Элди Исламга үндөөнүн үч ачкычы:
Алла таала инсанды жоктон жаратып, бир гана
өзүнө ибадат кылуу үчүн бул ааламга жиберген.
Кулчулуктун Жараткандын улуулугуна
жарашыктуу болуусу, адамдардагы дин, кудай,
кулчулук жөнүндөгү кабарларды бурмаланып
кетпеши үчүн пайгамбарларын жөнөтүп, Ыйык Китептери аркылуу билдирилип турган.
Ислам жана биз Ислам дини боюнча талкуулар
#201 10 February 2014 - 14:31
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#202 10 February 2014 - 14:32
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи
васаллам) бүткүл ааламга ырайымдуулуктун,
мээримдүүлүктүн пайгамбары болуп жөнөтүлгөн.
Ал акыркы хутпасында, “бул хутбага күбө болгондор тыңдагандарын башкаларга
жеткизсин” деп айтуу менен өзүнөн кийинки Исламга үндөө ишин сахабаларына жана андан
кийинкилерге аманат кылып калтырып кеткен.
Ошондуктан сахабалар Исламды жеткизүү үчүн
чыгыш-батыш, түндүк-түштүк, чартарапка
аркасына кылчайбастан сапар улашкан.

#203 10 February 2014 - 14:33
Пайгамбарыбыз:
“Аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору” “Пайгамбарлар алтын да,
күмүш да калтырбайт. Алардын мурасы
илим” деген хадистеринде бул милдеттин баа менен өлчөнбөстүгүн билдирген. Ошондуктан
аалымдардын эң иридеги милдети миң төрт жүз
жылдык мурасты этияттык менен кийинки
муундарга өткөрүп берүү. Куранда элди Исламга чакыруунун үч ыкмасы
жөнүндө айтылат. Ислам эң акыркы жана эң таза
дин болгондуктан, аны кабыл алуу өзүнө жараша
тазалыкты, тыкандыкты талап кылат.
Бул багытта Ыйык Куранда: “(Мухаммед! ) Элди Жаратканыңдын жолуна даанышмандык жана
жатык сөз менен чакыргын! Алар менен
маданияттуу түрдө (далил менен) талаш.
Албетте, Жаратканың Өзүнүн жолунан
адашкандарды да, туура жолдогуларды да
жакшы билет ” (Нахл, 125) деп буюрулат.
күмүш да калтырбайт. Алардын мурасы
илим” деген хадистеринде бул милдеттин баа менен өлчөнбөстүгүн билдирген. Ошондуктан
аалымдардын эң иридеги милдети миң төрт жүз
жылдык мурасты этияттык менен кийинки
муундарга өткөрүп берүү. Куранда элди Исламга чакыруунун үч ыкмасы
жөнүндө айтылат. Ислам эң акыркы жана эң таза
дин болгондуктан, аны кабыл алуу өзүнө жараша
тазалыкты, тыкандыкты талап кылат.
Бул багытта Ыйык Куранда: “(Мухаммед! ) Элди Жаратканыңдын жолуна даанышмандык жана
жатык сөз менен чакыргын! Алар менен
маданияттуу түрдө (далил менен) талаш.
Албетте, Жаратканың Өзүнүн жолунан
адашкандарды да, туура жолдогуларды да
жакшы билет ” (Нахл, 125) деп буюрулат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#204 10 February 2014 - 14:35
Хикмат (даанышмандык)
2. «Хикмат» сөзү «терең ой, терең билим» дегенди
түшүндүрөт.
Адам баласы алгач билгенин өзү иш жүзүнө
ашырып, анан башкаларга жеткириши керек.
Мына ошондо гана айтылган сөз таасирлүү да,
жугумдуу да болот. Бул жаатта Куранда: “Эй момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган
нерсени айтасыңар?” (Саф, 2) “Силер
адамдарды жакшылыкка буйруп, өзүңөрдү
унутуп коесуңарбы? Өзүңөр китепти окуп
жатасыңар го? Ойлонбойсуңарбы? ” (Бакара,
44) деп буюрулат

#205 10 February 2014 - 14:36
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи
васаллам) адамдарга алгач өзү үлгү болгон.
Куранда “усватун хасанатун” (эң мыкты өрнөк) делип Пайгамбарыбыздын ушул өзгөчөлүгүнө басым жасалат. Пайгамбарыбыз
куттуу хадистеринин биринде: “адамдарга тилиңер менен гана үлгү болбогула” деп, элге баскан-турганыбыз, жасаган иштерибиз
менен да үлгү болууга үндөгөн. Анын баскан
жолунан чыкпоого аракет кылган Ислам
аалымдары да жалпы мусулмандарга үлгү боло
алышкан. Мына ошол аалымдардын бири Имам
Аазам болгон. Жазма булактарда Имам Азам Абу Ханифа жөнүндө мынабул окуя баяндалат:
Күндөрдүн биринде бир адам Имам Азамга
ашкере бал жегендиктен ооруп калган баласын
алып келет. Имам ага кырк күндөн келишин
айтат. Береги адам маселени баамдай албай
артка кайтат. Ошентип арадан кырк күн өткөн соң уулун алып кайра келет. Анда Имам Азам
баланын башынан сылап «уулум, ашкере бал
жебегин...» дейт сыпаа гана. Баланын атасы таң
калып, себебин сурайт. Анда Имам Азам алар
келген күнү өзү да бал жеп алгандыгынан улам
ага жооп бере албаганын айткан экен. Ошондуктан даанышмандык өтө зор мааниге ээ.
Хикмат (даанышмандык, акылмандык) элди Исламга чакырган адамдын эң иридеги
өзгөчөлүгү болушу керек. “Хикмат момундун табылгыс азыгы. Аны
кайдан тапса, ошол жерден алат” деген хадиске үңүлө назар салуу керек. Учурубузда
мусулмандардын технологиядан артта
калышынын негизги себептеринин бири дал ушул
“хикмат”ты унутуп койгондуктары.

#206 10 February 2014 - 14:37
2. Насаат Пайгамбарыбыз “дин - бул насаат” дейт. Алла таала Куранда: “Адамдарды (Алланын динине)
үндөгөн жана “мен да мусулманмын” деп, өзү да
жакшы иштерди жасаган кишиден артык сөздүү
ким бар?” (Фуссилат, 33), “Алла Таала алардын
жүрөгүндөгүнүн баарын билет. Сен да алардан
жүз үйрү. Аларга насаат кылып, (жылуу мамиле менен) таасирлүү сөз айт” (Ниса, 63) деп буюрат.
Демек, ар бир мусулман үчүн адамдарга жылуу
мамиледе болуп, жакшы сөз айтуу өзүнчө
милдет. Алл Таала азирети Муса менен Харунду
адамзат тарыхында жашап өткөн заалымдардын
бири Фараонго жөнөтүп жатып: “Экөөң Фараонго баргыла! Себеби ал (“мен
кудаймын”деп) чектен ашты. Ага (жылуу
мамиле жасап) жакшы сөз сүйлөгүлө! Балким
ал насаатты угаар же (тозоктон)
коркоор!” (Тоха, 43-44) деп буюруу менен адамдарды туура жолго чакыруунун максаты
аларды тозоктон арылтып, түбөлүк бакытка
жетишине себеп болуу экендигин билдирген.
Кыргыздын “Жылуу сөз жыланды ийнинен
чыгарат” деген накыл сөзү да төгүн жерден
эместир.
үндөгөн жана “мен да мусулманмын” деп, өзү да
жакшы иштерди жасаган кишиден артык сөздүү
ким бар?” (Фуссилат, 33), “Алла Таала алардын
жүрөгүндөгүнүн баарын билет. Сен да алардан
жүз үйрү. Аларга насаат кылып, (жылуу мамиле менен) таасирлүү сөз айт” (Ниса, 63) деп буюрат.
Демек, ар бир мусулман үчүн адамдарга жылуу
мамиледе болуп, жакшы сөз айтуу өзүнчө
милдет. Алл Таала азирети Муса менен Харунду
адамзат тарыхында жашап өткөн заалымдардын
бири Фараонго жөнөтүп жатып: “Экөөң Фараонго баргыла! Себеби ал (“мен
кудаймын”деп) чектен ашты. Ага (жылуу
мамиле жасап) жакшы сөз сүйлөгүлө! Балким
ал насаатты угаар же (тозоктон)
коркоор!” (Тоха, 43-44) деп буюруу менен адамдарды туура жолго чакыруунун максаты
аларды тозоктон арылтып, түбөлүк бакытка
жетишине себеп болуу экендигин билдирген.
Кыргыздын “Жылуу сөз жыланды ийнинен
чыгарат” деген накыл сөзү да төгүн жерден
эместир.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#207 10 February 2014 - 14:38
Насаат элге түшүнүктүү жатык тил менен
айтылышы керек. Бул жагдай өзгөчө бүгүнкү
күнү Кыргызстанда өтө зор мааниге ээ. Кээ
бирлерибиз сөздүн маанисин толук түшүнбөй эле
сүйлөп кое берчү болдук. Айтылчу ойду ирээти,
өз орду менен айтууга, ашкере кайталап сүйлөп элди тажатып жибербөөгө көнүшүбүз керек.
Ошондой эле бул багытта жылуу мамиле да
маанилүү жагдайлардын башынан орун алат.
Жылуу мамиле – бул баа жеткис сапат.
Жогоруда белгиленгендей, биздин негизги
милдетибиз элге баскан-турганыбыз, мамилебиз, сүйлөгөн сөзүбүз менен Исламды жеткирүү.
Орой мамиле элди ирээнжитип, сөздүн
өтүмсүздүгүн талап кылат. Алла Таала Аали
Имран сүрөсүндө: “(Эй Мухаммед) сен Алланын ырайымы менен аларга (сахабаларыңа) жылуу мамиледе болдуң. Эгер дилиң катуу, орой
болгонуңда, анда алар айланаңдан таркап
кетишмек. Аларды кечиргин, алар үчүн
Алладан кечирим сурагын! Кандайдыр бир
иште алар менен кеңеш! Эгер кандайдыр бир
ишке чечим кабыл алган болсоң, анда Аллага сүйөнүп, тобокел кылгын! Алла Таала Өзүнө (таянып) тобокел кылгандарды сүйөт” (Аали Имран, 159) дейт.

#208 10 February 2014 - 14:39
3. Талашуу
Аятта айтылган хикмат (акылмандык)
аалымдарга, насаат карапайым элге, ал эми
тартышуу болсо атеист же башка диндин
өкүлдөрүнө карата туура жолго чакыруунун
ыкмалары. Куранда мусулмандарга башка
диндин өкүлдөрүнө да жылуу мамиледе болууга буйрук берилет: “(Эй, момун-мусулмандар! ) Силер алардын заалымдарынан сырткары китеп ээлери (христиандар жана иудейлер)
менен жылуу сөз аркылуу гана талашып-
тартышкыла! Жана: “Биз өзүбүзгө
түшүрүлгөнгө (Куранга) да, силерге түшүрүлгөнгө (бурмаланбаган Тоорат жана Инжилге) да ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз да, силердин кудайыңар да Бир (Алла таала) жана биз Ага гана моюн сунабыз”- деп айткыла» (Анкабут, 46) Демек, бирөөнүн ишенимине карата акаарат
келтирбөө, алар менен маданияттуу түрдө гана
талашуу Ислам дининин талабы. Ошондуктан
бөтөн ишенимдерге карата аяр мамиледе болуп,
сөз менен да, кыймыл-аракет менен да акаарат
келтирбөө чыныгы мусулмандын кадамы болуп эсептелет. Аракет бизден, сыйлык Алладан.

#209 17 February 2014 - 08:04
Урматтуу форумчулар акыйкат жолду издеген бир туугандардын суранычы менен ушул жерде жаны баштаган кадамдарыбыз тууралуу суйлошолу деп турабыз. Ибадатты, исламдагы жашоону жаны баштагандар учун "койгой"
болгон жагадайларга Алла буйругу, пайгамбар жолунан алынган кеп-кенеш сунуштарыбызды жолдойбуз. Соз тегерегинде бири бирибизге жардамчыбыз.
Тируулуктогу жападан жалгыз милдетибиз ошол- акыйкатка умтулуу, жардашдашуу.
Бул жерге жарыя болгон маалыматтар баарыбызга пайда берет деген ишеничтебиз.
Туйшуктуу жашоонун суроосу тумон болгону менен анын чечуунун жолу бир гана. Ал- Ислам жолу.
#210 18 February 2014 - 02:20
Аллахтан корккон мусулмандын кандай сыпаттары бар?
.
ЖООП
Аллахтан корккон адам Анын буйруктарын аткарууга жана тыюу салган нерселеринен алыс турууга дыкат мамиле кылат. Эч бир адамга жамандык кылбайт. Өзүнө жамандык кылгандарга сабыр кылат. Кылган каталарына тообо кылат. Сөзүнө ээ болот. Ар кылган жакшылыгын Аллах үчүн кылат. Эч кимдин малы-жанына көз артпайт. Эмгектенгенде, соода-сатыкта эч кимдин акысын жебейт. Бардык адамдарга жакшылык кылат. Шектүү болгон нерселерден узак болот. Бийлик мансап ээлерине, заалымдарга кошоматтык кылбайт. Илим жана ахлак ээлерине урмат көрсөтөт. Досторун жакшы көрөт жана өзүн жа сүйдүрөт. Жаман адамдарга насыйкат берет. Аларды ээрчибейт. Кичүүлөргө мээримдүү болот. Конокторго, мусапырларга даам таттырат. Эч кимди кайраштырбайт. Жан кумарынын артынан жүгүрбөйт. Зыяндуу, жада калса, пайдасыз сөздөн узак турат. Эч кимге орой мамиле кылбайт. Жоомарт болот. Бийликти да, байлыкты да адамдарга жакшылык кылуу үчүн каалайт. Рия делген жаман мүнөздөн узак турат, эки жүздүү болбойт. Аллаху тааланын дайыма көрүп, билип турганын ойлонуп жамандык кылбайт. Анын буйруктарын бекем карманат. Тыюу салган нерселеринен качат. Аллахтан корккондор элине, өлкөсүнө пайдалуу болот.
.
Аллаху таала Куран-и каримде момундарды мындайча белгилейт:
.
"Рахим болгон аллаху тааланын кулдары жер бетинде кичи пейилдиги бар вакар (сүр) жана жөнөкөй болуп басышат. Жахилдер аларга асыла турган болсо аларга[амандык, саламаттык силерге болсун деген сыяктуу]жакшы сөздөрдү айтып,[өтө чоң жумшактыкты көрсөтүшөт. ]Алар түнү саждага барышып, кыямда турушат[намаз окушат]. Алар: "Йа, Рабби ,Жаханнам азабын бизден узактат. Жаханнам азабы бүтпөйт жана өтө азаптуу. Ал жер эч күмөнсүз жаман жер жана жаман жай”, - дешет.
Бир нерсе бере турган болушса ысрап кылбайт, сараңдык да кылышпайт, экөөнүн ортосундагы жолду карманышат. Эч кимдин акысын жебейт, Аллахка шерик кошпойт, Андан башкага жалбарышпайт. Башкалардын тийүүсүң Аллах харам кылган жанды кыйып, акысыз бүрөөнү өлтүрүшпөйт, зина кылышпайт. Булардын бирин кылгандын Кыяматта азабы кат-кат болот, ал жерде залил жана хакир бойдон түбөлүк калышат. Бирок, Аллах тообо кылган жана жана туура ыйман кылган жана ибадат, пайдалуу иш кылгандардын жамандыктарын жакшылыкка айлантат. Аллах кечирим жана мээрим ээси. Тообо кылып, салих амал кылган, Аллаху таалага[тообосу кабыл болуу мененАнын ыраазалыгына жеткен абалда]барышат. Алар жалган жерге күбөлүк кылышпайт, пайдасыз жана зыяндуу иштерден сактанышат. Өздөрүнө аяттар окулган кезде көр жана дүлөй болгондой мамиле кылышпайт,[дыкаттык менен угуп, бул аяттар менен өздөрүнө аткарылуусу буйрук кылынган нерселерди аткарышат.]”[Фуркан 63-73]
.
.
Жакшы мүнөздүү болуунун жана муну коргоонун жолу
.
Суроо: Жакшы мүнөздүү болуу жана муну коргой алуу үчүн эмне кылуу керек?
.
ЖООП
Жакшы мүнөздүү болуу жана ахлагын сактоо үчүн салих адамдар менен, жакшы мүнөздүү адамдар менен, достук куруу керек. Адамдын ахлагы досунун мүнөзү сыяктуу болот. Хадис-и шарифте:" Адамдын дини досунун дини сыяктуу болот”,- деп билдирилди. Ахлакты бузган, кумарды азгырган китептерди окубоо жана мындай радио, телевизордон сактануу керек. Жакшы мүнөздөрдүн пайдалары жана харамдардын зыяндары, Жаханнамдагы азаптары дайыма эсте болуу керек. Байлык, бийлик аркасында жүгүргөндөрдүн эч бири муратына жеткен эмес. Байлык бийликти кайыр иш кылуу үчүн издеген жана кайырлуу жерлерге жумшаган адам ырахатка жана тынчтыкка жеткен. Аллаху тааладан коркуу бул дайранын кемеси болуп саналат. Хадис-и шарифте:" Дүнүйөдө калуучу эмес жолоочу сыяктуу жаша! Өлө турганыңды эч унутпа”,-деп айтылды. Пайдасыз нерселерден, оюндардан, зыяндуу тамашалашуудан жана тартышуудан сактануу керек. Илим үйрөнүп, пайдалуу иштерди аткаруу керек. Убакыттын кадырын билип күнү-түнү илим үйрөнүү керек! Илимди ибадат кылуу үчүн үйрөнөт. Кыяматта аткарган ибадат жана иштер тууралуу сурак болот, көп илим үйрөндүңбү деп суралбайт. Иш жана ибадат болсо ихласка ээ болуу үчүн кылынат.(Ислам Ахлагы)

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#211 18 February 2014 - 02:24
Өлүмдөн кийинки жашоо
.
Өлүмдөн кийинки жашоонун маселеси бардык диндеги, бардык доордогу адамдарга дайыма дүрбөлөӊ салып келген. Дагы өлүмдөн кийинки жашоо ыктымалын толугу менен четке каккан динсиз көз караш да бар.
.
Өлүмдөн кийинки жашоого ишенген диндерди эки категорияга бөлсө болот:
.
1. Өлгөн адамдын жаны жаӊы адамдык же айбандык жашоонун формасына реинкарнация болуп кетишине ишенгендер.
.
2. Өлүмдөн кийин башка дүйнөлүк абалдагы жашоого ишенгендер.
.
Атеисттик көз караш бул талкуунун аймагынан сырткары турат. Исламдын доктринасы боюнча, кандай түрдө болбосун, Ислам реинкарнациянын бардык мүмкүнчүлүктөрүн бүтүндөй четке каккан диндердин категориясына кирет. Бирок кандайдыр бир башка дүйнөлүк руханий же денелик жашоонун формасына ишенгендер ич ара көп пикирлерге бөлүнүшөт. Ар бир диндин ичиндеги түшүнүк бири-биринен айырмаланат. Ошондуктан, түрдүү диндин жолдоочуларынын көз караштарынан улам, аларга анык бир ишенимди таандык кылууга болбойт, анткени баары бир карама-каршылыктар бар.
.
Исламдын өзүндө ар түрдүү секталар же аалымдары ээ болгон артүрдүү көз караштар бар. Башка дүйнөлүк форманы ушул жер жүзүндөгү денелик жашоого абдан окшош экендигине ынанышкан жалпы түшүнүк бар. Ошондуктан, алардын бейиш менен тозок тууралуу түшүнүгү ырааттуу түрдөгү нерселердин руханий элесине караганда, материалдык элесин сүрөттөйт. Алардын түшүнүгү боюнча, бейиште чексиз чоӊ кооз бактар болуп, түбөлүк көлөкө түшүп, алардын астынан суулар агып турганы сөзмө-сөз сүрөттөлгөн. Дарыялар сүт менен балдан турат. Жемиштүү бактар болуп, адам кайсы мөмөнү кааласа, ал анын буйругу менен келет. Ар түрдүү куштардын эти болот; анан ким кайсы этти эӊсесе, оюндагыдай болот. Ашыкча сулуу жана таза аялдар жолдош болуп, өтө такыба кишилерге берилет, алардын саны чектелбей, өздөрүнүн жөндөмүнө жараша чечилет. Канчасына алы жетсе, ошонун баары аныкы болот.
.
Алар эмне кылышат?
.
Бири-бири менен кандай байланышта болушат?
.
Алар балалуу болушабы же тукумсуз ырахаттуу жашоо көрүшөбү?
.
Булардын баардыгы талаштуу суроолор. Жалпы элестетилгендей, жыргалчылык абдан чоӊ көӊүл ачуучулук болот. Эч кандай иш аткарылбайт, эч кандай мээнет жумшалбайт, эч кандай аракеттин да кереги жок. Бүтүндөй жана толук жалкоолуктан турган, ойдогудай ашыра жеп, ашыра ичкенге шарттар болгон жашоо (ушундай жашоо жыргалбы?) болот. Анткени шарап дагы сүт менен балдын дайраларына жакын агып турган болот. Тамак сиӊирүүдөн же мас болуп калуудан эч коркунуч жок. Бейиштин жибек жаздыктарына жөлөнүшүп, алар убактысын чексиз ыракатта өткөрүшөт – бул кандай чексиз ыракат!
Исламда Курандын бейиш жөнүндөгү мындай бое түшүнүгүн толук бойдон четке кага тургандар да бар. Алар ал сүрөттөлүү жөн гана метафорикалык болуп, көӊүл ачуучулук менен тиешеси жок элес экенин Курандан бир топ башка аяттар менен далилдешет. Чындыгында, Ыйык Куран келе турган жашоонун формасын жердеги жашоонун бардык белгилүү формаларынан бүтүндөй айырмаланганын абдан көп баяндаган. Ал адамдын түшүнүүсүнөн сырткары. А түгүл ошол жашоонун чындыктарынын бүдөмүктүү да көз ирмеми жок.}عَلَى أَنْ نُبَدِّلَ أَمْثَالَكُمْ وَنُنْشِئَكُمْ فِي مَا لَا تَعْلَمُونَ{ )الواقعة 62(Котормосу: Силердин кебетелериӊердиөзгөртүп жиберишибизге жана силердиөзүӊөр билбеген көрүнүштөтургузушубузга… (56:62)
.
Бул ушул маселе боюнча Курандын чечкиндүү баяны. Акыркы күндөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – кадияндык Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)бул руханий жашоонун түшүнүгүн денелик жашоонун каршысында өзүнүн уникалдык жана салтанаттуу «Ислам окууларынын философиясы» деп аталган чыгармасында сунуш кылган. Китепте айтылган бардык пикирлер Курандын үзүндүлөрү жана Исламдын Ыйык Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын хадистери менен жакшы далилденген. Чакан үзүндүсү бул жерде келтирилген. Анын тереӊ илими боюнча, мындан кийинки жашоо материалдуу болбойт. Анын ордуна ал биз кээ бир аспектилерин гана элестете ала турган руханий түрдө болот. Нерселер кандай кейипке келерин биз так аныктай албайбыз. Анын акыретти элестетүүсүндөгү көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – рух бир башкача өзгөчө денеге ээ болот, жер үстүндөгү денелик жашообузга карата жан кандай орунду ээлесе, рухка карата ал дал ошондой эле орунду ээлейт. Рухтун ичинде дененин жаралышы биз азыр жер үстүндө жашаган жашообузга жараша болот. Эгер биздин бул жердеги өмүрүбүз Алла тааланын каалоосуна баш ийген бойдон жана Анын буйруктарына ылайык өтсө, биздин табитибиз бара-бара өөрчүп, денелик жыргалчылыктарга каршы руханий жыргалчылыктарга айкалышат. Рухтуничинде эмбриондук түрдөгү жан калыптана баштайт. Жаӊы касиеттер туулуп, жаӊы табиттер пайда болот. Алардан денелик жыргалчылыктарга көнүп алгандар ыракат таппайт. Булар бир жаӊы түрдөгү адамдар өз жүрөктөрүнүн бейпилдигин табышат. Башкалардын укуктарын тепселөө ордуна курмандык кылуу ыракаттуу болуп калат. Кечиримдүүлүк өч алуудан жогору болот жана сүйүү өзүмчүлдүк ыргагы жок жаӊы жаратылыш катары туулуп, жатындык мотивдерге ээ болгон бардык байланыштардын ордун ээлейт.
Ошентип, рухтун ичинде жаӊы дене жаралышы мүмкүн десек болот. Рухтун өөрчүшү жөнүндөгү ушул бардык элестетүүлөр Ыйык Курандын ар кайсы аяттарынан алынган тыянактар. Ошондой болсо да, болочоктогу окуялардын так табиятын туура аныктоого болбойт. Бул сызыкчалардын негизинде майда-чүйдөсүнө адамдын түшүнүгү жеткен чектен сырткары жаткан нерсе болушу мүмкүн деп айтса гана болот. Жаӊы жашоонун талкуулана турган айрым аспектилери бар. Исламдагы тозок менен бейиштин түшүнүгү адаттагы карманган пикирден таптакыр бөлөк. Тозок менен бейиш бири-биринен бөлөк убакыт менен мейкиндикти ээлеген эки башка жай эмес.
.
Ыйык Куран боюнча,бейиш бүткүл ааламды каптап турат. «Анда тозок кайда болмокчу?»– деп Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын сахаабалары сурашкан. «Ошол эле жерде» – деген жооп болгон экен. «Бирок алардын жанаша болгонун түшүнгөнгө силердин жөндөмүӊөр жок». Жөнөкөй адам түшүнгөн, башкача сөз менен айтканда, алар бир эле убакыт-мейкиндикте болгондой көрүнөт, бирок чындыгында алар ар башка өлчөмдөргө тийиштүү болгондуктан, алар бири-бирине тоскоолдук кылбай жана бири-бири менен байланышта болбой жашап келишет.
.
Бирок бейиштеги жыргалдын жана тозок отунун азаптарынын мааниси кандай?
.
Бул суроого жооп кылып, Азирети Масихи Мавуд(ас)маселени төмөнкү сөздөр менен сүрөттөгөн:
.
«Эгер адам чаӊкоодон өлүп бара жатса, эгер ден соолугу чыӊ болсо, сууну жөн гана ичкенден же эӊ таттуу ичимдикти ичкенде да албаган ырахатты жөнөкөй эле муздак суудан моокуму канган, өмүрүн сактаган ырахат алат. Эгер адам суусап да, ачка болуп да, күч-кубаттын заматтагы азыгына муктаж болуп турса, муздак жүзүмдүн үзүмү ага ошондой эле жөнөкөй шартта ала албаган ушунчалык тереӊ канааттанууну бере алат. Бирок мындай ырахаттын орду жакшы ден-соолук. Эми абдан сыркоолоп, жүрөгү айланып, ичинде эмне суюктук болсо, баарын кусуп салчудай болуп жаткан жана денесинде суюктук азайып, өлүмдүн босогосун аттайын деп калган кишини элестетип көргүлө. Ага бир чыны муздак суу же бир үзүм жүзүм берип көргүлө, анан анын кандай кабыл алганын айтпай эле коелу, жөн эле аларды караганы, анын жүрөгүн айнытып, кускусун келтирет. Ошол өӊдүү мисалдар менен Азирети Масихи Мавуд(ас)(Убада Кылынган Мессия) тозок менен бейишти салыштырмалуу түшүнүк экенин ачык-айкын көрсөткөн. Жакшы нерселердин даамын татып билип, ар бир рух өзүнүн тандаган обьектисине жакыныраак келтирилгенинде мурункудан да чоӊураак ырахат алат.
Руханий жактан дени сак адамдын эӊсөөсү Алла таалага жана Анын касиеттерине жакын болуп жана Алла тааланын сыпаттарын тууроо болуп келген. Бейиште натурасы таза, чыӊ рух мурда болуп көрбөгөндөй жакындык менен Алла тааланын касиеттерин көрүп, аӊдап жана сезе баштайт. Азирети Масихи Мавуд(ас)дын пикири боюнча, алар жөнөкөй руханий байлык болуп кала бербестен, асмандык формалар жана кейиптерге ээ болуп, жаӊыдан жаралган асмандык рух мурунку жандын жардамы аркылуу ырахат алат, ал дене функциясын аткарат.
.
Бул – салыштырмалуу маселе. Тескерисинче тозок акыйкаты төмөнкүчө:
.
таза эмес рух акыреттеги жаӊы жан үчүн таза эмес денени жаратат. Дени таза рухка ырахат берген факторлордун өзү эле таза эмес жанды азап-тозоктоп, катуу кыйноого салат. Биз акылыбыз менен рухубузду денебизге салыштырганда, алардын жашоосунун табиятында түшүнүүгө болбогон чоӊ айырмачылык бар. Материалдык түшүнүктө эмес, тескерисинче аӊ-сезим менен дагы дененин ар бир бөлүгү тирүү жана жашоого толуп, диртилдеп турат. Адам денесинин ар бир бөлүкчөсүнө аӊ-сезимдин кандайдыр бир түрү берилген.
Окумуштуулар ал билүүнү электрондук пульстардын түшүнүгү менен чечмелеп берүүгө аракет кылышат. Бирок бул аӊ-сезим жана сокур сезим, иммундук система жана адамдык дененин башка эркин функцияларынын билимин толук баяндоонун бышпаган жолу. Ал али биздин түшүнүү жөндөмдүүлүгүбүздөн ары жаткан нерсе.
.
Ошентип, аӊ-сезим деген эмне?
.
Ар бир тирүү жандагы «менди» кантип түшүндүрүүгө болот?
.
Психологиялык терминдерде аны эгодей алабызбы?
.
Бирок психолог эгону аныктоодо эч качан ийгиликке жетишкен эмес. Ал диний терминдерде рух деп сүрөттөлгөн бир нерсе. Рух менен материалдык дененин ортосундагы аралыкты өлчөй алуугаэч кандай жол жок. Өзгөчөлүк жагынан а түгүл биздин орой түшүнүгүбүздө өзгөчө жана өтө тазартылган бир нерсе. Аны ээлеген денеге эч бир ыкмада салыштырууга болбойт. Эми миллиарддаган жылдар бою рухтун ичинде дененин жаралганынын сценарийин аӊдоого аракет кылалы. Бир узак күндүн аягында биз рухтун ичинен жанды табабыз, ал өзгөчөлүк жагынан, жердеги адам руху адам денесине болгон салыштырууга ээ. Буга окшош бир нерсе жүз берет жана салыштырмалуулук термининде келечектеги жашоо бир жандын ичиндеги эки абалга ээ болот. Салыштырмалуулук термин боюнча, бир абал дене катары, башкасы жан катары болот. Биздин денелерибизге салыштырмалуу биздин рухубуз жаӊы жашоонун маӊызына жараша дене катары пайда болот. Андан да толугураак маалымат алуу үчүн окурмандар толук китепти окуп чыгуулары сунушталат. Ал бир эле ушул теманы талкууга албай, дүйнө элдерин толкундата турган айрым башка абдан кызыктуу маселелерди да талкуулайт.
.
Кыскасын айтканда, ар бир жеке инсан өзүнүн тозогун же өзүнүн бейишин жаратат, ошондой эле өз абалына жараша ар бир бейиш башка кишинин бейишинен, тозогу болсо башка кишинин тозогунан айырмаланып турат. Кыязы, алар тиги дүйнөлүк ченемдердеги ошол эле мейкиндикти жана убакытты ээлейт.
.
Адамдын өлүмүнөн кийин анын Сурак Күнүндө кайра тирилүүнүн ортосунда адам руху эмне болот?
.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын:
«Биз өлгөндөн кийин мүрзөдө терезелер ачылат; такыба адамдар үчүн терезелер бейишке ачылат, жаман-бузуку адамдар үчүн тозокту көздөй ачылат», – деп айтканы баяндалат.
.
Чындыгында, эгер бизге мүрзөнү ачууга туура келсе, биз эчкандай терезе тапмак эмеспиз! Ошондуктан, ал сөздөрдү сөзмө-сөз түшүнүү маселенин чыныгы маанисин бербейт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)бизге туура эмес маалымат бериши мүмкүн эмес, андыктан бул жерден ал метафора-өтмө маани катары айткан болуш керек. Андай болбогондо, биз мүрзөнү казган сайын тозокко ачылган же бейиштин атыр жыттуу абасын киргизип турган терезелерди тапмакпыз. Бирок, биз анын бирине да күбө эмеспиз.
.
Болбосо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын сөздөрү эмнени билгизет?
.
Мүрзө, чынында, бул жашоо менен келе турган кийинки жашоонун ортосундагы ортоӊку фаза. Бул жерде руханий жашоо аз-аздан көптөгөн этаптардан өзүнүн акыркы тагдырына жеткенге чейин өөрчүп барат. Анан Алла тааланын буйругу менен сурнай тартылып, жашоого акыркы руханий кейип келет. Бул өткөөл мезгилден толук өзгөртүлгөн жанга айландырууга даяр болгон акыркы жетилүү этабына чейин ар бир рух, жакшысы бейиш менен жаманы тозок сыяктуу ахвалдан өтөт.
.
Бул түшүнүктү Куран эӊ сонун сүрөттөйт:}
.
مَا خَلْقُكُمْ وَلَا بَعْثُكُمْ إِلَّا كَنَفْسٍ وَاحِدَةٍ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌبَصِيرٌ{ )لقمان 29(Котормосу: Силердин жаратылышыӊар жана кайра тургузулушуӊар болгону бир жандын жаратылышына жана кайра тургузулушуна окшойт. (31:29)
.
Баланын жалгыз клеткадан пайда болушуна тыкыр көӊүл бурганда, Курандын төмөнкү айтканына күбө болобуз:}
.
هُوَ الَّذِي يُصَوِّرُكُمْ فِي الْأَرْحَامِ كَيْفَ يَشَاءُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ{ )آل عمران 7(Котормосу: Ошол Зат силерге жатындардаӨзүкаалагандай түр берет. (3:7)
.
Эми бул маселе экөө теӊ бирдей, жогоруда айтылып өтүлгөн жаратылуулардын маселесине байланыштуу. Мисалга, тубаса оорукчан балдардын маселесин алып көрөлү. Алар төрөлүп жатканда, капыстан эле ооруга чалдыкпайт, бара-бара өөрчүп турган алардын тээ эрте эмбриондук мезгилинде эле башталган оруксунуу абалынан өөрчүп олтуруп кабылышат. Ошол сыяктуу эле руханий жактан кесел адамдын жаны кыямат Күнүндөгү акыркы тургузулушуна чейин эмбриондук абал оорукчан бала энесинин жатынында кыйналгандай, кабыр доорунда да ошондой кыйналат жана символикалык тозоктон өтөт. Дени соо баланын абалы таптакыр башкача, жада калса, анын тепкилегенине да апасы ыраазы болот.
.
Бул жерде эми мындай маселе туулат:
.
энесинин жатынындагы баладай болуп рух дагы өрчүп, ушул баардык тепкичтерденөтөбү?
.
Бул суроого жооп Курандын дал ошол эле аятынан табылат: «Маа халькукум валаа баӊсукум иллаа ка нафсин ваахидатин». (Силердин жаралышыӊар жана кайра тургузулушуӊар болгону бир жандын жаралышына жана кайра тургузулушуна окшойт).
.
Экинчи жаралууну түшүнүш үчүн бала эненин жатынында кандайча калыптанаарын түшүнүшүбүз керек. Чындыгында, жашоонун жаралышы миллиарддаган жылдарга создугуп жатса да, ушул формалардын өрчүшүнө тогуз ай гана керек болот.
Биологиялык жашоонун башынан баштасак, бала жашоо эволюциясынын дээрлик баардык баскычтарынан өтөт. Бойго бүткөндөн баштап, тогуз ай бою анын төрөлүүсүнө чейин баланын өнүгүүсү жаратылуунунбардык тепкичтерин басып өтөт. Башкача айтканда, эволюциянын бардык тепкичтери тогуз айдын ичинде биринин артынан бири, биз элестете алгыс ушунчалык зор ылдамдыкта кайталанып өтөт. Ал эволюция системасынын тепкичтерин жандантып кармап, анын сүрөтүн ортого таштайт.Тогуз айдын ичинде биз күбө болгон түрүнө жетиш үчүн жашоонун жаралышы өнүгүүнүн узак мезгилинен өтөт. Бул – биздин биринчи жаралуубуздун мезгили абдан узак болгонун, ошондой эле биздин экинчи жаралуубуз да узак мезгилди ээлерин айгинелейт. Ушул тогуз айды изилдеп жатып, жашоонун тарыхындагы дээрлик миллиарддаган жылдарды үйрөнүп чыгабыз, ошондой эле кийинки дүйнөдөгү рухтардын өөрчүшү жөнүндө дагы үйрөнөбүз. Жашоонун башталышынан адамдын жаралып бүткөнүнө чейинки убакыт, мүмкүн, кайрадан өлүмдөн кийинки рухту өөрчүтүү үчүн керек болот деп бүтүм чыгарганыбыз жакшыраак болоор.
.
Бул айтылган акылды ырастоо үчүн Курани карим чечкиндүү түрдө мындай дейт:
.
«Жандар тирилгенде, өздөрүнүн жер үстүндө канча турганын аныкташ үчүн бири-бири менен сүйлөшөт. Айрымдары: «Бизбир күн турдук», – десе, башкалары:«Бир күндөн да аз», – дешет. Ошондо Алла таала мындай дейт:
.
«Аныӊар да туура эмес». Башкача айтканда, Алла таала мындай дейт: «Силер жер үстүндө болжолдогонуӊардан да бир топ аз турдуӊар». Чынында, бир жашоонун узундугун күндүн бир бөлүгүнө карата аздыгы же көптүгү жандын кайрадан тирилүү мезгили анын мурунку жашоосуна салыштыргандай болот. Улам алыс болгон нерсе кичирээк көрүнөт. Биздин балалыгыбыз бир нече секунда өткөн убактай көрүнөт. Жылдыздардын аралыгы алыс болгон сайын, алар ошончо кичине көрүнөт.
.
Алла тааланын бизге айтайын дегени, биз өлгөндөр эртеси эле күнү суракка алына койбойбуз. Андай болуунун ордуна, сурак ушунчалык алыскы болочокто болгондуктан, биздин мурунку жашообуз бир нече секунддай, алыстагы кичинекей чекиттей болуп көрүнүп калат. Кыскача айтканда, адамдын кайра тирилиши ал өзү элестете албаган, жана ал окуянын жүрүшү анын ушул жерде, жер үстүндөгү жашоосу катары сүрөттөлгөн кубулуш.
.
Мындай баардык маселелер Куранда кенен-кесири түшүндүрүлгөн.

#212 18 February 2014 - 03:10
Ислам дини – адеп-ахлактуулуктун,
ыймандуулуктун, таза жашоонун жана
тынчтыктын дини. Ушулардын негизинде өзүн
тарбиялоо процесси бар. Азыркы кездеги
көптөгөн илимпоз, педагогдор тарбия берүүдө
диний тарбияга көп көңүл бурушпайт. Аны эски, цивилизациялык эместей көрүшөт. Ошонун
натыйжасында азыркы мезгилде адамдар
көптөгөн жаман, ыпылас жолдорго түшүүдө.
Ислам дининде баланы тарбиялоо ал төрөлө
электен мурун эле башталууга тийиш. Баланын
келечекте жакшы адам болуусун каалаган ата- эне мурунтан кам көрүүсү зарыл. Мисалы,
спирттик ичимдиктерден алыс болуу. Ансыз
деле медицинада спирттик ичимдиктердин
болочок балага зыян келтире тургандыгы ачык-
айкын аныкталган. Ислам дининде да мас
кылуучу ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат. Кийинкиси, дайыма таза жүрүү. Бул дагы Ислам
дининде талап кылынган нерсе. Тазалык
албетте, келечектеги балага өзүнүн оң таасирин
тийгизет.

Респект
#213 19 February 2014 - 00:38
кыргызча Пайгамбарыбыздын омур байаны android uchun
omur_bayan . apk
http:/ /23089710.spac...d=45671104& Sn=6

#214 20 February 2014 - 21:34
Алла тааланын
адамдарга жиберген акыркы пайгамбары азирети
Мухаммад Алланын акыркы дини болгон
Исламды элге жеткирүү, асыресе, бул дүйнөдө
жана акыретте бакыт-таалайга алып баруучу
жолду көрсөтүү үчүн жиберилген. Ошондуктан мусулмандардын башка диндердеги адамдардан
айырмачылыгы - Алла тааланын жалгыз
экендигине ишениши, Алла тааланын акыркы
пайгамбары болгон Мухаммад пайгамбардын
алып келген мыйзамдарына баш ийиши жана
Пайгамбарыбыздын жашоосун өзүнө үлгү кылып жашашы
адамдарга жиберген акыркы пайгамбары азирети
Мухаммад Алланын акыркы дини болгон
Исламды элге жеткирүү, асыресе, бул дүйнөдө
жана акыретте бакыт-таалайга алып баруучу
жолду көрсөтүү үчүн жиберилген. Ошондуктан мусулмандардын башка диндердеги адамдардан
айырмачылыгы - Алла тааланын жалгыз
экендигине ишениши, Алла тааланын акыркы
пайгамбары болгон Мухаммад пайгамбардын
алып келген мыйзамдарына баш ийиши жана
Пайгамбарыбыздын жашоосун өзүнө үлгү кылып жашашы
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#215 20 February 2014 - 21:35
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи
васаллам) Пайгамбарыбыз бул дүйнө менен кош
айтышкандан бери 14 кылым өттү. Ал эми анын
Алла Тааладан алып, бизге мурас кылып таштап
кеткен мыйзамдары азыркы күнгө чейин
өзгөрүлбөй келди. Ал кыяматка чейин адамдар тарабынан түзүлгөн мыйзамдарга негиз болуп
кала бермекчи. Улуу адамдардын улуулугун
даңазалай алган, баркын билген адамдардын өзү
улуу, өзү бийик. Анткени тарыхтагы канчалаган
аалымдардын, өкүмдарлардын бардыгынын
кылган иштери руханий, көркөм дөөлөттөрдү баалап-барктаган илим, билим, көркөм өнөр
адамдары тарабынан тарыхта алтын тамгалар
менен жазылып, бүгүнкү күнгө чейин жашап
келүүдө.

#216 20 February 2014 - 21:37
Коомдук көйгөй жеке адамдык көйгөйдөн
алдаканча маанилүү болгондугу жалпыга
маалым. Коомдун таза болушу коомдогу
адамдардын пейилине, ыйман-ынсабына, адеп-
ахлагына көзкаранды. Коомдо ыймандуулук
сакталмайын адам баласы бактылуу боло албайт. Ислам дини дүйнөгө ыймансыздыктын,
бузукулуктун, терсаяктыктын тамырын кыркуу
үчүн келген. Себеби, кылымдар бою уланып
келген адепке сыйбаган ар түрдүү жат иштер
жеке адамдын гана турмушун эмес, коомдук
жашоого өз зыянын тийгизген. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам): «Мен
изги адеп-ахлактуулукту кемелине келтирип,
толуктоо үчүн жөнөтүлдүм» деп Ислам дининин
да, өзүнүн да максатын ачык жарыялаган. Өнөкөт дартка айланып, кылымдар бою коомдук
жашоого өзгөчө терс таасирин тийгизген жат
иштердин бири – бул никесиз жыныстык катнаш.
Ислам дининде бул «зина» деп аталат.

#217 20 February 2014 - 21:38
«Зина» фикх (ислам укугу) илиминде төмөнкүчө
аныкталат; зина – бул эркек менен аял кишинин
никесиз жыныстык катнашы. Исламда эркек
менен аял жыныстык катнашта болушу үчүн
сөзсүз түрдө никеде турушу кажет. Алла таала
Исра сүрөсүнүн 32-аятында «Зинага жолобогула! Себеби, ал адепсиздик жана эң
жаман жол» деп буюрат. Аятта Алла таала «зина кылбагыла» деп эмес,
«зинага жолобогула» деген сөздү колдонгон.
Демек, Алла таала бул аят аркылуу зина кылмак
түгүл, зинага себеп боло турган жолдорго да
жолобоо керектигин буюрган. Андыктан Ислам
дини принцип катары тигил же бул жат ишке тыюу салуу менен бирге ага алып баруучу
жолдорго да тыюу салган. Ошондуктан адамдык
касиетибизге, ар-намысыбызга коркунуч
туудурган сойкулукка, зинага жол ача турган ар
кандай (маселен, порнографиялык журнал-
газеталар, фильмдер) нерселерден сак болуубуз керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мына
ушундай жолдор менен кимдир бирөөлөр жаш,
баёо жеткинчектердин илим алууга,
ыймандуулукка багыт алууларына бөгөт болуп,
аларды утурумдук жыргалчылыктарды көздөөгө
чакырып, келечекте коомдук кыйроого себеп болгон жыныстык кумарга, зина сыяктуу ыпылас
иштерди жасоого үгүттөп жатышат.

#218 20 February 2014 - 21:40
Адамды зинага алып баруучу себептердин бири
көз. Башкача айтканда, көзгө ээ боло албоо. Бул
тууралуу Алла таала Нур сүрөсүнүн 30-31-
аяттарында эркек жана аял мусулмандарды
көздөрүн арам нерселерден сактоолорун
буйруган. Бир хадисте Пайгамбарыбыз «Көз – бул шайтандын окторунан бири» деп көздү
зинага жол ача турган каражат катары
колдонуудан алыс болуубузду талап кылган.
Алла таала ошол эле Нур сүрөсүндө абийир, ар-
намысыбызды сактап, өзгөчө аялдар (колунан,
жүзүнөн, бутунан сырткары) денесин жаап, бузукулукка, зинага себеп болбоолорун талап
кылат (Нур сүрөсү, 30-31-аят). 31-аятта өзгөчө
аялдардын дээрлик толук жамынып жүрүүлөрү
буйрулат. Никесиз жыныстык катнаш кадыресе
көрүнүш катары кабылданган бүгүнкү чалкеш
заманда аялдардын порнографиялык журналдарда, рекламаларда, фильмдерде буюм
иретинде колдонулушун эске алуу аркылуу жеке
адамдын, дегеле жалпы коомчулуктун тазалыгы
менен жогорудагы аяттардын ортосундагы
байланышка жакындан карек оодарууга болот.

#219 20 February 2014 - 21:41
Зинага тыюу салынышынын себептери:
Алла таала тыюу салган ар бир нерседе адам
баласы үчүн сөзсүз материалдык жана руханий
залака бар. Адам баласы качан гана тыюу
салынган нерселерден алыс болуп, Алланын
мыйзамдарына баш ийгенде, ал эки дүйнөдө
бактылуу боло алат. Зинага тыюу салынып, анын арам болуп эсептелишинин себептери бар.
Буларды төмөнкүчө тизмелөөгө болор:
1. Келечек муундун бузулушу. Азыркы маалда зинанын айынан жүз миңдеген
никесиз балдар төрөлүүдө. Бул балдардын
энелери белгилүү болсо да, аталарынын ким же
кимдер экени дайынсыз. Мындай кырдаал
психологиялык жактан ал адамдарга зыян алып
келет. Эң коркунучтуусу адеп-ахлагы төмөн жаш муундун пайда болушуна себеп болот.
2. Зина үй-бүлө күткөндөрдүн санын азайтат. Зина кеңири кулач жайган коомдордо адамдар
үй-бүлө күтүүдөн жаа бою качышат. Себеби,
алар жыныстык муктаждыктарын никесиз
байланыштар аркылуу канааттындырат. Үй-бүлө
куруу бул дүйнөдө ар бир кишинин башына
түшкөн ыйык озуйпалардан болуп эсептелет. Адам баласы үй-бүлө куруу аркылуу
материалдык жана руханий жактан өзгөчө
бейпилдикке жетет. Ырас, үй-бүлө куруу,
балалуу болуу - баа жеткис байлык, өзүнчө
кубаныч.
3. Зина - аялзатынын укуктарын тебелеп- тепсөө. Зинаны кадыресе көрүнүш катары кабыл алдырууга мажбурлагандардын өздөрү коомдогу
адепсиздиктин себеп булагы катары ошол
аялдарды көргөзүшөт. Чынында алар аялдардын
укуктарын тебелеп келишет. Аялдарды
жыныстык эркиндик, заманбап турмуш, атак-
даңк, жылдыз болуу сыяктуу чолок ураандар менен алдап, газета-журналдарда,
телевидениеде ыплас максаттарда
колдонушууда. Ар дайым «аялдардын укуктарын
коргойбуз» деп айгай салган феминисттик
уюмдар аялдардын сойкулукка үгүттөлүшүнө
жана акчага сатылган буюм сыяктуу сойкулук секторунда колдонушуна жол берүүлөрү абдан
таң калычтуу. Пайгамбарыбыз «бейиш энелердин
таманы астында» деген хадиси менен аялдарды
алкап, аларды ар кандай бузукулуктан коргоону
көздөгөн.
4. Зина - жугуштуу оорулардын булагы 23 жылдын аралыгында ден-соолукка коркунуч
туудурган, дарысы али табыла элек айыкпас
дарт – ВИЧ СПИДдин вирусу 20 миллиондон
ашык кишинин өлүмүнө себепкер болгон. Атайын
изилдөөлөрдүн натыйжасынан алынган
маалыматтарга таянсак, СПИДке чалдыккан 40 миллиондон ашык киши өз өлүмдөрүн
күтүшүүдө. Дүйнөлүк Банктын СПИДге каршы
күрөшүү проектилерине акыркы 10 жылдын
ичинде 15 миллиард доллар каражат сарптаса
да, эч кандай оң натыйжа берген жок. Бул оору
бир гана Африка мамлекеттеринде эмес, Европа, Кытай, Россия жана Азия өлкөлөрүндө да тездик
менен жайылууда. Изилдөөлөр вирустун тездик
менен жайылышынын эң негизги себептеринин
бири катары «сойкулук» деп, ачык-айкын
жарыялады. Бул оорунун тездик менен жайылып
жатышы дин Исламдын ак нике менен үй-бүлө курууга чакырыгынын сырын дагы да жакшы
түшүнүүгө көмөк болот. Ошондой эле зинанын
айынан чыккан оору бир гана СПИД эмес.
Сифилис, гонорея (көтөн жара) сыяктуу
венерикалык оорулардын да пайда болушу,
изилдөөлөргө караганда, никесиз жыныстык байланыштарга, сойкулукка такалаары
аныкталган.

#220 20 February 2014 - 22:12
Алланын Элчисинин үгүт жана чакырык усулдары:
Таблиг - бул Ислам дининин негиздерин элге түшүндүрүп жаюуга, адамдардын аны
өздөштүрүп, өкүмдөрдү толук жашап кетишине
жардамчы болууга аракет кылуу.
Чакырыкта максаттагы ийгиликти багындыруу
үчүн, белгилүү бир план, программа жана усул
менен иш жүргүзүү кажет. Ошол эле учурда чакырыкка белсенип киришкен адам, колдоого
алынаарлык, туура усул жана жүрүштөрдү
колдонгону оң. Эгерде, колдонуудагы усул
тажатма, же ката болсо, чакырыгы миң
даңазалуу болсо дагы ийгиликке жетүүсү мүмкүн
эмес. Бул жагын эске алганыбызда үгүт-насаат иштериндеги метод, (усул) чакырыктын негизги
бөлүгү болуп саналышы кажет. Жараткан Кудай
Таала, аяттардын биринде чакырык иштерин
белгилүү усул менен жүргүзүүнү буйрат: «Раббиңдин жолуна даанышмандык менен
жакшы насаат менен чакыр! Жана алар менен
маданияттуу түрдө талаш…». (Ан-Нахл. 125) Ошондуктан урматтуу окурмандар Ислам динин
үгүттөөчүлөргө үлгүлүүлүгү жагынан Азирети
Пайгамбарыбыздын тажрыйбада колдонгон усул
жана эрежелердин бир гана бөлүгүн үстүртөн
айта кетүү пайдалуу.

Супер-Инфо
super.kg
видео