Суперстан: 14-февраль, сүйүү күнүнө карата соонун СЫНАК! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

14-февраль, сүйүү күнүнө карата соонун СЫНАК! Сүйүшкөндөр чамдагыла!

#61 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 17:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алмаз жана Элмира! Биздин сүйүү баяныбыз.

- Биз бири-бирибизди эң биринчи таанышыбыздын тоюнда көргөнбүз. Элмира менин көңүлүмдү өзүн алып жүргөнү, шыңга бою, узун чачы менен бурду. Тойдо мен сынактарга катышып, ырдап-бийлеп өзүмдүн активдүүлүгүмдү көргөзгөм. Бирок биз тойдон тааныша алган жокпуз. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ошол тойдун видеосун көрүп, Элмираны сүйүп калганымды билдим. Анан алдыма анын телефон номерин табуу максатын коюп, көп өтпөй номерин таап, 2012-жылдын 12-декабрында ага чалдым. Бул күн, 12.12.2012 – менин эң бактылуу датам. Ошентип биз таанышып, эртеси эле мен Элмираны жолугушууга чакырдым. Биринчи жолугушууга роза гүлүн алып бардым. Экөөбүз жолугуп, суукка карабай көпкө чейин сүйлөшүп отурдук. Элмира мага абдан жакты. Чыныгы сүйүү мага ошондо келди. Биздин ар бир күнүбүз эң сонун эмоциялар менен коштолуп жатты. Жаңы жылда шакек алып, анын үйүнө барып, менин түгөйүм болуу сунушун киргиздим. Ал да макул болуп, экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык.Сүйүү бул – эң эле жагымдуу сезимдердин бири экен. Менин   түшүнүгүм боюнча, сүйүү бул – сүйгөн адамыңдын бактысынан өзүңдүн бактыңды табуу. Мен Элмираны сүйөм. Буюрса, биз түбөлүккө бир болобуз. Менин Жаныма арналган ырым:
Эля, сендей эч ким ээлеген жок сезимди,
Сендей эч ким багынткан жок көңүлдү.
Сендей эч ким ыйлаткан жок жүрөктү,
Сага жалгыз арнаймын мен жүрөгүмдү!
















  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 17:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алтынбек жана Динара. - Саламатсыңарбы! Мен жолдошум Алтынбек менен 5 жыл мурун менин туулган күнүмдө таанышкам. Башында дос катары жүрүп, убакыт өткөн сайын сүйүүгө айланып кетти. Мен роза гүлүн жактыргандыктан, эсимде, экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө жолдошум жолугушууга гүлсүз келчү эмес. Аябай романтик болчу. Биринчи жолу менин колумду сураганын эстеп, экөөбүз азыркыга чейин күлөбүз. Бир күнү Алтынбек мага эс алып келүү тууралуу сунуш киргизип, борборубуздагы эс алуучу жайлардын бирине чакырды. А мен болсо жүрөгүмдө бир нерсе болорун сезгем. Жолуктук, Алтынбек эч нерсе билгизбей алып барды. Сүйлөшүп, тамактанып отурсак жолдошум бир нерсени эле айта албай сүрдөп, толкунданып, бир туруп вилканы түшүрүп алат, бир туруп сокту төгүп алып, кызыктай эле болуп жатты.“Эмне болду?” десем, “азыр келем” деп сыртка чыгып кетип, көп өтпөй машинанын багажнигине катып койгон 101 роза гүлүн көтөрүп келип, кинодогудай бир бутуна отуруп, менин колумду сураган. Эс алуу жайдагы элдин баары бизди карап, менин жообумду күтүп калышты. Көп күттүрбөй, мен ичимен ушул киши менен бактылуу болорумду сезип “макул” деп жооп бердим. Алтынбектин сүйүнгөндөн көздөрүнөн чыккан көз жашын көрүп, мени кандай сүйөрүн сездим. Ошентип экөөбүз баш кошуп, азыр бир уул, бир кыздын ата-энесибиз.
Мага сүйүү тартуу кылып берем деп,Жаз гүлдөрү миң түр түскө өтүптүр. Угуп көрсөм, жүрөк үнүн чебердеп, Жактырганым махабатка көчүптүр. Мага сүйүү тартуу кылып берем деп, Күн нурлары алтын жебе тартыптыр. Тыңшап көрсөм, ички дүйнө, сезимди, Түбөлүккө сүйүү отунда калыптыр. Мага сүйүү тартуу кылып берем деп, Ай-асманга миң жылдызын тагыптыр. Байкап көрсөм, жүрөгүмдүн кагышын, Чындыгында СЕНИ СҮЙҮП КАЛЫПТЫР.
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 18:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бексултан жана Жаңыл.

- Менин атым Бексултан. Мен бул сүйүү окуям же башкача айтканда жүрөгүмдүн ачкычын таап, менин жашоомду жаркыратып кирип келген сүйүүм 2011-жылы 19-июнда башталган. Ал кезде мен 11-классты эми эле бүтүп, мамлекеттик экзамендерге даярданып жүргөн убагым эле. Так ошол 19-июнь күнү досум менен жүрсөм Айтурган деген таанышым чалып, ""Панфилов" сейил багына келсең сени дос кызым менен тааныштырам" деп калды. “Дос кызың мага жагабы?” деп тамашалап, Нурсултан деген досумду ээрчитипалып бардым. Барсак, бизди күтүп турушуптур. Биринчи мен жанындагы кызга көңүл делебурган жокмун. Бексултан деп таанышсам ал табышмактуу мени карап Жаңыл деп ганаайтып койду. Сейил бактын ичинде тамашалашып, сүйлөшүп отурдук. Бир убыкыта мен Жаңылдын бизге көңүл бурбай эле айлананы,бак- дарактарды карап бир башка нерсени ойлонуп олтурганын байкап калдым. Мынаошол учурда менин ал кызга көңүлүм түшүп, жүрөгүм жылып, бир башка сезимде болотүштүм. Анан эмнегедир ал менен сүйлөшкүм келди, бирок эмне дээримди , кайсыл сөздүайтаарымды билбей жүрөгүм улам баттан согуп, "кантип бул кыздын көңүлүн өзүмө бурсам?" деп ойлонуп баштадым. Бизди тааныштырган дос кызымдан Жаңылдын номерин сурасам, "анан берем" деп койду. Бирок мен кайра ойлонуп, "эгерде мен өзүм сурасам, ал мага номерин берсе анда мен дагы бул кызга жаккан болом" дедим. Бир маалда Жаңыл "мен кетейин азыр жумушка барышым керек" деп калды. "Анда сени жумушуңа чейин узатып коёюн" десем, ал макул болду. Анан досум экөөбүз ал кызды узатып жөнөдүк. Жолдон сөзгө алаксып баратып анын жумуш жагына бат эле келип калдык. Мына ошол жерден мен бүт күчүмдү топтоп, Жаңылдын номерин сурасам, ал мага жылмайып номерин берди. Ошол учурда мен ушунчалык сүйүндүм, жолдо досума мактанып бара жаттым. Үйгө келип чалып, СМС жазып, кийин ага арнап чыгарган ырымды окуп берип жүрүп ал кыздын жүрөгүн багындырдым. Азыр биздин сүйлөшкөнүбүзгө 3жылдын жүзү болгону калды. Кудайыма рахмат, баары жакшы. Бири-бирибизди аябай катуу сүйөбүз. Бир күндө 3 сааттай сүйлөшпөй калсак кадимкидей сагынышып кетебиз. Ар бир 2 саат сайын чалышып, СМС жазышып, бири-бирибизди канчалык жакшы көрөрүбүздү билдирип турабыз. Бирок ушул убакыттын ичинде биз Жаңыл экөөбүз көптөгөн сыноолорду башыбыздан өткөрүп, ошонун баардыгына чыдап, бирге жеңип келе жатабыз. Алардын ичинде көптөгөн таарынычтар, кызганычтар, уруш-талаштар болду. Бирок анын баарына чыдадык, жеңдик. Азыр бири-бирибизге болгон сүйүү ушунчалык күчтүү. Аны сөз менен айтып жеткизе албайбыз. Мен  сүйгөнүм жок бул жашоомду элестете албайм. Ал үчүн кан-жанымды аябастан баарына даярмын. Ал менин бул жашоомдогу жарыгым ,абам, суум, күнүм, айым. Бир сөз менен айтканда, бүткүл жашоом болуп, жүрөгүмдүнтөрүндө. Мен сени чексиз сүйөм, Жаңыл!












  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Курбан жана Назгүл. Сүрөттө Исаев Курбан жана Ахматова Назгүл. Алардын баш кошконуна 22 жыл болду. Ал кезде Курбан 23, Назгүл 19 жашта болчу. Экөө ошол жашка келгенче бир айылда, бир көчөдө жашап, бири-бирин көргөн эмес, тааныш да эмес болчу. Назгүл окуусун аяктап, Кара-Суу шаарындагы Манас орто мектебинде иштеп калат. Ага жакындан бери көз салып, жактырып жүргөн Курбан достору менен жумушунан чыкканда алып качмай болушат. Жумуштан чыгып, аялдамада турган Назгүлгө айылдаш агалары “жеткирип коёлу” дешет. Назгүлдүн жаман ою жок машинага отурат. Агалардын арасында бир гана жигит бейтаныш эле. Ошол бейтаныш жигит бир көчөдө жашаган Курбандын үйүнө бара жатканын ойлонбосо да керек. Чоочун үйгө алып келип, аялдарды көргөндө гана Назгүл алып качканын түшүнөт. Назгүлдүн атасы келгенде, ошол бейтаныш сулуу жигит менен тууган экенин билишет. Атасы кызын үйүнө алып кетет. Курбан эч кимге кулак салбай тойду эртеси баштоону чечет. Келин кеткенде каяктагы той десеңер? Эртеси Назгүл алма терип жүргөн болот. Үйүнүн алдына бир топ той машиналары токтоп, Назгүл каршылыксыз машинага өзү отуруп алат. Курбандын баштаган тою азыр чоң сүйүүгө жеткирип отурган чагы. Экөөнүн ортосунда 3 кыз, 1 уулу бар. Алардын улуусу 18 ге чыгып, сиздерге кат жөнөтүп отурат. Экөөнүн күлкүлүү, бактылуу окуялары толтура. Алар ар жума өздөрүнө “Супер-Инфо” гезитин алып келишет. Анткени, бир эле гезит болуп калса апам атамды жеңип коёт да, атам апамдын окуп бүтүшүн күтүп отура берет. Ал эми апам гезитти бөлүп бергенди жаман көрөт.

Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 18:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Максат жана Алтынай.
Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун жашоочулары Байбулатов Максат жана Рыскелдиева Алтынай.
Биз 2007-жылы 10-класс кезибизде, 3-февралда райондук мектептердин бирине «Улуттук тест борборунун» кезектеги болуп өтүүчү тестин тапшырууга барганбыз. Буйрук экен, экөөбүз бир кабинетте отуруп калыптырбыз. Максат мени бир көргөндө жактырып калып, тест бүткөнчө эшиктин оозунда күтүп туруптур. Экөөбүз таанышып, телефон номеримди алып калган.
Ошол күндөн тарта экөөбүз эки башка мектепте окугандыктан, телефон аркылуу жакындан таанышып, 2007-жылы 26-маттан баштап кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык.
Учурда Максат Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын бүтүрүүчү курсунун студенти. Мен быйыл Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин аяктадым. Учурда жеке ишканалардын биринде эмгектенем.
Быйыл, кудайым буюрса, экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө жети жыл болот. «7» санын экөөбүз тең жакшы көрөбүз.
Көптөр: «Бири-бириңерден тажаган жоксунарбы? »,- деп сурашат. Жок, биз тажабайбыз! Анткени ар дайым бири-бирибизди толуктап, сагынып, колдоп бир бүтүндү жаратабыз! ~АлМа~ - бул экөөбүздүн аттарыбыздын башкы эки тамгалары. Аны Максат ойлоп тапкан. Мен бананды жакшы көргөндүктөн, мени Максат «маймылкам» деп эркелетет.
Кызыктуу окуялардан айта кетсем, Максаттын телефонунда ~АлМа~ деген жазууларды көп көрүшкөн үчүнбү, тааныштары: «Сенин сүйлөшкөн кызыңдын аты Алмагүлбү?», - деп сурай беришет.
Ал эми мага болсо, социалдык тармактардан өздүк баракчама « ~АлМа~ сагындым» же дагы ушул сыяктууларды жазып койсом, «Эмнеге ~АлМа~? Эмне үчүн алча же алмурут эмес?» деп сурай беришет…
Ал эми сүрөт жөнүндө айта кетсем. Бишкек шаарындагы «Сейил» эс алуучу жайында, менин группалаштарым менен эс алганы барып, тоодон Максат жалгыз гүлдү таап алган. Ошол гүл менен сүрөткө түшкөнбүз. Айта кетчү нерсе, тоодон бизден башка эч ким гүл тапкан эмес!

Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 18:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Максат жана Шахноза. - Атым Максат, жашым 28де, жубайым Шахноза экөөбүз мындан 6 жыл мурун, тагыраак айтканда, 2008-жылы 14-февралда таанышканбыз.
Ал убакта мен И.Арабаев атындагы университетинин экология факультетинде 3-курста окучумун. 14-февралга жакын башка факультеттин 3-курсунда окуган бир кыз келип “Сүйүшкөндөр күнүнө карата мени менен “Түгөйлөр конкурсуна катышып бер” дегенинен мен катыша албаарымды айттым. Эртеси куратор агайым келип, “Кечээ сага конкурска катышып бер деп кыз келди беле? Эмне катышпайм дегенсиң? Катышасың!” деп кетип калды. Анан группалаштарыма “ушундай болуп жатат” десем, “катыша бер да” деп көндүрүп коюшту. 2 күн репетиция кылып, 14-февраль күнү сынак башталды. Ар кайсы факультеттен (катышуучулардын саны арбын эле) 2ден пара катышып, өзүбүздүн номурларыбызды көргөзө баштадык.
Биздин чыга турган убагыбыз келип калган, ошол убакта сахнага чыгып бара жатып, артымды бир карасам Шахноза (келинчегим) парасы менен кийинки номурга даярданып жаткан экен. Эл алдына чыгып калганымды байкабай калыптырмын. Эстен танып, ага чейин жаттаган ырлардын, сөздөрдүн бирин да эстей албай туруп калыптырмын. Мени менен чогуу чыккан кыз шыбырап айтып берип жатып, анын жардамы менен араң сахнадан кеттик. Дароо эле Шахнозанын жанына барып, “Кечиресиз, чоң кыз, сиз экөөбүз бирге чыкпайлыбы? ” деп сунуш киргиздим, бирок Шахноза ууртунан бир жылмайып, түгөйү менен колтукташып сахнага чыгып кетти.
А мен туруп калбастан “Эмне кылсам?" деп ойлонуп калдым. Ошол учурда көздөрүм столдун үстүндө шампан куюлган эки бокалга жана бир гүлгө токтоду. Дароо ала калып сахнадан түшүп келе жаткан Шахнозага жакын барып гүлдү сундум да, бокалдын бирин түгөйүнө берип, бирин өзү малып, “Чоң кыз, калган өмүрүңүздү мени менен өткөрүүгө макулсузбу? ” десем, кайрадан унчукпай басып кетти. Жактырып калганымдан танышуунун жолун издеп жүрүп сынак эмне болуп аяктаганын билбейм. Сынактан кийин Шахноза менен минтип таанышаалбаарыма көзүм жетип, жанында жүргөн курбу кызынан атын жана телефон номерин алдым да, фойеге чыгып СМС жаздым:

Көрдүм мен бүгүн бир сулууну, Ал сулуу чырайлуу пери экен,Чырайлуу пери менен жакындан, Таанышыпалсам болот бекен? Эгер макул болсоңуз, эшиктен күтөм,- деп СМС-билдирүүмдү жөнөтүп сыртка чыксам, караңгы кирип калганына карабай айлана жарык экен, аппак кар лапылдап чоң-чоң болуп жаап жатыптыр. Эгер ошол 2008-жылдын 14-февраль күнү жааган карды көргөндөр болсо, кандай сонун кар жааганын эстешсе керек. Эки колумду жайып асманды карап туруп калдым. Бир маалда артымды карасам Шахноза турат, жанына барып таанышып бир азга сүйлөшүп турдук. Ошондогу жааган карды азыркы күнгө чейин көз алдыма элестетем.
Андан кийин күндөп-түндөп телефон чалып, сүйүү СМСтерин жазып жүрүп, акыры эгиз козудай жанаша жетелешип кыз-жигит болуп жүрдүк.
2010- жылы таанышканыбызга 2 жыл болгондо баш коштук. Азыркы учурда 2 уул, 1 кыздын бактылуу жана мээримдүү ата-энесибиз.


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 19:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Медер жана Назима.
- Жыл сайын Сүйүшкөндөр күнүнө карата уюштурулуп келген “Супер таттуу түгөйлөр” аттуу сынакка катышып, өзүмдүн сүйүктүүмө болгон сезимимди арнагым келди. Менин атым Назима, ал эми сүйүктүүмдүн аты Медер. Экөөбүз 2013-жылдын 1-ноябрь күнү ата-эне, бир тууган, жоро-жолдоштордун батасын алып баш кошконбуз. Учурда махабаттын балын татып, бири-бирибизге болгон арзуубузду сөз менен жеткире албай,чексиз бактылуубуз. Биздикиндей бакытты ар бир адамга каалар элем. Сынакка катышуумдун себеби, сүйүшкөн жаштарга үлгү болуп, ошол эле учурда сүйүктүү жолдошумду чексиз сүйөрүмдү даңазалап, 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүнө карата сүйүктүүмө сюрприз тартууласам дейм. “Секетим” деп эркелеткениң жагат”
- Алгач сени менен таанышканда түбөлүк бактым болоруңду сезбептирмин. Жактырбай, атүгүл ар кандай шылтоо менен өзүңдөн алыстоонун жолдорун издей берчүмүн. Ошондо да артымдан калбай, жылуу сөздөрүңдү арнап жүрдүң. Мага сенин эрктүүлүгүң, туруктуулугуң абдан жакчу. Бирок сүйүүдөн катуу көңүлүм калгандыктанбы, мырзаларга болгон ишеничим сууп калгандай эле. Биринчи жааган кар бизди жакындаткандай сезилет. Кыштын ызгаарында да суукка карабай экөөбүз жолугуп, далай сыр чечиштик. Мурдубуз кызарып, үшүп жатсак да сейилдеп жүрө берчүбүз. “Мен сени баары бир алам, ала качсам да сен мендик болосуң!” деп ишеничтүү айткан сөздөрүңө таң калгам. Анткени ал кезде менде достук гана сезимдери болгон. Бара-бара достуктан да ашып, сүйүү жолуна бараткандайбыз. Сени менен өткөргөн ар бир күнүм, жакшылыгым, мага арнаган жылуу сөздөрүң азыр да көз алдымдан кетпей турат. Жумуштан катуу чарчасамда сенин кучагыңа батып, жылуу сөздөрүңдү укканды адатка айлантып алдым. “Сүйүүнүн көзү сокур” деген чын белем, “Жигитим бар, дос эле бололу” деген сөздөрүмө да карабадың. Сенин жумшак мамилең, жылуу сөздөрүң, жана адамды алдай албаган мөлтүр көздөрүң, мага деген аруу, таза махабатың, туруктуулугуң, чечкиндүүлүгүң, эрктүүлүгүң мени арбап алды. Акыры бир тыянак чыгарууну туура көрдүм. Мен деле аялзатына тиешелүү бакытка балкып, махабаттын майданында жүргүм келет. Ар бир адам бактысы үчүн күрөшүп, бактылуу болууга милдеттүү да! А эмне үчүн карыш турган бактымды алыстан издеп, жанүрөп жүрөм? Көрсө, менин түбөлүктүү бактым сен экенсиң! Мына сага, сүйүүнүн кереметин кара! Сүйүүгө багынбас жүрөк болбойт тура. Бүгүн мен да сага, тактап айтканда, бактыма, сүйүүмө багынып, баш ийип турам. Жүрөгүм эмнегедир “сен бактылуу болосуң, колуңан келген бактыңды коё бербе. Бул сенин акыркы мүмкүнчүлүгүң! ” деп айтып тургандай туюлду. Селт этип кеттим. Чын эле, балким, акыркы мүмкүнчүлүгүм. Дегеним, мени чындап сүйгөн сендей адамга жолукпасмын. А балким, жолуксам да тагдырыма наалат айтып, өкүнүп калармын. “Тандаган тазга жолугат” деген ойлор дене боюмду каптап кетти. Ошондо алгачкы жолу “сүйгөнүм, бытыкыйым, сен жалгыз мендиксиң” деген жылуу сөздөрүм оозума келип, сенин сунушуңа макул болдум. Калп айткан менен болобу, менде да сага деген сезимдерим ойгонуп, күндөн-күнгө башкалардан кызгана баштагам. Жашоомдун эң маңыздуу, жоопкерчиликтүү кадамдарын жасап, жаңы жашоого бет алдым. Өкүнбөйм! Анткени мен туура жолду тандадым. Өз сүйүктүүмө турмушка чыктым. Мен бактылуумун! Меникиндей бакытты ар бир жанга каалаар элем. Бул жашоодо сүйүү бир келет тура. “Сүйүү үйлөнгөн соң башталат” деген сөзгө ынандым. Эми сен жалгыз мендиксиң! Сени жан адамга алмаштырбай, өмүр бою сүйүп, сыйлап өтүүгө сөз берем. Түбөлүккө “бытыкыйым”, “быйтышкам”деп айтуудан тажабайм. Алгачкы күндөн тартаатымдан атабай, “секетим”деп эркелеткен жылуу сөздөрүңдү түбөлүккө уккум келет. Сени менен табыштырган Жаратканга миң мертебе ыраазымын. Быйтыгымды жакшы көрөм жанымдай, Анан кантип жүрө аламын сагынбай... Секетиң

Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Рамис жана Айдана.
- Мен Рамис Акматов, 14-февраль – Cүйүү күнүнө карата сүйгөнүм Айдана Кубанычбековнаны куттуктагым келет:
Айдана, жаным, мен сени сүйөм. Алтыным, сени сүйгөн сүйүүмдү эч унутпа, Сүйүп жүргөн жүрөгүңдү эч оорутпа. Жалгызым, сенден башка эч бир жан жок мен үчүн, Жүрөгүм оттой жанат бир сен үчүн.

Биздин биринчи 2011-жылы 23-октябрда таанышканбыз. Орусияга кетердин алдында Балыкчыга эсалып кетейин деп баргам. Ошондо Айдана экөөбүз таанышкан элек. Жашоо шартка байланыштуу бир жыл Орусияда жүрүп келдим. Сүйгөнүм мени күтүп жүрдү. 2012-жылы атайын келип Айдананын колун сурап, куда түштүк. Эң кызыгы, 23-октябрда таанышып, 23-октябрда кудалаштык. Кайра иштегенге Орусияга кетип, 2013-жылы жайында келдим. Жолуктук, ошондо сүйүүбүздүн күчтүү экенине ынандык. Мен 2 жыл жок болгонума карабай, сүйгөнүм мени күтүп жүрдү. Ортодон экөөбүздү ажыратып, сүйүүбүздү бузгусу келгендер да болду. Канча кыйынчылыктар болсода, экөөбүз бир болуп жеңип чыктык. Жакында, буюрса, тоюбуз болот. Тойго кызуу даярдык көрүп жатабыз.

Жаным, Айдана, мен сени чексиз сүйөм! Күтөм деп сөз бергенсиң, сөзүңө турдуң. Мен сага ыраазымын!


Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 19:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сайрамбек жана Тазагүл. - Сүйүү – бардык сезимдердин эң күчтүүсү, ал бир эле учурда мээни да, жүрөктү да, денени да ээлеп алат. Мына ошол сезимдердин күчтүүсү – сүйүүгө биз да кабылдык. Тазагүл экөөбүз көпкө чейин кыз-жигит болуп жүрүп, кыштын чилдесинде баш коштук. Ал күн кыштын ызгаары болсо да, биздин жүрөгүбүзгө жылуулук тартуулаган унутулгус күнүбүз болуп калды. Бактылуу күндөрдүн биринде сүйүктүү жубайым кубанычтуу кабар айтты. Ал кош бойлуу экенин билдиргенде төбөм көккө жете сүйүндүм. Ошентип, көптөн күткөн күн келип, кыздуу болдук. Учурда бизге түгөнгүс бакыт тартуулаган кызыбыз 1 жашта, бактылуубуз.

Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 19:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Саламат жана Алина. Мен көчөдө жалгыз басып жүргөнүмдө, Кирип калдым бир чач тарачтын ичине. Ал жактан топ кыздардын арасынан, Тике карап, учурашты эң сулуу көздөр, “Келиңиз !”,- деп жылмайып. Татынакай колдору сылап жатты чачтарыман, Мен болсо отура бердим сүрдөнүп бир орунда. Көпкө карап сулуу көздөрүндү күзгүдөн, Сурабастан атыңды чыгып кеттим көчөгө. Арадан күндөр өттү, түндөр өттү, Жолугушууга чыдабастан мен келдим. Көздөрүңдү карап көпкө турдум мен,Атыңды сурадым жылмайып. Жаным сени бир көрүп, сүйдүм мен,Сүйүүмдү кабыл алчы сен.Сүйүүм бир гана сени мен.Сүйүүм чексиз сага болгон. Ар дайым сүйүп өтөм сени мен.Менсени сүйөм , Алина !Саламаттан .


















  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 19:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сатар жана Бермет.
Биздин сүйүүбү з достуктан башталган. Чындыгында эле кыз менен жигиттин ортосунда жөнөкөй достук болбойт экен. Ал бара-бара сүйүүгө айланат. Биздин жашоого болгон көз карашыбыз бирдей болуп чыкты. Кыялдарыбыз да окшош... Бири-бирибизге "мен сени сүйөм" деп айткандан баштап махабатыбыз күндөн-күнгө алоолонуп күйүп, бири-бирибизсиз жашай албай калдык.
Албетте, тагдыр өйдө-төмөн учурларды алып келет, түшүнбөстүктөр болот, бирок биз биргебиз. Бир бүтүнбүз!
Биздин жомоктогудай аруу сезимибиздин натыйжасы - алтын кызыбыз.
Биз - бактылуубуз! Анткени жүрөгүбүздө сүйүү жашайт.








  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Таалай жана Каныкей.
Бул жашоодо адам баласы бири-бири менен сый, кең пейилдүү болуп жашаса араздашуу, таарынуу, кайгыруу дегендерден алыс болот. Ал эми сен жактырган селкинин сүйүүсүнө, сыймыгына айлансан, андан өткөн бакыт болбосо керек, анткени акындар сөзгө ширеп, ырчылар обон салып, эки адамды ажырагыс бир бүтүндүккө айландырган сүйүү сезими болсо, албетте жаңылыштык болбойт.
Келиңиздер, эми сиздерге менин өмүрлүк жарымды кантип жолуктуруп, ага арбалып калганымды жазуучулардын чыгармаларындагыдай сүйүү баяны болбосо дагы сиздерге сунуштайм. Менин жан шеригим өз туулуп-өскөн жеримдин мөлтүрөгөн секелеги болчу. Аны чындыгында жаш кезимден бери көз кырымды салып дегендей, жүрөктүн борборунда сактап, карап келдим. Арадан канчалаган мезгилдер, жылдар өтүп, аны өмүрлүк жарым кылууга бел байладым.
Күндөрдүн биринде, ага алоонуп жанып турган сезимимди акындар сыяктуу ырга салып, сунуштоону туура көрдүм. Капысынан мен жашаган көчөнүн кесилишинен жолуктуруп калдым, анын аярлуу көздөрүндө кандайдыр бир сезим жазылып турганын байкап, артынан ушул саптарды арнадым.

Ай периште кыз бекен.
Сүйүүмдүн өзү сиз бекен,
Күн периште кыз бекен.
Күкүгүм өзү сиз бекен,
Айланып учкан жамалдай.
Айтарга сөзүм таба албай,
Күнгөйдөн учкан жамалдай.
Айтарга сөзүм таба албай,
Багыңа кирип бара албай.
Кол жеткис болдуң аралдай,
Каныкей айтчы сөзүңдү.
Сүйөмүн чексиз өзүңдү,
Гүлгө теңейм өзүңдү.


Назданып менин ырымды тыңшаган жамалым күтүүсүздөн жообун жазып, салып ийиптир:


Алтындан ээр чаптырып ,
Айталбай жүрөм жактырып.
Күмүштөн ээр чаптырып,
Күтүп да жүрөм жактырып.
Гүлүмдү сизге сунайын,
Кейиштүү дартка калбайын.
Көңүлгө кирди салбайын,
Сүйбөйүн десем сүйдүрдүң.
Жалынсыз отко күйгүздүң…

Ушинтип жаралган сүйүүбүздүн оту тутанып бараткан учуру, тилеймин эч качан өчпөсүн!!!


Сүрөт



Сүрөт



Сүрөт



Сүрөт



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Толкунбек жана Нурила. Сүйүү, сүйүү, атың сенин керемет,
Айтчысүйүү, сага кимдер теңелет?
Сенименен дос болууга жүгүнсөм,
Сараңдыгыңкетти мени жемелеп!
Ушул саптарды жазып олтуруп сүйүүнүн акыйкатын издегим келди. Адамзат сүйүүсүзөмүр кечирбес. Эки ашык бири-бирин сүйбөсө, махабаттын улуулугу байкалмак эмес.Сүйүүнүн күчтүүлүгүн эч ким даңазалабастыр. Жүрөктүн башкача согуп, каректинбашкача тиктеши эле барып сүйүүнү айгинелейт. Эх, сүйүү! Канчалаган адамдыазапка салып, канчалаган адамды азаптан алып чыктың экен? Канча түндөрдүуйкусуз өткөрүп, канча каттардын күбөсү болдуң?


Ооба, сүйүү менен гана сен татыктуу өмүр сүрө аласыңдеген ойдомун. Анткени, мен азыр өзүмдүн өмүрлүк жубайым менен абдан бактылуумундесем жаңылышпайм. Биздин сүйүүбүз чындыгында капысынан гана пайда болду. Ортобуздаадам баласын башкача сезимге орогон, ажырагыс кылып аркан менен байлапкойгондой болуп, чексиз бири-бирибизгебайландык. Биз досторубуз аркылуу таанышып калган элек. Асмандан издегенимжерден табылгандай сезилип, көп кыздардын арасынан ушул селкиге арбалдым. Анынкылык-жоруктары адам баласын мас кылат, жылмайып турган жамалын көрсөм, өзүмдүчексиз бактылуу сезип кетем.

Биз, азыркы учурда ,баш кошкон бал шириндерденбиз. Турмушжолубуз бир болуп жакшы жашап, коломтобуздун отун бирге тутантып жатканучурубуз. Сүйүү менен үй-бүлө куруп, наристелүү болдук. Бул да биздинортобуздагы бири-бирибизге жаралган ишеним десек болот. Мындан кийин алдыгаарыштап кадам таштоо үчүн да сүйүү керек. Албетте, ошондуктан бактылуужамалыбыз эч качан чарчабашын түбөлүк каалайм.

Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Турат жана Зарина. - Атым Зарина, жолдошумдуку Турат. Жылда эле ушул сынакка катышабыз деп, шартка байланыштуу катыша албай калчубуз. Ушул жылы буюрду окшойт.
Дале эсимде тунук сүйүү баяны, Эзелки көктөм, гүлдүү жайдагы. Алгачкөрүштүк биз ошол маалда, Кафеде “Достук” сейил бактагы. Курбуларым бийлеп жаттык, көңүлүбүз шаңдуу, Басып келдиң сен жаныма эч байкатпай. Улам- улам бийге тартып күлүмсүрөй, Башкаларды жаныма сен эч жолотпой. Өзүңө көңүлүмдү буруп алдың, Таанышканда жагып калды сенин атың. Туулган күнүм келип калды, күз айлары, Белек кылдың коёнекти, гүлдестени. Арнадың жүрөгүңдүн ачкычын сен,Сунуш кылдыңкыз-жигит болууну сен жайдары. Жолугуштук ошол сейил бакта нечен ирет, Ак сүйүүнүн сырларын ачып бирге. Андан бери жылдар өттү арадан, Көп сыноолор болуп өттү арабызда. Ак сүйүүбүз өчпөс болуп калды бизде, Жети жыл болуптур жүргөн кезге. Мына эми турмуш курууга биз аттандык, Ант бериштик өмүр бою бир болууга. P/S: Азыркы жаштарга айтып кеткибиз келет. Сүйүү сатылбайт,ал мактанбайт, бой көтөрбөйт. Сүйүү кечиримдүү, ал мээримдүү. Сүйүүболгон, сүйүү бар,сүйүүболо берет. Сүйүүсүн тапсаэкен ар биринсан, баркына жетсе экен ошол адам.
Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тынчтык жана Гүлмайрам. “Өзгөчөм”
- Сүйүктүүм, жанбиргем, жашоомдогу кымбатым, сен менин өзгөчөмсүң, Гүлмайрам. Дүйнө жүзүндө эч ким сага окшобойт. Сенин баскан-турганың, карагаттай көздөрүң эч кимдикине окшобойт. Сен жылмайганда ардайым өзүмдү бактылуу сезем. Сени жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Өмүр бою сени сүйөм. Ал күнү менден өткөн бактылуу адам жок эле. Жазда бир башкача сонун эле...
Сүйүктүүм менен мен аскер бөлүктө иштеп жүргөндө таанышкам. Бир күнү адаттагыдай жумуштун алдында турсам, Гүлмайрамдын биздин бөлүктүн алдынан өтүп баратыптыр. Ага тийишсем, күлүп туруп калды. Ошол жерден экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, тил табышып кеттик. Ар бир аскердик кызмат өтөгөн бала мени түшүнсө керек. Аскер бөлүктө иштеп, Гүлмайрамды эстеп жүрдүм. Ошол күндөрү экөөбүздүн сүйүүбүз мага кыйынчылыктарды жеңгенге бир топ жардам берди десем да болот. Экөөбүз 5 ай кыз-жигит болуп жүрдүк. Ушул кыска мөөнөттүн ичинде ал менин жалгызым, тагдырым экенин түшүнүп, баш кошууну ойлондум. Кечке маал шаарды аралап жүрүп, сейил бактагы кафелердин бирине кирдик. Бир аздан соң “Мага турмушка чыгасыңбы?” деген суроо узаттым. Ал күлүп, тамаша катары кабыл алды. Мен кайра суроомду кайталап, жооп күттүм. Ал “Ооба” деп жооп берди. Ошол маалда мен эң бактылуу адам болдум.
Сенин көздөрүңө, шыңгыр күлкүңө арбалгам, жаным! Күн сайын сенин үнүңдү угуу мага бакыт. Сага жолуккан сайын “жаным болчу” деп кайрылар элем. Ким билет, акын болсом сен үчүн чыгарма жаратмакмын, ырчы болсом сен үчүн гана ырдамакмын. Жашоодо сенин барың, менин сүйүктүүм, балдарымдынмээримдүү апасы болгонуңа Жаратканыма ыраазымын. Менин акыркы демим чыккыча өмүр бою сени сүйөрүмдү унутпа, жаным.
Жашоодо сени сүйүү үчүн гана жаралгам, бир гана сүйөм деген сөздү сага гана арнагам. Менин эбегейсиз чоң сүйүүмдүн себепчиси сен болуп жаралгансың.

Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Улан жана Динара.
- Биз, Улан жана Динара, үй-бүлө курганыбызга 7 жылданашты. Экөөбүздү 2003-жылы ИИМ академиясы тааныштырды. Динара 1-курска тапшырган кез. Сыртынан жактырып жүрүп, жанына барып таанышуу мен үчүн кыйынга турган. Акыры жакын досумдун жардамы менен тааныштым.Ошол убакта менден бактылуу адам жок эле... Бир нече убакыттан кийин кыз-жигит болуп калдык. Динаранын жүрөгүн бат эле багындырдым окшойт. Ал эми азыр дүйнөдөгү эң бир бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Экөөбүз биргеликте көптөгөн ийгиликтерге жетише алдык. Азыркы учурда экөөбүз тең мамлекетибиздин күч структураларынын биринин офицерлерибиз. Ички кызматтын капитаны наамындабыз. Биздин эң башкы жетишкендигибиз–эки ирет “ата-эне” статусуна ээ болгонубуз. Учурда Акылай жана Айдай аттуу ширин кыздарыбызды тарбиялап келебиз.
Бул сүрөт тууралуу айта турган болсом,борборубуздун "Эмен" сейил багында кыздарыбыз менен сейилдеп, бал муздак жеп, Жараткандын дагы бир керемет күнү менен ырахаттанып жүргөнбүз. Фотоаппарат жаныбызда болгондуктан, сүрөткө да түшкөнгө жетиштик. Негизи эле үй-бүлөбүз менен сүрөткө түшүүнү аябай жакшы көрөбүз. Андыктан сүрөттөрүбүз абдан көп.Бул сүрөт мага өзгөчө жагат.Экөөбүздүн ортобуздагы махабатты толугу менен чагылдыра алгандай туюлат.
Сүйүү бул – урмат-сый, түшүнүү, күтүү, ар дайым жакшы маанай тартуулоо! Адамзат сүйүүсүз өмүр өткөрбөс. Эки ашык бирин-бири сүйбөсө, махабаттын улуулугу байкалмак эмес. Андыктан жашасын МАХАБАТ, демекчимин!

Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Улан жана Мээрим. - Биздин сүйүүбүздү кыскача баяндап берсем. Мээрим экөөбүз бири-бирибиз менен жөн эле тааныш болуп, бир жылдан ашык убакытка чейин социалдык желелерден сүйлөшүп жүрдүк. Көп өтпөй2011-жылы 20-августта биринчи жолу жолугушуп, Сүйүү сейил багында сейилдедик. Ошондо экөөбүз жакындан таанышып, көз карашыбыз, көңүлүбүз бири-бирибизге туура келип, кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштадык. Ошол күндөн баштап эгиз козудай ээрчишип, бактылуу кыз-жигиттердин катарын толуктап келебиз. Быйыл, 2014-жылы сүйлөшкөнүбүзгө төрт жыл болду.

Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Улукбек жана Асем.
Жараткан берген тунук махабатка, Калганбыз биз кабылып бир убакта. Ал күндөр улам улапбири-бирин, Баш коштук берекелүү күз убакта. Андан соң, жыл узабайкыздуу болдук, Төбөбүз көккө тийип, наздуу болдук. Теңирден тилеп уул бир баланы.Дагы бир татынакай кыздуу болдук.Сүйүнүчкө көөдөндөр толуп-ашып, Жашап жаттык бакытка толуп- ташып. Бир күнү теңир жалгап кубанычты, Балканактай балалуу болдук назып.Атын биз “Ба яман ” деп атап койдук, Эки кыз, бируулдун ээси болдук. Кудайым бизден бакыт аябасын, Жүрөб үз кубанычта күлүп коюп. Сүрөт
Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 20:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Фуркат жана Адинай.
- Ал күн азыркыга чейин эсимде...
Түн кирип, уктайын деп жатсам эшиктин коңгуроосу уйкумду бузду. Шашып эшикти ачсам сүйүктүүм кучак толо гүл менен маңдайымда туруптур. Мага келем деп деле айткан эмес болчу, бир аз таң калдым. Жигитим негизи романтик, сюрприз кылганды жакшы көрөт. «Жүрү, кийин, бир жакка барып келебиз» деп калды. Эч нерсе оюмда жок мен да жөнөп калдым. Балыкчы шаарын аралай кетип бараттык. 2012-жыл 29-декабрь, күн суук. Шаардагы кафелердин бирине барып токтодук. Сүйүктүүм алдын ала атайын бир столду даярдатып коюптур. Бир кезде официант шампан алып келди, жигитим улам мени карайт. Бокалдагы шампан да түгөндү. Сүйүктүүмдүн маанайы негедир түшө баштады. Бир кезде ары көздөй басып официант менен сүйлөшүп турду да, бир нерсени көтөрүп мени көздөй басты. Келип кутучанын ичинен шакек алып чыкты да, «менин жубайым болчу» деген сунуш киргизди. А мен толкунданып «ооба» деп гана жооп бердим. Көрсө, ошол бокалдагы шампанга шакек салып коюшмак экен, официант унутуп коюптур. Жигитим кинолордон көрүп үйрөнсө керек да, бирок анысы да окшошпой калды. Үйлөнгөнүбүзгө 7 ай болду. Кээде отуруп 29-декабрды эстеп, каткырып күлүп калабыз.


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2014 - 21:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жогорудагы түгөйлөрдүн бирине бул жерден добуш бериңиздер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Авг 2025 16:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: