Алмаз жана Элмира! Биздин сүйүү баяныбыз.
Сендей эч ким багынткан жок көңүлдү.
Сендей эч ким ыйлаткан жок жүрөктү,
Сага жалгыз арнаймын мен жүрөгүмдү!
- Биз бири-бирибизди эң биринчи таанышыбыздын тоюнда көргөнбүз. Элмира менин көңүлүмдү өзүн алып жүргөнү, шыңга бою, узун чачы менен бурду. Тойдо мен сынактарга катышып, ырдап-бийлеп өзүмдүн активдүүлүгүмдү көргөзгөм. Бирок биз тойдон тааныша алган жокпуз. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ошол тойдун видеосун көрүп, Элмираны сүйүп калганымды билдим. Анан алдыма анын телефон номерин табуу максатын коюп, көп өтпөй номерин таап, 2012-жылдын 12-декабрында ага чалдым. Бул күн, 12.12.2012 – менин эң бактылуу датам. Ошентип биз таанышып, эртеси эле мен Элмираны жолугушууга чакырдым. Биринчи жолугушууга роза гүлүн алып бардым. Экөөбүз жолугуп, суукка карабай көпкө чейин сүйлөшүп отурдук. Элмира мага абдан жакты. Чыныгы сүйүү мага ошондо келди. Биздин ар бир күнүбүз эң сонун эмоциялар менен коштолуп жатты. Жаңы жылда шакек алып, анын үйүнө барып, менин түгөйүм болуу сунушун киргиздим. Ал да макул болуп, экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык.Сүйүү бул – эң эле жагымдуу сезимдердин бири экен. Менин
түшүнүгүм боюнча, сүйүү бул – сүйгөн адамыңдын бактысынан өзүңдүн бактыңды табуу. Мен Элмираны сүйөм. Буюрса, биз түбөлүккө бир болобуз. Менин Жаныма арналган ырым:
Эля, сендей эч ким ээлеген жок сезимди,Сендей эч ким багынткан жок көңүлдү.
Сендей эч ким ыйлаткан жок жүрөктү,
Сага жалгыз арнаймын мен жүрөгүмдү!