Күн сайын эртең менен ачкарын 200-300 г ысык суу ичип туруу керек. Ал кан жүгүрүүчү тамырларды жумшартып, тазалап, организмдеги зыяндуу заттарды сүрүп чыгат.
Бал.
Пиязды аарчып кыргычтын майда тишинен өткөрүп, андан бир стакан шире сыгасыз. Анан ага ушунча көлөмдөгү балды жакшылап аралаштырып, мындан күнүнө 3 жолу бир аш кашыктан тамакка чейин жеп турасыз.
Кызыл беде.
Кызыл беденин гүлүнөн 40 г чогултуп, аны 500 г аракка 2 жума бою чылап коюңуз. Андан кийин аралашманын коюусун сүзүп салып, суюгунан түшкү тамакка чейин же уктар алдында 20 граммдан ичүү зарыл.
Дарылануу мөөнөт: 3 ай, ал эми 6 айдан кийин ыкманы кайталап коюу ашыкча эмес.
Сарымсак.
300 г аарчылган сарымсакты бир литр спиртке (96%) 3 жума чылап коёсуз. Бул убакыттан кийин 100 мл сүткө андан 20 тамчыдан кошуп күнүнө ичип туруу кажет.
Чалкан.
Чалкандын жаңы жалбырагынан 200 г идишке салып, үстүнө жарым литр арак куюп караңгы жерге бир жума коюп коюңуз. Андан соң коюусун сүзүп салып, суусунан күнүнө 3 жолу бир чай кашыктан тамакка жарым саат калганда ичүү керек.
Сулу.
2 аш кашык сулунун эт тарткычтан өткөрүлгөн сабагын бир стакан аракка кошуп, аралашманы 2 жума караңгы жерге коюп коёсуз. Анан бир сыйра сүзүп жиберип, калганынан 20-30 тамчыдан күнүнө 2 жолу тамакка чейин ичесиз.
Билдирүүнү түзөткөн: ANGEL_: 08 Февраль 2014 - 15:04