоонун аркы-бетиндегилерди да, берки бетинде жашагандарды да жакшы тааныйм.
- Рысбек деген кишиникине, көп жылдан бери малчы болуп иштеп келген.
- Тааныйм, жол боюндагы жалгыз сарайда турат. Азыр ал үйүндө болуш керек, барсаңар табасыңар эгер малын жайып чыгып кетпесе, - ал Спартак менен жылуу коштошту да Мерседес машинесин шектүү бир карап алып кандай күтүлбөгөн жерден пайда болсо кайра ошондой күтүлбөгөн жерден көздөн кайым болуп кетти. Спартак болсо эч нерсени байкабагандай машинесин от алдыра сапарларын андан ары улантышты. Көп өтпөй алдыларынан үстү чүмкөмө эки машине өтүп кетти.
- Мына, бул экөө азыр тигилердин жеми болуп берет, койгон салыгын төлөшсө кутулушат, төлөй алышпаса болгон мыдырларынан айрылып калышы мүмкүн.
Бир аз жүрүшкөндө дагы биринин артынан бири ээрчишкен төрт арты узун чүмкөмө чет элдик машине өттү. Андан соң жүргүнчүлөрдү тарткан чоң автобус да маңдайларынан зуулдап өтүп кетти. Каратоонун пираттарынан бири да алардын көздөрүнө чалдыккан жок. Арадан он, он беш мүнөт өтпөй аларды кара волга кууп жетип ылдамдыгын катуулатып аларды жандай өттү. Ага кунт кое караган Спартак бир нерсени сезгендей жанындагыларына үн катты.
- Силер бир нерсени сездиңерби?
- Боолголоп атабыз.
- Анда ошондой достор, бул волга тигилердин чалгынга жиберген машинеси. Анын ичинен алиги сакалчан кишинин отурганын байкап калдым. Кызык, булар каяк тарапка баратышат болду экен. Балким, тигил мен айткан Рысбектин үйүнө чалгындап бараткан болуп жүрбөсүн?
- Мүмкүн?
Бирок көп өтпөй эле кууш жарчанын түбүнөн волганын алдыңкы копотун ачып алып бир нерсесин чукулап аткан айдоочуну көрүп, бир калыптагы ылдамдыгынан жазбай андан ары кете беришти. Үч саатка жетпей машине жонго чыгып аралыгы бир чакырымдай болгон Тешкенташ деген тоннель аркылуу өттү да кайра төмөн карай зуулдап түшө баштады.
- Биздин бул жолку чалгыныбыз анча жемишин бербейт окшойт. Анткени тигилер бул жерди коён жатагына чейин жакшы билишет. Анын үстүнө биз алардын кандай куралданып жүрүшкөнүн жакшы билбейбиз да. Гранатомет менен бир эле атып заматта баарыбызды күмжам кылып салышы да мүмкүн. Эч кимге баш бербеген булардан баарын күтсө болот. Аларды биз бир кармасак чогуусу менен челнокчуларга салык салып аткан жеринен бир кармайбыз. Кармай албасак ачык эле согушка чыгууга туура келет. Кандай болсо да бул өрөөндү тигилерден тазалашыбыз керек. Силер Ян Густтун кандай экенин билесиңер да, ал өтө куу, кыраакы адам, сыягы биздин машинеден шек алып атат окшойт.
Алар Рысбектин үйүндө эки-үч сааттай болушуп, болгон кырдаалдын баарын андан угушуп, бир козу сойдуруп жеп кайра тартышты. Рысбек тээ илгеритеден Союз мезгилинде эле бул жерде чабан болуп иштечү. Убагында жүзүнө жүз токсондон алып берип жүрүп "Социалисттик эмгектин Баатыры" деген наам алган. Өзүнүн аймагына кадыр-барктуу адам болгон. Кийин союз чачырап баары менчикке өтүп аткан мезгилде карамагындагы малдын теңинен көбүн, жашап аткан үй сарайын менчикке чыгарып алган эле. Бул өрөөн боюнча азыр Рысбектен бай адам жок. Төрт жүздөн ашык кою, элүү, алтымыштан ашык жылкысы, ую, андан сырткары тоок, үндүк, каз сыяктуу майда барат жандыктары көп болчу. Алардын үйүнөн эң азыркыга чейин дегеле коноктордун аягы үзүлбөйт. Өзү да бапырап баарын төгүп-чачкан меймандос киши. Алмаз Рысбек менен апалары жагынан жакындыгы бар, таякелери болуп кетет. Өзүнүн тобу менен бир-эки жолу барып тааныштырып кайтышкан. Андан Каратоонун пираттары тууралуу көптөгөн маалыматтарды алышкан болчу, азыр да ошол максат менен барышкан.
Ак мерседес Тешкенташтан өтүп алиги булактын жанына жете бергенде күтүлбөгөн жерден эки кадам сол жактарынан катуу жарылуу пайда болду. Баары тең баштарын калкалаша машиненин ичине бүктүшө калышты. Катуу жарылуудан машиненин капталдары тешилип, сол тарабындагы айнектери быркырап кетти. Алар машинелерин токтотпостон катуу айдаган боюнча төмөн карай түшүп кетишти. Каратоодон алыстап төмөнкү түздүктөгү чоң шоссе жолго чыкканда машиненин мыйрыйган капталын кармалап, сынган айнектерин тазалап жатып Спартак кимгедир тишин кайрай өзүнчө сөгүнүп жатты.
- Шакалдар десе, урунарга тоо, урушарга жоо таппай кутуруп турган убагы экен да, карап гана тургула силер менен эсептеше турган мезгил да жетет. Баса, айтмакчы силер кандай ойдосуңар алар бизди биротоло күмжам кылыш үчүн атайылап жардырыштыбы же анча-мынча сес көрсөтүп коркутуп койгусу келиштиби?
- Менимче, алар биякка экинчи келбесин деген ниет менен атайын ушундай жасашты окшойт?
Ошол күндөн баштап бул банданы талкалоо үчүн өздөрүнчө катуу даярдык көрө башташты. Челнокчулардын келээр мезгилин такташып, эки-үч күндөн бери акырын барышып бери жактан тымызын Каратоонун жер-шарттарын жакшылап үйрөнө башташты. Өздөрү үчүн ыңгайлуу жер тандап ары өткөн, бери өткөн машинелерди дүрбү менен байкап турушту. Алар келчү маал чукулдап калганда салгылашка даярданышкандай катуу даярданышты. Спартак тааныштары аркылуу ар бирине бирден ок өтпөс чыптама (бронежилет) таап берген болчу. Аларды кийинише өздөрүнө керектүү куралдардын баарын алышты. Бул жолкусунда ар биринде бирден автомат, Макаров пистолети, бирден гранат, кош миздүү шамшар, аны менен катар жетишинче ок, дары-дармектерди даярдап койгон эле. Машинелерин тоонун арасындагы жардын түбүндөгү буйтка жерге токтотушту да өздөрү тоонун башына чыгып кетишти. Башында эле өздөрү белгилеп койгон жерге келишип, тээ төмөн жакты дүрбү менен карап коюшту. Ары-бери зуулдап жеңил машинелердин өткөнү болбосо тыптынч, эч шек-шыбаа билинбейт, Арадан төрт-беш саат өтүп түштөн ооп калган мезгилде челнокчулардын узун кербени көрүндү. Узун болуп тизилише, биринин артынан бири ээрчишип катуу ылдамдык менен төмөн карай түшүп келатышкан эле. Бешөө тең көмкөрөлөрүнөн жатып алышып дүрбүлөрү менен төмөн жактагы ар бир кыймылды карап турушту. Аңгыча арт жактарынан "шырт" эткен дабыш угулуп бурула калышса өздөрүн карай автоматтарын сунуп турушкан төрт адамды көрүштү. Алардын экөөсү сакалчан экен. Бирөөсү бери басып келип буйрук бере сүйлөдү.
- Колуңарды өйдө көтөргүлө дагы, автоматтарды бери бергиле!
Алар унчукпастан колдорун көтөрүшө автоматтарын өткөрүп беришти. Үчөөсү автоматтарын кезеп, бирөөсү тигилердин жан жерлерин сыйпалап, болгон курал-жарактарын чечип ала баштады. Ошол маалда өйдөрөөк жактан суур же коён чуркап өттүбү, айтор, "шырп" эткен добушка, шапылда кулаган майда кум-таштарга баштарын бура анча-мынча алаксый түшкөндө Алмаз көз ачып жумганча бир секирим менен жетип барып бирөөсүнүн автоматын кармаганга үлгүрдү. Экинчисине ыргытылган бычак мойнуна сайылып калган эле. Үчүнчүсү эсине келгенче Хамид аны бутка чапты эле чалкасынан кулап түштү. Ал эми эңкейип алиги куралдарды чогултуп аткан төртүнчүсү желкеге жеген катуу соккудан көмкөрөсүнөн кулаган боюнча турган жок. Кармашуу ашып кетсе беш мүнөткө гана созулду. Төртөөнүн жансыз денеси төрт жерде сулап жатты. Алардын жан жерлерин текшерип жаткан Хамид өзүнчө кейигендей күнгүрөнө кетти.
- Буларды өлтүрбөй эле койсок болмок.
- Андай болушу мүмкүн эмес, буларды өлтүрбөсөк алар сени өлтүрүшмөк. Экинчиден, ишке да тоскоолдук кылышмак. Анын үстүнө өңүбүздү да таанып калышты. Биздин чыныгы жүзүбүздү эч бир адамга көрсөтпөй кара чүмбөттүн ичинде гана иштөөбүз керек. Буларга кейигенде эмне, биз биринчи жолу эле киши өлтүрүп аттык беле. Кандуу Ордодо "өлүм жазасына" тартылып соттолуп келгендердин канчоосун аттык. Ушунча жыл ичинде бери дегенде эле ар бирибиз жыйырма отуздай кишини өлтүрдүк туурабы, мисалы, Хамид сен канча киши өлтүрдүң эсиңдеби?
- Эсимде жок.
- Калп айтпа, кантип эле өлтүргөн, аткан кишилериңди эстей албайсың. Болуптур, андан көрө буларды экөөңөр ит-кушка жем кылбай корумдап койгула, калганыбыз төмөн жактарга көз салалы, - деп Спартак өйдө турду эле баары тең ордуларынан козголушту.
Бул мезгилде тээ төмөн жак өздөрүнчө ызы-чуу болуп жаткан эле. Эки чет элдик машине менен келген топ ар бир машиненин ичин, артын текшерип ар бирине бир бирден салык салып аткан. Дүрбү менен карап турган Альбертке Алмаз суроо салды.
- Канчоо экен алар?
- Онго жакын киши го, жо андан да көп экен. Кана бир, эки... - Альберт туптуура он эки кишини санады.
- Жаңылып тигилерди да кошуп алган жоксуңбу?
- Жок, жаңылган жокмун, алардын ар биринде колдорунда куралдары бар экен.
- Ян Густь көрүнбөйбү араларында? Алыстан анча таанылбайт экен.
Эртеден бери унчукпай дүрбү менен көпкө карап турган Спартак акырын копшолуп жанындагыларына үн катты:
- Арасында сыягы Ян Густь жок окшойт. Бизге кайра жакшы болду. Ал болгондо бир топ тоскоол кылмак. Кана буларды жапа тырмак корумдашып жиберели да алгачкы кагылышуунун даярдыгын көрөлү, - баарылап алиги өлгөн адамдарды таштар менен жакшылап корумдап коюшту да бирөөлөр келсе таап алышсын деген ниетте алардын үстүнө бир автоматты калтырып келишти. Узун кокту аркылуу алар өтө тездик менен төмөн карай түшүп кетишти. Узундугу жарым чакырымдай келип, биринин артынан бири чубалышып бир колоннада тизилип турган чүмкөмө машинелердин далдоосуна чогулушту. Бешөө тең жолдо келатышканда эле кара чүмбөттөрүн кийип алышкан болчу. Аларды кокусунан көрүп калган алдыңкы КамАЗдын айдоочусуна унчукпа дегендей белги беришти. Спартак акырын басып келип, тээтигил чет элдик эки машиненин ичинде отургандарды акырын отурган ордуларынан тургузбай жайлап салгыла, - дегендей Алмаз менен Альбертке башын ийкеп белги берди. Жеңил машиненин ичинде отургандардын бирөөсү "сотовой" телефон аркылуу кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп, экинчиси кулагына кичине тегерек кулакка таккычы бар магнитофон тагынып музыка угуп жаткан эле. Экөөсү барып ошол жерден эле аларды дымытып, машинелеринин сыртынан жаап койду. Анан бешөө тең автоматтарынын башына үн чыкпас "глушителдерди" бурап бекитишип өтө тездик менен туш-туш жакка чачырай, машиненин капталдарына жашынышып бери жактагы өздөрүнчө ызы-чуу түшүп жатышкан топторго жакындай беришти. Жыйырма кадамдай жакын калганда ар ким өздөрүнчө ыңгайлуу жерлерди тандашты да бешөө беш жакка бөлүнүп топтошуп тургандарды курчап алышты.
Бир саамдан кийин ар кимиси өздөрүнө ыңгайлуу жерлерге жашынышып, топтошуп тургандарды мээлеше буйрукту күтүп калышты. Өз ара соодалашып жатышкан топ караан буларды байкашкан да жок. Аңгыча "пук-пук" деген ар кайсы жерден анча катуу чыкпаган добуштар угулуп курал кармап турган бешөөсү оңкосунан түшүштү. Машиненин айдоочулары менен аралашып турушкан куралчан адамдар аларга далдаланыша колдорунда кармап жүргөн куралдары менен туш келди аткылай башташты. Атышуудан коркушкан айдоочулардын баары кээлери баштарын калкалаша жерге бөк түшүшө жата калышса, кээлери болгон күчтөрү менен өздөрүнүн машинелери тарапка качып жөнөштү. Ортодо жашына тургай да ыктоо жер жок болчу, ошондуктан бешөө беш жактан куралчан адамдарды бута аткандай бирден терип атышты. Акырында бирөө калганда куралын таштап жиберип жан соогалап колун көтөрүп берди.
Ошондо ар кайсы жерден чыга башташкан, колдоруна курал кармаган кара чүмбөтчөн кишилерди көргөн айдоочулар келмелери ооздорунан түшүп, дагы эмне балакет болуп кетээр экен дегенсишип көздөрүн алайтышты. Алар шашпай бери басып келишти да өлүп жаткандардын арасынан кимдир-бирөөлөрдү издешкенсиди. Бирөөсү тигилерге келип бир нерсени жок дегендей башын чайкады. Дагы бирөөсү эки колун көтөрүп турган жигиттин жанына басып келди да ээгинен өйдө көтөрүп көзүнө тике карады.
- Ян Густь кайда?
- Мен эч кандай андай кишини тааныбайм, - алиги жигит чебелектей көзүн алаңдата тигилерден жалтаңдап турду. Алиги чүмбөтчөн кишиси автоматты тигинин маңдайына такады эле ал көзү алайып жанталашып чөгөлөй калды.
- Жан соога баатырлар, мен аны билем. Ал бул жакка келген жок, тигил жакта калган.
- Ал жакта дагы канчоо бар?
- Жети-сегизөө калган.
- Калп айтып атканың көзүңдөн байкалып турат. Чыныңды айткын болбосо тигилердей болуп жаның чымындай чыркырайт. Так санын айткын алар канчоо, кайсыл жерде күтүп турушат силерди?
- Өзү менен тогуз адам, төмөн жактагы булактын жанынан бизди тосуп алышмак.
Алар айдоочулардын баарын чогултуп келишти да жетекчисине эскертип өтүштү.
- Силер бизден коркпогула, силерге эч кандай жамандык жасабайбыз. Биз силерди тигилердин салыгынан куткарганы Каратоонун пираттарын бул жерден таптакыр тазалаганы келдик. Бирок азырынча биздин айтканыбыз менен болосуңар. Болбосо, силерге да кыйын, бизге да катуу тоскоолдук болот.
Автоколоннанын жетекчиси чүмбөтчөндөрдүн бирөөнө басып келди да кызыга сурай кетти.
- Деги силер ким болосуңар, милиция кызматкерлерисиңерби же солдаттарсынарбы? Же болбосо... - Анын сөзүн аягына чыгарбай алиги киши бардык айдоочуларга кыйкырды:
- Азыр биз тигил эки иномарка машинени айдап алдыга түшөбүз. Силер машинеңерге отургула да биздин артыбыздан ээрчигиле. Бир нерсе болсо ошол боюнча токтобой кете бергиле, биз силерди тигилерден коргоп калабыз. Алар бери басып келишип эки чет элдик машиненин ичинде өлүп жаткан экөөнү сыртка сүйрөп ташташты. Андан соң эки колун көтөрүп турган жигитти кошо машинеге отургузушун, артыбыздан ээрчигиле дегендей кылып сигнал беришти да эки машине алдыга түшө жылып жөнөдү. Узун колонна болуп токтоп турушкан машинелердин баары от алыша тигил эки жеңил машинени ээрчишип орундарынан козголушту.
Алдынкы жеңил машинеде Спартак, Альберт, Хамид, ал эми арткысында Алмаз, Эрбол анан тигилердин алиги туткун болгон кишиси болуп келе жатышкан эле... Булакка жакындаганда ал жерде эч ким жок болчу. Алдыңкы жеңил машине токтоп ичиндегилер жаңы гана сыртка чыга бергенде алиги чет элдик машине быт-чыт болуп жарылып, сыныктары от аралаш асманга учту. Алиги үчөө ары жактагы чуңкурга боюн ташташып баштарын катып калганга араң үлгүрүштү. Спартак колоннанын жетекчисине токтобой кете бергиле дегендей белги берди эле баары тең биринин артынан бири ээрчише катуу ылдамдыкта тигилердин жанынан зуулдап өтүп атышты.
Арткы машинедегилер да машинеден атып чыгышып тигилерге ок чыгарып аткылап калышкан эле. Узун колонна машинелердин баары улам алыстап отуруп төмөнкү бурчтагы кара жарчанын бурулушунан көрүнбөй калгыча тынбай аткылап ок жаадырып атышты да акыркы машине көрүнбөй калгандан кийин баары тең белги боюнча дароо тып басылды. Анан Спартактын берген кол жаңсоосу боюнча акырындап туш-туш жакка чачырай башташты. Каршылаштарынын баары тээ жогору жакта бекинишкендиктен төмөн жактагыларга алар менен атышуу кыйын болуп атты. Тээ жогору жакта баарынан өзүнчө бөлүнүп аткылап аткан адам көздөгөн жерине таамай тийгизип, бешөөнү тең баш көтөртпөй турду.
- Менимче, тээ жогорку жактан бизди снайпер мылтыгы менен аткылап атат. Бронежилеттеги кичине оюкчаны карачы, так жүрөктүн тушун мээлеп аткан. Менимче, мындай таамай аткан Ян Густун өзү болуш керек. Силер тигилерди улам ар кайсы жерге чуркап жашынып аткылап, алаксытып тургула, мен дагы снайпер мылтыгын пайдаланып көрөйүн.
Спартак снайпер мылтыкты алды да тээ төмөн карай чуркап алыс кетти. Жолдо баратканда жүрөк тушка дагы бир ок жеди, бирок ок өтпөс чыптама аны сактап калды. Бир далай жерге төмөн барган соң бир дөбөчөдөгү чоң кара таштын артына далдаланып шашпастан снайпер мылтыгынын дүрбүсү менен тээ өйдө жактагыларды мээлей баштады. Бир маалда моюну тыс дей түшүп, кан шорголой түштү. Жогору жактагы кишинин огу анын мойнун шылып кетиптир.
- Карап гана тур, мен сага кандай атканды көргөзөм. -Ал жаткан ордуна автоматтын үчүн чыгарып койду да башка орун которуштуруп кетти. Анан мылтыктын дүрбүсү менен тээ жогору жактагы алиги аткан кишини издей баштады. Бир маалда жерден өйдө көздөй чыгып турган урчук таштын ары жагынан, "тарс" этип атылган үндү угуп, ошол караанды туштап мылтыктын машаасын басып калды эле бирөө таштан төмөн карай кулап түшкөндөй болду. Анан берээк жакта аткылап аткандарды мээлеп бирден тере баштады. Аткылашуу жарым сааттан ашык созулду. Бир маалда эки-үч жолу чоң жарылуу болуп заматта баары тынчый түшкөнсүдү. Бери жактагылар узакка атышуудан тажап кетишкен соң жогору жактагыларга туштап граната ыргытып жиберишкен эле. Анча-мынчасын болсо Спартак снайпер мылтыгы менен жерге жапшырган болчу. Айлана бир азга жымжырт боло түштү. Баары тең бир аз жатышкан соң адегенде тээ төмөн жактагы Спартак ордунан туруп сактана бери басып келатты. Бир аз убакыт өткөн соң калгандары да ордуларынан козголушту. Өйдө жакта ар кайсы жерде сулап жатышкандардын баарын бир сыйра карап санап чыгышты да эмнегедир бирөөсүн таппай калышты. Спартак алиги урчук таштын артынан кулаган караан жакка басып барды. Ал жерде да эч ким жок экен.
- Демек, Ян Густь өзү тирүү калган экен да. Анда эле иш чатак. Ал биздин номер биринчи эң коркунучтуу душманыбыз болуп калат. Мен атканда ал өлбөй жарадар болуп калса керек.
Алар өлгөндөрдүн баарынын куралдарын чогултуп алышты да төмөн жактагы жалгыз жеңил машиненин жанына басып келишти. Экинчи машине болсо эбакта эле күмжам болуп таш-талканы чыгыптыр.
- Бул жолу бизди Кудайым бир чоң сактады. Анча-мынча эле кечирээк машинеден чыкканда тиги машинеден күмжам болуп сөөгүбүз сөпөт болмок. Экинчиден бронежилет да көпчүлүгүбүздү өлүмдөн сактап калды. Дагы бир таң калыштуу нерсе Кандуу Ордонун мүчөлөрү только башка гана таамай атышчу эмес беле, бул кандайча бизди жүрөккө туштап атып калды. Бизди алдыбы же өзүн шек санаткысы келтирген жокпу?
- Бу кишини эмне кылабыз эми?
Баары бери жакта алактап коркуп, бүрүшүп отурган алиги туткун жигитке карап калышты.
- Мунун бизге көп пайдасы тиет. Бул аркылуу биз тигилердин катылган казыналарын тапсак болот. Кана, урушта туруш жок кеттик. Тигинин көзүң кара чүпүрөк менен таңгыла да чүмбөтүңөрдү чече берсеңер болот. Жакын арада бул жерге солдаттар же милициянын оперативдүү группалары келип калышы ыктымал. Ошондуктан тез аранын ичинде көздөн кайым бололу.
Тигил жигиттин көзүн тангандан кийин баары тең чүмбөттөрүн чечише шар-шар машинеге отурушту да төмөн карай сызып жөнөштү. Сүйлөшкөн сөздөрдү укпаш үчүн алиги жигиттин кулагына "наушник" тагып музыканы ойнотуп коюшту. Жолдо келатканда бир нерсени баамдагандай Спартак өзүнчө өкүнүп койду.
- Ка-ап, жана машинеге отурар да чүмбөттөрүбүздү бекер чечиптирбиз. Булар кимдер болду экен деп Ян Густь биздин ар бир кыймылыбызды дүрбү менен алыс жактан байкап турушу да ыктымал. Эгер ошондой боло турган болсо бизди таанып койду. Бирок эч нерсе эмес, ал жалгыз биз көппүз, андан коркпосок деле болот.
Бирок ал жаңылган эле, тескерисинче, Ян Густтун бандалары бүтүндөй Орто Азияны өзүнө камтып бараткан.
Чет элдик машине чоң шоссе жолго чыгып алып шаар тарапты көздөй катуу ылдамдык менен кетип бара жатты.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Argymak007   04 Февраль 2014 - 13:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Алар мындай "ловушкага" түшөбүз деп үч уктаса да түштөрүнө кирген эмес. Бир жумалык кыйноодон кийин алиги колго түшкөн жигит Ян Густун акчалары, катылган казыналары каякта экенин көргөзүп бермей болду. Анын көп байлыгы, казынасы бар экенин Спартак мурунтан эле кулак-кагыш кылып жүргөн болчу. Казына демекчи, каракталган алтынга жалатылган кандай гана буюм болсо да чоң темир сейфке сала беришкен. Ар кандай алтын-күмүш монеталар, шакектер, аялдардын моюндарына салынган чынжырчалары, алтын саат-билериктер, пачкаланган америкалыктардын жүз долларлары, ар кайсы мамлекеттердин акчалары, айтор, Ян Густь ар биринин тилмесин өзү алып турчу экен. Бирок аны бирөө уурдап, ксерокопиядан өткөрүп алып, кетип бара жаткан жеринен кармалып, ошол боюнча анын көзү тазаланып, казына тизмеси бүт өрттөлүптүр. Баары бир бирин-серин баракчалар өрттөлбөй калып, акырындап көпчүлүккө тарап кетиптир. Бирок ал казынанын кайда катылуу турганын эч кимиси билишпейт эле. Муну Спартак башынан эле баамдаган. "Түшүнүктүү, демек, ал байлыгын бизден кызганып, биздин топко кошулгусу келбей жүргөн экен да". Ошо себептен буга ачуусу да келип, аны таптакыр сызга отургузууну ойлоп жүргөн.
- Анын казынасы бул жакта эмес, Душанбе шаарынан анча алыс эмес, тоо арасындагы бир кыштакта эки кабаттуу универмаг бар. Ошонун подвалында катылган. Анын атайын жалданма кароолчулары бар. Подвалга кирүүгө эч мүмкүн эмес. Подвалга кирүүнүн бир гана жолу бар, бирок...
- Эгер жалган айткан болсоңчу?
- Эмне болмок эле, анда менин башым кетет да. Ары жактан Алмаз Душанбе шаарынын жалпы көрүнүш картасын алып келди.
- Кана көргөзчү, кайсыл жерде?
Ал сөөмөйү менен бир чекитти көргөздү.
- Мына мобул кыштакта.
- Мунун баарын сен кайдан билесиң?
- Мунун сырын билген ишенимдүү беш гана киши бар.
- Ошолордун бирөөсү менмин дегени турасыңбы?
- Тонолгон, каракталган, алтын-күмүш буюмдарды мага беришет. А мен болсо тигил жакка жеткирип берип турам. Силердин топто канча адам иштейт?
- Аны айта албайм.
- Болуптур, бул топ канча убактан бери уюшулуп, иштеп келе жатат?
- Союз чачыраган дан бери.
- Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен кагылыша кеткен күнүңөр болдубу?
- Анда иштегендердин теңинен көбү биздин адамдар.
- Ян Густун колуна өткөнүңөргө канча болду?
- Андай киши жок бизде.
- Аны жашырган-жашырбаганда деле силердин жетекчиңер ошол экени, бизге беш колдой маалым. Болуптур дейли, эгер сен анын ишенимдүү кишиси болсоң "секреттерин" эмне себептен бизге айтып атасың?
- Аман калуунун бирден бир жолу.
- Толугу менен билип алгандан кийин сени өлтүрүп койсокчу?
- Өлтүрө албайсыңар. Айтканым менен аны алуу дагы, катылган чоң сейфти ачуу дагы оңойго турбайт. Подвалга түшкөн күндө деле, менин жардамымсыз эч нерсе кыла албайсыңар.
- Болуптур, аны убагында көрөбүз. Өзүн дагы биз менен чогуу барасың. Баса, айтмакчы "секреттерди" четинен чыгара баштаганың үчүн Ян Густ сени өлтүрүп коёрун билесиңби?
- "Кайда барсаң Мамайдын көрү" эмеспи, адегенде биринчи ажалдан аман калайынчы, акчам Кудайга шүгүр, силерден аман чыксам, таптырбай жердин жети кабат түбүнө кире качам.
- Алар сени жердин жети кабат түбүнө жеткирбей биринчи катмарынан эле жайлашат. Ал өзүңдүн проблемаң дечи. Үй-бүлөң барбы?
- Анын бул жерде эмне тиешеси бар, он эки жылдан бери эркиндиктемин.
- Түрмөгө отуруп чыктың беле?
- Ооба.
- Түшүнүктүү, анда криминал чөйрөсү эбактан бери эле тааныш экен да сага. Болуптур, калганын шашпай дагы сүйлөшөбүз. - Спартак менен Альберт ордуларынан туруп, тигини жалгыз калтырышты.
Кечинде бешөө тең Алмаздын үйүнүн экинчи кабатынЫн залында ушул теманы талкуулап отурушту.
- Эгер анын айтканы чын болсо, бул жерде миллиондор жатат. Ян Густь он жылдан бери эшек такалаган жок. Ал криминалдар чөйрөсүнө бизден мурун эбактан бери эле аралашып келатыптыр. Анын биз олжологон куралдарынан эле байкабайсыңарбы. Пистолет-автоматтарынын баары чет элдики. Сыягы, менимче, ал Тажикстан аркылуу, Афганистан, Пакистан, Иран жактар менен тыгыз байланышы бар, акыркы маркадагы куралдарды ошолордон сатып алат окшойт, сыягы. Машинени жардырган алигидей куралдар бизде жок. Бул бир, экинчиден, тигил чынын айтып атабы, же калп айтып атабы, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көпчүлүгү тигилер менен иштешет экен. Кыскасы, ал бизден кеткенден акыркы жети жылын текке кетирбептир. Бардыгын колго алып, Орто Азиянын бир топ жерлерине чоң "авторитет" болуптур. Биз анын он чакты адамын өлтүрүп коюп эле, ал жалгыз калды деп ойлогонубуз чоң жаңылыштык. Көрсө, оңой жоо эмес экен ал бизге. Керек болсо ал көптөгөн авторитеттер менен байланышы бар болуш керек. Ага караганда биздин жаңы уюшулган топ кечээ күнү гана жаңы төрөлгөн балапан сыяктуу. Бирок бизге саны эмес, сапаты керек. Керек болсо ар бирибиз алардын онуна татыйбыз. Эгер Ян Густтун бандасын жоготсок биз чоң авторитетке ээ болобуз. Бирок аларды жоготуу оңойго турбайт. Ал Кандуу Ордонун мүчөсү болгону менен биз катуу душмандашып алдык. Биз да баштаган ишибиздин аягына чыгышыбыз керек, артка чегинүүгө мүмкүн эмес. Эми эртең кезектеги жортуулга даярданалы. Ал жакка барып эки-үч күн чалгындап көрөбүз. Эгер чын эле катылган казыналары, акчалары ошол жерде болсо, куру кол кайтып келбейбиз.
- А балким, бул "ловушка" болсочу. Бул азгырык эмеспи, а балким, муну алдын ала атайылап пландаштырышкандыр?
- Андай болуп калышы да мүмкүн. Бирок азырынча бул эч ким менен байланышта эмес. Баары бир Алмаз сен бул жерде калышың керек. Телефон менен тигил жактан байланышып турабыз. Эгер биздин дайыныбыз чыкпай калса, дароо жөнө, анда биз "ловушкадабыз" . Эгер ишибиз ийгиликтүү болсо бир жумага жетпей чоң олжо менен кайтып келебиз.
Алмаздан башкалары эртең жолго чыгууга даярдык көрө башташты.

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 04 Февраль 2014 - 13:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Argymak007   04 Февраль 2014 - 13:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Капкан!

Душанбеге келишкенде Спартак баш болгон төртөө машинелерин акы төлөп токтотуучу жайга токтотушуп, шаар четиндеги мейманканадан орун алышты. Алиги туткун жигитти, башка бирөөлөр менен артыкбаш сүйлөшүүгө тыюу салышкан болчу. Анын ар бир кыймыл-аракетин, көз карашын көз жаздымынан калтырышпай, байкап аңдып турушту. Хамид улуту тажик болгондуктан көпчүлүк ишти ошого тапшырышты. Алиги жигит айткан айылдагы эки кабаттуу универмагга эки-үч жолу чалгындап барып келишти. Мындай караганда элдер кирип-чыгып соода кылган кадимки эле универмаг экен, анын алдында катылуу көп байлык жатканына эч ким шек алчудай эмес. Туткун жигит подвалга кандай кирүүнүн жашыруун жолун айтып берди.
Түн ичинде баары тынчыганда бешөө тең акырын универмагдын артына жылып келишти. Тоолуу айыл ичи бүт уйкуда. Айланада эч ким жок жымжырт болчу. Байлануудагы иттердин баарын үн чыкпас пистолеттер менен атып салышып, ары жакка сүйрөп салышты. Кароолчунун будкасында кыймылдаган эч караан көрүнбөйт, сыягы, уктап атса керек. Алар жогору карай аркан ыргытышып, аркан шатылар менен эң үстүнө көтөрүлүп чыгышты. Туткун жигиттин айтуусунда ал жерде аябай калың темир эшик бар болмок, бар экен. Анын үч-төрт кулпусун араалап кесип таштады да, акырын тартып көрүшсө ачылбай койду. Ичинен бекилүү экен. Алар көпкө ойлонуп турбастан, дароо эле кашек менен каалганы бириктирген айлампаларын кесип ажыратышты. Анан оор каалганы акырын көтөрүп ары жакка коюшуп, темир шаты менен бирден төмөн түшө башташты. Ичинде да эки-үч кароолчусу бар экен. Аларды да дымын чыгарбай, үргүлөп отурган жеринен жайлашып, ары жактагы кроватка ошол боюнча уктатып коюшту. Универмаг ичиндеги тепкичтер менен улам төмөн түшүп отурушуп, подвалына киришти. Подвал караңгы болгондуктан кол фонариктерди күйгүзүп, кууш коридордо сактана акырын жылып келатышты. Аңгыча тигилер менен чогуу келаткан алиги туткун жигит, көз ачып жумганча ары жактагы темир каалганын ичине кирип кетти. Бирок өтө кыраакы келаткан Спартак аны көк желкеге атканга үлгүрүп калды.
- Бул ловушка, кеттик кайра артка! - бардыгы келген жагына чуркап жөнөштү эле, ал эшик да бекилип калыптыр. Кууш узун коридордогу көп эшиктин баарын тарткылап чыгышты эле баары тең бек экен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин жарк этип электр жарыгы күйүп, айланадагы караңгылыкты тазалап кетти. Ошол боюнча эки-үч сааттай айлана жымжырт болуп турду. Төртөө төрт жакка чачырата сыртка чыкканга бүт бардык жерди текшерип чыгышты. Каалгалар калың темир, дубалдары, шыпкаларынан бери бүт бетон экен. Бир аздан кийин кайра чогулушту. Спартак бир нерсеге өкүнгөндөй сол колу менен эки жагын капшыра кармап ойлоно кетти.
- Оной капканга түшүп бердик окшойт. Каап, ушундайда жок дегенде граната болсо эшиктерди талкалап жардырып алып, чыгып кете бермекпиз, эми эмне кылыш керек? Ойлонгула жигиттер, балким, жерди казып чыгуу мүмкүнчүлүтү бардыр?
- Мүмкүм эмес, таманыбыз да калың болуп бетондолуптур. Баса айтмакчы, тигил туткун житит эмне болду экен?
- Ал небакта тигил дүйнөдө жүрөт. Бирок кыйын экен, эшикти ичинен бекитип алганга үлгүрүп калды. Же болбосо эшик сыртынан өзү бекилди.
- Ха-ха-ха! - күтүүсүз жерден жымжырттыкты буза Спартак жертөлөнү жаңырта каткырды эле беркилер ага таңкала карап калышты.
- Эмне болду сага Спартак?
- Эмне болмок эле, "сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт" деген макалды билесиңерби, ошол бизге куп гана жарашып калды.
Аңгыча капталдарындагы темир каалга шыртылдай калды эле, баары дароо тымтырс боло, куралдарын ошол тарапка сактана сунуп калышты.
Бир маалда сырттан кимдир-бирөөнүн кырылдаган жоон добушу угулду.
- Спартак угуп атасыңбы мени?!
Ичиндеги отургандардын баары бири-бирин жалдырай таңгала карап калышты. Бул Ям Густтун тааныш үнү болчу. Корей улутундагы бул жигит өзүнүн чыныгы атын айткандарды жаман көрчү. Кандуу Ордодо да Ян Густь деген кошумча аты менен дайыма сыймыктанчу.
- Спартак арамзаланбай эле кой, баары бир унчукпасаңар да баарыңар тең алдагы жакта экениңерди билем. Бирок мен силерге эч кандай жамандык жасаган эмесмин да туурабы? Өзүңөр катылып алдыңар, ажыдаардын куйругун бастыңар. Эми өз убалыңар өзүңөргө. Торго түшкөн келемиштердей өзүңөр торго түштүңөр. Бул жактан өлүгүңөр гана чыгат. Мага катылбай жайыма коюшуңар керек болчу, өлүмдү өзүңөр тилеп алдыңар. Угуп атасыңбы Спартак?!!
Айлана бир аз жымжырт болуп тунжурай түштү. Анан Спартак акырын үн катты:
- Айта бер угуп атам?
- Абдан жакшы, эмесе мындай, эгер аман калабыз десеңер менин бир нече шартым бар, ошону аткарабыз деп Кандуу Ордонун мүчөсү катары эркектик убадаңарды бергиле. Анан төрт тарабыңар кыбыла, кайда кетсеңер айда кеткиле. Силерди бошотом. А эгер менин айткан шартыма көнө албасаңар бул жактан тирүү чыгам деп ойлобогула.
- Шартыңды айта бер?
-- Айта турган болсом, биринчиден, бул жактан чыккандан кийин экинчи силерге катылбайбыз, байлыгыңа тийбейбиз деп сөз бергиле. Менин казынама силердин бир тыйынчалык эмгегиңер да, тиешеңер да, акыңар да жок. Керек болсо бардыгын өзүм кашыктап чогулткам. Аны чөмүчтөп кайра чачкым келбейт. Экинчиден силер бул жактан чыккандан кийин менин территориямдан чыгып кетишиңер керек. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мага тиешелүү аймак. Бул жакка криминал чөйрөсүнө мен гана кожоюндук кылышым керек. Үчүнчүдөн силер экинчи кара чүмбөт кийип көрүнгөнгө кол салганды токтоткула. Силердин азабыңардан менин кадыр-баркым төмөндөп баратат. Төртүнчүдөн, алиги Каратоонун боорундагы өлгөн адамдарымдын кунун төлөп бергиле. Менин он бешке жакын жакшы деген адамдарымды өлтүрдүңөр. Алардын куралдарын эч нерсесин калтырбай кайрып бергиле. Ойлонгонго жарым сутка убакыт жетиштүү. Мен келгенде жообу даяр болсун.
Ошол боюнча айлана кайрадан тымтырс болуп калды. Төртөө өздөрүнчө отуруп алып акыл-кеңеш куруп киришти.
- Эмне кылабыз?
- Кечээ күнү эле биз менен чогуу жүрүп, эми өзүнүн шарттарын, талаптарын коюп бизди кемсинтип жатканы эмнеси? Анын айтканын аткарып, беделибизди түшүргөндөн көрө өлгөнүбүз артык эмеспи.
Спартак аларды тыйып койду.
- Кое тургула шашылбай, бизге өлүү жөнүндө ойлоо али эрте. Бишкекте Алмаз бар эмеспи. Андан көрө ал бизди таап келгиче эптеп убакытты созуш керек. Алар бешөөбүздү тек бул жакта туткунда деп ойлоп атышат. Ошондой болсо кайра жакшы. Тияктан чыкканда Алмазга кабарлабадык беле "кетип баратабыз" деп телефон аркылуу. Өзүбүз болсо бул жактан чыга албай эч арга жок толугубуз менен туткунга түшүп бердик. Эми ошону гана күтүүбүз керек. Башка ылаажы жок.
Аңгыча жертөлөдөгү электр жарыгы өчүп айлана кайрадан капкараңгы болуп калды. Сырттан эшиктин тешиктеринен анча-мынча жарыктын шоолалары тийгени болбосо, айлана караңгы боюнча эле турду. Бара-бара көз да караңгыга жатыга, айлана кадимкидей көрүнүп калды. Бир издан кийин бирөөсү унчукту.
- Баса, саат канча болуп калды экен?
- Экинчиси саатынын жарык күйгүзгүчүн күйгүзүп саатына үңүлдү.
- Күндүзгү он бир болуп калды. Демек, алар түн ичинде жарым суткадан кийин келишет. Ага чейин артыбыздагы асынып жүргөндөрүбүздү жерге төшөп анча-мынча чырм этип алсак да болот. Тигилер келгенде силер унчукпагыла. Мен жооп берем. Баса, келемиштер жокпу бул жакта?
- Бул жерде капкайда төрт чоң келемиштер турганда кичинекейлери жоломок беле? - бери жактагылар бырс этип күлүп алышты.
Айлана бир аз тымтырс боло түштү. Сыртта болсо машинелердин шуулдап ары-бери өткөндөрү кадимкидей угулуп турду.
- Карагылачы, жада калса эшикти ачып баш баккандан да чочулап жатышканын.
Алар артыларындагы асылып жүргөн сумкаларын чечишти да алдыларына төшөшө цемент полго кыйшая кетишти.
Жертөлөнүн сыры
Бутуна бир нерсе тийгенде Спартак ойгонуп кетип, айланасын акмалап карады. Алиги нерсеси акырын жөргөлөп бет жагына жакындаганда шамдагайлык менен шап уучтап алып дубалды көздөй ыргытып жиберди.
- Эмне болду? - ары жактан Хамиддин добушу угулду.
- Сыягы, келемиштер окшойт. Тигине ары-бери чуркап жүрүшпөйбү. Саатты карап убакытты билчи, канча болуптур?
- Тогуз жарым, тигилердин деле келээр маалы болуп калды. Бир аздан кийин баары ойгонушуп отура кетишти.
- Тамеки чексе кандай болот, же жертөлөнү түтүнгө толтуруп алабызбы?
Алар тамекини жаңы эле түтөтө беришкенде электр жарыгы күйүп, айлана жарк дей түштү. Караңгылыкка көнүп калган көздөрү жарыкка уяла көздөрүн жүлжүйтүшө колдору менен далдалай беришти. Бир топтон кийин темир каалганын арт жагынан шырпылдаган добуш чыгып, Ян Густтун тааныш үнү угулду:
- Спартак, биз келдик! Тирүүсүңөрбү, кана кандай чечим чыгардыңар? !
Айлана бир паска тымтырс боло түштү.
- Спартак угуп атасыңарбы мени?! Угуп атсаң жооп бер?!
- Угуп атам!
- Кана, кандай чечим чыгардыңар? ! Кулак силерде?! Бир аз айлананы жымжырттык аралаган соң ич жактан
Спартактын жоон үнү угулду.
- Али бир чечимге келе албай жатабыз. Жарымыбыз макул болсок жарымыбыз макул эмес.
- Өзүңдүн ой-пикириң кандай? Бүт баары өзүңө жараша, сен айткандай болот да.
- Мени болсо билесиң да, - ортону бир аз жымжырттык аралап өттү.
- Демек, макул эмессиңби?!
- Мен макул эмес, бирок тигилер...
- Болуптур, дагы жарым сутка кошумча убакыт берем. Бирок көпкө чоюп убакыттан утам деп ойлобогула. Бул менин акыркы эскертүүм. Кандай болсо да кийинкиде бир жыйынтыкка келгиле. Сөз бир же ары болосуңар, же бери болосуңар!
Алар өз ара бир нерселерди кобураша бир жакка кетип калышкансыды. Жарык кайрадан өчтү. Кайрадан караңгылык, кайрадан жымжырттык. Бир аздан кийин Спартак тигинин сөзүн кайталап, үн катты.
- Же ары болосуңар, же бери болосуңар... Албетте, сыртыбыздан кезектешип куралчан бир нече кароолчу кайтарып турушат. Эшиктери темир, дубалдары таманынан бери бетон. Чыгууга эч мүмкүн эмес. Бирок тигилерге моюн сунуп жата бербей өз алдыбызча аракеттенип, выход издеп көрөлү. Балким, бир жылчык табабыз.
- Чын эле, давайте урушта туруш жок. Өлүмдү күтүп отура беребизби. Аракеттенели, жаныбызда куралдар деги бар.
Баары жабыла турушуп, кол фонариктерин күйгүзүшө туштуш жакка чачырашты. Беш-алты темир каалгаларынын ар бир бурчун тыкан карап, дубал бетондорду кылдат текшерип чыгышты. Эч жерден жылчык таппай коюшту. Бир маалда Альберт кыйкырып жиберди.
- Биякка келгилечи, мобул каалганы ачса болот окшойт, баары жабыла ошол жакка барышты.
- Мобул замокту өгөөлөсө бул ачулчудай экен.
- Кана? - Спартак сумкасынан узун өгөө алып чыкты да, каалгадан бери анча-мынча чыгып турган ачкыч салгычты карап көрүп, анан өгөөлөй баштады. Темирдин кыйчылдатып өгөөлөп аткан үнүнө кадимкидей жертөлөнүн ичи жаңырып атты.
- Өгөөнүн үнү тигилерге угулуп атат окшойт.
- Мейли укса угуша берсин, баары бир бул жакка баш бага алышпайт.
Алар кезек менен өгөөлөп атышып, бир саатка жетпей алиги чыгып турган кулпунун оозун алып ташташты. Анан узун бычактын учу менен анын ичиндеги пружиналарды толгоп отуруп, эшикти ачып алышты. Ары жагына киришип, ичи чоң бөлмөгө кептелишти. Анын да төрт тарабы бетон дубал, терезеси жок туюк экен.
- Да, демек, бул жакта да выход жок экен да.
Бурчта жыйылып турган жыгач ящиктердин ичин аңтарып көрүштү. Андан эч нерсе табышкан жок. Бир маалда Спартак акырын ящикти жыттагылап тили менен ###### көрүп, тигилерге үн катты:
- Бул ящиктерге мурун героин салыныптыр. Демек, Ян Густь наркобизнес кылат экен да.
Алар чоң бөлмөнүн ичине ары-бери баса кол фонариктери менен бүт айланта жарык берип текшере башташты. Бир маалда Хамид таманындагы бетонго үңүлүп эңкейе калды.
- Мобул жерде бир нерсе бар окшойт, бери келсеңер? Баары жабыла анча билинбеген сызыкчаны карап чыгышты.
- Бул жерде капкак бар окшойт.
Анан төртөө сызыктын төрт бурчуна бычактары менен сайышып, капкакты көтөрүп алып, анын таманына үңүлүштү.
- Вот это да, мына жана бекер шектенген эмесмин.
Анын алдында өзүнчө эле бир чоң зал бар экен. Ошол замат атайын коюлган темир шаты менен Спартак төмөн карай түшүп барды. Катар-катар болуп жыйылып, тизилип турган жащиктердин бирөөнү бычагы менен омкоруп, анын ичиндеги желим баштыкчаларды алып чыкты. Баштыкчанын бирөөнү тилип туруп, ага сөөмөйүн малып, тили менен ###### көрдү.
- Наркотик, болгондо да героин экен. Вот, мынакей. Анын казынасы, байлыгы кайда жатат? Керек болсо муну менен ушул айылды бүт сатып алса болот. Алиги өлгөн жигит бизди биякка бекер алып келбептир да.
Андан ары барып, кулпуланып турган темир ящикти талкалатып, чет элдик автомат, снайпер мылтык, ар түрдүү пистолеттерди көрүштү. Ары жакта жащикте ар кандай жардыруучу заттар, динамиддер бар экен.
- Вот это да, мына сага курал-жарак деген, жалаң чет элдики. Эми бул жактан чыгып кетсе болот.
Аңгыча өйдө жактагы капкакчадан Ян Густтун үнү угулду.
- Силер ал жактан эми чыга албайсыңар!
Тигилер өйдө карагыча анча чоң эмес төрт бурчтуу капкак үстүнөн шарт этип жабылып калды. Курал-жарактарга кызыгып, алаксып атып төртөө тең бул жакка төмөн түшүп келишкен эле. Тигилерди биякка келишет деп ойлогон да, күтүшкөн да эмес. Алар бир аз бири-бирин карап, делдее туруп калышты да баары сүйлөшүп алгансып бир мезгилде үстүлөрүндөгү жабылып калган бетон капкакты автоматтар менен аткылай башташты.
Бетон капкакка тийген октор аны чырпып өтүп, кайып барып кайра дубалга тийип атты. Жертөлөнүн ичи күйгөн оттун дарысы жыттана баштаганда гана алар аткылаганын токтотушту. Спартак ээгин тиштене бир нерсеге өкүнгөндөй, ачуусу келгендей туруп калды.
- Ушуну менен биз экинчи жолу чоң ката кетирдик. Үстү жагына бирөөбүз калганда болмок. Мына эми, даана зындандын өзүнө түштүк.
- Эч нерсе эмес бизде динамиддер, жардыруучу заттар бар, капкакты жардырсак да чыгып кетебиз.
- Аны кантип жардыра алабыз, анын чачырандылары кайра өзүбүзгө келип тийбейби?
- Анда дубалдын бир бурчун жардырып, калганын бычактарыбыз менен оюп өткөөл жасайбыз, башка арга жок. Эң башкысы алардын негизги байлыгы биздин колубузда.
- Капкактын үстүндө илгичи жок эмес беле, түртүп көрбөйлүбү, балким, ачыктыр?
Хамид желкесин коюп өйдө карай түртүп көрдү эле былк эткен жок. Болгон күчү менен дагы бир жолу аракеттенип түртүп көрдү, козголмок турсун кыймылдап да койгон жок.
- Үстүнөн катуу бекитишиптир.
Аңгыча үстү жагынан Ян Густтун үнү заңк этти.
- Спартак, угуп атасыңарбы? ! Мына, эми бул жактан чыгам деп ойлобой да, кыялданбай да койгула. Кааласаңар да, каалабасаңар да менин эрким менен болосуңар. Эгер каршы болсоңор өзүңөргө өзүңөр кыласыңар, анда кыйналып жатып тиги дүйнөгө кетесиңер.
Алдынан Спартак ага кыйкырып жооп берди:
- Ян Густь сенин эсинде болсун, биз өлгөн күндө да жөн кетпей сенин момунча байлыгынды ала кетебиз. Биз сенин колунда болгонубуз менен сенин байлыгын биздин колубузда. Ошону эсиңе алып кой. Бул бир, экинчиден, эгер биз аман калчу болсок сени менен кандай эсептешээрибизди дагы бир жолу эсиңе тутуп кой. Чогуу бир Ордонун мүчөсү болгонубуз менен бири-бирибизди аео эч убакта болбойт.
- Мен дагы ошону эске алып атпаймынбы. Эми силерди мен да эч убакта аябайм. Келемиштердин эң даамдуу деликатес тамагы болосуңар. Андан көрө менин акыркы сунушум, жанагыларды ойлонгула жарым саат убакыттын ичинде. Анан башкача сүйлөшөм.
Анын дымы чыкпай калды. Сыягы, кетишти окшойт. Төмөн жактагылар тымтырс болуп бир аз турушкан соң кол фонариктеринин баарын өчүрүшүп бирөөсүн эле күйгүзүп коюшту.
- Эмне кылыш керек, убакытты созгондо баары бир пайда жок. Алмаз болсо бизди бул жерден эч убакта таба албайт. Жертөлөнүн ичинен дагы жертөлө, анын үстүнө капкагы да анча билинбейт. Үстүнкү жертөлөнүн да темир эшиктери көп экен, анан бизди кантип таба алат? Андан көрө өзүбүз аракеттенишибиз керек. Тээтигил бурчка динамиддерди коебуз да тигил наркотик салынган жащиктердин артына далдаланып анан жардырабыз. Андан аркысын бычак менен тешебиз. Башка арга жок. Калган жардыруучу заттар жарылып кетпеш үчүн темир жащиктерге салып, оозун бекитип таштайбыз. Тигилер бизге тоскоол болмок тургай баш да бага алышпайт. Бол тездегиле урушта туруш жок, биздин аз гана өмүрүбүз калды, кандай болсо да бир жолун табышыбыз керек.
Баары ордуларынан туруша динамиддерди бурчка алып барып жакшылап жайгаштырышып, калган жардыруучу заттарды темир жащикке салып оозун бекитишти. Анын ичиндеги куралдарды болсо сыртка чыгарып ташташты. Аңгыча Спартак бир нерсенин жытын сезгендей таноосун өйдө көтөрө абаны жыттап көрдү.
- Силер бир нерсени сезип атасынарбы? Кандайдыр бир жагымсыз жыт келе баштады.
Муну баары тең сезишти. Кандайдыр бир жагымсыз жыт улам коюуланып тигилерге кадимкидей билине баштады. Алар көздөрүнөн жаш ага кадимкидей чүчкүрүп-бышкыра мурдуларын алакандары менен баса башташты.
- Шакалдар десе, бизге уу газ кое бере башташты окшойт. Биякка киргенден коркушуп уу газ менен уулантып өлтүрүшмөкчү болушкан го?
Газ уламдан-улам коюуланган сайын тигилердин шаштысы кете баштады. Ал кайсыл тараптан келип атканын билбей турушту.
- Жарык кылчы, үстүңкү капкагы бек бекенби? Кол фонарик менен жарык кылып көрүштү эле капкак мурункудай бек боюнча экен.
- Кызык газ кайсы жактан келип атат?
- Тигине тээтигил трубадан келип атат. Болгула тезирээк анын оозун бүтөш керек. Альберт чуркап барып анын оозун чүпүрөк менен, анан баңгизат салынган челектей бир желим баштык алып, ичиндеги порошокторду төгүп, ошону менен сыртынан жаап жип менен байлап жиберди. Бирок, ага болбой эле баары бир газдын жыты көбөйө берди.
- Эмне кылабыз, өлүмгө жөн эле моюн сунуп беребизби? Бир маалда Спартак үстү жакка кыйкырды:
- Ян Густь угуп атасыңбы, азыр наркотиктериңдин баарын таш талканын чыгарып жардырабыз! Үстү жагынан эч дабыш: угулган жок. Ал автоматы менен капкакты бир канча жолу аткылап көрдү, баары бир эч дабыш чыккан жок.
- Жок, биз жөндөн жөн эле жеңил өлүп берүүгө акыбыз жок. Биз андай жаралган эмеспиз. Азыр жертөлөсүн көккө сапырабыз. Жащиктеги жардыруучу заттарды алып чыккыла!
Төртөө тең тура калышып, темир жашиктерди, жардыруучу заттарды алып чыга башташты. Бирок өтө кеч болуп калган эле.
Биринчилерден болуп Хамид кулады. Спартактын да башы тегерене жер айланкөчөк боло баштады. Жанталаша курткасын чечип жиберип башына ороду да ишин уланта берди. Күйүп турган фонариги да колунан ыргып кетип жерге түшүп айнектери бычыранып калды. Айлананы караңгылык каптап аны менен кошо ар кайсы жерде чүчкүрүп-бышкырып сөгүнүп аткан гана үндөр угулуп атты. Бир маалда жыгач жащиктер кулап тарса-турс болуп анан баары тынчыгансып калды. Спартактын да айланасын туман каптагансып башы тегеренип канчалык карманса болбой өзүн жоготуп баратты...
Бир маалда эсине келип көзүн ачса башка бөлмөдө төртөө тең буттарынан баштап кекиртегине чейин чырмала катуу байлануу экен. Анын айланаларында автоматчан жети-сегиз киши туруптур. Спартактын маңдайына жылмая басып Ян Густь келди.
- Ну вот, а силер кутулуп кетебиз деп бир нерседен үмүттөнүп аттыңар эле. Бет маңдай жекеме-жеке сүйлөшкүңөр келди беле, мына мен алдыңардамын, сүйлөшө бергиле. Эми акыркы сөз силерде. Менин айткан сунушума макул болосуңарбы же...
- Бизди өлтүргөндөн кийин аман калам го деп ойлобо, баары бир сен биздин артыбыздан келесиң.
- Аа оюңарды түшүндүм. Тиги Бишкектеги Алмаз жөнүндө айтып атасыңар го. Кудай буюрса анын да иши бүтөт жакында, анын көзүн тазалаш үчүн профессионал төрт кишимди жөнөттүм. Аны алыс жерден эле снайпер мылтык менен атып көзүн тазалап коюшат. Же уктап аткан жеринен биротоло уктатып коюшат, же машинесине мина коюп жардырып күмжам кылышат. Анын көзүн тазалоо анча деле кыйындыкка турбайт, анын жарасы жеңил, андан көрө өзүңөр жөнүндө ойлонгула. Убакыт жетти, кана менин айткан сунушума макулсуңарбы?
- Биздин кандай экенибизди жакшы билесиң Ян Густь.
- Демек, айтканыбыздан кайтпайбыз дегилечи! Болуптур, өз убалыңар өзүңөрдө. Силерди адегенде эле өлтүрүп салыш керек болчу. Бирок аяп сунушума көнсө кое берейин дегем. Макул болбосуңарды да билгем. Силерди Кандуу Ордодогудай жөндөн жөн эле чекеге атып таштабайм. Кыйналып атып, Кудайга үнүңөр жетип анан өлөсүңөр. Болуптур, эмесе тигил дүйнөдөн жолугушканча.
Ян Густь ордунан турду да тигилерге бир аз жылмая карап туруп, шарт бурулуп кетип калды. Автомат кармап тургандардын баары анын артынан ээрчип кетишти. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бирөөсү чоң келемиштер салынган темир тор жащикти алып келип оозун ачып кое берди. Анда кеминде эле онго жакын килейген чоң келемиштер бар экен. Ал ар торчодон чыккан соң жертөлөнүн ичинде ары-бери чуркай башташты. Алиги жигит тигилерге мыскылдай карап койду.
- Булар төрт-беш күндөн бери азыктана элек. Азырынча ушулар силер менен азыктанып эрмектеп турат. Эртең дагы ачка он келемиш алып келип таштайм. Алар жетишпесе дагы алып келем. Бүгүнчө булар жетиштүү болот. Болуптур эртеңкиге чейин көрүшкөнчө жакшы калгыла, - деп былк эткис болуп байланып турган төртөөнө шылдыңдай карап, каткырып күлүп чыгып кетти да темир эшиктин оозун акырын жаап койду. Төртөө тең көздөрүнүн кыйыктары менен ары-бери чуркап жүргөн чоң келемиштерди карап турушту. Бир чоң келемиш кыймылсыз байланып турган адамдардын жанына жакындап келди да мурду менен акырын жыттап көрүп, бирөөсүнүн үстүнө жөргөлөп чыкты. Бери жактагы келемиштер да анын артынан ээрчишти.
Күтүлбөгөн кездешүү
Үч суткадан бери дайындары чыкпай табышмактуу жоголуп кетишкен тигил төртөөнө Алмаз эмнегедир сары санаа болуп, шек ала баштады. "Болду болбоду алар "ловушкага" түшүп калышты. Же болбосо мынчалык дайындары чыкпай кетмек эмес, жок дегенде бир жолу телефон чалышмак" . Ал кезектеги машыгуусу бүтүп, спорт залдан чыгып, ушуларды ойлой ары жакта токтоп турган машинесин көздөй жөө келе жаткан эле. Аңгыча өзүн көздөй ушунчалык катуу ылдамдык менен учуп келаткан чет элдик машинеге бир жалт карап, өтө тездик менен ары жакка секирип кетти. Катуу ылдамдыкта атырылып келаткан машине Алмаздын жанынан "зуу" этип өтүп барып токтоду. Кайра артка кайрыла анын ичинен үч адам атырылып чыга калып, бирөөсү атып жиберди эле ок Алмаздын оң жак ийнин чарпып өтүп, оң колу ысый эле түшкөнсүдү. Булар жөн адамдар эмес экенин түшүнө ал көп кабаттуу үйлөрдүн бирөөсүнүн подъездине кире калып, тепкич менен өйдө көздөй көтөрүлө жөнөдү. Бир аздан кийин төмөн жактагы эшиктен атырылып кирген төртөөнүн экөөсү лифтиге түшүп, экөөсү тепкич менен жогору көтөрүлүп келатышканын байкады. Лифт өтө тездик менен Алмаздан ашып отүп, өйдө көтөрүлүп чыгып кетти. Анын жанында куралы жок болчу. Жөндөн жөн эле чөнтөгүнө курал салып жүргөндү жаман көрчү. Атайын иштер боюнча бир жакка чыкканда гана алып алчу. Мындай күтүлбөс окуя болоору үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Лифт тээ тогуз кабаттуу үйдүн сегизинчи кабатына чейин көтөрүлүп барып токтоп, ичинен бирөөлөр чыккансыды. Кеч кирип айлана күүгүм болуп калгандыктан, подъезддин ичи да караңгы болчу. Ал лифтинин кара точкасын басып кайра төмөн түшүп кеткиси келди. Бирок үлгүрчүдөй омес, анткени төмөн жактан да, өйдө жактан да катуу ылдамдык менен өзүн карай куралчан адамдар чуркап келатышкан эле. Аңгыча ары жактан үйдүн эшиги ачылып, бир аял жайбаракат чыгып келатканын көрө койду. Ойлонуп турууга убакыт жок болчу, ошол замат көз ачып жумганча жүгүрүп барды да алиги аялды кайра үйгө сүйрөй кирип дароо эшикти жаап, ичинен беките салды. Мындай күтүлбөгөндүккө ал кыйкырайын деп жаңы эле оозун таптаганда оозун баса калып, "чыш-ш-ш, акырын" деп кулагына шыбырады. Алиги аял коркконунан эки көзү алактай унчукпай туруп калды. Арадан жыйырма секунд өтпөй сырт жакта бакылдашып аткан үндөр угулду.
- Кайда жоголуп кетти?
- Алыс кеткен жок, ушул тегеректерде эле.
- Сырткы эшикти ким тосуп турат?
- Хаким, ал оңой менен аны сыртка чыгара койбойт.
- Демек, ушул тегеректерде эле экен да. Анда бул подъезддеги ар бир үйдү текшерип чыгыш керек.
Бирөөсү бери басып келип үйдүн шыңгырагын басты. Алмаз аялдын кулагына акырын шыбырады: "Коркпо, жай: "Бул ким?", - деп сура".
Аял корккон дирилдеген үнү менен: "Бул ким?" - деп сурады.
- Биз милицияданбыз, эшигиңерди ачкыла!
- Эмне жумушуңар бар бизде, ачпаймын!
Ал Алмаздын айтканы боюнча жооп берип атты.
- Эгер ачпасаңар эшигиңерди талкалап киребиз!
- Силердин акыңар жок эшикти талкалаганга!
- Акыбыз бар, анткени силердин үйгө кылмышкер качып кирди!
- Калп айтып, кара жайыңарды жебегиле! Биздин үйдө эч кандай кылмышкер жок. Өзүңөр кара чүмбөтчөн каракчы болушуңар керек. Күйөөм милицияга телефон чалды, алар азыр мына-мына жетип келишет...
Сырттан бирөө өзүнчө сөгүнө күч менен эшикти катуу тепти эле экөө бир нерсени сезгендей жерге томолонушту. Ойлогондой эле бир аздан кийин эшикти автомат менен аябай аткылашты да кайра кетип калышты. Ошол жаткан боюнча алиги аял менен Алмаз баштарын калкалаша бир топко кыймылдашкан жок, анан бири-бирин тиктешип туруп калышты.
- Хасиятхан.
- Алмаз.
- Кайдан адашып?
- Өзүңөрчү?
- Мен бул жакта көптөн бери жашайм.
- Мен дагы.
Бул аял Союз мезгилинде "Кандуу Ордодо" гладиаторлор менен үлпөт куруп жүрүп Алматыдагы ресторандардын биринен качып кеткен Хасиятхан деген уйгур кызы болчу. Экөө эшиктин алдында былк этишпей бир топко чейин жатышты.
Кимдир-бирөөлөр телефон менен кабарлашса керек, көп өтпөй эле милиция кызматкерлери жетип келишти. Хасиятхан Алмазды шифоньерге жашынтып койду дагы эшикти ачты. Алар аткыланган эшикти текшеришип, бир нерселерди жазып, Хасиятхан менен сүйлөшүп көпкө турушту. Анан: "Биз ушул тегеректе болобуз, бир нерсе болсо дароо жетип келебиз, өзүңөр да сак болгула, эшикти эч кимге ачпагыла" , - деп эскертише кайра сыртка чыгып кетишти. Алар кетишкен соң Хасиятхан эшикти ичинен бекитип, Алмазга чыга бер дегендей белги берди. Ал шифоньерден чыгып, ашканадагы отургучка отура кетти. Аның көйнөгүнүн оң жак ийини кандан кызыл-ала болуп кеткен эле. Хасиятхан Алмаздын көйнөгүн чечип ок чарпып кеткен жерин тазалап жууп, йод сыйпап, бинт менен жакшылап таңып берди. Күтүлбөгөн мындай кездешүүгө экөө тең таңгалып турушту. Бир аздан кийин биринчилерден болуп Алмаз үн катты.
- Кандайча биякка келип калдың?
- Силерден качып кеткенден кийин изимди жашырып, ушул жакка келгем. Силерди мени өлтүрүп коюшабы деп коркком. Бул жактан эне-атам үй сатып беришкен. Ошондон бери силердин шаарыңардын "местный жители" болуп жашап келатам.
- Ал убакта закон ошондой эмес беле, өлтүрүп коюшубуз да мүмкүн болчу. Эреже боюнча ал мезгилде Кандуу Ордонун сыры сыртка чыкчу эмес да. Баса айтмакчы, турмушка чыктыңбы?
- Кайдаа-ан?! Жигиттер менен жүргөнгө убактым да жок...
- Жалгыз жашайсыңбы?
- Сиңдим экөөбүз турабыз. Ал азыр түнкү сменде.
- Кайда иштеп атасын?
- Секрет.
- Эмне менден чочулап атасыңбы?
- Анча-мынча.
- Союз чачыраганда эле Кандуу Ордонун тыптыйпылы чыккан. Өлүм жазасына тартылгандарды ал жакка алып барбай калышкан. Ал жерде азыр гладиаторлордон эч кимиси жок, - Алмаз Хасиятханды бир аз тиктеп турду. - Мурдагыдан да сулуу болуп кетиптирсиң!
- Коюңузчу!
Экөө түндүн бир оокумуна чейин сүйлөшүп отурушту. Хасиятхан жасаган лагмандан ичип, бир бөтөлкө коньякты түгөтүштү. Ойдо жок жерден эле Алмаз тигиге "балп" эттирип салды.
- Мага турмушка чыкпайсыңбы?
- Коюңузчу. Сиз менин кандай экенимди жакшы билесиз да.
- Мен ошон үчүн сунуш кылып атпаймынбы.
- Тамашалабаңызчы.
- Чынымды айтып атам, али убакыт бар, жакшылап ойлонуп көр.
Тан жаңыдан агарып келатканда Алмаз акырын балкондон түшүп кетти.
Жолдогу кырсык
Ал акырын жыла басып машинесине келди, машинеси ордунда эле экен. Анан акырын эки жагын акмалай көз жүгүртүп алды, эч шек билинбейт. Баары бир артынан тигилердин аңдып жүргөнүн сезип атты. Машинесинин эшигин тартып көрдү эле мурункудай эле бек экен. Эшигин ачып ичине отурду да дагы айланасына кылдат көз жүгүртүп чыкты. "Кап, кашайгырдыкы жок дегенде пистолетти алып алганда болмок экен. Алар менин үйүмдүн да каякта экенин жакшы билишет болуш керек. Балким, менин жоктугуман пайдаланып эбакта ичин тинтип чыгышкандыр? " Бир аз отурган соң акырын машинесин от алдырып жай айдап жөнөдү. Шаар ичине эбак кыймыл кирип, көчөдө кайрадан ары-бери жүргөн автобус-троллейбустар толуп кеткен эле. Гезит саткан киоскинин жанынан өтүп баратып бир нерсени эстегендей токтой калды да машинесинен чыгып ошол тарапка басты. Арадан бир мүнөт өтүп-өтпөй артынан ушунчалык катуу "тарс!" этип жарылган үнгө кылчайганга үлгүрбөй жерге томолонду. Ошондо гана машинесинин кызыл жалын аралаша быт-чыт болуп асманга сапырылган укмуштуу көрүнүшкө көзү түштү. Ал машинеден он беш кадамдай узап кеткен эле. Ошол замат эле ары-бери откөн машинелердин баары токтото ал жерге элдер үймөлөктөшө түшүштү. Жөө өтүп бараткандар да бат эле топтошо калышты. Машине кызыл-жалын болуп алоолонуп күйүп жатты. Арадан көп убакыт өтпөй эле алиги кара машине пайда болду да арыраак барып токтоп, ичинен төртөө чыгышты. Алмаз киоскиге далдалана алардын ар бирин кунт коюп карай баштады. Арадан он мүнөт өтпөй өрт өчүргүчтөр, милиция кызматкерлери, "Тез жардам" машинеси келип, жарданып турушкан элдерди алысыраак кубалап, өрттү өчүргөнгө киришишти. Алиги төртөө да көпкө чейин кетишпей, тигилердин кыймылын карашып, өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп турушту. Алмаз төртөөнүн тең өндөрүн жакшылап эстеп алууга аракеттене топтоткон элдерге далдаалана жакыныраак басып келди. Эч нерсеси калбай быт-чыты чыгып, өрттөнүп жаткан машинесине аянычтуу карап, бир сыйра көз жүгүртүп алды.
Алар бир аз турушкан соң өз ара бир нерселерди сүйлөшүшө кайра машинеге отурушуп, кайдадыр жөнөп кетишти. Алмаз ары жакта токтоп турган жеңил машинеге жүгүрүп барды да ичине отура калып алиги кара машинени көрсөтө: "Артынан айда", - деп буюрду. Айдоочунун "канча төлөйсүң?" деген сунушуна: "Канча сурасаң ошончо төлөйм", - деп жооп берди. Ак волга дароо ордунан козголо тигилердин соңуна түштү. Алиги машине Тынчтык проспектиси менен өйдө карай жүрүп отуруп, эски агентствонун тушуна жеткенде оң жакка бурулду. Анан эки кабаттуу чоң дарбазалуу үйдүн тушуна токтоп, алиги төртөө машинеден чыгышты. Чоң, кооз ак дарбазадан эпилдеп-жепилдеген өзбек топусун кийген, мурутчан киши чыга калып, тигилерди үйдүн ичине ээрчитип кирип кетти. Ак волга үйгө элүү кадамдай жетпей токтоп, айдоочу экөө тигилердин кыймылын байкап турушту.
- Булар кимдер? - айдоочу кызыгып сурай кетти.
- Алиги машинени жардырган кылмышкерлер.
- Сиз милициядан болосузбу?
Бир аз убакыт өткөндөн кийин дарбазадан алиги төртөөнүн бирөөсү чыгып дарбазаны ачып, машинени короого айдап кийирди да эки жагын карана дарбазаны ичинен бекитип алды. Булардын бул жерден жакында чыкпасын билип, Алмаз машинени үйүн карай айдатты. Айдоочунун сураган акчасын төлөп, үйүнө кирди да ал жактан үн чыкпас пистолетин, эки обоймасы менен катылуу жеринен алып чыкты. Андан сырткары өзүнүн жакшы көргөн бычагын алып, аны кынына салды да мойнуна илип койду. Ок өтпөс чыптаманы кийсемби-кийбесемби деп эки анжы боло кокус атышуу болуп кетпесин деген ниетте аны кийип, сыртынан кайра өзүнүн курткасын кийди. Башка дагы эмне алсам деп ойлонуп турду. Бир аз турган соң болду жетишет ушулар эле дегендей, шапа-шупа кийине салып, кайра эшикке чыкты. Сыртта күн бүркөлүп, жаан кичинеден себелеп турган эле. Такай машинеде жүрүп, жөө басканга көнбөгөндүктөн ичиркене курткасынын жакасын көтөрө көчөдө бараткан биринчи эле машинени кол көтөрө токтотту. Аны алиги үйдүн тушуна айдатып барып, бери жактан түшүп калып, бир карыш да жылбай кечке чейин ошол үйдү күзөтүп акмалады. Ал үйдөн кечке чейин бирөө дагы чыкпаганына таңгалып турду.
Айланага күүгүм кирип, электр жарыктары күйө баштаганда гана Алмаз ордунан козголду. Алиги дарбазага жетпей короону айланып өтүп, дубалдын үстүнө тартынып чыгып, ичине акырын көз жүгүрттү. Короонун бурчундагы кичинекей үйдө чоң казан асылып, ага дүркүрөтө от жагылып, бир нерсе бышырып эки-үч адам жүрөт. Бир аз турган соң жаңыдан эле дубалдан секирип өтөйүн дегенде ары жактан караңгыда ыркыраган иттин үнүн укту. Үрүп жибербесин деген ниетте ал дароо үн чыкпас пистолетин ошол тушка багыттап туруп, машасын басып койду. Ит акырын "каңк" эте дымы чыкпай тынчып калды. Алмаз короонун ичине шырп алдырбай жеңил секирип түштү да алма бакты аралап жөнөдү. Күндүзгү анча-мынча себелеп өткөн жаанга бактын ичиндеги чөптөр али суу боюнча эле экен. Эки кабаттуу үйдүн терезелери асты-үстү менен жаркырап, айланаларына да жарык берип күйүп туруптур. Алмаз дароо эле чоң залдын терезесине жакындап келди.
Эки кабаттуу үйдүн терезелери асты-үстү менен жаркырап, айланаларына да жарык берип күйүп туруптур. Алмаз дароо эле чоң залдын терезесине жакындап келди. Биринчи кабаттын терезесинен акырын ичине көз жүгүртүп көрдү эле кыска юбка кийишкен бирин-экин жаш кыздардын кадимки ресторандардагыдай ак боркок тагынышып, тарелкаларга бир нерсе туурап салып алышып тепкич менен жогорку кабатка көтөрүлүп кетип жатканын көрдү. Капысынан үстүнкү кабаттан каткырган, бака-шака түшүшкөн бир топ кишилердин үндөрү кулагына шак дей түштү. Аңгыча ийнинен кимдирбирөө келип чапкылаганынан көрбөй туруп эле, ушунчалык ылдамдык менен бурула калып тумшуктан ары шилтеп калды эле далдайган чоң киши камгактай учуп барып чалкасынан жатып калды. Ал кайра дароо ордунан туруп тигини көздөй умтулуп келатканда Алмаз колдун кыры менен моюндун күрөө тамырына туштап чаап жиберди. Алиги киши кыйкырганга да үлгүрбөй жерге "шылк" этип кулаган боюнча турган жок. Анын кыймылсыз денесин ары жакта үйдүн бурчундагы жыйылып турган жащиктердин арасына, караңгы жерге сүйрөп барып томолотуп таштады дагы кайра бери басып келди. Эшиктен киргенге эч мүмкүнчүлүк жок болчу, анткени сыртка кирип чыккандар көп болуп канчалык жашырынып кирген күндө дагы бирөө болбосо бирөө байкап калмак. Эки жагын акмалап анан үстүнкү кабаттын терезелерине кылдат көз жүгүртүп көрдү. Бир-эки бөлмөнүн жарыгы өчүп, калгандарыныкы жаркырап күйүп туруптур. Ары жактагы эң үстүнкү чатырына чыкчу дубалга жабышып турган темир шатыны көрө койду да ошол менен көтөрүлүп барды. Экинчи кабаттын өчүп турган терезесинин тушуна жеткенде колун созуп көрдү эле жетчүдөй эмес. Акырын секирип анын кырына асылып калды. Жаңыдан тартынып терезеге чыгып келатканда алиги терезенин жарыгы жарк дей түштү да. ары жактан бир-экөөсү анын тушуна келип бир нерселерди бакылдашып сүйлөшүп калышты. Үндөрүнө караганда сыягы бирөөсү эркек, экинчиси аял окшойт, эркеги аялга сунуш кылып атты:
- Жүрү, кетпейсиңби биз менен Тажикстанга, ал жактан каалаганындай жашайсың. Акча Кудая шүгүр жетиштүү. Алдагы сулуу келбетиңди бул жакта бекерден бекер кор кылып жүрөсүң. Мени менен барсаң алаканыма салып бапестеп багам, кор болбойсуң. Ичпегенди ичип, кийбегенди кийип ханышадан айырмаң жок болуп жашайсың.
- Менин күйөөм бар да, жок болбойт. Ал муну билчү болсо өлтүрүп коёт.
- Мен турганда эч кимден коркпо, биз деген Кыргызстан түгүл бүт Азияга белгилүү адамдарбыз. Кана айтчы, макулсуңбу?
- Ай билбейм, коркуп атам.
- Кимден коркуп атасың, менденби?
- Жок, күйөөмдөн.
- Эгер күйөөндөн коркуп атсаң анын көзүн тазалап коюш бир мүнөттүк эле жумуш. Только буга сенин макулдугун гана керек да. Кана ойлончу, макул десең эртең эле алып кетем өзүм менен кошо.
Экөө бир топко бакылдаша туруп калышты. Экөөнүн тең кызуу экени сүйлөшкөн сөздөрүнөн билинип атты. Терезенин кырына бир топко асылып тургандыктан Алмаздын колу талый баштады. Кайра темир шатыга жетүүгө мүмкүн эмес болчу, төмөн жагын карады эле колун кое берип секиргенге да мүмкүн эмес экен. Ылдый жакта ирээтсиз чачылган темиртезектер бар болчу. Бир маалда төмөн жактан темтеңдей бирөө басып келди да эки жагын карап туруп темирдин үстүнө заара кылып өзүнчө бир нерселерди сүйлөнө кайра кетип калды. Алиги келинди тигиниси көндүрдү окшойт экөө ары көздөй басып кетишти. Көпкө тартынып тургандыктан Алмаздын колдору акырындап талый баштады.
Кандуу Ордодо кызмат кылып жүргөндө спорт менен машыгуу учурунда машыктыруучусу бир жолу Алмазга жини келип жарым саат турникке асып койгон эле. Ошондо жаны көзүнө көрүнүп, чыдай албай турниктен колу өзүнөн өзү чыгып кеткен. Машыктыруучусу ошондон баштап дайыма он беш мүнөттөн турникке асып коер эле. Аябай кыйналганы менен кийин бара-бара көнүп кеткен болчу. Терезенин кырын кармап асылып туруу турникке караганда бир топ эле кыйын экен. Алиги аял менен эркек өздөрүнчө эзилишип, кучакташып өбүшүп атышты. Бир кезде жарыкты өчүрүштү, бирок алардын сыртка чыгып кеткени байкалган жок. Мурункудан тымтырс болуп калды. Алмаз болгон күчү менен тартынып терезеге чыкты дагы терезенин форточкасын тартып көрдү, ачылчудай эмес. Моюнундагы бычагын алып чыгып ага акырын сойлотуп ачып алды. Кайра бычагын кынына салып эч дабыш чыгарбай форточка аркылуу сойлоп кирди.
Кандуу Ордодон эки жыл спорт менен машыккандын пайдасы тийди. Ошондогу жыйырма беш адамдын төртөө гана экзаменден өтпөй калган. Калган жыйырма бири профессионалдык деңгээлге жетип "ардактуу гладиатор" наамына татыктуу болушкан. Ар биринин оң кол тараптагы булчуң этинин тушунда отко кайрылган "ПГ" деген эң тамгасы басылган болчу. Анысы "почетный гладиатор" деген белгини билдирип турган. Ар бири ушул эң тамгасы менен сыймыктанып турушчу. Терезенин пардоосу тартылуу болгондуктан Алмаздын үйдүн ичине дабыш чыгарбай акырын сойлоп киргенин эч ким сезген туюшкан жок. Ал акырын пистолетин колуна алды да ууру мышыкча терезеден акырын жылып түштү. Ары жактагы диванда эзилишип атышкан эки караан буларды адегенде байкаган эмес. Анан үстүндөгү эркеги башын көтөрө калып ордунан атып тургуча пистолеттин арты менен желкеге катуу бир чапты эле кайра аялдын үстүнө көмкөрөсүнөн кулады. Анын алдында жаткан аял кыйкырайын деп баратканда оозун баса калды да, анын да эсин оодара башка чапты. Акырын эшикти көздөй жылып баратып бир нерсени эстегендей ордуна токтой калды, анан кайра артына бурулуп келип көмкөрөсүнөн жаткан кишинин желкесине пистолетин такап туруп машаны басып койду. Алиги киши бир "солк" этип алып ошол бойдон түбөлүк уйкуга кетти. Аны бир аз карап туруп дабыш чыгарбай эшиктин алдына жылып барды. Эшикти акырын ачып коридорго көз жүгүрттү, эч ким жок экен. Шырп алдырбай коридорго чыкты да бутунүн учу менен күйүп турган зал тарапка жылып жөнөдү. Залдын эки жакка ачылма эшиги чала жабык болуп залдын ичи көрүнүп турган эле. Түркүн тамак-аш жайнаган узун столдо төрт киши өз ара бакылдаша бир нерселерди сүйлөшө тамак ичип отурушуптур. Үчөөсү баягы машинедеги кишилер экенин жазбай тааныды. Бир маалда бирөөсү ордунан тура темтеңдей эшикти көздөй жөнөдү. Алмаз дароо каалганын артына жашына калды. Ал коридордогу узунунан төшөлгөн кооз килем дорожкада кетип баратып бир нерсени сезгендей тык токтой калды да кайра шарт артына бурулду. Эки көзүнүн ортосуна, мандайына сунулуп турган пистолетти көрүп мындай күтүлбөстүккө көзү чакчая түштү. Алмаз сөөмөйүн өзүнүн эрдине такай "чиш" унчукпа дегендей белги берип турган эле. Акырын келип анын чөнтөгүндөгү пистолетин сууруп алды да өзү чыккан караңгы бөлмөгө кир дегендей белги берди. Ал коркконунан эки колун кандай көтөргөнүн өзү да билбей калды, анан тигинин айтканын жасай арты менен жыла басып караңгы бөлмөгө кирди. Алмаз артынан пистолетин сунган боюнча кошо кирди да эки көзүнүн ортосун мээлеп туруп шашпастан пистолетинин машасын басып койду эле ал дароо чалкасынан учуп түштү. Полдо дале болсо тыбырчылап жаткан неменин жанына басып келип эңкейе пистолетти чекесине такап туруп дагы бир жолу машаны басып койду. Ал бир силкинип алып ошол боюнча кыймылсыз жатып калды. Ошол замат эле Алмаз ордунан козголо эч ойлонбостон пистолетин суна аткан октой залдагы экөөнө кирип барды. Бирөөсү жанталаша ордунан тура калып чөнтөгүндөгү пистолетине колун салды эле чекеге жеген октон отургучтарды өзү менен кошо сүйрөй чалкасынан кулады. Жанындагы экинчи киши "мени ата көрбө" деп жалына тизелеп чөгөлөй отура калды. Алмаз пистолетин сунган боюнча акырын барып залдын эшигин жапты да ичинен илип, кайра бери басып келди.
- Силер кимсиңер? Силерди ким жиберди бул
- Мен эч нерсе билбейм, тиги өлүп калган шефибиздин аткарганын жасадык.
- Бир мүнөттүк гана жашооң калды. Ойлон тез, менин да убактым жок. Силерди ким жиберди? - Алмаз пистолетти анын чекесине такаганда ал дагы көзүн алайта жалынып жиберди:
- Ата көрбө, жансоога баатыр, азыр айтам, баарын айтам андан көрө...
- Он беш секунд калды. Он эки, он үч.
- Айтам, айтам баарын. Бизди Тажикстандан Ян Густь жиберген.
- Ал эмне максат менен жиберди?
- Сенин көзүңдү тазала деп...
- Ал өзү кайда?
- Душанбеде!
- Менин кишилерим кайда?
- Чынымды айтам, мен аларды көргөнүм жок.
- Болуптур, сени менен акыйлашууга убактым аз. - Алмаз пистолетинин машасын жаңыдан тартып келатканда ал киши тизелеп отураган боюнча эки колун бооруна алып чебелектей жалынып кирди.
- Мени өлтүрө көрбө, сенден суранам. Мен баарын билем. Алар азыр каякта экенин да билем. Эгер менин жанымды аман калтырсаң баарын айтып берем.
Аңгыча эшикти кимдир-бирөө тарткылап жулкулдатып калды.
- Хаким эмне эшикти ичинерден илип алдыңар, ачпайсыңарбы эмне болду силерге?!
- Бу ким?- Алмаз тигинден акырын шыбырай сурады.
- Бул үйдүн кожоюну.
- Анда беш мүнөттөн кийин кел деп айт.
- Сафар беш мүнөттөн кийин келчи, биякта өзүбүздүн секрет иш бар эле ошону жыйынтыктай коелу.
Ал өзүнчө күбүрөнүп ары көздөй басып кеткендей болду. Алмаз пистолетти анын чекесине такаган боюнча шашыла көкүтүп кирди.
- Өзүң айткандай беш мүнөттүк гана жашооң калды. Болбосо азыр эле атып таштайм.
- Эгер менин жанымды аман калтырсаң гана баарын айтып берем.
- Болуптур айта бер.
- Атпайм, өлтүрбөйм деп убадаңды бер.
- Эгер чыныңды айтсаң жаның да аман калат, калп айта турган болсоң калганын өзүң билесиң.
- Алар азыр баары тең Душанбеде Ян Густтун колунда туткунда.
- Душанбенин өзүндөбү?
- Ооба.
- Эмне калп айтып атасың? Жашооңдун акыркы мүнөттөрү кагыла баштады.
- Болуптур чынымды айтайын! Алар шаардын четиндеги тоо боорунда жайгашкан айылда эки кабаттуу универмагдын жертөлөсүнө колдору байлануу камалып жатышат. Алардын эртең акыркы күнү. Үлгүрсөң үлгүрүп калдың, үлгүрбөсөң экинчи аларды тирүү көрбөйсүң. Мен болгон чындыкты айттым, эми жанымды аман калтыр.
- Болуптур, жаныңды аман калтырайын, бирок бул жактан чыгам же бирөөгө телефон чалам деп ойлобо. Анда эле чымындай жаның чыркырап тиги дүйнөгө учуп кетет. Ар бир кыймыл-аракетиң өз өмүрүң менен байланыштуу. Сен кайтаруудасың ушуну эсиңе алып кой, - Алмаз терезеден секирип кеткени аны эки жакка ачып жатканда, артынан "тарс" этип атылган үн угулду. Бурула калып колунда пистолет кармап турган тигини көрүп эч ойлонбостон маңдай тушка атты да ал кулап түшкөн соң терезеден чыгып секирип кетти. Жолдо кетип баратып: "Бронежилетти кийгеним жакшы болгон турбайбы. Кудайым дагы бир жолу өлүмдөн аман алып калды", деп өзүнчө сүйлөнүп алды.
Арадан эки саат өтпөй катуу ылдамдык менен ак мерседес машинеси Душанбе тарапты көздөй учуп-сызып кетип баратты.
Жырткычтардын чабуулу
Төртөө тең көздөрүнүн кыйыктары менен ары-бери чуркап жүргөн чоң келемиштерди карап турушту. Бир кезде бир чоң келемиш кыймылсыз байланып турган адамдардын жанына жакындап келди да мурду менен акырын жыттап көрүп, бирөөсүнүн үстүнө жөргөлөп чыкканда бери жактагы келемиштер да анын сонунан ээрчишти. Алиги чоң келемиш Спартактын бетине секирип чыкты эле: "Аа-а!" - деп оозун чоң ача башын катуу чулгуп, силкип жибергенде келемиш жерге ыргып кетти. Калган келемиштер төртөөнүн көкүрөктөрүнө чейин көтөрүлүп келишип кайра жерге секирип түшүп тынымсыз ары-бери чуркап жүрүштү. Эртеден бери алардын ар бир кыймылын байкап турган Спартак унчукпай отурушкан тигилерге үн катты:
- Карышкырды жырткыч деп коебуз. Ага салыштырмалуу кичинекей болгону менен баарынан ашынган жырткычтар ушулар да. Карышкырлар тобу ачка болушса эптеп жүрө беришет. Ал эми бул келемиштерин болсо беш-алты күн ачка койсоң көздөрү тунарып эч нерсе көрүнбөй калат. Анан тумшугуна эмне илинсе эле жей баштайт. Керек болсо бирин бири да жеп таштайт. Акылдуулугу, куулугу түлкүдөн ашып түшсө ашып түшөт, эгерим кейибейт.
Баары тең эч нерседен бейкапар төртөөнүн кыймылсыз байлануу турган бут кийимдерин жыттагылап кайра жай гана ары көздөй кетип жатышкан келемиштерди карап турушту.
- Карасаң дегеле чочулап, коркуп коюшпайт.
- Ооба, биздин алсыз, байлануу экенибизди сезип жатышат да.
Булардын ачык жерлери бет жактары гана болчу. Алар бет жактарына чейин жөргөлөп чыгып келишип тигилер ооздорун чоң ача кыйкыра, силкип жиберип атышканында кайра секирип кетип атышты. Бир чоң келемиш жогору көтөрүлүп келип Альберттин бетин тиштеп алды эле анын азуусу тилген жеринен кан жайыла берди. Кандын жытын сезишкен келемиштер Альберттин бетине чабуул кое башташты. Башын арыбери чулгуп канчалык силксе дагы ыргыгандары ыргып, ыргыбагандары анын чачтарына жармаша баш жагына чыгып кетишти. Бирөөсү кулагын тиштеп, башын катуу силксе да болбой жармашып туруп алды. Жанындагылар жардам көрсөтө албай айлалары кете карап турушту.
- Кел, баарыбыз ооздорубузду чоң ача жалпы катуу кыйкыралы, балким, качышаар?!
Төртөө тең болгон күчтөрү менен катуу кыйкырышты эле алиги Альберттин кулагына жабышып турган келемиш ары көздөй секирип кетти. Бир чоң келемиши Спартактын төшүнө чейин көтөрүлүп келип экөөнүн көздөрү тиктеше түшүштү. Бир маалда алиги келемиш Спартактын бетине секирди эле оозун чоң ача келемиштин бутун кырча тиштеп ийди. Ал "чый" эте ары көздөй секирип кетти.
- Тфу-у, шайтан алгыр, келемиштерди тиштемек турсун кармагандан жийиркенчү элем, мына эми тиштеше баштадык. Бирок бул жакшы ыкма, жакын жолотпой оозуңар менен тиштегилей бергиле. Колу-бутубуз байлануу болсо да оозубуз бош эмеспи, кандай болсо да эптеп убакытты созуш керек.
Бирок ач келемиштер тигилерди бир мүнөт жай алдырбай биринин артынан бири тынбай чабуул коюп атышты. Төртөөнүн катуу кыйкырганына адегенде сестенип атышты эле эми кыйкырыкка таптакыр эле коркой, тоотпой калышты.
- Охо-оо, үнүңөр чыгып, ырыңар чыга баштаган экен го, сырттан кирген алиги киши тигилерди мыскылдай карап, ырсая күлүп койду. - Ой, менин келемиштерим али ачка боюнча эле экен да? Булар тамактын даамдуу жери каякта экенин билбей атышкан го. Азыр мен силерге ал жерди көргөзүп таап берем.
Ал бери басып келди да бардыгынын бут кийимдерин сыйрып алды. Анан өзүнө өзү ыраазы боло бери басып келип тигилерди карап турду. Алардын келемиштер менен кантип кармашып аткандарын күлкүлүү оюн көрүп аткандай боору калбай жыргап, каткырып күлүп атты.
- Азырынча кармаша тургула, канчага чейин дараметиңер жетээр экен көрөбүз. Эртең дагы он келемиш келет жардамга, алар булардан да ач келемиштер.
Спартак анын артынан кыйкырды:
- Ян Густь каякта, чакыр биякка!
- Аны эмне кыласың, ал эбакта эле кеткен бияктан өз иштери менен. Силерди мага тапшырган, силер менин колумдасыңар.
- Анда сүйлөшпөйлүкпү?
Алиги киши токтой калып кайра басып келди да, кытмыр сүйлөдү.
- Кулак силерде айта бергиле?
- Көп суммадагы акча керекпи?
- Акча пайгамбарды да жолунан чыгарыптыр дейт, андан ким качсын.
- Ар бирибиздин башыбыз үчүн канча сурайсың?
- Төртөөңөргө төрт миллион.
- Болуптур, буга макулбуз, адегенде бизди бошот, анан аласың каалаган сумманы.
- Ха-ха-ха, кеңкелес башты тапкан экенсиңер Силерди бошотсом, анан силер кайра бизден өч аласыңар да.
- Менин чын сөзүм.
- Кудая шүгүр, акчага мен муктаж эмесмин, эмне кылышаар экен деп сынап койсо. Мен деген шефке өтө берилген адаммын, керек болсо ал үчүн жанымды берүүгө даярмын. Ошон үчүн ал мага ишенип силердин өмүрүңөрдү менин колума тапшырган. Анын байлыгынын чет-чеберин көрүп калдыңарбы, ошондой. Кудай буюрса эртең дагы келем, - ал чыгып кетип каалганы сыртынан бекитип койду. Эртеден бери андан ыйбаа кылышып ары жакта турушкан келемиштер кайрадан чабуулга өтүштү.
Эртеси күнү келгенде тигилердин буттары, беттери кызылжаян кан болуп катып калыптыр. Түнү бою уктатпай келемиштер менен салгылашып чыгышканбы, көздөрү киртийип, чарчоонун белгиси билинип турду. Ал сырттан көтөрө кирген темир тор жащиктеги бири-бирин тиштегилеп ары-бери чуркап жүрүшкөн келемиштерди тигилердин бет маңдайына алып келип койду. Алар бул келемиштерден да чоң экен.
- Али тирүүсүңөрбү, бирок дароо эле өлүп калган да жакшы эмес туурабы. Силер аябай көпкө кыйналып жатып анан менин көз алдымда өлүшүңөр керек. Мына мен кечөөгү айткандарымды алып келдим, сөзүмө турат бекеминби. Мен ошондой бир сөздүү адаммын. Бул келемиштерди силердин эч нерсеңерди калтырбай качан жеп түгөтүп, шыгыраган сөөгүңөр гана калганда анан алып кетем. Азыр буларга эң майлуу даамдуу жерин таап берем.
Ал чоң миздүү шамшарын сууруп чыгып келемиштердин тиши өтпөгөн курткаларын барчалап тилип, буттарынын, колдорунун эттерин көрсөтө жылаңачтап салды. А түгүл кээ бир жерлерин акырын бычактын мизи менен тилип кан агызып койду. Чындыгында эле темир жащиктеги капкара чоң келемиштер ушунчалык сүрдүү дагы, коркунучтуу дагы экен. Бир аздан кийин жашиктин оозун ачып жиберди эле бирөөсү анын өзүнө кол салып секирди. Ал темир жащикти ыргытып жиберип эшикке чыга качты. Анан тигилерди бир аз карап туруп мыйыгынан жылмая каалганын сыртынан бекитип салды. Кийинки чоң кара келемиштер эч нерседен тайманбайт да, коркушпайт да экен. Кичирээк келемиштер менен өз ара тиштеше салгылаша кетишти. Кичирээктери чоңдоруна жол бошотуша ары көздөй кача беришти. Мурунку он келемишке дагы он келемиш кошулганда алар тарыраак жертөлөнүн ичине жыбырап толуп кетишти. Булар байлануу эмес бөлмөнүн ичинде жалгыз калган буту-колу бош адамды да жеп койчудай түрлөрү бар эле.
Төртөө төрт жакты карап далылары бири-бирине тийише жерге отургузулуп, калың аркан менен буттарынан баштап моюндарына чейин чырмалып катуу байлануу болчу.
- Минтип отурсак буларга көз көрүнө жем болуп беребиз. Кана чогуубуз менен ордубуздан туруп көрөлүчү. Балким, бир ылаажы болоор. Төртөө тең жабыла ордуларынан турууга аракеттенип көрүштү эле адегенде болгон жок. Экинчи жолу чымырканышып өйдө көздөй обдулушканда ордуларынан туруп баратып кайра томолонушту. Өзүлөрүнө жабышып жүрүшкөн эки-үч келемишти баса жыгылышты. Алар эми узатасынан жатып калышты. Жабылган келемиштер буттарынан баштап бетине, баштарына чейин жабылыша канчалык баштарын чулгулаганына каратпай тиштегилей башташты. Төртөө жанталаша биринин үстүнө бири чыгып ары-бери тоголоно беришти. Кээ бир келемиштер алардын алдыларына басылып калып былчыйыша өлүп да калып атышты. Алардын баарынын тең колу-буттары кызыл-ала болуп канга чыланып кетти.
- Кана, бир, эки, үч! Турдук, ордубуздан! Төртөө эптеп чымырканышып ордуларынан туруп кетишти. Ошентсе да көкүрөктөрүнө, мойну-баштарына жармашкан келемиштер түшчү түрлөрү жок. Алар жерде ичеги-карды чубалып жаткан келемиштерди да жеп жатышты. Эми тигилерден коргонгонго кичине мүмкүнчүлүк бар болчу. Алар чогуусу менен секирише буттары менен тепкилегенге аракет кылганга өтүштү. Келемиштер кээ бир учурларда өз ара чыйылдаша бири-бири менен тиштеше да кетишүүдө.
- Минтип отурушса биздин буттарыбызды да жеп ташташат. Арканды чече алабызбы? Байланган жери кайсыл жер экен?
- Бул жырткычтар жайма жай отуруп, чечкенге да мүмкүнчүлүк бербей атпайбы! Келемиштер ушунча болуп коркунучтуу көрүнгөн эмес эле. Эми жан алгычтан айырмалары жок болуп калышты.
Алардын жылаңайлак буттарын тиштегилеп киргенде туруштук бере алышпай кайра кулашты. Мындай кырдаал келемиштерге оңтой берди болуп жабыла аларга туш-туш жактан асылышты.
- Бүттү, буларга жем болгондон башка арга калбай калды!
Бирок ошентсе да аларга моюн бергилери келишпей жерге ары-бери томолоно беришти. Кызыл кандан алардын өңдөрү да таанылбай калган болчу.
Кудайдын буйругубу же маңдайларына ушундай жазылганбы, айтор, ошол маалда эшик тарс этип талкаланып кайдан-жайдандыр колуна кичинекей чет мамлекеттиктердин автоматын, анан фонарик кармаган Алмаз дын сөлөкөтү пайда болду. Ал дароо жетип келип мойнундагы бычагын алып чыкты да байлануу турган аркандарды ар кайсы жеринен шылып-шылып кесип жиберди. Өзүнө кол салып атышкан кара келемиштерге көңүл бурган да жок. Колу-буттары бошогон тигил төртөө дароо ордуларынан турушту. Келемиштер Альберттин буттарынын манжаларын тиштегилеп анча-мынчасын жеп жиберишкендиктен баса албай койду. Аны Хамид көтөрө баары жабыла эшикти көздөй жөнөштү. Алмаз автоматты Спартакка берип, өзү чөнтөгүнөн алиги үн чыкпас пистолетин алып чыкты. Кош миздүү шамшарды Эрболго карматты. Жертөлөнүн кууш коридору менен сыртка чыгып баратышып бери жакта өлүп жатышкан эки-үч адамды көрүштү. Сырттагы кароолчуларды, ичинде сулап жаткандарды Алмаз өлтүргөн болчу. Шашыла сыртка чыгып баратышканда бир нерсени эстегендей Спартак токтой калды да кое тургула дегендей белги берип, Алмаздан кол фонарикти ала мурдагы баңги заттар сакталган жертөлөнүн темир каалгасына басып келди. Эшиги бек экен. Хамидден бычакты алып аны толгоп ачты да: "Силер эшиктин алдында туруп тургула" - деп, Эрболду ээрчите ары көздөй кирип кетти. Бир маалда мойну-баштарына эки үчтөн автомат, снайпер мылтыктарын иле сыртка чыгышып, эшиктин алдында турган тигилерге беришти.
- Бир-эки секундга аярлай тургула, азыр мен дагы бир нерсени алып келе коеюн, - Спартак ары кетип бат эле чет элдик гранатомет көтөрүп келе калды. Бул мезгилде Эрбол ары жактан жертөлөнүн астындагы жертөлөдөн баштап күйүүчү ак порошокту сээп сыртка чыгып келди. Сыртта эбакта эле күүгүм кириптир. Алар порошокту узун кылып сыртка сээп жүрүп отурушту. Сырттан бирөөнүн карааны көрүндү эле сурабай эле үн чыкпас пистолет менен атып салышты. Отуз кадамдай жерге күйүүчү порошокту сээп барышкан соң "болду жетишет" дегендей ага от жандырышты. От өтө тездик менен эки кабаттуу үйдү көздөй жалындап жылып жөнөдү.
Баары тең "Мерседес" машинесинин жанына келишип, бир ордунда былк этишпей өтө ылдамдык менен күйүп жылып бараткан отту карап турушту. Күйүп жылып бараткан от акырын жертөлөнүн алдына кирип кетти да бир канча секунддан кийин ушунчалык катуу жарылган үн чыгып, дубалдардын быркыраган чачырандылары менен кошо кыпкызыл алоолонгон жалын туш-тарапка катуу бир серпилип алды. Тим эле ал үйгө атом бомба тийгендей быт-чыты чыкты. Заматтын ортосунда алоолонгон жалын айланасын жапжарык кыла көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Дүркүрөп күйүп жаткан жертөлөсү бар эки кабаттуу универмагды бир аз карап турушкан соң баары шашылыша машинеге отурушту. Жолдо кетип баратканда Алмаз өзүнчө ойлуу "күңк" этти:
- Ушуну менен экинчи үйдү талкалап, өрттөшүбүз. Спартак анын сөзүн ырастагандай жылмая күлүп койду.
- Эч нерсе эмес, бул только башталышы гана.
Чакырылбаган түнкү конок
Төртөө тең Бишкектеги Алмаздын үйүнө келишкен соң дароо эле төрт жерге томолонушту. Үч-төрт күндөн бери караңгы жертөлөдө ооздоруна наар алышпай бир жагынан газга ууланышып, экинчи жагынан таң атканча бир тыным эс алышпай ач келемиштер менен кармашышып аябай кыйналып, чарчап, жанчылышкан эле. Төрт жерге жыгылаары менен тырп этпей уйкуга кетишти. Кез-кез гана Альберт бутунун ооруганына чыдай албай онтоп ийип ары-бери оодарылып атты. Алмаз "Царское село" айылынан машине менен шаарга барып, тааныш врачын ээрчитип дароо эле кайра жетип келди. Кайтып келгенде тигилер баары тең ойгоо жатышкан болчу. Врач келемиштердин тиштегилеген, тилинген жерлерин дары сыйпап кылдат бинт менен таңып чыкты. Анан Альберттин кыпкызыл болуп эттери көрүнүп турган буттарын карап кабагын бүркөй башын чайкады.
- Ой-бо-ой, муну тез арада ооруканага жаткырбаса болбойт. Бул күчөп кетсе бир бутунан ажырап калышы мүмкүн.
Ал Альбертти өзүнүн иштеген ооруканасына алып барып бир врачка табыштап койду. Үйдө калгандар бир жума бою үйдөн чыгышкан жок. Альбертке Алмаз бир маал барып, калгандары "сотовый" телефон аркылуу сүйлөшүп турушту. Алар ашказандарын бузуп албаш үчүн бир суткадай жалаң жашылча-жемиштердин ширесин ичип, экинчи күнү гана жеңил тамакты кичинеден иче башташты. Кайрадан акырындап каруу күчкө толуп калыбына келишип сыртка кирип-чыкканга жарап калышты.
- Мына Ян Густтун байлыгына көз артып атып, аз-аз жерден өлүп кала жаздадык. Баса айтмакчы, ал азыр кайда болду экен, балким, Бишкекте болуп жүрбөсүн?
- Андай болушу да мүмкүн. Анын Бишкектеги тааныштарынын дарегин билем. Балким, ал азыр ошол жакта болуп калышы да мүмкүн, - Алмаз өткөн окуяны кичине саймедиреп айтып берди. - Аны ошолор аркылуу тапсак болот.
Кандуу Ордодо кызмат өтөп жүргөндө Спартак Ян Густь менен жаңжалдашканын эстеди. Экөө бир нерсе тууралуу талаша кетишип чатакташа кетишкен эле. Анан кызыл чеке болуп мушташа Спартак Ян Густту аябай эсин оодара сабап таштаган болчу. Алардын мушташын карап турушкан гладиаторлор бири да унчугушкан эмес. Он, он беш мүнөттөй эс учун билбей кызыл ала болуп жерде суналып жаткан Ян Густь бир аздан кийин ордунан туруп унчукпастан басып кетип, ары жактагы суудан бети-башын тазалап жууган эле. Ошондон кийин алар эки айдан ашык бири-бири менен сүйлөшкөн эмес. Бирок баары бир Спартак ага үстөмдүгүн жасап турчу. "Ал экөөбүздүн башынан эле көз карашыбыз бири-бирибизге түз эмес болчу. "Бизге кошул деп ага бекер барыптырмын" , Спартак ушуларды ойлой эрдин кесе тиштеп койду.
Альбертти атайын врач жалдап жакшылап дарылатып, каратып аткандыктан бир жумадан кийин кадимкидей оңоло баштады. Келемиштер жеп ийген буттарынын баштары кадимкидей карттанып, балдак менен ары-бери басканга жарап калды. Алмаздар менен кошо бир-эки жолу Спартак, Эрбол, Хамиддер келип ал-ахывалын билип кетишти. Ошол күнү кечинде Альберт өзү менен кошо ала келген кичинекей телевизордон кино көрүп жатып кеч жаткан эле. Убакыт түнкү саат бирден өтүп экиге чукулдап калган маал болчу. Ооруканадагы оорулуулардын баары небакта тынчып, коридордо дежурда турган медсестра кыз да тээ бурчтагы өзүнүн столунда бир нерсе жазып өзү менен өзү алек болуп аткан эле. Аңгыча кандайдыр бир акырын кычыраган үндөн Альберт ойгонуп кетти. Ал аябай сак кулак болчу, кичине эле дабыш чыкса ойгонуп же чочуп кетчү. Ал башын көтөрүп акырын эки жагын карап тыңшап калды. Добуш бир пазга чыкпай ары жактагы оорулуу ары-бери оодарылганда кроваты кыйч-куйч этип кетти. Кроваттын үнү го деп башын кайра жаздыкка коюп уктамакка көзүн жумду. Бир аздан кийин алиги чытыраган добуш кайрадан угулганда Альберт көзүн ачып, кулагын тосо жакшылап тыңшап калды. Жанагы чытыраган добуш терезе жактан чыгып атыптыр. Кроваты терезеге жакын болгондуктан акырын терезе пардонун тешигинен сырт жакка көз жүгүрттү. Электр жарыгын өчүрүп койгондуктан палатанын ичи капкараңгы болуп, ал эми сырт жак тээ алыстагы көчөнүн электр жарыгынан кадимкидей көрүнүп, атүгүл шоолалары терезе аркылуу палатага да анча-мынча жарык берип турган эле. Капысынан терезеге аркан менен асылып турган бир караанды көрүп жашына калды. Анын палатасы экинчи кабатта болгондуктан кимдир бирөө белине -аркан байлап алып, айнек тилгич менен акырын тилип атыптыр. Бир палатада төрт оорулуу жатышкан, алар эбакта эле кызуу уйкунун кучагында чөмүлүшүп эч нерсени сезишпей уктап атышкан эле. Атүгүл бирөөсү катуу коңурук тартып аткан.
Альберт терезе пардонун жылчыгынан сырттагы караандын ар бир кыймылын байкап, аңдып турду. Ал да кудум эле өзүлөрүнүкүнө окшош кара чүмбөт кийип алыптыр. Колунда кара мээлей, артында асынган бир нерсеси бар экен. Анысы балким, автомат, мылтык же кылыч болушу мүмкүн. Ал кадимки кинодогу нинзаларды элестетип турду. Алиги асылып турган кара мээлейчен, чүмбөтчөн киши терезенин айнегин колундагысы менен чоң тегерек айлана кылып сызып алды да ага желим баштыкка окшогон бир нерсени жабыштырып туруп, айнектеги тегерек болуп чийилген сызыкты колунун кыры менен акырын бир сыйра чапкылап анан айнекти түртүп койду эле "пук" эткен акырын дабыш чыгып айнек чоң оюкча болуп оюлуп калды. Оюлган тегерек айнекти жабышылган желимге окшогон бир нерсеси менен кошо ары жакка коюп, терезенин экинчи кабатын дагы ошентип чийип алып, ошондой ыкма менен оюп алды. Палатанын айнек терезесинен киши өткөндөй кадимкидей оюкча, өткөөл пайда болуп ошол аркылуу алиги караан белиндеги жибин чечип, палатанын ичине эч дабыш чыгарбай сойлоп кирди.
Альберт өздөрүнүкүнө окшогон кара чүмбөтчөн бул кишинин жөн келбегенин, атайын өзүн өлтүргөнү келгенин сезип алдын ала коргонгонго курал таппай, ары жакта жаткан чай кайнаткычтын шнурун колуна кармап кайра төшөгүнө кыймылсыз жатып калган эле. Алиги кара чүмбөтчөн акырын дабыш билгизбей терезеден полго секирип түштү да бирөөлөрү ойгонуп кеткен жокпу дегендей сактана айланасын бир сыйра карап алды. Анын ушунчалык жеңилдигине, эч бир шырп эткен да дабыш билгизбей ууру мышыкча басканына баа берип көзүнүн кыйыгы менен анын кыймыл-аракетин карап турду. Алиги караан шырп алдырбай эшик жакка жыла басып келди да акырын каалганы ачып коридордогу медсестра кызга көз жүгүртүп алды. Анан кайра эшикти жакшылап жаап бекитип, кичинекей кызыл болуп күйгөн кол фонаригин күйгүздү да кимдир бирөөнү издегендей кызуу уйкуда жаткандардын жүзүнө жарык бере үңүлө кунт коюп карап жатты.
Экөөнү карап бүткөн соң бери көздөй Альберт жакка басып келди. Ичке кызыл жарыкты бетин көздөй жарык кыла бергенде эртеден бери анын ар бир кыймыл-аракетине кунт коюп карап турган Альберт өтө шамдагайлык менен дароо эле алиги колундагы шнур менен тигинин пистолетин кармап турган сол колуна орой салып анысын кагып түшүрдү. Тигил мындай ылдамдыкты, күтүлбөгөн кол салууну күтпөсө керек. Антип-минтип эсине келгиче тигини болгон күчү менен тумшуктан ары басып калды. Анын колундагы кызыл фонариги түшүп кетип бурч жакка камгактай учуп барып түштү. Кандай кулап түшсө кайра ошондой эле ылдамдыкта бир секирим менен кайра бутуна туруп калды. Бул мезгилде Альберт да ордунан туруп, тигинин кол салуусун күтүп калган эле. Алиги табышмактуу кара чүмбөт кийген неме өтө тездик менен Альбертти көздөй кол шилтегенде анын ар бир соккусун жеңил гана тосуп коюп атты. Альберт да тигинин чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөндүгүн, оңой жоо эмес экендигин сезе өтө аяр, так жана тездик менен согушуп атты.
Экөө тарса-турс түшүшө мушташып атканда ызы-чуудан кроватта жаткандар да ойгонуп кетишип, караңгы палатанын ичинде эмне болуп жатканын түшүнүшпөй бирөөсү ордунан тура калып жарыкты күйгүзгөнү эшикти карай тап берди. Бирок ага жетпей желкеге урулган катуу соккудан төбөсү менен барып жер сүзүп оңкочук атып кетти. Караңгы палатанын ичи тарса-турс, ызы-чуу эле болуп атты.
Бир маалда эшиктен медсестра кыз кирип келип жарыкты жандырганда укмуштуудай коркунучтуу көрүнүшкө туш болуп, аз жерден бакырып ийе жаздады. Палатадагы оорулуулардын экөөсү полдо, бирөөсүнүн көзү алактап кроватта чүмкөнүп жатыптыр, кандайдыр кара чүмбөтчөн киши менен Альберт мушташып атыптыр. Экөө эшиктен кирген медсестра кызга көңүл бөлүшкөн да жок. Кара чүмбөтчөндүн колунда бычагы бар экен. Альберт анын бычак кармап турган колун кармап экөө тирешип атыптыр. Бир маалда Альберт аны сол колу менен катуу шилтеп калды эле ал эки-үч кадамдай жерге томолонуп түштү да ошо жаткан калыбында эле колундагы бычагын Альбертти көздөй ыргытты. Альберт өтө тездик менен буйтап кеткенде кош миздүү бычак кроваттын жанындагы ак тумбочкага сайылып калды.
Медсестра коркконунан бакырып жибергенде алиги жерде жаткан кара чүмбөтчөн киши ордунан атып туруп аны томолото чапты да узун коридорго атып чыкты. Ошол маалда Альберт кроваттын алдына учуп кирип кеткен пистолетти таап ала коюп анын артынан коридорго чуркап чыкты. Узун коридордо ары көздөй өтө ылдамдык менен чуркап бараткан чүмбөтчөндү желкесине мээлеп туруп, кайра ойлоно түштү да бут жагына атып калды. Ал катуу күүсү менен полго томолонуп түшүп кайра ордунан турууга аракет жасады. Экинчи жолу атылган ок анын сол ийнине тийди.
Линеолиум төшөлгөн пол кызыл-ала боло ал бир бутун сүйрөй али да болсо жанталаша жакын турган терезе жакка умтулду. Бирок ошол кезде Альберт чуркап келип пистолеттин арты менен аны желкеге сокту. Ал кыймылсыз жатып калганда гана кара чүмбөтүн сыйрып алып өңүнө бир сыйра көз жүгүртө кайра кийгизип таштады. Анан кайра палатасына чуркап барып "сотовый" телефонун ала коюп кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп атты. Бул маалда коридор ичи ызы-чуу болуп, ары-бери чуркап атышкан оорулуулар көбөйүп кеткен эле.
Арадан он мүнөткө убакыт жетпей эшиктен колдоруна автомат, пистолет кармаган эки-үч кара чүмбөтчөн кишилер атып кирип келишип дароо жерде кансырап жаткан кишини колтуктан алышты да кандай тездик менен пайда болушса кайра ошондой эле тездик менен көздөн кайым болуп кетишти. Алар кетишкенден кийин да дубалга кыдырекей болуп туруп калышкан оорулуулар ордуларынан былк этишпей жардана карап турушту. Алардын арасына Альберт да чыгып акырын кошулуп калды. Бул эмне болгон кансырап жаткан кара чүмбөтчөн киши, сырттан кирген кара чүмбөтчөндөр кимдер, оорукананын ичинде эмне болуп жатканын эч кимиси түшүнбөй жатышты.
Бир аз убакыттан кийин алар сырттан кирген беш-алты милиция формасын кийген кишилерди көрүшкөндөн кийин гана жандана башташты. Бул мезгилде алиги кара чүмбөтчөндөр эбакта эле издерин суутуп кетишкен эле.
Ооруканадагы бул ызы-чуу көпкө чейин унутулбай оорулуулар бир топко чейин кеп-сөз кылып жүрүштү. Бирок эмне болгон кара чүмбөтчөндөр экенин эч кимиси түшүнүшкөн жок. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип, окуя болгон палатадагыларды сураганда алар менен кошо Альберт да эч нерсе билбеген киши болуп койду.

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 04 Февраль 2014 - 14:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_superstan   04 Февраль 2014 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Теманын аталышы өзгөртүлүп, ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү.
Комментарийлер болсо, тиешелүү темага барып жазабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Argymak007   04 Февраль 2014 - 18:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Качкын.


Ошондон үч-төрт күн өткөндөн кийин Альберт ооруканадан чыгып кетти. Аябай толугу менен айыкпаса да анча-мынча аксаганы болбосо кадимкидей эле басып калган болчу. Кайрадан бешөө өздөрүнчө чогулушкан соң кезектеги пландарын түзүп жатышты.
- Эң биринчи кезекте Ян Густтун командасын, же тагыраак айтканда, шайкалуу бандасын түп-тамырынан бери жоготуубуз керек. Антпесе биздин ар бир кадамыбызга, ишибизге жолтоо болуп, кедергисин тийгизишет.
- Ооба, адегенде биринчи кезекте Ян Густту, корейсти кармаш керек. Алардын жол башчысын туткундасак калгандарын жеңил-желпи моюн сундуруп өзүбүзгө баш ийдирет элек.
- Баса, айтмакчы, анын өзүн кантип кармайбыз. Бүгүн Ташкентте болсо, эртең Душанбеде, бүрсүгүнү Алматыда же биякта, же болбосо Россиянын дагы бир булуң-бурчунда жүрөт. Ал биздин бошоп кеткенибизди билгенден кийин мурдагысынан да сак, кыраакы болуп калат да. Ал оңою менен бизге эми карматпайт. Анын точкаларын да жакшы билбейбиз. Карамагында канча киши иштээри жөнүндө да так маалымат жок.
Спартак бир нерсени эстегендей ордунан атып туруп, эки колун бири-бирине жалгаштырып бооруна алды:
- Алардын баарын билсек болот, тиги туткунубуз жакшы болуп калыбына келсин, ошол аркылуу баарын билебиз. Акча сунуш кылып алдасак да, коркутсак да, кыйнасак да Ян Густтун бүт жүргөн-турган даректерин алыш керек.
- Айтпай койсочу?
- Айтпаганда кайда барат эле, мажбурлайбыз. Только аны качып кетпеш үчүн катуу кайтарууга алыш керек. Эсиңерде болсун, ал дагы оңой жоо эмес, мушташуунун бардык ыкмаларын жакшы өздөштүргөн жигит экен. Жалгыз отурганда күтүүсүздөн кол салып жибербесин.
- Кудай сактасын. Биз дагы ага моюн сунуп туруп бербейбиз да. Баса айтмакчы, анын улуту кайсыл экен?
- Менимче, корейс го.
Ал жигит жаткан экинчи кабаттын бөлмөсү дайыма сыртынан бекилүү, кайтарууда турду. Качып кетпеш үчүн короодогу иттерди бош кое беришкен эле. Аны Спартактан башкасы төртөө кезек менен кайтарып атышты. Күндө бир маал Спартак өзү кирип, бир сааттай сүйлөшүп, акырын анын тамырын тартууга аракет кыла баштады. Ал жигит "Мен Ян Густту жакшы билбейм, болгону акчага жалданма киши өлтүргүчмүн. Акчасы көп заказ болсо кимге болсо да кете берем" дегенден башканы айтпай атты. Акыры бирден, экиден сөзүнөн кармап отуруп, туюкка алып барып такап, Ян Густтун өзүнүн кишиси экенин болгондо да анын оң колу экенин билип алды. Спартак сыртка чыгып кетип баратып күзөттө турган Хамидге акырын шыбырай кетти:
- Мына акырындап катуу байланган жип жана баштады. Аны сыксак да баарын айттырабыз, эгер айтпаса тирүү кое бербейбиз.
Ошондон үч жума өткөндө Спартактын тобу ызы-түшүшө бир сыйра катуу дүрбөп алып анан басылышты. Окуя мындайча болду. Күзөттө турган Алмазды Эрбол жаңы эле алмаштырган эле. Аңгыча тиги жигит жаткан бөлмөнүн эшиги акырын тарсылдап калды. Эрбол эшикке басып келип: "Сага эмне керек, эмне тарсылдатып жатасың?" - деп сурады.
- Туалетке баргым келип атат.
Эрбол эшикти ачып аны туалетке чейин узатып барып кайра алып келгенде сактыкка кордук жок дегендей Эрболдун колунда пистолети бар болчу. Арадан бир саат өтүп өтпөй жигит кайрадан эшикти тарсылдатып суу сурады. Бул жолкусунда Эрбол катуу чекилик кетирди. Телевизордо кино көрүп отурган, ошол бойдон ордунан туруп ары жактагы муздаткычтан бир бөтөлкө лимонад алды да эч нерседен бейкапар эшикти ачты. Демейде дайыма колунда жүрчү пистолети бул жолкусунда чөнтөгүндө салынуу болчу. Күтүлбөгөн жерден ушунчалык чагылгандай тездик менен урулган соккуга Эрболдун колундагы лимонады ыргып кетип килем дорожканын үстүнө учуп түштү. Кайра ордунан атып тургуча тиги жигит аны дагы бир жолу чекеге тепкенге үлгүрдү. Ал ошол боюнча турган жок, эсин жоготуп койду.
Ортодо эки-үч мүнөт убакыт өткөндө коридордо кокусунан өтүп бараткан Алмаз жерде чалкасынан томолонуп жаткан Эрболду көрө коюп дароо аткан октой учуп жетип барды. Туткун жигит жаткан бөлмөнүн эшиги ачык болчу. Ал бөлмөгө атып кирди да тигинин качып кеткенин көрүп дароо үйгө чуу көтөрдү. Аркы бөлмөдөгүлөр "эмне болду?" дешип дароо жетип келишип иштин чоо-жайын түшүнүшө пистолеттерин алып, үйдүн ичин тинте башташты. Туткун жигиттин эшик аркылуу чыгып кетиши мүмкүн эмес болчу. Анткени баары бир берки жакта тигилер отурган бөлмө аркылуу өтмөк. Бирөө болбосо бирөө байкап калмак. Ал ылдыйкы кабаттын терезеси аркылуу чыгып кетиптир. Аңгыча короонун ичиндеги иттердин үргөнү угулуп, "тарс" этип эки жолу атылган пистолеттин үнү чыкты. Бери жактагылар дароо ошол жакка чуркап жөнөштү. Короодогу бош жүргөн эки дөбөттүн эки жерде суналып жатканын көрүшүп, андан ары короонун дарбазасына учуп жетишти. Туткун жигиттин жаңы эле чыкканын баары сезип турушту. Мындайда бир мүнөт убакытты да колдон чыгарбоо керек экенин баары түшүнүшө дароо короонун сыртына атып чыгышты. Алиги жигиттин таксиге отурганын көрүшө ошо замат баары туш-тушка чачырады. Бири короодогу машинени от алдырды, экинчиси көчөдө кетип бараткан машинелерди токтотууга аракет жасады.
Спартак ары жактагы кошунасынын короосунда турган мотоциклди көрө коюп эки-үч аттам менен ага жетип барып от алдырды да, дарбазанын кичинекей эшиги аркылуу сыртка чыгып кетти. Ушунчалык тездик менен иштелгендиктен кошунасы сыртка чуркап чыгып мотоциклин ким айдап кеткенин көргөнгө үлгүргөн жок. Мотоцикл эки тарабы бийик, калың бактуу чоң асфальт жол менен төмөн шаарды карай учуп кетип бараткан ак волганын соңуна түштү. Бактыга жараша шаарды карай катуу ылдамдык менен кетип бараткан бир гана ак волга болчу. Ал эми ошол багытта кетип бараткан жеңил машинелердин маркалары да, түстөрү да башка эле. Спартак мотоциклди болгон катуу ылдамдыгына салды. Күн жаңыдан уясына кирип келаткан маал болчу. Бир маалда волга жайлай түштү да жолдун тияк-биягына бир чыгып алдында келе жаткан машинелерди сүзүп кала жаздап барып жолдун четине чыга берип бир аз токтоду да кайра ордунан козголду. "Сыягы туткун жигит таксистти бир балээ кылды окшойт", деп ойлоп койду ичинен Спартак. Бул мезгилде мотоцикл менен ак волганын аралыгы бир топ эле жакындап калган болчу. Мотоцикл ак волганы кууп жете бергенде ичинен алиги жигит башын чыгара пистолетин мээлей берди эле атканга үлгүртпөй Спартак бөлөк капталына өтүп кетти. Тигил улам улам алдын тороп мотоциклди алдыга чыгарганга мүмкүнчүлүк бербей жатты. Экөө куушуп отуруп көп өтпөй эле шаарга кирип келишип көпчүлүк кыймылга аралашып кетишти. Бирок волга улам бир ээн көчөгө салып экөөнүн аралыгы бирде жакындап, бирде алыстап кетип жүрүп отурушту.
Бир мезгилде Спартактын оюна бир нерсе түшө чөнтөгүнөн пистолетин сууруп чыгып бир колу менен рулду башкара арткы эки дөңгөктү мээлей баштады. Удаа-удаа беш-алты жолу пистолетинен ок чыгарган соң айдап келаткан мотоциклин кичине жайлатты. Ошо маалда катуу ылдамдык менен келаткан волга ары-бери чайпала жолдун четине чыга берип катарлаш турушкан кичине киоскилердин бирөөнү сүзүп барып токтоду. Бири-бирине катарлаш, жанаша коюлган темир киоскилердин удаасы менен эки-үчөөсүнүн айнектери быркырап сынып кетти. Спартак мотоциклин бир топ ары жакка айдап барып токтотуп, бери көздөй жөө басып келди. Бирок бетибашы жарылып жаткан алиги туткун жигитти алып кетүүгө же ошол жерден өлтүрүп салууга эч мүмкүнчүлүк болбой калды. Анткени алардын артынан удаалаш эле келген МАИнин машинелери жетип келип волганын ичин текшерип жатышкан эле. Анын үстүнө эки автоинспектор мотоциклдин жанына келишип, анын ээсин издеп айланасындагы кишилерден сураштырып жатышкан болчу.
- Негизи ушул жер кырсыктуу жер, мындан жарым ай мурда тээтигил жерден бир машине жарылып эч нерсеси калбай күйүп кеткен, - деген эки кишинин сүйлөшүп атканын Спартактын кулагы чалып калды. Аңгыча үймөлөктөшкөн элдин арасында жүргөн Алмазды көрүп анын машинесин карай кадам шилтеди. Эки адамдын кызыл-ала канга боелгон кыймылсыз денелерин "скорый" менен ооруканага алып кетишти.
Кайрадан кара чүмбөтчөндөр
- Анын кайсыл ооруканада экенин билдиңерби?
- Ооба, реанимацияда капельницада жатат, ал эми таксисттин өлгөн денесин моргго алып кетти.
- Аны биротоло өлтүрүп тынчытуу керек же кайра алып келүү керек.
- Кайра алып келүү мүмкүн эмес, жанагыдай ахывалы менен жок эле дегенде бир же эки айдай жатат.
- Анда анын көзүн биротоло тазалаш керек, антпесе биздин негизги точкабызды, уюгубузду, кээ бир сырларыбызды билип калды. Анча-мынча эсине келди дегиче өзүнүн кишилери менен дароо байланышышы мүмкүн.
- Эх, жаль бул аркылуу көп нерсени билсек болот эле. Мейли, бир кишиге болсо да душманыбыз азаят. Эмне кылалы, бул операцияны качан баштайлы?
- Убакытты созбоо керек, эртең күүгүм ченде анын жаткан жерине барабыз. Күндүз барып алдын ала ал жөнүндө жакшылап маалымат алып, акырын барып пландаштырып келгиле.
Күүгүм талаш реанимация бөлүмүндө оор ахывалда жаткандардын бир туугандары, жакын санаалаштары улам бири келип, бири кетип атты. Анын жооптуу врачы келген кишилердин ар бирине оорулуунун ал-ахывалын түшүндүрүп берүүдө. Акырындап келген клиенттерди кабыл алуу убактысы бүтүп, жооптуу врач ордунан козголо, клиент кирчү эшикти ичинен илмей болуп ошол тарапты көздөй кадам таштады. Аңгыча эшик шарт ачылып, кайдандыр-жайдандыр караңгылыктан босогодо кара чүмбөтчөн киши пайда болду да анын кекиртегине үн чыкпас пистолет такады:
- Чышш-ш, акырын унчукпа. Артыкбаш кыймыл жасадым дегиче жаныңдан үмүт этпе.
Врачтын көзү алая эч нерсе дей албай артка кетенчиктей берди. Бир маалда алиги, чүмбөтчөн башын ийкеп белги кылды, ары жактан колдоруна пистолет-автомат кармаган кара чүмбөтчөн дагы эки-үчөө кирип келишти да дабыш чыгарбай ары жакка өтүп кетишти. Эч нерсе түшүнбөгөн врач эки көзүн алаңдата тигилерге жалооруй жалдырай кетти:
- Силер кимсиңер, кимге келдиңер? Деги оорулууларды өлтүрө көрбөгүлө.
- Коркпо, биз эч кимге тийбейбиз. Андан көрө артык баш суроо бербе, аман калам десең биздин айтканыбыз менен бол, - анын кекиртегине пистолет такаган боюнча өзүнүн кабинетине алып барды да сыртынан бекитип салышты. Анан бир маалда Спартак бир нерсе эсине түшкөндөй анын кабинетин шарт ача ичине кирип барып, телефондун проводун бычак менен кесип таштады. Алиги врач жаңыдан кандайдыр бир жакка чалганы жаткан экен. Ага ачуулана алиги кош миздүү бычагы менен телефонду тең экиге бөлүп салды.
- Артык баш кыймыл жасаба дебедим беле, же сага да бул дүйнө кызыксыз болуп калдыбы? - жүрөгү түшө бетин калкалап турган врачты жаман көзү менен карай, кайра сыртка чыгып кетти. Ары жакта келе жатышкан медсестраларды да кармап алып, ооздорун басыша алиги кабинетке кийирип салышып, сырттарынан бекитип ташташты. Анан дароо өздөрүнүн пландары боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөнгө өтүштү. Капельницада жаткан алиги жигитти бат эле таап алышты да өйдө жактагы узун түтүкчөнүн оозун сууруп алып аба кийирип салышты. Бир маалда алиги жигиттин эриндери диртилдей, титирей баштады. Ал акыркы ирет көзүн ачып алып ошол боюнча ордуна былк этпей тынчып жатып калды. Бирөөсү колундагы кара мээлейин чечип тигинин кан тамырын кармап көрдү да бүттү дегендей белги берди. Дагы бирөөсү ары жактан шприц алып келип оң жак ийинине сайып туруп кандайдыр бир суюктукту куюп таштады. Бир аздан кийин "бүттү" дегендей бири-бирине баш ийкеше башка оорулууларга бир сыйра көз жүгүртүшүп, ары көздөй басып кетишти. Камалып жаткандардын эшигин сыртынан акырын ачып салып, караңгыда кандай кокусунан пайда болушса кайра ошондой караңгылыкка сиңип кетишти. Алар ары жакта турган машинеге отуруша кара чүмбөттөрүн чечишип, акырын келген тараптарын көздөй жылып жөнөштү. Жолдо баратканда Альберт өзүнчө күлүп койду:
- Турмуш негизи оош-кыйыш болуп алмашылып турат деген чын. Бул жигит мен ооруканада жатканда атайын мени өлтүргөнү келди эле. Эми минтип тескерисинче ал ооруканада жатканда мен келип аны өлтүрүп кеттим, - анын сөзүнө баары каткырып күлүп калышты.
Машине шаардан чыгып ошол калыбында Чоңарык тарапка сызып кетип баратты.
Укмуштуу кабар
Ошол күнү Хамидден башкасынын баары үйдө болчу. Ал кандайдыр бир иштер менен калаага кеткен боюнча дайын жок. Спартак залдагы диванда отуруп телевизордон жаңылыктарды көрүп аткан. Бир маалда берки бөлмөдөгү Алмаз, Альберт, Эрболду өзүнө чакырып калды.
- Эмне болду тынччылыкпы?
- Тиякты карагылачы, - ал телевизор жакты көрсөтүп диван-креслого чалкалай отура кетти. Беркилер да диванга отуруша унчукпастан телевизорду былк этпей карап калышты. Телевизордо милиция формасын кийген, чини полковник бир киши сүйлөп жаткан эле.
"Бул өтө коркунучтуу кылмышкердин чыныгы аты Шамил, улуту чечен, 1953-жылы туулган. "Спартак" деген наамды түрмөдө жашыруун кызматта иштеп атканда алган. Чыгыш элинин да, европалыктардын да мушташуу ыкмаларын, эң жакшы өздөштүргөн. Он кадам жерден бычак менен жазбай, таамай көздөгөн чекитине урат, көзгө атар мерген. Союз чачырагандан кийин ал түрмө жабылып, азыр өз алдынча топ түзүп алып СНГнын бардык жерлеринде кылмыштуу иштерди жасап жүрөт. Алардын тобунда мурун жашыруун түрмөдө кызмат өтөшкөн бардык жагынан жакшы машыгышкан жогорку деңгээлдеги профессионал спортсмендер бар. Алар көпчүлүк учурда кылмыш жасашаарда кара чүмбөт кийип жүрүшөт. Анын карамагында канча адам бар, уюгу кайсыл жерде азырынча белгисиз. Бирок алар жөнүндө көптөгөн маалыматтар келип түшүүдө. Мындан бир жыл мурун Гурьево деген шаарда бир фирмада иштеп жүрүп кылмыш жасагандыгы үчүн түрмөгө отуруп, кароолчулардын эсин оодара чаап, ал жактан качып кеткен. Көп өтпөй эле өзүнчө топ түзүп алып, кечке маал ошол өзү иштеген фирмадагылардын баарын атып өлтүрүп, имаратын өрттөп ийген да көздөн кайым болгон.
Андан көп өтпөй эле Алматы шаарындагы атактуу "Казинодогу" бай кишилердин акчаларын, баалуу буюмдарын кара чүмбөт кийип алып тоноп кетишкен. Бирок алардын бирин да өлтүргөн эмес. Тонолгон акчаларынын жалпы суммасынын эсептей келгенде миллионго жеткен. Мындан эки ай мурун Кытай-Тажикстан чек араларындагы "Каратоо" деп аталган тоо бетиндеги жолдо кандайдыр бир каракчылар менен алардын кандуу кагылышуусу болгон. Атышууда каракчылардын көпчүлүгү окко учкан. Ал эми кара чүмбөтчөндөрдүн бири да өлүшкөн эмес. Анткени алардын баары башынан машыгып жүрүшкөн көзгө атар мергендер. Душанбе шаарынын четиндеги бир айылда эки кабаттуу универмагды жардырган да ушулар деген версиялар айтылууда, бирок ал так эмес. Кыскасы, "Спартак" наамын жамынган чечен жигит кылмыш ишин дагы эле улантууда. Ал өзүнүн кара чүмбөтчөндөрү менен Россиянын, Орто Азиянын бардык булуң-бурчтарында шимшилеп жүрүшөт. Кимде көп акча болсо карактап, тоноп кетишүүдө. СНГнын бардык мамлекеттерине эскертүү, кара чүмбөтчөндөрдөн сак болгула. Кимде ким бул кылмышкердин кайсыл жакта экенин дайнын айтып келсе жүз миң сом сыйлык берилет". Алиги киши телевизордон сүйлөп жатканда Спартактын сүрөтүн капталынан дагы, бет маңдайынан кылып дагы кайра-кайра көрсөтүп атты.
Телевизордо кулактандыруу бүтүп, башка программаны көрсөтө баштаганда аны өчүрүп салышты да баары үнсүз мелтиреп унчукпай туруп калышты. Бир маалда Спартак акырын ооз учунан "күңк" этти.
- Кызык, кандайча бул маалыматтын баары аларга түшүп калды экен?
- Бул маалыматтарга Ян Густтун да катышы болуп жүрбөсүн?
- Мүмкүн. Баарынан эң коркунучтуусу, биздин ар бирибиздин аты-жөнүбүздү да тигилерге маалымдап коюшу мүмкүн. Анда иш чатакка айланат. Ошондуктан кандай жол менен болсо да алардын көзүн тазалаш керек.
Баары тымтырс болуша унчукпай туруп калышты.
- Иш анча дурус эмес. Мени бирөө болбосо бирөө билип же таанып калчу болсо, сөзсүз тияк жакка кабарлап коюшу да мүмкүн?
Бардыгынын ошол күнү көңүлдөрү чөгүп жүрүштү. Өчөшкөндөй ал күнү Хамид да келбей калды, а түгүл каякта экенин, дайынын да билдирген жок. Үйдө отурушкан төртөө мунусуна кошул-ташыл тигиге да сарысанаа боло башташты.
- Хамидге эмне болду, эки-үч сааттын ичинде келип калам деди эле го?
- Ян Густтун шайкасынын кылтагына илинип калган жокпу?
- Андай болушу мүмкүн эмес, өзүнүн жекече иштери чыгып кармалып атат го? Азыр келип калышы керек.
- Ошентсе да дайынын билдирип турбайбы.
- Мейли эми келип калаар, ага кабатыр болуунун зарылчылыгы деле жок.
Алар Хамидди түн ортосуна чейин күтүштү, бирок ал кеткен боюнча кайрылып келген жок.
Алгачкы кагылышуу
Бул жакка өмүрү келбегендиктен Хамид үчүн Бишкек калаасы анча тааныш эмес болчу. Короодогу машинени айдап кетпей көчөдөн такси кармап кеткен. Өзүнө ылайыктуу кара шляпа менен булгаары куртка издеп чыккан эле. Шаарды жакшы билбегендиктен адегенде түз эле "Айчүрөк" универмагына айдатып барды. Эки сааттай кыдырып жүрүп ал жактан өзүнө жаккан ылайыктуу эч нерсе таппады. Шаардагы базарлардын болгон точкаларын билип алып Аламүдүн, Ортосай, атүгүл Дордой базарларына чейин барып келди. Көчөдөгү кийим саткан дүкөндөрдү кыдырды, бирок өзүнүн издегендерин тапкан жок. Тапканы менен көңүлүнө жакпай атты. Кандайдыр кафе-барга кирип, эки кружка пиво алып шашпай ичип отурду. Аңгыча аппак балтырларын көрсөтө кыска юбка кийинишкен эки кыз келип: "Бул жер бошбу?" - деп Хамидге кайрылышты эле ал бош дегендей башын ийкеп койду. Бирөөсү барып эки кружка пиво, анан виного заказ берип келди. Алдыларына алып келген пиводон ууртап коюшуп, ста- | кандагы винону тартып жиберишти да чөнтөктөрүнөн тамеки алышып түтөтүп киришти. Кружкадагы пиво түгөнгөндө кайрадан дагы заказ берип алдырышты. Бул мезгилде Хамид бир кружкасын түгөтүп, экинчисин ичип жаткан эле. Улам-улам аны карап коюп өздөрүнчө сүйлөшүп отурушкан кыздар бир аз кызып калышканда Хамидге тийише кетишти.
- Жалгыз эрикпей биз менен кампаниялаш болуп отурбайсызбы?
Хамид кружкадагы пивосун түгөтүп бүтүп, жаңы эле кетейин деп даярданып жаткан. Аңгыча булардын өздөрү тийишип калганынан атайын качып кеткендей болбоюн деп отуруп калды. Алар менен бир аз сүйлөшүп отурган соң өз ара тааныша кетишти. Экөө аттарын атап республикалык ооруканада медсестра болуп иштетээрин айтышты. Тигилердин каалоосу боюнча Хамид дагы бир бөтөлкө вино алып келди. Үйгө кайтканга убакыт али эрте болчу, бир аз болсо да баарлашып, көңүл ачкысы келди. Бир бөтөлкө вино аларга аз болуп дагы алдырышты. Андан соң ысык тамак да алдырып ичишти. Үчөө ал жерде кеминде эле үч сааттан ашык отурушту. Хамиддин акчалуу экенин, кыргыз эмес башка улуттан экенин билип калышкан экөө ого бетер ага жабышышты да калышты. Хамидге караганда экөө бир топ кызып калган эле. Сыртка чыгышканда күн уясына батып бараткан. Экөө жигитти эки жагынан колтуктап качып кетчүдөй катуу чырмалышып алышты.
- Эми кайакка барабыз? - Экөө Хамидди карады эле ал унчуккан жок. Хамид оюнда буларды такси кармап акчасын төлөп жөнөтүп жиберип анан кетейин деп келаткан. Аңгыча бирөөсү: "Парктагы отургучтарда бир аз отура туралычы" деп сунуш кылып калды. Хамид буга каршы болгон жок. Үчөө бир аз аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Бир маалда бир нерсе эсине түшкөндөй Хамид саатын карады эле жетиге чукулдап калыптыр. Эртең мененки тогузда чыгып кеткен боюнча жүрүптүр, убакыттын бат эле өтүп кеткенине таң калды. Дайнын айтып кабарлап койгонго өзү менен такай алып жүрчү телефонун да унутуп калыптыр. Шашыла ордунан турду.
- Силер мени кечирип койгула, кыздар. Ме, бул акчага такси менен үйүңөргө жетип алгыла! - ал чөнтөгүнөн тутамдап акча алып чыкты да, санабай туруп алардын колуна карматты. Анан тигилердин "Сен каякка? Кое тур" дегенине болбой шашыла бери басып жөнөдү.
- Дарегиңди айтып койчу, дарегиң кандай? - деп артынан кыздар кыйкырып калышты эле укмаксан боло шашыла басып жөнөдү.
- Патруль кызматындагы ага сержант Исаев, документиңизди көрсөтүңүз? - оң колун чекесине такай честь берип алдын торогон эки-үч милиция формасын кийген жигиттерге таңгала токтой калды. Булар жанатан бери мунун ар бир кыймылына көз салып тигиндейирээкте аңдып турушкан эле. Мындайды күтпөгөн Хамид дароо эле документинин жоктугун айтып таштады. Мунун кызуу экенин, анын үстүнө башка улуттагы жигит экенин сезишкен эргулдар дароо эле буга чап жабышышты.
- Азыр паспорт режими экенин билесиңби? Биз менен бөлүмгө барасың, ал жактан териштиребиз. - Хамид эмне деп жооп берерин, эмне кыларын билбей туруп калды. Балким, соодалашып көрбөймүнбү деп ичинен ойлоду да чөнтөгүнөн акчаны ууштап чыгып тигилерге эки жүз сом карматты.

- Эми кете берсем болобу?
Кызуу башка улуттагы жигиттин чөнтөгүндө акча көп экенин көрүп калышкан тигилер ого бетер асылып калышты.
- Бул аз.
- Дагы канча керек силерге?
- Алдагы чөнтөгүңдөгүнүн жарымын бересиң. Анан кайда кетсең айда кет, экинчи көзүбүзгө чалдыкчу болбогун.
Хамиддин чөнтөгүндө эки миң доллар, анан беш миң сом акчасы бар болчу. Булардын бетпактыгына ачуусу келе түштү.
- Андай болсо бир тыйын да албайсыңар.
- Ошондойбу?
- Ошондой.
- Анда сени менен тигил жактан, опорный пункттан сүйлөшөбүз. Ал жакта мындан да хуже болот. Ойлон жакшылап.
- Мен эч кимге залал келтирген жокмун, жөн эле кызуу үйгө кетип баратам, туурабы. Силердин тигил жагыңарга алып барууга акыңар жок.
- Сен мага үйрөтпө, жигит, аны тигил жакка барганда сүйлөшөбүз. Сага совет бийлигин ошол жактан көргөзөбүз, бирөөсү рация менен кимдир бирөөлөрдү чакырды эле беш-он мүнөт өтпөй милициялардын машинеси келип токтоду. Экөөсү аны эки колдон алып, машинени карай сүйрөп жөнөдү.
- Кое бергиле, өзүм эле басам, - ал колун жулкуп алууга аракет жасады эле тигилер ого бетер катуу кармап машиненин арткы орунтугуна отургузушту. Анан экөөсү эки жагына отура каяккадыр алып жөнөштү. "Бул эмне болгон жигит экен?" - деген айдоочунун суроосуна: "Башка жактан келген окшойт, жанында эч документи жок. Мас да экен, кыйшалактап биздин кыздарга асылып, тийишип атыптыр. Анысы аз келгенсип кыйын болуп бизге секиргенин кантесиң" деп жооп берди арт жактагынын бирөөсү.
- Мунун кыйын экендигин, желин азыр эле тияк жакка барганда чыгарып коебуз.
Машине жүрүп отуруп "милиция" деген жазуусу бар эки кабаттуу үйдүн жанына келип токтоду да алиги экөө эки жактан жетелей ошол жакка алып жөнөштү. Эшикке кире берээрде токтотушуп дагы бир жолу сынап көрүштү.
- Мына уже жеттик, акыркы жолу эскертем, эгер чөнтөгүңдөгү акчаңдын жарымын берсең ушул жерден эле дароо кое беребиз. Бербесең тигил жактан бүт акчаңдан айрыласың. Тиги баары бир моюн бергиси келбей турду.
- Аны көрө жатарбыз.
- Өтө эле тың жигит көрүнөсүң, - тигил экөө ачууланыша аны делдектете нөөмөт бөлүмүнө сүйрөп киришти. Ал жакта өзү сыяктуулар көп экен. Аларга көңүл бөлүшпөй милициялардын бири кирип, бири чыгып атат. Нөөмөттө телефондун жанында отурушкан эки милицияга телефондор удаа-удаа чырылдап, бирөөлөргө урушуп жооп берип, экинчисиникин кагазга жазып, айтор, бир мүнөт тыным алышпай иштеп жатышты.
- Бул ким экен? - деп койду ары жактагы мурутчаны.
- Сыягы, башка жактан келсе керек, өтө тың жигит экен. Өзүнчө эле "герой" , акчасын көрсөтүп "баары бир бошоп кетем" деп мактанат. Паспорту да жок, өзү да мас экен. Кыздарга тийишип жаңжал чыгарып аткан жеринен кармап келдик.
Погонунда капитан чини бар алиги мурутчан ордунан турду да Хамидди башка бөлмөгө алып кетти.
- Жүрү тиякка, - ээн бөлмөгө киришкен соң, Хамидди опузалап кирди.
- Кана, чөнтөгүңдө эмне бар, бүт алып чык да тиги столго кой. Балким, героин бардыр? Бизден жашырам деп ойлобо, баары бир таап алабыз, анда жаман болот.
Хамид эмне кылсам деп ойлонуп калды эле тиги мурутчан жигит бакырып кое берди.
- Мен сага эмне деп атам ыя же кичине үйрөтүп коёлубу тил алчаактыкты!
Хамид шашпай чөнтөгүндөгү акчаларды ууштап чыгып столдун үстүнө акырын ыргытып койду. Долларларды көргөндө тигинин көзү жайнап кетти.
- Чөнтөгүңдөгүнүн болгонун алып чык азыр, өзүм текшерем.
- Болгону ушул, дагы эмне керек эле? - Хамид тигинин ар бир кыймылын көзүнүн кыйыгы менен карап турду. Капитан буга да ишенбей ордунан тура калып анын чөнтөгүн аңтармакчы болуп колун салды эле Хамид аны билектен кармап калды. Ал колунун ооруганына чыдай албай болгон күчү менен бакырып жиберди.
- Кое бер колумду, акмак!
Хамид анын колун акырын кое бергенде тигил ачуулана кайра ордуна барып отурду.
- Эмне бул акчаларды биз алып алат деп ойлоп атасыңбы? Чыгаарда кайра эле өзүң аласың. Азыр күбөлөрдү чакырып келип ошолордун көзүнчө канча акча экенин санап туруп кагазга жазып аларга кол койдуруп алабыз. Чыгып кетип баратканда кайра кайтарып аласың. Биздин өлкөнүн мыйзамы ушундай жигит, - ал сыртка баш багып бат эле бирөөнү ээрчитип келе койду.
- Сен күбө болосуң, мына бобул акчалардын баарын санайбыз. Анан канча акча болсо ошончо деп бобул жерге кол коёсуң. Адресиңди да унутпай ылдый жагына жазып кой. Кагаз бул жакта сакталуу болот. Мен печать басып коем. Чыгып баратканда ушул кагаздын негизинде кайра кайрып алып кетесиң акчаларыңды.
Алиги сырттан келген киши акчаларды шашпай санап чыкты да "эки миң доллар, анан беш жүз сом" деп кайра столго койду.
Капитан күбө катары ага кагазга кол койдуртуп алды да кайра сыртка жөнөтүп жиберди.
- Эми бошсуң, кете бер. Эгер бул акча жоголуп бир нерсе болсо күбө болуп бересиң, дарегиң боюнча таап алабыз.
Ал киши чыгып кеткенден кийин капитан акчаларды өзүнүн сейфине салды да алиги кол коюлган кагазын суурмасына бекитип койду. Анан сырттагы сержантты чакырды.
- Муну тигил жакка камай тургула, ким экенин териштиребиз. Балким, бангизат сатып клиент издеп жүргөндүр?
Сырттан кирген сержант Хамидди үч кишиси бар камерага алып барып тыгып таштады. Алар чыгып кетишээри менен капитан суурмадагы кагазды кайра алып чыгып майдалап тытып күл түшүргүчүнө өрттөп салды. Анан бир аз туруп телефонду ала койду да каяккадыр чалып кирди.
Камеранын ичиндеги үчөөнүн экөөсү мас экен. Өздөрүнчө сөгүнүп-сагынып атышты. Бирөөсү болсо жупуну кийинген айылдан келгендей түрү бар. Мындай болот деп Хамид эч күткөн эмес. Эмнегедир Хамиддин кимгедир ачуусу келе түштү. Кимге ачуусу келип атканын өзү дагы билген жок. Анан кайра эшикти тарсылдата баштады.
- Сага эмне керек? - тешиктен ачуулуу бирөө тумшугун салды.
- Телефон чалып алсам болобу?
- Телефонду эмне кыласың, көчүгүңдү кысып жөн отурсаңчы. Бул жер сага Душанбе эмес.
Алардын орой мамилесине тигинин ого бетер ачуусу келе түштү. Анан кайра дагы тарсылдатты. Ары жактан жанагысы кайра келип, одураңдап бир тийди.
- Мен сага эмне деп атам ыя?! Сен сыяктуулар бул жерде толуп атат. Жалгыз эле сен эмес, тынч отур.
- Бир мүнөт телефон чалып алайын, болду. Анан тынчыңарды албайм.
- Болбойт, - ал ары көздөй кетип калды. Хамид камеранын ичин бир сыйра карап чыгып "эмне кылсам?" деп ойлонуп калды. Үстү-асты бүт бетон экен. Кудум эле Тажикстандагы эки кабаттуу универмагдын алдындагы жертөлөдөн айырмасы жок. Качып чыкканга мүмкүн эмес. Күтүлбөгөн мындай кокустукка өзүнчө ойлоно отуруп калды. Арадан жарым саат өтпөй артына эки милицияны ээрчиткен капитан кирип келди да, Хамидди көрсөттү.
- Мына, тээтигил жигитти приемник-распредге алып кетесиңер. Жанында документтери, эч нерсеси жок экен.
Экөөсү кылмышкерди алып бараткансып, Хамидди эки колунан кармаша сыртка алып жөнөдү.
- Ал эми жанагыларыңды болсо ал жактан чыкканда аласың. Менде турат, жоголбойт.
Хамид сыртка чыгып баратып токтой калып, алиги капитанга кайрылды.
- Эскертип коеюн, алдагы акчалардын бирөө эле кемичү болсо сени менен башкача сүйлөшөм.
Аны машинеге отургузушту да кайдадыр алып жөнөштү. Айлана эбакта эле капкараңгы болуп көчө кыймылы азая баштаптыр. Жыйырма-отуз мүнөттөй жол жүрүшкөн соң бийик дубалдуу короонун дарбазасына келип токтоду. Ичине кирип баратканда эшиктин алдында илинип турган "Приемник- распределитель" деген жазууну окуганга үлгүрүп калды. Нөөмөт бөлүмүндө тургандар анын аты-жөнүн, фамилиясын жазып алып, чөнтөктөрүн бир сыйра текшерип чыккан соң кандайдыр камерага алып барып сыртынан бекитип таштады. Камеранын ичи ыплас, толтура киши экен. Көпчүлүгүнүн сакалмуруттары өсүп, кирдеп жүдөп кетишиптир. Мындай жагымсыз көрүнүшкө жийиркене кабагын бүркөй, ичиркенип алды. Кайра артка бурулуп эшикти такылдатты.
- Телефон чалып алсам болобу?
- Босогону аттай элек жатып мунун деле тыңын кара! ары жактан бир милиционер келип резинка таякчасы менен тигини ичке катуу бир чапты эле өзөрө түштү.
- Эскертип коеюн дагы бир жолу ушинтип эшикти тарсылдатчу болсоң, мындан да жаман болот,- ал эшикти "тарс" эткизе жапты дагы сыртынан бекитип салды.
Бери жакта турган сакал-муруту өскөн жигит ага кайрыла күңгүрөнө кетти.
- Аларга лишний сүйлөп эмне кыласың? Токмок жегенден башка пайда таппайсың. Бул жакка түшкөндөрдү алар киши ордуна да көрүшпөйт.
- Биерде жатканыңа канча болду?
- Оу-у, он беш күндөн ашып кетти, же мени чыгарып алгандай бул жерде тааныштарым да жок. Тим эле биттеп-курттап кеттим. Карасаң, керек болсо дубалдын бетинде биттер жөргөлөп жүрөт. Он беш күндөн бери курсак тоё тамак иче элекмин. Шам-шум эткендей эптеп эле бир нерсе алып келип берип коюшат.
- Биякка эмне болуп түштүн эле?
- Кызуу болчумун. Ош базарынын жанында кетип баратсам эки мент кармап алды. Чөнтөгүмдө документим жок болчу, болгон акчаларымды шыпырып алышты да биякка алып келип тыгып ташташты. Ошондон бери бул жактамын.
- Ошон үчүн эле он беш күндөн бери жатасыңбы?
- Тааныштарың келип чыгарып кетпесе сен да ушинтип мен сыяктуу болуп жата бересиң. Ал эч нерсе эмес, жатканың үчүн күнүнө акча төлөшүң керек.
- Канча сом?
- Билбейм, күнүнө он сом болуш керек. Мен анча акчанын баарын төлөгөнгө кудуретим жок. Кантип чыгып кетем, ушул ой башымды катырат. Же тааныштарымдын дарегин билсемчи. Бул жакта паспортный режим болуп атканын билгенде паспортту өзүм менен кошо ала жүрбөйт белем.
Камеранын ичи кишинин көптүгүнөн бут коюуга жер жок экен. Бардыгы тең документи жок кармалгандар. Хамид жерге отургусу келбей кимгедир ачуулана ары-бери басып жүрдү.
Түнкү саат үчтөрдө ойгонуп кеткен бирөө алиги жигиттин дале уктабай ары-бери басып жүргөнүн көрүп кырылдаган үнү менен сүйлөнө кетти.
- Бир жерге отуруп, уктап эс албайсыңбы, жигит? Тигине тээтигил бурчта бош орун бар экен. Ошол жакка барып кыйшай, - ооз жактагы даараткананын жанын көрсөттү. Хамид анын сөзүн уккусу да келген жок.
Эртеси эртең мененки тамак деп ашкана жакка алып барып эки кесим нан менен чай берди. Хамид андан ооз тийгизи да келген жок. Анысын ары жактан бирөө сүйүнүп ала коюп жыргап жеп алды.
- Азыр буларды чанып атасыңбы, карап тур эртең эле буга жетпей каласың, - бери жакта чай ичип отурган бирөөсү каткырып күлүп калды. Эртең мененки тамакты ичишкен соң баарын кайра камерага алып келип тыкты. Көп өтпөй аларды бирден-экиден сыртка иштеткени алып кете баштады. Бир милиционер баш багып сөөмөйү менен Хамидди көрсөттү.
- Сен бери кел, кечөө тың болуп аттың эле кана көрөйүнчү күчүңдү. Ме бобул тряпканы ал да бөлмөлөрдүн баарын жууп чык.
Бурчта турган чоң нымдуу чүпүрөктү анын алдына ыргытып койду. Мындай кемсинтүү Хамидге катуу тийди. "Жуубайм! " - деп кесе жооп берип койду.
- Эмне-ее, жуубайм дейсиңби. Ничево себе, керсейгенди сага ким коюптур. Бул жак сага Тажикстан эмес. Бир-эки келтек жегенден кийин тастактап, өзүңдөн өзүң эле жорго болуп жүгүрүп каласың, - ал колундагы резинка таякчасы менен жондон ары шилтеп калды эле аны жөн гана тосуп койду. Экинчи жолу чабаарда буйтап кетти. Каны кызып кетип жакшы эле кол көтөрүп баратып Спартактын "милицияларга эч убакта кол көтөрбөгүлө" дегени эсине түшүп өзүн өзү кармап, токтотуп калды. Ары жактан эки-үчөө чуркап келип резинка союлдары менен сабап жатып калышты. Хамид өзүн араң кармады, бирок бирине да кол кайрыган жок. "Жуубайм" деп көгөрүп туруп алды. Аны аябай сабап, кайра алып келип камерага кийрип салышты. Бирок ошого да болбой көгөрүп: "Телефон чалып алайынчы?" - деп эки-үч жолу суранды эле дегеле жолотпой кагып салышты. Жазалоо иретинде ага атайылап түштө тамак да бербей коюшту. Киши катарына теңебей жаткан булардан жакшылык келбесин билип, бул жерден качуунун жолун ойлонуштура баштады. Алар уламдан-улам кемсинте бергендиктен чыдоонун чегине жетип баратты. Кечки тамактан да аны кур калтырышты. Тигилер жанталашып ичип атышкан кандайдыр бир боткону "эртең ушуга да жетпей каласың" деген сөздү эстеп мыйыгынан күлүп койду.
Кечке маал нөөмөттө тургандар Хамидди өзүнө чакырып алышып эрмектей башташты. Алар кечөөгүдөн башкалар болчу.
- Сенин улутуң эмне?
- Бул жерде улуттун эмне тиешеси бар.
- Сурап жаткандан кийин жөн жооп бер.
- Тажик.
- Тажиктердин баары сендей "борзыйбы" Же?.. Кана мындай ачык эле сүйлөшөлүчү. Көрүп турабыз, сен "гүркүлдөрдөн" окшойсуң, азыр бизге "миң сом алып келип берем" деп сөз берсең эртең эле бошотуп жиберебиз. Тааныштарың барбы бул жакта, телефон чал. Сени келип алып кетишсин.
Хамид булар менен урушуп-талашпай эле сураганын берип сый бошоп кеткиси келди. Телефонду алды да Алмаздын үйүнүн номурун бурады, тилекке каршы эч ким албай койду.
- Сен калп эле арамзаланба жигит, ары-бери жакка чалып, таанышың барбы-жокпу чыныңды айт. Эгер болсо...
- Мен силерге оюнчук эмесмин эрмектегендей, чал дедиңер чалып атам.
Мунун сөзү беркилерге жакпай калды. Бирөөсү тура калып байкатпай келип ичке болгон күчү менен урду эле өзөрүп барып отуруп калды.
- Кандай экен кер сүйлөгөн ыя, эми дагы кер ооздонсоң мындан да жакшылап энчиңди аласың.
Буларга кылаар жумуш жок эрмек керек болчу. Дагы бирөөсү резинка таягы менен арт жагынан желкеге чапканда көзүнөн от чагылыша түштү. Акыры чыдоонун чегинен чыгып өзүн өзү кармана албай кетти. Резинка таягы менен дагы бир жолу чапканы келаткан немеге колун тосо койду да кайра өзүн тумшуктан ары берип калды. Ал чалкасынан учуп түшкөндө экинчисин эки алаасынын ортосуна чаап жиберди. Үчүнчүсү муштаганда тийгизбей буйтап кетти да колдун кыры менен аны моюнга, күрөө тамырга чаап калды. Эшиктен кирген төртүнчүсүн чимирилип секирип келип бетке тепти. Алиги тумшукка жегени кайра туруп келатканда секирип келип чагылгандай тездик менен аны да бетке тепти. Ал кайра чалкасынан түштү да ошол боюнча турган жок. Ары жактагы кулап түшкөнү ордунан козголуп атты эле болгон күчү менен желкеге колдун кыры менен чаап калды. Ошондо гана Спартактын айтканын эстеп эрдин кесе тиштенди, бирок өтө кеч болуп калган эле. Төртөө төрт жерде эс-учунан танып сулап жаткан.
Эмне кылсам деп бир аз ойлонуп турган соң ары жактагы чайнектин шнуру, өздөрүнүн куру менен колдорун артка кайрып туруп чече алгыс кылып шашпай байлап төртөөнү тең көмкөрөсүнөн катарлаш жаткырып койду. Нөөмөттө тургандардан эч кимиси калган жокпу деп сыртка чыгып короонун ичин айланасын текшерип чыкты. Дарбазадагы "проходная" пунктунун жарыгы күйүп турганын көрүп акырын уурданып барып айнек терезеден ичин шыкаалады. Ал жердеги милиционер ары карап столдо отуруп алып гезит окуп отуруптур. Артынан эшикти ачып кирген кишиге көңүл бөлгөн да жок. Бир кезде башын көтөрө бери бурула бергенде Хамид колдун кыры менен желкеге чаап калды эле ал ошол жерине эле шылк этип кулады. Анын да колун артына байлап, белиндеги пистолетин чечип алды. Анан ойлоно мунун кереги эмне дегендей кайра ордуна коюп койду. Ары жакта илинип турган ачкычты алып пункттун сыртка чыкчу эшигин ачты. Көчөгө чыгып баратып бир нерсе эсине түшкөндөй тык токтой калып кайра артына бурулду. Алиги төртөө байланып жаткан жерге келип ары жакта илинип турган ачкычты алды. Анан биринчи, экинчи кабаттагы ар бир камеранын эшигин ачып "бошсуңар, кете бергиле" деп кыйкыра коридордо жүрдү. Бир-эки камераны ачса жалаң аялдар экен. Хамид бүт камералардын эшигин ачып бүткөндөн кийин ачкычты короонун артына караңгы жерге ыргытып жиберди. Камерада отургандар эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй Хамидди жалдырап тиктеп туруп калышты.
- Бол чыгып кетпейсиңерби эртерээк. Тревога көтөрүлө электе.
Анын сөзүнө бирөөсү өзүнө анча ишенбей сыртка жай кадам таштап байланып турган төртөөнү көрдү да болгон күчү менен дарбазаны көздөй чуркап жөнөдү. Артынан беркилер дүрбөп чыга башташты. Бардыгы дарбазанын жанындагы пункттун ачык эшигинен биринин артынан бири чуркап чыгып караңгылыкка сиңип кетип атышты. Камералардын эшиктери ачык ээн калганда алиги төртөөнү сүйрөп келип өздөрүнүн эс алуу комнатасына жаткырды да сыртынан бекитип таштады. Анан дарбазадагы босогодо жаткан алиги милиционерди ары жактагы столго жөлөп отургузуп койду. Качып бараткандардын бирөө анын пистолетин чечип кетиптир. Хамид кимгедир ачуулана жерге түкүрүнүп айланасына бир сыйра көз жүгүрттү. Анан телефон зымдарынын баарын кесип салып пункттун эшигин сыртынан беките көчөгө чыкты. Көчө кыймылы эбакта азайып бирин-серин гана түнкү таксилер жүрүп калган эле. Хамид караңгы жер менен бир да тыным албай жогору карай жүгүрүп жүрүп отурду. Бул анын милициялар менен эң алгачкы кагылышуусу болчу.
* * *
Эки күн дайынсыз жоголуп кетип күтүлбөгөн жерден Хамиддин пайда болушу менен кабатыр болуп атышкан беркилердин жүрөктөрү ордуна келип, кичине ылдыйлагансыды. Бирок болгон окуяны Хамидден угушкан соң ого бетер кабактарына кар жаады. Өзгөчө бул Спартакка катуу тийди.
- Өзүңөр көрдүңөр мени "коркунучтуу кылмышкер" деп бүт СНГ боюнча издөө жарыялап жатканын. Хамиддин кылганы болсо бул. Мен канчадан бери какшап келатам укук коргоо органдарына кол көтөрбөгүлө деп. Мына эми экөөбүзгө тең көчөдө ээн-эркин басып жүрүү кыйын болуп калды. Бул жактагылар чуру-чуу түшүшүп сени издей башташат. Эгерде бир илинчек илинди дегиче бизге да жетип келиши мүмкүн. Кана, эмне кылалы? Силер кандай дейсиңер бул жактан убактылуу башка жакка жер которуштуруп туралыбы? Кимдин кандай ою бар?
- Менимче, Ташкент жакка эле барганыбыз ылайыктуу. Ал жактан сүйлөшүп паспорт жасаттырып алабыз.
- Паспортту жалаң эле Өзбекстандыкын эмес, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, а түгүл Россиянын да паспортун жасатып алышыбыз керек. Ар жерде ар башка фамилия менен.
- Аны кантип жасатабыз?
- Менимче, анын кыйынчылыгы деле жок болуш керек. Хамид - тажик, Душанбеде тажиктер менен жакшылап сүйлөшүп канча акча сураса да ошончо төлөп жасатып берүү анын колунан келет го дейм?
- Албетте.
- Мына, көрдүңөрбү. Эрбол болсо казак, казакча паспорт жасатууга кантип колунан келбесин. Алмазга болсо бул жерден Бишкектен жасатабыз кыргызча паспорт. Альберт - түркмөн, бул аркылуу түркмөндүкүн жасатабыз. Мен болсо чечендердикин жасатуу колумдан келет, бирок ал жакта кырдаал анча жакшы эмес болуп атканына байланыштуу Россиялыктардын паспортун жасатып берем.
- Ал эми Өзбекстандыкынчы?
- Ушуну ойлонуштуруш керек. Кандуу Ордодо кызмат кылган өзбек жигиттер бар эмес беле, экөө. Аттарын унутуп атпаймынбы, ким эле?
- Раббил, анан Абдугапар.
- Булар кайда, азыр эмне иш кылып атышат болду экен? Дарегин билесиңерби?
- Абдугапардын кайсы райондо турарын билем. Бирок кайсы көчөдө жашарын билбейм, - Хамид бир нерсени эстегендей, - дагы кошумчалай жооп берди, баса айтмакчы ал Букин районундагы Центральный көчөсүндө жашаарын угуп калчумун, үй номерин так билбейм.
- Эмесе, мындай Хамид, - Спартак Хамидге кайрылды, бул жакта сенин үстүңөн ызы-чуу болуп жатпайбы. Сен Өзбекстанга бар дагы кандай болсо да Абдугапарды тап, анан экөөлөп Ташкендин чет жакаларынан "частный" үй издегиле. Үй короо-жайы, бак-шагы, дарбазасы менен болсун, акчаны аяба, жетпей баратса бул жакка телефон чал. Сен ал жакта антип-минтип Абдугапарды таап, үй сатып алып келгиче бул жактагы ызы-чуу басылып калаар. Кыскасы мындай, ар бирибиздин өз жергебизде борбордо үйүбүз болууга тийиш. Жөнөкөй эле үйлөрдөн эмес, болгондо да эң жакшы эки кабаттуу "шикарный" үйлөрдөн болушу керек. Бир жердин ызы-чуусу басылганча экинчи жакка жер которуштуруп турганга да жакшы болот. Убакыт - алтын, сен эртең эле жөнө. Ал эми биз болсо... Ян Густтун шайкасы кокого тытылган сөөктөй болуп кыйнап турат. Аны менен же ары, же бери болуш керек. Алар көп, биз азпыз, бирок аларды бирден же алдап туруп бүтүндөй бандасы менен жок кылыш керек. Биринчи кезекте Ян Густтун өзүнүн көзүн тазалообуз зарыл.
Алар ошол күнү түн бир оокумуна чейин экинчи кабаттын залына отуруп алышып Ян Густтун бандаларын жок кылуунун пландарын түзүп жатышты.
Көк жалдын изи
Эртеси таң ата Хамид Ташкентке жеңил машинени айдап жөнөп кетти. Ал кетээри менен эле калаадагы "приемникраспределителдеги " ызы-чуу гезит-журналдарга жарыяланып, атүгүл, телевизордо көрсөтүлдү. Атын, фамилиясын башка кылып айтып койгондуктан таптакыр бакшача ат, фамилия менен жарыяланып издөө салынып атты. Бактыга жараша алар Хамидди сүрөткө тартканга үлгүрбөй калышыптыр. Бирок анча-мынча божомолдоолор менен окшоштурумуш этип сүрөтүн көргөзүп атышты.
Үйдө калган төртөөсү Хамидге ак жол каалап жөнөтүп жиберишкен соң, Алмаздын айтуусу менен Бишкектин четинде эски аэропорт тараптагы үйгө жөнөштү. Жеңил машине эки кабаттуу тааныш үйдүн дарбазасына жакындай бергенде анын жанында эки чет элдик машине токтоп, короонун ичине кирип-чыгып атышкан кишилерди көрүшүп дароо сол жакка бурулуп кетти да калың бактын арасына барып токтоду.
- Байкадыңарбы ким экен алар?
- Менимче Ян Густтун кишилери болуш керек, жүргөн-турган кейиптерине караганда.
- Алар бизди байкашкан жокпу?
- Шек санашкан жок, атүгүл бизге көңүл да бурушкан жок окшойт.
Баары тымтырс болуша бир пазга ойлонуп туруп калышты.
- Эмне кылалы, кечинде үйүнө кирелиби?
- Киргенде пайда жок го дейм, баарын ызы-чуу кылып, анда ал ызы-чуу Ян Густтка бат эле жетет телефон аркылуу. Андан көрө алардын бир экөөсүн гана байкатпай кармаш керек да ошолор аркылуу Ян Густтун дарегин такташыбыз абзел.
- Алар Ян Густту билбейбиз деп таптакыр эле көгөрүп туруп алышсачы?
- Кайда барышмак эле айтпаганда, жан керек болсо айтышат, кереги жок болсо өлүп тынышат. Алардан эч нерсебиз коробойт, душмандарыбыз четинен азая берет.
Машине бир аз турган соң ордунан козголду. Бирок кечке жуук алиги машине мурунку эле ордунда кайра пайда болду. Айланага күүгүм кирип, алыстагы ары-бери өткөн караандар анча билинбей калган эле. Бир маалда машинеден үч караан чыгып, дарбазанын жанында токтоп турган кызыл "Мазданы" акмалап турушту. Бирөөсү акырын барып өзүнүн ачкычы менен анын арткы эшигин ачты да ичине кирип бекинип алды. Аңгыча короонун ичинен өз ара бакылдашып сүйлөшүшкөн эки караан чыгып, жеңил машиненин жанына келишти. Бирөөсү чөнтөгүнөн ачкычын алып чыгып машиненин эшигин ача бергенде желкесине катуу урулган соккудан турган жерине эле шылк дей түштү. Экинчиси да ушундай эле соккудан ары жакка оңкосунан түшкөн болчу. Кара чүмбөтчөндөр экөөнү тең өздөрүнүн машинесине отургузушкан соң машине от ала ордунан козголду. Көп өтпөй ары жакта турган экинчи машине анын артынан ээрчиди. Жол карата экөөнүн тең колдору артка кайрылып байланып, көздөрү таңылып ташталды. Ошол боюнча аларды көтөрүп үйгө алып киришти да эки машине тең короого киргизилип, короонун дарбазасы ичинен бекилди. Тигилердин "Мазда" машинеси гаражга кийрилип сырты кулпу менен бекитилип ташталды.
Алиги төртөө шашпай чүмбөттөрүн чечишти да аны ордуларына катып коюшту. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин колдору байланып, көздөрү таңылып турган экөө кыймылдап эстерине келе башташты. Адегенде колдорун бошотуп көрөлү дешти эле таптакыр катуу байланганын сезишип, эч нерсе түшүнүшпөй тигилерге суроо узатышты.
- Силер кимсиңер? Бизди эмнеге байлап биякка алып келдиңер?
- Бул жерде суроону силер эмес биз берүүгө тийишпиз. Эгер бардык суроолорубузга тапатак жооп берсеңер, аман-эсен кайра үйүңөргө жеткирип коебуз. А эгер жооп бергиңер келбей кыйшалактасаңар көзүңөр таңылуу боюнча бул жарык дүйнөнү көрбөй кетесиңер. Сүйлөштүкпү, сөз бир, биз да эки айтпайбыз. Айтканыбызда жасайбыз, силер да эки сүйлөбөгүлө болбосо өзүңөргө өзүңөр кыласыңар. Анда ажалды өзүңөр чакырып аласыңар.
- Деги силер кимсиңер, милициядансыңарбы? КГБдансыңарбы?
- Дагы бир жолу эскертем, бизге артык баш суроо бербегиле. Бул жерде силердин аддыңарда ажал менен өмүр арбашып жатат, силер ошонун колундасыңар. Ошондуктан ар бир сөзүңөргө сак болуп биздин суроолорубузга так, тыкан жооп бергиле, жарайбы?
- Болуптур.
- Анда баштадык, - ары жактан акырын бирөөсү магнитофонду иштетип жаздыра баштады.
- Аты-жөнүңөр ким?
- Бирөөбүздүкү Расул, экинчибиздики Хамза.
- Тигил үй кимиңерге тиешелүү?
- Анын кожоюну биз эмеспиз. Ал үйүндө калды.
- Силер кимсиңер?
- Биз Тажикстандан келген конокпуз
- Тажиксиңерби?
- Жок, бирибиз өзбек, экинчибиз дагестандыкпыз.
- Демек, Ян Густтун кишилери турбайсыңарбы?
- Ян Густть деген ким, биз аны тааныбайбыз. Биринчи угуп атабыз андай ысымды.
- Болуптур, бул силерге тиги дүйнөгө кеткенге ары карай бир кадам. Бул жакка эмнеге келдиңер эле?
- Жөн эле конокко.
- Калп айтпагыла бул дагы силер үчүн экинчи кадам болот.
- Үйдүн кожоюну ким?
- Азизхан, улуту өзбек. Эки-үч жерде менчик дүкөнү бар. Ошону менен жан багат.
- Силер анын эмнеси болосуңар?
- Жөн эле таанышыбыз, тоесть, ал биздин эң жакын досубуз болот. Соода иштери боюнча бат-бат катташып турабыз. Ал бизге барат, биз биякка келебиз. Өз ара алыш-беришибиз бар.
Алгачкы суроолорго алар ушундай жооп беришти. Өзүлөрүнүн соодагер катары тааныштырып, соода иштери боюнча келишкенин айтыша. Ян Густту болсо таптакыр тааныбайбыз деп жандарын жеше танып туруп алышты. Эми экөөнү эки бөлөк бөлмөгө кармоого туура келди. Эгер качууга аракет жасашса дароо эскертүүсүз окко учушарын эскертип өтүштү. Колдоруна, буттарына кишен салынып, таңылган көздөрү чечилген жок. Анан Ян Густь жөнүндө маалымат табылып калаар деген ниетте "Мазда" машинесинин ичин бир сыйра текшерип чыгышты. Алдыңкы ар кандай майда буюм салчу "бардачоктун" капкагын ачып ал жактан элүүдөн ашык телефон номери жазылган блокнот таап алышты. Анда Бишкектегилердин телефонунан сырткары чек аранын сырт жагындагылардын да телефон номуру бар экен. Шашпай отуруп алышып ар бир номерди кылдат текшерип чыгышты. "Я.Г. Душанбе, Ташкент, Алматы, Бишкек", - деп кыдыракей жазылган телефон номуруна токтолушту. Спартак аны өзүнчө кагазга көчүрүп алды.
- Болду-болбоду Ян Густтун телефондору ушул болуш керек. Муну жакшылап текшерип көрүү зарыл.
- Балким, тигилердин өздөрүнө чалдыртып текшерип көрбөйлүбү?
- Жок, шек алып калышы да мүмкүн. Адегенде өзүбүз текшерип көрөбүз. Эгер действительно булар ошонун телефону болсо анда алардын точкаларын бат эле таап алабыз же болбосо буларды коркутсак да, кыйнасак да айттырабыз.
Алар адегенде Бишкектен башташты. Телефон номери боюнча "справочный бюрого" чалышып үйдүн дарегин да билип алышты. Ал үй алиги булар төртөө барышкан үй эмес таптакыр башка үй экен. Ташкент, Душанбе, Алматыга чалышып ар башка фамилиядагы жоопту алышты. Ал жактардан келген ар бир үндү магнитофонго жаздырып алышкан эле. Анан өздөрүнчө чогуу отуруп алышып магнитофонго жазылган ар бир үндү текшерип чыгышкан соң Душанбе тараптагы Ян Густтун үнүн баары тең жаземдебей таанышты. Мунун баарын алар бир түндө эле тактап, аныктап чыгышты. Атүгүл ар бир шаардагы үйдүн даректеринен бери аныктаганга үлгүрүштү. Бирок баары бир буга көптөгөн кошумча маалыматтар керек болчу. Эртеси алиги туткундарды бөлөк-бөлөк бир-бирден суракка алышты. Алар кечөөгү сөзүн кайра эле кайталап туруп алышты эле блокноттогу телефондорду бетке кармап тигилерди эки күн бою коркутуп-үркүтүп отуруп Ян Густь жөнүндө толугу менен кенен-кесир маалымат алганга жетишти. Тигилер да кыйшалактаса өлтүрүп коёрун сезишти. Чекелерине такалган пистолеттердин сүрүнөн өзүнүн кишилери жөнүндө маалымат ооздорунан кандайча чыгып кеткенин өздөрү да билбей калышты. Шайкасында канча адам бар экенин, алардын негизги топтоткон уюктарын, банда жетекчилеринин аты-жөндөрүн, кайсыл маалда жолугушушат, кайсыл убакта кайсыл жерде болушат бүт бойдон маалымат алышты. Атүгүл Ян Густь азыр кайсыл жерде жүргөнү да маалым болду. Сурак башталып бүткөнчө тигилердин таңылган көздөрүн бир да жолу чечишкен жок. Иш ийгиликтүү бүткөн соң өздөрүнүн берген убадалары боюнча тигилерди кайсыл жерден алып келсе кечке жуук кайра ошол эле жерге машинеси менен таштап кетишти. Алар ичишкен сууга уктатма дары аралаштырып коюшкан болчу. Арадан жыйырма мүнөт өтпөй эле экөө уктап калышканда көздөрүндөгү таңылгандарды чечип, колдорундагы кишенди алып экөөнү тең дарбазасынын алдына машинесинин ичине таштап кетишти.
* * *
Душанбеде жүргөн Ян Густтан толук маалымат алышкан соң төртөө дароо эле чоң жортуулга даярдана башташты.
- Эгер тигилер тияк жакка телефон чалып эскертип коюшсачы?
- Эскерте алышпайт, өз жандарынан коркушат. Чыккынчылыгы үчүн экөөнү тең эч аяшпайт, дароо өлтүрүп салышат. Ошол себептен тигилерге чала алышпайт.
Эртеси таң атпай жеңил машинеге отурушуп төртөө тең кайрадан Душанбе тарапка жөнөп кетишти. Бул жолкусунда алар мурункудай болбой аябай даярданышкан болчу.
Адетинче эле өткөн жолку көнгөн мейманканасына келатышып кайра жолдон өз ара кеңешип акылдашышты да, калаанын чет жактарындагы чакан, менчик мейманканалардын биринен орун алышты. Жеңил машине киргизгенге гаражы да бар экен. Алар төрт кишилик чоң бөлмөдөн алып жаңы эле жайланыша бергенде мейманкананын кароолчусу жетип келди.
- Силерге сулуу айымдар керекпи? Эгер кааласаңар азыр эле таап келем. Только кызмат акымды төлөйсүңөр.
Беркилер эмне кылалы деп бири-бирин карап калышты эле Спартак аларга каршы болду.
- Биз бул жакка көңүл ачыш же эс алыш үчүн келген жокпуз да. Адегенде ишибизди бүтүрөлү, алар кайда качмак эле.
Алиги келген киши кечирим сурап чыгып кеткен соң, Спартак тиги үчөөнө эскертип өттү.
- Эсиңерде болсун, сойкулар тигилердин бизге чалгындап жиберген агенттери болуп калышы да ыктымал. Ян Густь азыр сагызгандай сак болуп калган учуру, анын үстүнө бул жактын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да алар менен байланышы бар болуш керек. Акчасы көп эме баарын өзүнө көз каранды кылып сатып алат. Бул жолкусунда биз өтө эле сак болгонубуз абзел. Өткөн жолку кайра кайталанбайт керек. Азыр жаңылсак анда биздин профессионал деңгээлибизге шек туудурабыз. Бул биздин колубузда турган тигинин адресинен сырткары алардын калаа ичиндеги дагы точкалары бар болуш керек, ошолорду тактайлы. Эми бардыгын план боюнча иштейли. Көк жал биздин жытыбызды сезип калса заматта куйругун түйүп жоголот да көздөн кайым болот. Анда аны кармоо, табуу дагы кыйындыкка туруп калат.
Эртеси алар Ян Густь жашаган үйдү тактап, үч кабаттуу анын короосунан кирип чыккан машинелердин тизмесин, номурун, түсүн алыс жерден дүрбү менен карашып эске тутуп, кагазга жазып алып атышты. Ал үйдөн анча алыс эмес алты кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан эки бөлмөлүү үйдү долларга батирге жалдап алышты. Анткени анын балконунан тигилердин короосунун ичи бүт көрүнүп турат экен. Атүгүл түн ичинде алардын терезелери аркылуу зал ичиндеги кыймыл-аракеттерди көрсө да болчудай. Алар балконго атайын бут койгучу менен бар чоң узун дүрбүнү орнотушту. Анан кезек менен улам бири тигилердин ар бир кыймыл-аракетине байкоо жүргүзө баштады.
Ошол үч кабаттуу үйдөн Ян Густтун караанын байкашып, кайра-кайра дүрбү менен жакшылап карап атышып ал караан Ян Густуку экенин такташты. Эми анын ар бир кадамын аңдууга өтүштү. Алмаз үстүндө дүрбүсү бар алысты ата турган снайпер мылтыгы менен аны алыстан эле чекеге атып жайлап таштоого аракет кылып көрдү эле бул жолкусунда дагы Спартак кийлигише кетти.
- Аны алыстан атууга болбойт. Өзүңө жүз процент уверенный болсоң дагы ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Андан көрө аны менен жекеме жеке жолугуп анан өлтүрүшүбүз керек. Бизди капаска келемиштерге талатып кандай кыйнаса биз да аны ошондой кыйнашыбыз зарыл. Биякка келгенибиздин эң башкы максаты аны кандай болсо да туткундоо. Дагы эскертем, эсиңерде болсун өз алдыңарча эч кимиңер артык баш ок чыгарбагыла. Баарын кылдат, тыкан жасайлы. Атайын келдикпи, кандай болсо дагы бир жаңсыл кылып кетели.
Алмаз Ян Густту көпкө чейин дал чекеге мээлеп туруп сөөмөйүн машага жакындатып келип, башын чайкай мылтыкты ачуулана бурчка жөлөп койду. Алар Ян Густту дээрлик бир жумадан ашык акмалашты. Анын менчик рестораны, саунасы, мейманканасы эки-үч жерде дүкөнү, дагы эки-үч жерде үйү, калаанын чет жакасында дачасы бар экенин билишти.
- Көрдүңөрбү тигил мейманканадан биз өз убагында кетиптирбиз. Антпесек дайыныбыз эбакта эле билинип калмак экен. Анткени ар бир мейманкананын кожоюндары бири-бири менен байланышта болот эмеспи, атүгүл бизди сүрөттөп, аларга дайындап коюшу да мүмкүн болчу.
Алар эми Ян Густту колго түшүрүүгө катуу аракеттерди көрө башташты. Тигил да бир нерсенин жытын сезгендей "телохранителдерди" өзүнө көбүрөөк топтогону байкалып турду. Президентти кайтарышкандай алды артынан эки-үч машине ээрчип жүрдү. Төртөө тек ыңгайлуу учурду күтүп атышты. Калаа ичинен аны кармоо мүмкүн эмес эле, анткени атышуу болуп кетсе буларга ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да жетип келиши мүмкүн болчу.
Аны шаардын четиндеги ээн жерден кармоону пландаштырып атышты. Эгер ок атып каршылык көрсөтө турган болушса ошол жерден эле атып, өлтүрүп салууну чечишти. Андай ыңгайлуу учур болбой жатты, бирок убакытты көпкө созгонго да мүмкүн эмес эле. Эгер өтө эле көпкө созулуп кете турган болсо аны снайпер мылтыгы менен алыстан эле чекеге мээлеп туруп атып салууну ойлоп атышты. Бирок көп өтпөй алар күткөн мезгил келди. Ян Густь менен бетме-бет жолугушууга жакшы кырдаал түзүлдү. Бири-бирине окшош төрт чет элдик машине шаардын сыртына чыгышып, Ян Густтун дачасын көздөп бет алышты. Анын дачасы шаардын чекесинен бир топ эле алыс болчу. Бири-бирин кууша ээрчишкен төрт машине жарым сааттан ашык жол жүрүштү. Жолдон аларды МАИнин кызматкерлери да токтотушкан жок. Тескерисинче, алардан бир топ обочо келе жаткан номуру башка чоочун төртөө түшкөн машинени токтотуп, кармап алышып бир далай убакытка акыйлашып кое бербей туруп алды. Акыры алардын сураган акчасын беришип сапарларын андан ары улашты.
Алиги төрт машинени чоң короолуу дачанын ичине киргизбей ак дарбазанын сыртына токтотуп коюшуптур.
- Машинелери короонун сыртына турганына караганда алар бул жерге көпкө турушпайт окшойт. Сыягы кайра калаага кетиши мүмкүн. Биз кандай болсо да ушул кырдаалдан пайдаланып үлгүрүшүбүз керек. Мындай кырдаал чанда гана кездешет. Анын үстүнө айлана күүгүм болуп баратат. Айланага караңгы кирип кетсе ишибиз оңдой берди болот. Өткөн жылкы Гурьево шаарындагы окуя эсиңердеби. Анда да ушундай караңгы болчу. Анда да ушундай дарбазасы бар бийик короо эле. Бирок айырмасы алардын бир да бирөөсүндө курал жок болчу. Ал эми булар болсо бутунун бармактарынан баштап тиштерине чейин куралдангандар. Эми андан да аябай кыраакы болуп "ардактуу гладиатор" деген профессионалдык деңгээлибизди көрсөтүшүбүз керек. Кана кеттикпи, бизди Кудай колдосун! - Спартак мурун Кудайга ишенчү эмес, анын бул жолку сөзүнө баары тең таңгалышты. Төртөө тең машинеден жабыла чыгышты да көнгөн адеттери боюнча бийик короону айланыша арт жагына жөнөштү. Бийик дубалдын анча бийик эмес жерине жеткенде айланага бир сыйра кылдат көз жүгүртүп чыгышты. Анан кара чүмбөттөрүн алып чыгып баштарына кийишти, кичинекей чет элдик автоматтардын баштарына атканда үнүн чыгарбай турган "глушителдерди" бурап бекитишти. Пистолеттерди атууга даяр кылып ыргытканга ылайыктуу кичинекей чет элдик кол гранаталарды сырткы төш чөнтөктөрүнө салып темир сыдырмаларын тартып коюшту. Сайганга, ыргытканга ылайыкташкан төрт кош миздүү бычактарды дароо сууруганга ылайыктуу кылып кындарын бекитишти. Анан баштарында илмектери бар аркандарды дубалга ыргытыша илгичтери дубалга илинип калганда төртөө тең жабыша өйдө көтөрүлүп чыгышты. Короонун ичине бир сыйрадан көз чаптырышкан соң Спартак колун жаңсап белги берди эле баары тең ары жакка дабыш чыгарышпай жеңил секирип өтүштү.
Бактыга жараша Кудай жалгап короонун ичи аябай бак-шактуу, жашылча-жемишке толтура экен. Алар айланаларына абайлай көз жүгүртүшө үч кабаттуу үйгө өтө тездик менен жакындап келатышты. Бир маалда Спартак дароо белги бергенде баары тең шырп алдырбай жерге жатып калышты. Өздөрүнөн анча алыс эмес жердеги ажатканадан бою эки жарым метрдей келген сакалчан олбурлуу киши чыгып кетип бараткан эле. Ал бир нерсени сезгендей дароо токтой калып, айланасына бир сыйра көз жүгүртүп калды. Айлана бир топ эле караңгы болуп калган болчу. Алиги киши дагы дабыш чыгаар бекен дегендей бир аз турган соң чөнтөгүнөн тамекисин алып чыгып күйгүзүп алды да, ары көздөй басып кетти. Төртөө бир топко былк этпей жатышты. Спартак акырын башын көтөрүп үй жакка көз чаптырды. Ян Густь да бир нерсенин жытын сезсе керек, үй катуу кайтарууда экен. Дарбазанын алдында экөө тамеки тартып турушат. Үйдүн артында да экөөсү ары-бери басынт өздөрүнчө сүйлөшүп турганын көрүштү.
Булар экиге бөлүнүштү, экөөсү дарбазанын жанындагыны, экөөсү үй артындагыны акырын үн чыгарбай жок кылышмакчы болушту. Ушул жерден Эрбол менен Альберт анчамынча ката кетиришти. Тигилер дарбаза жакка али жетише элек болчу. Экөөнүн бир мезгилде ыргытылган бычагына үйдүн артында турган экөөсү заматта "жалп" дей түшүштү. Алардын моюндарына сайылган бычактардан оңкосунан кулап түшүшкөнүн ары жакта дарбазада тургандар көрүп калышты да дароо чөнтөктөрүнөн пистолеттерин сууруп чыгышып ошол тарапка багытташа аткылап киришти. Аңгыча дарбазанын сыртынан да эки-үчөөсү чуркап киришти. Спартак менен Алмаз алиги экөөнү дал чекеге аткандыктан баштарынан чачыраган кан дарбазага жабыла берди.
Сырттан чуркап киргендер туш келди аткылаша үйдүн ичине кире качышты. Алмаз коридордо чуркап бараткан бирөөнү терезенин айнеги аркылуу желкеге атты эле ал кулаган боюнча турган жок. Үйдүн ичинен Ян Густь буйрук бердиби, айтор, автоматтардын огун мөндүрдөй жаадырыша төртөө сыртка чуркап чыгышты, бирок экөөсү ошол жерден эле окко учушкан соң тигил экөө кайра кирүүгө аргасыз болушту. Бир маалда үйдүн ичиндеги жарыктардын баары өчүрүлдү да тескерисинче короонун ичиндеги жарыктардын баары күйдү. Айлана бир саамга тыптынч болуп тунжурай түштү. Альберт короодогу жарыктардын баарын автомат менен атып өчүрүп салайын деп автоматын суна бергенде Спартак тим кой деп койду. Анан ал акырын ордунан козголгондо терезе жактан атылган үн чыгып ок анын ийнин чарпып кетти.
- Болду болбоду бул Ян Густь, сыягы мени биринчи кезекте жайлайын десе керек. Үйдү курчагыла, жашыруун жол аркылуу Ян Густь качып кетиши ыктымал. Кандай болсо да аны бул жактан чыгарбоо керек, - Спартактын ийин жактары кызыл-ала болуп кетти. - Кана, кыраандарым өзүңөрдүн кыйын аткыч экениңерди көрсөткүлөчү. Бул жерден Ян Густь баш болуп бир да адам тирүү чыкпасы керек.
Алмаз терезе аркылуу кирүүгө аракет кылды эле үй ичиндеги караңгы жерден мөндүрдөй жааган окко даай албай кайра ордуна келди. Үйдүн сырты жапжарык, ал эми тигилер турган жак капкараңгы болчу. Ар кайсыл жерде атылган автоматтардын үндөрү, андан чыккан оттор эле болбосо ким кайсыл жерде эч ким көрүнбөйт. Айлана кайрадан жымжырт боло түштү. Спартак тигилерге акырын шыбырады.
- Минтип отурсак биз убакыттан уттуруп иебиз. Же Ян Густь качып кеткенге үлгүрөт, же шаар тараптан мунун кишилери жардамга келип калышат.
- Эмне кылалы анда?
- Бир нерсе жандырып үй ичине от кое бериш керек да ошонун жарыгы менен тигилерди бирден териш керек.
- Ал көп убакытка созулат го?
- Ооба, баса... - Спартак бир нерсени эстегендей чөнтөгүнөн кичине эки гранатаны алып чыгып тигилерге көрсөттү. Тигилер да чөнтөктөрүндөгү экиден гранатаны алып чыгышты. Бардыгы сегизөө экен.
- Шашпай, таамай бир-бирден ыргыткыла! Альберт терезенин тушунан чуркап өткөндө бөлмөнүн ичинен кайра октор мөндүрдөй жаады. Спартак колундагы гранаталарынын бирөөсүн ошол тушка тууралап туруп ыргытты эле бөлмөнүн ичинен катуу жарылуу болуп кыйкырып-өкүргөн, онтогон үндөр чыкты. Бирок ага болбой эле тигилер аткылай беришти. Кайсыл жерде атылган от көрүнсө ошол тушка граната ыргытып жатышты. Үстөккө-босток ыргытылган гранаталарга жарылуу биринин артынан бири уланып бир аздан кийин үй ичи өрттөнүп, бөлмөлөрдүн баары кадимкидей жарык каптады. Сырттагылардын экөөсү терезе аркылуу, экөөсү эшик аркылуу сактаныша үйгө акырын ичине жылып киришти. Кокусунан чыга калган караандарды атканга үлгүртпөй ыргыта атып жатышты. Беркилерде дагы үч граната калган эле. Бирөөсү зал жакта атып жаткандарга ыргытылды. Катуу жарылуудан кийин ал жак ызы-чуу түшүшө бир аздан кийин тынчып калышты. Аңгыча экинчи кабат жактан тепкичтин жанынан эки-үч автоматтын атылган үнүн угушуп ошол жакка да граната ыргытышты. Ушуну менен бөлмөнүн ичи тымтырс болду да калды. Бир кезде Спартак дубалды колу менен сыйпалап жарыкты күйгүздү. Дача болгону менен бул эки кабаттуу үй шаардагы чоң үйдөн эч айырмасы жок болчу. Залдын таманындагы жыгач паркеттер чатырап күйүп жатты.
Үстөккө-босток катуу жарылуудан кийин эртеден берки атышуулар токтоп, айлана бир саамга тымтырс болуп тунжурай түштү. Мындай билинбегени менен Ян Густтун кишилери бир топ эле көп экен. Өлүп жаткан адамдар, жарадар болуп кыймылдоого дарманы жок онтоп аткан кишилер биринчи кабатта да жогору экинчи кабатка көтөрүлчү тепкичтерде да, үстүнкү кабатта да, ар кайсы жерде суналып жатышты. Буларды жакын жолотпой, баш көтөртпөй окторду мөндүрдөй жаадырып атышкандарынын себеби бар экен. Анткени өлүп жаткандардын көпчүлүгүнүн колдорунда чет элдик кичинекей автоматтар жүрөт. Бирөөсү ылдый жакта калып, үчөөсү тездик менен экинчи кабатка көтөрүлүп чыгышты. Окко учкандардын, жарылуудан өлгөндөрдүн арасында Ян Густтун карааны көрүнбөйт. Алар өтө тездик менен сак болуша бардык бөлмөлөрдү кыдырып текшерип чыгышты. Үйдүн кожоюнун эч жерден табышкан жок. Терезеден чыгып кеттиби деп шек алыша үстүнкү кабаттагы терезелердин баарын карап чыгышты, бирок бардыгы тең ичтеринен илинүү экен.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 04:30

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Курчоодо
- Каякка кетип калышы мүмкүн, же биринчи кабаттан бир жеринен сыртка чыгып кеттиби?
Спартак өтө тездик менен биринчи кабатка жүгүрүп түштү. Төмөн жакта Алмаз бар болчу, ал эч шек-шыбаа билинбегенин айтты. Экөөлөп биринчи кабатты бир сыйра шимшилеп тинтип чыгышып, шектүү эч нерсе таба алышпаган соң: "Сен ушул жерде туруп тур", - деп Алмазды калтырып акырын сыртка чыкты. Айлана абакта капкараңгы кирип кеткен эле. Сактана өтө тездик менен үйдү айлана бир сыйра текшерип чыкты. Айнектери талкаланып быркыраган терезеден үйдүн ичине көз жүгүрттү. Алмаз жерде күйүп жаткан жыгач паркеттерди буту менен тебелеп өчүрүп жатыптыр.
- Каякка кетиши мүмкүн, же Ян Густь өзү бул жакка келген жокпу? Аны машинесине түшүп атканын дүрбү менен даана эле көрбөдүк беле. Ал алыс кеткен жок, үйдүн бир жеринде жашынып жатат. Жакшылап издеш керек. Же анын жашыруун чыгып кете турган, "темный ходу" барбы? Болушу мүмкүн.
Аңгыча үстүнкү кабаттан Эрбол менен Альберт түшүп келишти.
- Эмне болду дайын жокпу андан?
- Эч шек билинбейт.
- Анда жер жутуп кеттиби, анын качып кетиши мүмкүн эмес эле. Баарын текшерип чыктыңарбы?
- Ооба эч нерсесин калтырган жокпуз, залын, уктоочу бөлмөсүн. Атүгүл туалетине чейин диван, кроват, стенкаларынан бери жакшылап карап чыктык, дегеле эч шек билинбей койду.
- Үстүнкү жарадар болуп онтоп жаткан кишиден сурап көрдүңөрбү?
- Ал өлүп калды, сураганга үлгүрбөй калдык.
- Болду болбоду ал ушул жерде, бир жеринде жашынып жатат. Бул үйдү ал өзү салдыргандан кийин "секреттери" көп да. Аны биз кайдан билмек элек. Жакшылап кылдат аңтарып-теңтерип чыгыш керек. Сырттагы машинелерин карап көрчү, ордунда турабы же айдап кеттиби?
Экөөсү үстүнө жакшылап текшергени чыгып кетишти. Алмаз биринчи кабатты жакшылап кылдат текшере баштады. Ал эми Спартак болсо сырттагы машинени текшергени дарбазаны ачып чыгып баратып беш-алты милициялардын машинелери токтоп, короонун сыртында көп караандар ары-бери чуркап жүргөндөрүн көрүп кайра дарбазанын оозун жаба калды да ичинен беките койду. Үйгө чуркап кирип тигилерге эскертти.
- Короонун сыртында топуратып милиция кызматкерлеринин кишилери жүрөт. Сак болгула. Тигил өлүп жаткан адамдардын куралдарын да алгыла. Кандай болсо да качып чыгыш керек. Дагы "ловушкага" түштүк окшойт.
Үстү жактагы экөө төмөн түшүп келишти. Төртөө тең чүмбөттөрүн кайра кийишти. Атышуу токтогондой кийин чечип салышкан болчу. Аңгыча үндү чоңойтуп сүйлөткүч аппарат менен "заңк" этип короо ичине үн жаңырды.
- Ээй, кара чүмбөтчөндөр, силер толугу менен курчоодосуңар. Эч жакка чыгып кете албайсыңар. Колуңардагы куралыңарды таштап багынып бергиле. Эгерде каршылык көрсөтүп ок ата турган болсоңор бириңер да аман калбайсыңар.
Айлана бир азга жымжырт боло тунжурай түштү. Төртөө тең биринчи кабатка чогулушту.
- Эмне кылабыз, короону чычкан өткүз кылып куралчан милиция кызматкерлери курчап алышыптыр.
Баары тең эмне жооп айтаар экен дегендей Спартакты карап калышты.
- Эмне кылмак элек, кандай болсо да жол таап чыгып кетүү керек. Же болбосо бул жерден төртөөбүздүн тең өлүгүбүз чыгат. Акыркы ок калганча атышабыз. Андан соң жаныбызда бычактарыбыз бар "рукопашный бой" менен каршылык көрсөтөбүз. Тигилердин теңинен көбүн ала жатабыз. Кыскасы, биздин ким экенибизди көрсөтөбүз аларга.
Аңгыча короонун сыртынан кайрадан үн жаңырды:
- Ээй, чүмбөтчөндөр, ойлонгонго беш мүнөт убакыт беребиз, болбосо дарбазаны талкалап киребиз да өз алдыбызча аракеттене баштайбыз. Кан төгүлбөсүн десеңер куралыңарды таштагыла да эки колуңарды желкеңерге алып бирден чыгып бергиле. Анда силерди карай бир да ок атылбайт. Болгула беш мүнөт убакыт.
- Силер дарбаза жакты мээлеп тургула, мен барып аларга жооп айтайын.
Үчөө тең автоматтарын дарбаза жакты карай сунуп мээлеп турушту. Алар өлгөндөрдүн куралдарын бүт чогултуп алышкан эле. Спартак дарбазанын жанына келди да үнүн башкача чыгарып тигилерге жооп кайтарды.
- Дарбазаны талкалап кирген бесполезно, анын түбүнө мина коюлган, кылт этсе жарылып кетет. Бул бир, экинчиден үй ичине да мина коюлган, бизди тирүү кармайбыз деп ойлобой эле койгула. Эгер үйгө чабуул кое турган болсоңор бул үй түп орду менен жок болот. А эгер бизге карай ок ата турган болсоңор биз баарыбыз тең көзгө атаар мерген экенибизди эсиңерге салып коелу. Биз жактан атылган бир ок да жаздым кетпейт, өзүңөр зыянга учурайсыңар. Андан көрө силер да аман, биз да аман кетип калгыла, биздин силерге эч кандай зыяныбыз жок.
- Эй, кара чүмбөтчөндөр силер антип кууланбай эле койгула, силердин ким экениңерди билебиз. Бизден баары бир кутулуп кете албайсыңар. Жумалап кармасак да силерди эч чыгарбайбыз. Акыры айла жок өзүңөр чыгып бересиңер. Ал эми жөндөн жөн чыга албайсыңар. Эсиңерде болсун бизди карай ок атсаңар силерди калбыр кылып таштайбыз. Жакшылыкча чыгып бергиле. Силердин бул жерлик эмес экениңерди да билебиз. Мекениңерге кайтып кете албай каласыңар. Давай ойлонгула!
Айлана тымтырс боло түштү. Короонун ичиндегилер дагы, сыртындагылар да атышууга даярданыша баштады. Спартак өзүнүн кишилерине коргонуунун жолун түшүндүрүп кирди.
- Эрбол, Альберт экөөңөр ылдый жакка калгыла, Алмаз экөөбүз үстү жагына чыгабыз. Үйдүн эшигин киши кире алгыс кылып бекиткиле. Экөөңөр терезелер аркылуу дубалдардын үстү жагын карап тургула. Эгер дубалдан баштары көрүндү дегиче ата бергиле. Эсиңерде болсун бир да ок текке кетпесин, таамай аткыла. "Кандуу Ордодо" таамай жаземдебей атып нормативди жакшы тапшырчу элеңер, эми ошол аткычтыгыңарды көрсөткүлө. Биз Алмаз экөөбүз үйдүн үстүнө чыгып алып аткылайбыз. Айланага жарык киргенче, таң атканча коргонолу, күндүз анан бир нерсени ойлонуштурабыз. Ок көп болсо да дайыны жок коротпогула. Болуптур биз кеттик анда. Силер менен кабарлашып турабыз. Эки колубуз байланып келемиштердин арасында калганда деле чыдаганбыз. Ага караганда колубуз бош, куралдар Кудая шүгүр жетиштүү. Кудайым колдосо дагы бир жолун таап аман-эсен чыгып кетээрбиз. Болуптур анда көрүшкөнчө! - экөөсү өйдө карай чыгып кетишти. Спартактын кайра-кайра Кудайды айтып ага ишене баштаганына баары таңгалып атышты.
Арадан бир аз убакыт өткөндө сырт жактан прожекторлор менен короонун бардык тарабынан жарык бере башташты. Алмаз үйдүн аркы бетинен, Спартак болсо бери жагынан орун алды. Ал терезенин жанына келди да ар бир терезеге автоматтарды коюп чыкты. Анан кайра өз ордуна келип бурчтагы үстүндө дүрбүсү бар снайпер мылтыгын алып шашпай октоду да өздөрүн карай жаркырап күйүп турган прожекторлорду бирден терип атып кирди. Үч мүнөткө жетпей эле сыртта турган прожекторлордун баарын талкалай атып таштады. Ошо замат эле короодон баштарын чыгарыша сырт жактагылар үйдү карай мөндүрдөй ок жаадырыша аткылай башташты. Алиги төртөө кез-кез гана ок чыгарыша короонун ичине секирип түшкөндөрдү гана тургузбай томолото атып жатышты. Сырт жактагылар да короонун ичине секирип киргенден чочулап калышты. Анткени ичине секирип киргендердин баары ар кайсы жерде кыймылсыз, сулап жаткан эле. Өчөшкөндөй ай да жарык болуп сырт жактагылардын ар бир кыймыл-аракетин, сөлөкөттөрүн көрсөтүп турду. Ал эми үй жактагылар болсо электр жарыктарын капкараңгы кылып өчүрүп коюшкан. Терезеден эч кимиси көрүнбөйт болчу.
Тигилер да дайыны жок эле туш келди аткылай берүүлөрүн токтотушту. Айлана кайрадан бир саамга тынчый түшкөнсүдү. Сырттагылар мина болуп калбасын дешип дарбазаны талкалап киргенден да чочулап турушту. Спартак: "Тирүүсүңөрбү? " - деп төмөн жактагыларга кыйкырып, алардан "азырынча тирүү элебиз" деген жоопту угуп чөнтөгүнөн шашпай тамекисин алып күйгүздү. Дубалдын кырынан бир-эки баш сорок этип чыга калды эле экөөнү тең мээлеп туруп ыргыта атты. Эми дубалдан баштар дагы чыкпай калды. Кээ бирлери атайын сынамакка шапкелерин жыгачка илип алып акырын кылтыйтып чыгарып көрүштү эле автоматтын огуна эки-үч жери тешилип жыгачтан жерге учуп түшкөндө ого бетер сестенип калышты. Булар оңой жоо эмес экенин эми гана туюшуп бир аз тынчый түшүштү. Көп өтпөй сырт жакка БТР, БМВлар менен келген солдаттарды да көрүштү. Аларды көргөн Спартак ичинен: "Бул жактан эми тирүү чыкпай калдык го", - деп ойлоп жатты. Ян Густтун ушунчалык куулугуна таңгалып турду. "Өткөн жолкуда капаска түшүрсө, бул жолкуда ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен солдаттарга курчоого салып берди. "Баса айтмакчы ал каякка житип кетти. Эшик, терезе, дарбаза аркылуу чыгып кеткен жок, баарын биз көзөмөлдөп турдук. Же азыркыга чейин бир жерде жашырынып жатабы? Жанатан, эки-үч сааттан бери анча-мынча шеги билинет эле го? Аны машинеге түшүп бул жакка келгенин точно эле баарыбыз көрбөдүк беле. Же МАИнин кызматкерлери бизди токтотуп кармап калганда ал башка машинеге түшүп кеттиби? Анда короонун сыртында машинеси эмне токтоп турат. Жок, ал кеткен жок бул жакка кирген. Мени ийинге аткан ошол да. Болду болбоду ал бир жерде бекинип жатат. Эми бизге тоскоол болуп залалы тийбесе болду. Бир аздан кийин шапкелерин кайрадан таякка сайып алып дубалдан чыгарып атышкандарын көрдү, бирок аларга ок короткулары келген жок. Арадан он, он беш мүнөт өткөндөн кийин дубалдан эки-үч кишинин башы акырын сороюп чыга баштаганын көрүп автоматты колго алды. Алар акырын көтөрүлүп тап бере бергенде Спартак үчөөнү тең атып салды. Бирөөсү дубалдын бери жагына, экөөсү ары жагына кулап жок болушту. Айлана жымжырт болуп тынчып турду.
- Курсак маселеси кандай?
- Анча-мынча ачкансыды, - төмөн жактан кайра жооп келди. Спартак артындагы баштыкчадан эки "Сникерс" шоколадын алып чыгып "ме тоскула!" деп төмөн карай ыргытты эле тигилер жерге түшүрбөй тосуп алышты. Алмаздын болсо азыгы өзүндө бар экен, артындагы баштыкчасынан алып чыгып тигиге көрсөтүп күлүп койду. Бир маалда дубалдын түбүндөгү жерде суналып жаткан караан акырын кыймылдап атканын көрүп снайпер мылтыгын алды да шашпай чекеге мээлеп туруп машасын басып койду эле тигил ошол боюнча былк этпей калды.
"Мына, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине тийишпегиле, алардан алыс болгула деп атып өзүбүз аларга кабылып бердик. Аларга кол көтөрбөш керек болчу, бирок айла жок болуп калды. Эми алардын чеңгээлинен кутулуп чыгабызбы же ушул жерден жашообуздун акыркы чегиби бир Кудайым өзү билет?" - Спартак бир аз сырт жакты тиктеп турган соң кайрадан чөнтөгүнөн тамеки алып күйгүздү.
"Булар бизди чын эле бир жума болсо деле чыгарбай камап тура беришет. Эгер эркибиз менен аларга баш ийип берсек алар бизди аяшпайт. Азыркы атышууда алардын канча кишиси каза болгонун ким билет? Баары бир бизди катуу жаза күтүп турат. Милиция кызматкерлерине ок аткандыгыбыз үчүн мыйзам чегинде катуу жазалашат. Ошондуктан биз алардын колуна түшүп бербешибиз керек". Спартак ушуларды ойлой өзү отурган бөлмө ичиндеги үйдүн кооз жасалгасына бир сыйра көз жүгүртүп койду. Ал экинчи кабаттын чоң залында отурган эле. Ары-бери өтүп жатканда маңдайында илинип турган чоң кооз пейзаж портретке анча деле көңүл бурган эмес. Анын рамкасынын жээктери алтындын буусунан карматылгандай зал ичи караңгы болуп турса да анча-мынча жаркырап турду. Ошол чоң портретти бир аз тиктеп турган соң эмнегедир шек саноо пайда болду да короо тарапка бир аз көз жүгүртүп алып портреттин жанына басып келди. Аны ары карай акырын жылдырып көрдү эле артындагы дубалдын ордунда кичинекей эшикче бар экен. Акырын түртсө ачылбай койду, ары жагынан бекилүү экен. Мылтыктын кундагы менен катуу ургулап, сындырып жыгач эшиктен оюкча пайда кылды да ошол оюкча аркылуу колун созуп ары жактагы илгичин ары көздөй түртүп каалганы ачып алды. Артындагы баштыкчасынан кол фонаригин алып чыгып ары жагына жарык кылды эле төмөн карай кеткен кичинекей тепкиччелерди көрдү.
Жер өткөөлдүн сыры
- Вот это да-а, мен ушундай деп ойлогом, жүрөгүм сезген. Ян Густь жөндөн жөн эле көздөн кайым болуп жоголуп кетмек эмес, сыйкырчы болсо да эмне болуптур. Эгер андай өнөрү бар болсо "Кандуу Ордодо" чогуу жүргөндө жок дегенде анча мынчасын билет элек го, - ал бир аз караңгы .жердеги төмөн карай кеткен тепкичтерди карап турду да биринчи кабаттагыларга акырын кыйкырды.
- Эрбол, Альберт бирөөңөр бул жакка келгилечи!
- Эмне болду? - Альберт көтөрүлүп келди.
- Мына Ян Густтун жашыруун жолу табылды. Бирөөңөр ылдый жакты кайтаргыла дагы, экинчиңер менин ордума келгиле. Мен мунун ичин текшерип чыгайын, билким, Ян Густь бир жеринде бекинип жаткандыр? Балким, жекеме жеке аны менен беттешип калармын? - Ал терезеден сырт жакты карады: - Тигине тээтигил жерде дубалдын чокусунда таякча сайылып чыгып турган баш кийимди көрдүңөрбү? Баш кийимге атпай төмөн жагындагы таягын кыя ат, көзгө атаар мерген кандай экенин көрүшсүн, дагы сестенишсин. Иши кылып дубалдан алардын башын көтөртпө. Эгерде баштарын чыгара турган болушса аябай эле томолото атып ташта. Дагы айтайын, өтө сак болгула, байкабай калып тигилерди короого кийирип жибербегиле. Анда биз уттуруп коебуз. Тигилер бизди аябайт, өздөрү айткандай автоматтын октору менен тим эле денебизди калбыр кылып ташташат.
Спартак ары жакта турган башында "глушители" сайылган кичинекей үн чыкпас автоматын алды да фонаригин жарык кыла төмөн карай тепкич менен түшүп кетти. Альберт болсо снайпер мылтыгы менен дубалда сороюп чыгып турган баш кийимдин алдындагы таякчасын кыя атып салды. Спартак автоматын алдыга суна бир кишилик тепкич менен ар бир тепкичти дабыш чыгарбай аяр басып сактана төмөн карай жүрүп отурду. Эки капталы, үстү бетондолуп ак кафель чаптатыптыр. Астына болсо атайын цемент тепкичтерди алып келип койдуртуптур. Он кадамдай төмөн түшүп баргандан кийин кайра түз кетме экен. Адам түз басып жүрсө башы төбөсүнө тийчүдөй эмес. Ошол өткөөл менен Спартак түптүз элүү метрдей басып барды. Анан тепкич кайра акырындап жогору карай көтөрүлүп жөнөдү. Алар менен өйдө карай жай көтөрүлүп келатып жерде жаткан "зажигалканы" көрдү. Акырын эңкейип алайын деп колун созуп баратып: "Балким жардыруучу зат болуп жүрбөсүн?" - деп кайра колун тартып алды да аны аттап өтүп андан ары кадам таштады. Жантайыңкы келген тепкич менен отуз кадамдай жогору көтөрүлүп барып үстү жагындагы жыгач капкакчага барып такалды. Капкак бек экен. Сыртынан, үстүнөн бирөө бекитип кетсе керек. Акырын түртүп көрдү эле былк эткен жок. Үн чыкпас автоматы менен аткылап капкакты тегерек кылып тешти да колун созуп илгичти тартып көрдү. Бирок илгич кулпулануу экен. Капкактын үстүнө да бир нерсе төшөп коюптур. Баштыкчасынан атайын темир араалагыч ичке темир араасын алып чыгып колун созуп туруп кулпунун ичке жерин сыйпалап таап алып аралап кирди. Арадан үч мүнөтчөлүк убакытта аны араалап таштады да аны бери алып чыгып ары көздөй акырын ыргытып койду. Анан кокусунан Ян Густь болуп жүрбөсүн деп капкактын тешиги аркылуу акырын тыңшап көрдү. Айланасы жымжырт болгонсуп турду. "Сыягы, ал жок окшойт, эгер болгон күндө жана колумду созуп алып кулпуну араалап атканда эле жыга атмак. Таамай аткычтыгы жагынан ал бизден эч кем калышпайт. Мени ийинге аткан да ошол эмеспи, бизди өлтүрө аткандай чочулап жатат. Эгер арабыздан бирөөбүз эле анын колунан өлө турган болсок өзү да аман калбасын карт бөрү сезип жатат". Спартак, акырын капкакты колу менен өйдө көтөрүп үстүнө төшөлгөн килемди бир жакка туруп жыя баштады. Анан капкакты ары жакка дабыш чыгарбай койду да өйдө көтөрүлүп чыгып айланасына көз жүгүрттү. Бул жер да кадимки эле үй экен. Капкак болсо столдун астына жасалыптыр, анын үстүнө кичине килемче төшөлүп коюлуптур. Узун-туурасы төрт беш метр болгон чоң бөлмө сыягы залы окшойт. Өйдө акырын туруп каалга аркылуу тигил бөлмөнү тыңшады, жымжырт эч бир дабыш угулбайт. Сыртта гана тээ алыс жакта кобур-собур эткен үндөр чыгып атты. Акырын дабыш чыгарбай бутунун учу менен ууру мышыкча жыла басып бүт бөлмөлөрдү текшерип чыкты, эч ким жок экен. Сырткы эшикти акырын түртүп көрдү эле сыртынан кулпулап салыптыр. Бул үйдө эч кимдин жок экенине чындап ишенген соң терезенин пардоосунан сырт жакты акырын шыкаалап карады. "Мына кызык тамаша" ал таң калганынан оозун ачып калды. Алар мындан үч-төрт саат мурун эле акырын дарбазанын жанынан короону айланып өтүп баратышканда тээ дөбөдө турган кооз ак үйгө анча деле маани беришкен эмес. Көрсө, ал дөбөдөн төмөн жактагылардын бардыгы алаканга салгандай көрүнүп турат экен. Атүгүл тээ төмөн жакта токтоп турган өзүлөрүнүн машинесин да көрдү. Дарбазанын алдында Ян Густтун машинелери да турат. Ары-бери басып жүргөн солдаттарды, милиция формасын кийген адамдарды көрдү. Эки-үч жерде солдаттардын БТР, БМВ согуштук техникалары турат. Алыска атылуучу гранатометторду алып келип коюшуптур. Бери жагына милициялардын жеңил машинеси менен солдаттардын машинелери толуп кетиптир. Тигилердин арасында гражданча кийинген кишилер да жүрөт. "Да-а, мындан үч-төрт саат мурун төмөн жакта биз короону айланып кетип баратканда бул жакта эч ким жок болсо керек, сыягы. Болгондо тигилер бизди короого киргенге мүмкүнчүлүк бербейт болчу".
Спартак акырын колундагы сааттын жарык бергичин күйгүзүп карады. Түнкү үч жарым болуп калыптыр. Түн ортосу болсо да төмөн жакта топуратып жүргөн көптөгөн элдерди көрүп таңгалды. "Сыягы, тигилер кара чүмбөтчөндөр аябай көп деп ойлоп атышса керек. Ошондуктан ачыктан-ачык кол салгандан даабай турушат. Мейли ошондой эле болсун. Бирок булардын түрлөрүнө караганда таңга жуук айланага жарык кире баштаганда катуу аракетке өтүшөт. Кейпи пушкалары, гранатаметтору менен үйдү аткылап жардырышат окшойт. Же үйдү штурмалоого аракет жасашат". Спартак терезенин пардоосундагы жылчык аркылуу төмөн жактагы ар бир кыймыларакетке кылдат көз жүгүртүп карап турду.
Аңгыча солдаттар бери жактагы Спартак турган үйдүн тушуна дөбөгө көтөрүлүп келишип алыс жерден прожектор менен үй жакка жарык бере башташты. Бир маалда үй жактан "тарс" эткен үн чыкты да прожектордун айнеги быркырай туш-тушка чачырап жарыгы өчүп калды. "Азаматтар" Спартак ичинен тигилерге ыраазы болуп койду. Тиги дөңдө өздөрүнчө сөгүнүп атышкан кишилердин үндөрү даана угулуп турду. Дубалдын сыртына туруп алышып таякчага баш кийимдерин илип өйдө көтөрүп аткан солдаттарды көрүп бери жактан анын күлкүсү келди. Бир кезде үй жактын үстүнкү кабатынан жылт эткен жарык пайда болуп таяк белинен кыйылып түштү. Булардын машинеси тээ төмөн жакта турган эле. Сыягы, ал эмне машине экенине эч кимиси көңүл да бурбаса керек. Спартак ойлонуп турбастан башындагы чүмбөттү сыйрып алды да ары жакка коюп, белиндеги кош миздүү шамшарын сууруп чыкты. Анан үйдүн аркы бетиндеги терезенин айнегин бычактын мизи менен мыктарын сууруп акырын бирден чыгара баштады. Ал жерди киши өткөндөй кылып даярдап, терезенин ичиндеги темир торчонун шуруптарын бурап чыгарган соң аны ары жакка көтөрүп барып койду.
Үйдүн арты жымжырт, эч нерсе болбогондой. Автоматын бир бурчка катып коюп терезе аркылуу акырын сойлоп сыртка чыкты. Чөнтөгүндөгү үн чыкпас пистолетин сууруп алып айланасына бир сыйра көз жүгүртүп алды. Эч ким жок экенине чындап ишенген соң бийик дөбөнү айланып чуркап жүрүп отурду. Анан ал дөбөнүн ары жагы менен төмөн түшүп токтоп турган машинесине келди. Бактыга жараша анын айланасында эч ким жок экен. Тээ өйдө жакта ызы-чуу болушуп ары-бери чуркап жүрүшкөн адамдар көрүнүп турду.
Ал акырын машинесин от алдырып, жарыгын күйгүзбөстөн төмөн карай айдап жүрүп отурду. Дачалардын арасындагы ээси жок үйдүн артына айдап келип токтотуп анын үнүн өчүрдү. Дачалардын кууш көчөсүнөн солдаттардын эки машинеси өйдө карай биринин артынан бири өттү. Бери жакка жашына аларга акырын көз жүгүртүп турду. Анын ичи толтура автоматчан солдаттар экен. Сыягы алар курчоону дагы бышыктап катуу салгылашка даярданып атышса керек. Спартак кайрадан саатын карады "эки-үч сааттан кийин таң атат, үлгүрүш керек". Бирөө артынан ийне сайып жибергендей жашынып турган ордунан атып тура, өйдө көздөй болгон күчү менен жүгүрүп жөнөдү. Алиги үйгө кайрылып келгенче бир тыным алган жок. Кандуу Ордодо машыгуу мезгилинде мындай бийиктиктен далай чуркап өткөн. Көптөн бери машыкпагандыкы, кадимкидей чарчап калды. Үйдүн тушуна келип бир аз демин басып эс алып отурду да кайра ордунан шар атып туруп алиги терезе аркылуу ичине кирди. Бери жак бетине келип акырын терезенин пардоосун ачып, жылчыктан төмөн жактагыларга көз жүгүрттү. Короонун сыртындагыларга дагы кошумча солдаттар келиптир. Алар бир нерселери менен короонун дубалдарын тешип, оюкча жасап атышыптыр.
Ары жакта турган кара чүмбөтүн кайра кийип автоматын алды да өтө тездик менен төмөн түшүп тепкич аркылуу чуркап жөнөдү. Арадан үч мүнөт өтпөй кайра үйдүн экинчи кабатында болду. Үчөө тең үстүндө экен. Тешиктен чыгып келаткан Спартакты көрүшкөндө кубанып кетишти.
- Деги амансыңарбы, эмне болду? Биз аябай сарысанаа болуп эмне кылаар айлабызды таппай аттык эле. Ян Густка жолугуп, силерди бир кырсыкка кабылды го деп ойлоп атканбыз.
Спартак аларга эч нерсе деп жооп берген жок, дароо эле терезеге келди да мылтыкты алды. Анан дубалдын төмөн жагын тешип аткандарды мээлеп туруп шашпай бирден ата баштады.
- Силер болгон куралыңарды алгыла дагы өткөөлгө түшүп алып тигил жактагы үйдүн ичинде күтүп тургула, мен беш мүнөттөн кийин артыңардан барам, - үчөөнү жөнөтүп ийген соң снайпер мылтыгы менен тигилерди мээлеп кайрадан ата баштады. Бир маалда дубалдын тешигинен ышкырып келип бир нерсе жарылды эле Спартактын колундагы мылтыгы ыргып кетип көмкөрөсүнөн кулап түштү. Бир аз кыймылсыз жаткан соң ордунан турууга аракеттенди. Жарылганда чачырандылар анын оң бутуна, сол жак ийнине тийиптир. Эптеп ордунан көтөрүлүп туруп короо жакка көз жүгүрттү. Дубалдардын баарына тешик пайда болуп ошол тешиктер аркылуу ок үй тарапка мөндүрдөй жаай баштады. Тим эле баш көтөргөнгө мүмкүн эмес. Ал ордунан эптеп туруп снайпер мылтыгы менен автоматын алып короо жакты бир аз аткылаган соң дубалдагы тешикке кирип чоң сүрөттү кайра мурункудай кылып орнотуп койду. Оң жак буту от менен жалын болуп чыдатпай оорутуп атты. Ошентсе да болгон күчү менен аксалаңдай чуркап жүрүп отурду.
Үйдө тигилер аны күтүп отурушуптур. Эч нерсе билмексен боло "кеттик" деп терезе аркылуу чыгып, Спартак көрсөткөн жол менен баары төмөн карай чуркап жүрүп отурушту. Спартактын аксалаңдап чуркай албай улам артта калып атканын көрүшүп, бир нерсе болгонун билишти да экөөсү эки жактан колтуктап көтөрүп алышты. Арадан он беш мүнөт убакыт өтпөй жеңил машине чоң шоссе жолго түшүп алып Кыргызстан тарапты көздөй катуу ылдамдыкта кетип баратты.
* * *
Бишкекке келгенде Спартак жарым айдай үйдөн чыкпай дарыланып жатты. Мурунку Алмаздын тааныш врачын жалдап келип ошол дарылап, кам көрүп жүрдү. Ал айткан керектүү дары-дармектердин баарын даярдап беришти. Арадан он беш күн өтсө дагы Ташкентке кеткен Хамиддин дайыны болбой атты. Ян Густтун оңой жоо эмес экенин бардыгы тең моюндарына алып турушту.
- Ал оңою менен карматпайт, аны капыстан, күтүлбөгөн жерден басып калбаса Орто Азия боюнча тааныштары көп экен. Биз болгону беш гана кишибиз, ал эми тигинин кишилери болсо бизге түшкөн маалыматтарга караганда бир топ эле бар окшойт. Ал азыр ушунчалык сак болуп калды, көптү көргөн карт бөрүчө биздин жытыбызды алыстан эле сезет. Көрдүңөрбү анын ушунчалык куулугун да, сактыгын да. Эки жолу тең аны кармайбыз деп өзүбүз өлүмдөн араң аман кутулуп чыктык. Эми алар, тескерисинче, бизге охотага чыгышы да ыктымал, ишти өзүбүз өтө татаалдаштырып жибердик. Алар менен биз эми эч убакта келише албай калдык. Биз да сак болушубуз керек, - жасаган экинчи жортуулдары да оңунан чыкпай калганы аларды бир топ ойлонтуп таштады.
Арадан эки күн-өтпөй күтүлбөгөн жерден Хамиддин келиши алардын күнүмдүк планынын нугун таптакыр башка жакка бурду. Ал өзү менен кошо Ташкент тараптан көп жаңылык ала келди. Ал жактан Абдугапарды таап, калаанын четинен эки кабаттуу үй сатып алып анан келишиптир экөө. Алардын өздөрү менен кошо ала келген кабары күнүмдүк маселелеринин баарын унуттуруп чоң дурбөлөңгө салды.
- Афганистан, Пакистан, Иран тараптан өтө көп өлчөмдөгү наркотикалык заттар келатат. Алар бир жумадан кийин Кыргызстан чек аралары аркылуу өтөт.
- Кыргызстандын кайсы тарабынан, кайсы аймагынан өтөт экен?
- Ош тараптан караңгыда тоолору аркылуу жүрүп отурушуп, Россия, Европа тарапка өтүп кетишет. Алар өздөрүнүн колдоочулары, узатуучулары аркылуу Россиядан иштерин бүтүрүп калгандарын Польша, Чехословакия, Германия дагы бир топ мамлекеттерге өздөрүнүн товарларын өткөрүп кайтышат экен.
- Бул маалыматтарды кайдан алдыңар?
- Абдугапар мурда ошолордун тобунда иштешиптир узатуучу болуп.
- Кыргызстандын чек араларынан алар кантип өтүп кетишет? - Спартак Абдугапарга кайрылды.
- Чек арачылардын чоңдору менен тигилердин байланышы бар. Алар түн ичинде акырын өткөрүп жиберишет.
- Кыргызстанга бул наркотикалык заттардын тиешеси жокпу?
- Кыргызстан али бутуна туруша элек, а тигилер болсо жалаң бай өлкөлөр менен гана байланыш түзүшөт. Ал жерде миллион эмес миллиарддаган сомдор башкы ролду ойнойт.
- Тигилердин канча узатуучусу бар?
- Тияк жакта канча узатуучусу бар экенин билбейм, Кыргызстандын чек арасына өткөндө жыйырмадай киши болот. Бардыгы тең мындайча айтканда тишинен баштап тырмактарын чейин катуу куралданышкандар. Алар өздөрү да жөнөкөй адамдар эмес жердин шартын, географиясын, согуш тактикаларын аябай жакшы өздөштүргөн кишилер.
- Калктын кишилери?
- Ар кайсы улуттан, ар кайсы мамлекеттен кошулгандар. Араларында кыргыздар да бар, тажик, өзбек, афганец, пакистандыктар, атүгүл арабдар да бар.
- Алар биринин тилин бири кантип түшүнүшөт, көбүнесе кайсыл тилде сүйлөшүшөт?
- Көпчүлүгү түрк тилинде сүйлөшүүгө аракеттенишет. Бирок тил боюнча түшүнүшпөсө да сезимдери менен кол жаңсашып кадимкидей түшүнүшөт.
- Узатуучулардын жетекчиси ким?
- Арабдык киши, наркотикалык заттарды да тигил жак менен ошол соодалашат. Андан түшкөн акчаларды да ошол кармайт.
- Наркотикалык заттардын жалпы өлчөмүн билесиңби?
- Жок, ал эч кимге айтылбайт, "секрет" боюнча гана калат. Таза иштетилген заттар. Анын жалпы өлчөмүн ал жердегилердин эки-үчөөсү гана билет. Бул биринчи гана жолкусу эмес, ал жерден далай жолу алып өтүшкөн. Муну кыргыздар эмес башка өлкөдөгүлөр да эч кимиси билбейт.
- Дайыма силер узатасыңарбы?
- Жок, кээде узатып беребиз, кээде бизге дайындарын билгизбей өздөрү эле өтүп кетишет. Аны биз да билбей калабыз.
- Узатуучулар кандай кийим менен жүрүшөт?
- Ар кандай, көпчүлүгү чет элдиктердин аскер формасында, бир далайы сакал кое берип коюшкан.
- Сенин ал жерде иштеп жатканыңа канча болуп калды?
- Кандуу Ордодон кеткенден кийин төрт жыл өткөн соң алардын тобуна кошулдум.
- Ага чейин эмне иш кылып аттың?
- Өзүмчө топ түзүп Ташкенде "авторитет" боло баштагам. Кокусунан тигилерге жолугуп калып атпаймынбы. Көрсө, алар мени көптөн бери эле сыртымдан байкап, текшерип, сынап жүрүшүптүр.
- Өзүңдүн тобуң менен кошулдуңбу бүт, же жеке өзүңдү гана тандап алдыбы?
- Албетте, өзүмдү гана алышты.
- Тиги тобуң тарап кеттиби?
- Жок, азыр да бар. Алардын башына башка бирөөлөрдү дайындап койгом. Мен да кез-кез баш-көз болуп турам.
- Дароо эле кошулуп, аралашып кеттиңби?
- Жок, бир топ сыноодон өттүм, акыры жактырышып кабыл алышты. Алардын мыйзамы да катуу, бир нерсе болсо эле атып салышат.
Контрабандалардын иштери тууралуу өтө берилип, кызыгуу менен талкуулашты.
Алар кайрадан жортуулга даярдана башташты. Абдугапардын айтуусу боюнча бир жума бою өтө кылдат, так, тыкан эң жакшы пландарды түзүп, иштеп чыгышты.
Контрабанда
Контрабанданы дээрлик үч күн бою күтүүгө туура келди. "Башка жактан өтүп кетишкенби же келбей калыштыбы же болбосо Абдугапар жаңылыштыбы? " дешип баары тең күмөн санай башташкан эле. Абдугапар да өзүн оңтойсуз сезе баштаган. Бийик дөбөдө бирден кезек менен түнү бою күзөтүп чыгып атышты. Ал дөбөдөн төмөн жакта тээ алыстагылар көрүнүп турчу. Түнкү саат экиге чукулдап калган маал болчу. Түнкүсүн күндүзгүдөй кылып көрсөтүүчү дүрбүсү бар снайпер мылтыгы менен тээ төмөн жакты улам-улам карап коюп аткан Альберт бир маалда тээ алыстан күтүлбөгөн жерден аттарга, эшектерге, төөлөргө байланган мүшөктөрү бар куралчан көп кишилерди көрдү. Алар айланаларына улам-улам көз жүгүртүшө аттарды, эшектерди, төөлөрдү жетелеше жөө келатышкан эле. Альберт аларды бир аз карап турган соң, акырын төмөн карай түшүп келип уктап жатышкан тигилерди ойготту. Спартак ойго эле жатыптыр.
- Эмне болду? - деп сурады.
- Тигилер келе жатышат, - деп акырын шыбырай үн катты. Аны угушкан соң баары жапа тырмак өйдө көтөрүлүштү да куралдарын алып даярдана башташты. Спартак күндүз кылып көрсөтүүчү снайпер мылтыгын алып тээ жогору жакка чуркап чыгып кетти. Алмаз болсо алар келчү жол боюндагы атайын даярдалган чуңкурчага жатып үстүнө чырпык, таштардан билгизбей корумдап коюшту. Андан анча алыс эмес жерде бийиктиги тамдын боюндай болгон таш бар болчу, ошол чоң таштын үстүнө Альберт чыгып жатты. Калгандары эки-экиден бөлүнүшүп өздөрүнүн орундарын ээлешти. Булардын баары алдын-ала тыкан аябай пландаштырылган эле, баары ошол план боюнча иштеп атышты. Асманда кез-кез жеринде эле жылт эткен жылдыздар көрүнбөсө ай жок, айлана капкараңгы болчу. Бирок караңгычылыкка тигилердин көздөрү көнүп, жатыгып бүтүп отуз кадам жердеги караандарды кадимкидей айырмалай алышат эле.
Арадан жарым саат убакыт өтпөй тигилердин караандары пайда болду. Аттарды, эшектерди жетелей жай баракат кетип баратышты. Булардан бир чакырым алды жакта ат менен жолду чалгындап бирөө өтүп кеткен болчу. Жарым чакырым тээ арт жакта да экөө келатышты. Спартак дөбөнүн башына чыгып алып алиги күндүз кылып көрсөткүчү бар мылтыктагы дүрбүсү менен баарынын кыймыл-аракетин карап турган болчу. Аттар, эшектер, төөлөр өтүп баратканда алардын туяктарынан чыккан чаң аппак болуп жай өйдө көздөй көтөрүлүп атканы кадимкидей билинип турду. Тигилер бул жерден далай жолу өтүшкөндүктөн эч нерседен бейкапар ишенимдүү кадам коюшуп акырын жылып жүрүп отурушту. Алар Алмаз жашынган жерден да эки жагы менен айланып өтө башташты. Баары өтүп бүткөндө таштын үстүндө жаткан Альберт дабыш чыгарбай жеңил жерге сыйгаланып түштү да, эң артында кетип бараткандын арка далысына акырын бычак урду эле тиги оңкосунан кулады. Ошол маалда Алмаз жашынган жеринен көтөрүлүп эң артындагынын ордун толуктап басып кете берди. Беш кадамдай анын алдында кетип баратканы акырын артына бир карап койду, Алмаздын басып кете бер деген ишаратына кайра кадамын улантып кете берди. Коюу караңгылык тигилерге жакшы жардам берип атты. Булар да атайын ушундай кырдаалды күтүшүп анан жолго аттанышкан сыяктанат. Альберт өлүктү таштын түбүнө сүйрөп барып таштады да арт жакта келатышкан экөөнү күтүп калды. Экөөсү эч нерседен бейкапар өз ара акырын сүйлөшүп келатышкан эле. Алиги чоң таштын тушунан өтө бергенде үн чыкпас автомат тан "пук-пук" деген эки үн чыгып дароо экөө оңкосунан кетишти. Чоң таштын алдынан акырын жылып чыккан караан сулап жаткан экөөнүн жанына жылып келишти, тигилердин даана өлгөнүн бир сыйра текшерип алган соң дароо эбакта узап кеткен топ караандын артынан жөнөдү.
Узатуучуларда үч төө, жети ат, тогуз эшек бар болчу. Кишилердин жалпы саны он бешке чукулдап барып калат экен. Алмаз улам арткысын жайлап, анын ордуна жашынып тургандар бирден кошулуп жүрүп отурушту. Абдугапардын айтканындай тигилер да узатуучуларга окшош кийим кийинип алышкан эле. Арт жакта келатышкан үчөө өлүп, алардын ордуна үчөөсү кошулуп, аралашып калган болчу. Эч кимиси эч нерседен шек санабай ылдам басып жүрүп отурушту. Таң атканча белгиленген жерге жетип эс алышып кайра түн киргенде сапарларын андан ары улантышмак.
Алды жактан бир нерсе деп акырын кыйкырган добуш чыкты эле бардыгы ылдамдыктарын күчөтүштү. Анткени эки жагында тике жарчалары бар кууш капчыгай бар болчу. Булар үчүн да эң коркунучтуу өткөөл ушул жер эле. Тигилер чочулагандай эле тигилердин жарым бөлүгү дал ушул жерде буктурмада күтүп турушкан. Анткени төмөн жактагыларга жашынаарга жер жок болчу. Кууш капчыгайга кире беришкенде кандайдыр бир куштун сайраган үнү угулуп эки капталдарынан "пук-пук-пук" деп удаа-удаа үн чыкпас автоматтардан атылган үн чыгып эң алдында келатышкан экөө, арт жакта келатышкан үчөө "жалп" дей түшүштү. Аттар бир нерседен үрккөндөй кайра артка кетенчиктеп кошкуруша кишенеп жиберишкенде эч нерседен бейкапар келатышкан тигилер шашкалактап калышты. Дагы "пук-пук" эткен үндөр эки-үчөөсүн жалпайтты. Ошондо гана тигилер эстерине келише кыйкырышып ызы-чуу түшүшө аттарга, эшектерге далдалана беришип туш келди автоматтардын окторун мөндүрдөй жаадырыша аткылап киришти.
Мунун баарын Спартак тээ өйдө жактан алиги дүрбүсү менен ар бир кыймылды байкап турган. Аттардын далдоосунда турган бирөөсү чөнтөгүнөн "сотовый" телефонун алып чыгып антеннасын өйдө көтөрө анын номерин баса баштаганда Спартак мээлеп туруп колундагысын ыргыта атты. Анан шашпай ар бирин бирден терип четинен таамай атып өлтүрө баштады.
Төмөн жактагы атышуулар дүрбү аркылуу Спартактын алаканына салгандай көрүнүп турду. Алар канчоо экенин үстүртөн баарын бир сыйра санап чыкты, өлгөндөн калгандары сегизөө калыптыр. Бирөөсү акырын алардан бөлүнүп, байкатпай жылып чыкты да чоң таштарга жашына тоо беттей качып жөнөдү. Чын эле муну караңгылыкта Спартактан башка эч кимиси байкабай калышты. Спартак кайрадан мылтыгын октоп аны шашпай мээлеп туруп бутка атты эле ал көмкөрөсүнөн барып сайылды да кайра турууга аракет кылды. Ок экинчи бутуна тийгенде чоң ташка далдалана ошол боюнча былк этпей жатып калды. Анын таптакыр эле кыймылдабай жатканын бир аз кунт коюп карап турган соң Спартак мылтыгын кайра атышып жаткандар тарапка бурду. Алар таптакыр эч жакка кеталышпай буктурмага кабылышып курчоодо калышкан болчу. Курчоодон эки жолу чыгып кетүүгө аракет кылышты эле бир-экөөсү окко учуп кайра артка чегиништи. Тирүү калгандарга Спартак үстүнөн кылдат байкоо жүргүзүп, санап турду.
Ал ар бир көздөп мээлеп атканын жазем кетирбей таамай тийгизип атты. Тигилерде болгону бешөө гана калган болчу. Өздөрүнүн кишилеринин аларды улам кысымга алып жакындап келатышканын көрдү да "сотовой" телефону аркылуу: "Кара чүмбөтүңөрдү кийгиле!" - деп буюрду. Бир маалда удаа-удаа ыргытылган кол гранаталарга эки-үч жерде катуу жарылуу болуп анан тынчып калды. Атышуу дээрлик эки сааттан ашык созулуп кетиптир. Айланада акырындап караңгылык суюлуп, тээ чыгыш тарап агарып келаткан болчу. Спартак да шашпастан кара чүмбөтүн, колуна кара ичке булгаары мээлейин кийди дагы төмөн карай чуркап жөнөдү. Атышуу болгон кууш капчыгайга жеткиче кадимкидей айланага жарык кирип, тегеректин баары көрүнүп калган эле. Төмөн жактагы кара чүмбөтчөндөр жерде сулап жаткандардын үстүнөн аттап өтүшүп өлүү-тирүүлөрүн текшерип атышыптыр.
Экөө чала жан боло көздөрүнүн кыйыктары менен кара чүмбөтчөндөрдү карап онтоп жатышкан эле. Спартак качып кеткен аттар менен эшектерди кармап кайра алып келгени экөөсүн жөнөттү. Алар кара чүмбөт кийип жүрүшсө дагы өзгөчө белгилери менен бири-бирин жаземдебей таанышчу. Спартак Абдугапардын кулагына шыбырады.
- Булардын жетекчиси кайсы?
Ал өлүп жаткандарды бир сыйра кыдырып карап чыккан соң аны таппай кайра келди.
- Булардын арасында ал көрүнбөйт.
- Каякка кетиши ыктымал?
Спартак бир нерсени эстегендей дароо эле өйдө көздөй тоо кыялап чуркап жөнөдү. Чоң таштын алдында эки бутуна ок жеген кишинин жанына жетип келди эле ал эбакта эле өзүн-өзү атынып өлүп калыптыр. Артынан чуркап келген Абдугапар аны жаземдебей тааныды.
- Ооба, ушул болчу. Бул бардыгынын үстүнөн карачу, ал акырын эңкейип колтугундагы байлануу булгаары сумкасын сууруп алды, - мынакей анын байлыгы. Чек арачыларга, алардын чоңдоруна ушулар менен эсептешет. Ал сумканы ачты эле анын ичи толтура таңгак-таңгак болуп ирээти менен тыкан салынган Американын долларлары экен. Экинчи сумкасында болсо өзүнүн чет элдик беш-алты паспорту жүрөт. Алар анын жан жерлерин бир сыйра текшерип чыгышкан соң кайра төмөн карай шашылышты.
- Кой эртелебесек болбойт, тияк жакта күтүп турушкандар булардын кечигип атканын билишип шек алып калышса дароо эле жетип келиши ыктымал. Алар төмөн жакка түшүп келишкенде атышууда үркүп качып кетишкен ат, эшек, төөлөрдү чогултуп күтүп турушуптур.
Ак порошоктор кичинекей желим баштыкчаларга салынып, алар жыгач жащикчелерге тыкан жыйылып, сыртынан чүпүрөктөр менен оролуп коюлуптур. Бирөөсү алардын бирин бычак менен жарып сөөмөйүн тийгизип, тили менен ###### көрдү.
- Таза иштетилген бангизат бардыгы он алты мүшөк экен. Буларды эмне кылабыз?
Спартак бир аз ойлонуп турган соң шашыла тигилерге буйрук бере сүйлөдү.
- Буларды тез арада жок кылуу керек. Бул заттар дүйнө жүзүнө акырындап тарап канчалаган гана адамдарды акыл-эсинен адаштырып, наркоманга айлантып атат. Булардын эсебинен бирөөлөр миллиардер болуп байып атышса, экинчилери анын азабын тартып бейажал өлүмгө учурап жатышат. Өлбөгөндөр же тирүү эмес, же өлүү эмес өмүр бою запкы жеп жүрүп өтүшөт. Бирөө миллионер болсо миллиондогон адамдар мунун туткуну болушууда. Кандай болсо да миллиондогон адамдарды сактап калуу керек. Тез аранын ичинде мунун көзүн куруткула!
Кара чүмбөтчөндөр таптаза болуп иштетилген героин, кокаин, дагы ушул сыяктуу мүшөккө салынган наркотикалык заттарды бир жерге алып келип үйө башташты. Анан Спартактын буйругу боюнча алардын үстүнө күйүүчү порошокторду ыргытышып төгүшүп өрт коюшту.
Алоолонгон өрт адегенде үстүнө кара түтүн уюлгута асманга көтөрүлүп чыгып анан дүркүрөп өрттөнүп кирди. Алар өздөрү менен кошо ала келишкен күйүүчү порошокторду үстөккө-босток жалбырттап күйүп аткан отту дагы күчөтүп чачырата беришти. Бул жерге экөө калып, калгандары өлүп жаткандардын баарын бирин да калтырбай чогултуп көтөрүп келишип чоң чуңкурга кыдырекей кылып жаткырышты да үстүлөрүнөн көмө башташты. Алиги чала жан жатышкан экөөсү да өлүп калышкан болчу. Бардыгын көмүп бүтүшкөн соң үстүлөрүнө билгизбей таштар менен жаап, араларына чырпыктарды таштап коюшту. Ал эми ары жакта эч нерседен бейкапар турушкан бангизат ташып жүрүшкөн үйрөтүлгөн малдарды туш-туш жакка айдап таратып жиберишти.
Бул мезгил аралыгында абакта таң агарып күн уясынан кылтыйып чыга баштаган эле. Бардыгы тең шашылыша өздөрүнө түшкөн олжолорун алыша кууш капчыгайга түшүп алышып мурунку келген жолдору менен тыным албай чуркап жүрүп отурушту.
Куугун
Алар он чакырым аралыкты бир тыным албай чуркап өтүшкөн соң чоң таштын түбүнө бир аз тыныгуу жасашты.
- Эптеп тиги эски мал сарайдын ичиндеги машинеге жетип алсак аны менен чоң шоссе жолго чыгып кетип көпчүлүк кыймылга, машинелерге аралашып кетет элек.
Спартак оозун жыйгыча ары жактан вертолеттун учуп келатканын көрүп, баары жабыла чоң таштын түбүнө кулашты. Бетинде кызыл жылдызчасы бар жашыл вертолет тике эле алардын үстүнөн уча алиги окуя болгон жакка багыт алып көрүнбөй калды. Тигилер бир аз жатышкан соң ордуларынан турушуп, өз ара бул вертолетту талкуулаша кетишти.
- Алар бизди байкап калышкан жокпу?
- Байкап калышы да мүмкүн, күтүлбөгөн жерден чыга калбадыбы.
- Бул чек арачылардыкы го дейм?
- Андай болушу да мүмкүн, бирок чек арачылар бул жакты текшеришпейт. Анткени тигилердин тоо арасындагы жолун жакшы билишет. Менимче, бул вертолет тигил жакка багыт алып шашылыш учканына караганда контрабанданын чалгынга жиберилген вертолету. Тигилер кайра кайтып келиши да мүмкүн, кой тездебесек болбойт. Кана, турдук, кеттик!
Жапа тырмак баары ордуларынан атып турушту да кайрадан жүгүрүп жөнөштү. Арадан жарым саат өтпөй арт жактарынан өздөрүн көздөй катуу ылдамдык менен учуп келаткан вертолетту көрүшө таштардын алдына чуңкурларга далдаланышты. Тилекке каршы жашына турган буйтка жерлер, таштар аз болчу. Сыягы, вертолет тигилерди атайын кууп келген окшойт, дал эле алардын тушуна келгенде үстүлөрүнөн окторду мөндүрдөй жаадырып аткылай башташты.
Кол пулеметтун огу менен тим эле баш көтөртпөй эч тыным албай аткылап атты. Чоң таштын далдаасында турган Спартак өйдө карай аларга каршы ок атып көрдү эле өзүнө карай мөндүрдөй жааган окко туруштук бере албай таштын түбүнө башын калкалады.
- Мен муну бул жактан алаксытып турайын, силер тигил чоң таштардын коңулуна чуркагыла! - деп Спартак кыйкырып бери жактан өйдө карай эки-үч жолу ок атып көрдү. Вертолет Спартактын жашынып турган жагына айланып, жакыныраак учуп келгенде ал таштын аркы бетине ушунчалык тездик менен оодарылып кетти. Мөндүрдөй жааган ок Спартактын мурунку турган ордуна ташка тийгенде кайып кетип чуулдап башкача үн чыгарып атты. Вертолет улам ташты айланган сайын тиги да ташка далдаланып, айланып жашынып атты. Ошондой маалдан пайдаланышын беркилер да туш-туш жакка чачырата чоң таштарга далдалана беришти. Чуңкурчада көмкөрөсүнөн былк этпей жаткан Альбертке улам-улам көз жүгүртүп коюшуп, эми алыс-алыс жайыла, чачырап кетишкендиктен улам-улам баш көтөрө калышып жооп кылыша өйдө жактагы вертолетту аткылап атышты. Альберт көмкөрөсүнөн жаткан боюнча былк эткен жок.
Вертолет ар кайсы таштардын булуңдарында жашынып алышып аткылап аткан төмөн жактагылардын ары жагына бир өтүп, бери жагына бир чыгып, ойкуп-кайкып тигилердин айласын алты кетирди. Таптакыр эле аларга үстөмдүгүн жүргүзүп, бирде жакын учуп келип, кайра алыстап кетип баш көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей атты. Бир таштан экинчи ташка оодарыла тез чуркап өткөн Хамидге да ок жаңылды. Ок сол балтырына тийсе керек чоң таштын коңулуна кире кулай, эки колу менен сол бутун сыйпалай бөк түшүп калды. Кырдаал уламдан улам кыйындап баратты. Өйдө жакта вертолеттогулар төмөн жактагыларды тим эле оюнчук кылып ойнотуп атты. "Минтип отурушса тигилер бирибизди да аман калтырышпайт. Убакытты да утушат, кандай болсо да кырдаалдан чыгыш керек" - Спартак автоматын ары жерге коюп, артында асынып жүргөн снайпер мылтыгын колуна алды.
- Кана, жигиттер, эптеп тигилерди аткылап алаксыткыла! Мен даярданып алайын, - ал ар кайсы таштардын булуңдарында корголоп аткандарга кыйкырып, ошол жаткан боюнча мылтыгын октоду. Беркилер туш-туш жактан аткылап жашына калышып, бир таштан экинчи ташка жүгүрүп өтүшүп вертолеттогуларды алаксыта башташты. Кырдаалдан пайдалана Спартак снайпер мылтыгы менен вертолеттун рулунда отурганды мээлеп туруп чекеге атты. Ал рулду кучактаган боюнча көмкөрөсүнөн жатып калганда аны менен кошо вертолет да ары-бери калдактай баштады. Анын ичиндегилер атканын токтотуша өз алапайларын таппай шашып калышты. Спартак убакытты текке кетирбей мээлеп туруп эртеден бери кол пулемет менен төмөн жактагылардын айласын кетире тындырбай аткылап аткан кишини чекеге атты. Ал вертолеттун оозунан төмөн карай учкан боюнча кетип денеси жерге тийип күмжам болду. Бир аздан кийин вертолет өзү да акырындап төмөндөп келип жерге үч метрдей жетпей боюн таштап жиберди. Жерге катуу түшкөндүктөн темирлери дөңгөлөктөрү мыйрыя, айнектери быркырап жатып калды. Бирок эмнегедир өрттөнгөн жок. Бардыгы ордуларынан атып туруша жабыла вертолетко чуркап барышты. Болгону вертолеттун ичинде үчөө гана экен. Эртеден бери буларды үчөө эле мышык-чычкан ойнотуп атышыптыр.
Абдугапар чуркап барып көмкөрөсүнөн жаткан Альбертти өйдө көтөрдү. Ок анын көкүрөгүнө тийиптир, оор дем ала ал акырын көзүн ачты. Бул жолку аткылашууда Хамид, Альберт экөөнө ок жаңылыптыр. Хамидге караганда Альберттики оор экен.
- Кана, кеттик: "Урушта туруш жок!" - баары жабыла Спартактын артынан ээрчишти. Хамид менен Альбертти кезек менен көтөрүп алышты.
- Катуу ызы-чуу баштала электе көздөн кайым болуп кетишибиз керек. Бизди билип калышчу болушса катуу кагылыш болот.
Кызыл-ала болуп кансыраган экөөнү көтөрүп баратышкан куралчан төрт кишини көрүшкөндө ким да болсо шек алмак. Бирок бактыга жараша аларды эч ким көргөн жок. Алар көмүскө жерде жашырылып коюлган машинелерге жеткенче бир тыным алышкан жок. Анткени Альберттин ахывалы уламдан-улам начарлап бараткан эле.
Арадан жарым саат убакыт өтпөй эски сарайдан чет элдик эки жеңил машине куушуп чыгышты да чаңдарын арттарына уюлгута катуу ылдамдык менен жүрүп отурушту. Машинелер жүрчү асфальт шоссе жолго чыгышканда ылдамдыктары андан да катуулады.
* * *
Орто Азия түгүл СНГнын бардык булуң-бурчтарында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кара чүмбөтчөндөрдүн арттарынан сая түшүшүп, куугунтуктап калышкан эле. Бирок алардын уюгун, кайсыл жерде жүрүшкөндөрүн так аныктай албай атышты. Кара чүмбөтчөндөрдүн ызы-чуулары бирде Өзбекстанда болсо, бирде Казакстанда, бирде Тажикстанда же Түркмөнстанда, же болбосо Кыргызстанда болуп атты. Аларды тууратып Россиянын ар кайсы жерлеринде кара чүмбөтчөндөр пайда боло баштады. Жаңы уюшулган топ кармалышканы менен чыныгы кара чүмбөтчөндөрдүн издерин таппай жүрүштү. Алардын аябай көзгө атаар мергендигин, спорттун бардык түрлөрү менен машыгышып жүрүшкөн профессионал топ экендигин жер-жерлерге эскертип жүрүштү. Бул уюшкан топ канчоо экенине эч ким так эсебин алалбай коюшту. Ар ким ар кандай божомолдорду айтышып, бири отуздан ашык киши экен десе, экинчилери онго жетпеген эле кишилер деп ар түрдүү маалыматтарды берип атышты.
Күтүлбөгөн ажырашуу
Бишкекке эптеп жетишкенден кийин Альберт менен Хамид жашыруун дарыланып жатышты. Буга чейин алар жолдо эки-үч жолу тыныгуу жасашып, Оштон жергиликтүү врачтарды жалдап келишкен. Алардын жардамы менен бир сыйра жаралуу жерлерин тазалатып, күчтүү дарыларды жагып, бинт менен таңдырып коюшкан эле. Жергиликтүү врачтар кара чүмбөтчөндөрдүн өңүн көрө алышкан жок. Тек гана чоң суммадагы акчаны алышып, бул жөнүндө эч кимге айтпоо жөнүндө сөз беришип, кайра жолдоруна түшүшкөн. Аларды кайра үйлөрүнө жеткирип коюшкан болчу. Бул жакта да алар акчага жалданган өздөрүнүн тааныш врачтарынын көзөмөлүндө турушту. Экөө тең денелеринен катуу жарат алышканы менен контрабандалардан түшкөн олжонун, акчанын жалпы суммасын эсептеп көрүшкөндө беш миллион долларга чукулдап барып калыптыр. Абдугапардын айтуусу боюнча бул контрабанданын негизги уюгу Гонконг менен Сауд Аравиясында топтолуптур. Алардын бүт дүйнө менен наркобизнес боюнча мафиясы, байланышы бар экен.
- Биз кокусунан ажыдаардын куйругун басып алган жокпузбу? - Алмаз тынчсыздана кетти. Баары бир паска тымтырс болуп калышты.
- Мейли, кайда барсаң Мамайдын көрү, бизде эми тынчтык болбойт. Бирок бизге баары бир эмеспи, туурабы? Өзүбүз да тынч жашаган жан эмеспиз да. Буларга, эч ким тең келбес күчтүү мафияга ички иштер бөлүмү түгүл мамлекеттин өзү дагы кийлигише алышкан эмес, атүгүл анча-мынча болсо дагы тоскоолдук кылышпаган. Эми көрүп, сестенишсин мафияга каршы кандайдыр бир күчтүн бар экенин.
- Мунун Кыргызстанга, жаңыдан буттарынан туруп келе жаткан мамлекетке залакасы тийбейби?
- Алардын буга эмне тиешеси бар?
- Кандай, эмне тиешеси бар? Бул деген Кыргызстандын аймагында киши барбас тоолордун арасында болуп атпайбы. Жергиликтүү элдерден көрүшү да ыктымал да?
- Биринчиден, алиги талкаланган вертолет чек арачыларга тиешелүү, алар мафиянын кишилери болсо да баары бир чек арачылар катары эсептелинип, кандайдыр белгисиз каракчылардын колунан же, тагыраак айтканда, бизден курман болушпадыбы. Бул тууралуу ар кандай версиялар айтылышы мүмкүн? Албетте, биринчи кезекте эле биз тарапка таш ыргыйт. Алар бизден кара чүмбөтчөндөрдөн шек туудурушат. Ал эми биздин бул өлкөгө тиешебиз жок экени көпчүлүгүнө эле маалым. Ансыз деле көрүп турасыңар, бардык жерлерде бизге каршы кандай гана катуу активдүү иштерди жүргүзө башташты. Өзгөчө Гурьеводо болгон окуяга азыркыга чейин чуулдап жүрүшөт. Албетте, биз алардан деле коркпойбуз дечи. "Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт", бирок баары бир өтө эле сактыкты, кыраакылыкты талап кылат. Азыр биздин ар бир кадамыбыз аңдууга түшүп калды. Эгер кичине эле нерседен шек алдырсак сары изибизге чөп сала башташат. Улам-улам жер которуп турбасак, бир жерден бат эле дарегибизди билгизип коебуз. Эми жарым жылдай эч бир дымыбызды чыгарбай ар кимибиз өз мекендерибизге, жер-жерлерге тарап кетпесек болбойт. Бул биз үчүн убактылуу тыныгуу болот. Башка мүмкүнчүлүк жок. Биз эң крупный мафиянын куйругун бастык окшойт. Мунун ызы-чуусу жакынкы аралыкта басылбайт. Ар кимиңер эми кетип баратканда жаныңарга эч бир курал албагыла.
- Жарым жыл көп эмеспи?
- Тескерисинче аз, буга да убакытты кошуубуз керек. Кана кимдин кандай ою бар, канча жылдан кийин кезигишели?
- Менимче, бир жыл туура болот го дейм?
- А менимче ал аз, мунун ызы-чуусу али басыла элек мезгил болот. Өчүп бараткан жалынды ого бетер алоолонтуп, атүгүл ага өзүбүз да күйүп кетишибиз мүмкүн. Андан көрө эки жылга чачырап, тарап кетели. Эки жылдан кийин жаңы жылды кайрадан ушул жерде тоскондой бололу. Үйлөнгөнгө шашпагыла, али эрте, ар нерсенин өз мезгили болот. Буга кандай дейсиңер?
Бардыгы Спартактын айткан сунушуна макул болушкандай унчукпай турушту.
- Ал эми тиги Ян Густтун маселесин эмне кылабыз?
- Тим кой, бандасы менен өз билгендерин жасап жүрө беришсин сайрандашып, алар менен кийинчерээк эсептешебиз. Азырынча ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алар менен алышып жүрө беришсин. Кана, кимде кандай суроо бар?
Баары тунжурап, ойлонуша тымтырс болуп калышты.
- Анда мындай, ар бириңерге албетте акча керек. Кимге канча акча керек уялбай айта бергиле?
Мындай күтүлбөгөн чукул сунушка баары тең унчугушпай, бири-бирин карап оңтойсуз боло түшүштү.
- Айта бергиле, тартынбагыла. Мынча акчанын баарын ар кимиңер өз эмгегиңер менен таптыңар. Бул акча үчүн канча кан төгүлдү. Өзүбүз да оңой жарат алган жокпуз. Жалпы казынабызда Кудая шүгүр жаман чогулган жок. Баш-аягын эсептей келгенде билинбей эле жергиликтүү акчаларды эсептебегенде он миллион долларга чукулдап калыптыр.
Бардыгы таңгалыша ишенбегендей ооздорун ачып туруп калышты.
- Буга таңгалбай эле койгула. Мен кошуп же мактанып, оюм дан чыгарып айтып аткан жокмун. Өткөн жолу шашпай баарын эсептеп чыктым. Буга өзүм да таңгалып отурам. Албетте, ушул боюнча эле тарап кетип, тынч оокатыбызды кыла берсек болот эле. Тынч жашообузга акча Кудая шүгүр жетиштүү эле болмок. Бирок биз тынч жашай албайбыз да. Майда рэкеттерди эсептебегенде Ян Густка окшогон элдин канын соруп аткан ири мителердин, крупный бандалардын, мафиялардын баарын көзүн курутуп туруу керек. Криминалдар чөйрөсүн таптакыр тазалап жибербесек дагы ириде акулаларын жоготуш биздин милдет. Аларды биздей болуп эч ким, эч бир жан жазалай алышпайт. КГБнын дагы, милиция, сот, мамлекеттин дагы мындай кылмышкерлер он же беш-алты жылдан кийин эле кутулуп чыгышат да кайра мурунку иштерин уланта беришет. Биздики болсо только "өлүм жазасы". Тиги дүйнөдөн эч ким кайтып келген эмес. "Кандуу Ордодо" соттун чыгарган өкүмдөр үн аткарып келсек, азыр өзүбүз өкүм чыгарып, өзүбүз аны аткарабыз. Бул биз үчүн чыныгы адилет сот болот. Ар бир адам өзүлөрү жасаган күйөөлөрү үчүн жазаланууга тийиш.
- Мафиялардын, чириген байлардын ишине кантип кийлигишебиз дагы, аларды кантип жок кылабыз?
- Албетте, алардын баарын жок кыла албайбыз. Бирин жок кылсак, экинчилери кайра пайда боло берет. Майда нерселерге көңүл бурбай биз "крупный мафиялар" менен гана зсептешип турушубуз керек. Болуптур, бул маселе боюнча кийин чогулганда шашпай кайрадан жакшылап сүйлөшөбүз. Андан көрө негизги темага өтөлүчү. Мына азыр кырдаал кыйын болуп турат. Жакын аранын ичинде тымызын тарап кетпесек, контрабанда тууралуу дүйнөлүк деңгээлдеги ызы-чуунун башталганына баарыңар эле күбө болуп атасыңар. Биз канчалык кыйын болгон күндө да аларга каршы эч нерсе кыла албайбыз. Убактылуу болсо да кара чүмбөт наамын булгабай тынчыраак жашай туралы. Кана, эми негизги нерсеге кайрылалычы. Кимге канча керек? Айта бергиле? Мисалы, Хамидге Тажикстандын борборунан шикарный үй сатып алганга акча керек, туурабы? Сөзсүз түрдө ал жактан үй алып коюшуң керек. Менин билишимче Ян Густтун негизги ордосу да ошол Душанбеде окшойт. Сенин ал жерде экениңди билип калышса алар сага тынчтык беришпейт. Бирок өткөн жолку окуядан кийин бизден жашырынып, уюгун башка жакка оодарыштырып, жер которуштуруп кетиши да ыктымал. Ошентсе да баары бир эскертип кетчү нерсе, сак бол. Алар менен кездешпегенге, кагылышпаганга аракеттен. Менин бирден бир өтүнүчүм ушул. Кимде дагы кандай сунуш бар?
- Куралдардын баарын бул жакка калтырып кетпей, өзүбүз менен кошо бирден пистолеттерди алып албайбызбы? Анткени ар кандай кокустуктар болуп кетиши мүмкүн да?
- Мен дагы ошол себептен куралыңарды бул жакка калтырып кеткиле деп атпаймынбы. Эгер кимдир-бирөөлөргө ок атыла турган болсо, ички иштер кызматкерлеринин көңүлүн сөзсүз өзүңөргө буруп аласыңар. Ал эми кандай тоскоолдуктар болсо дагы куралсыз эле кол менен, таптакыр айла кеткенде жөнөкөй эле ашкана бычагы менен эсептешкен колуңардан келет. Мен силердин дараметиңерге, күчүңөргө ишенем. Силер профессионалсыңар. Бирок колдон келсе, таптакыр эч ким менен кагылышпоого аракеттенгиле. Ушул эки жыл ичинде бүт дүйнөгө ызы-чуу түшүп бараткан кара чүмбөтчөндөрдүн дайыны да, дымы да чыкпай калгандай болсун. Керек болсо калаадан алыс кетип, алыскы райондорго жашагыла. Бири-бирибиз менен телефон аркылуу өзүбүздүн жашыруун ысымыбыз, "паролубуз" менен байланышып турабыз. Убакытты өткөрбөй тез арада чачырап кетпесек, Бишкекте да биздин сары изибизге түшкөндөр көбөйө баштады. Кимге канча керек, алгыла. Акча бул - суу, бүгүн бар да эртең жок, аккан суудай билинбей агып кетет. Эртеңкини ойлоп, ал жөнүндө кам санабагыла. Баарыбыздын башыбыз аман болсо, эртең эле андай акчалардын далайын табабыз. Кана, кимге канча керек? Эки жылга чейин кенен кесир басып, ичип-жеп жашагыла. Кимге акча керек болсо мени менен байланышып, келип алып кетип тургула. Бирок эскерте кетчү нерсе, ресторан, барларга барып үлпөт кылганыңарды азырынча токтоткула. Азыр бизди үстүбүздөн издеп, аңдып жүргөндөр аябай көп. Ян Густтун көзүнө чалдыгып калышыңар да мүмкүн. Анда ал өзүнүн кишилери менен бизди бирден терип жок кылат. Алар илинчек эле таппай жүрүшөт. Кыскасы, суук көздөрдөн алыс бололу.
Алтоо тең өз ара ийри отурушуп, түз кеңешише кийинки пландарын талкуулап атышты. Көп суммадагы акчаны эч кимиси деле сураган жок. Ар бири жүз миң доллардан гана алышты. Анткени Орто Азия боюнча доллардын курсу аябай жогорулап, өз бийлигин жүргүзүп турган эле.
- Өзүңөр баарын көрүп, түшүнүп турасыңар. Тымызын бир-бирден кетип отуруп, тарап кетишибиз керек. Бардыгыңар Алмаз аркылуу байланышта болосуңар. Ал аркылуу мен да силердин дайыныңарды билип турам. Мен, албетте, силерге ишенем, жаман оюңарга албагыла, бирок эскертип кетчү дагы бир нерсе бар. Убактылуу канчалык бири-бирибизден алыс болбойлу, берген убадабызды, антыбызды унутпайлы. Кандай кокустукка кабылсак дагы бири-бирибизди сатышпайлы. Азгырыкка, байлыкка кызыгып, башкаларга кызмат өтөп кетпейли. Бири-бирибизге берилгенибиз, сыйлашканыбыз ушул боюнча калсын. Убактылуу да болсо коштошоор алдында баягы сөзүбүздү дагы бир жолу кайталап коелу, - Спартак муштумун түйө оң колун алдыны карай сунду эле бардыгы тегеректеше анын колуна өздөрүнүн колдорун коюшту да бир ооздон хор менен айтып киришти:
- Биз ушул боюнча бири-бирибизге берилген боюнча калабыз, эгер чыккынчылык кылып, берилген антыбызды бузсак, анда өз каныбыз менен жууйбуз.
Ошол түнү алар Алмаздын үйүнө акыркы жолу отурушту да түнү менен тымызын акырындап тарап, өз мекендерине кете башташты. Альберттин жарасы анча-мынча карттанып, толук айыга элек болгону менен Хамид кадимкидей калыбына келип калган эле. Алардын эртерээк сакайып кетиши үчүн эч акча аяган жок. Болгон эң күчтүү дарылар менен дарыланышкан болчу. Эки күн ичинде алар акырындап кетип отуруп, үйдө Спартак менен Алмаз гана калды. Дагы эки күн өткөн соң Спартак да камына баштады.
- Мен дагы мекениме кетишим керек, тиги Чеченстан азыр кичине тынчый түшкөнсүбөдүбү. Ушундай кырдаалдан пайдаланып, дайынсыз жоголуп кеткен карындашымды таап алайын. Орустар менен чечендердин кагылышы ушул боюнча эле тынчып кетсе кана, атаганат. А-а-ай, тынчыбайт го? Бири-бирине аябай эрегишип алышты. Бирок ошентсе да өзүмдүн туулуп өскөн мекенимде болуп келейин. Баары бир ал жакка барганда деле мага тынчтык жок болот болуш керек. Анткени үстүмдөн андуулар болуп, артымдан куугунтук жүрүп, менин дайынымды бардык жерлерден издеп таба албай жатышпайбы. Кыскасы, мен дагы башка ат, фамилия менен алыскы айылдарга кетем. Телефон аркылуу байланышып турабыз. Ал эми мага болсо өзүң билесиң жагдайды, сөзсүз түрдө курал керек. Мени бүт бардыгы эң коркунучтуу кылмышкер деп эсептешет, көргөн жерден атып салышы да ыктымал, - Спартак Кандуу Ордодон ала келген пистолетин алды. Өзүнө анча-мынча акчадан башка эч нерсе алган жок. Ага удаа эле Алмаз да айылына барып, бир аз эс алып келүүнү чечип, жөнөп кетти. Арадан жарым саат өткөн соң заңгыраган эки кабаттуу үй жымжырт болуп ээн калды.

Биринчи бөлүмдун, аягы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 05:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Экинчи барака аттабай шайды алды го, лимити түгөнбөй барактын. :)

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 05 Февраль 2014 - 05:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 05:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

....

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 05 Февраль 2014 - 05:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   05 Февраль 2014 - 11:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Автор бул канча болумдон турат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 16:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

MEDER_KULETOV (05 Февраль 2014 - 11:00) жазган:

Автор бул канча болумдон турат?


Эки бөлүм,окуп жетишпей калдыңбы? :)/>

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 05 Февраль 2014 - 16:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 17:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Саадатбек Мырзакул
Кара чүмбөт

(Детектив-роман. Экинчи китеп.)

Жаңы жетекчинин платформасы
Өткөн Тажикстандагы ызы-чуулуу окуядан кийин арадан бир жума өткөндө Альберт менен Раббил Өзбекстандан келишти. Анын дарегин Альберт көп кыйналбай эле тааптыр. Ал өзүнүн сөзүнө туруп берилген тапшырманы так аткарып кайтты. Баардыгы кайрадан экинчи кабаттагы залда чогулуп отурушту. Раббил адегенде сөздү өзү баштады.
- Мага ишеним көрсөткөнүңөргө силерге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мени Спартак сыяктуу "Ермак" деген кличкам менен айтпай өз атымдан эле айткыла. - Ал өзүнүн ички оюн айтып отурду. - Силер жөнүндө мен көп уккам. Адегенде булар ким болду экен деп көп анча түшүнө албай жүргөм, кийинчерээк Спартактын окуяларын телевизордон бир канча жолу көргөндөн кийин гана чүмбөтчөндөрдүн ким экенин боолгодум. Бирок, анын командасында канча киши бар экенин, алар кимдер экенин билчү эмесмин. Алардын ичинде Алмаз менен Хамид бар экенин жоромолдочумун, атүгүл тигил маркум Абдугапардын да силерге кошулуп кеткенин укпаптырмын.
Албетте, Спартактын өлгөнү абдан өкүнүчтүү. Анын бир кемчилиги бар болчу. Бирөөлөрдүн сөзүнө бат ишенип кетчү, андан сырткары өзүнө да аябай ишенчү. Ошонун кесепети тийген турбайбы. Кандай гана кейиштүү нерсе, силердин топтун уюшулганынан бери, эки жылга чукулдап баратыптыр. Ушул жылдын ичинде өзүңөргө пайдалуу эмне иштерди жасадыңар? Артыңарга бир кылчайып отчет берип көрдүңөрбү?
Баары тең унчугушпай жымжырт болуп турушту.
- Кандай болсо да өткөнгө отчет берип, келечекке план түзүп иштеп, жашаш керек. "Жалгыз дарак токой болбойт", керек болсо топту дагы көбөйтүш керек. Силердин тиги кореецтен, Ян Густан эмнеңер кем? Ал ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин баарын колуна алып койгон. Эмне былык иш жасаса да билинбейт. Азырынча биздин ким экенибизди зч ким билбегенден кийин милиция кызматкерлери менен жакын байланыш түзүшүбүз зарыл. Ал жөнөкөй адам эмес, жогорку чини бар офицер кызматындагылары болуш керек. Ошолор аркылуу өзүбүз жөнүндө маалыматтарды алып турабыз. Бизге каршы жасалган иштердин негизги булагы ошолор болот.
Ортодогу казынада деле бир топ байлык бар экен, ар би-риңердин андан ары жашап кетишиңерге жетишээрлик акча топтолуптур. Казынага дагы прибылдын түшө турган чоң жолу бар, ал кандай жол экенин билесиңерби? Кирешелүү банктарды тоноо, анүчүн көп убакыт талап кылынат. Ар бир банктын структурасынан баштап, схемасын, жумуш режимин, кирешесин, охранасынан бери жакшылап изилдеп чыгышыбыз абзел. Алдыбызда ар бир СНГ мамлекеттеринин банктарынын тизмеси, схемасы турушу керек. Кайсыл банкты тоноо ылайыктуу болсо, шашпастан бир ай болобу эки ай болобу тыкан изилдеп чыгып, анан күтүлбөгөн жерден кол салып акчаларды алып, кайра күтүлбөгөн жерден жок болуп кетүү керек. Ал өзүбүзчө аябай машыгууну талап кылат. Биздин казынага түшкөн кирешенин эң негизги эле өзөгү ушул болот, силер сыяктуу байлыкты кашыктап чогултпайбыз. Мында чөмүчтөп бир сузганда эле толуп калат. Бул боюнча силердин ой-пикириңер кандай?
- Анда өтө эле аша чаап кетпейбизби, биздин үстүбүздөн "секретный агенстволор" иштей башташты. Аларга жиптин учугун таптырбаш керек, жиптин учун таап алышса эле бүттү, четинен жандырып отуруп бизге да жетишет. Ишти чатакка айлантып албайбызбы?
- Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт, биз деген көк жал карышкырларданбыз. Тээ башынан криминал чөйрөсүнө аралаштыкпы, бир жерде токтоп калган суудай болбой, кыймылдап, алга карай агып турушубуз керек. Чөөт да көпкө бир орунда туруп калса жыттанып, сасып кетиши мүмкүн. Бул бир, экинчи маселе, кандай болсо да Ян Густун бандасын түп тамырынан бери кыйып, жок кылуубуз зарыл. Бул иш Спартактын колунан келе калган жок, өтө эле өзүнө ишенүүсүнө алдырып койду. Ар нерсенин өзүнүн мезгили болот. "Темирди кызуусунда сок" дегендей ошондой кырдаалды мимо пропускать этпеш керек. Аларды жок кылууга, Ян Густун көзүн тазалоого сөз берем. Дагы бир прибыльдуу нерсе бар, ал - наркобизнес.
- Жок, болбойт, биз андан алыспыз. Элдердин баарын наркоман кылгыбыз келбейт, - буга бардыгы каршы чыгышты.
- Жок, силер түшүнбөй калдыңар, биз наркотик сатпайбыз же сатып албайбыз. Болгону ошолор соода кылып жаткан контрабандисттерди дал үстүнөн кармап алып, карактап алып турабыз. Баңгизаттарын жок кылабыз, ал эми акчалары болсо казынабызга түшүп турат. Алардын уюктарын мен жакшы билем, анча-мынча аралашып, чет-чекелерин көрүп да калгам. Ал жактан өз убагында чыгып кеткенге үлгүргөм. Гүргүштөгөн дипломаттары толтура долларлардын баары ошолордо, муну мамлекеттердин өздөрү да билишпейт. Андан, сырткары ар бир мамлекеттеги криминалдарды, "авторитеттерди" өзүбүзгө тартуу, аларды баш ийдирүүбүз зарыл. Сен айтып атпайсыңбы Алмаз, биздин үстүбүздөн жашыруун агенттер иштеп атат деп, бизге милиция кызматкерлеринин өздөрү жардам бергендей кылабыз. "Дүнүйө, байлык пайгамбарды да жолдон адаштырыптыр" дегендей акча турганда бардыгын колго алабыз. Баса, спорт менен машыкпаганыңарга канча болду?
- Алмаздын спорт залына барып кез-кез машыгып кала-быз...
- Мындан ары кез-кез эмес, стабилдүү, жумасына бир же эки жолу машыгып турушубуз керек. Денебиздин ар дайым чың, чымыр болуп турушу талап кылынат. Албетте, жер жамандап барбасын дечи, Спартактай болуп чалды-куйду, чаржайыт иштебей бир нукка түшүп ошол нук менен кетели. Бардык нерсени план менен акылдашып иштейли. Менин азырынча силердин алдыңарга койгон платформам ушул. Ким деле болсо жогору жакка шайланып атканда өзүнүн платформасын айтат эмеспи. Ойлонуп көргүлө, менин бул платформам силерге жакса ушул боюнча иштейли, жакпаса дагы башкача пландаштырып, акылдашып-кеңешип иштейбиз.
Ошо күндөн баштап баардыгы тең Раббилдин айтканы боюнча Алмаздын спорт залында өздөрүнчө машыгууга өтө башташты. Алар Кандуу Ордодо кандай машыгышса бул жакта да ошондой машыгууларды, көнүгүүлөрдү бир сыйрадан кайталап жүрүштү. Кыймыл-аракеттери, реакциялары анча-мынча өзгөргөнү менен мушташуу ыкмалары, техникалары ошол эле боюнча экен. Алмаз өзүнүн балдарын машыктырып бүткөн соң аларды кетирип жиберип, бешөө залды ичинен бекитип алышып ээн-эркин машыгышчу. Кээ бир учурларда ээн тоолордун арасына барып аткылоо боюнча норматив тапшырышып кайрадан бир сыйра даярдыктан өтүп чыгышты.

Чыгыштын карт бүркүтү
Бир күнү спорт комитети Алмазды өзүнө чакырып өмүрү укпаган жаңылык айтты.
- Эки жумадан кийин бүткүл Орто Азия боюнча эл аралык турнир уюштурулуп жатат. Спортсмендердин баарын ылгап көрдүк. Буга сенден башка бизде ылайыктуу киши жок экен. Ал эмне болгон турнир билесиңби?
- Ал эмне болгон турнир экен?
- Бул беттешүү, өзгөчө беттешүү. Чет өлкөлөрдө мындай беттешүүлөр болуп эле келген, ал эми мурунку Союздун ичиндеги Орто Азия бөлүгүндө бул биринчи жолу уюштурулуп жатат. Анын эч кандай эрежеси, эс-кертүүлөрү, тыюу салуулары жок. Ким кандай кааласа ошондой согушуп, мушташа берет. Муну "бой без правил" деп коёт. Мындайча айтканда кандай согушсаң да өз эркиң. Таэквондо, ушу, каратэ, кунг-фу, бокс, күрөш, самбо, айкидо, кыскасы спорттун бардык түрлөрү эркин колдонулат. Түшүнүп атасыңбы?
- Ооба, бул жөнүндө укканым бар.
- Ошондой, муну бизче айтканда "Кандуу спорт" деп коёт. Өтө сак, кыраакы болбосоң, бир же-риңди талкалай тээп, кабыргаларыңды капшырып, жаагыңды же моюнуңду сындырып, бети-башыңдан тамтык калтырбай жанчып салышы-ыктымал. Мен айтып атпаймынбы, жеңилген жигит өзү багынып бербесе же таптакыр эс-учун жоготуп жатып калмайынча былчылдатып согуп, тепкидей берет. Ага ортодогу калыстар да, эч кимиси тыюу сала алышпайт, ошондуктан муну кандуу спорт деп коюшат. Ал жөнүндө түшүнүгүң барбы?
- Мен аны телевизордон, видиктерден көрүп жүрөм, бирок чыныгы өзүн көрө элекмин.
- Көрө элек болсоң Кудай буюрса көрөсүң, эми ага өзүн катышасың. Анын башка спорттон өзгөчөлүгү чоң суммадагы акчага приз коюлат. Болгондо да америкалыктардын долларларына.
- Аларга ким спонсор болуп берет экен?
- Ага кызыгышкан бай фирмалар, ишканалар, бизнесцентр дегендер көп да, ошолор уюштуруп атышкан окшойт. Бул беттешүүгө уруксат алыш үчүн алар көпкө чуркатса керек. Мурун тыюу салынып келген бул беттешүү көпчүлүк учурда кандуу өлүм менен аякташы да мүмкүн. Ошол себептен жогорку жактын өкүлдөрү мындан чочулашып спорттун бул түрүнө катуу тыюу салып келишкен. Мында беттешкендердин экөөсүнүн бирөө кокусунан өлүп калса эч ким жооп бербейт.
- Буга канча мамлекет катышат экен?
- Ондон ашык, бизди эсептебегенде Өзбекстан өзү, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Корея, Япония, Монголия, Кытай, Аравия, Пакистан, Иран, Ирак, Индия дагы бир тобу бар, эстей албай жатпаймынбы.
- Россияданчы?
- Баса, буга Россия да кирет. Ар биринен бирден, экиден келгенде эле жыйырмага чукулдай барып калат. Ошолордун ичинен иргелип отуруп үч адам гана чыгыш керек. Анан экинчи, үчүнчү орун үчүн ат салышат. Кыйындардын кыйыны гана биринчи байгеге татыктуу болот. Албетте ал жерге жөнөкөй спортсмендер бара бербейт. Спорттун бардык түрүн эң жакшы өздөштүргөн сага окшогон спортсмендер катышат. Бирок, ойлобо мен кыйынмын го деп, ал жакта сенден үч эсе, төрт эсе ашып кеткен кыйындар бар, анын дагы бир өзгөчөлүгү салмак боюнча категорияларга бөлүнбөйт. Мисалы, сен азыр жетимиш эки килограммсыңбы, сага каршы жүз килограммдагы дөө киши чыгып калышы мүмкүн. Андайлардын колуна илинсең колуңду "чарт" эткирип гана сындырып коёт, дагы каршылык көрсөтсөң, катуу эле кысып коёт, бүттү, кабыргаларыңдын баары сынып кетет. Дагы эле каршылык көрсөтө берсең өлтүрүп коюшу да мүмкүн. Тасиро Кога деген японец киши бар, салмагы токсон жети килограмм, бою эки метрден жогору. Анын кошумча аты "Черная пантера же непобедимый" . Ал дагы ушул беттешүүгө келет экен, аны эч ким утуп көргөн эмес. Ал аябай каардуу, заардуу жырткыч, даана эле пантера. Сен аны көрбөсөң да укпасаң да керек, мен чет өлкөлөргө убагында спортсмендер менен көп чыккам. Ал жини келгендерди эч аябайт. Андан сырткары дагы бир кытай жигитинин атын унутуп атпаймынбы, мышыктай да шамдагай, дегеле муштум тийгизбейт, сен бир чаап кеткенче ал эки-үч чапканга үлгүрөт. Эскертип кетчү нерсе, анын колунун кыры тим эле бычактын мизиңдей катуу, таамай чапкан жерин
шылып түшөт. Эми алардын баарын шашпай айтып, ар бирөөнүн техникасын көргөзүп берем.
- Булардын данныйларынын баарын каяктан биле-сиңер?
- Менде алардын өмүр баяндары жазылган китепче, беттешүүлөргө катышкан видеокассеталары бар. Мен аларды көптөн бери эле чет мамлекеттерден сатып алып өзүмө чогултуп жүрөм. Кимдин ким экенин ошолордон көрсөң болот. Ким билет, балким ала-рың келбей да калышы, башкаларын жиберип коюшу да мүмкүн. Мен булардын баарын сени коркутуш үчүн эмес, өтө сак болсун деп эскертүү иретинде айтып атам.
- Алардын өмүр баяндары, видеокассеталар кайда?
- Өзүмдө, үйдө.
- Анда ошону мага бербейсиңерби, үйдөн кылдат карап чыгып эртең же бүрсүгүнү алып келип берейин.
- Жоготпойсуңбу?
- Эмнеге жоголмок эле, мага ишенсеңер бергиле. Ишенбесеңер. ..
- Болуптур, жүрү кеттик. Калганын дагы шашпай сүйлөшөбүз. Кыскасы, чакыруу билетине сенин фамилияңды жазам.
- Азырынча кое тургула, эки күндөн кийин жообун берем. Алмаз китепчелерди, видеокассеталарды алган соң спортзалга кайтып келди. Ал жакта төртөө өздөрүнчө машыгып жатышкан эле.
- Эмне чакырыптыр?
- Ташкенде болчу "бой без правилге" катышып бер дейт..,
- Чын элеби? - баары күтүлбөгөн жерден бир ооздон суроо берише бир жерге топтолуша буга кызыга кетишти.
- Ооба, беттешүү үч айдан кийин Ташкенде өткөрүлөт экен. Ага ондон ашык мамлекеттен келет окшойт, сыягы. В основном Орто Азия өлкөлөрүнөн. Балким Раббил, сен барып жүрбө буга, биринчиден кунг-фу, каратэни аябай жакшы өздөштүргөнсүң го?
- Жок өзүң эле бар, анткени сен мага караганда үч жылдан бери такай машыгып жүрөсүң, азырынча реакцияң да жакшы. Сага көп машыгууну деле талап кылбайт. Биз да көмөктөшөбүз. Андан көрө тиги атактуу адамдардын мушташуу техникаларын көрөлүчү кассетадагы. Балким, алардыкын биз да бат эле өздөштүрүп алабыз. Же алардын мушташуу өзгөчөлүктөрүнө каршы бир нерсе ойлоп табарбыз.
Алар үйгө келишээри менен өздөрүнчө экинчи кабатка отуруп алышып түндүн бир оокумуна чейин видеокассеталардын баарын көрүп чыгышты. Көрүп бүтүшкөн соң өздөрүнчө чогулуп алып талкууга ала башташты.
- Кана, кандай деп ойлойсуңар, алардын техникаларын өздөштүрө алабызбы?
- Менимче өздөштүрсө болчудай, биздикинен анча-мынча эле айырмачылыктары бар экен.
- Эми Алмаз сен, сага ишеним көрсөтүп аткандай кийин катуу даярдыктан өтүшүн керек. Спортзал машыгуу үчүн жетишсиз, таза абага, природага чыгып тоо арасында машыгышыбыз, сени машыктырышыбыз керек.
Эки күн өткөндөн кийин алиги видеокассеталарды башка кассетага көчүрүп алып ээсине алып барып тапшырды да макулдугун берди, анан атайын машыгууларды өткөрө баштады.
"Биздин жардамыбыздын кереги барбы?" деген спорт комитетинин кишилерине "азырынча зарылчылыгы жок" деп койду. "Адегенде жумасына үч жолу, анан төрт, бара-бара беш, акыркы жумаларда күн сайын машыгууга өтүштү. Бир күнү спорт залда машыгышса эки күн таза абага тоого чыгып, ошол жактан машыгуудан өтүп атышты. Төртөө тең өздөрү да машыгышып, аңы менен катар Алмазды да эки эсе көбүрөөк катуу кыйнап, машыктырышып, чыгыштын жаңы мушташуу ыкмаларын өздөштүрүүгө аракет кылып көрүштү. Кечинде келишээри менен видикти коюшуп кандуу спорттогу мушташып аткандардын мушташуу ыкмаларын кагазга түшүрүшүп, эртеси күнү эле ошону кайталап, дал эле өзүндөй көнүгүүлөрдү жасап жүрүштү.
Арадан бир топ убакыт өткөн соң Раббил бардыгын отургузуп өзүнүн кеңешин айтты.
- Кой, бул болбойт экен. Биз Кандуу Ордодогу көнүгүүлөр менен эле чектелип атабыз. Чыгыш элинин бизге үйрөткөн мушташуу ыкмаларын өздөштүрмөк тургай биз үчүн ал эбакта эле бышып жетилген. Биз эми башкача жаңы нерселерди өздөштүргөнүбүз зарыл. Видик аркылуу жасаган көнүгүүлөрүбүз биз үчүн жетишсиз. Ал үчүн бизге чыныгы, аябай тажрыйбалуу, дасыккан машыктыргыч керек. Мен аны билем.
- Ал каякта?
- Ал киши азыр Ашхабадда жашайт. Улуту китаец, аты Мэй Ли. Ал үй-бүлөсү менен калаада жашап, жаш балдарды чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын үйрөтүп машыктырып жатканына бир топ жыл болуп калды. Мурун Кытай жакта жашаса керек сыягы. Аялы уйгурка экен, анын же жердиги ошол Ашхабад жактан болсо керек, аялы аркылуу көчүп келишиптир ошол жакка. Силер каршы болбосоңор ошонун жаңы техникаларын үйрөнүшүбүз абзел.
- Ал макул болбой койсочу?
- Акчага, долларга эки айга жалдайбыз. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн эмне, акчаны аямак белек. Буга кандай дейсиңер?
- Макул болсо болду го?
- Аны мен макул кылып, өзүм алып келем. Бул милдетти мага койгула. Мен аны менен бир жолу тажрыйба алмашып мушташып көргөм. Алтымыштан өткөн чал болсо дагы өтө кыйын согушат, көрөсүңөр го аны келгенде.
- Ал кайсыл тилде сүйлөйт экен?
- Ой, ал чыгыш элинин көп тилинде сүйлөй алат. Керек болсо өзбекче, кыргызча, уйгурча да сайрап берет. Буга макулсуңарбы?
Баардыгы макулдугун билдиришти. Анын эртеси күнү эле Раббил Ашхабадга жөнөп кетти. Ал кеткен соң беркилер өздөрүнчө машыгууларын уланта беришти. Тияк жакка кеткени Раббил дээрлик бир жумадан ашык кармалды. "Ага эмне болду?" дешип төртөөнүн тынчы кете баштаганда, жума күнү кечке маал ак сакал, ак чач бүжүрөйгөн чалды ээрчитип жетип келди. Төртөө тең аны башкача элестетип атышкан, анын кейпин көргөндө аргасыздан күлүп жиберишти. Бирок анын көзүндө от жанып, караган кишисин жалтанта, ата карайт экен.
Бир күн эс алган соң экинчи күнү талаага чыгышты. Алиги ак сакал бүжүрөгөн чал бешөөнү бири бири менен мушташтырып көрдү. Алардын ар бир кыймылын кылдат карап чыккан соң өзүнүн ой-пикирин айтты.
- Жаман эмес, силерден бир нерсе чыкса болот экен, эң башкысы силерде "чувство" , сезим бар экени билинип турат. Бирок баары бир кемчиликтериңер бир топ эле экен. Кана эми, мени менен мушташып көргүлөчү, - ал үстүндө жамынып турган халатын чечип Раббилге карматты. Анан Алмаз менен Альбертти өзүнө чакырды. Ушул илмейген чалдын колунан эмне келмек эле деп теңсинбей турушкан экөө биринчи эле мушташканда эки жакка учуп түшүшүп, кайра аткан октой ордуларынан атып турушту. Карт бүркүттүн оңой жоо эмес экенин ошондо сезишти. Анын ар бир кыймылы аябай ыкчам, көздү жумуп ачканча чаап кеткенге үлгүрүп аткан абышкадан сестенип, сактанып калышты. Эми экөө эки жактан жабылып кол салыша чындап согуша башташты. Экөөнө чал жемин жедирген жок. Он беш мүнөттөй согушушкан соң, урушту токтотуп туруп, аларга Эрбол менен Хамидди кошту. '
- Кана эми, төртөөлөп кол .салып көргүлөчү. Билектерин түрүнө төртөө төрт жактан жабыла чабуулга
өтүштү. Курчоодон кадимки эле алгыр бүркүттөй секирип чыгып кетип атканына таңгалып атышты. Бешөө жарым сааттай мушташкан соң алиги чал токтогула деп белги берди.
- Болду, азырынча жетишет. Азамат экенсиңер. Силердей кыйын мушташкан жигиттерге биринчи кезигип атам. Чындыгында силерден бир нерсе чыкчудай экен.
Түштөнүү маалында Алмаз тигилерге башын чайкады.
- Даа-а, Кандуу Ордодо машыгып, үйрөнгөнүбүз буга салыштырмалуу чихня эле болуп калат турбайбы. Бул чыныгы чыгыштын карт бүркүтү экен да.
Ошонун эртеси эле Мэй Ли тигилерди талаага алып чыгып алгачкы көнүгүүлөрдү жасата баштады. Узун кылып жоондугу билектей болгон аралыгы элүү сантиметрдей кылып жыйырмага жакын таякчаларды узунунан тизип сайды да, тигилерге кайрылды.
- Кана, силердин шамдагай экениңерди билейин, бобул таякчалардан бутуңардын учу менен жүгүрүп аягына чейин өтүп бергилечи.
Төртөө бири-бирин карап калышты. Анан Алмаз ордунан атып турду да бийиктиги бир метр болуп чыгып турган таякчага жеңил гана секирип чыкты, анан ыкчамдык менен өтө аяр анын үстү менен чуркап жөнөдү. Беш-алты кадам аттагандан кийин буту тайып жерге секирип түштү. Намысына келе кайра секирип чыкты да андан ары жүгүрүп жөнөдү. Дагы жети-сегиз кадам аттагандан кийин тең салмакта жүгүрө албай жерге кулап кетти. Аны көргөн беркилер күлүп калышты.
- Кана эми, кимиңер?
Андан кийин Раббил, ал да чуркап баратып тең салмагын кармай албай, улам тайып кулап кетип атты. Бул таякчалардан бардыгы чуркап өтүүгө аракет кылып көрүштү, бирок аягына жете алышкан жок. Мэй Ли бардыгын чогултуп келди да, "карап тургула" деп өзү мышыктай жеңил гана секирип чыгып, жөнөкөй эле жерде чуркап бараткансып өтө тездик менен чуркап жөнөдү. Аралыгы он жети метрлик таякчалардан төрт секунд аралыгында чуркап өттү да ошол эле жолу менен кайра чуркап келди.
- Муну Лин Фу өткөөлү деп коёт, силер адегенде ушул өткөөлдөн өтүшүңөр керек. Эгер өтүп кете алсаңар ишимди андан ары улантам. Өтмөйүнчө ушуну гана машыктыра берем.
Ал адегенде кантип секирип чыгып өзүн тең салмакта кармап басуунун жолун көргөзүп берип, үйрөтө баштады. Убараланышканы ме-нен ал үч күндү гана талап кылды. Үч күндүн ичинде тигилер өздөштүрүп кетишти. Окутуучусу кандай чуркаса тигилер да ошондой ылдамдык менен чуркап калышты.
- Азаматсыңар, дээрлик көп нерсеге даяр экенсиңер, силер менен жеңил иштешсе болот экен. Эми экинчи көнүгүү - бобул жип менен байланган дарбызды эки метр бийиктикке байлайм. Белиңерге отуз килограммдык бобул таштарды байлап коем. Анан бутуңар менен дарбызды сындыра, быркырата тебишиңер керек.
Адегенде бул көнүгүү тигилерге жеңил желпидей эле көрүнүп аткан, белине таштар байланганда ага жетүү бир топ эле оор болуп калды.
- Ушуну өздөштүрсөңөр үчүнчү көнүгүүгө өтөбүз.
Алар канчалык чымырканып буттары менен секирсе да жетпей калып атышты. Өжөрлөнүп отуруп буга биринчи Алмаз жетти, акыры дарбызды быркырата тепти. Муну акырындап отуруп беркилер да өздөштүрүштү. Анан тигилердин белиндеги таштарын алды дагы дарбызды эки жарым метр бийиктикке байлады.
- Кана эми, тээп көргүлөчү?
Белдеринде оор жүк жок болбогондуктан тим эле өздөрүн жепжеңил сезип өйдө көздөй учуп калышты. Эки жарым метр бийиктиктеги дарбыздарды жеңил гана быркырата тээп жатышты.
- Мунун сыры ушунда. Адегенде жерге резинканын бир учун байлап туруп анын экинчи учун белиңерге ороп анан өйдө көздөй секирттирет. Силер бул ыкмадан эбак эле өтүптүрсүңөр. Ошондуктан башкача жолун колдондум. Эми кийинки көнүгүүлөргө кеттик!
Ал ошентип отуруп улам жаңы көнүгүүлөрдү жасатып атты. Ар бир көнүгүүлөрдү өздөштүргөн сайын акырындап татаалданып, оорлоп, кыйындап баратты.
- Аягына чейин чыдай аласыңарбы, буларга силердин организмиңер туруштук бере алабы билбейм.
- Биз туруштук бере алабыз, чыдайбыз,- баары бир ооздон дароо бирдей жооп берди.
- Андай болсо күү менен келип дубалдын бетине чуркап кеткенди үйрөтөм. Карап тургула!
Ал ары жактан дубалдын бети менен беш-алты метрдей чуркап барып кайра жерге түшүп кетти.
-' Катуу күү менен келсеңер мындан да алыс чуркаса болот. Эң башкысы инерция, тең салмактуулукту башкара билиш керек. Үч жуманын ичинде алар отуз эки көнүгүүлөрдү өздөштүрүштү.
- Мен силерге эң татаал көнүгүүлөрдү үйрөтүп жөнөкөйлөрүнө токтолгон жокмун. Азаматсыңар, алга карай жылыш бар. Эми эртеңден баштап мушташуунун ыкмаларына өтөбүз.
Эртеси талаага чыгышканда тигилерге жат болгон, өмүрү көрүшпөгөн чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын көрүп баары тең таңгалып калышты. Адегенде коргонуу ыкмаларын көрсөтүп берди, андан соң чабуулга каршы контр чабуулдун ыкмаларына өтүштү. Акыр аягында гана чабуулга өтүүнүн жолдорун үйрөттү. Булардын баарын өздөштүрүү эки жарым айды гана талап кылды.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 17:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Окутуучунун жашыруун сыры
Кечкисин чогуу отурушканда Мэй Ли өзүнүн чын сырын айтты.
- Мен канча жылдан бери машыктыруучу, окутуучу болуп келе жатам, бирок ушунчалык кыска аралыктын ичинде өздөштүргөн аябай туруктуу, жөндөмдүү жигиттерди биринчи кездештирип атам. Мен көрсөтүп берген көнүгүүлөрдү үйрөнүш үчүн кеминде эле үч жылды талап кылат. Албетте, силер мурун эле даяр турбайсыңарбы. Аябай кыйналат го, чыдай алышпайт го деп шек санадым эле, андай болгон жок. Буга адам эркинин күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, өжөрлүгү талап кылынат. Болуптур, мунун баарын өздөштүрдүңөр дейин, мунун эми кимге кереги бар, силерге мунун кереги эмне, же ички иштер бөлүмүндө иштебесеңер?
Акыры алар көптөн бери жашырып келатышкан жашыруун сырларын ачып, Ташкенде боло турган мамлекеттер аралык эрежесиз мушташуу боюнча беттешүү болоорун, ага Алмаздын катыша тургандыгын айтып беришти.
Кечки саат ондордо спорт комитетинен Алмаз алып келген алиги кандуу спорт тууралуу кассетаны ага коюп беришти. Төрт кассетаны тең көрүп бүткөн соң, Мэй Ли бир аз ойлонуп турду да, алиги япон жигити Тасиро Минамото "Черная пантера же непобедимый" жөнүндө айтып берди.
- Убагында ал да менин окуучум болгон. Чындыгында аны чыныгы пантера деп айтса да болот. Жашырган менен болобу, жакшы согушат, силердей болуп бардык нерсени бат эле өздөштүрүп алчу. Аны менен мен көп сыймыктанчумун. Өзү менен эрегишкен далай мен кыйынмын дегендерди жеңди. Улам атак-даңк алып, элдин көзүнө көрүнө баштаган сайын өтө эле кутуруп кетти. Беттешүүдө өзү менен катуу каршылашкандарын ачуусу келсе өлтүрүп да таштачу. Бара-бара "Черная пантера" анан "непобедимый" деген наамды алды. Бет-тешүү мезгилдеринде калыстарга да колу тийди. Эч кимиси ага кол кайрый алышчу эмес. Денесине байыркы чыгыш ыкмасы менен катуу, орой массаж кылуунун да жолун көргөзүп бергем. Ошол массаждын негизинде анын денеси тим эле таштай катуу. Аны муштасаңар тим эле дөңгөчтү муштагандай боло-суңар. Эң башкысы ал дегеле сок-куну тоотуп койбойт, колуңарды ооруткандай башка пайда таппайсыңар. Аны өзүм менен ээрчитип көп жерлерде болдум. Экөөбүз көптөгөн атак-даңкка да татыктуу болдук. Бара-бара ал атак-даңкты да көтөрө албай калды. Беттешүү мезгилинде анын колунан курман болгондор көбөйүп кетти. Ошонун азабынан жакшы санаалаштардан да четтей баштадык. Мени менен убагында чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын чогуу үйрөнүп бүтүшүп кийин машыктыруучу, окутуучу болуп иштеп аткандар мага далыларын салып калышты. Мен дагы оңтойсуз абалда жүрдүм.
Бир күнү аны өзүмө чакырып алып "Өтө эле таш боор болуп баратасың, мындайынды токтотпосок элдин баарынан бөлүнүп калабыз. Беттешүү мезгилинде атаандаштырыңды өлтүргөнүндү токтот" дедим. Ал болсо дароо эле "Кимди өлтүрөм, кимди аман коем өзүм билем" деп мага да атырылып кое берсе болобу. Канчалаган гана адамдарды машыктырып өзүмдөй кылып үйрөтүп чыктым, бирок бир да бирөө менин сөзүмдү эки кылышчу эмес. Мага каршы, орой сүйлөгөн бул биринчи адамым болду. Бир жолку кандуу беттешүүдөн кийин экөөбүз катуу чатакташа кеттик. Анткени ал менин айтканымды укпай атаандашып өлтүрө согуп таштаган. Бери жактагы бөлмөдө эч ким жок болчу. Экөөбүз айтыша кеттик, мындай карасам ал мага да кол көтөрчү түрү бар. Түз эле бөлмөнүн ичинен экөөбүз чарпыша кеттик. Бул кейпи менен ал мени да өлтүрчү кейиптенип калыптыр. Дагы бир секретти силерге айта кетейин, кандай гана машыктыруучу болбосун бүт ыкмалардын баарын үйрөтсө да эң күчтүү, өзгөчө ыкманы өзүнө эч кимге билгизбей сактап калат. Мен үйрөткөн ыкмалардын баарын ал билчү. Аны колдонуу пайдасыз. Ошондуктан өзүмдүн жашыруун эч кимге колдонбой жүргөн ыкмам менен аны чаап салдым, талуу жерине. Оозунан кан кетип, эсин жоготуп жатып калды. Аны "тез жардам" менен алып кетти. Бул окуя Индияда болгон эле. Аны таштап аттым да, самолетко отуруп жүрө бердим, өзүмдүн мекениме.
Менин угушумча анын боору эзилип бир жак бөйрөгү иштебей калыптыр. Ошол боюнча ал бир жылдай эч беттешүүлөргө чыккан жок. Кийин кайрадан чыга баштады, мурункусундай эле "Черная пантера, непобедимый" атка конуп өчөгүшүп калгандарын мертинтип коюп жүрөт. Азыркыга чейин аны эч ким жеңе элек, эгер аны менен бетме-бет чыга турган болсоң Алмаз, сен да мертинип калышың ыктымал. Ошондуктан мен сага аны жеңе турган, өзүмө сактап жүргөн өзгөчө ыкманы үйрөтөм, анткени мен силерге түбөлүктүү эмес, убактылуу гана жалданма машыктыруучумун. Мөөнөтүм бүткөндө силер менен коштошуп, сый гана кете берем. Анын мен билгенден бир гана жаралуу, талуу жери бар. Ал жер бөйрөк менен боор. Ал жерге тынбай кол менен да, бут менен да сокку бере бериш керек, акыры алсырап, көзү канталай баштайт. Денесинин башка жерлерине муштасаңар, бир эмес миң муштасаң да тоготуп койбойт. Эсинде болсун, анын негизги точкасы, талуу жери ошол жер. Аны жалгыз сен гана жеңе аласың. Эртеңден баштап сага көптөн бери, дегеле эч кимге үйрөтпөгөн, өзүмө сактап жүргөн ыкманы көргөзөм. Бул өзгөчө анан кандуу ыкма. Бул ыкманы кимге колдонсоң да, ал адам соо калбайт. Бирок менин эскерте кетчү нерсем, бул ыкманы сен эч кимге колдонбошуң керек. Таптакыр айлан кетип өлүм алдында жатканда, эң акыркы мүмкүнчүлүгүндө гана колдонушун зарыл. Биринчи сөз бер.
- Сөз берем! Өлүп бара жатканда гана пайдаланбасам, муну эч кимге колдонбойм жана көрсөтпөйм.

Зудзунонун чатылгандуу оту
Эртеси экөө ээн талаага чыгып алышып өзгөчө коркунучтуу татаал ыкма менен машыга башташты. Бул өзгөчө коркунучтуу болгону аз келгенсип үйрөнүүгө, өздөштүрүүгө аябай татаал да экен. Алмаз үчүн үч айга жакын машыгуудан үйрөнгөн алтымыш төрт ыкма бир тең бул бир тең болду. Канчалык көк беттенип аракеттенсе дагы өздөштүрүү өтө кыйынга турду.
- Муну деген "Зудзунонун чагылгандуу оту" деп коет. Мындай ыкма эч жерде, дүйнө жүзү боюнча да программага киргизилген эмес. Муну эң кыйынмын дегендердин жүздүн бешөөсү гана билет. Бул катуу тыюу салынган, жашыруун ыкма. Мурас катары бир гана кишиге үйрөтүлүп, ошого өтүүгө тийиш. Бул мурасты эч кимге үйрөтө да, ылайыктуу эч кимди таба да элек болчумун. Менин бактыма сен жолуктуң. Мунун тарыхы да өзүнчө чоң, шашпай айтып берем кийин, азыр убакыт тар, ал жөнүндө тек гана кыскача түшүндүрүп коеюн. Он үчүнчү кылымда Улуу Кытай элинде Зудзуно деген чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын ойлоп тапкан машыктыруучу болгон. Азыркы силер үйрөнүп, мушташып аткан ыкмалар дээрлик көпчүлүгү ошондон калган мурастар. Алар колдон колго өтүп, биринен-бири үйрөнүп азыркыга чейин келди. Зудзунонун өзүнүн ишенимдүү отуздай адамы болгон. Алар бардыгы тең аябай чыдамкай, кайраттуу, эч нерседен кайра тартпаган тайманбаган жигиттер болчу. Булар эч кимге көрүнбөй жашыруун бийик дубалдуу короонун ичинде машыгышчу. Муну жергиликтүү бийлик билип калып,, бизге каршы "заговор" даярдалып атат деп ойлоп түн ичинде уктап жатышканда капысынан солдаттар менен келип басып алып баарын туткунга алышкан. Кыйнап, суракка алып, каршы сүйлөгөндөрдү өлтүрө беришкен. Акырындап өлүп отуруп отуздун жыйырмасы калган. "Заговордун" уюштуруучусу, жетекчиси ким деп сураганда эч кимиси эч нерсе айткан эмес. Баардыгын тең алып барып бийиктиги он метрдей келген зынданга салышкан. Зудзуно бул ыкманы ошол зындандан өздөштүрүп башкаларга да үйрөткөн.
Зынданды кайтарып турган солдаттар аларды он метрлик бийик шаты жок болгондуктан ал жерден көтөрүлүп чыга албайт деп ойлошкон. Алар анын да жолун табышты, белиндеги кара чүпүрөктөрүн бири-бирине улап катуу бекем кылып байлаштырып, бир жак учуна он килограммдык таш байлап, үстүнкү оозундагы торго ыргытышкан. Ал темир торго ороло түшкөндө Зуд-зуно акырын барып тартынып өйдө чыккан. Ошол маалда ылдый жактагыларды карайын деп эңкейип келаткан солдатты чап кармап муунтуп өлтүрүп, анан сыртка чыккан. Түн ичинде алар казармадагы солдаттар менен эч куралы жок согушуп, калгандары өлүп, жетөө качып чыгышкан. Анткени жетөөнүн бешөө бул ыкманы аябай жакшы өздөштүрүшкөн болчу. Эч куралдары жок туруп куралчан солдаттарды кол менен гана уруп өлтүрүп жүрүп отурушкан. Кийин бул ыкма өтө коркунучтуу мындайча айтканда өлүм соккусу болгондуктан, аны "чагылган -дуу от" деп атап коюшкан. Бара-бара чагылгандуу от өчүп, "Зудзунонун чагылгандуу оту" болуп аталып кеткен. Бул жөнүндө кыскача баян ушул, айтып отурса өзүнчө чоң тарых. Кыскасы, силерге үйрөткөн ар бир алтымыш төрт ыкманын өзүнчө аталыштары бар. Өзгөчө коркунучтуу сокку болгондуктан Зудзуно эч кимге үйрөткөн эмес. Кийин өлүп бара жатканда гана мурас катары өзүнүн эң жакшы көргөн окуучусуна үйрөтүп кеткен. Өлөөр алдында тигинден бир кишиден башка эч кимге үйрөтпөйм, эч кимге колдонбойм деп сөз алган. Мына ошондон азыркыга чейин мурас катары бирөөнөн экинчисине өтүп келатат. Мен ушул убакка чейин канчалаган кишилерди машыктырдым, бирок өзүмө жаккан ише-нимдүү кишилерди таба элек болчумун. Бул мурасты эч кимге үйрөтпөй өзүм менен кошо ала кетемби деп да ойлоп жүрдүм. Бирок баары бир бирөөнө сөзсүз үйрөтүшүм керек болчу. Мурас сөзсүз кийинки муунга өтүшү зарыл. Мына, төрүмдөн көрүм жакын турат, ким билет, качан тиги дүйнөгө кете береримди. Ошондуктан сага сөзсүз үйрөтүшүм керек. Сен дагы мага сөз бер, бир кишиден башкага үйрөтпөйм деп...
- Сөз берем, бул мурасты бир гана кишиге үйрөтөм.
- Болуптур, ишенем, эми көрөсүң, мунун өзгөчөлүгүн, татаалдыгын анан коркунучтуулугун. Кана эмесе, андай болсо, баштадык.
Экөө ээн талаага чыгып алып катуу машыга башташты. Алмаз өмүрүндө машыгуу учурунда мынчалык кыйналган эмес, акырындап өздөштүрүп отуруп эки жумада араң соңуна чыгышты. Бул мезгилде Ташкентте™ беттешүүгө үч күн гана калган эле. Мэй Ли өзүнүн болгон тажрыйбаларын тигилерге өткөрүп берген соң эртеси эле жылуу коштошуп өз жерине кете берди. Келишим боюнча гана сүйлөшкөн акчаны алды да, артык баш башкаларын алган жок. Машине менен жеткирели десе да болбой койду, автобус менен кетти. Тигилерден ыраазычылык алмак турсун тескерисинче кайра аябай ыраазычылыгын билдире жигиттердин кайраттуулугуна, аларга өзүнүн ыкмаларын үйрөткөнүнө ыраазы болуп кетти.

"Черная пантера"
Алмаз өзүнүн тобу менен Ташкентке келишкенде аларды атайын кишилер тосуп алышты. Алар ошол беттешүүнүн уюштуруучулары, спонсорлорунун атайын кишилери экен. Булар үчүн өзүнчө калаанын чек жакасынан эң акыркы стилде салынган жаңы мейманкана алдын ала даярдалып коюлуптур. Алмазга "Телохранитель" катары келишкен Раббилдин адамдары мейманкананын биринчи кабатынан анын кожоюну менен акчаны ашыгыраак төлөп, эптеп сүйлөшүп отурушуп бир бөлмө алышты. Анткени бул мейманкана жалаң сырттан келген коноктор үчүн гана алдын ала даярдалыптыр. Чоочун адамдар, артыкбаш адамдар кабыл алынбайт болчу. Спорт комитетинин кишилери менен Алмаз үчүнчү кабат-тагы жыйырма бешинчи бөлмөдөн орун алды. Дароо эле "сотовый" телефон аркылуу бири-бири менен байланышышты. Өз ара чатакташа кетишпес үчүн алыс жактан келгендер бешинчи кабатка, жакыныраактары төртүнчү, ал эми СНГнын ичиндеги мамлекеттер үчүнчү кабатка бөлүштүрүлүптүр. Кайсыл жактан канча киши келгенин Алмаз адегенде билген жок. Акырындап беш-алтыдан болуп кишилердин келип атышканын адегенде көрүп турду. Бет-тешүүгө алардын кимиси катышат билбей, бирок божомолдоп атты. Беш күндүн ичинде улам келип отурушуп, баары чогулуп бүтүштү. Анан эле капысынан "Черная пантера" келди деп дүрбөп калышканын да көрдү, бирок анын өзү кандай экенин көрө албай койду.
Ошо күнү кечинде келген меймандардын урматына мейманкананын ресторанында атайын концерт, анан дискотека уюштурулду. Ар бир мамлекеттен келген меймандар өз-өзүнчө атайын даярдалган, жасалгаланган столдордо отурушту. Ар бир столдо ортодо бажырайып мамлекеттин аттары жазылуу эле. Алмаз баарына акырын, шашпай көз кыры менен сыдыра карап ар бирин байкап атты. Баардыгы эле менменсиген далдайган-далдайган кишилер экен. Кээ бирлери сакал кое беришип, чачтарын арттарына өрүп алышыптыр. Алмаздын жанында отурушкан кыргызстандык спорткомитетинин кишилери Алмаздын көз карашынан бир нерсени баамдашкандай көңүлүн көтөрүүгө аракеттенип атышты.
- Духуңду түшүрбө Алмаз, булар далдайганы менен даамы жок немелер. Кең далылуу, жоон моюндуу, төрт бурчтуу тумбочка болушканы менен мушташка келишкенде анча ыгы жок.
Алардын сөзүнө Алмаз бырс эте күлүп жиберди.
- Менин эч кандай духум түшкөн жок, алиги Тасиро Минамотону, черная пантераны издеп атам, ал кандай неме болду экен деп...
- Аа, ал тээтигил жерде ортодо көз айнек тагынып отурган жигит.
Алмаз баш болуп баары тең аны карап калышты. Ал муну сезгендей акырын ордунан копшолуп койду да..стакандагы суусундукту алып акырын ууртап ичип кирди.
- Кызык, күндүз болсо бир жөн эле, эмне үчүн кара көз айнек тагынып отурат. Же өзүн көрсөткүсү келип атабы?
- Андай деле эмес, кара көз айнек тагынганда анын көз карашы эч кимге билинбейт. Балким мага ылайыктуулар бар бекенби деп акырын көз кыры менен издеп, сынап отургандыр?
- Бай-бай-бай, чын эле аябай далдайган киши экен. Айтканындай пантерадай эле бар экен. Бул кейпи менен колуна тийген кишилерди төрт бүктөп коет го.
- Ооба, ал жеткен ырайымсыз киши деп атышпайбы. Ачуусу келгенде, жинине тийгендерди өлтүрүп коет дейт.
- Ал эчтеке эмес, тээтигил жердеги кишини карачы, тим эле дөө...
- Кана, канакей?
- Тээтигил жерде турат, кайсыл мамлекет болду экен?
- Столдун ортосундагыны окучу?
- Көрүнбөйт экен.
- Мейли, беттешүү мезгилинде анын ким экенин билебиз, сыягы Араб же Пакистан тараптан келген го, кара торулугуна караганда.
- Бах, чиркин, ушундайда Кожомкул же Самак, Кабалар болсо не, баарын тең төрт бүктөп коюшат эле.
- Биздин бул Алмазыбыз деле алардай карылуу болбосо да мушташуу жагынан эч кимге жемин жедирбейт.
- Утпасак да ыраазы элек, эптеп бир жерибизди тигиндей алптардын алдына мертинтип албай аман-эсен кетсек болду эле...
- Кой, антип сүйлөбөгүлө, - Алмаз булардын сөздөрүнө бир аз тырчый түштү, - мен бул жакка жөн эле көрөйүн, каты-шайын деп келген жокмун. Кандай болсо да сөзсүз жеңейин, кыргыздардын, Кыргызстандын наамын булгабайын деп келдим. Кандай болсо да жеңдирбөөгө аракет кылыш ке-рек.
- Ылайым айтканың келсин, Манас атанын арбактары колдосун, оомийин, - отургандар бата да кылып жиберишти.
Столдо отургандарды жаш, кара каш, кара көз, чачтарын узун кылып кое беришкен өзбек кыздары тейлеп, улам бирин тургузуп бийге чакырып жатышты. "Черная пантеранын" жанына бир кыз барды эле ал колун көтөрө, башын чайкай макул болбой койду. Алмаз капысынан өздөрүнөн анча алыс эмес жерде отурушкан, эртеден бери өзүн жабыла карашып бир нерселерди сүйлөшүп атышкан кишилерди көрө койду. Эмнегедир алардын өңдөрү жылуу учурап туруп алды. Буларды кайдан көрдүм эле деп эстей албай койду. Анан акырын столдун ортосундагы жазууга көз жүгүрттү. Анда бажырайып "Тажикстан" деген жазуу турган эле. Алмаз бир селт эте денеси чымырап кетти. "Ошолор, ооба, точно ошолор. Бул столдо отургандар баары тең Ян Густун кишилери. Баса айтмакчы, беттешүүгө кимиси катышат болду экен?"
Ортодо улам-улам Алмазды карап коюп далдайган бир киши отурган болчу. Анын көз карашынан "шашпа, колума бир тийерсиң" дегендей белги бар эле. Бир кезде экөөнүн көздөрү бири-бирине чагылыша түштү эле, ал киши ордунан копшоло чөнтөгүнөн тамекисин алып шашпай күйгүзүп, түтүнүн асмандата буркурата үйлөп, Алмазды мыскылдай карап турду.
"Баса, айтмакчы, Ян Гусь өзү келди болду бекенби? Ооба, сөзсүз келет, өзү да чыгыштын мушташуу ыкмаларын жакшы билчү эмес беле, мындайдан кантип куру калсын. Андан көрө мага кедергисин тийгизбесе, тоскоолдук кылбаса болду", - Алмаз ушуларды ойлой өзүнчө жүрөк заада болуп атты.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 17:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Алгачкы беттешүү
Арадан эки күн өткөндөн кийин эрежесиз мушташуунун алгачкы беттешүүсү башталды. Бул беттешүүгө баш-аягы болуп жыйырма төрт киши катышышты. Ким менен ким беттешет, кайсыл мамлекет экенин, тизмелерин жазып илип коюптур. Тизмеде Алмаз жетинчи болуп монгол жигит, менен чыгат экен. Анын кандай экенин көргөн эмес, бирок көргүсү келип кызыгып атты.
Бул оюн Ташкендин борборунда, циркинде көрсөтүлмөй болду. Билеттин кымбатына карабай көрүнчүлөр аябай көп топтолушту. Кечки саат жетилерде ачылуу аземи болуп, ырчы-бийчи кыздар адегенде оюн көрсөтүп беришти. Андан соң он мүнөттөй
жымжырт боло биринчи тизмедегилер бет-тешүүгө ортого чыгышты. Ызы-чуу түшүшүп, ышкырган көрүүчүлөр аларды тосуп алышты. Алгачкы беттешүүгө Корея менен Тажикстан чыкты. Алмаз алиги ресторанда отурганда өзүн мыскылдуу карап турган далдайган тажик жигиттин ар бир кыймыл-аракетин кунт коюп карап турду. Анын ар-бир мушташуу ыкмаларына көз жүгүртүп отуруп, дароо эле бул Ян Густун окуучусу экенин түшүндү. "Мунун мушташуу техникалары чектелүү гана, демек муну менен эсептешсе болот" деп Алмаз ичинен ойлоп койду. Алгачкы экөөнүн мушташы жарым саатка созулду. Алиги тажик жигит өзүнүн каршылашын тургузбай алдына басып алып бетке, башка-көзгө ургулап аябай жанчып атты. Алдындагысы бети-башы канга боё-ло, кызыл-ала болуп таптакыр кыймылсыз жатып калганда гана ордунан туруп келатып дагы бир жолу барскандай болгон муштуму менен бет талаштыра күчүнүн бардыгынча эки-үч жолу шилтеп калды да өзүнө ыраазы боло эки колун көтөрүп көрүүчүлөргө бурулду. Анан жерде кыймылсыз жаткан каршылашын тапатак мойнуна көтөрүп алып, көрүүчүлөргө мактана ары-бери баса баштады. Алмаз отурган жакка жакын келип "сен да ушундай болосуң" дегендей көтөрүп турганын ары жакка алып барып ыргытып койду.
Уламдан улам эки-экиден чыгып мушташып, оюн кызып көрүүчүлөрдүн бүйрү кызып, ызы-чуу толкуну күчөдү. Алдынкы катарда милиционерлер ызы-чууга көзөмөл салып, көрүүчүлөрдүн ашыкча кетип бараткандарын акырын тартипке салып коюп турушту. Алмаз менен бетме-бет чыккан монгол жигити да оңой жоо эмес экен. Мышыктай жеңил, урган соккусу аябагандай тез, катуу. Көбүнчөсү кун-фу менен таэквон-до ыкмаларын көп колдонуп атты. Мушташ башталганда эле ал катуу качырды. Анын үстөккө-босток урулган соккуларына Алмаз туруштук бере кээсин тосуп, кээсин урдурбай буйтап кетип анын мушташуу ыкмаларын текшере өзү кез-кез контрчабуул жасай, кандайдыр бир кырдаалды күтүп атты. Көп өтпөй ошол күткөн кырдаал пайда болуп, көз ачып-жумганча монгол жигитти талуу жерине шилтеп калды. Экинчи жолку эң катуу урулган соккуга туруштук бере албай алиги каршылашы жерге томолонуп түштү. Анан турууга аракет кыла колу менен жер таяна башын көтөрүп келатып кайра өзүнүн салмагын кармай албай жерге шылк дей түштү. Көрүүчүлөр чуру-чуу түшүшө кол чаап жиберишти. Ордунан былк этпей Алмаз жерде кыймылсыз жаткан монгол жигитти тиктеп турду. Ал болгону эки гана жолу катуу таамай сокку жасаган болчу. Ары жактан эки-үч адам келип жерде жаткан жигитти көтөрүп алып кетишти. Буларга ары жакта ондон ашык атайын жалданма медицина кызматкерлери көзөмөл салып турушту. Жеңилип эси ооп калгандарды дароо эле замбилге салып көтөрүп кетишип, алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүп атышты.
"Черная пантера" чыкканда эртеден бери ызы-чуу түшүп атышкан көрүүчүлөр кадимкидей жымжырт болуша дымып калышты. Ага каршы алиги ресторанда отурганда Алмаздар көрүшкөн дөө киши чыкты. Анын бою да аябай бийик, туурасы да эбегейсиз зор, көлөмдүү адам болчу. Мойну, билектери аябай жоон, аны көргөн кишинин эле жүрөгү түшчүдөй. Ал өзүнүн күчүн көрсөтмөккө үстүндө кийип жүргөн футболкасын төрткө бөлө айрып койду. Анан эки колун көтөрө булчуңун түйүп, элдерге өзүнүн ким экендигин көрсөтө мактана ары-бери басып жүрдү. Мунун кыймылы "Черная пантерага" эч таасир бербей, кебелбей өзүн ишенимдүү кармап, аны көзүнүн огу менен ата, сүрдүү карап турду. Мушташуу сигналы берилди. Экөө бири-бириң бир топко аңдып турушту. Бир маалда пантера чагылгандай өтө тез ылдамдык менен аны ичке, бетке уруп өттү эле, тигил кебелип да койгон жок. Экинчи жолу дагы уруп өткөндө тигил өзүн-өзү көкүрөккө чапкылап каткырып күлүп койду. Килейген муштумун түйө пантераны соккондо ал тийгизбей буйтап кетти. Ал аябай далдайганы менен кыймылынын олдоксондугу кадимкидей билинип турду. Улам муштаган сайын пантера урганга үлгүртпөй буйтап кетип, кайра өзүн муштап атты. Бир маалда пантера экөө тиреше түшүштү эле, ал аны тапатак көтөрүп туруп, топ ыргыткандай ары көздөй ыргытып жиберди. Бирок пантера жерге денесин тийгизбей колу менен таяна кайра буту менен туруп калды. Экөө көздөрүнүн октору менен бири-бири менен атыша, аңдытып тегеренип жүрүштү. Тигил пантераны соксо оңдурчудай эмес эле, бирок ал муштумун тийгиздирбей ойт берип кетүүдө. Бир кезде пантера тигинин колуна илине түштү эле, ал тапатак көтөрүп туруп жерге чаап алды. Пантера бир азга төрт бүктөлө түштү да ызырына кайра ордунан атып турду. Колу менен муштаган пайдасыз экенин билип буту менен иштей баштады. Тигил алпты жүдөтө ар кайсы талуу жерлерге тээп кайра буйтап кетип атты. Мурдагы мушташууда ызычуу түшүшүп, ышкырып атышкан элдер бул жолкусунда жымжырт болуша кимиси кимисинин түбүнө жетээр экен дешип тынчсыздана карап турушту.
Пантера аны улам ар кайсы жерине тээп атып талуу ^ точкалары, алсыз жерлери кайсыл жер экенин билип алды. Эми ошол жерлерге үстөккө-босток буту менен да колу менен да сокку берип кирди. Акырындап алиги дөө кишинин алсырап, чарчап баратканы билине баштады. Тигил канчалык алсыраган сайын пантера күчүнө келип, каарлана кыймыл-аракети кескин өзгөрүп кирди. Бир кезде болгон күчү менен кыйкыра секирип келип алиги алпты бетке тепти эле, ал мас кишидей чайпала түштү. Эми ар кандай ыкмалар менен үстөккө-босток башка тээп өтүп тигинин ого бетер айласын кетирди. Катуу чимирилип келип кулак түпкө тепкен соккусу тигини ойдурган жок, атүгүл каршылык көрсөткөнгө араң-араң жарап калды. Пантеранын заары бетине тээп чыкты. Чимирилип келип бетке тепме соккуну удаа-удаа кайталап өттү эле, тигил өзүнүн тең салмагын кармай албай жерге чалкасынан кулап түштү. Чыканагы менен таяна кайра ордунан туруп келатты эле, бут менен ушунчалык катуу урулган соккудан кайра чалкасынан учуп түштү да бети-башы кызыл-ала боло ошол боюнча былк этпей жатып калды. Мындай күтүлбөгөн жеңишке эртеден бери жымжырт болуп турган эл тим эле залга бомба тийгендей "дуу!" эле дей түштү. Чалкасынан жаткан алиги дөө кишини төрт киши келип замбил менен көтөрүп кетишти. Бүгүнкү беш саатка жакынкы бет-тешүү ушуну менен аяктады.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 17:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Кандуу спорттун кандуу оюну
Биринчини женип чыккандар эми экинчи кармашка даярданып атышты. Беттешүүгө катышкан жыйырма төрт адамдын он экиси калды. Биринчи мушташтан кийин Алмаз бир топ тажрыйба алып калды. Тизме боюнча экинчи бет-тешүүгө буйрукка жараша Алмаз менен алиги тажикстандык жигит туура келип калыптыр. Балким тигил өзү суранганбы, белгисиз. Ал эми 11антера болсо экинчи каршылашын болгону төрт гана мүнөт убакытта аёосуз сокту. Катуу урулган соккудан каршылашынын оң жаагы чыгып кетти. Анысы аз келгенсип сол колун да тындырып, жараксыз кылып таштады. Анын бул жоругуна көрүүчүлөр ирээнжий түшүштү.
Алмаз ортого чыкканда кокусунан биринчи катарда отурган Ян Густу көрүп калды. Ал тажик жигитке күйөрман болуп келип
отурганын сезди. Экөөнүн мушташы катуу башталды. Тажик жигиттин соккуларынын баары Алмазга тааныш болчу, ошол себептен андан жеңил гана буйтап кетип, соккусун жеңил гана тосуп, кебелбестен туруштук берип турду. Андан эки-үч жолу кокусунан бетке да катуу жеп алды. Башы тегеренип барып оңолду. Улам-улам көзүнүн кыйыгы менен Ян Гусь тарапты карап коюп атты. Ал өзүнүн жигитине ыраазы боло Алмазды шылдыңдай карап турганын көрүп, ачуусу келе түштү. Эми ага кытай окутуучусу Мэй Линин ыкмаларын Колдонууга өттү. Бул тигил жакка карап тууган Ян Гусь үчүн күтүлбөгөн ыкмалар эле. Эки-үч жолу талуу жерге катуу сокку жеген тажик жигит кичине сестене түштү. Буга чейин ага үстөмдүгүн көрсөтө аны теңсинбей аткан. Эми экөө чындап мушташканга өтүштү. Алмаз катуу секирип келип, эки бутун бириктире моюнун кыса тепкенде, тигил дароо жерге шалак дей түштү да, оозунан кан агып кетти. Турайын деп келатып кайра турганда мындан да катуу сокку жээрин билип, ошол боюнча былк этпей жатып калды. Алмаз Ян Гусь тарапты карады, ал ордунда жок экен. Бул жолку экинчи беттешүү биринчиден да ырайымсыз, кандуу болду. Жеңилгендердин көбү дээрлик катуу запкы көрүшүп, оор жаракат алыша жапа чегишти.
Үчүнчү беттешүү Алмаз үчүн өтө кыйын, оор болду. Анткени атаандашы - кытай жигити, ушунчалык шамдагай, аябай тез кыймылдайт экен. Экөө кеминде эле жарым саатка жакын тең тандашты. Кытай жигити бирде маймыл болуп, бирде бүркүт, бирде ажыдаар, бирде мышык болуп кубулуп атты. Анын кыймыл-аракеттери бүт жаныбарлардыкын туурап согушат экен. Акыры аны да Мэй Линин үйрөткөн ыкмаларына салып көк беттенип атып, араң дегенде жеңишке жетишти. Андан соң ортодо үч күн антракт берилди. Алмаз бөлмөсүнөн сыртка чыкпай эс алып атты. Иргелип отуруп беттешүүдө төрт гана адам калган эле. Булар эң тандалманын тандалгандары болчу. пакистандык жигит, Алмаз, япон жигити анан "черная пантера". Алмаз болсо пакистандык жигит менен мушташмак. Бөлмөсүндө шашпай кофе ичип телевизор көрүп отурду. Жалгыз болчу, жанындагылар иштер менен сыртка чыгып кетишкен эле. Бир кезде эмнегедир айланасы тумандап жер айлан-көчөк боло шалдырап алы кете баштады. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй ордунан козголоюн деди эле, өзүнүн денесин өзү кармай албай жерге кулап .түштү.
Бир маалда эсине келип көзүн ачса, эки колу артына катуу байлануу, буттары бириктирилип таңылуу, көзүнө да кара чүпүрөк оролуу экен, оозуна скотч чаптап коюшуптур. Жыгач тактайда көмкөрөсүнөн жатыптыр. Каякта жатканы белгисиз, кыймылдайын деп көрдү эле, эч майнап чыккан жок. Бир маалда ары жактан "эсине келдиби?" деген кулагына тааныш үндү укту. Бул Ян Густун үнү болчу.
- Көзүн ачып койгулачы?
Көзүндөгү таңылган жипти чечкенде өзүн тегеректеп турган беш-алты кишини көрдү. Араларында Ян Гусь, алиги өзү менен мушташып жеңилип калган тажик жигит, андан сырткары өңдөрү жылуу учураган беш-алты жигит турган эле.
- Кандай, эс алдыңбы Алмаз мырза, - анын бет маңдайына Ян Гусь басып келди.
- Көрүшпөгөнүбүзгө көп болду го дейм. Ооба, ооба, баса, айтмакчы, Кандуу Ордодон туш-тушка чачырап кеткенден бери көрүшө элекпиз да. Ошол эле боюнча экенсиң, өзгөрбөптүрсүң. Чыгыш элдеринин да мушташуу ыкмаларын катуу өздөштүрүп алыпсың, баракелде. Азаматсың, сенден бир нерсе чыкчудай экен. Бирок, эми мындан ары эч ким менен мушташа албай каласың го. Анткени мен, өзүмдөн жогору тургандарды жаман көрөм. Менден жогору болом деп мага асылып жүргөн Спартагыңар эмне болду. Сөөгү эчакта сөпөт болуп, өзү тиги дүйнөдө тозоктун отунда кайнап жүрөт. Бирок мен сени тозоктун отуна кайнатпайм. Кадырын жан болсун, коркпой эле кой, бирок бул дүйнөнүн тозогунун отуна кайнайсың. Шприц менен ийне сайып коебуз бүттү, ошол боюнча түбөлүк майып болуп каласың. Кандуу спортто сага эмне, суутуп коюптурбу, башкалар бүтүп калгансып. Менин кишимди го жолун тосуп жеңип койдуң, бирок сени "черная пантера" бүкүлү жутмак. Биз ага жеткирген жокпуз, ошого ыраазы бол. Эми беттеш бүтүп, баары жай-жайына тарагыча сен ушул жерде жатасың. Албетте, жөн жатсаң эригип кетесиң. Сага наркотик сайып коебуз, эч нерсени ойлобой кайф кармап, жыргап жата бере-сиң.
Алмаз бир нерсе деп жооп берейин деди эле, оозу скотч менен катуу чапталгандыктан эч нерсе деп жооп бере алган жок. Муну байкаган Ян Гусь оозун чечип койгула дегендей белги берди.
- Сага эмне керек, максатын эмне, Ян Гусь, мени эмне себептен бул жакта кармаган келип атат? - деп оозу бошогондон кийин Алмаз тигиге суроолуу карады. Ян Гусь анын так бет маңдайына басып келип, акырын эңкейип бетине тике карады да, мыйыгынан жылмая "күңк" этти.
- Мага эч. нерсенин кереги жок Алмаз мырза, мен тек гана түз жүргөндү жакшы көрөм. Адамдарда субординация деген бар. ошону сактап жүрүш керек. А силер болсо өзүңөр катылып алдыңар мага. Мындайча айтканда ажыдаардын куйругун бастыңар, анын ачуусуна тийдиңер. Эми ал силерди аябайт. Силер болсо четинен бирден, экиден жок болуп отуруп эч кимиңер калбайсыңар. Азыр силер үчүн кайда барсаңар да мамайдын көрү, менден качып кутула албай-сыңар. Азырынча наркотик™ кабыл алып кайф кармап жата тур, соолукканда дагы сүйлөшөбүз. - Ал ары жактагы столдун үстүндө турган кагаз ко-робкаларды көрсөттү, - тээтигил жерде тургандар эмне экенин билесиңби. Албетте билесиң, билгенде да менден жакшы билесиң. Ал деген героиндер, баягы Душанбенин четиндеги дүкөндүн жер төлөсүндөгү силер жок кылган героиндин калдыктары. Анын баркын жакшы билбесең эми билесиң, бир-эки сайынгандан кийин. Кой, болуптур мырза, эмки көрүшкөнгө чейин жакшы эс ал, - анан ал ары жактагы мурутчан жигитке кайрылды. - Абидулда, бүгүн сен Ахмед экөөңөр дежур болосуңар, буга биринчи дозаны бүгүнкүгө жеткендей кылып сайып койгула. Кечке жуук да бир келип текшерип кетем, - ал ошол боюнча шарт этип артына бурулду да дароо чыгып кетти. Алиги Абдулла дегендин жанындагы жигит Алмазга жакындап келип эңкейе анын жүзүнө шыл-дыңдай карап койду.
- Душанбедеги келемиштерди унуткан жоксуңбу ыя, кандай гана таландыңар эле аларга ха-ха-ха!
- Бул алардын арасында жок болчу, аларды өлүмдөн ушул куткарып кетпедиби, - ортого Абдулла кийлигише кетти.
- Аа, ошондой де. Болуптур, сен аларды куткарыптыр- сың. Эми көрөбүз го алар сени кантип куткарганын. Ташкендин ичин милиция менен түп көтөрүп тинтишсе да эч жерден таба алышпайт. Ошондо келемиштерди көрбөй калганың кандай өкүнүчтүү. Шеф улуксаат берсе азыр деле сени келемиштерге талатып таш-тамакмын. Кыйналып жатып өлмөксүң да. Аябай ыраазы боло моокумум канат эле.
Ага Абидулда басып келди да чөнтөгүнөн акча алып чыгып колуна карматты.
- Ушинтип кечке чейин аңырайып муну карап чакыйып отура бермек белек. Ме, кичүү эмессиңби менден бир топ эле, кичи пейилдик кылып дүкөнгө барып банкадагы пиводон, тамеки, арак закүскөлөрү менен алып келе койчу, мен муну күзөтүп турайын. Ахмед бир аз турган соң акчаларды алып унчукпай сыртка чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Абидулда столдо турган шприцти алып ага наркотиктин суюктугун толтура кылып өлчөп сордуруп алды да, Алмаз жакка басып келип экөө бир азга тиктешип калышты. Алмаз колдон келишинче ага каршылык көрсөткөнгө даярданып калды. Эки буту, эки колу мойнуна чейин катуу чырмалуу болчу, каршылык көрсөтмөк тургай кыймылдаганга да мүмкүн эмес эле. Тигил баса калып сайып ташташы да мүмкүн болчу. Эгер бул баңги заттардын эң эле күчтүүсү - героинди кабыл ала турган болсо анда эле анын иши бүтмөк, эрежесиз мушташууга, "кандуу спортко" экинчи катыша албай калмак. Анын ушуга көзү жетип турду, ошо себептен кандай болсо да каршылык көрсөтүүгө аракет кыла баштады. Алмазды тиктеп турган жигит арт жагын жалт эте бир карап алды да эңкейип Алмаздын кулагына шыбырады.
- Мен дагы кыргызмын. Душанбеде жашаган кыргыздарданмын. Бирок ойлобо мени бошотуп жиберет экен деп. Ал менин колумдан келбейт, анткени мен Ян Густун эң ишенимдүү кишилеринин биримин. Кечээгүнү кытай жигити менен мушташканынды көрүп, өзүмчө баа бердим сага. Менин душманым болсоң дагы кыргыздардан да ушундай кыйын жигиттер чыкканына сыймыктандым.
- Баса, айтмакчы, мен кандайча силерге колго түшүп калдым?
- Анын жарасы жеңил го, бөлмөңө үстүңкү кабаттан акырын уктата турган газды тешик аркылуу жөнөтүп койдук, бүттү, сен уктап калдың. Сенин бөлмөңдүн ичинин ар бир кый-мыл-аракетин биз көрүп турабыз.
- Эмне, видеокамераңар барбы ал жакта?
- Ал секрет, андан көрө менин сага көрсөткөн жардамым ушул, бобул наркотикти сайбайм, азыр сайгандай кылып жасап коем да тигил жакка төгүп салам. Ошо себептен каршылык кылба, жок дегенде ийне менен кан тамырыңды сайып тешип коеюн. Тигилер келип текшергенде ишенгендей болсун. Менин бул чын сөзүм, каршылык көрсөтпө, убакыт тар, тигил келгиче ишти ылдам бүтүргөндөй болоюн.
Анын сөзүнө Алмаз анча ишенбей турса дагы баары бир каршылык көрсөткөн жок. Эгер алдап туруп чындап сая турган болсо ийнеси сынып кетсе да каршылык көрсөтмөк. Ал жигит Алмаздын күрөө тамырын кармап туруп ийнени сайды да андагы суюктукту ары көздөй куйбай кайра акырын сууруп алды, анан бөлмөнүн бурчундагы кол жуучу кранга агызып таштады. Ошол маалда сырттан төрт-беш банка пиво, колбаса, бууга бышкан тооктун этин бир бөтөлкө арак, тамеки көтөргөн Ахмед келип дароо эле анын колундагы шприцти карап калды.
- Эмне, ага наркотик сайганы жатасыңбы?
- Уже сайып койдум...
Ахмед ага ишенбей көзү жумулуп турган Алмаздын жанына басып келип колу менен анын көздөрүн ачып көрдү. Алмаздын көзү аңтарылып жатканын көрүп анан колдорун сыйпалады.
- Кайсы жерине сайдың?
Абидулда анын сайган колун көрсөттү эле, күрөө тамырындагы сайылган кичинекей кара чекитти көрүп таңгала башын чайкап койду.
- Кантип жалгыз сайдың муну, бул каршылык көрсөткөн жокпу?
- Колу-буту таңылуу болсо кантип каршылык көрсөтөт. Мунун колу-буттары таңылуу, мууздала турган койлордон айырмасы эмне. Биз да мындайлардын далайын көргөнбүз. Же мени эч нерсеге жарабаган, бир кемпай деп ойлоп атасыңбы. Менде да Кудая шүгүр күч бар, күнүнө гантел, гиралар менен бекер машыгып жүрөт дейсиңби. Бобул төш, булчуңдар ушундайда кызматка жарабаса, анда машыгып кереги не, туурабы? - Ал колун түйө мактана булчуңдарын көрсөтүп койду, - булардай болуп муштайт албасам да Кудая шүгүр, менде кара күч бар. Анын сөзүнө ишенгендей беркиси көчө тараптан алып келген нерселерин столдун үстүнө койду да тамекисин күйгүзө кетти.
- Шеф качан, кайсы маалда келем деп кетти?
- Кечке жуук саат алтыларда келет. Экөө өздөрүнчө сүйлөшө арак ичип жайма-жай отурушту.
- Кандай ойлойсуң, шеф муну да өлтүрүп көзүн курутабы, же өлтүрбөйбү?
- Ким билет, менимче өлтүрбөйт болуш керек, негизги нервдерин өлтүрө турган укол сайып таштайбыз деп атпайбы. Анда бул шордуу майып болуп колу-буту иштебей атүгүл сүйлөй да албай калат. Биздин шеф алиги Спартак дегендин командасын түп орду менен курутуп Орто Азиянын криминалдар чөйрөсүн өзүм башкарам деп жүрбөйбү. Ким билет, тигилер да оңой жоо эмес, мунун мушташканын көрдүңбү, кандай кыйын. Тигилери да андан кем калышпайт. Бирок эң башкы нерсе булардын саны бизге караганда он эсеге аз. Аз адамдар көптөргө каршы узак убакытка дейре туруштук бере алышпайт.
Кечке маал Ян Гусь келип баарын бир сыйра текшерип чыккан соң кетип баратып дагы тигилерге эскертип кетти.
- Жети-сегиз сааттан кийин бул тарай баштаганда кайрадан укол сайгыла, кыскасы эсине келтирбегиле.
Экөө түндүн бир оокумуна чейин арак, пиво ичип отуруп ары жактагы орунтукка кыйшая кетишти.
- Баса, биз уктап калганда, бул бошонуп кетпейби?
- Кайда-ан, биринчиден мунун колу-буту аябай чырмалып катуу байлануу, экинчиден биздин пистолеттерибиз бар, үчүнчүдөн бул азыр эч нерсени сезбей кайф кармап жыргап жатат, эс алганча бир топ бар. Так что, эч нерседен кам санабай койсоң да болот.
Экөө эки жерге жумшак креслого кыйшая кетишти. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө Абидулда акырын ордунан турду да ары жактан шприцти алып баңгизат даярдалган суюктукту ага толтуруп анан суу агызчу мурунку ордуна төгүп таштады. Анан Алмаздын күрөө тамырына ийнени сайып кайра сууруп алды. Ахмедди атайын ойготуш үчүн катуу-катуу жөтөлүп койду эле, ал дароо ойгоно тигинин жанына жетип келди.
- Эмне, экинчисин сайып атасыңбы?
- Чш-ш акырын, көрбөй турасыңбы, уже сайып койдум. Эми тан атканча эч нерседен камырабай тынч уктасак болот.
- Эрте эмеспи?
- Айырмасы кайсы, бир-эки сааттын, зато биз тынч уктайбыз.
- Дозасынан ашык сайып жиберген жоксуңбу, өлтүрүп алып шефтин алдында жооп берип калып жүрбөйлү?
- Мынакей, бобул дайындалган норма боюнча эле куюлуп атат.
- Байкуш мунун иши бүттү го, эми даана наркоман болуп калат, героиндин таасири аябай күчтүү эмеспи.
- Ким билет, эгер эрки күчтүү болсо, кайра эле баарына чыдап туруштук берип кете берет.
- Ишенбейм, андай сөзгө, миңдин бири эле болбосо...
-- Эми аны убакыт көрсөтөт, - экөө кайрадан кыйшая кетишти.
Таңга жуук эки-үч кишини ээрчитип Ян Гусь келди.
Жерде чалкасынан сулап жаткан Алмазды карап мыйыгынан жылмайып койду.
- Муну издеп мейманканадагылар аябай ызы-чуу болуп жатышат. Ал жакта качып кетти деген да кеп болуп атыптыр, мейли ошонусу кайра жакшы. Булардын төртүнчү беттешүүсү бүгүн кечинде саат жетилерде башталат. Көрөбүз го, дагы кандай окуя болорун. Муну качып кетти деген сөздөрдү тымызын жайылттырабыз. Күйөрмандардын баары ишенип калышсын, - Ян Гусь ары жакта сөз угуп турушкан экөөнө кайрылды.
- Экинчи уколду канчада сайдыңар эле буга?
- Көрсөтүлгөн убакыт боюнча эле, белгиленген өлчөмдө сайдык, - Абидулда тигинден мурун оозунуп жооп берди.
Ян Гусь саатын карап бир аз турган соң экөөнө эскерте кетти.
- Дагы эки сааттан кийин мунуң эсине келет. Ошондо силерди бошотуп сменди алмаштырам. Ага чейин сак болуп жакшылап кайтарып тургула. Муну менен дагы соолуккан кезде жакшылап сүйлөшөм. Же ары кылам, же бери кылам, - өзүн коштоп жүргөн жан жөкөрлөрүн ээрчите кайра чыгып кетип калды. Абидулда өзүнчө катуу ойго чөмүлүп турду. "Эмне кылсам, муну бошотуп качырып жиберсемби? .. Жо-жок, болбойт. Анда Ян Гуска чын дилимден ак кызмат кылганым кайсы, анда эле ишеничтен кетип калам. Ишеничтен кетмек тургай бул үчүн катуу жазага да татыктуу болом. Ушул боюнча калтырсам, байкуш жигитке убал. Кыргызстандыктар же тагыраак айтканда "кыргыздар качып кетти" деген шермендечилик эл арасында тарайт. Эмне кылсам?" Ал эки анжы боло кыйналып көпкө отурду. Анан саатына карады, эртең мененки сегиз болчу. Он сааттан кийин эл аралык беттешүү кайрадан башталмак. Циркке көрүүчүлөр менен күйөрмандар мурдагыдан да аябай көп болуп билеттер эртең менен эле кымбатына карабай сатылып кеткен болчу. Ал жакка жалаң жергиликтүүлөр эле эмес, алыскы республикалардан, мамлекеттерден да аябай көп келишкен эле. Көпчүлүгү атайын "Черная пантераны" көргөнү келишкен. "Эмне кылсам?" ал өзүнчө катуу кыйналып атты. "Эгер ушул боюнча калтырсам, "кыргыздар коркок экен" деп бүткүл дүйнөгө шерменде болушат. Бошотсом дагы болбойт, эмне кылсам?" акыры ойлонуп отуруп бир чечимге келди. Ахмед дааратканага кеткен маалда Абидулда Алмаздын жанына жетип келди дагы акырын кулагына шы-бырады.
- Мен байлануу жиптин бир жак учун эч кимге билбегендей кылып акырын жандырып коем, калганы өзүңдүн ишиң. Чыгып кеталсаң чыгып кеталдың, чыгып кеталбасаң. .. мен ага эч нерсе дей албайм. Кыргыз катары менин сага көрсөткөн жардамым ушул, - ал Алмаздын артындагы жиптин учун акырын чечип бошотту да, кайра учун жай эч ким байкабагандай кылып илип, ороп койду. Ахмед сырттан келгенде билмексен боло өз ишин жасап калган эле.
Ян Густтар келишкенде Алмаз көзүн ачып чалкасынан жаткан. Ян Гусь анын жанына басып келип көзүнө тике карады.
- Кандай ден-соолугуң, Алмаз мырза, дале сыр билгизбей, кебелгиң келбейт го. Эч нерсе эмес, дагы эки-үч жолу укол жегенден кийин менин айтканымды гана жасап жалдырап каласың. Андан көрөкчө менин силер менен сүйлөшөйүн дегеним, "экинчи силерге катылбайбыз, баш көтөрбөйбүз, силердин айтканыңарды аткарып турабыз" деп жигиттик сөзүңдү, атүгүл чөгөлөп туруп ант бер. Ошондо гана сени бошотуп жайыңа коем. Бирок тигил беттешүү оюну бүткөндөн кийин. Эгер макул болбо-соң, өзүңө-өзүң күнөөлүүсүң. Кана, ойлон беш мүнөт убакыт күтөм, анан кетем...
Баары аны беш мүнөттөй жымжырт болуп күтүп турушкан соң Ян Гусь ага дагы кайрылды.
- Убакыт бүттү, эмне болду, ойлондуңбу? o
Алмаз жооп бергендин ордуна анын бетине катуу түкүрүп жиберди. Ян Гусь ачуулана бетиндеги шилекейлерин акырын аарчыды.
- Сенин ушинтээриңди билгем. Жакшылык кылайын дедим эле болбодуң, "эшекти отко айдаса бокко качат" болдуң, буга өчүн күнөөлүүсүң, эми түбөлүк майып болуп жата бер көрүнгөндүн көзүн карап. Менин сага айтаар акыркы сөзүм ушул, - ал ызырына артына кылчайбай дароо сыртка чыгып кетип калды.
Арадан жарым саат өткөндөн кийин смена алмашылып жаңы жоосу келишти. Абидулда чыгып баратып аны сынай бир аз тиктеп турду да анан унчукпастан чыгып кетип калды. Кийинки беттешүүгө алты гана саат убакыт калган эле.
Жаңы алмашылган күзөтчүлөр мурункуларына караганда бир топ эле сак, кыраакы турушту. Алмаз кичине кыймылдап койсо эле жалт эте аны шектүү карап калып атышты. Бирөөсү ары жактан шприцке героинди толтуруп келип жаңы эле саяйын деп келатканда арткысы аны токтотуп калды.
- Эмне кылганы жатасың?
- Наркотикти сайганы...
- Келесоо десе, токтот мунуңду, Абидулда кетип баратып эскертип кетпедиби "буга сайбагыла, жаңы эле сайдым. Эми кечки саат алтыларда барып сайгыла. Антпесеңер дозасынан өткөрүп, өлтүрүп аласыңар" деп. Эмне, аны уккан жоксуңбу?
- Кудай урсун, укканым жок.
- Ал сүйлөп атканда сен каякты ойлоп отурдуң?
- Билбейм, кана текшерип көрөлүчү... Экөө Алмаздын колундагы кан тамырларынын сайылган жерлерин карашты. Абидулда үчүнчүсүн да мурункудай кылып сайып, атайын жасап кеткен эле. Алар Алмаздын жумулуу көздөрүн ачып каректерин текшерип көрүштү. Анын тетири аңтарылып турган каректерине карап күлүп коюшту.
- Бүттү, бул башка дүйнөдө саякат жасап жүрөт. Колундагы кан тамырларын эле карабайсыңбы, үч точка турат. Экөө кечөө сайылган, бирөөсү эртең менен жаңы эле сайылды. Бошоп турган үч кичинекей бөтөлкөлөрдү эле көрбөйсүңбү, сен дагы сайган бар. Мунун үстүнө дагы сайып эмне, өлтүрө албай турасыңбы? Бул үчүн биз керт башыбыз менен жооп беребиз, билдиңби? Тим гой аны жайына.
Экөө ары басып кетишип столго барып отурушту.
- Саат канча болду?
- Он.
- Беттешүү канчада башталмак эле?
- Кечки саат жетилерде го сыягы...
- Ага чейин дагы бир топ убакыт бар экен да...
Алмаз көзүн жумуп арамзаланып жатканы менен баарын угуп турду. "Та-ак, беттешүүгө чейин дагы тогуз саат бар экен. Кандай болсо да бошонуп чыгыш керек эле", ал ичинен ушуларды ойлоп, билгизбей бошогон жиптин учун колунун манжалары менен издей баштады. Ичинен Абидулданын ушундай идеяны ойлоп тапканына ыраазы да болуп атты. "Чын эле ал болбосо таптакыр эле ишим бүтмөк экен да. Эми кечки саат алтыларда дагы ийне сайышат. Буларды ошого жеткирбеш керек". Акырын болор-болбос көзүн ачып кирпиктеринин арасынан экөөнү карады. Экөө тамекилерди бурулдата тартыша карта ойногонго киришиптир. Арты талып кеткенинен акырын кыймылдады эле, тигинин бирөөсү жалт карады.
- Ага эмне мынча чочулап жалт карадың? Тим гой ары-бери оодарылып кайф кармап жата берсин.
Экөө кайрадан ойногонун улантып киришти. Анан кайра-кайра ойноп жатып тажашты окшойт, бирөөсү экинчисине сунуш кылды.
- Мындан көрө давай акчага ойнойбуз, кызыктуураак болот.
- Болуптур.
Дароо эле акчаларын чөнтөктөрүнөн алып чыгып столго коюшту да, картаны кайрадан тарата башташты. Алмаз бери оодарыла колун тигилерге көрсөтпөй кырынан жатты. Тигилер эмне болсоң ошол бол деп таптакыр ага көңүл бөлүшпөй калган эле. Анын үстүнө баңгизаттын таасири аны акыл-эсинен ажыратып салды деп ойлоп ал жөнүндө анча кабатыр болушкан жок. Экөө таптакыр оюндун кызуусуна кире башташты. Улам чөнтөктөрүнөн акча алып чыгышып столго таштап жатышты. Бул Алмаз үчүн эң оңтойлуу учур болду. Анын колунун манжалары гана кыймылдаганы болбосо бүт тулку бою аябай бекем таңылуу болчу. Колунун манжалары менен алиги Абидулда айткан жиптин учугун таба албай убараланып жатты. Жарым сааттай убараланып жатып араң дегенде таап, жаңы эле аны катуу тартып бошотууга аракет кыла баштаганда кокусунан эшикти шарт ачып Ян Гусь жан жөкөрлөрү менен кирип келди. Беркилер акчаларын чөнтөктөрүнө сала ордуларынан атып тура калышты.
- Иштериңер кандай жигиттер?
- Баары жайында, наркотиктин таасири менен тигил эс алып жатат.
- Эс алып жатат дебей сак болгула, мындан баарын күтсө болот. Кечинде дагы бир жолу келип кетем, эскертип коеюн, бул бир нерсе болчу болсо керт башыңар менен жооп бересиңер, уктуңарбы?
Экөө уктук дегендей баштарын ийкеше Ян Густун ар бир кыймыл-аракетин жалдырай карап туруп калышты. Ал чыгып кетээри менен кайра ордуларына отурушту.
- Аттиң, аябай кызуу жерине келип калдык эле, баса, ортодо канча акча бар эле?
- Билбейм, айтор шашып кетип баарын чөнтөккө сала кейиш.
Анда баарын алып чык. , - Эмнеге баарын, чөнтөгүмдө да акчалар бар болчу да.
- Канча?
- Билбейм, санаган эмесмин.
- Арамзаланба. ..
- Чын айтып жатам.
Экөө акыйлаша ызы-чуу түшүп жатканда Алмаз колундагы байлануу жиптин учун жандырып акырын чече баштаган эле. Экөөнүн акыйлашы чатакка айланып кетти.
- Акчаны ордуна коюп кой дейм!
- Койбойм, бул менин акчам!
Экөө жакалашканга, атүгүл бири-бирине пистолет көтөргөнгө чейин барышты. Бул мезгилде Алмаз колунун баштарын бошотуп алган эле. Эми чечкенге жеңил болуп калды. Тигилерге байкатпай бирок өтө ылдамдык менен чечип жатты. Экөөнүн акча талашкан чатагы али бүтпөй акчалар стол үстүндө сапырылып бирин-бирин жек көрө караша мушташкандан кайра тартпай турушту.
- Кичине эркектей болуп жүрбөйсүңбү?
- Тилинди тарта сүйлө.
- Болуптур, ар кимибиз өз акчаларыбызды алабыз. Как будто эч нерсе ойнобогондой.
- Андай болбойт, мен деген сенден бир топ эле акча утуп албадымбы, эсептешкен. .. - ал сөзүнүн аягына чыкпай калды. Күтүлбөгөн жерден тийген ушунчалык катуу соккудан полдун тактайына томолонуп түштү. Экинчиси чөнтөгүнөн пистолетин алып чыгып атмакчы болду эле, Алмаз аны кагып жибергенде пистолета колунан учуп кетти. Ага удаа тумшукка катуу жегендиктен отурган столу менен кошо чалкасынан кулады. Кайра ордунан туруп келатканда экинчи жолу согулган чагылгандай тез катуу соккудан жерге жалп дей түштү да ошол боюнча былк эткен жок. Талуу жерине тийгендиктенби, биринчиси адепки соккудан эле эсин жоготуптур.
Экөө эки жерде кыймылсыз суналып жатты. Алмаз акырын барып эшикти тыңшады да сыртта эч кандай дабыш билинбегендиктен кайра бери басып келди. Полдо жаткан пистолет™ алып чөнтөгүнө салып койду. Анан жерде жаткан узун аркан жипти жакшылап жандыра экөөнү бириктирип туруп катуу чырмап байлап салды. Кыйкырбагандай кылып чүпүрөк менен ооздорун танып, столдун үстүндө чачылып жаткан акчалардын бир азын алып сактана эшикти ачты. Узун ко-ридор экен. Сыягы бул жер төлөсү окшойт. Жер төлө болгону менен тазалыгы, кенендиги үстүнкү: үйлөрдөн айырмасы жок экен. Бир нерсе болсо атыша кеткенге даяр боло пистолетти колуна кармай тээ алыс жердеги чоң терезеге жылып жетти. Сыягы бул жер кафе же "ресторандын, же болбос дүкөндүн жер төлөсү окшойт. Терезе темир тор менен тосулгаңдыктан чыкканга эч мүмкүн эмес. Бир аз турган соң кайра бери келип тепкич аркылуу сакташ жогору көтөрүлүп жөнөдү. Үстү жагы да кудум астындагыдай узун коридор экен. "Бул эмне, ооруканабы? " ал ичинен ушуну ойлоп койду. Анткени ак халатчан кийген кишилер ары-бери басып жүргөн эле. Эч кимге көрүнбөй акырын жылып сырт жакка чыгып кетмекчи болду эле, сырт жакта эшиктин алдында турган кишилерди көрдү. Кайра артка басып келип эшиги ачык турган кабинетке шып этип кирип кетти. Бактыга жараша ичинде эч ким жок экен, дароо ичинен илип алды. Ары жакта илинип турган ак халатты кийип алып сыртка чыгайын деп ойлоду да, кайра токтой калып терезе жакты карады. Акырын аны түртүп көрдү эле эки жакка ачылма экен, сырт жакка көз жүгүрттү. Бак-дарактардан ары жактагылар анча билинбейт. Терезе аркылуу сыртка секирип чыгып заматта көздөн кайым болуп кетти.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 17:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Мейманканадагы ызы-чуу
"Эки сааттан кийин өздөрүнүн бөлмөсүнө кайтып келишкен спорткомитеттин кишилери Алмазды ордунан таппай калышты. Анын үстүнө эшиктен киришери менен эле башты айланткан кандайдыр бир тангалычтуу жытты сезишкен болчу,
- Бул эмне болгон жыт, балкондун терезелерин ачалычы,- алар балкондун эшигин, терезелерин ачып отура кетишти.
- Эмнегедир башым тегеренип, денемди шалдыратып атат, Пул эмне болгон жыт болду экен?
- Түшүнсөм буюрбасын, баса Алмаз кайда?
- Билбейм, балким таракандарга каршы дарыны сээп төмөн жактагы бөлмөгө түшүп кетпесин?
- Койсоңчу, болбогон кепти сүйлөбөй, бул менчик үй болсо бир жөн. Мейманканада каяктагы таракан. Анын үстүнө чет өлкөлүктөрдөн бери бул жакка келип атса, андан көрө ал төмөн түшүп же бир жакка чыгып кетсе керек.
- Бир жакка чыгып кетсе дайынын билдирип записка калтырат эле го, андан көрө төмөн жактагыларга чалчы? - Бирөөсү мейманкананын төмөнкү кабатындагы Эрболдор турган бөлмөгө телефон чалды эле, Алмаз ал жакта да жок экен. Бир аздан кийин Хамид менен Эрбол бир нерседен күмөн санашкандай жетип келишти.
- Эмне болду, Алмаз жокпу?
- Бул экөөбүз эки-үч сааттай жумуштар менен бир жакка чыгып кеткенбиз. Келсек эле жок, анын үстүнө бөлмөгө кирээрибиз менен эле башкача бир жытты сездик, азыр деле силерге сезилип аткан чыгар?
- Ооба, бул жөн жыт эмес, тез арада анын дайынын билиш керек, - баардыгы туш-туш жактарга тааныштарга телефон чалышканда алар келбегенин билдиришти. Аны издешип бүт мейманкананын ичин тинтип чыгышты. Кокусунан баягы Абдугапар Хамид экөө сатып алган үйгө кетип калбасын деп ал жакты да барып текшерип келишти. Алмазды эч жерден таба албай коюшту. Бул жөнүндө жер-гиликтүү милицияга кабар беришти. Алар түнү бою укташкан жок, сураштырып, издешпеген, карабаган жерлери калган жок. Атүгүл Бишкекке да эки-үч жолу телефон чалышты. Ал жакта да жок экен.
- Эмне, ал мушташтан коркуп качып кеттиби? - спорткомитетинин кишилери Хамиддерге суроолуу карашты.
- Жок, эч кандай андай болушу мүмкүн эмес, - Хамид аларга ишенимдүү жооп берди.
Ошол күнү кечинде Хамид, Раббил, Эрбол, Альберт болуп өздөрүнчө бөлмөлөрүндө отурушуп бул Алмаздын табышмактуу жоголуусун талкуулап жатышты.
- Алмаз жөндөн жөн дайынсыз жоголуп кетпейт болчу. Мунун өзүнчө бир сыры бар, анын үстүнө бөлмөдөгү газдын жыты жөн жыт эмес. Аны атайын уктатма газ менен уктатышып анан алып кетишкен.
- Кимдер алып кетиши мүмкүн?
- Ким билет, эртең беттеше турган кишилердин күйөрмандары уурдап кетишкен жокпу?
- Андай болушу да мүмкүн. Бирок, Пакистандыктар башка өлкөдө муну иштей алышпайт эле. Уурдап кеткенде чоочун жерде каякка алып барышат. Өлтүрүп койгон күндө да билинмек эмгиче дайыны. Муну бияктын жер-шартын жакшы билгендер эле жасашты. Менимче бул Ян Густун эле колунан келди. Андан көрө анын Алмаз менен мушташып жеңилип калган кишисин таап кармаш керек. Ошол аркылуу Алмаздын дарегин билип алабыз, - баары тең ушундай жыйынтыкка келишти.
Эртеси таң атпай ошол кишини издей башташты, бирок аны да жер жутуп кеткенсип эч жерден таба албай коюшту. '
Атаандаштардын беттеши башталарына саналуу гана убакыт калган эле. Көрүүчүлөргө дээрлик кымбатына карабай билет-тердин баары эбакта сатылып кеткен. Кийинки беттешүүгө даярдыктар көрүлө күйөрмандар акырындап цирктин тегерегинде топтоло башташты.
Элдер канчалык топтошуп кыжы-кужу түшүшкөн сайын беркилердин тынчы кете баштады. Бактыга жараша биринчи беттешүү "Черная пантера" менен "Уулуу жылан" деген кошумча аты бар бул дагы элге таанымал болуп калган япон жигити экөө чыкмак. Тилекке жараша мезгил токтоп калган жок. Көрсөтүлгөн убакыт боюнча туптуура саат жетиде биринчи мушташуу башталды. Кыргызстандык спорткомитетинин кишилери баш болгон Раббилдин кишилери жан алакетке түшүшө ары-бери чуркап жүрүштү. Акыры айлалары кеткенде бул мушташка Раббил өзү чыкмай болду эле, калыс топтор менен жюри мүчөлөрү ага улуксат бербей койду. Цирктин залы жагы катуу ызы-чуу түшүп атышты. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү атайын "Черная пантеранын" техникаларын, мушташуу ыкмаларын, күчүн, кебелбес кайраттуулугун көрүшкөнү келишкен. Элдер ушунчалык" көп келишкендиктен отурганга орун жок, жерлерге да аябай жыш шыкалышып отурушкан эле. Тим эле бут коюуга жер жок, көчүк айланууга мүмкүн эмес. Эрбол бери жакка туруп алып атайын дүрбү менен көрүүчүлөрдүн арасынан Ян Густун кишилерин издей баштады. Берки экөө да ошону туурашты. Альберт кокусунан тээ жогору жактан Алмаз менен мушташып жеңилип калган Ян Густун кишисин көрүп калды. Ал орундуктардын эң акыркы катарында мушташып жаткандарды кунт коюп бериле дүрбү менен карап отуруптур. Альберт ошолбу дегендей тигилерге жандап көрсөттү эле, баары тең жазбай таанышты.
Алар дароо эле экиге бөлүнүшө ошол тарапка жөнөштү. "Черная пантера" менен "Уулуу жыландын" мушташуусу аябай кызып ишин баары ызы-чуу түшүшө аябай берилип көрүп атышкан. Алиги киши да эки жагына таптакыр көңүл бурбай, мушташтын кызуусуна кирип кеткен болчу. Раббил ага жакын келип моюндун күрөө тамырына катуу шилтеп калды. Ал эси ооп кулап түшкөндө Эрбол менен Альберт эки жагынан көтөрүп кетти.
- Бизди өткөрүп жибергилечи, мунун талма оорусу кармап калды.
Окуя эң акыркы катарда болгондуктан көрүүчүлөр ага көңүл бурушмак турсун карап да коюшкан жок. Тескерисинче аларга ачууланып жатышты.
- Бол ылдам, өтүп кетпейсиңерби жолду тоспой, тияк жак көрүнбөй калды, болгула ылдам!
Эрбол өтүп баратып ортодогу рингде мушташып аткандарга бир сыйра көз жүгүрткөнгө үлгүрдү. "Уулуу жылан" кызыл-ала болуп ага "Черная пантера" үстөмдүгүн жүргүзө баштаптыр. "Буга чыласа эми он же он беш мүнөт чыдайт, ошондон кийин мунун да иши бүтөт экен да" деп ичинен ойлоп койду Эрбол сыртка чыгып баратып. Төртөө аны цирктин экинчи кабатындагы сырткы антракт мезгилинде эс ала турган жерге алып барышты. Анан бетине суу чачып эсине келтиришти. Ал эки жагын карап кыймылдайын деди эле, экөө эки колунан былк эткирбей кармап турушуптур. Маңдайына Раббил басып келип ээгин көтөрө катаал суроо берди.
- Алмаз кайда?
- Кудай урсун билбейм, аны көргөнүм жок.
- Чыныңды айт!
- Чынымды айтып жатам.
Раббил болгон күчү менен анын талуу жерлерине уруп-уруп калды эле, көзү аңтарыла башы шылк дей түштү. Кайра суу чачып эсине келтиришти. Жакшы эле кыймылдайын деди эле, беркилер аны былк эткиришкен жок.
- Убакыт аз, саналуу гана мүнөттөр...
- Эмне, мени кыйнап айттырып алабыз деп атасыңар го, андан майнап чыкпайт. Мен деген шефтин оң колумун, ишенимдүү кишисимин.
- Сенин өмүрүнө да саналуу гана мүнөттөр калды. Же ары кетесиң же бери келесиң.
- Антип коркутпагыла! - ал эч нерсени тоотпогондой кебелбей турду.
- Экинчи беттешүүгө чейин айтсаң аман калдың, беттешүүнүн убактысы кандай башталат, сенин да жашооң ошону менен бүтөт. Биз ойноп же коркутуп айтканды жаман көрөбүз, биз бир гана сүйлөйбүз. Бул жерде ит аткандай атып салабыз да кете беребиз, - Раббил саатын карады.
- Саналуу гана мүнөттөр, секунддар калды, - анан ал чөнтөгүнөн пистолетин сууруп чыгып анын башына үнүн чыгарбоочу "глу-шителин" бурап беките баштады.
- Кана, ойлондуңбу? - Раббил пистолетин шашпай октоду да анын чекесине такады.
- Жашоо бул оюнчук эмес, ойлон, азыр бобул курокту басып коем, бүттү. Ошол менен бул жарык дүйнө менен коштошосуң. Бизге баары бир, чымчык өлгөнгө тете. Онго чейин санайм ойлон, бир, эки, үч, төрт...
- Болуптур, муну мен айтып берейин. Бирок баары бир үлгүрө албайсыңар. Ал аябай алыс, шаардын чет жакасындагы бир жерде жер төлөдө байлануу жатат. Ага жетиш үчүн жарым саат, кайра келиш жарым саат. Толук бир саат убакыт керек. Анын үстүнө үйдүн сыртында да ичинде да куралдуу кайтаруучулары бар. Алар жөндөн жөн бере койбойт. Бул бир, экинчиси...
- Эмне экинчиси?
- Аны айтпай эле коеюн, барганда көрөсүңөр. Адегенде сүйлөшүп, келишип алалы. Мен ал жаткан жерди көрсөтүп берем. Силер мени аман эсен кое бересиңер. Сүйлөштүкпү?
- Сүйлөштүк, кеттик анда. Баса Эрбол, сен бул жерде тигил спорт комитетинин кишилери менен кал. Кандай болсо да "азыр келип калат, белгилүү себептер менен кармалып жатат" деп көрүүчүлөргө, жюри, калыстарга түшүндүрүп айткыла, - баары шашылыша жаңы эле орундарынан козголо бергенде туш-туш жактан он чакты киши аларды мээлеп курчап алышты. Ортого Ян Гусь басып келди.
- Шашпагыла мырзалар, али оюн баштала элек. - Баары аны жабыла карап калышты.
- Ян Гусь!
- Ооба, жаңылган жоксуңар, бул менмин.
- Алмазды эмне кылдың, ал каякта?
- Ал жайлуу жерде жыргап, эс алып жатат. Силер да каршылык көрсөтпөгүлө. Өзүңөр айткандай булар да силерди ит аткандай атып таштайт, - Ян Гусь бир экөөнө куралдарын алгыла дегендей белги берди. Үчөөсү тигилердин жанына келип адегенде Раббилди анан калгандарынын чөнтөктөрүн аңтарып пистолеттерин алып коюшту.
- Эми шашпагыла мырзалар, оюнду аягына чейин көргүлө, анан жанындагыларга буйрук бере сүйлөдү: - Колдорун байлагыла!
Эки-үчөөсү келип төртөөнүн тең колдоруна кишен салышты. Анан цирктин эң үстүнкү жагындагы орундукка алып барып катар тургузушту да калгандары аны курчап отурушту. Бул мезгилде "Черная пантера" алиги япон жигитин жеңип ары-бери басып турган эле. "Уулуу жылан" деген кошумча аты бар алиги япон жигити кызыл-ала араң жан болуп, кыймылдай албай жерде чалкасынан жатыптыр. Көрүүчүлөр эмнегедир аны колдошуп кол чапкылашкан жок. Баары тең жымжырт болуша анын ар бир кыймыл-аракетин карап турушуптур. Тигилерге катарлаш отурган башка көрүүчүлөрдүн бирөө өзүнчө сүйлөнө кетти.
- Бул даана канкор турбайбы, тиги байкуштун эки колун тең атайылап туруп сындырып таштады.
Бир аз турган соң ары жактан ак халат кийгендер аны алып кетишти. "Черная пантера" ортодо бир аз ары-бери басып турган соң рингден чыгып ары көздөй кетип калды. Бир канча убакыттан кийин экинчи беттешүүгө Алмаз менен пакистандык жигит чыкмак. Көп өтпөй эле кооз халат жамынган пакистандык жигит өзүнүн коштоочулары менен рингге чыгып келди да, халатын чечип ыргытып жиберип көрүүчүлөр менен учурашкандай эки колун көтөрүп башын ийкегилеп кирди. Буга көрүүчүлөр кайрадан "дуу" эле дей түшүштү. Анткени беттешти эң башынан бери көрүп аткан мунун күйөрмандары да бар болчу. Эми экинчи атаандашын күтүп калышты. Эмнегедир ал кечигип келбей жатты. Арадан он мүнөт убакыт өттү. Калыстар менен жюрилердин арасында күбүр-шыбыр башталды. Атүгүл ал жерде Кыргызстандык спорт комитетинин да кишилери жок эле. Көп өтпөй эле "Кыргызстандан келишкендер качып кетишти" деген сөздөр көрүүчүлөр арасында чагылгандай тез тарай баштады. Ян Гусь өзүнө-өзү ыраазы боло, болуп жаткан окуяларга жылмая карап турду. Алиги ортодогу пакистандык жигит чытыраган булчуңдарын көрсөтө ары-бери мактана баса баштады. Анан калыстардын арасынан бир киши чыкты да микрофон менен көрүүчүлөргө кайрылды.
- Жанатан бери жыйырма мүнөт убакыт өттү. Эми он мүнөт күтөбүз, келбесе муну утту деп эсептей беребиз. Анда эң акыркы решающий, заключительный бойго буга улуксат берилет. Анда эртең "Черная пантерага" каршы бул жигит чыгат.
Элдер жымжырт болуп акыркы калыстардын жыйынтыгын күтүп турушту. Анан алиги киши саатын карады да микрофонго кайрадан келди.
- Убакыт бүттү, Кыргызстандан келгендер качып кетишиптир. Мейли...
Аңгыча эле көрүүчүлөр тарап "дуу" эле дей түшүштү. Алиги киши сөзүнүн аягына чыкпай туруп калды. Анткени толугу менен мушташка даяр болуп ортодо Алмаз турган эле.
Раббилдерди курчап отургандар өз ара ызы-чуу болуша дүрбөлөңгө түшүп калышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй Ян Гусь ордунан туруп жөнөдү эле, аны беш-алтоосу ээрчип кетти. Тигилерди бешөө кайтарып калышты. Бир аз турушкан соң төмөн жанагы-лардын мушташы башталды. Алмаз эки сутка оозуна наар албагандыктан өзүн кичине алсызыраак сезип турду. Көпчүлүк мезгилде атаандашына чабуулга өтүүгө мүмкүнчүлүк берип, өзү коргонуп атты. Адегенде эле пакистандык жигиттин чабуулу катуу башталып үстөккө-босток Алмазга сокку берилип атты. Алмаз эки жолу учуп түшүп кайра оңолду. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү Алмаздын күйөрмандары болчу. Ошол себептен тигини анча колдошпой демдерин ичтерине катыша түпөйүлдөнө, кабактарын бүркөй карап турушту. Алмаз улам жерге учуп түшүп кайра ордунан атып тура дале да болсо коргонууда жүрдү. "Буга эмне болгон?" деп көрүүчүлөр тургай өйдө жакта отурган Раббилдер да сары-санаа болуша убайым жеп атышты. Алмаз чабуулга көп өтпөгөнү менен кандайдыр саналуу гана секунддагы бир кырдаалды күтүп аткан эле. Анын пассивдүү бул жоругуна Раббилдер тургай, көрүүчүлөр да шаабайлары сууп, көңүлдөрү чөгө түшүштү. Анткени атаандашы Алмазга үстөккө-босток сокку уруп эртеден бери үстөмдүккө өтүп алган эле.
Бир кезде ушунчалык чагылгандай тездик менен урулган соккудан пакистандык жигит учуп барып жерге "талп" дей түштү. Алмаз эртеден бери ушундай кырдаалды, тигинин кемчилик, катасын издеп аткан эле. Саналуу гана секунд ичиңде учура сокту. Алмаз чалкасынан жаткан анын жанына басып келди. Алиги жигит башын көтөрүп турганы менен кыймылдай албады. Алмаз да ага кошумча сокку берген жок, анткени ал ордунан тура албасын билди. Эңкейип жерде жаткан атаандашын бир аз карап турган соң ордунан туруп ары басып кетти. Заматта көрүүчүлөр тарап "дуу" эле дей түштү. Ошол маалдан пайдаланып эң акыркы катардагы орундуктарда отурушкан Раббилдер кайтарууда тургандарды эсин оодара чаап, куралдарын алыша көздөн кайым болуп кетишкен эле. Катуу ызы-чууда көрүүчүлөр да муну анча байкашкан жок. Кайдан-жайдан келишкени белгисиз, спорт комитетинин кишилери да алдынкы орунда отуруп калышыптыр. \ кар Алмазды кучакташа куттуктап атышты.
Эми алдыда эң эле чечүүчү, эң эле коркунучтуу, "Черная пантера" менен кез-дешүү күтүлүп турган эле.
Күтүлбөгөн мындай окуядан кийин баардыгы сак болуп калышты. Өзгөчө Алмазды катуу кайтаруунун үстүндө турду. Ян Густун кишилери ачыктан ачык кол салууга эки-үч жолу аракет жа-сашты. Ортодо анча-мынча атышуу да болуп кетти, анын кишилеринин бир-экөөсү ок жеп жараланышкан соң куйруктарын кыпчып алып жоголушту.
- Булар ушул боюнча эле тынчып калышпайт, кандайдыр бир моментти издеп жүрүшөт. Күтүлбөгөн кол салуудан сак болуш керек, алар Алмазды кандай болсо да көзүн тазалагылары келип атышат. Аны атып кетүү, өлтүрүү беш-алты секундду эле талап кылат. Эки-үчөө кокустан чыга калып автомат огун мөндүрдөй жаадырып кетишет же гранат, жардыргыч заттарды ыргытып жиберишип дароо көздөн кайым болушат. Беттешүү бүткөнчө өтө сак болбосок болбойт, ал эми тигилер менен шашпай эсептешебиз.
- Жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да бизге кандайдыр бир башкача көз карашта болуп калышты. Баамдап атасыңарбы, түндөгү атышууну бизден да шек алып атышат.
- Албетте, пистолеттерди аларга көрсөтпөш, атүгүл билгизбей! керек. Эптеп бир-эки күн чыдайлы, анан бул жактан кетебиз.
- Ооба, ага чейин түндөгүдөй дагы атышуу болбосо экен. Анын үстүнө Ян Густун кишиси Алмаздан жеңилип калып, ичтери күйүп ого бетер жинденип калышты. Баса айтмакчы, кандай ойлойсуңар, Алмаз "Черная пантерага" каршы тура алабы?
Баары "билбейм" дегендей ийиндерин күйшөшө бирин-бири карап калышты. Бул мезгилде Алмаз аркы бөлмөдө уктап жаткан эле. Анын үстүнө тигилердин туткуну болуп эки сутка оозуна наар албагандыкы, ошол эле боюнча эч нерсеге үлгүрбөй рингге бет-тешүүгө чыкканы, алардын бир топ таасири тийген эле. Эми жакшылап эс алып чечүүчү беттешүүгө кам көрүү, даярдануу керек болчу. Алдыда эң коркунучтуу, күчтүү, ырайымсыз каршылашы "Черная пантера" турган.
- Силер кандай ойлойсуңар билбейм, эгер мен аны менен жекеме-жеке чыга турган болсом, жеңип кетээриме көзүм жетпейт эле. Анын мыкаачылыгы да бар экен. кечөөгү япон жигитиндей колдорун сындырып салбаса болду.
- Биз ага позволяйт этпейбиз.
- Анын реакциясын, көз каректерин байка-дыңарбы, колдору ушунчалык бат иштейт экен, дагы кандай гана сокку болбосун, жеңил гана тосуп койгонго үлгүрөт экен. Анын мушташуу ыкмаларынын бир топ өзгөчөлүктөрү бар экен, эстеп, эс тутумума сактап калдым. Ошону тигил жакка барганда өздөштүрүп алыш керек экен. Саат канча болду?
- Тогуз.
- Бир сааттан кийин Алмазды ойготуп кечки жетиге чейин жакшылап даярдаш керек. Ян Густун кишилеринен сак бололу, бул үчүн алар баарына даяр. Сырт жакка да көзөмөл салып туралы. Ким билет, мейманканада анын канча кишиси бар. Балким анын кожоюну да булардын кишиси болуп калышы мүмкүн.
Бир сааттан кийин Алмаз ойгонгон соң аны баарылап дене-башына массаж жасап, анча-мынча машыгууларды өткөрүп алдын-ала даярдыктан өтө баштады. Раббил келип Алмаздын ийинине колун койду.
- Мэй Линин согушуу ыкмаларын унуткан жок-суңбу?
- Сен унутпасаң эле унутпайм. Экөө тең күлүп калышты.
,- Смотри, тиги "Черная пантера" деле анын окуучусу, сен деле анын окуучусусуң. Ал үйрөнгөн ыкмаларды, өнөрдү сен деле үйрөндүң. Керек болсо Мэй Ли аныкынан артык баш өзүнүн жашырып жүргөн ыкмаларын да үйрөттү сага. Анын талуу, жаралуу жерлерин да айтып берди. Эми сен анын кемчилиги болгон ошол жаралуу точкаларын табууң керек. Сен деген анын эң акыркы решающий атаандашысың, ал сени аяшы мүмкүн эмес. Япон жигитинен да жаман кылып коюшу ыктымал. Дегинкиси сак бол өзүңө.
- "Генерал болууну каалабаган солдат ал солдат эмес" деген орустардын макалындай, биз бул жакка жөн эле оюн көрүү, катышуу үчүн келген жокпуз. Кандай да болсо жеңүү, утуу үчүн келдик. Жеңилбес пантера менен колдон келишинче кармашып көрөбүз. Кудайдын буйругу болсо жеңебиз, жеңилип калсак айла жок. Анда эле Ян Густун кишилерине шылдың болдук дей бер. Кой, кандай болсо да жеңүү керек. Жок дегенде тең тайлашып чыгуум абзел. Эмне болсо да, кандай болсо да карманыш керек. Мэй Линин ишенимин, эмгегин баалаш да, акташ да мен үчүн парз.
Бул акыркы чечүүчү бет-тешүүгө элдин көпчүлүгүнөн цирктин ичи шыкала толуп сыртка да батпай кетти. Ошондуктан көпчүлүктүн өтүнүчү боюнча сыртка да атайын ичин көрсөтүп турган экрандар коюлду. Ичте эмне кыймыл болуп атса сырттагы экрандан баарын көрсөтүп турат экен.
Беш-алты кишинин коштоосунда Алмаз цирктин ичине кирип кетти. Элдин көптүгүңөн мили-циялардын жардамы менен араң өттү. Журналисттерге интервью берген жок, алардын суроолоруна тек гана "көрө жатарбыз" деп гана койду. Арадан жыйырма мүнөт өткөндө көчө жак ызы-чуу эле болуп калды. Чачын артына өрүп, кара көз айнек тагынган "Черная пантера" келаткан болчу. Анын артынан он чакты киши коштоп келатышкан. Баарынан кызыгы, чачынын айланасын жалтырата кырдырып туруп өрүлгөн жерин гана калтырып коюптур, мурутун да алдырып салыптыр.
- Кам санабай эле, таң калбай эле кой, мунун өзүнүн ырымы ушундай. Бул биринчи эле жолкусу эмес, акыркы чечүүчү бет-тешүүдө дайыма ушундай кылат, - спорткомитетинин кишиси Алмазга анын жоругун түшүндүрүп жатты.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 17:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Жеңилбес жоо
Беттешүү он мүнөттөн кийин башталмак, эл катуу толкуп турушту. Бири-бирин күтүшпөй экөө бир мезгилде рингге чыгышты. Цирктин ичиндеги жык жыйма болуп шыкалышып отурушкан көрүүчүлөр ушунчалык дуулдаган кол чабуу, ышкырык, кыйкырык менен тосуп алышты. Бүгүнкү беттешти көрүшкөнү төгөрөктүн төрт бурчунан ар кайсы улуттагы элдер келишкен болчу. Байыркы Улуу Рим империясы гладиаторлорду ортого алып чыккандай көрүүчүлөр тараптан эки жаат бөлүнүшө теңи "Черная пантера" тарабында болсо, теңи Алмазды колдоп атышты. Атүгүл бай кишилер өз ара мелдешип "кимиси утат?" деп талаша ортого чоң байге да коюп жиберишкен эле, Көрүүчүлөрдүн алтымыш пайызы "Черная пантера" сөзсүз утат деген ишенимде болуп турушту, он беш пайызы олку-солку боло, болгону жыйырма беш гана пайызы Алмаздын күчүнө ишенип атышты.
Мушташууга улуксат белгиси берилди. Күжүлдөп турган зал бир заматта жымжырт боло түштү. Рингдин эки тарабында™ эки дөө бири-бирине жакындай басып келишти. Каршылашынын оңой жоо эмес экенин сезген Алмаз өтө эле кыраакы, сак аяр болуп турду. Тигил биринчи кол салабы деп күтүп турду эле, ал дегеле шашып койгон жок. Көзүнүн кыйыгы менен Алмаздын ар бир кыймыл-ара-


кетин байкап турду. Бир маалда Алмаз шамдагайлык менен катуу бет жагына сокку берип өттү эле, тигил анын соккусун кебелбей гана тосуп койду. Экөө чокуша турган короздорчо бири-бирин аңдыша ары бери тегеренип рингдин ичинде басып турушту. Алмаз экинчи жолу дагы сокку жасап өттү эле, аны да кебелбей тосуп, ал аз келгенсип жылмайып күлүп койду. Анын эч нерсени тоотпой жылмайганы Алмаздын ачуусун келтирип атты. Ачуусу менен секирип келип тээп өттү эле, бетин чала чарпыт шырпып өттү. Буга пантеранын кабагы бүркөлө түштү. Алмаз дагы ошондой соккусун кайталаганда тигинин күтүлбөгөндөй контр чабуулуна жерге камгактай чабылып түштү да кайра мышыктай атып турду. Пантеранын алгачкы соккусу катуу болду. Атүгүл көрүүчүлөрдүн баары пантераны колдоп ышкырып, кол чаап жиберишти. Алмаз мурункудай кол салбай сактанып калды. Тигинин контр чабуул менен сокку берип атканын көрүп ага тике кол салбай анын чабуулун күтүп турду.
Бир маалда ушунчалык тез урулган анын соккусуна араң-араң туруштук берип, буйтап кетүүгө үлгүрдү. Цирктин ортосунда эки арстан кармашып атышкандай элестеп жатты. Бир кезде Алмаз окутуучусунун "анын бөйрөк, боор туштарына соккула, эң эле слабый жери ошол" деген сөзүн эстеди. Эки-үч жолу бөйрөк тушка тээп көрдү эле, тигил соктурбай, атүгүл жакындатпай койду. Дагы бир жолу буту менен тээп көрдү эле, пантера анын бутунун таманынан карыштыра кармап алып кое бербей койду. Аны экинчи буту менен көтөрүлүп келип тээп ажыратып кетти. Өзүнүн мурунку ыкмаларына салып пантераны үстөккө-босток уруп-уруп өттү эле тим эле дөңгөчтү ургандай болду. Анын денеси тим эле, ушунчалык таштай катуу экен.
Бир маалда экөө тең бири-бирине бирдей чабуул коюп качырып келишти. Алмаз жерге кандай учуп түшкөнүн билбей калды. Атүгүл өпкөсү куушурула бир азга дем алалбай барып оңолду. Пантераны көзүнүн кыйыгы менен караганда ал өзүнөн үч кадам жерде кебелбей карап туруптур. Орундан кандай атып турганын билбей калды. Катуу ылдамдык менен секирип келип аны көкүрөккө тээп өттү эле, ал кичине сендиректей түшүп барып кайра оңолду. Бул Алмаздын эң биринчи соккусу эле. Көрүүчүлөр кол чаап жиберишти. Пантеранын көзү чакчая ачуусу келе баштады. Ачуу айкыра ушунчалык тездик менен экөө катуу чабыша кетишти. Экөө эки жакка томолонуп түшүшүп кайра турушту. Кайрадан кагылышты. Күтүүсүз катуу соккуга Алмаз туруштук бере албай жерге талп дей чабыла жер айлан көчөк болуп тим эле кабыргалары сынып кеткендей эле боло түштү. Жарым секунддай былк этпей жатты. Пантера бир орунда козголбой тигинин ар бир кыймылын байкап турду. Анын күйөрмандары кыйкырып, ызы-чуу түшүшө кол чаап жатышты.
Байыркы доордун амфитеатрындагы өйдө карай тепкич болуп кеткен отургучтарындай болгон тике отургучтарга көчүк айлангыз болуп жыш отурушкан көрүүчүлөр дуулдата катуу толкуп турушту. Черная пантера ордунан кебелбей көзүнүн кыйыгы менен бир зал жактагы элди карап, бир жерде жаткан Алмазды карап, анын турушун күтүп ары-бери басып турду. Бир кезде Алмаз эсине келе түштү. "Кызык, мен эмне жатам бул жерде, таяк жеп жеңилиш үчүн келдим беле. Жок, бул жоругум жарабайт, уят мага". Ал ордунан кайра атып турду эле, кабыргаларын бирөө бычак менен сайып жибергенсип зыркырап барып оңолду. Мушташ кайра уланды, "Пантера" Алмазга таптакыр эле үстөмдүккө өтүп алды- Мэй Ли үйрөткөн алтымыш төрттөн ашык ыкма бул жерде бир тыйынга да арзыбай калды. Анткени анын баары тигиге тааныш болгондуктан жеңил гана Алмаздын соккуларын кабыл алып атты. Бул көчөдөгү жөнөкөй адамдардан эмес эле томолото чапкыдай, ал эми дайыны жок эле сокку бере бергендин пайдасы жок экенин Алмаз толук түшүнүп турду. Анткени каршылашынын таштай болгон денеси мунун соккусун чымын чаккандай да көрмөк эмес. Окутуучусу Мэй Линин айтканын эсине алып анын бөйрөк тушуна сокку бергенге ыңгайлуу учурду күтүп атты. Бир кезде анын коргоп аткан колу кокусунан бир көз ирмемге ачыла түшкөндө ал ушунчалык тез чагылгандай ылдамдык менен аны бөйрөк тушуна уруп өттү. Эртеден бери аны кебелбей ары-бери басып турган неме бир колу менен бөйрөгүн баса анча-мынча эңкейе ооруганын билгизбөөгө аракет жасай, бөктүшө калды.
Бул соккунун ушунчалык катуу болгонун экөөнөн башка эч ким сезген жок. Ал түзөлгүчө бет талаштыра дагы эки-үч сокку жасап кетти. Эл арасы кайрадан толкуп барып оңолушту. Пантеранын эми чындап жаалы келе баштады. Жанагыдай тоотпой, ары-бери баспай ыкчам согушканга өттү. Алмаздын соккуларын денесине тийгизбей буйтап кетип атты. Алмаз да болгон дарамети менен согушуп кирди. Экөөнүн ушунчалык тездик менен, татаал ыкма, техникалар менен согушуп атканы көрүүчүлөрдү аябай таңгалтыра, экөөнө ыраазы боло карап турушту. Мушташ, кармаш катуу кызыды. Эл да чуру-чуу түшө толкуй баштады. Мындай чыныгы мушташты көпчүлүгү биринчи жолу көрүп атышы эле. Бирде Алмаз, бирде Пантера учуп түшүп кайра эле атып тура калышып мушташа беришти. Бир маалда кандайдыр бир табышмактуу ыкма менен бүркүттөй учуп келип Алмазды бетке тээп өттү. Катуу соккуга туруштук бере албай Алмаз жерге учуп түштү. Сокку ушунчалык дал тийгендиктен Алмаздын башы кеңгирей жер кайрадан ай-лан-көчөк боло бетиндеги тигинин буту тийген жери жарылып кетти. Бетине кан жая берди, эреже боюнча оюн убактылуу токтотулуп ары жакта отурган ак халатчандар чуркап келишип Алмаздын жарылып кеткен жерине крестик кылып ак лейкопластырь чапташты. Бир аз турушкан соң аккан кан токтоп Алмаз кайра ортого чыкты..
Үстүндө кийип жүргөн майкесин чечип салды. Мушташууну баштагыла деген белги берилди эле, экөө кайрадан мушташа башташты. Бул жолкуда экөө тең аябай сак боло өтө кылдаттык менен абайлап согушуп атышты. Алмаздын да оңой жоо эмес экенин тиги да сезип болгон дараметине салып согушканга өттү. Экөө бир эки мүнөттөй мушташкандан кийин Пантера дагы жанагыдай ыкмага салып бүркүттөй шукшурула секирип келип Алмазды моюн талаштыра тээп өттү. Алмаздын көзүнөн жаш ата, дем алалбай муунуп калды. Бул таптакыр эле эч ким билбеген, эч ким көрбөгөн өзгөчө ыкма эле, мындай ыкманы эч ким көрө элек да болчу. "Ничего себе, бул кандай ыкма, буга туруштук бере аламбы?" Алмаз мойнунун сыйрылган жерин колу менен сыйпалай араң барып оңолду. Бул ыкмага каршы тоскоолдук кылганга да, контр чабуул жасаганга да, коргонгонго да болбойт экен. "Демек мунун да эч ким билбеген жашыруун өзгөчөлүктөрү бар экен да". Эмнегедир бул соккудан кийин Алмаздын денеси кадимкидей шалдырай түштү. Эсине келип оңолгуча дагы дал эле ошондой сокку жеди. Ушундай ыкма менен үстөккө-босток удаа-удаа согулгандыктан Алмаз кулап түштү жерге. Соккудан чекеси, жаагы жарылып кеткен эле, кыймылдайын десе мас кишидей ордунан козголо албай койду. Пантера аны айлана ары-бери басып турду да ышкы-рып, кыйкырып, ызычуу түшүп аткан көрүүчүлөргө эки колун көтөрүп жеңиштин салтанатын белгилеп жатты.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Argymak007   05 Февраль 2014 - 17:25

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Акыркы шанс
Алмаздын башынан сызылып аккан кан көзүнө агылып, кирпиктерин кан кылып ого бетер жүдөтүп жиберди. Эки колу менен кирпиктериндеги кандарды аарчып жатып кокусунан экинчи катарда отурган Хасиятханды көрүп калды. Бет аарчысы менен ыйлап аткан жашын аарчып атыптыр. Сол тарапта отурушкан өзүнүн коллегаларына көз жүгүрттү эле, алардын таптакыр эле көңүлдөрү чөгө, кабактарын бүркөшө өзүн аянычтуу карап туруптур. "Кой, мындай болбойт, кандай болсо да ту-рушум керек, жеңе албасам да тең тайлашышым зарыл. Уят-уят мага". Ал кайра ордунан турду. "Оюнду бүтүрөлү, жеңилип бер" деп ары жактагы калыстар тобунун эки-үчөөсү жүгүрүп келип тигини колдон кармашты эле, Алмаз аларды кагып салды.
- Келесоо десе, ал азыр сени өлтүрүп коёт.
- Аны азыр көрө жатарбыз.
Кайрадан мушташка улуксат деген сигнал берилди. Экөө кайрадан чабышканга өтүштү. Бул жолкусунда Алмаз чабуулга өтпөй тек гана тигинин соккуларын тосо коргонуп гана калган эле. Мушташ дагы эки мүнөткө созулду, пантера дагы эле жанагындай ыкма менен Алмазды бир канча жолу согуп өттү. Алмаз жерге чабылып түштү да ордунан козголо албай койду. Аны өлтүрүп койбосун деп чочулашкан калыстар тобунун бир-экөөсү ортого жүгүрүп чыгыша "Сен жеңдиң" деген белги берип тигинин ортосун тосуп калышты.
Алмаздын башы тегеренип жер айлан-көчөк болуп атты. Карегинин алдынан айланасындагы колдорун булгалап чуру-чуу түшүшкөн элдерди көрүп турду. Беш-алты киши пантераны тегеректеп алышыптыр. Көпчүлүгү аны колдошуп жеңиштин салтанатын белгилей башташты. Бир маалда кокусунан көз алдына Мэй Линин сүрдөнүп карап турган элеси тартыла түштү. Анын көз карашынан "мен сенден муну күткөн эмесмин, ушуну кылат деп үйрөттүм беле. Менин эки айдан ашык жасаган эмгегимди талаага кетирдиңби. Менин айткандарымды эмнеге аткарган жоксуң? "Зудзунонун чагылгандуу отун" эмнеге колдонгон жоксуң? Анын арбактары сага нааразы болот. Тур ордуңдан, кайраттан, күчүңдү жый. Кайрадан мушташка чык", деген белги бар эле. Анын элеси жоголуп кетип, бир аздан кийин Ян Густун элеси көз алдына пайда болду. Ал "мына ушуну көрмөксүң, өлалбай жа-тып өлөң айтат" дегендей, мушташкандын балакетиң аласыңбы. Дагы өлбөй калганына кудая шүгүр де. Сооп гана болот ушуну көрмөксүң, ха-ха-ха!" деп табалап жатты. Бир заматта айланасы айлан-көчөк болуп туманданып кетти. Тумандын арасынан ыйлап жаткан Хасиятхандын элеси көрүндү. Ага удаа эле Альберт, Хамид, Раббил, Эрболдордун өзүн жек көрө карап турушкан элеси тартылды. Көзүн жума башын силкип-силкип алды. "Мен эмне болуп атам, акылымдан айныган жокмунбу" . Көзүн ачты эле, "жеңилбес пантера", Тасиро Минамотонун эки колун көтөрө беш-алты киши рингди айланта жетелеп жүрүшүптүр. Элдин баары ышкырык, ызы-чуу түшүп аны колдоп жатышыптыр. "Бүттү ишим, мындан көрө өлгөнүм артык. Мынчалык уят болбой, келбей эле койсом болмок. Уят, уят, мындан көрө өлгөнүм артык". Аңгыча кайрадан Мэй Линин элеси келди, анын өктөм сүйлөгөн сөзү кулагына жаңыра баштады. "Сен жеңилбешиң керек, кандай болсо да Тасиро Минамотону жеңишиң, "Жеңилбес Пантера" деген атын өчүрүшүң керек. Мен сени ушул үчүн машыктыргам. "Зудзунонун чагылгандуу отун" ушун үчүн үйрөткөм. Анын мындай эч ким билбеген коркунучтуу, коргонгонго татаал ыкмасы болсо, сеники аныкынан да татаал, коркунучтуу ыкма. Кандай болсо да сен аны жеңишиң керек, тур ордуңдан. Менин эмгегимди жебе, мени уятка калтырба, ишенимимди акта, тур ордуңдан! ". Алмаз чымыркана башын катуу бир чулгуп алды. Кадимкидей кайра каруу-күчү топтоло түштү. "Оо Кудайым, мени колдой көр". Колдорунан бирөө сүйөп жаткандай болду. Ал чымыркана кайра ордунан атып турду. Катуу-катуу оор дем алып алды.
Жеңилбес пантераны жетелеп жүргөндөр таңгалыша Алмазды карап калышты. Анткени ал мурунку калыбындай эле бир ордунда өзүн жеңил сезип туруптур. Эмнегедир аябай намысына келе каяктандыр күч топтолуп, денесиндеги ооруган жерлери сезилбей, кадимкидей мурунку калыбына келип калган эле. "Оо Кудайым, жардам бере көр". Оозунан бул сөздөр кандай чыгып атканын өзү да сезбей атты.
Минамото да аны бурулуп таңгала карап калды. Эртеден бери чурулдап атышкан элдер бир саамга тымтырс боло түшүштү. "Чын эле бул мени менен мушташка даярбы?" деп ишенбегендей ал Алмазга жакындай басып келди эле, Алмаз мен даярмын дегендей ордунан секирип-секирип койду. Ортодо жүргөн Минамотонун сүрөөнчүлөрү рингден сыртка чыгып кетишти. Минамотонун чындап ачуусу келди да эми биротоло таптакыр тургус кылып мунун түбүнө жетмекчи болду. Алмаздын кыймыл-аракетин карады эле, ал мурунку калыбындагыдай эле тургандыгына таңгалды. Бүттү эми ишиң дегендей жаалдана атырылып жөнөдү эле, кандайдыр бир чагылгандай сокку аны жерге учуруп түшүрдү. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй буга өзү да таңгала түштү. Алмазды караса, ал мурунку бир ордунда эле былк этпей туруптур. Эртеден берки муташта бир да жолу мындай болуп сокку жеп, кулап түшкөн эмес. Андан кандайдыр бир тааныш кыймыл-аракетти, соккуну байкады, бирок муну ким пайдаланганын эстей албай атты.
Жаалдана ордунан кайра атып турду да чабыша кетишти. Өзүнүн алиги ыкмасына салып соккуча кайрадан жерге чабыла түштү. Бул жолкусунда мурункудан да катуу жеди. Ордунан чайпала араң көтөрүлдү. Мушташ кайра уланды. Ушунчалык чагылгандай тез, аябагандай катуу соккуга каршылык көрсөтө, туруштук бере албай жерге эт-бети менен кулады. Бул сокку Минамото үчүн жетиштүү сокку болду, бул да Алмаздын эң акыркы чечүүчү соккусу эле. Пантера ордунан козголмок турсун башын араң көтөргөнгө жарады. Анын бет алдында Алмаз эмес эле, тээ качанкы бир кездеги өзү менен такай чогуу жүрчү окутуучусу Мэй Линин элесин көрдү. Ошондо гана бул соккуну мурда кимден жегениң эстей жерге башы шылк дей түштү. Ак халатчан эки-үч адам рингге жүгүрүп чыгышып узунунан сулк жаткан Тасиро Минамотону замбилге салып көтөрүп алып кетишти. Ошону менен көп жылдар бою далайын кырсыкка, далайларын өлүмгө учураткан, дүйнөгө таанымал болгон эң коркунучтуу "Жеңилбес Пантеранын" иши бүттү.
Алмаз Пантерадай болуп колун көтөрүп элдерди карап жеңиштин салтанатын белгилеген да жок. Бир аз турган соң, акырын унчукпастан рингден сыртка чыгып кетти. Анын артынан ондон ашык киши ээрчип жөнөдү. Алардын ичинде өзүнүн сүйүктүүсү Хасиятхан да бар эле.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 02:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: