Гарварддын беш студенти биринчи жолу космоско гамбургер жөнөтүшүп, мурда эч качан болуп көрбөгөн эксперимент кылышты. Алар бул "Скайфолл” деген аталыштагы экспериментти баштан аяк камерага тартып алышып Интернетке жүктөшкөн.
Студенттер кадимки эле гамбургерди Массачюсетс штатынан бир канча күн мурда сатып алышкан жана эксперимент болгонго чейин гамбургер катуу абалга келген. Гамбургер шамалга туруштук берүү үчүн спрей чачып, процессти чагылдыруу үчүн видеокамера жана GPS орнотушкан.
Баардыгы даяр болгон соң буларды гелий толтурулган шарга бекитип космоско учурушкан.
Бутерброд стратосферага чейин көтөрүлүп, болжол менен 30 километр бийиктикке жеткен соң шар жарылып гамбургер кайра жерге кулаган. Көптү көрүп калган бул бутерброд Бостондун жанындагы токойдо, учурулган жерден 200 км алыстыкта бактын башында табылган. Бактын башындагы "космонавтты” бир канча күндөн кийин гана алышкан.
Студенттер бул гамбургерди биринчи "космонавт-
гамбургер” деп аташууда.
Студент үчүн кеңеш (китеп, сайт, журнал ж.б.у.с)
#21 06 January 2014 - 17:17
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#22 06 January 2014 - 17:18
Дүйнөдөгү эң "крутой"
студенттик жатакана Жатакана деген сөздү уксак дароо эле көз алдыбызга 4-5 кабаттуу, терезелери көп, терезенин алдында жайылган кир андан көп, кире бериште ажылдаган эже, биринчи кабатында жалгыз телевизор, эшиктин алдында "тигини чыкырып койчу” деген студенттер тартылат. Бирок кийинки имаратты студенттердин жатаканасы деп айтуу кыйыныраак болот. Анткени бул имарат менен "жатакана” деген сөз анча деле бири бирине жараша бербейт. 26 800 кв.м түзгөн бул студенттик жатакана Даниянын борбору Копенгагендин Тиетген аттуу студенттик шаарчада 2006 жылы курулган. Тегерек формасында болгон бул имарат, жети кабатты түзүп, 360 бөлмөдөн турат. "Тегеректин” ичинде студенттер үчүн кеңири аянтча курулган. Архитектуралык формасын тегерек кылышканынын себеби тегерек - теңдикти жана биримдикти билдирет. Имаратты беш вертикалдуу сызык болуп турат.
Бул сызыктар имаратты секцияларга болуп,
ошол эле убакта ички короого киргизе турган
өтмө болуп саналат. Ички короодон бөлмөлөрдү жана кухняларды
көрүүгө болот. Архитекторлор бөлмөлөрдү абада
калкып тургандай көрүнүштө жасашкан. Имараттын бети кызыл латунь менен кооздолгон.
Кооздоо үчүн Копенгагендин эң мыкты
дизайнерлерин чакырышкан. Бардык жатаканалардай эле бул жерде да 12
бөлмөгө бир кухня салынган. Алардын бардык
саны 30. Кухнялар болушунча чоң салынып
тамак-аш даярдоо үчүн бардык шарттар
каралган. Ар бир кухняда 4 муздаткыч жана 2
плита бар. Даярдалган тамакты студенттер ар кандай түстөгү отургучтары бар столовойдо
ичишет.
Бул сызыктар имаратты секцияларга болуп,
ошол эле убакта ички короого киргизе турган
өтмө болуп саналат. Ички короодон бөлмөлөрдү жана кухняларды
көрүүгө болот. Архитекторлор бөлмөлөрдү абада
калкып тургандай көрүнүштө жасашкан. Имараттын бети кызыл латунь менен кооздолгон.
Кооздоо үчүн Копенгагендин эң мыкты
дизайнерлерин чакырышкан. Бардык жатаканалардай эле бул жерде да 12
бөлмөгө бир кухня салынган. Алардын бардык
саны 30. Кухнялар болушунча чоң салынып
тамак-аш даярдоо үчүн бардык шарттар
каралган. Ар бир кухняда 4 муздаткыч жана 2
плита бар. Даярдалган тамакты студенттер ар кандай түстөгү отургучтары бар столовойдо
ичишет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#23 06 January 2014 - 17:24
Бир окуу жайга текшерүү менен комиссия келип калат. Ал убакта кеч күз болгондуктан эрте эле кеч кире турган. Бул окуу жайдын жатаканасы,
вокзалдан университетке өтчү жолдо болчу. Ошол жатакананын шок студенттери сүйлөшүп алышып, комиссия өтүп бараткан убакта, баардык терезелердин светтерин өчүрүп, үч сөз көрүнүп калгандай кылып кээ бир терезелерди күйгүзүп коюууну чечишет. Комиссия декан менен келе жатат дейт. Маңдайындагы жатаканада болсо караңгы терезелердин фонунда "үч сөз” күйүп турат. Анда да жөн күйбөстөн, жанагы үч сөз улам өчүп-күйүп, комиссиянын жинине тийген экен. Комиссия деканды катуу коркутканбы,
айтор, эртеси жатаканада териштирүү башталат. Баардыгы билмексен болуп ийинин куушурат: "Менин комнатамда свет күйүп туруптурбу?
А эмне болот экен? Мен китеп окуп аткам (сабак жазып аткам, телевизор көрүп аткам...ж.б.).
” "Меники өчүп туруптурбу?
А эмне болот экен? Мен комнатада жок болчумун (уктап аткам, лампочка күйуп кеткен...).” Иши кылып студенттердин баардыгы макоо, эч кимдин күнөөсү жок. Анда декан, комиссия кетип баратканда баягы кайра кайталанбасын деп, күйүп турган ар бир бөлмөгө светти күйгүзбөш үчүн бирден активист коёт. Бирок, баарынан кызыгы, комиссия кетип баратканда баягы "үч сөз” өчүп, калган терезелердин баардыгы күйүп калган экен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#24 06 January 2014 - 17:25
Бир топ жашка барып калган профессор лекция окуганы бара жатып, өзүндөй чамалуу айдоочусуна айтат: "Мен бүгүн мени эч ким тааныбаган университетте алгачкы лекциямды окушум керек. Сен мени ташып жүргөнүңө 20 жылдын жүзү болду. 20 жыл бою сен менин лекциямды угуп, дайыма эшиктин жанында мени күтүп тураар элең. Бүгүн лекцияны сен оку, мен болсо машинаны айдап, сенин айдоочуң болоюн !” Айдоочу ойлонуп туруп макул болот. Экөө орундарын алмашып, профессор айдоочунун баш кийимин кийип машинаны айдап жөнөйт. Качан алар университетке жеткенде, айдоочу ишенимдуу түр менен алдыга басып, аркасынан айдоочунун баш кийимин кийген профессор жөнөйт. Айдоочу кафедрага чыгып лекциясын окуп баштайт. Профессор болсо эшикке жакын жерде лекция угуп отурат. Лекция бардыгына жагат, угуучулар ыраазы болуп, кол чабышууда. Бирок, бир аспирант туруп айтат: "Негизи, алгачкы лекцияларда суроо
берилбейт экенин билем, бирок менин түшүнбөгөн татаал суроом бар...”. Аспирант түшүнбөгөн жерлерин айтып, татаал терминдерди, оор түшүнүктөрдү колдонуп, 5 мүнөт сүйлөп, айдоочу такыр түшүнбөгөн суроолорду берет. Суроосун акырына чейин шашпай уккан айдоочу, акырын жайдары: "Ушул да татаал суроо бекен? Сиздин татаал сурооңузга менин айдоочум жооп берип койсун анда...” деп чыгып кеткен экен.
берилбейт экенин билем, бирок менин түшүнбөгөн татаал суроом бар...”. Аспирант түшүнбөгөн жерлерин айтып, татаал терминдерди, оор түшүнүктөрдү колдонуп, 5 мүнөт сүйлөп, айдоочу такыр түшүнбөгөн суроолорду берет. Суроосун акырына чейин шашпай уккан айдоочу, акырын жайдары: "Ушул да татаал суроо бекен? Сиздин татаал сурооңузга менин айдоочум жооп берип койсун анда...” деп чыгып кеткен экен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#25 06 January 2014 - 17:26
Жыл сайын Колумбияда болчу бак кыйуу боюнча мелдеште финалга эки адам чыгат: бири канадалык, экинчиси болсо норвегиялык.
Алар 8 саат тынбай бактарды кыйыш керек болчу. Соңунда кыйылган бактардын санына жараша жеңүүчү аныкталган.
Канадалык адам олбурлуу, булчуңдуу болуп, 8 саат бою тынбай катуу иштейт. Анын балтасынан бактар уламдан – улам кулай берет. Норвегиялык адам болсо ар бир саат сайын он мүнөткө эс алып турган. Канадалык адам муну көрүп, атаандашын чарчап калды деген ишенимге келет да өз күчүнө катуу кубанат. Бирок, мелдештин акырында, кыйылган бактарды
санай келгенде, норвегиялык адам атаандашына караганда көбүрөөк бак кыйганы айкын болот. Канадалык буга аң-таң болуп жеңүүчүдөн кантип андан ашып кеткенин сурйт. - "Жөп-жөнөкөй” дейт норвегиялык адам. - "Ар бир саат сайын 10 мүнөткө эс алып, сен иштеп аткан убакта мен балтамды курчутум турдум”.
санай келгенде, норвегиялык адам атаандашына караганда көбүрөөк бак кыйганы айкын болот. Канадалык буга аң-таң болуп жеңүүчүдөн кантип андан ашып кеткенин сурйт. - "Жөп-жөнөкөй” дейт норвегиялык адам. - "Ар бир саат сайын 10 мүнөткө эс алып, сен иштеп аткан убакта мен балтамды курчутум турдум”.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#26 06 January 2014 - 17:27
Владивосток университетинин физика факультетинин жатаканасында болгон окуя. 8 ноябрь. Эртең менен. (7 ноябрь – Жаштар күнү белгиленген.
) Бөлмөлөрдүн эшиктери чыгуучу узун коридордо, комиссия менен чогуу декан, жатакана боюнча экскурсия кылып келе жаткан. Бир убакта коридордун ортосунда уктап жаткан студенттин башы көрүнөт (денеси бөлмөдө, башы коридорго чыгып калган экен). Декан комиссия менен чогуу басып келип, бутунун учу менен студентти ойготот. Студент шашпай көзүн ачып, уйкулуу көзү менен бут кийимди көрөт. Анан декандын бутун, денесин көрүп, аягында бетин карап, "Ухх, жада калса түшүмө да декан кирип атканын” деп чала-була сүйлөп, кайрадан бүрүшүп жатып алса
болобу. (Декан кайдыгер жүзү менен студентти аттап, экскурсияны улантып кетиптир. Бирок эч кандай студенттик репрессия болгон эмес. : ) )
болобу. (Декан кайдыгер жүзү менен студентти аттап, экскурсияны улантып кетиптир. Бирок эч кандай студенттик репрессия болгон эмес. : ) )
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#27 06 January 2014 - 17:28
Илгери бир кытай императору жашаган экен. Жаңыдан такка отурган император жаш жана илимге кызыккан адам болот. Император көп нерсени билген, бирок, да көп нерсени билүүгө тырышып китептерди көп окуй турган. Качан ал хансарайдын китепканасындагы китептердин санын көргөндө баардыгын окуп бүтө албасын түшүнөт. Бир күнү ал акылман адамды чакырып адамзаттын бүткүл тарыхын жазып чыгууну буюрат. Ошентип бир топ убакыт өтөт. Акылман талбай көп жыл бою эмгектенип акыры адамзаттын тарыхын чогултуп, жазып бүтөт. Император жаштык мезгилден өтүп калган болсо дагы, баягыдай эле илимге кызыгуусу күч эле. Акылмандын жазган эмгегин 500 китеп кылып императордун алдына алып келишкенде,
император бул китептерге көп убакыт корото албасын түшүндүрүп,
мындан дагы кыскартып жазуусун буюрат. Акылман кайрадан бул буйрука көп жыл жумшап,
бир күнү императордун алдына 50 китеп кылып алып келет. Император болсо картайып, алдан- күчтөн тайып калган кези эле. 50 китепти дагы окуй албасын түшунүп, акылманга, эң башкысын калтырып, мындан да кыркартууну суранат. Акылман баягы ишин кайра улантат. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, акылман, адамзаттын тарыхын бир китепке чакан кылып батырып, императордун алдына алып келет. Бул жолу император оозун кыбыратканга да алы келбей, өлүм төшөгүндө жаткан эле. Антсе да, император, аркы дүйнөгө кеткичекти, азыр дароо мындан да кыскартып беришин суранат.
бир күнү императордун алдына 50 китеп кылып алып келет. Император болсо картайып, алдан- күчтөн тайып калган кези эле. 50 китепти дагы окуй албасын түшунүп, акылманга, эң башкысын калтырып, мындан да кыркартууну суранат. Акылман баягы ишин кайра улантат. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, акылман, адамзаттын тарыхын бир китепке чакан кылып батырып, императордун алдына алып келет. Бул жолу император оозун кыбыратканга да алы келбей, өлүм төшөгүндө жаткан эле. Антсе да, император, аркы дүйнөгө кеткичекти, азыр дароо мындан да кыскартып беришин суранат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#28 06 January 2014 - 17:30
Тоо этегинде бир көл болот. Бир жерде жамгырды күтүп жата бергенден аябай жадайт. Чоң-чоң максаттарды көздөйт: дайра болуп агылып, деңиз болуп толкугусу келет. Акыры бир күнү чоң сапарга чыгууну чечет да, бир жолун таап агып жөнөйт. Агып жүрүп отуруп талааны, токойду басып өтөт. Акыры бир чөлдүн башына келип токтойт. Күн ысык, андан ары баруудан кооптонот. Бир убакта бир үн чыгат: «Токтобо, көздөгөн максатыңа жетүү үчүн кыйынчылыктан коркуп артка кайтпа! Мына ошондо ийгиликке жетишесиң!
» Бирок суу ордунан жылбайт. Чексиз чөл, алдыда белгисиздик.
.. ошондо баягы үн дагы угулат: «Жолдун көбүн басып өттүң, эми аягына чык! Өз күчүңө ишен, тоскоолдуктардын алдында алсыз болбо! Жашоодо жеңиш үчүн күрөшкөн гана өз максатына жетет! Алга!» Бул сөздөргө муюп, өз күчүнө шерденген суу чыгынып, алдыга карай агып жөнөйт. Күндүн ысыгына чыдабай, акырындап буулана берет. Бирок жолунан кайтпайт. Ошентип, бир тамчысы да калбай бууланып кетет. Эң кызыгы бууланган суу асманда булут болуп чогулуп, шамалдын жардамы менен көп аралыктарды басып өтөт. Акыры, учу-кыйыры көрүнбөгөн деңизге жетет. Ал жерден Жараткандын буйругу менен жамгыр болуп төгүлүп, деңизге кошулат. Ошентип, кайдагы бир тоонун этегинде жаткан көлдүн суусу өжөрлүгүнүн,
бекем эркинин, тынымсыз аракетинин жана өз күчүнө болгон ишениминин негизинде кыйынчылыктарга баш ийбей, акыры, дайра болуп агылып, кыялындагы деңизге барып кошулат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#29 06 January 2014 - 17:32
"Силерде боор барбы?" Ангеме
Досум айтып берген окуя. Алардын университетинде чооң аудиториялар бар. Ал жерде парталар тепкич-тепкич болуп көтөрүлүп, аягы парталар бийик жерде болуп калат. Мындай аудиторияларда эки эшик жайгашкан, бири алдында - жапыз жеринде, экинчиси артында - бийик жеринде, жана бул эшиктер эки башка этажга чыгат.
Бир күнү лекция убагында бир студент эң артта уктап жаткан. Ошол убакта мугалимдин боору түгөнүп калып, уктап жаткан студентти чакырып боор сурап келүүгө жөнөтөт. Уйкулуу студент арткы эшиктен чыгып боор таап келүүгө кетет. 5 мүнөттөн кийин ошол эле уйкусураган студент алдынкы эшикти ачып "Силерде боор барбы?" деп сурап коёт. "Жок" деген жоопту угуп эшикти жаап кайра кетет. Бир аздан соң, ал студент мунусунда арткы эшик менен кирип "Боор сурасам жок деп коюшту" деп кайра жатып алса болобу. Мугалим шок !!!

#30 06 January 2014 - 17:33
"Көзү жок, буту жок" Бул окуя 60-жж. Ленинград университетинин
механика-математика факультетинде болгон.
Эки мугалим, биринин бир буту протез,
экинчисинин бир көзү жасалма, экзамен алып
отурушкан. Бир маалда буту протез мугалим
жумуштар менен сыртка чыгып бара жатса, экинчи мугалим тамашалап "Бол батырак барып
кел. Бир бутуң бул жерде, экинчи бутуң тигил
жерде болсун", деп күлсө, анда буту жок
мугалим "Макул. Сен да бул жакты жакшылап
кара, бир көзүң менен бул жакты, экинчи көзүң
менен тигил жакты", деп коёт дейт... : )))
механика-математика факультетинде болгон.
Эки мугалим, биринин бир буту протез,
экинчисинин бир көзү жасалма, экзамен алып
отурушкан. Бир маалда буту протез мугалим
жумуштар менен сыртка чыгып бара жатса, экинчи мугалим тамашалап "Бол батырак барып
кел. Бир бутуң бул жерде, экинчи бутуң тигил
жерде болсун", деп күлсө, анда буту жок
мугалим "Макул. Сен да бул жакты жакшылап
кара, бир көзүң менен бул жакты, экинчи көзүң
менен тигил жакты", деп коёт дейт... : )))
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#31 06 January 2014 - 17:35
Экзаменде "Морзе алиппеси"
Биздин универде ушундай окуя болгон. Экзамен... Баардыгыбыз билет алып, жазып, даярданып отурабыз. Мугалим болсо отуруп алып эле ручка менен партаны тыкылдатып аткан. Бир топко чейин ушинтип тыкылдатып отурду. Бир маалда 3 студент ордуларынан туруп , мугалимге зачеткасы менен барышты. Мугалим аларга "5" коюп, студенттер аудиториядан чыгып кетишет. Көрсө, мугалим партаны тыкылдатып "Морзе алиппеси"
менен "Ким 5 алгысы келсе, зачетка менен келсин" деген билдирүү таратыптыр.
Бир студент аны түшүнө калып жанына эки досун ээрчите барган экен.
Пы Сы: бул окуялардын мага байланышы жок
Пы Сы: бул окуялардын мага байланышы жок
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#32 06 January 2014 - 17:36
Шайыр мугалим
Көп жыл мурда, Новосибирск университетинде окуп жүргөн учурум. Бизде сыйлуу, көптөгөн наамдары бар агай бар эле. Бирок канчалык кадыр-барктуу, канчалык "чоң адам” болбосун, ал ошончолук шайыр ошончолук көңүлдүү жүргөн мугалим болчу. Ал агай жөнүндө студенттер көп күлкүмүштүү учурларды айта турган. Бир жолу мен дагы андай учурга күбө болдум. Баардыгыбыз экзаменде отурганбыз. Шпаргалкадан көчүрүү эч мүмкүн эмес эле, анткени аудиториябыз, кайдан карабагын баардыгын көрсөтүп турчу. Бирок, биздин агай жанындагы мугалимдерин сыртка жиберип ийип, өзү жаңы гезитти алып чыгып, чооң кылып жайып алып маңдайына кармап кызыгуу менен окуй баштады. Мындай чанда келген учурду коё бербей "Кудай” деп шпаргалкалардан көчүрө баштадык. Биз жазып бүткүчө агай окуп бүтүп салбасын деп, бири-бирибизди карабай, ушунчалык бат ылдамдык менен жазып аттык. Ошентип он мүнөттөй убакыт өткөн соң лектордун катуу үнү угулду - Көңүл бургула! Азыр гезитти котором!”
)) Жеке мен андан кийин эч нерсе көчүрө алган жокмун
Качанкы бир студент

#33 06 January 2014 - 17:39
"Ким эмнеге бай?"
Бир боорукер, эч кимге зыяны тийбеген, ар дайым жакшылык кылып көнгөн адам ичи тар, ач көз, бирөөнүн кубанычын көрө албаган адам менен кошуна туруп калат. Бул кошунасы боорукер адамдын үй-бүлөсү менен бакубат турмушта жакшы жашаганын көрө албай, ар качан анын маанайын бузуу аракетинде болот. Кээде короосуна таштанды ыргытып салса, кээде эшигинин алдына жаман суу төгүп салат. Ошондой күндөрдүн биринде боорукер адам эрте туруп короого чыгат. Ал жерде жугунду толгон чака турган болот. Ал адам жугундуну төгүп, чаканы жалтырата тазалап, анан ага бакчадан эң жакшы алмалардан терип, толтуруп кошунасынын үйүнө барат.
Эшигинин такылдаганын уккан кошунасы «аа, акыры анын жинине тийдим окшойт, эми анын жини келип, үйүндө тынчтык бузулат» деп ойлоп, айтчу сөздөрүн камдап барып эшикти ачат. Бирок, кошунасы баягыдай эле жылмайган калыбында кызарган алмаларга толгон чаканы сунуп туруп: «Ким эмнеге бай болсо, ошонусу менен бөлүшөт»,
- деп акырын басып үйүнө жөнөйт.

#34 06 January 2014 - 17:41
Анда короочу Болмокмун!
Бир адам Майкрософт компаниясына короочу болуп иштөө үчүн келет. Кадрлар бөлүмүндө ал бир топ суроолорго жооп берип, кагаздарды толтуруп, акыры ишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ага: - "Сиз жумушка алындыңыз. Бизге электрондук дарегиңизди таштап коюңуз, жумушка качан чыгуу керектигин билдиребиз" - дейт. - "Менде электрондук адрес эмес компьютерим да жок"- дейт анда тигил адам. - "Анда биз сизди жумушка ала албайбыз, себеби, сиз интернет дүйнөсүндө эч кандай байланышыңыз, өзүңүздү тастыктаган маалыматтар жок экен"- дейт. Ошентип, жумушка орношо албаган адам эшикке чыгат. Жанында болгону он доллар акчасы калган экен. Ойлонуп отуруп ал акчасына фермерден 10 кг помидор алып, үйлөрдү кыдырып сата баштайт. Эки саатын ичинде акчасы үч эсе көбөйөт, ал эми беш сааттын ичинде капиталы 60 доллар болот. Мындай темп менен иштесе, жалданып иштөөнүн кереги жок экенин түшүнөт да, күндө эртең менен туруп, жаңы ишин берилүү менен аткара баштайт. Бир канча убакыттан кийин машина алат да, сатуу иши жеңилдеп, кирешеси артат. Дагы бир топ убакыттан кийин жүк ташуучу машина сатып алат, андан кийин магазин ачат. Беш жылдан кийин супермаркеттер түйүнүнүн ээси болгон ал адам ишин кепилдикке алууну ойлойт. Сүйлөшүүлөрдөн кийин кепилдик агенствосунун агенти бардык келишимди түзүп, дагы жакшы сунуштар болсо билдирип туруу максатында электрондук адресин сурайт. - "Менин электрондук адресим тургай компьютерим жок"- дейт адам бир канча жыл илгерки жообун кайталап. - "Кандайча? Ушундай ири масштабдагы ишкер болуп туруп электрондук адресиңиз жокпу? Эгер сиздин электрондук адресиңиз болгондо билесизби, кандай мүмкүнчүлүктөрүңүз болмок, сиз ким болмоксуз?! " Ал адам бир аз ойлонуп туруп: - "Анда мен «Майкрософт» компаниясынын короочусу болмокмун" - деп жооп берет.

#35 06 January 2014 - 17:43
Жашоодогу маанилүү нерсе
... Философия сабагынын профессору аудиторияга келип, студенттердин алдына беш литрлик бир бош банканы коёт да, сабактын темасы убакыт жөнүндө болорун айтат. Андан кийин диаметри 3-4 сантиметрден кем болбогон таштарды алып, банканы толтурат да, отурган студенттерден сурайт:
- Карагылачы, банка толдубу?
- Толду, дешет баары бир ооздон.
Профессор унчукпастан буурчак толгон пакетти алып чыгат да, аны банкага сала баштайт. Буурчактар таштардын арасындагы боштуктарды толтуруп калат. «Банка толдубу же жокпу?» деп дагы бир жолу
сураганда, студенттер: «Эми толду», деп жооп беришет. Профессор шашпай кум салынган кутуну алып чыгат да, банкага сала баштайт. Майда кум буурчактан калган бош жердин баарын толтуруп калат.
- Эми кандай деп ойлойсуңар, банка толдубу?
- Эми толду, бош орун калбады, дешет студенттер.
Мына ошондо профессор башка банкага куюлган сууну алып чыгат да, кум толгон банкага куят. Суу куюлган банка толгондон кийин, профессор студенттерге кайрылып, бул тажрыйбанын мааниси эмне экенин сурайт. Студенттердин баары ийиндерин куушуруп, көргөндөрүн убакытка байланыштыра алышпайт. Ошондо профессор мындай дейт: - Мен эми түшүндүрөйүн, бош банка бул
силердин жашооңор. Чоңураак таштар
жашооңордогу негизги нерселер: үй-бүлө,
денсоолук, бала-чака... Булар, башкасы жок
болсо да, жашооңорду толтурган нерселер болуп
эсептелет. Буурчак болсо силердин өзүңөр үчүн гана өтө маанилүү болгон нерселер, мисалы: иш,
жеке унаа, үй-жай... ал эми кум бардык башка
майда-чүйдө нерселер. Эгерде банканы башынан
кумга толтурганыбызда, буурчак дагы, таштар
дагы батпай калмак. Ошондуктан жашоодо
бардык нерсени өз убагында жасоо керек. Майда-чүйдө нерсенин артынан жүрө берген
адам жашоодогу негизги «таштарды» ордуна
жайгаштыра албай калат. Тагыраак айтканда,
ден-соолугун чыңдап, үй-бүлө куруп, бала-
чакалуу болгон адам каалаган учурда эс алып,
достору менен жолугушуп, конокко барып ж. б. иштерин аткара берет. Ошондуктан жашоодогу
эң маанилүү болгон нерселерди өз убагында
аныктап алуу керек.

#36 12 January 2014 - 20:56
kanat4ik брат буларды зерикпей кайактан тааап зерикпей жазып чыктын
бирок суппер мага жакты.
бирок суппер мага жакты.
#38 18 January 2014 - 15:05
Саламатсыңарбы!
Мен электротехника боюнча маалыматтарды кайсыл сайттардан тапсам болот, жардам бергилечи?
#39 10 February 2014 - 13:57
Кыргызстандагы диний билим берүүчү теология факультеттери жөнүндө маалымат
Дүйнө жүзүндө азыркы учурдун орчундуу
маселеге айланган дин же диний ишеним жана
анын натыйжасында болуп жаткан окуялар тигил
же бул өлкөдө диний билим берүүнү
мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу керектигин
көрсөтүп турат. Динге байланышкан проблемалар биздин өлкөбүздө да болуп
жаткандыктан бул проблеманы чечүү же жөнгө
салуу үчүн атуулдарыбызга динди туура үйрөтүү
жана окуу жайларына мамлекеттин
кызыкчылыгын көздөгөн программаны иштеп
чыгуу замандын талабы.
Дүйнө жүзүндө азыркы учурдун орчундуу
маселеге айланган дин же диний ишеним жана
анын натыйжасында болуп жаткан окуялар тигил
же бул өлкөдө диний билим берүүнү
мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу керектигин
көрсөтүп турат. Динге байланышкан проблемалар биздин өлкөбүздө да болуп
жаткандыктан бул проблеманы чечүү же жөнгө
салуу үчүн атуулдарыбызга динди туура үйрөтүү
жана окуу жайларына мамлекеттин
кызыкчылыгын көздөгөн программаны иштеп
чыгуу замандын талабы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#40 10 February 2014 - 13:58
Бул боюнча өлкөбүздө атуулдарыбызга так жана
илимий негизде диний билим берүү үчүн дин
таануу факультеттери ачылган. Алардын
катарына Ош Мамлекеттик университетинин
базасында ачылган теология факультети жана
Арашан Гуманитардык институтунун базасында ачылган Арашан Теология факультети кирет.
Бул факультеттерде диний сабактар, атап
айтканда, диндер тарыхы, дин философиясы,
ислам тарыхы, диний агымдардын тарыхы, дин
педагогикасы жана социологиясы, ошондой эле
хадис, тафсир жана башка илимдер илимий - теориялык негизде окутулуп аны менен катар
азыркы учурдагы илим менен технологияга
байланышкан светтик илимдер да окутулат.
илимий негизде диний билим берүү үчүн дин
таануу факультеттери ачылган. Алардын
катарына Ош Мамлекеттик университетинин
базасында ачылган теология факультети жана
Арашан Гуманитардык институтунун базасында ачылган Арашан Теология факультети кирет.
Бул факультеттерде диний сабактар, атап
айтканда, диндер тарыхы, дин философиясы,
ислам тарыхы, диний агымдардын тарыхы, дин
педагогикасы жана социологиясы, ошондой эле
хадис, тафсир жана башка илимдер илимий - теориялык негизде окутулуп аны менен катар
азыркы учурдагы илим менен технологияга
байланышкан светтик илимдер да окутулат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео