Суперстан: Пайдалуу кеңештер же элдик медицина. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.

#221 Пользователь офлайн   kanat4ik   17 Январь 2014 - 14:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тамекинин зыяндарын төмөнкүчө тизмелөөгө
болот:
· Териге бырыш түшүрүшү
· Тиштердин саргаюсу, тиш бүлөөсүнүн оорусу.
· Ооз жана тамак; тамактын рак оорусу, даам
татуу сезиминин алсыроосу.
· Кекиртек жана дем алуу органдары;
кекиртектин рак оорусу, кекиртек сезгенүүсү, үн түйүмдөрүнүн зыянга учуроосу.
· Жүрөк жана кан тамырлар; инфарк оорусуна
себеп болушу, атеросклероз, кан басымынын
жогорулашы.
· Жатын жана жумурткалар; тукумсуздукка,
баланын бойдон түшүшүнө, майып төрөлүшүнө себеп болушу. Этек киринин эрте келиши жана
жатындын рак оорусу.
· Кол; бармактардын саргаруусу, тырмактардын
сынуусу. Кол жана буттун кан тамырларындагы
оорулар.
· Чарчоо, уйкусуздук, депрессия, стресс, тигил же бул иште ийгиликтүү боло албоо,
рефлекстердин начарлашы.
· Мээ; шал болуу (паралич), карыганда алжып
калуу (альцгеймер оорусу), ар бир тартым элүү
миң клетканы өлтүрүшү.
· Көз; карыганда сокурлукка себеп болушу. · Мурун; жыт сезуу органынын алсыроосу.
· Өпкө; өпкөнүн рак оорусу, бронхит.
· Карын жана кызыл өңкөч; рак, карын жарасы
жана кансыроо.
· Эркектин жыныстык клетка бөлүп чыгарчу бези;
импотенция, эрекциянын начарлашы, тукум куучу оорулардын пайда болушу.
· Табарсык; табарсыктын рак оорусу.
· Сөөктөр жана тулку бой; сөөктөрдүн бузулушу.
· Капиллярдык кан тамырлар; кол жана буттагы
капиллярдык кан тамырлардын бүтөлүшүнөн
пайда болгон гангрена жана мунун натыйжасында бул органдардын кесилиши.
· Келээрки муунга калтырылган мурас; тамеки
чеккен аталардын балдарында ракты алдын
алуучу ген жок. Алар мындай гени жок болуп
төрөлүшөт.
· Кош бойлуу учурунда тамеки чеккен аялдардын балдары 10-15 пайызга арык жана ошол эле
өлчөмдө акылы кем туулушат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   kanat4ik   17 Январь 2014 - 14:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Спирттик ичимдиктердин зыяны;
Спирттик ичимдиктери азыркы мезгилдеги
көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет.
Спирт ичимдиктери бир гана ичкен адамга эле
эмес, айлана-чөйрөдөгү бардык адамдарга
зыянын тийгизүүдө. Кылмыш жана бузукулук
иштердин көпчүлүгү мына ушул ичкиликке байланыштуу экени баарыбызга маалым.
Ичкилик ден-соолукка зыян келтирүү менен гана
чектелбестен, ар кандай кылмыштардын, жол
кырсыктарынын негизги себептеринин бири. Үй-
бүлөдө ынтымактын кетишинин,
ажырашуулардын башкы себепкери да ичкилик. Спирт ичимдиктери жөнүндө Пайгамбарыбыз
мындай деген: "Ичкилик - бардык
жамандыктардын башаты". Чынында эле күн өткөн сайын бул сөздүн
акыйкат экендигин көрүүдөбүз. Ыйык китебибиз
Куранда мындай деп айтылат: "Эй Мусулмандар!
Ичкилик, кумар, табынып сыйыныш үчүн
орнотулган таштар жана таякчалар - шайтандын
ыплас иштери. Булардан сактанып алыс болсоңор, бакыт-таалайга жетесиңер" . Маалым болгондой, динибиз жаралып, ичкиликке
ичууго тыюу салынган кезде, алкоголдун зыянын
толук ачып корсото турган бугункудой
техникалык мумкунчулуктор жок болчу. Ошого
карабастан адамды кереметтүү антиквардык
саат сыяктуу жараткан Алла Таала өзүнүн чексиз илиминин кудурети менен алкоголдун
адам баласынын ден-соолугуна тийгизе турган
зыяндарын аныктап, алкоголдуу ичимдиктерге
тыюу салган. Биз, адам баласы, муну түшүнсөк
да, түшүнбөгөндөй мамиле кылабыз. Кээ бир
адамдар дайыма аз-аздан ичип турса, дары болот деп ойлошот. Бул туура эмес түшүнүк. Аз
да болсо ичкилик ичкендерде боордун цирроз
оорусунан өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө. 15-20
жаштар арасындагы улан-кыздарга карата
жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча, бул курактагы
жаштарда өзүн-өзү өлтүрүү, тез ачуулануу көп кездешет. Ошондой эле ар бир чөйчөк спирттик
ичимдик 2000ге чейинки нерв клеткаларынын
иштен чыгуусуна жол ачат. Алкогол канга тез аранын ичинде аралашып
кетет. Ичкиликке толтурулган ашказандагы
алкоголдун 90%ы бир саат ичинде канга
аралашат. Жүз триллиондоп саналган тулку-
бойдогу клеткалардын бирин койбой, бир-бирден
айланып чыгат. Демек, бир чөйчөк арак ичкен кишинин дене боюндагы бардык клеткалар
жабыр тартат. Кандагы алкоголдун катышы 0,5%
же андан көп болсо, алкогол мээнин иштешине
таасир кылат. Дем алуу органдары шал болуп,
жүрөк токтойт. Кандагы 0,05% катышындагы
алкогол канда ач карын ичкен эки шише пиводон деле пайда болушу мүмкүн. Анда ал адегенде
эле адамга гана мүнөздүү, дүйнөнү
чагылдыруунун эң жогорку формасы болуп
саналган акыл-эстин иштешине зыян келтирет. Аракты көп ичүүнүн ден-соолукка зыяндуу
экендигин кабыл албаган киши жок. Ошого
карабай айрым адамдар: "Туура, ичкилик
ичүүнүн зыяндуу экендиги талашсыз. Бирок аны
абдан көп ичпеш керек. Аз ичсе, зыян жок",-
дешет. Бул сөздөр менен алар өздөрүн гана алдашы мүмкүн. Анткени, ичкилик аз ичкенде да,
ден-соолукка өтө чоң зыян келтире турганын
көрсөткөн далилдер бүгүн толтура. Мээнин
клеткаларынын жабыркоосу алгачкы чөйчөктү
ичкенде эле башталат. Алкогол жогоруда сөз
болгон оорулардагыдай эле капиллярларда, башкача айтканда, майда кан тамырчалардын
бүтөлүшүнө апкелет. Ошондон улам
кычкылтексиз калган клеткалардын өлүмүнө жол
ачат. Адатта адамдын мээсинде миллиарддаган нерв
клеткалары болот. Бул клеткалардын бир
өзгөчөлүгү - туулганадан баштап өлгөнгө чейин
санынын өзгөрбөгөндүгү. Башкача айтканда,
нерв клеткалары туулгандан кийин сан жагынан
көбөйбөйт. Мына ошентип жогоруда белгиленгендей, алкогол көздөгү кан
тамырларды, клеткалардын өлүмүнө себеп
болгондой эле, мээде да ошондой эле тарс
таасирлерге себеп болот. Биринчи чөйчөктү
ичкенде эле алкогол адамдын мээсиндеги айрым
кан тамырларды бүтөп, ошону менен аба жетишсиздигинен бир нече миң нерв
клеткаланрынын өлүшүнө жол ачат. Эгерде адам
арак ичүүнү токтотпосо, мээде кайра тирилиши
таптакыр мүмкүн болбогон миллиондогон нерв
клеткаларынын өлүмү улана берет. Мээде «нейрон» деп аталган нерв
клеткаларынын башка нейрондорду коргоп,
колдоп жана азыктандырып турган глия
клеткалары деп аталган экинчи клеткалар тобу
бар. Алкогол ичкен кишиде нерв клеткалары
менен бирге колдоочу, азыктандыруучу клеткалар да өлөт. Адамдын денесинде өзүн-өзү
коргоо системасы бар. Бул коргоонуу системасы
организмге түшкөн микропторду жок кылат.
Ичимдикти көп ичкен адамдын мына ушул
коргонуу системасы начарлайт. Ошондуктан
адам ар кандай оорулар менен көп ооруйт жана бат ачуулана турган болуп калат. Адамдардын көңүлү чөгүңкү, бирөө менен
урушуп кеткенде, карызга батса, же кандайдыр
бир көйгөйлөр башка түшкөндө ичип жибермей
адаты бар. Арак көйгөйлөрүбүздү жок кылбайт.
Тескерисинче, көйгөйлөрдү ырбатат, көптөгөн
терс көрүнүштөргө жол ачат, балээнин баарын башка үйөт. Ошондуктан, көйгөйлөрүм аз болуп,
ыпыластыктан узак болоюн десениздер,
балээлердин башаты болгон ичкиликти таштап,
туура жол менен бактылуу жашоого бет алуу
зарыл.

Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 17 Январь 2014 - 14:55

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Февраль 2014 - 10:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Узак жашоонун сырлары" жана "Тез эле карып калбаш учун эмне кылыш керек!" темалары бириктирилди.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Мекенибиздеги дартка даба чөптөр Кыргызстандын жаратылышындагы көптөгөн чөптөр мекенибизге кооздук гана бербестен, мекендештерибиздин бир нече дартына даба дагы экен. Эң жөнөкөй жол менен даярдалган дары чөптөрдүн тизмеги сизге дагы керек чыгар. Дартка даба чөптөрдүн айрымдары кайсы ооруларды айыктыраарын билип алыңыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Мелисса
Жүрөктүн кагышы ылдамдаган учурда аны басаңдатып, ооруганын калыбына келтирүү үчүн мелисса чөбүнүн тундурмасы керектелет. Ал жүрөк ооруну басаңдатып, тынчтандырат. Ошону менен бирге артериялык кан басымын төмөндөтүүгө, булчуңдардын курушуусун жазууга чоң жардамын тийгизет. Андан тышкары тиш ооруганда, тиштин бүйлөлөрү сезгенгенде оозду чайкаса жакшы натыйжа берет. Колдонуу ыкмасы: 2 аш кашык майдаланган мелисса чөбүнө бир стакан кайнатылган суу куюп 10 мүнөт демдеп коёбуз. Андан соң тундурманы чыпкалап туруп күнүгө 3 маал 50 грдан ичебиз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Койчу баштык
Биз айланабыздан көрүп жүргөн кадимки койчу баштык ички кан агууну токтотуучу, жатын булчуңдарынын (төрөт, бойдон түшүү, бойдон алдыруудан кийин) жыйрылып иштешин күчөтүүчү каражат катары колдонулат. Заара бөлүп чыгарууну да жакшыртат. Андан сырткары сезгенген бөйрөктү дарылоодо да жакшы натыйжа берет. Ошондой эле койчу баштык кан токтотуучу чөп болгондуктан, кургак учук илдетинде кан аралаш какырык чыгып жатканда андагы канды токтотуу үчүн колдонулат.
Колдонуу ыкмасы: 1 аш кашык чөптү 1 стакан кайнак сууга 20 мүнөт демдеп, анын 3төн бир бөлүгүн күнүгө 3-4 маал ичүү керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Шыбак
Шыбак эпилепсияга, сарык оорусуна жана ичеги курттарын сүрүп чыгарууга өзгөчө жардам берет. Айымдардын этек кири келген маалда да кеңири колдонулуп, андагы ооруну басаңдатканга чоң жардамын тийгизет. Шыбактын жаңы үзүп алынгандагы ширесин теридеги болгон жарааттарга компресс катары тартса эң жакшы натыйжасын берет. Колдонуу ыкмасы: Шыбактын 1 аш кашык кургатылган чөбүнө 1 стакан кайнатылган суу куюп, аны жай отко 15 мүнөт кармайбыз. Анан 1 стакандын 3төн 1 бөлүгүн күнүгө 3 жолу тамактан 30 мүнөт эрте ичүү зарыл.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Ромашка
Айланабызда ромашка гүлү абдан көп өсүп жатса да, анын бизге канчалык деңгээлде керек экенин биле бербейбиз. Бул гүл сезгенүүгө каршы кеңири колдонулуучу каражат. Ромашка күйүктүн биринчи жана экинчи стадиясына жакшы таасир берет, тактап айтканда, бактерияларды өлтүрүп, ооруну басаңдатат. Сарык оорусуна, ич көпкөнгө жана табарсыктагы майда кум таштарды айдаганга чоң жардам берет. Гинекологияда жатын моюнчасынын сезгенүүсүнөн пайда болгон жарааттарды, ичеги- карын органдарындагы жарааттарды айыктырганга да колдонсо болот.
Колдонуу ыкмасы: 2-3 аш кашык ромашканын майдаланган гүлүнө 2 стакан (400 гр) кайнак суудан куюп, 30 мүнөт демдеп коёбуз. Күнүгө 3 маал жарым стакандан тамактан кийин ичүү керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Чалкан
Чалкан анемия менен ооруганда, боор ооруганда, ашказан, ичеги ооруганда кеңири колдонулуп келет. Чалкан андан башка жатындан жана геморройдон кан аккан учурда канды токтотуучу касиетке ээ. Мындан сырткары гемоглобинди көтөрүүгө да чоң жардам берет. Бул чөптө кандын уюшун жакшыртуу касиет болгондуктан, гипертония жана атеросклероз менен ооруган жашы улгайган адамдар врачтын кеңеши менен пайдаланышы керек.
Колдонуу ыкмасы: 2 аш кашык майдаланган чалкан чөбүнө 1 стакан кайнак суу куюп 15 мүнөт демдейбиз. Тамак ичээрден 30 мүнөт мурун 3 аш кашык ичүү керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Бака жалбырак
Кадимки биз көрүп жүргөн бака жалбырактын көп кырдуу дарылык касиети бар. Ал суук тийгенге каршы жана жараны эрте айыктыруучу касиетке ээ. Кадимки өпкө оорусунун айыгышына да чоң жардам берет. Бака жалбырактын суудагы демделмеси жана кайнатмасы дем алуу органдары ооруган учурда (өзгөчө бронхитте жана кургак учукта) какырыкты жумшартып чыгарып, дем алууну жеңилдетет. Ичеги-карын катуу сезгенгенде, гастритке колдонсо оң натыйжасын берет. Андан сырткары, согончоктун чоруна, кесилип кеткен жараатына бака жалбыракты тартса айыгуусуна көмөктөшөт.
Колдонуу ыкмасы: Кургатылып, майдаланылган бака жалбырактан 1 аш кашык алып, аны 1 стакан кайнак сууга 15 мүнөт демдеп, күнүгө тамак ичээр алдында 3 аш кашыктан ичүү керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Адырашман
Адырашманды кыргыздар элдик медицинада кеңири пайдаланып келишкен. Адырашман чөбүнүн суудагы тундурмасы неврастения, талма, сифилис, безгек, ичеги-карындагы сезгенүү ооруларына жана теридеги жарааттарга каршы пайдаланылат. Чөбүн терип, соолутпай сыгып, ширесин чыгарып көздүн катаракта оорусуна тамчылатса, көздү баскан челди ээритип жок кылат. Адырашмандын кургатылганын суук тийип денеде ысытма болуп ооруганда түтөтүп, оорулуу адамга жыттатып айыктырып келишкен. Мунун түтүнү менен үйдүн ичин тазалап дезинфекцияласа болот.
Колдонуу ыкмасы: 1 чай кашык адырашман чөбүнө 1 стакан кайнак суу куюп 15 мүнөт жай отко кайнатып, муздаган соң күнүгө 3 маал аш кашык менен бирди ичүү керек. Эскертүүчү нерсе, адырашман уулуу заттардын катарына киргендиктен, этияттык менен пайдалануу абзел.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Алтын менен күмүштүн дартка даба касиеттери
Алтын менен күмүш.
Бул металлдарды жана булардан жасалган баалуу жасалгаларды көпчүлүк ийгилик, байлык жана бакубатчылык менен байланыштырышат. А биринчи кезекте булардын саламаттык үчүн ролу зор экенин биле беришпейт. Эмесе, алтын менен күмүш терапиясы жөнүндө жана алар кандай ооруларга даба экенин ушул жерден билсеңиз болот. Алтын. Ар бир кишинин организминде 10 мгга жакын алтын болот. Анын жарымы сөөктөрдүн курамына туура келип, алардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. А бирок, организмдин күнүнө канча көлөмдө алтын керектээрин окумуштуулар ушул күнгө чейин иликтей албай келишет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

"Алтын суу" жүрөктүн иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, согуу ритмин калыбына келтирет. Ал үчүн алтын жасалганы идишке салып, үстүнө 2 стакан суу куюп, ал 2 эсе азайганча кайнатасыз. Анан "алтын суудан" күнүнө 3 жолу бир чай кашыктан ууртап туруу керек. Таза алтын микроорганизмдерди өлтүрүүдө, оору жаратуучу микробдор менен күрөшүүдө күчтүү каражат. Андыктан, андан жасалган тагынчактарды тери ооруларынан жабыркаган шартта тагынуу зарыл. Гипертониялык оорулардан жабыркаганда, тагыраагы, муундары көп ооруп, эс-тутуму начарлап, кан басымы жогорулап, аба ырайынын өзгөрүшүн көтөрө албай, дайыма көңүлсүз жүргөн адамды дарылоодо да алтын натыйжалуу. Мындай жагдайда алтын жасалгаларын дайыма тагынып жүрсө болот. Бул баалуу металл адамдын иммунитетин чыңдап, эс-тутумун жакшыртууга жана артериалдык басымын төмөндөтүүгө жакшы жардам берет. Атүгүл анын таасиринен организмдеги эпилепсия оорусунун таасири басаңдашы же таптакыр жоголушу мүмкүн. Бул үчүн алтын жасалганы күн сайын белгилүү бир убакытта белгилүү бир мөөнөткө чейин колдо кармап отуруу кажет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Алтындын депрессияны жоготуучу, стресске кабыл кылбоочу жана адамды өзүнө ишенимдүү кылуучу касиети күчтүү. Анан да мындай сапаттарды жаратууда башка жасалгаларга салыштырмалуу шакектин орду чоң деп айтылат. Муну колдонгон адам эң башкысы ушундай болоруна ишениши керек экен. Таш чөгөрүлбөгөн алтын шакекти таза сууга салып, бир саатка жакын тыныктыруу зарыл. Андан кийин аны чыгарбастан ал суу менен оозду чайкап, 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин дагы чайкап отуруп бул процессти 4-5 жолу кайталаса, ал чыдаткыс тиш ооруну басаңдатат же биротоло басат. Ошол эле маалда оозду жагымдуу жыттантып коёт. Алтындын жардамы менен муундарда, омуртка тутумунда жана боордо пайда болгон ооруну да дарыласа болот. Ал үчүн таза алтын шакекти ооруган бөлүккө коюп улам ары жылдырып, кайра бери жылдырып отуруу керек. Ал эми омуртканы шакек менен жогорудан ылдый белге чейин сыласа, оорунун күчтүү табы кайтып кетет.
Эскертүү: Алтын бул жаатта бардык адамдарга бирдей таасир бербейт. Организмге жакпаган маалда ал көңүлдү чөктүрүү, чачтын түшүүсүн көбөйтүү, тиштин абалын бузуу, боор-бөйрөктү оорутуу жана аллергия берүү менен таасир этиши мүмкүн. Мындайда сизге жогоруда көрсөтүлгөн терапияларды жасоого болбойт!
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Күмүш.
Бул организмде мээнин, сөөк ткандарынын, кандын курамы үчүн маанилүү элемент. Адам бир суткалык рационунда 88 мг күмүш ионун кабыл алышы шарт. Тилекке каршы, азыркы күндө муну ишке ашып жатат деп айтууга болбойт. А негизи күмүш аз санда болсо да капуста, клюква, эт азыктарынын жана лосось, сардина балыктарынын курамында кездешет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Бөлмө температурасындагы таза сууга эски күмүш тыйынды же кашыкты бир сутка салып коюу менен "күмүш сууну" даярдаса болот. Муну кадимки суу ордуна пайдалануу жугуштуу оорулардын алдын алат жана иммунитетти чыңайт. Организмдеги кан агууну жана айыз маалындагы чыдаткыс оорутууну да ушундай суунун жардамы менен баскан жакшы. Себеби, ал оору менен бирге анын кесепеттери болгон калтыроону, алсыроону жана баш ооруну да жууп жиберет. Ашказан жарасы, гастрит жана бөйрөктүн сезгенүү, суук тийүү ооруларын дарылоодо "күмүш суу" табылгыс каражат. Бирок, мындайда анын атайын лабораторияда даярдалган жана дарыканада сатылган 0,5%дуу аралашмасын сатып алуу керек. Аны күнүнө 3 жолу тамак алдында 20 млден ичесиз. 0,5%дуу "күмүш суунун" аралашмасы былчылдата сиңирилген марля менен күйүп калган жерди компресс кылып турса, жаракат тез айыгат. Ушундай эле ыкма менен операциядан кийин сезгенип же ириңдеп кеткен жерлерди да калыбына келтирүүгө болот.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Ашказан жарасы, гастрит жана бөйрөктүн сезгенүү, суук тийүү ооруларын дарылоодо "күмүш суу" табылгыс каражат. Бирок, мындайда анын атайын лабораторияда даярдалган жана дарыканада сатылган 0,5%дуу аралашмасын сатып алуу керек. Аны күнүнө 3 жолу тамак алдында 20 млден ичесиз. 0,5%дуу "күмүш суунун" аралашмасы былчылдата сиңирилген марля менен күйүп калган жерди компресс кылып турса, жаракат тез айыгат. Ушундай эле ыкма менен операциядан кийин сезгенип же ириңдеп кеткен жерлерди да калыбына келтирүүгө болот. Сасык тумоонун алдын алуу үчүн бетти "күмүш суу" менен жууп, мурундун ичин кайра-кайра чайкоо натыйжалуу. Таза күмүш эч убакта карарбайт. Карарып кетсе, аны тагынып жүргөн адамдын ички органдарынын кайсы бири же бир нечеси ооруйт деп түшүнүү керек. Бул жагынан алганда күмүш жасалгалары адам үчүн ооруну ачыктоочу же козгоочу кызматты аркалайт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Күмүш жасалгаларды тагынып жүрүү тамак сиңирүүчү органдардын иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртат. Кичинекей баланын териси өзгөчө кам көрүүнү талап кылат эмеспи. Андыктан, анын денесине чыгуучу майда бараттардан арылтуу үчүн баланы күмүш сууга жуунткан оң. Муну менен катар анын упчусун, оюнчуктарын жана идиштерин да күмүш сууга жууп коюу ашыктык кылбайт.
Эскертүү: Күмүштүн же күмүш суунун организмге жакпашын баш оорудан, баш айлануудан, кулак чуулдоодон жана көңүл чөгүүдөн байкаса болот. Мындайда андан баш тартуу зарыл. Бирок, жаккан жагдайда дагы жогорку терапияларды тынымсыз колдонуу керек эмес, денеде анын иондору көбөйүп кетсе ден соолукту жабыркатып коюусу ыктымал.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Жүгөрү
Жүгөрүнүн курамы углеводго бай, а углевод кандын курамындагы кантты нормалдаштырып жана нерв клеткаларын азыктандырып туруучу касиетке ээ. Демек, аны тамак-аш катары жеп туруу эпилепсия, полиомиелит менен ооругандарга пайдалуу. Жүгөрүнүн курамындагы В1, В2, РР витаминдери жана кальций, магний, фосфор, темир аллергиядан, кант диабетинен сактайт, семирүүгө жол бербейт жана организмдеги зат алмашууну жөнгө салат. Андыктан, аны сууга бышырып жеп туруу керек. Заара кубалоочу касиети күчтүү болгондуктан, жүгөрүнү холециститте жана гепатитте демдеме катары колдонсо болот. Ал үчүн стакандагы 1 аш кашык жүгөрү данынын үстүнө толтура кайнак суу куюп, бир саат демдөө керек. Анан 3 саат сайын 1 аш кашыктан ичип турасыз. Жүгөрүнүн кан басымын төмөндөтүүчү сапаты бар. Бул максатта колдонуу үчүн стаканга 1 аш кашык жүгөрү унун салып, үстүнө толтура кайнак суу куюп түнү менен тыныктыруу зарыл. Эртең менен үстүңкү бөлүгүндөгү сууну төгүп, түп жагын ичесиз. Сатыктагы жүгөрү азыгы (кукурузные хлопья) калориялуулугу жогору болгонуна карабай диеталык тамак катары кеңири колдонулат. Андыктан, аны көбүрөөк жеп туруу ашыкча майдан арылууга жардам берет. Дүмбүл (быша элек) кезиндеги жүгөрү дандарынын сүтү кургак жана жабыркаган терини калыбына келтирүүчү күчкө ээ. Бетке сүртүп 10 мүнөттөн соң жууп салса, ал терини жумшартат жана тактардан арылтат. Ит мурун менен жүгөрүнүн дандары жарым саат кайнаган сууну 1 күн маал-маалы менен суусундук катары ичип туруу циститтен айыгууга жакшы жардам берет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 23:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Жүгөрү чачы
Табарсыкта бат-бат заара кылуу менен коштогон оору пайда болсо, ачкарын жүгөрү чачынан демделген чай ичүү керек. Даамдуураак болсун десеңиз, ага татымына жараша бал кошуп алыңыз. Жүгөрү чачы арыктоодо жакшы каражат. Ал үчүн термоско 4 аш кашык майдаланган жүгөрү чачын салып, үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп оозун жаап коюу керек. 3 сааттан кийин аны марлядан өткөрүп, мындан күнүнө 3 жолу тамакка 30 мүнөт калганда 1 аш кашыктан ууртап турасыз. Идишке 1 аш кашык майдаланган жүгөрү чачын салып, үстүнө 1 стакан суу куюп бир саат кайнатуу зарыл. Марлядан өткөргөн соң андан муздак абалында күнүнө 4 маал тамакка чейин 2 аш кашыктан ичесиз. Бул бөйрөк ооруларын жакшы кылууга жардам берет, ал эми ушул эле ыкманы узак убакытка чейин колдонсо, бөйрөктөгү таштар эрип кетет. Майдаланган жүгөрү чачынан идишке 2 аш кашык салып, ага 250 г кайнак сууну куюп 30 мүнөт тыныктыруу зарыл. Мунун суусунан жылуу абалында күнүнө 3 жолу тамакка чейин 30 граммдан ичип туруу склероздон айыктырат. Жүгөрү чачы өттүн сезгенүүсүнөн айыктыруучу сапатка ээ. Ал үчүн эмаль мискейге 20 г жүгөрү чачын салып, үстүнө жарым литр бөлмө температурасындагы сууну куюп 20-30 мүнөт кайнатасыз. Муздаганда марлядан өткөрүп жиберип, мындан 3-4 саат сайын 40-50 млден ичесиз. Ичеги ооруларын жакшы кылууда да жүгөрү чачынын мааниси чоң. Мындай максатта жүгөрү талканы менен кургатылган жүгөрү чачы кайнаган суудан тамак алдында 30-40 тамчыдан күнүнө 2 жолу ичүү керек. Сезгенүүгө дуушар болгон боорду элдик медицинада жүгөрү чачы менен дарылайт. Бул үчүн аны чай катары демдеп узак убакыт бою иче берүү кажет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ден соолук жана сулуулук
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 18:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: