Туш тарабым туюк жол болуп,
Түшүнө албай жашоо сырын да.
Түккө турбас ойду ойлонуп,
Түтөп, быкшып өксүк сызында.
Куурап жүрүп өтүп кетемби,
Кунум чыкпай сокур тыйынга.
Тайыз акыл бийлеп башымды,
Тайгаланып баскан жолумдан.
Тааный албай бийик, пасымды,
Тагдыр күтүп эптеп чогулган.
Таратамбы кайран өмүрдү,
Тамчы суудай кумга сорулган.
Туюк болуп кайда бараарым,
Туман болуп жазган ырым да.
Тузак болуп бардык тарабым,
Тирүүлүгүм туруп кыйынга.
Өксүп, өксүп өтүп кетемби,
Өмүр жетпей өчпөс бир ырга…
Поэзия баракчасы... (Исмаилова Умиданын сезим тамчылары...)
#141 10 February 2014 - 00:29
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#142 10 February 2014 - 00:30
Эх апаке, апакем ай, апам а-ай,
Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.
Тентип жүрөм жарык издеп, ыр издеп.
Тек гана бир жөн адамдай жашабай.
Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,
Тирүүлүгүм азабым да жыргалым.
Баарын сизге айтып туруп апаке,
Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.
Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,
Ыйламакмын алкымыма муунбай.
Бирок ал ый болбойт апа тек гана,
Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.
Болот анда сагыныч да, бук дагы,
Болот анда сиз билбеген бүт баары.
Болот анда атакемдин капилет,
Бала бойдон бул өмүрдөн учканы.
Ал көз жашым боз тумандуу күндөрүм,
Ал көз жашым дос-туугандан күйгөнүм.
Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,
Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.
Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,
Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.
Баардык бугум, баардык муңум арылмак,
Бала кездей сооротсоңуз, эх анан!
Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.
Тентип жүрөм жарык издеп, ыр издеп.
Тек гана бир жөн адамдай жашабай.
Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,
Тирүүлүгүм азабым да жыргалым.
Баарын сизге айтып туруп апаке,
Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.
Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,
Ыйламакмын алкымыма муунбай.
Бирок ал ый болбойт апа тек гана,
Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.
Болот анда сагыныч да, бук дагы,
Болот анда сиз билбеген бүт баары.
Болот анда атакемдин капилет,
Бала бойдон бул өмүрдөн учканы.
Ал көз жашым боз тумандуу күндөрүм,
Ал көз жашым дос-туугандан күйгөнүм.
Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,
Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.
Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,
Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.
Баардык бугум, баардык муңум арылмак,
Бала кездей сооротсоңуз, эх анан!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#143 10 February 2014 - 00:31
Карап турам телмирип, көз чаптырып алыска,
Качан түшкөм, оо мезгил, сени менен жарышка?
Чытырман жыл артымда, а астымда мунарык,
Чыркыраган күндөрүм каяктадыр калууда. Батып оор санаага, чыгам жалгыз көчөгө,
Бакыт кайда, бир кезде мен издеген көшөрө.
Кайда калды адашып, карагат көз ошол кыз,
Каректерин жандырып айрылбайбыз дечү эле… Кагазымды барактайм, алаксыйм деп иш менен,
Калдымбы аттиң, сызылып жаштык деген тизмеден.
Карегимди жаш чайып, карайм алыс жактарды,
Кайда бакыт, кайда азыр мен бир кезде издеген?
Качан түшкөм, оо мезгил, сени менен жарышка?
Чытырман жыл артымда, а астымда мунарык,
Чыркыраган күндөрүм каяктадыр калууда. Батып оор санаага, чыгам жалгыз көчөгө,
Бакыт кайда, бир кезде мен издеген көшөрө.
Кайда калды адашып, карагат көз ошол кыз,
Каректерин жандырып айрылбайбыз дечү эле… Кагазымды барактайм, алаксыйм деп иш менен,
Калдымбы аттиң, сызылып жаштык деген тизмеден.
Карегимди жаш чайып, карайм алыс жактарды,
Кайда бакыт, кайда азыр мен бир кезде издеген?
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#144 10 February 2014 - 00:35
Бар беле,же жок беле?
Ың-жыңы жок. Айталасың башка не?
Жарыкчылык күкүмүндөй «чырт» этти,
Жашадыбы? Жашаганбы жокпу же?
Ага чындап болгон да жок жан ачуу,
Ал турмушту жал-жал этип карачу.
Бир көчөнүн Бабаканы болсо да,
Бирок, жалгыз Алыкулдай жашачу. Жалгыздык-ов!
Жанды жеген тозок-оо!
Эч ким аны чакырчу эмес конокко.
Бир бутунан, бир уулунан айрылган,
Жылып барчу аракка-элдүү камокко.
А дүйнөгө учту өлүмдүн куштары,
Балким аны эч ким тосуп чыкпады.
Жадыраган жарык, байжан киши эле,
Жалгыздыктын эле жалгыз душманы.
Ың-жыңы жок. Айталасың башка не?
Жарыкчылык күкүмүндөй «чырт» этти,
Жашадыбы? Жашаганбы жокпу же?
Ага чындап болгон да жок жан ачуу,
Ал турмушту жал-жал этип карачу.
Бир көчөнүн Бабаканы болсо да,
Бирок, жалгыз Алыкулдай жашачу. Жалгыздык-ов!
Жанды жеген тозок-оо!
Эч ким аны чакырчу эмес конокко.
Бир бутунан, бир уулунан айрылган,
Жылып барчу аракка-элдүү камокко.
А дүйнөгө учту өлүмдүн куштары,
Балким аны эч ким тосуп чыкпады.
Жадыраган жарык, байжан киши эле,
Жалгыздыктын эле жалгыз душманы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#145 10 February 2014 - 00:38
Үйү жок, аялы жок, баласы жок,
Үшкүрүп дүйнө кезген шамалга окшоп.
Мен бул кез жалгыздыктай бир дос күттүм,
Арманын дирилдеген аван козгоп.
Жүрөгүм кусага жык толуп турат,
Бир аван көз жаралбай тыбырчылайт,
Дүйнөнү кезип кетким келет менин,
Бир ырын жалгыздыктын жалгыз ырдап.
Аваным муңканса да таңшыдыбы,
Кайгыңдын ачуу жашын аарчыдыбы.
Асылзат, шул дүйнөдө окшош экен,
Азаптын, атактын да жалгыздыгы.
Билип жүр, сен да менин жалгыз эркем,
Алыска сапар тартам балким эртең.
Турмушта бүт жолдорду жарык кылган,
Тутантып жалгыз сүйүүң өчүрбө сен?!
Үшкүрүп дүйнө кезген шамалга окшоп.
Мен бул кез жалгыздыктай бир дос күттүм,
Арманын дирилдеген аван козгоп.
Жүрөгүм кусага жык толуп турат,
Бир аван көз жаралбай тыбырчылайт,
Дүйнөнү кезип кетким келет менин,
Бир ырын жалгыздыктын жалгыз ырдап.
Аваным муңканса да таңшыдыбы,
Кайгыңдын ачуу жашын аарчыдыбы.
Асылзат, шул дүйнөдө окшош экен,
Азаптын, атактын да жалгыздыгы.
Билип жүр, сен да менин жалгыз эркем,
Алыска сапар тартам балким эртең.
Турмушта бүт жолдорду жарык кылган,
Тутантып жалгыз сүйүүң өчүрбө сен?!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#146 10 February 2014 - 00:44
Сен экөөбүз чыгыш менен батыштай,
Сезбедиңби жүргөнүңдү батышбай.
Жакындардын, жакшылардын тоюна,
Жардай болуп жанашып бир катышбай.
Сен экөөбүз батыш менен чыгыштай,
Сезимдерде жык ажырап чыгышбай.
Кошулганбыз, ошол бойдон жүрөбүз,
Колтукташбай, коштошуп кол сыгышбай
Сезбедиңби жүргөнүңдү батышбай.
Жакындардын, жакшылардын тоюна,
Жардай болуп жанашып бир катышбай.
Сен экөөбүз батыш менен чыгыштай,
Сезимдерде жык ажырап чыгышбай.
Кошулганбыз, ошол бойдон жүрөбүз,
Колтукташбай, коштошуп кол сыгышбай
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#147 10 February 2014 - 00:48
Тыюу салган жактарга ташта кадам,
Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.
Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,
Баш тартамын жадатма сентябрдан.
Уктай берип жармыңар өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн
Коркпогула деңизге жолуккандан.
Не жаңылык бейтааныш тараптарда?
Канатыңды кайрыба камап тамга.
Короочулар аяймын силерди мен,
Булут көчүп, кайдадыр баратканда
Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.
Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,
Баш тартамын жадатма сентябрдан.
Уктай берип жармыңар өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн
Коркпогула деңизге жолуккандан.
Не жаңылык бейтааныш тараптарда?
Канатыңды кайрыба камап тамга.
Короочулар аяймын силерди мен,
Булут көчүп, кайдадыр баратканда
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#148 10 February 2014 - 00:49
Жамгыр көктөн тегиз төгөт барына,
Жакшы адамдар — шөмтүрөшүп алышкан.
Жамандарда колчатыр бар дайыма,
Чепкени да, гөлөшү да кайыштан.
Жакшы адамдар — шөмтүрөшүп алышкан.
Жамандарда колчатыр бар дайыма,
Чепкени да, гөлөшү да кайыштан.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#149 10 February 2014 - 00:54
Капилеттен иштер болуп күтпөгөн,
Жанчылгансып, чарчап турат бүт денем.
Атаганат, алыс кете албассың,
Жүрөктөгү мындай оор жүк менен.
Кайгы минтип катарымды аксатып,
Улам бирин келбесине аткасып.
Чырмалышкан курбулардан ажырап,
Чачтарымды бара жатат ак басып.
Ташка чаап тагдыр үмүт, тилегин,
Ким ойлоптур ажал коштоп жүрөрүн.
Жесир калган аяштарды көргөндө,
Жерге, сууга батпай калып жүрөмүн.
Жанчылгансып, чарчап турат бүт денем.
Атаганат, алыс кете албассың,
Жүрөктөгү мындай оор жүк менен.
Кайгы минтип катарымды аксатып,
Улам бирин келбесине аткасып.
Чырмалышкан курбулардан ажырап,
Чачтарымды бара жатат ак басып.
Ташка чаап тагдыр үмүт, тилегин,
Ким ойлоптур ажал коштоп жүрөрүн.
Жесир калган аяштарды көргөндө,
Жерге, сууга батпай калып жүрөмүн.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#150 10 February 2014 - 01:02
Кармаганда каным дүргүп, чыйралам,
Орошон бир ойлор келет туйлаган.
Сапар жолдо төш чөнтөктө болбосо
Түгөйүмдү жоготконсуп кыйналам.
Калем менен сөз терметип, ой куба,
Өмүр бою катып келем койнума.
Көзүм өтсө калемсаптын сүрөтүн,
Мүрзөмдөгү ташка чегип койгула?!
Эстелик таштарындагы жазуулардан
Кош эми, өкүнчү көп жалган дүйнө,
Пайгамбар, падышадан калган дүйнө.
Элимен алганым көп, бергеним аз,
Жетишпей калбадымбы, арман дүйнө!
Орошон бир ойлор келет туйлаган.
Сапар жолдо төш чөнтөктө болбосо
Түгөйүмдү жоготконсуп кыйналам.
Калем менен сөз терметип, ой куба,
Өмүр бою катып келем койнума.
Көзүм өтсө калемсаптын сүрөтүн,
Мүрзөмдөгү ташка чегип койгула?!
Эстелик таштарындагы жазуулардан
Кош эми, өкүнчү көп жалган дүйнө,
Пайгамбар, падышадан калган дүйнө.
Элимен алганым көп, бергеним аз,
Жетишпей калбадымбы, арман дүйнө!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#151 10 February 2014 - 01:03
Март болуп, мейли чачсын сан байлыгын,
Жашасын эч бирөөгө салбай жүгүн.
Бары бир мүдүрүлүп, чалынуу бар,
Күн сайын адам болуу кандай кыйын.
Өзгөрүп турат экен ал-жай, туюм,
Чын эле, адам болуу кандай кыйын.
Кагышса көз караштар, кантип чыдайм,
Бирөөгө катуу айтып албай бүгүн.
Абийрим, ар-намысым — бар байлыгым,
Бирок да, өзүмө-өзүм канбай жүрүм.
«Канткенде адам болуу керек?» деген,
Суроого жооп табуу кандай кыйын.
Жашасын эч бирөөгө салбай жүгүн.
Бары бир мүдүрүлүп, чалынуу бар,
Күн сайын адам болуу кандай кыйын.
Өзгөрүп турат экен ал-жай, туюм,
Чын эле, адам болуу кандай кыйын.
Кагышса көз караштар, кантип чыдайм,
Бирөөгө катуу айтып албай бүгүн.
Абийрим, ар-намысым — бар байлыгым,
Бирок да, өзүмө-өзүм канбай жүрүм.
«Канткенде адам болуу керек?» деген,
Суроого жооп табуу кандай кыйын.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#153 26 January 2017 - 03:59
Атакебиз Исмаилов Абдиманнап Халилжановичке.
Жарыгы жанган жан эле..
Кыздары баары суктанган,
Уйго барсак кулмундоп
Жузунон дайым нур тамган.
Жузунон кулку кетпестен,
Журчу эле атам жылмайып.
Шумкарын колдон учуруп,
Булоосу калды сумсайып.
Ылгабайт экен шум ажал,
Жашы менен карысын.
Пенделер билбейт экенбиз,
Кун бутсо бир кун алышын.
Кун бутуп суусу тугонуп,
Калыптыр байкуш атамдын.
Курбан айт куну шум ажал
Алып койгонун карагын.
Элесин эстен чыгарбай,
Журокто бекем сактайбыз.
Армандуу кеткен атамды,
Эмгеги менен данктайбыз.
Эми гана элуу бешке чыгып сиз,
Элинизге кызмат кылчуу кез эле.
Шум ажалга наалат айтам окунуп
Арабыздан алып койгон тез эле..
Атамдын корсом тен тушун,
Атамдай болуп сезилет.
Жаш эле атам кеткенге,
Ич куйуп журок эзилет
Атамдын турат мурзосу,
Уйумдун жогор жагында.
Атамды эстеп сыздаймын,
Мен барган сайын айылга.
Эшиктен уйго киргенде,
Атамдын турат орду бош.
Ичимден сыздап кайгырып,
Кайтамын кайра конул кош!
Ак калпак кийип кулмундоп,
Тургансып атам сезилет.
Чын эле кээде тушумдо
Ошондой болуп кезигет.
Канчалык оксуп кайгырсам,
Атамды эми таппаймын.
Каниет кылып тушумо,
Батамды ага арнаймын.
Бейишин берсин атамдын,
Тиленем ичтен кундо мен.
Атакен жакшы болчу деп,
Арман бир кылып эл журот.
Уйум толо бала менен кыздарга,
Азыр мен озум апамын.
Бир мучом кемдей сезилет,
Башка экен орду атанын.
Ай аттин арман дунуйо,
Бир заматта озгорду.
Бул шум ажал жутат тура,
Арабыздан копторду.
Дааналап созду суйлогон,
Даамсыз созду суйбогон
Даанышман болчу атакем,
Оттуго жалган дуйнодон.
Мен барган сайын айылга,
Утурлап чыкчуу суйуно.
Ошентчуу атам Эми жок
Аттин ай арман дунуйо!! !
Автор:Исмаилова Умида Абдиманнаповна.
Жарыгы жанган жан эле..
Кыздары баары суктанган,
Уйго барсак кулмундоп
Жузунон дайым нур тамган.
Жузунон кулку кетпестен,
Журчу эле атам жылмайып.
Шумкарын колдон учуруп,
Булоосу калды сумсайып.
Ылгабайт экен шум ажал,
Жашы менен карысын.
Пенделер билбейт экенбиз,
Кун бутсо бир кун алышын.
Кун бутуп суусу тугонуп,
Калыптыр байкуш атамдын.
Курбан айт куну шум ажал
Алып койгонун карагын.
Элесин эстен чыгарбай,
Журокто бекем сактайбыз.
Армандуу кеткен атамды,
Эмгеги менен данктайбыз.
Эми гана элуу бешке чыгып сиз,
Элинизге кызмат кылчуу кез эле.
Шум ажалга наалат айтам окунуп
Арабыздан алып койгон тез эле..
Атамдын корсом тен тушун,
Атамдай болуп сезилет.
Жаш эле атам кеткенге,
Ич куйуп журок эзилет
Атамдын турат мурзосу,
Уйумдун жогор жагында.
Атамды эстеп сыздаймын,
Мен барган сайын айылга.
Эшиктен уйго киргенде,
Атамдын турат орду бош.
Ичимден сыздап кайгырып,
Кайтамын кайра конул кош!
Ак калпак кийип кулмундоп,
Тургансып атам сезилет.
Чын эле кээде тушумдо
Ошондой болуп кезигет.
Канчалык оксуп кайгырсам,
Атамды эми таппаймын.
Каниет кылып тушумо,
Батамды ага арнаймын.
Бейишин берсин атамдын,
Тиленем ичтен кундо мен.
Атакен жакшы болчу деп,
Арман бир кылып эл журот.
Уйум толо бала менен кыздарга,
Азыр мен озум апамын.
Бир мучом кемдей сезилет,
Башка экен орду атанын.
Ай аттин арман дунуйо,
Бир заматта озгорду.
Бул шум ажал жутат тура,
Арабыздан копторду.
Дааналап созду суйлогон,
Даамсыз созду суйбогон
Даанышман болчу атакем,
Оттуго жалган дуйнодон.
Мен барган сайын айылга,
Утурлап чыкчуу суйуно.
Ошентчуу атам Эми жок
Аттин ай арман дунуйо!! !
Автор:Исмаилова Умида Абдиманнаповна.

Супер-Инфо
super.kg
видео










