Суперстан: Бөбөктөргө байланыштуу кеңештер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бөбөктөргө байланыштуу кеңештер

#61 Пользователь офлайн   ANGEL_   12 Февраль 2014 - 15:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Сөзсүз кайнатылган сууга жуунтуу керекпи?

Жаңы төрөлгөн баланы алдын ала кайнатылып, 38 градуска чейин жылытылган сууга жуунтуу керек. Анткени:
Биринчиден, хлорлонгон суу баланын терисинде аллергияны пайда кылат.

Экинчиден, катуу суу атүгүл чоңдордун терисине кандайдыр бир тактарды чыгарат. А ымыркайдын териси алда канча назик, сезимтал болот. Сууну кайнатуу менен анын катуулугун жумшарткан болобуз.
Үчүнчүдөн, кайнатууда суудагы көптөгөн микробдор менен бактериялар өлөт. Демек, баланы жуунтканда же суу кокусунан оозуна кирип кетсе, кандайдыр бир жугуштуу оору менен ооруп калат деген коркунуч жок болот. Төртүнчүдөн, ымыркайдын киндигинин жарасы толук айыкканга чейин (адатта киндиктин жарасы 18-22 күндө бүтөт) кайнатылган гана сууга жуунтуу зарыл. Анткени, киндиктин бүтө элек жарасына ар кандай микробдор түшүп киндик ириңдеп кетиши мүмкүн.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   ANGEL_   12 Февраль 2014 - 15:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баланы жуунтууда чөптөр жана башка каражаттар эмне үчүн керек?
Марганцовка.
Бул каражат эне-бала төрөт үйүнөн чыккан күндөн баштап баланын киндигинин жарасы айыкканга чейин керек болот. Анткени, ал жаранын батыраак катышына жардам берет. Марганцовканы бир стакан сууга бүдүрлөрү калбай калганга чейин эритип, андан соң дагарадагы даяр сууга кошуу керек. Мындан соң суунун түсү ачык пушту өңгө келет. 10 литр сууга 10 грамм гана марганцовка кошуу сунуш кылынат. Марганцовка баланын терисин кургатып жиберет. Өтө көп колдонгондо күйгүзүп жиберүүчү да касиетке ээ. Андыктан, марганцовканы колдонууда өтө этиеттик керек.
Деңиз тузу.
Деңиз тузу кошулган сууга жуунтууну педиатрлар бала бир айга толгондон баштап сунуш кыла башташат. Бирок, муну күн сайын колдонууга болбойт, бир жума күн сайын же эки жума күн алыс жуундурганыңыз бир курс болуп эсептелинет. 10 л сууга 2 чоң кашык туз кошуу жетиштүү. Деңиз тузунун пайдасы көп: ал баланы ашыкча терчил болуудан сактайт, нерв системасын тынчтандырып, жакшы укташына өбөлгө түзөт. Эгер деңиз тузу жок болсо, анын ордуна кадимки тамак-аш тузун колдонсоңуз да болот. Бирок, мындай учурда тузду таза марляга оролгон калыбында сууга салып коюңуз.
Ит уйгак (череда)
Бул чөп баланы жуунтууда баарынан көп колдонулат. Ал тынчтандыруучу касиетке ээ жана ымыркайдын терисин жумшартат. Хмель.
Хмелдин тобурчактарынын маңызына чыргоо балдарды жуунтуу сунуш кылынат. Ал баланы тынчтандырат. Мындай жуунуудан кийин бала жакшы уктап өзү да эс алат, апасын да эс алдырат.
Ромашка.
Бул териси өзгөчө сезимтал балдарга туура келет. Анткени, ромашка терини түлөөдөн жана сезгенүүдөн арылтат. Ошондой эле ромашка ашыкча терчилдиктен арылууда өзгөчө пайдалуу.
Календула.
Бул гүлдүн маңызы теринин кычышканын басат. Ошондой эле ал баланын терисине чыккан майда жараларды айыктырат. Чистотел.
Теринин сезгенүүсүнөн, айрыкча диатезден жапа чеккен ымыркайларды бул чөптүн маңызына жуунтуу өтө пайдалуу. Бир эле маалда бул чөпкө кошуп ромашканы, ит уйгакты да колдонсоңуз, диатез тууралуу тезирээк унутасыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   ANGEL_   12 Февраль 2014 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Баланы жазалоодо кызуулукка алдырбаңыз. Кол көтөрүү - баланы тарбиялоонун эң туура эмес жолу. Ата-энесинен таяк жеп чоңойгон бала чечкинсиз, жалтак болуп калат. А бул сапаттардын азыркы заман үчүн таптакыр эле кереги жок. Андыктан, жазалоонун жумшагыраак, адилеттүү жолун тандап алыңыз. Балаңызды мүмкүн болушунча көбүрөөк жана ар бир майда жетишкендиктери үчүн мактаңыз. "Бул сенин колуңдан келет", "карачы, чоңоюп калыптырсың" деген фразаларыңыз менен балага дем берип туруңуз. Ата-эненин мактоосу баланы өзүнө ишенимдүү, бактылуу кылат. Анткени, бала ата-энесинин дайыма жанында экенин, ар бир баштаган ишинде алардын колдоорун сезип чоңоёт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   ANGEL_   12 Февраль 2014 - 16:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Эң маанилүү адаттар - баланы көбүрөөк кучактоо жана өбүү. Кучактоо баланын өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюшуна жол ачат. Ошондой эле үйдөн чыгып баратканда жана үйгө киргенде балаңызды өбүүнү унутпаңыз. Бул баланын "апам менен атам кетет, сөзсүз түрдө кайра кайтып келет" деген оюн бекемдейт. Көбүрөөк убактыңызды балаңыз менен өткөрүүгө аракет кылыңыз. Ата-эненин сүйүүсүн, мээримин эч бир нерсе алмаштыра албайт. Кандайдыр бир иш таап, аны менен чогуу алектениңиздер. Ага ишенимдүү дос болуп, көбүрөөк жана ачык сүйлөшүңүз. Ар кандай кырдаалда "сен кандай ойлойсуң?" деген суроо өтө маанилүү жана керек. Ал баланын өзүнүн оюнун калыптанышына жардам берип, келечекте чечкиндүү болуп чоңоюшуна жол ачат. Анан да анын ою сиз үчүн баары бир эмес экенин көрсөтөт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   ANGEL_   12 Февраль 2014 - 16:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Бала төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда аны колго алуу өтө маанилүү. Кош бойлуулуктун тогуз айында бала энеси менен ажырагыс байланышта болот. Анан эле бир күнү төрөлөт да, апасынан бөлүнүп калат. Бул бөлүнүү оор болбоо үчүн балага такай апасы менен чогуу болуу, анын жылуулугун сезүү, жүрөгүнүн кагышын тыңшоо өтө зарыл. Бир гана энесинин колунда бала өзүн толук бойдон коопсуз сезет. Бул нерсе баланын калыптагыдай өнүгүүсү үчүн маанилүү. "Көзүмө көрүнбөй жоголчу ары", "сен мени тажаттың" , "сен мага такай тоскоол болосуң" деген сыяктуу фразаларыңыз сиздин балаңызды эч качан бактылуу кылбайт. Эки жаштагы балаңызга да оройлугуңузду көрсөтпөй, ар дайым назик, мээримдүү болуңуз. Балаңыз 4 жашта болсо да аны сыйлаңыз. Тамактандырууда, кийим тандоодо, сейилдөөдө анын ою менен эсептешиңиз. Аны менен бардык темада сүйлөшүп, калп айтпаганга аракет кылыңыз. 7-8 жашынан баштап күнүмдүк керектөөлөрү үчүн чөнтөгүнө акча салып бериңиз жана майда-чүйдө нерселерди сатып келүүгө, үй иштерине жумшаңыз. Сиздин мындай ишеним көрсөтүүңүздөн улам бала өзүн маанилүү, керектүү сезет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   aijan   12 Февраль 2014 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ангел, сонун нерселерди жазып жатасыз го! Колунуз дарт корбосун:)

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Lili   12 Февраль 2014 - 20:55

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

салам, менин береин дегем суроом: 3 айлык бала менен 4 саат самолет менен жол жургону жатам, кандай кылсам балага жакшы болот, полет убагында жана аба алмашканда? ушундай опыттыныр бар болсо болушкулочуууууу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   aijan   12 Февраль 2014 - 21:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Lili (12 Февраль 2014 - 20:55) жазган:

салам, менин береин дегем суроом: 3 айлык бала менен 4 саат самолет менен жол жургону жатам, кандай кылсам балага жакшы болот, полет убагында жана аба алмашканда? ушундай опыттыныр бар болсо болушкулочуууууу

Эмизип кетсениз жакшы. Кулагы бутпойт.(Ушуга жараша кандай кофта киесиз, байкаштырыныз. ) Уктап калса андан да жакшы.
Кулактарына пахта салып (ото жыш кылып эмес) эмгегин жаба хб жоолук салынтып келген элем, пайдасы болдубу, болбодубу, билбейм. Коп калын кийинтпей (тердеп кетет) учак ойдологондо ушубосун учун кичинекей тошончусун алып алган жакшы.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Devuwka   12 Февраль 2014 - 23:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 22 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 24 Фев 2014 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Lili (12 Февраль 2014 - 20:55) жазган:

салам, менин береин дегем суроом: 3 айлык бала менен 4 саат самолет менен жол жургону жатам, кандай кылсам балага жакшы болот, полет убагында жана аба алмашканда? ушундай опыттыныр бар болсо болушкулочуууууу


саламатсызбы. Эгерде эмизсениз эмизип барганыныз жакшы,себеби самолет учканда баланын кулагы тунуп,эртеси куну ыйлай баштайт. Самолеттун ичиндеги температура бир аз жогорураак болгону үчүн кошумча керектүү кийимдерин жаныңызга алып алганыныз туура болот. Түнүчүндө учкангабы,эне кыйналып калгандыктан сүттүн чыгышы кичине азыраак болуп калат,колунуздан келсе жаныңызга учурда кошумча тамак берип жаткан болсонуз( Мисалы,мен Nan алып алгам суу менен)алып алганыныз туура болот. Эгерде эмизбесениз анда соска сордуруп коюнуз баланызга,кулагын тундурбайт. Атасы менен учуп барат болушунуз керек,баланын атасы менен учбасаныз,атасы тарабынан баласынын учууга боло турганын ,б.а макулдугун тастыктаган нотариус тарабынан бекитилген тил каты керек болот. Ак жол сиздерге!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Lili   13 Февраль 2014 - 00:10

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Devuwka (12 Февраль 2014 - 23:58) жазган:

саламатсызбы. Эгерде эмизсениз эмизип барганыныз жакшы,себеби самолет учканда баланын кулагы тунуп,эртеси куну ыйлай баштайт. Самолеттун ичиндеги температура бир аз жогорураак болгону үчүн кошумча керектүү кийимдерин жаныңызга алып алганыныз туура болот. Түнүчүндө учкангабы,эне кыйналып калгандыктан сүттүн чыгышы кичине азыраак болуп калат,колунуздан келсе жаныңызга учурда кошумча тамак берип жаткан болсонуз( Мисалы,мен Nan алып алгам суу менен)алып алганыныз туура болот. Эгерде эмизбесениз анда соска сордуруп коюнуз баланызга,кулагын тундурбайт. Атасы менен учуп барат болушунуз керек,баланын атасы менен учбасаныз,атасы тарабынан баласынын учууга боло турганын ,б.а макулдугун тастыктаган нотариус тарабынан бекитилген тил каты керек болот. Ак жол сиздерге!

рахмат кеңештериңизге. жок, атасы калат, мен мурун көп эле жолу границадан өткөм чоң уулум менен доверенность(согласие на выезд и въезд) сурабады эле, бүгүн билет алган жерден, сурашы мумкун деди го, и айткандай гр-во РФ бизде, бул жонундо да айта кеткилечи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Lili   13 Февраль 2014 - 00:15

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aijan (12 Февраль 2014 - 21:24) жазган:

Эмизип кетсениз жакшы. Кулагы бутпойт.(Ушуга жараша кандай кофта киесиз, байкаштырыныз. ) Уктап калса андан да жакшы.
Кулактарына пахта салып (ото жыш кылып эмес) эмгегин жаба хб жоолук салынтып келген элем, пайдасы болдубу, болбодубу, билбейм. Коп калын кийинтпей (тердеп кетет) учак ойдологондо ушубосун учун кичинекей тошончусун алып алган жакшы.

рахмат Айжан эже, атайын уктап барсын деп кечки рейске алдым билетти, негизи балам жоош эле, ошентсе да ыйлап башкалардын жинине тийип албайлы деп корком
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Kg.lady   13 Февраль 2014 - 02:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения Lili (13 Февраль 2014 - 00:10) жазган:

рахмат кеңештериңизге. жок, атасы калат, мен мурун көп эле жолу границадан өткөм чоң уулум менен доверенность(согласие на выезд и въезд) сурабады эле, бүгүн билет алган жерден, сурашы мумкун деди го, и айткандай гр-во РФ бизде, бул жонундо да айта кеткилечи

Биз былтыр барып келгенибизде орустар доверенность сураган эмес, анткени андай законду алып салышыптыр. А бирок кыргызстандан сураган,баарибир доверенностту алып алыныз,журок оюуу болбой тыынч барып келесиз.Анан ЗАГСынарды (нике куболугун)алып алыныз.
Ырас ымыркайлар учун бир аз ынгайсыз самалетто,биз олтургандада бир жашка чейинки бобоктор чырылдап ыйлап келишкен,а тугул беш жаштагы кызымда кулагым тунуп калды деп учак которулгондо ыйлады:).

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Lili   13 Февраль 2014 - 03:34

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Kg.lady (13 Февраль 2014 - 02:18) жазган:

Биз былтыр барып келгенибизде орустар доверенность сураган эмес, анткени андай законду алып салышыптыр. А бирок кыргызстандан сураган,баарибир доверенностту алып алыныз,журок оюуу болбой тыынч барып келесиз.Анан ЗАГСынарды (нике куболугун)алып алыныз.
Ырас ымыркайлар учун бир аз ынгайсыз самалетто,биз олтургандада бир жашка чейинки бобоктор чырылдап ыйлап келишкен,а тугул беш жаштагы кызымда кулагым тунуп калды деп учак которулгондо ыйлады:)/>.

анда жаздырып эле алайын, башыма :макоо: артырбай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   ANGEL_   13 Февраль 2014 - 20:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Бийдин пайдалары
Ден соолук үчүн. Жүрөккө пайдалуулугу жагынан бийге эч нерсе жетпейт. Мындан тышкары, бий булчуңдарга, кан тамырларга, муундарга да жакшы. Ал коопсуз болгондуктан, баланы 4 жашынан баштап бийге берүүгө болот. Бой-келбет. Компьютердин заманы болгон бүгүнкү күндүн балдарынын көпчүлүгүндө туура эмес бой-келбет өөрчүйт. Спорттун бир дагы түрү далыны, омурткаларды бийдей түздөй албайт.
Жарашыктуу басык.
Эгер ата-эне балага кичинесинен жакшы бийлегенди үйрөткөн болсо, демек, жарашыктуу басууну үйрөттү. Сүйлөшүү, мамиле куруу. Ооба, бардык эле балдар бири-бири менен сүйлөшүшөт. Атүгүл бала бакчадагы балдар да. Бирок, бийлеген балдар жалпы тилди тезирээк табышат. Жагымдуу музыка жана бий классындагы атмосфера балдарды жакындаштырат. Мындан тышкары, бий баланы эркиндикке чакырат. Эгерде уулуңуз же кызыңыз жоош, тартынчаак болсо, аны бийге бериңиз - бий аны күчтүү жана эркин кылат.
Жакшы маанай. Бала бийлеп жатканда андагы стресстер бүт чыгып кетет (балдар да чоңдордон кем эмес стресс алышат). Мындан тышкары, бийлөө учурунда бүт органдарга, анын ичинде мээге да кандын куюлуусу жакшырат. Демек, маанай көтөрүлөт.
Сезимталдуулук. Бий менен үзгүлтүксүз машыгуу баланы сезимтал кылып, угуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Анткени, балдар бийлеп жаткан убакта аны менен катар музыканы угуп, аны түшүнүүгө үйрөнүшөт.
Сырткы келбет. Эгер бала кичинесинен баштап бийлесе, анын сөзсүз түрдө фигурасы келишимдүү, өзү ийилчээк болот. Ошондой эле алар жарашыктуу кийинишет. Ушундай мыйзам ченемдүүлүк бар: бийлеген балдардын кийимге болгон табити жакшы болот. Ишенбесеңиз, кызыңызды бий ийримине бериңиз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   ANGEL_   13 Февраль 2014 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Музыканын пайдалары
1.Кичинесинен музыка менен машыккан баланын акыл-эси башка балдардыкына караганда жакшы өөрчүйт. Музыкалуу бала жакшы окуйт, өзүнүн оюн сөз менен жакшы чагылдырат. Эгер балаңыздын чет тилдерин үйрөнүүсүн кааласаңыз, анын грамматиканы жакшы окушун талап кылбай, музыка менен машыгуусуна шарт түзүңүз. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн кийин музыка менен машыккан баланын мээсинин жакшы иштеши мындайча түшүндүрүлөт: музыканттардын мээсинин эки жарым шары бир убакта иштеп, активдүүлүгү бирдей болот. Анткени, музыкалык аспап эки кол менен ойнолот да, нейрондук сигналдар бирдей өлчөмдө бөлүнөт.
2.Жагымдуу, классикалык музыкалар баланын курсакта жатканынан баштап таасир эте баштайт. Кош бойлуу эне мындай музыкаларды көп укса, бала төрөлгөндө жоош болот. Ыйласа да ушул музыкаларды укса тынчып, уктап калат. Классикалык музыкаларды такай угуу жүрөк-кан тамырлар системасына жакшы таасир тийгизет, дем алууну жакшыртат, мээни тынчтандырат. Музыка баланын ой жүгүртүүсүн, көңүл коюусун, эске тутуусун жана иммундук системасын өөрчүтөт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   ANGEL_   13 Февраль 2014 - 20:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Спорттун пайдалары
Физикалык пайдасы - ким спорт менен машыкса, анын дене түзүлүшү башкалардыкына караганда жакшынакай болот. Анткени, мында баланын сөөктөрүнүн түзүлүшү кичине кезинен жакшырат. Спорт менен машыккан бала жеңүү, жеңилүү сыяктуу учурларын башынан көп өткөрөт. Бул болсо баланы турмуштагы ийгиликтүү жана ийгиликсиз учурларга бирдей караганга үйрөтөт. Командалык спорттук оюндар баланы ишенимдүүлүккө тарбиялайт. Бул турмуштагы эң керектүү сапаттардын бири. Спорт баланы келечекте бир нерсени жакшылап акыр-аягына чейин пландаштырып, андан соң ишке ашырууга үйрөтөт. Анткени, спортто гол киргизүүнүн же жеңиштин өзгөчө бир ыкмаларын издөө зарыл. Физикалык көнүгүүлөр "бакыт гормонунун" иштелип чыгышына шарт түзөт. Демек, спорт менен машыккан баланын маанайы көтөрүңкү болот. Статистика көрсөткөндөй, спорт менен машыккан адам стресске көп чалдыкпайт. Анан албетте, спорт ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Ал кандагы ашыкча кантты жана холестеринди айдап чыгат. Бул жалпы эле спорттун ден соолукка тийгизген пайдасы. Ал эми спорттун ар башка түрүнүн конкреттүү пайдалары төмөнкүдөй:
Волейбол жана баскетбол. Мында дененин бардык булчуңдары иштейт. Баланы жеңилдикке, бир нерсеге тез реакция кылганга тарбиялайт.
Футбол. Буттун жана жамбаштын булчуңдарына өзгөчө пайдалуу.
Хоккей. Дем алуу, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын ишин жакшыртат. Бирок май тамандуулукта, астмасы барларга, ашказанында жарасы барларга ойноо сунуш кылынбайт.
Сууда сүзүү. Нерв системасын бекемдейт, өпкөнүн ишин жакшыртат, булчуңдарды бекемдейт. Коньки тебүү. Ийкемдүүлүктү өөрчүтөт, буттун булчуңдарын бекемдейт жана келбеттүү кылат. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасынын ишин жакшыртат. Остеохондрозу, зат алмашуусунда көйгөйү барлар үчүн пайдалуу. Ал эми өпкө оорусу, астмасы барларга спорттун бул түрү менен машыгууга болбойт. Гимнастика. Ийилчээктикти өөрчүтөт. Кыздардын фигурасынын жакшы болушун жана бой- келбетинин туура өөрчүшүн шарттайт Чоң теннис. Ийкемдүүлүккө жана бир нерсеге тез реакция кылууга тарбиялайт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   ANGEL_   13 Февраль 2014 - 21:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Балдардын коркунучу
Cтатистика боюнча, ар экинчи бала тигил же бул курагында бир нерседен коркот. Биз көп маани бербегенибиз менен бул олуттуу маселе. Коркунуч - баланын психикасына терс таасир тийгизип, ал тургай стресске жеткириши мүмкүн. Эгерде өз убагында балага ошол коркунучту жеңүүгө ата-эне жардам бербесе, анын жашоодо ийгиликтерди жаратуусуна тоскоол болот.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   ANGEL_   13 Февраль 2014 - 21:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Коркунуч балдарда кайдан пайда болот?

1.Көп учурда ата-эне өзү байкабай баласындагы коркунучтун пайда болушуна себепчи болуп калат. Бала жакын адамдарынын эмоциясын губка сыяктуу эле өзүнө сиңирип алат. Мисалы, бала башында курт-кумурскадан коркчу эмес. Бир күнү апасынын андан коркконун көрүп калса, ал да ошол күндөн баштап курт-кумурскадан корко баштайт. Андыктан, балаңыздын көзүнчө бирөөлөргө коркунучтуу түшүңүздү, бир нерседен катуу коркконуңузду айтпаңыз.

2.Көпчүлүк ата-энелердин бала тарбиялоосунда коркутуу деген туура эмес ыкма бар. Балаңыз тентек кылып сөзүңүздү укпай жатса "жез кемпирге берип коём", "азыр милиционер келип алып кетет" деген сыяктуу фразаларды колдоносуз. Ооба, бул коркутуулар убактылуу натыйжасын берет. Бала бул сөздөрдү уккандан кийин кайсы бир убакка чейин тартиптүү болуп калышы мүмкүн. Бирок, жез кемпирден же милиционерден коркуп калгандан тышкары балада "атам менен апам мени таштап кетеби?" деген чоң коркунуч жаралат. Ата-энесиз калуу - балдардагы эң кеңири таралган коркунуч. Анан да балада "балким, атам менен апам мени жакшы көрүшпөйт" деген күмөн ой туулат. Мындай ойлор баланын өзүн-өзү кемсинтип чоңоюшуна шарт түзөт.
3. Баладагы коркунучтун дагы бир булагы телевизор болушу мүмкүн. Кимде-ким үйүндө коркунучтуу фильмдерди, криминалдык жаңылыктарды көп көрсө, анын баласы коркок болуп калат. Андыктан, мындай берүүлөрдү балдарга көрсөтүүгө тыюу салынат.
4.Ата-эненин биринин сөзүн экинчиси жокко чыгарып турган тарбия да баланын жашоого болгон туруктуу көз карашын жоготот. Мындай балдар коркок, өзүнө ишенимсиз болуп чоңоюшат. Башкаларда эч кандай сезимди жаратпаган окуя бул балдарда коркуу сезимин жаратат. Андыктан, эгерде атасы "болбойт" десе, апасы да аны колдоосу керек. Ал эми пикир келишпестиктерди бала укпагыдай кылып такташып алыңыздар.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   ANGEL_   13 Февраль 2014 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Коркунучтун жаш куракка жараша өзгөчөлүктөрү
Ар бир балада тигил же бул нерседен коркуу сезими бар. Бул кадимки көрүнүш. Бирок, ата- эне бул коркунучту жоюуга аракет жасоосу зарыл. Эгер бул сезим баланын аң-сезиминде калып калса, чоңойгондо аны жоюу мүмкүн эмес.
1 жашка чейинки коркунучтар
7 айлык баланын коркунучу - жалгыздык. Бул курактагы бала ээн бөлмөдө көп убакытка чейин жалгыз отуруп калса, анда коркок адам калыптана баштайт.
Ал эми 8 айлык баланын корккону - чоочун адамдар. Эрежеге ылайык, бул курактагы кыздар - чоочун эркектерден, эркек балдар - улуу аялдардан коркушат.
1-3 жаштагы коркунучтар Бул курактагы балдар врачтардан, уколдон, жаныбарлардан, чуңкурдан, бийиктиктен, жүрүп бараткан унаадан коркушат.
3-5 жаштагы коркунучтар Караңгылык, жалгыздык - бул курактагы балдардын коркунучу. Мындан тышкары, бул балдар жомок каармандарынан (жез кемпир, дөө, карышкыр) коркушат.
6-7 жаштагы коркунучтар Бул курактагы балдар үчүн эң коркунучтуу нерсе - өлүм. Болгондо да алар жаратылыш кырсыктары менен байланышкан өлүмдөн коркушат.
7-11 жаштагы коркунучтар. Жаратылыш кырсыктарынан коркуу бул куракта да уланат. Мындан тышкары, буга өлүктөн, вампирден, желмогуздан, скелеттен коркуу сезимдери кошулат.

Билдирүүнү түзөткөн: ANGEL_: 13 Февраль 2014 - 21:33

Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   ali.95   13 Февраль 2014 - 21:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Май 2020 20:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Osh

убактысы келсе ээрчибей калат
ali.90
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июн 2025 23:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: