Суперстан: Пайдалуу кеңештер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер. Майда,бирок маанилуу.

#21 Пользователь офлайн   nelli   22 Август 2013 - 16:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 863
  • Катталган: 22 Май 12
  • Соңку аракети: 21 Окт 2020 22:20
  • Жынысы:Аялзаты

Терезе рамаларын сырдоонун алдында айнектерди уксус менен суртуп койсо краска жукпайт.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   vikarus   28 Сентябрь 2013 - 04:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 776
  • Катталган: 10 Май 13
  • Соңку аракети: 25 Дек 2021 22:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Өзгөн.Куршаб.

Прикрепленное изображение: 1349074240_domosed_11.jpgjpg]
Эх, где то золотое время, когда меня хвалили за то, что я поспала и хорошо покушала!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Nursaikal   28 Сентябрь 2013 - 13:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

кечиресиздер, туура эмес жакка жазсам, токууну уйротуучу журналдар болчу эле кайдан алсам болот
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Ulutum_Kyrgyz   29 Сентябрь 2013 - 23:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 15 Август 12
  • Соңку аракети: 04 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где моя Звезда.

Просмотр сообщения Kosmopolitka (08 Август 2013 - 18:59) жазган:

Жатаарда балды сууга чалып ичсениз,уктап жатканынызда ички органдар тазаланат.


+bal tabigyi dimedrol bolup sanalat))),jataarda jyluu suuga bir chai kawyk baldy chalyp ichse uiku bekem bolot jana erten mn sergek turasynar ...dagy aita ketchu nerse Turk eli bala torolgondon 18 jashka chein sahar ,konfet,marmelad j.b.u.sy9ktuulardy beriwpeit eken balanyn meesi ospoi kalat dep anyn orduna baldy koldonuwat eken,kobunese bal beret eken...bul turk liceiynen alyngan maalymat)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   mega777   31 Октябрь 2013 - 14:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Мен да билгенимди какылдай кетейин.

Каткан нанды манты касканга салып кадимки мантыдай кылып 5-10минут кайнатып алсаңыз тим эле жумшарып соонун болуп калат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   dina   08 Январь 2014 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

-Камыр ысык сууга жуурулса, катуу болуп калат.

-Сүттү тырмакка тамызса, эгер ал жаңы болсо, тырмакка шарча болуп токтоп калат. Эгер эски болсо, токтобой агып кетет.

-Жыгачтан жасалган буюмдарга акиташ салып койсо, кумурска кирбейт.

-Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп курчутса, жакшы курчуйт.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баклажан никотинге болгон көз карандылыкты жоёбу?
Дени сак жашоо образын түзүү үчүн жашылча- жемиштер майлуу, таттуу жана ундан жасалган азыктарга караганда алда канча пайдалуу болуп саналышат. Өз учурунда ошол эле пайдалуу делген жашылча-жемиштердин да ич ара маанилүүлөрү бар. Алардын сап башында тургандарынын катарына кадимки баклажан да кирет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 20:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Пайдалуулугу
Баклажанды тамекиге болгон көз карандылыкка каршы колдонсо болот. Муну немис окумуштуулары акыркы жылдары эле аныктап чыгышты. Көрсө, анын курамындагы РР витамини аталган никотин кислотасы чылым чегүүнү таштап жаткан адамдын организминдеги никотинге болгон муктаждыкты басаңдатат экен. Ошон үчүн мындай маалда баклажанды көбүрөөк жеген жакшы. Ал эми баклажандагы пектин тамак сиңирүүнү жөнгө салып, бездердин жакшы иштешине жардам берет. Ошол эле учурда организмдеги ашыкча холестеринди айдоочу дагы функцияны аткарат. Жашылчаны мындай максатта пайдаланууну каалагандар аны консерва түрүндө же дымдалып бышырылган абалда көп жегени жакшы. Баклажандын ширеси да баалуу каражат болуп саналат. Аны элдик медицина атеросклерозго каршы, жүрөк-кан тамыр жана ичеги-ашказан ооруларынын алдын алуу максатында колдонууну сунуштайт. Бул үчүн жаңы бышкан бир баклажандын кабыгын аарчып, шире сыккычтан өткөрүп туруп табигый бойдон ичип коюу керек
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Аталган жашылчанын айымдардын кош бойлуу мезгили үчүн да маанилүү жагы бар. Тагыраагы, ал бул маалда адамдын кан айлануусун жакшыртат жана иммунитетин көтөрөт. Болгону мындайда аны сууга бышкан же дымдалган түрдө жеш керек, ал эми куурулган абалда жегенде кош бойлуу айым аны аш кыла албай калышы толук мүмкүн. Бала эмизип жүргөн учурда болсо эне өзүнүн рационуна баклажанды эч ойлонбой туруп эле кошуп алса болот. Анын эч кандай зыяны жок жана пайдалуу сапаттары сүт аркылуу балага да таасир эте берет. Эгерде баклажан бир жегенде энеге аллергиялык реакция бере турган болсо, анда аны чектеп койгон жакшы. Бөйрөк жана боор ооруларынан жабыркап жүргөн шартта да бул жашылча абдан жакшы. Себеби, баклажандын курамындагы жез жана темир кандагы гемоглобинди көтөрүү менен бирге аталган органдардын жакшы иштешин гана шарттайт. Муну менен катар аз кандуулуктан арылтат, теринин түсүн жагымдуу кылып көрсөтөт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баклажан - жашылчалар тибине кирүүчү көп жылдык өсүмдүк. Жапайы кезинде ал Чыгыш Индияда көп кездешчү, анын багын мындан 1500 жыл мурун Кытай маданий өсүмдүк катары өстүрүү аркылуу ачкан. Курамында пайдалуу деп эсептелген клетчатка, пектин, белок, калий, кальций, фосфор, темир, жез, магний, натрий жана С, В1, В2, В5, РР витаминдери бар. Калориялуулугу 100 г баклажанда болгону 24 гана килокалорий бар. Дал ушул себептен улам диетологдор баклажанды арыктоону каалагандарга сунушташат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баклажан арыктатып гана тим болбостон: Организмди шлактардан тазалайт Ашыкча холестеринди кууйт Ашыкча суюктуктарды кууйт Булардын ордун пайдалуу витаминдер менен толуктайт Баклажан кууруу учурунда майды көп соруп алуучу сапатка ээ. Андай болбошу үчүн аны кууруу алдында 10 мүнөт муздак сууга салып коюу керек. Бирок, куурулганына караганда дымдалган баклажанды колдонуу алда канча натыйжалуу. Ал эми баклажан диетасы тууралуу сөз кыла турган болсок, ал абдан эле жөнөкөй. Мында негизги тамак баклажан болгудай кылып гана диетага отура берүү зарыл. Ушундай негизде күнүнө 2 маал тамактанып турса бат эле 7-8, ал эми 3 маал тамактанып турса 3-4 кг ашыкча салмакты таштоого болот.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Зыяндуулугу
"Баклажан зыян келтиреби?" деген суроого "ооба" деп да, "жок" деп да жооп берүүгө болбойт. Себеби, бул жашылча организм үчүн пайдалуу гана сапаттарга ээ, ал эми анын эскирип же өтүп кеткен абалдагысы башка жашылча-жемиштерге салыштырмалуу адамды катуу ууландырат. Ал уу илимде "соланин" деп аталат. Баклажанга ууланган адамда тез эле баш айлануу, кусуу, дем жетпөө жана карышып калуу байкалат. Аны убагында сезген киши сүт же жумуртканын белогун чийки бойдон ичип жиберсе, бул абалдан тезирээк кутулат. Ошон үчүн эскирип- өтүп кеткен баклажанды жегенден сак болуу керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баклажанды колдонуу тууралуу
Жашылчанын бардык пайдалуу сапаттары сакталып калсын жана ошол эле маалда даамдуу тамак болсун десеңиз, даярдоо алдында аны 30 мүнөт туздуу сууга салып коюңуз. Мындайда андагы ачуу даам да жокко чыгат. Антпесеңиз андагы даам тамактын татымын бузуп коюшу да, ден соолукка зыян келтириши да мүмкүн. Баклажанды тандоо тууралуу Жаңы үзүлгөн баклажандын салмагы оор болот, сабагы болсо жаңы экенинен кабар берип турат. Ал эми салмагы жеңил келип, сыртын ар кыл тактар басып кеткен жана жыты жагымсызыраак болсо, ал жашылчанын эскирип калганын билдирет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баклажанды тандоо тууралуу
Жаңы үзүлгөн баклажандын салмагы оор болот, сабагы болсо жаңы экенинен кабар берип турат. Ал эми салмагы жеңил келип, сыртын ар кыл тактар басып кеткен жана жыты жагымсызыраак болсо, ал жашылчанын эскирип калганын билдирет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баклажанды сактоо тууралуу
Тоңдуруу - жашылчаны анын бардык пайдалуу сапаттары менен узакка сактоонун эң жакшы жолу. Мисалы, консерва кылууда баклажандын пайдалуу сапаттарынын 60 пайызы сакталып кала турган болсо, тоңдурууда 70-80 пайызы сакталуу бойдон калат. Ошон үчүн баклажанды таза жууп, тегерек бөлүктөргө бөлүп, ага туздан сээп коюп, 30 мүнөт тыныккандан кийин дагы бир жолу жууңуз да кайнап жаткан сууга бир салып чыгарыңыз. Анан дагы бир ирет муздак сууга салып чыгарасыз да кургаганча күтөсүз. Анан целлофан пакеттерге салып оозун байлап тоңдургучка коюп коёсуз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   ANGEL_   14 Февраль 2014 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Түбөлүк жаштыкты сактоонун
10 ыкмасы
1. Лифтти күтүүнүн ордуна тепкич менен жөө
чыгыңыз. Бул бутту жана жүрөк-кан тамыр
системасын бекемдейт.

2. Сууда көп сүзүңүз. Суу жашоонун энергиялык
запасын берет, а сууда сүзүү организмге өтө
пайдалуу.
3. Мамилечил болуңуз. Мүмкүн болушунча көп
адамдар менен сүйлөшүп, мамиле түзүңүз.

4. Жашоого нааразы болуп, арманыңызды айта
берүүнү токтотуңуз. Сизден "кандай?" деп
сурашса, "эң сонун!" деп жооп бериңиз. Ар бир
адамдын өзүнүн көйгөйлөрү бар, бирок муну элге жарыялай берүүнүн кажети жок.

5. Спорт менен машыгыңыз. Муну жалгыз эмес,
досторуңуздун арасында ишке ашырсаңыз эң
жакшы болот. Бул үчүн фитнес-клубга,
бассейнге жазылыңыздар.

6. Көк чөптөрдү жана жашылчаларды көбүрөөк жеңиз - алар пайдалуу заттарга бай жана
келбетиңизди келишимдүү кылып сактоого
жардам берет.

7. Жакшы нерселерди көбүрөөк ойлонуңуз.
Ошондой жашоо көңүлдүү сезилет.

8. Сууну көп ичиңиз - ал организмди жууйт. Бул болсо теринин серпилгич болушуна жол берет.

9. Жайында көл жээгине барганда күндөн
коргоочу кремдерди сөзсүз пайдаланыңыз.

10. Кызыл шараптан көбүрөөк ичиңиз. Узак
жашаган адамдардын рационуна бул ичимдик
кирет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   ANGEL_   14 Февраль 2014 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Тар бут кийимди
кантип кеңейтүү керек?
Бут кийим сатып алганда чактай эле сезилип,
үйгө келип кийип көргөндө кысып калган учурлар
көп эле болот эмеспи. Мындай учурда эгер
дүкөнгө кайра баргандан эринсеңиз, аны
төмөнкүдөй жолдор менен кеңейтип алганга
болот. Жаңы бут кийимдин арты бутуңузду өйкөбөш
үчүн ошол бөлүгүнө шамды же самынды сүртүп
койсоңуз болот. Ошондой эле спиртке малынган
чүпүрөк менен сүртсөңүз да бут кийим өйкөбөйт.
Жаңы бут кийим кыспаш үчүн анын ички бетин
3%дык уксус менен сүртүп койгонуңуз жакшы жардам берет.
Булгаарыны спирт жакшы жумшартат. Андыктан,
бут кийимдин ичине арактан же таза спирттен
сүртүп, калың байпак менен кийип алыңыз.
Мындан соң булгаары жумшарып, кеңейип, жаңы
бут кийим сиздин бутуңуздун формасына келип калат. Бирок бир нерсени эске алыңыз: бут
кийимдеги спирт толук кургамайынча көчөгө
кийип чыкпай туруңуз. Анткени, ал булгаарыны
бузуп, бут кийимдин түсүнө залал келтирип
коюшу мүмкүн. Башкача айтканда, бут кийим
сырткы көрүнүшүн жоготуп, анда ар кандай тактар пайда болуп калат.
Гезиттин жардамы менен да кеңейтүүгө аракет
кылып көрүңүз. Ал үчүн гезитти бир аз суулап,
бут кийимдин ичине тыгыз кылып ныктап
салыңыз да, бир суткадай күтүңүз. Салынган
гезит канчалык көп болсо, бут кийим ошончолук жакшы чоюлат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   ANGEL_   14 Февраль 2014 - 17:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Денедеги көктөн
тез арылуунун жолдору
Жыгылганда, мушташканда, аялдар күйөөсүнөн
токмок жегенде денесине көк түшөт. Анын өзү
кетүүсүн күтүп үйдөн чыкпай жата берген
менен мезгил бизди күтпөйт. Балким, сиз ал
убакыт аралыгында көптөгөн эң маанилүү
иштерди бүтүрөсүз. Андыктан, андан арылуу үчүн өзүңүз аракет кыла бергениңиз оң. Ал үчүн
сизге төмөнкү ыкмалар жардамга келет. Капуста денедеги көктөн арылууга алгачкы
мүнөттөрдө гана жардам берет. Ал үчүн
капустанын жалбырактарын ширеси чыкканча бир
аз сыгып, катуу сөңгөктөрүн алып саласыз да,
жумшарган жалбыракты жаракат алган жериңизге
коёсуз. Музду да жаракат алгандагы алгачкы учурларда
колдонуу зарыл. Көгөрүп кетүү коркунучу
жаралган денеңиздин бөлүгүнө муздан улам-
улам басыңыз. Муз кан тамырларды тарытып,
теринин астына кандын азыраак агышына шарт
түзөт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   ANGEL_   14 Февраль 2014 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Эгер муз жок болсо, жаракат алган
жериңизди эластик бинти менен таңыңыз. Ал
жарылган кан тамырларды кысып, көктүн
жайылып кетишинин алдын алат.
Жылуу сууга малынган сүлгүнү бир күндө 3
жолу 20 мүнөттөн коюп турсаңыз, көгөргөн жериңиз 2-3 күндөн кийин кайтып кетет.
Бир рюмка уксус менен бир рюмка арактын
аралашмасына 1 чай кашык туз кошуп ошону
менен көгөргөн жериңизге компресс кылсаңыз да
жакшы натыйжа чыгат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   ANGEL_   14 Февраль 2014 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Чай - жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө
кылдаттыкты талап кылган ысык суусундук.
Аны даярдоо үчүн өзгөчө тыкандык, этиеттик
керек. Бул жерде ар бир майда нерсе маанилүү. Демделген чайдын кандай идиште сакталганы
өтө маанилүү. Ал фарфор, фаянс чайнекте же
айнек банкада капкагы жабык калыбында
сакталууга тийиш. Металл, пластмасса, пластик
идиштеринде чайды сактоого болбойт. Булардын
жыты чайга сиңип калат. Эгер колуңуз сарымсак, пияз, эт балык, самын,
атыр, тамеки жыттанып турса кургак чайды эч
качан кармабаңыз. Бул жыттар демделген чайга
өтө күчтүү таасир этип, анын даамын, жыпар
жытын бузуп салат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 19:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: