Суперстан: Максатка карай жол... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Максатка карай жол... Мен ким элем, учурда киммин, келечекте ким болом...

#41 Пользователь офлайн   Tyke_2013   06 Февраль 2014 - 22:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 201
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Дек 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош обл. Ноокат район.

Соонун жазылыптыр! Автор уланта бериңиз биз окуй берели:шеф:
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   aikow92   07 Февраль 2014 - 00:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Жалал- Абад. Токмоктукмун деп коюп 8 саат жомок укканда.

Студенттик күндөрдө асыл кымбат досум бир күнү турмушка чыгарын жана той 2-июлга белгиленгенин айтты. Менин 1-июлда экзаменим бар экенин билип туруп “Сөзсүз келишиң керек. антпесе биринчи телефонуңду анан сени жашоодон өчүрөм” деди. Өжөр, көк бет айтканынан кайтпаган кыз. Барам деп тойго да экзаменге да даярдык көрө баштадым.

Апама той тууралуу айтсам “Курбуларыңды күйөө узатып жүрө бересиңби, барбайсың! ” деди. Ары өтүп, бери өтүп айланчыктап атып көндүрдүм. Белекалып, экзаменимди 5ке тапшырып, дос кызыма сүйүнчүлөдүм. Ал менин сөзгө турбай коюшумду билет, үйүнө жетмейинче ишенбеген болсо керек.

Акеси такси сүйлөшүп коюптур, барып таксиге отурдум. Жөнөп кеттик. 2 саат унчукпай, ар кимибиз туш келген айнекти карап бара жатсак мага бир байке кайрылып:

-Атым Мирлан, сен толкунданып кетип жаткандайсың. Биринчи жолу баратасыңбы? - деди. Мен Жалал-Абадды айткан го деп “Ооба” дедим. Ал ошондо мени түштүккө биринчи жолу кетип жатат деп түшүнгөн экен.

-Өзүң кайда турасың негизи?

-Токмокто турам, курбум турмушка чыгып жатат. Ошого толкунданып жатсам керек – дедим.

А жакшы – деп, бул Төө Ашуу, Капчыгай, Чычкан-Сай, Суусамыр, Париж, Токтогул көлү, Нарын дарыясы – иши кыса жомокту баштады. Унчукпай кете бердим. Жеткенге чейин мен уккан 10 анекдотту айтты.

Уламыштарды, жолдо болгон кызыктуу окуяларын айтып жатканда “Мен бул жолдон айылга тез-тезден барып турам. Жолдун азабын, өзгөчө кышындагы жолду жаман көрөм. Мени туннель дагы кызыктырбайт” деген жокмун.

8саат айткандарына таң калгандай түр көрсөтүп “ай ий” “чын элеби” “кызык го” “неге?”деген суроолорду берип Таш-Көмүргө да жеттим. Ал жерде 2 саат уктап, кайра тойбашталды.

Чачыбызды жасайбыз деп курбум Шамалдуу-Сайды көрсөтүп келди. Аралыгы 1саат экен. Курбум ай көйнөк кийгенде куурчак болуп калды. Сүйүнүп, суктанып,көзүмө жаш алып турдум. Үйдөн алып чыгып кетип жатканда туугандарына кошулуп биртопко чейин ыйладым.

Ала-Букага турмушка чыгып аткан. Жолго чыктык. Баратсак, улам бирөө жолдутосуп туруп алат, токтойбуз, күйөө жолдоштор акча берет. Кетебиз. 3-4 жолу кайталанганда жиним келип калды. Эмне силер жакта бандит смотрящийлер ушунчалык көппү? Эмне эле жолдон тосуп тоноп жатышат? десем мени күлүп карап “Бул бизде салт. Жолдогулар тосуп тааныса да тааныбаса да жакшылыкка деп көрүндүк сыяктуу акча алышат. Анан бата беришет” десе таң калыпкете бердим.

Көптөн күткөн Ала-Букага жеттик. Өхх. Башкасын билбейм. 5 саат жол жүргөн мен машинеден түшкөнүмө сүйүндүм. Абасы салкын жер экен.

Курбумду күйөөсү менен отургузуп коюп,бийлеп, кызыктуу оюндарга катышып, ырдап жүрө бердим. Курбумдун өзүнө тың экенин билем. Көйнөгүн өзү эптеп мени ойноп эс ала бер деди. Астыма койгон конфеттен тартып салатты жедим. (Буга чейин айылда классташыма жана шаарда 1 эжеме курбусу болуп чыккам. Анда кысылып кеткен болчум жаккан эмес). Мени эч ким тааныбайт. Баары Бишкекте чогуу окуган досу деп билет.

Бийлеп атып той дабүттү. Эртеси бутум өйкөлүп, денем ооруп калыптыр. Кайненеси досуна деп материал берсе “иий мен материал ала турган жашка жетип калдымбы?” десем каткырып жатып калышты.

Кайра кайтарда курбумду кучактап ыйласам “Жинди кыз жөнкет дейм. Сенин күлүп кетишиңди каалайм” деп ыйлап алыптыр. Көшөгөгө отургузуп нан, балта бир нерселерди бастырып койду. Анчейин түшүнбөйт экем. Жакшылык үчүн ишеним салт болушу керек деп койдум.

Кайра жол азабы. Уйкулуу көзүм менен курбумдун жеңелери болуп кайттык. Баса кафеден үйгө келгенде келинди унаадан түшурүп от айлантты, түшүрбөйбүз деп тарткылашмай да болду. Жеңелерин көрүп коркуп эле эшикти ачып жиберет экенсиң.

Кызык салттарды көрүп кайра Ала-Бука – Кербен – Таш-Көмүр – Бишкек менен үйгө келдим. Эхх. Ал жактан “поклонниктерди” таап, 3 күндө далай кызыкка туш болгом. Азыр да эстеп жылмайып алам.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 07 Февраль 2014 - 00:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   aikow92   14 Февраль 2014 - 10:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Дин жөнүндө оюңду айтпай эле койчу, болбосо күйөөгө тийбей каласың

Бөлөм менен жашап тургам. Студентпиз, экөөбүз тең. Күнүбүздүн бош убактысы агент, фейсбук, одноклассники менен өтөт. Телефон чалып таанышып алалы дегендер дээрлик жокко эсе. Бир жолу эмнеге күн суук болуп жамгыр жаады десем көрсө бир бала мага чалып таанышмак экен. Апам да бар болчу.

-Аллоо!! !

-Кандайсың?

-Жакшы, ким бул?

-Сенин номериңди дос кыздарыңдан алдым. Сени Бишкекте окуйт дешти. Жакындан таанышайын дегем.

- Ай ий жакшы го кел таанышалы - десем апам угуп калым сурап калды.

-Апа, мен сизге күйөө бала издеп аткам. Тапты.ым- дедим. Апам адатынча, "сен менден кичине уялсаң боло" деп өзү уялып күлүп чыгып кетти. (Эркелигим бар, кээде уялбагандан өзүң уялга жеткирип коем)

-Сен кимге айттың азыр? - дейт күлүп тааныша турган бала. Аты Абдулла экен.

-Апама, эмне болду? десем шок кыз экенсиң деп күлүп калды. Агенттен аккаунтум сураганда бөлөмдүн логинин берип койдум. Анын да тентектик жагы бар. Курбулары менен клубга да барат, диний сабак боюнча таллимдерге да барып коет. Мага караганда жакшы кыз. Намазды билет. Анча мынча мага да үйрөтүп турчу.

Биртоп убакыт өтүп кайра чалып "Каердесиң, адресин бер барам" десе тан калдып калдым. Эмнени айтканы түшүнбөй калып кайра сурасам:
- агентте клубга баратам дедин го - деди. Ай бөлөшкамды иши турбайбы деп ойлоп тамашаладым деп койдум.
Бир жолу бөлөм экөөбүз агентте отурсак мени карап күлүп отурат. Түшүнбөй турсам Абдулла деген достук сунушун - авторизация жибериптир.

Мени ушунчалык кууп издеген кандай адам экен деп номеримди берген кыздарга чалсам "Ал шаарда иштейт. Жакшы бала, түз жүргөн эч ким менен урушпайт. Ыймандуу кыздарды жакшы көрөт. Үйлөнөм деп кыз издеп жүргөнүнөн сенин номериңди бердик. Ии баса сен дин жөнүндө ооз ачпай эле койсоң жакшы болмок. Болбосо күйөөгө тийбей каласың" -деди.

2 жума агентомания - сүйлөштүм. Жолуктук. Жөнөкөй, жоош бала экен. Жолугууга барганда шайтаным кармап күлүп тура бердим. Биринчиден уялганымдан күлгөм - улуу, токтоо, жөнөкөй балага жаш балача мамиле кылып жеңил ойлуу кыздын түрүн көргөзгөнүмө. Дин боюнча сабатсыздыгымбы же илим боюнча оозуп кеткенимби айтор тил табыша алган жокпуз.

Азыр деле өзүмдү динден оолак кармайм. Динди сүйлөбөгөнгө таракет кылам. Бирок күндө кечинде "Ээ Алла апама, атама, иниме, эки сиңдиме, мага, сүйүктүүмө тынч уйкуңдан бер" деп жатам.

Бүгүн да арсар ойдомун. Майрамыңар менен десем динчилдерден сөгүш угам. Бирок Майрамдагым келип жатат. Курбуларым сенде аттеисттик көз караш бар деп калышчу. Мен төмөнкүлөргө кошулам.


Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдөгү кызуу темалар:
- Убакыт аркылуу келечекке саякаттоого болобу?
- Параллель ааламдар барбы?
- Космосто жашоо барбы?
- Айыккыс оорулардын дарысын таба алабызбы?
Ал эми бизде:
- Теңирчилер тозокко түшөт!
- "Аалам сырлары" көрсөтүлбөсүн!
- "Сүйүү күнүн мыйзамдаштыруу керек дегендин өзү дөөпөрөсчүлүк! "
- 14-февраль биздин майрам эмес!



Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 14 Февраль 2014 - 10:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   La-lak.08   14 Февраль 2014 - 12:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2023 15:56

М.м негизи жакшы жазылган чыгарма. Өздүк маалыматыңда 92 жылкы деп жүрөт. А бул жерде карт бойдок кыздын окуясы чагылдырыптыр. Бул автордун фантазиясынан жаралган чыгармабы, же өздүк маалыматына жашын кичинертип койгонбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   aikow92   14 Февраль 2014 - 14:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Карт бойдокмун. Жогоруда жазылган окуяда 2 курста окуп жүргөн учур болчу. Азыр окууну аяктагам.

6 жашымда мектепке барып 2009-жылы 11-классты бүткөм. 2013-жылы бакалавр степени менен 4 жыл университетте окуп, бүттүм. (артыкчылык дипломум бар - мактанып койдум)

Магистратурага тапшырганым өзүнчө окуя. Өздүк маалыматым туура жазылган. Болгону "любопытствонун" айынан көп нерсеге туш болгом же мен үчүн бардык жашоодогу кездешкен окуяларым өзгөчө мааниге ээ. Айтор кызыктуу жашаганды жакшы көрөм.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 14 Февраль 2014 - 14:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   aikow92   15 Февраль 2014 - 00:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

" Сени капаска салып коюшкан, окутулган сууну 8 жолу ичкенсиң"


Көпчүлүгү эмнеден коркосуң десе - терең суу, караңгы, жалгыздык деп жооп беришет. Мен адамдардае корком, мага күлүп карап артымдан жамандаган, бирге чай ичип, эртеси сөз менен кустуруп алган адамдан, мени мактап коюп артыман суу чачкан адамдардан корком.


Мага көз арта турган деңгээлде деле эмесмин бирок "көз тийдиге" көп кабылам. Апам досуңдан душманың көп, билип жүр - деп көп айтат. Буга негиз бар. Мектепте окуп жүргөндө жакын курбум классыбыздагы кыздардын баарына мени жамандап, ушактар менен кыздардан бөлүнүп калгам. Аныбызды айылдагы бардык жашоочулар билчү. Ак ийилет бирок сынбайт дегендей азыр баары өз ордуна келген. Бирок 10-11-класста окуган учурду азыр эстегим келбейт.


Мен эч кимге жамандык кылбасам, мага да эч ким тийбейт деп жаңылыптырмын. Уктап жатып чочуп туруп кетмейимди молдого окутуп жүрүп жоготтук. Кийин кирене кире баштады. Башым ооруп эле жатып калам. Эмчи домчуларга алпарып ал да бүттү окшойт же мен башка жумуш менен алек болуп ооруга көңүл бурбай калдым. Айтор апама ооруп жатам деген сөзүм азайды.


Жалал-Абадга курбумдун тоюна барып келген учурум. Бишкекке келатканда Ала-Букадан шаарга помидор алып келе жаткан таксисте попути чыктым. 250 сомго алып кетем десе чыгып алгам. Маршруттук таксиде тонналаган помидор, айдоочу, мен, дагы 1 эже укелдик. Чарчагандан жол бою уктап келдим. Айдоочу уктап калбашы үчүн терезени ачып коюп, мен тоңуп калганымды да байкабай калыптырмын.


Шаарга келгенден тартып бөйрөктөрүм ооруп баштады. Мурун деле ооругандыктан маани берген жокмун. Кийин тез-тез жөтөлүп демим кысылып, оозу-мурунумдан аба кирбей калчу болду.


Флюрографиядан өттүм - таза. Дарыгерге бардым - таза. Канчалаган дары-дармекти, сиропторду ичтим - жыйынтык жок. Атам түрпкө бал куюп берет. Бал чай ичем. Сүт ичиришет - жыйынтык жок.


Айла жокто кыргызчылык деп молдого жөнөдүк. Ал бир нерселерди окуду. Анан өзүмдүн 2 айга жакын аба жетпей түндө демигип жатканымды айттым. Ал мени карап "Сегиз ай мурун окутулган суу ичкенсиң. Бул эле эмес сага ага чейин 7 жолу окутулган суу ичиришкен. Сени капаска салып коюшкан. Бар жокко көзүн жетет колун жетпейт. Душманынды алыстан издебе" деп узатты.


Ыйладым. Апам азыр оорусам урушат. Ошондо да урушту "Жакшы болуптур. өзүң кыйынсынып жүрө бересиң" деди.


Окуядан 8 ай мурун тайкемдин биринчи турмушундагы уулунун дарегин тапканга жардам берген элем. Тайкемдин биринчи аялы түштүктүн шартына көнбөй, тайнем жакшы кабыл албай, экөө эки жолго түшүшкөн экен. Уулу мени менен тең. Тайкемдин экинчи турмушунан 3 кызы бар. Көп жылдан кийин издеп келип "Жолугайын дегем. Мурун бул даректе жашачу. Сен барып азыр каерде турганын сурап бер. Туугандары мага жакшы мамиле кылышчумес" деп мен баргам. Болду.


Жеңем мени инициатор эсептеп, каргап жүргөнү тууралуу угуп калгам. Сиңдилериме туш келген кезде "Ии Айко шаарга бары бири биринен алыстаган ата баланы табыштар турган ишкана ачып алса болот экен. Детекив долуп алабы" деп көп урушунат экен.


Кимдин бутун тосуп, ал мени окутуп салды деген суроо пайда болуп биринчи эле жеңемден шектендим. Мурун Казакстанда иштеп бизнес кылчу. Скайптан сүйлөшүп калсак "Айко, мен барганча той баштап жибербе ээ. Сени өзүм узатам. Алытн кыз. Сиңдилериңдин сабактарына карлашып тур. Сен жакшы окуйсуң го" деп калчу. Улуу кызы азыр Бишкекте окуйт. Ал бөлөлөрү менен жашайт.


Бир жолу бир тууган сиңдим чалып "Эже тайкемдин кызы телефонго жооп бербей жатыптыр. Аны эч ким таппай жатат. Окуган жерине барып келинизчи. Женем айтты" дейт. Ал мага таарыныппы же кек сактап жүрөбү өзүайтпай сиңдимден айттырыптыр. Барып билип келгем.


Азыр оорубай элемин. Балким бул жөн эле ички ишенимимден. Кээде оюбузга сиңип калганда деле оорукчан болуп ооруну чакырып алабыз го. Ошо сынары мен да оорубайм деп айтып айыгып кеттим же молдо окугандан кийин айыктым. Жеңемди көрөлекмин. 3 жылдай болуп калды. Акыркы жолу 1 жыл мурун скайптан сүйлөшкөм.


Жашоодо күчтүү болуш үчүн сөзсүз түрдө сыноодон өтүш керек окшойт...










  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   aikow92   24 Февраль 2014 - 18:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Бала болсом “бабник” болмокмун...
Кыздарга караганда бала досторум көп. Бирок бара-бара сүйүү гө айланып кеткен учурлар (90 процент) болгон. Достукту сактап калганыма сүйүнс өм, кээде досумдан ажырап калган учурлар болот. Мектеп учурунда, студенттик кезде деле балдардын курчоосунда болду. Сулуулугумдан десем жаңылышам. Алар менен тамашалашып, орой сүйлөс ө да жакшы сүйлө сө да түшүн үп уга билгенимденби айтор баары сырын айтып, мен да алардан эч нерсе жашырчу эмесмин. Бирок сүйүүс үн арнагандарды (досторум эмес) да көзгө илбегендей түр көрсөткөнүм менен бир топ жигиттин “сүйөм”, “сагындым” деген сөздөрүн уктум.

1. Бардык курбуларымдын жигити бар. Эмнеге менин колумдан келбесин – дегеним биринчи жаңылыштыгым болду. Агенттен Максат аттуу бала менен таанышып калдым. Банкта иштейт. 88-жылкы. “Сырткы келбетке көп көңүл бурасың” дегендерге далилдегим келдиби айтор кебетеси “шик” эмес болчу. Таанышып мамиле түзө баштадым.


Аз убакытта анын кандай адам экенин билип, жакшы сөз айтып жүрүп, 1 айдан соң “сенсиз жашай албайм” деди. Менде “0” реакция. Тажай баштаганда андан кынтык издей баштадым. Чалбайсың, жазбайсың, тигиндейсиң, мындайсың. Бир күнү байкабай башка кыздын атын айтып алды анан менден ажырады. Мамилебиз 4 айга араң жетти.


Бир жолу үйдө буюмдарымды карап, керексиздеринен арылууну чечтим. Бул кийимди кийем, муну кийбейм, мунусун сиңдиме берем, бул таштандыга. .. деп жатып кичинекей жумшак оюнчук колума туш келди. Мен оюнчук сатып албайм, бирөөгө да белек бербейм. Бирок муну колума былтыр 8 мартта алганымды эстедим. Күн суук болчу. Кызыл куртка менен бийик такалуу өтүк кийгем. Чачымды байлап алгам. Шапка кийбегендиктен үшүгөнүм да эсимде.


Бирок... мага оюнчукту берген баланын атын такыр эстей албай койдум. Ары ойлонуп, бери ойлонуп араң таппадымбы. Аты Эмил, ий көзүмдү карап эле турчу. Анчейин көңүл бурбай жүрүп атын унутуп калганыма таң калдым...

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 24 Февраль 2014 - 18:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Dinakg   24 Февраль 2014 - 18:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 25 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Июн 2020 22:50

Бат баттан жазып турсан жакшы болмок,сенин жазганыны кутуп журуп окуйм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   aikow92   25 Февраль 2014 - 12:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Жашоомдон чыккан адамды кайра киргизбейм! !!

Мегаком номеринен бир таанышыма чалышым керек болуп калды. Дароо симкартаны алмаштырсам смстер келип жатат. Улам окуйм кайра келет. Номер өчүрүлгөн кезде 100дөн ашык чалуулар болуптур, акыркысы кечээ кечинде. Таанышымдын номурун тергичем кайра чалуу.

-Алоо, Айко кандайсың? Телефонду өчүрбө!

-Жакшы, макул. Ким бул?

-Мен Нурбек, азыр Бишкектемин. Келгениме бир ай болду. Сага чала албай койдум эч.

-...аа

-Экөөбүз кезигишибиз керек.

-Убактым жок. Мен телефонду койдум. Кези келгенде сүйлөшөрбүз – деп өчүрдүм.

Нурбек Москвада окуйт. Быйыл бүтөт. Аны менен классташтарым аркылуу таанышкам. Бою узун, жакшынакай бала. Кыялкеч. Ал былтыр кышкы каникулга келгенде тааныштык. Жайында келгенде сейил бак, кино, магазин кыдырып жүрө берчүбүз. Ал кайра окууга кетерде 25-августта кыз-жигит болууну сунуштады. Кабыл алдым.


Ал кетти. Күндө телефондо сүйлөшөбүз. Эки жумадан кийин 14-сентябрда маанилүү сөз айтарын билдирип, фейсбукка кирүүмдү суранды. Кирсем “Айкош, мени кечир. Мен сени жакшы көрөм бирок биринчи сүйүүмдү унута албай койдум. Сен жакшы кызсың. Мени билбейсиң мен кримавторитеттер менен байланышым бар. Өз жолуң менен кеткениң оң”,- деп жазыптыр.


Жаман болдум. Ал экөөбүз сүйлөшкөндө алдыдагы пландарын айтып, келечегибизди түзүп койгон эле. 1-2 ыйлап баш отум менен жумушка киришип кеттим. Чындыгында эле унутуп калыптырмын. Балким ал менин жашоомдо чоң орунду ээлей алган эмес. Билбейм.


Быйыл 1-февралда Кыргызстанга келиптир. Мага түндө чалып “Сени кыйналат деп калп айткам. Биринчи сүйгөнүмдү унуталбай жатам дегенге туура келди. Антпесем сен сагынып кыйналмаксың. Менин крим менен байланышым жок. Баарын сен үчүн жасадым. Экөөбүздүн келечекке койгон максаттарыбыз эсиңдеби. Мен сени сагындым” дейт.


“Менин сагынгычымды бирөө жок кылып кеткен. Менде сагынуу функциясы жок” деп телефонду өчүрдүм.


Жигитим бар. Ага чалып ыйлай баштадым. Уктап жаткан экен түшүнбөй эле сооротуп жатат. Эртеси сураса эмне дешимди билбей ооруп калдым эле кыйналып сага чалдым деп койдум.


Нурбекке сен болбосоң Кудай буюрганы менен бактылуу болом дебегеним үчүн бойфрендиме чалып “бактылуу болобуз” дегенин уккум келсе керек. ал сооротуп кайра уктап калды.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   chingizhan01   25 Февраль 2014 - 20:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 180
  • Катталган: 26 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2017 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бул жерден корунбойт

Ото сонун жазылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   jasi   27 Февраль 2014 - 16:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Маанилуу создор.... Бирок бул нерсе сиздин башыныздан эмес, кайсы бир журналисттин кундолугунон алынгандай. Кызык... Кутуп калабыз
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   La-lak.08   27 Февраль 2014 - 21:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2023 15:56

Ушул чыгармадагы баш каарманды "Сүйөм да сүйөм".
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   aikow92   28 Февраль 2014 - 18:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

17- ноябрь. 2009-жыл. Кыздар мушташына аралашып, охрана кафеден көтөрүп чыгарып салган

Студенттик күндөрүмө кайрылгым келди. “Студент” деген статустан айрылганыма болгону 5 ай болду. Кээде колума ручка менен кагазды алып жаза баштаганда 4 жыл кантип эринбей жаздым экен деп ойлонуп кетем. Китеп сатып ала берип үйүбүз китепканага айланып кала жаздаган. Апам уруша берчү “сени жеп, ичсин деп акча салабыз, китеп ала бербе” десе, “апа, мен үчүн китеп нан болот”деп калчум. Үйдөгү китептердин көпчүлүгүн аягына чейин окуган эмесмин.

1-Студенттер күнүн белгилеп жатабыз. Группабызда жалаң кыздар: 2 көлдүк, 2 таластык, 1 нарындык, 1 чүйлүк жана мен. Негизги адистигимден тышкары чет тилин окучум. Тил окуган группабызда балдар да бар эле.

Кыздар менен 17-ноябрды тосмой болдук. Шаарды жакшы билбегендиктен “Мен эл менен” функциясын аткардым. Кафе, клуб дегендерди сунуштай албайм. Кыздарыбыздын биринин үйүнө чогулмай болдук.
Мен күндүзү барып алгам. Кеч кирсе да эч ким жок. Саат кечки 21:00гө жакын жасанып, түзөнүп, боёнуп кирип келишти. Мен сабакка келгендей келип алгам.
Бир кызыбыз “Ушинтериңди билгем. Ошонун алдын алып койбодумбу” деп сумкасынан көйнөк алып чыкты. Чачымды түздөп, боёнтуп, кийинтип кафе издеп жөнөдүк.
Битком, заказ, орун жок, депозит... шаарды 2-3 кыдырып Жибек Жолу деген кафеге келдик. Биринчи жолу баргандыктан “аа ушундай экен да” деп калгам. Ызы-чуу, бирөө ырдаса, бирөө бийлейт, бирөө чегет. Мушташкандар. .. тамактандык, сүрөткө түштүк, бийледик...

Жумгалдан бир группалашымдын жигити ичирип келиптир, мас бийлеп жаткан. Бир маалда ыйлап келди.

-Кыздар, алдыгы сары чач мойнума урду. Эмне карап турасыңар. Жемимди жедирип жүрө беремби?- деди.

1-2 кыз тура калып “чын эле кеттик” деп сары чачка жулкунуп кетти. Биз аларды токтотобуз деп артынан шаша бастык. Алар да кыздар болуп майрамдашып жаткан сыяктуу, биз тарапка 10 дой кыз басты. Жумгалдык группалашыбыз ыйлап алган.
Аркы кыздар мас экен. Кыйкырык, сөгүш башталды. Биз бөлүштүрүп жатканбыз. 6-7 бала келип баарыбызды бирден көтөрүп эшикке чыгарып салды. Асылып,тытынган бойдон калдык.

Эшикте ичиндеги кыздарды күттүк жок. Ыйлап-ыйлап бизди саткындар деп сөгүп, кыздар тарап кеттик. Азыр Жумгалдык кыз айылдашына (жигитине)турмушка чыккан, кызы бар. Андан кийин дээрлик 5 жыл өттү. Бирок биринчи студенттик майрамды эстеген сайын жылмайып алам.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 28 Февраль 2014 - 19:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   solntse95   01 Март 2014 - 18:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 16:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

курбунуз менин жериме турмушка чыгыптыр да)) Ала букага)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   aikow92   30 Июнь 2014 - 12:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

"Сенде баары бар, бирок башкысы жок..."


Кечээ атама базарда соода кылганга жардам бердим. Өткөн жылы да, мурдагы жылы да чыгып жүргөндүктөн сатуучулардын да кардарлардын да баары таанып калышкан. Баары эле эмне арыктап, кубарып кеткенсиң дешет. Ооруп жатам деп коем. Атам гилас, шабдалы сатып берет, каның көбөйөт же деп. Таңкы 3тө кетип, саат түшкү 11лерде келдик. Уктап калыптырмын.


Азыр эң көп ойлонгонум ушул көйгөйбү айтор түшүмө да кирчү болду. Апам түшүмдө сүйлөп жатат: "Сен уялбайсыңбы? Жок дегенде башкаларды карап койсоң боло. 95-96лар турмушка чыгып жатышат. Мына Батма (айылыбыздагы өзүн анча эптей албаган кызы), Нуржан (классташым, чын айтканда чачын эптуу тарабаган, сулуу эмес, урду кетти сүйлөгөн кызыбыз) турмушка чыгып, төрөп алышты. Сен жүрөсүң... Окуттук, иштедиң эми бизди жер караткың келип жатабы. Өзүң деле карасаң сенде кызыл күбөлүк, кызыл аттестат, кызыл диплом бар. магистр болом деп да көрдүң. Сенда баары бар бирок башкысы жок"
Апам бугун келет. Озу айтмакчы катарыма синдимди кошуп коет. Ал мектепти бутту. Окууга тапшырам деп Бишкекке келе жатат.


Турмуш куруу боюнча Апама жакшы тушундургонго аракет кылам бирок "сен акылдуу болуп кеткенсин мени алдайм деп ойлобо" деген жооп угам. Биз Кузундо турмуш куралы дейбиз бирок шарт, мумкунчулук деген нерсе бар. Менин себим даяр болгону менен той, кыз узатуу бир жактуу болбойт.


Кечинде бул боюнча сүйлөшкөнбүз.
"- Айко, сени ала качып кетсем эмне болот?
- Ий койчу. Ала качуу жакпайт.
- Эмнеге, копчулугу ошентет го. Мисалы менин досум былтыр ошентип уйлонуп, быйыл той бергени жатат
- Билбейм.
- Негизи коп чыгым кетирген деле туура эмес. Өзүң билесиң бактылуу болсок болду да.
- Ооба, бирок бизде билесин го сөз кылышат. Дос душман деп чыгышат уйдогулор.
- Той кылбайбыз эмес, той беребиз бирок быйыл эмес. Быйыл тынч эле ата-энебиздин макулдугу менен никеге туруп жашай берели.
- Биз шашкан жокпуз го ээ. Кузго чейин балким баары озгорор. 15-июлда лотерея ойнойбуз. 8 миллион утсам сага берем. Ошондо той беребизби?, -деп тамаша аралаштырып койдум.
- Ооба, чын эле" деп койду.


Мурунку жигитим чалып, озун эстетип турат. Ага башка менен мамиле тузуп жатканымды айткам. Ага бербейм, сага уйлоном деп айтат. Не хочу замуж а надо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   oruktu_city   30 Июнь 2014 - 14:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 471
  • Катталган: 07 Июль 13
  • Соңку аракети: 13 Авг 2021 02:26
  • Жынысы:Эркек

Кечиресиз айкош92 сиз канча жаштасыз азыр? Азаматсын ушундай денгеелде ой толгоонузду кагаз бетине тушуруу бул озунчо бир мушкул иш емеспи....кааларым сизда ертерек озунуз суйгон жигитке турмушка чыгып ата эненизди суйундурунуз. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   baku24   01 Июль 2014 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 433
  • Катталган: 16 Январь 12
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 10:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

15 июлда лотарея ойноп 8 миллионду утуп алсам деген жерин жакты да. ылайым утуп кал. анан утуп калсан тойго айтып кой э
Турмуш- бул чоон мектеп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   gulpana   03 Июль 2014 - 20:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Июн 2018 03:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

2009 жылы 91лер буткон. Эгер бир жыл эрте окусан 92 жылкы экенсин. "Кыздын чырагы кырк", "Отурган кыз ордун табат" дейт. Бирок сен жаш эле экенсин. Болгону 22 де.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   happyfamily90   04 Июль 2014 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Июл 2014 18:08

таакс,баш жагында башкача жазылып жатты беле,?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   aikow92   05 Июль 2014 - 14:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

gulpana Ооба, 6 жашымдан окууга кирип, 2009-жылы бутком. Болгону 22 жашта элемин. 22 жашта - АКШдагылар окуу менен алек болуп ойноп жүрушот. 22 жаштагылар Кореяда эми ЖОЖго тапшырышат. 22 жаштагылар Азияда анын ичинде Бишкек шаарында жаны иштеп баштагандар. Баткенде 22 жаштагылар (баары эмес кыздардын копчулугу же 50 проценти ) уй було кургандар.


happyfamily90 Башында мен озум башкача жазышым мумкун. Андан баш тартпайм. Менин оюм, максатым, коз карашым, кыялдарым кун сайын же секунд сайын озгоурп турушу мумкун. Анткени мен жашап жатам, башкаларды коруп жатам, Максатка карай жол дегеним 2009-жылдан берки окуяны жазмакмын. Бирок кыскартып отуруп 5 жылда болгон нерселер убакыттан аралашып кетиши мумкун. Бирок жашоомдогу, журогумдогу сыр меники экенин жана чындык экенин билем.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 02:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: