Мен каршымын "Киргизия"
"киргиз"
дегендерге , тарыхта "кыргыз"
деп жазылган анын мааниси да бар "кырылгыс"
"не истребимый"
и.т.д ал эми "киргиз"
деген созду силер кандай тушуносунор смешно да? Светский олкого да каршымын.
Kyrgyz Republic же эмне учун КыргызСТАН деп айтуу туура эмес. Kyrgyz Republic vs.Kyrgyzstan
#23 10 April 2013 - 16:33
Оо, бихевиориал икономикске
кызыгып калдым. Тема боюнча, менимче, акыбал сиз айткандай болсо, эмнеге болбосун. Тоюс, скорее присоединяюсь,
нежели отторгаю.
Аталышы эле бир тайлык экен го...
Тема боюнча: Чындыгында расмий документтерде Кыргыз Республикасы (Kyrgyz Republic) болуп жазылганын көрүп жүрөм (чанда эле "Кыргызстан" деп жазылбаса). "Кыргызстан" - деп ММКтары кеңири колдонуп жатышат жана ушулардын ролу дагы чоң... Журналисттердин бардыгы биз айткандай "Кыргыз Республикасы" - деп сүйлөсө, жазса жана окуса бул которулуу процессине салымдары чоң болмок деген ойдомун... Себеби өлкө жөнүндө маалымат ушулар аркылуу дүйнөгө тарап турат эмеспи...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#24 10 April 2013 - 21:28
Саламатсыздарбы?
Бир кечеде Нурак Абдрахманов агай "кыргыздар саламатсыңарбы эмес, арбаңыздар деп учурашкан"
деди эле, анын сыңарындай,
арбаңыздар,
суперстандыктар.
Ачылган тема боюнча пикиримди айтсам, жакшы ойлор, анча-мынча далилдөөлөр жакшы берилиптир,
автор тарабынан жазылган жарым-жартылай ойлорго кошулам, бирок мен дагы киргиз дегендерди тыйгандардын катарындамын.
Киргизия дегенди "эң туура айтылыш" дегениңизге караманча каршы чыгам. Кыргыз болуп келгенбиз, КыРГыЗ бойдон урпактарга өткөрүп беришибиз керек. Совет мезгилинде,
ооба, Киргизия аталганбыз,
азыр эмнеге киргиз болушубуз керек? Ансыз да жаш муундарыбыз "киргиздерге"
айланып баратканы чын эмеспи... Ал эми -стан жөнүндөгү ойго эч нерсе дей албайм, анткени бул мүчөнүн маанисин карап көрбөгөн экемин. Бир катар мамлекеттердин атын санап өтүптүрсүз,
балким, чындык бардыр (ар кандай ойлорго жетелене берчү адатыбыз же адатым "кармап кетти"))) Кыргыз Республикасы дегенге кошулам... Желектин өңүнөн да себеп издеп көрбөдүкпү.
.. же али да издеп жатабыз...
Эми расмий тил тууралуу, эмнеге биздин эне тилибизди тебелеп өтүп жаткан биринчи расмий тилден кутула албай жатып, экинчи бир тилди расмий тил кылып кабыл алууну ойлошубуз керек... Башка тилди, анын ичинен англис тилин ансыз да өз алдынча окуп, мыкты билгендер, коомдук жайларда чет тилинде сүйлөшүп жаткан жаштарды чекеден кездештиребиз. Бир мисал келтирейин, шаардагы гимназиялардын биринде практикада жүргөндө (орус тилдүү гимназия, кыргыз тили, адабияты сабактары боюнча) окуучулар дээрлик баары орусча сүйлөшөт, кыргызча араң түшүнүшөт, анан да кээ бир накыл сөздөрдү, фразеологизмдерди түз маанисинде кабыл алышып, аргасыздар жылмайып берүүгө туура келет, мындайча айтканда, кИргИздер. Анан бир күнү элге таанымал эле бир маданият кызматкеринин небересине текст котортуп калдым, (ал кыргызча эч нерсе түшүнбөйт, башка окуучулардын шыбырап айткандарынын жардамы менен гана эптейт) окуучуларга орусча сүйлөшүүгө тыюу салып койсом, окуучулар англисче шыбырап башташты... Демек, расмий тилсиз эле керектүү тилди үйрөнүп жатышат... Дилибиз бир, тилибиз бирөө гана болушу керек! Кандай максатта, кандай саясатта Сингапурду ж.б. мисалга келтирдиңиз, билбейм, бирок жабалактагандан (орой айтсам кечиресиз) утурумдук эле пайда таппасак, зыянынан арыла албайбыз. Карызга баткандан батып, саткандан сатып эле келатабыз.. Дин менен "заманбаптуулуктун" жарышкан заманында ар кандай секталардын (же эмне дейбиз) кучагынан чыга албай турган чагыбызда мунун пайдасынан зыяны көбүрөөк болот, менимче. chingis деген колдонуучунун жазгандарын окуп Байжигитов агайды эстеп кеттим. Өмүрүнүн акырына чейин эле "Манасты" он томдук кылып чыгарып таратып жибергендерди саентологиянын таркатуучулары деп тиштенип келди. Негедир мен да жанагы чет жердеги айымдарды тарбиялагысы келген "патриот жигиттердин" түбүндө дагы ушул сыяктуу бир максатты көздөгөндөр турабы деп ойлоп кетем (башка темага өтүп кеттим, бирок атайын жаздым).

#25 12 April 2013 - 00:04
Стан - жашаган жерди аныктаган соз. Демек, кыргыз эли жашаган аймак. Фарсчадан алынган, кыргыздын созу эмес дегендерге кулкум келди, кыргыз тилине 70 пайыздай создор ошол арап, фарсы тилдеринен кирип калыптанып калган. Иййа деген деле ээлик кылган аймак дегенди билдирет: Туркия, Россия. Ал эми кыргызды киргиз деп атоо тарыхты билбегендик.
Мен озумдун суйуктуу КЫРГЫЗСТАНымды суйом.
#26 12 April 2013 - 21:19
Жигиттер кызыл кийбейт, эгер мусулман болсо.
Желек бизде эн сонун, эн кооз.
Кызыл тус - бул эрдиктин, кучтун, бийликтин символу жана дагы
Кытайларда бул байлык, берекeни билдирет. Кызылчан кийинген
кыздар эркектерге сулуурак корунот козуно, бул белгилуу факт.
Анткени кызыл тустогу кийим, адамдын коркун ача турган тус.
Republican
Antigay. Antifeminist. Cynical.
Antigay. Antifeminist. Cynical.
#27 14 April 2013 - 00:36
Исламдан алыс окшойсун, эркек мусулмандарга болбойт деп коп окуйм,сен да окуп кор, желек тууралуу молчу.
#28 26 April 2013 - 21:47
Эми террактардан кийин баары КыргызСтан деп
калышты Америкада, террористтердин олкосу деп
Эми бул нерсе дагы актуалдуурак болду.
калышты Америкада, террористтердин олкосу деп
Эми бул нерсе дагы актуалдуурак болду.
#29 07 February 2014 - 10:06
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевда Станды алып салып, Казакстандын ордуна, Казак Ели деген
атты киргизуу идеясын айтты.
Назарбаев: Казахстан может быть переименован в "Қазақ елі"
Казахстан может быть со временем переименован в "Қазақ елі" ("Страна Казахов"), сказал президент республики Нурсултан Назарбаев.

"В названии нашей страны есть окончание "стан", как и у других государств Центральной Азии. В то же время иностранцы проявляют интерес к Монголии , население которой составляет всего два миллиона человек, при этом в ее названии отсутствует окончание "стан". Возможно, надо рассмотреть со временем вопрос перехода на название нашей страны "Қазақ елі", но прежде следует обязательно обсудить это с народом", - цитирует пресс-служба главы государства слова президента, сказанные в ходе посещения Атырауской области.
При этом Назарбаев подчеркнул, что "при сохранении единства и толерантности наша страна достигнет всех поставленных целей".
"Наше преимущество – в разнообразии многоэтничного народа", - сказал глава государства.

#30 07 February 2014 - 10:09
Молодец Назарбаев ! Казактар коп убакта прогрессивно ойлонушат.
а бизде официально стан жок болсо деле, маркетинг жактан туура эмес вариантын колдоно беребиз...
как жаль...
а бизде официально стан жок болсо деле, маркетинг жактан туура эмес вариантын колдоно беребиз...
как жаль...
#32 07 February 2014 - 10:13
Кыргыздар мамлекети!
Же Кыргыз мамлекети деген атка келуу оной дейм!
Анын кереги жок, бизде баары закондо бар болгонун эле колдонуш керек - Кыргыз Республикасы, Кыргызская Республика, Kyrgyz Republic деген.
KG болсо US, UK дегендей эле болот. Биз бар нерсени колдонбой жатпайбызбы.
Бул маркетингти кошсок эле дагы жуздогон миллион доллар тушмок экономикага.
#33 07 February 2014 - 11:20
Экономика жонундо айткан создорунуздо жуйо бар,бирок тил жонундо англис тилин расмий кылыштын кажети деле жокко дейм.Ансыз да "Борк ал десе,баш алган"заманда тилди уйронуп кайсы бир максатта колдонуунун ордуна,тескерисинче батыштын маданиятын даназалап чыгышат.,религиянын фанаттарынын арабдардын маданиятын,
тилин,ал гана эмес аттарын да алып жатышканы буга кубо.Минтип отурсак Кыргыздар онукпой эле жоголуп кетуу коркунучуна капталышыбыз толук мумкун.Коп тил билгендик абдан жакшы, эгерде ошондон сиз айткандай Кыргыз Республикасы пайда корсо.
#34 07 February 2014 - 11:25
#35 07 February 2014 - 11:27
#36 07 February 2014 - 18:58
Автор теманы жакшы ачыптырсыз.
Мен да ушу стан дегенге каршымын. Бул илгерки олколордун аталышы. Мисалы Моголстан, Юнанстан, Хиндстан деп. Стан дегенди алып башкача аталыш киргизсек болчудай. Мисалы Чет олколор биз стандарга караганда Азербайжан Грузия Армения Молдава ушул олколорду бизден онуккон башкача карашат. Ал эми киргиз дегенди Орустар албетте оз тилинде айтатда. А биз озубуз кыргыз деп журсок боло берет.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#37 07 February 2014 - 19:51
Онугууго тил таасирин аз гана берет бирок андан коз каранды эмес! Теманы Кыргыз Республикасынын аталышы жонундо экен десем инглиш версус рашн болуп кетиптир го...
Тигил онуккон мамлекеттер жонундо, Сингапур, Япония, Корея олколору оз убагында капиталисттик системаны туура кабыл алышкандыгы учун онугуп келе жатышат. Ал олколорду убагында АКШ, Улуу Британия басып турганына байланыштуу жарандары англис тилин мыкты билишет. Балким англис тилинин онукконго жардамы тийээр бирок, алардын тилине мынчалык жогорку статус бергенге эртерээк, орустар менен кошулуп 80жыл жашагандан кийин гана орус тили расмий тил болуп отурат. Англис тилин расмий кылуу учун минимум 40жыл алар менен тыгыз мамиледе болуш керек го, же автор ишенеби 10 жылда эле бардык кыргыз англис тилин суйлоп калат деп? Анан бир суроо, эмне учун биз аларды ээрчишибиз керек? Жогорудагы айтылган нерселерге жооп катары канааттанган жокмун! ОРТ РФ алдап жалган маалымат берет дейсиз, англис жана орус варианттарын салыштырып кордунуз беле маалыматтардын? Балким англисчеси калптыр? АКШ олкосу жон гана жашап кетууго аракетин кылып аткан кези, англис тилин синдирип алардын коздогону бар да. Кен байлыктар менен онуго албайт дейсиз анан купкургак аба менен онугобу? Жок нерсени сиз сатып албайсыз да... Окутула берсин англис тили, азыр деле окутулат. Мен мисалы 4классыман баштап окуганмын, азыркылар нулевойдон башташат. Бул да болсо англис тилинин онугушу дагы эмне керек? Балким биз оз тилибиз менен онугуп тигилер бизге котормочу менен келип суйлошуп кетсечи? Тигилер биздин тилди эмес биздин бар экенибизди билбесе эмне кереги бар алардын тилин расмий кылып? Орусия учун кыргыздар бар... Тигилердин тилине отойлу же расмий кылыш керек дегенди мен жон гана фанатизм деп тушундум(катуу чуркап кеттим кечирип коесуздар).. ..

Жуз пайыз эмес жуз мин пайыз кошулам Воин мырзага.Эмнеге эле башка тилдерди озубузго кыпчый беребиз,ансыз деле киргиздерден арыла албай жургондо.Биринчи кыргыз тилин жогорку денгээлде уйронуп алалы анан башкаларга кезек беребиз.Азыр керек болсо дуйнолук тил деп бала бакчадан баштап англис тили окутулуп жаткан чак.Торт, беш жаштагы бала бакчага барган ар бир бала one,two,three деп тантырай алат.Бул эмне прогресс эмеспи?
Мектептерде, универлерде албетте волонтерлер деле журот Америкадан келип жанталашып оз тилин уйротойун деп.Мисалы биз мектепте,универде окуп жургондо эле канча волонтерлер менен бирге сабак отподук,андан бери жети, сегиз жыл отту,демек англис тилин уйронуу расмий кабыл албасакда оз нугуна тушуп калды.
Ал эми 'СТАНГА' келсек бул мучону жок кылуу ар бирибиздин эле колубузда,балдарыбызга жаратылышы кооз,тубу бекем КЫРГЫЗСТАН жонундо эмес КЫРГЫЗ улуту, же Кыргыз республикасы жонундо кулагына куя берсек,акыры барып бул сеператистик, радикалдык дин жыттанган мучодон арылабыз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#38 08 February 2014 - 10:44
Киргизия деп айткандарды болбосо жазууларды корсом жиним келе берчу.Биз Киргиз экенбиз да деп. Кыргыз Республикасы деген жакшы го.
#39 08 February 2014 - 11:07
колдойм , KG - Кыргыз Ресбуликасы укулуктуу кыскада экен, бирок бул деген атыны озгортсок эле онугурп кетебиз дегенге жатпаса керек "эскини жамаганча эсин чыгат" демекчи биринчи олконун аталышын эмес кыргыздардын сапатын жакшыртыш керек 
англис тилин расмий тил катары кабыл алуу ммм.... орус тилинде кенири суйлогон менен " мигрант" " гастарбайтер" "чурки" дегенден нарыга отпогондон кийин .....
англис тилин расмий тил катары кабыл алуу ммм.... орус тилинде кенири суйлогон менен " мигрант" " гастарбайтер" "чурки" дегенден нарыга отпогондон кийин .....
#40 08 February 2014 - 11:27
Мен озум экономиканын ото кызыктуу болугу, Behavioral economics менен бош убактымда алектенем.
Бул окууда ирационалдуу деп эсептелген адамдардын журуш турушу,адаттары, ойлору кандай жакшы, жаман экономикага таасир береерин oкутат.
Бул окууда ирационалдуу деп эсептелген адамдардын журуш турушу,адаттары, ойлору кандай жакшы, жаман экономикага таасир береерин oкутат.
Сиз айткан экономиканын бөлүгүндө кандай экенин билбейм, бирок бизде, техникалык адистерде, "иррационалдуу" деген термин "акылсыз" (неразумный) же "логикасы жок" (нелогичный) дегенди билдирет. Ошондуктан "акылсыз, логикасы жок" адамдардын сиз айткан сапаттары экономикага оң таасир этээри күмөн жаратат. Же "рационалдуу" деп жазайын дедиңиз беле?
Акыркы жылы мен кандай *креативдуу,
акча коп кетпеген реформаларды кылып, КРды онуктурсо болот деген суроолор кызыктырат.
Бир нече сунуштар бар - бироосу - Англис тилин 2чи расмий тил кылып, 10-15 жылдын ичинде бул "инвестициянын" узурун коруу, келечектеги муунга такыр башка шанс беруу.
Бир нече сунуштар бар - бироосу - Англис тилин 2чи расмий тил кылып, 10-15 жылдын ичинде бул "инвестициянын" узурун коруу, келечектеги муунга такыр башка шанс беруу.
Биринчиден, англис тилин 2-расмий тил кылуу үчүн бир топ эле каражат кетет. Мисалы, көчөлөрдүн аталышы, ишкана, мекеме, уюмдардын кире беришиндеги көрнөк-жарнактар, алардын мөөрлөрү ж.б.у.с. нерселерге. Экинчиден, мамлекетти өнүктүрүүдө тилге караганда өлкө башчыларынын креативдүүлүгү, ийкемдүүлүгү, жарандардын активдүүлүгү, мыйзамдардын тактыгы ж.б.у.с. ролу жогору.
Экинчиси
- мамлекеттин rebranding-ги - Стан эмес Республика деп айтуу.
Мышыкты "кошка" дейсинби, "cat" дейсинби, иши кылып чычкан алып турса болду. Кеп мамлекеттин аталышында эмес, ал жерде жашаган адамдарда. "Кыргызстан" деген аталыш мага жагат.
ПС: "Курманбек" деген ысым Бакиевдики эле деп ат өзгөртүү туура эмес.
...Алар бизди "орус" эмес, ..русский деп айткыла деген жок. ... ал эми жапондор орустарды бизди *Ниппон деп айткыла дебейт да!
Мунуңузга кошулам толугу менен
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео