Менин балдарым чоңойгондо ким болот? Кайсы окууну окуйт? Балким келечекте жаңы тармактар ачылып, жаңы кесип пайда болот?
Ушул темага сүйлөшүп көрбөйлүбү?
Мисалы, азыркы заманда минимизация каптап келе жатат. Азыр баары кичинекей болсо дешет (кээ бир оокаттарды албаганда мисалы, телевизор, спальный ж.б.д.у.с. ). Кийин шаарлар чоңоюп отуруп, жер жок калат. Ошондо биздин шаарды ким жашылдандырат? Элестеткиле кичинекей ачык жерлер эле калса, ал жака эмне тигишти билбейсиң. Ошондо мына "шаар кароолчусу" деген кесип пайда болот экен. Ал биз күтпөгөн жерлерди жашылдандырып, малдын да камын ойлоп табуучу кесиптин ээси болот экен.
Дагы бирди жазсам, "Жеке жашоо сакчысы" - бул биздин үйдөгү, виртуалдуу жашообуздагы жеңилер (уязвимый) жерлерибизди мындайча айтканда, биздин абийирибизди жаап, аларды жокко чыгаруучу адам болот экен да...
Силердин оюңар боюнча дагы кандай кесиптер пайда болот?
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 04 Февраль 2014 - 16:03