Бөбөктөргө байланыштуу кеңештер
#61 12 Февраль 2014 - 15:23
Жаңы төрөлгөн баланы алдын ала кайнатылып, 38 градуска чейин жылытылган сууга жуунтуу керек. Анткени:
Биринчиден, хлорлонгон суу баланын терисинде аллергияны пайда кылат.
Экинчиден, катуу суу атүгүл чоңдордун терисине кандайдыр бир тактарды чыгарат. А ымыркайдын териси алда канча назик, сезимтал болот. Сууну кайнатуу менен анын катуулугун жумшарткан болобуз.
Үчүнчүдөн, кайнатууда суудагы көптөгөн микробдор менен бактериялар өлөт. Демек, баланы жуунтканда же суу кокусунан оозуна кирип кетсе, кандайдыр бир жугуштуу оору менен ооруп калат деген коркунуч жок болот. Төртүнчүдөн, ымыркайдын киндигинин жарасы толук айыкканга чейин (адатта киндиктин жарасы 18-22 күндө бүтөт) кайнатылган гана сууга жуунтуу зарыл. Анткени, киндиктин бүтө элек жарасына ар кандай микробдор түшүп киндик ириңдеп кетиши мүмкүн.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#62 12 Февраль 2014 - 15:25
Марганцовка.
Бул каражат эне-бала төрөт үйүнөн чыккан күндөн баштап баланын киндигинин жарасы айыкканга чейин керек болот. Анткени, ал жаранын батыраак катышына жардам берет. Марганцовканы бир стакан сууга бүдүрлөрү калбай калганга чейин эритип, андан соң дагарадагы даяр сууга кошуу керек. Мындан соң суунун түсү ачык пушту өңгө келет. 10 литр сууга 10 грамм гана марганцовка кошуу сунуш кылынат. Марганцовка баланын терисин кургатып жиберет. Өтө көп колдонгондо күйгүзүп жиберүүчү да касиетке ээ. Андыктан, марганцовканы колдонууда өтө этиеттик керек.
Деңиз тузу.
Деңиз тузу кошулган сууга жуунтууну педиатрлар бала бир айга толгондон баштап сунуш кыла башташат. Бирок, муну күн сайын колдонууга болбойт, бир жума күн сайын же эки жума күн алыс жуундурганыңыз бир курс болуп эсептелинет. 10 л сууга 2 чоң кашык туз кошуу жетиштүү. Деңиз тузунун пайдасы көп: ал баланы ашыкча терчил болуудан сактайт, нерв системасын тынчтандырып, жакшы укташына өбөлгө түзөт. Эгер деңиз тузу жок болсо, анын ордуна кадимки тамак-аш тузун колдонсоңуз да болот. Бирок, мындай учурда тузду таза марляга оролгон калыбында сууга салып коюңуз.
Ит уйгак (череда)
Бул чөп баланы жуунтууда баарынан көп колдонулат. Ал тынчтандыруучу касиетке ээ жана ымыркайдын терисин жумшартат. Хмель.
Хмелдин тобурчактарынын маңызына чыргоо балдарды жуунтуу сунуш кылынат. Ал баланы тынчтандырат. Мындай жуунуудан кийин бала жакшы уктап өзү да эс алат, апасын да эс алдырат.
Ромашка.
Бул териси өзгөчө сезимтал балдарга туура келет. Анткени, ромашка терини түлөөдөн жана сезгенүүдөн арылтат. Ошондой эле ромашка ашыкча терчилдиктен арылууда өзгөчө пайдалуу.
Календула.
Бул гүлдүн маңызы теринин кычышканын басат. Ошондой эле ал баланын терисине чыккан майда жараларды айыктырат. Чистотел.
Теринин сезгенүүсүнөн, айрыкча диатезден жапа чеккен ымыркайларды бул чөптүн маңызына жуунтуу өтө пайдалуу. Бир эле маалда бул чөпкө кошуп ромашканы, ит уйгакты да колдонсоңуз, диатез тууралуу тезирээк унутасыз.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#63 12 Февраль 2014 - 16:19
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#64 12 Февраль 2014 - 16:21
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#65 12 Февраль 2014 - 16:21
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#66 12 Февраль 2014 - 17:04
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#67 12 Февраль 2014 - 20:55
#68 12 Февраль 2014 - 21:24
Lili (12 Февраль 2014 - 20:55) жазган:
Эмизип кетсениз жакшы. Кулагы бутпойт.(Ушуга жараша кандай кофта киесиз, байкаштырыныз. ) Уктап калса андан да жакшы.
Кулактарына пахта салып (ото жыш кылып эмес) эмгегин жаба хб жоолук салынтып келген элем, пайдасы болдубу, болбодубу, билбейм. Коп калын кийинтпей (тердеп кетет) учак ойдологондо ушубосун учун кичинекей тошончусун алып алган жакшы.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#69 12 Февраль 2014 - 23:58
Lili (12 Февраль 2014 - 20:55) жазган:
саламатсызбы. Эгерде эмизсениз эмизип барганыныз жакшы,себеби самолет учканда баланын кулагы тунуп,эртеси куну ыйлай баштайт. Самолеттун ичиндеги температура бир аз жогорураак болгону үчүн кошумча керектүү кийимдерин жаныңызга алып алганыныз туура болот. Түнүчүндө учкангабы,эне кыйналып калгандыктан сүттүн чыгышы кичине азыраак болуп калат,колунуздан келсе жаныңызга учурда кошумча тамак берип жаткан болсонуз( Мисалы,мен Nan алып алгам суу менен)алып алганыныз туура болот. Эгерде эмизбесениз анда соска сордуруп коюнуз баланызга,кулагын тундурбайт. Атасы менен учуп барат болушунуз керек,баланын атасы менен учбасаныз,атасы тарабынан баласынын учууга боло турганын ,б.а макулдугун тастыктаган нотариус тарабынан бекитилген тил каты керек болот. Ак жол сиздерге!
#70 13 Февраль 2014 - 00:10
Devuwka (12 Февраль 2014 - 23:58) жазган:
рахмат кеңештериңизге. жок, атасы калат, мен мурун көп эле жолу границадан өткөм чоң уулум менен доверенность(согласие на выезд и въезд) сурабады эле, бүгүн билет алган жерден, сурашы мумкун деди го, и айткандай гр-во РФ бизде, бул жонундо да айта кеткилечи
#71 13 Февраль 2014 - 00:15
aijan (12 Февраль 2014 - 21:24) жазган:
Кулактарына пахта салып (ото жыш кылып эмес) эмгегин жаба хб жоолук салынтып келген элем, пайдасы болдубу, болбодубу, билбейм. Коп калын кийинтпей (тердеп кетет) учак ойдологондо ушубосун учун кичинекей тошончусун алып алган жакшы.
рахмат Айжан эже, атайын уктап барсын деп кечки рейске алдым билетти, негизи балам жоош эле, ошентсе да ыйлап башкалардын жинине тийип албайлы деп корком
#72 13 Февраль 2014 - 02:18
Lili (13 Февраль 2014 - 00:10) жазган:
Биз былтыр барып келгенибизде орустар доверенность сураган эмес, анткени андай законду алып салышыптыр. А бирок кыргызстандан сураган,баарибир доверенностту алып алыныз,журок оюуу болбой тыынч барып келесиз.Анан ЗАГСынарды (нике куболугун)алып алыныз.
Ырас ымыркайлар учун бир аз ынгайсыз самалетто,биз олтургандада бир жашка чейинки бобоктор чырылдап ыйлап келишкен,а тугул беш жаштагы кызымда кулагым тунуп калды деп учак которулгондо ыйлады
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#73 13 Февраль 2014 - 03:34
Kg.lady (13 Февраль 2014 - 02:18) жазган:
Ырас ымыркайлар учун бир аз ынгайсыз самалетто,биз олтургандада бир жашка чейинки бобоктор чырылдап ыйлап келишкен,а тугул беш жаштагы кызымда кулагым тунуп калды деп учак которулгондо ыйлады
анда жаздырып эле алайын, башыма

#74 13 Февраль 2014 - 20:56
Ден соолук үчүн. Жүрөккө пайдалуулугу жагынан бийге эч нерсе жетпейт. Мындан тышкары, бий булчуңдарга, кан тамырларга, муундарга да жакшы. Ал коопсуз болгондуктан, баланы 4 жашынан баштап бийге берүүгө болот. Бой-келбет. Компьютердин заманы болгон бүгүнкү күндүн балдарынын көпчүлүгүндө туура эмес бой-келбет өөрчүйт. Спорттун бир дагы түрү далыны, омурткаларды бийдей түздөй албайт.
Жарашыктуу басык.
Эгер ата-эне балага кичинесинен жакшы бийлегенди үйрөткөн болсо, демек, жарашыктуу басууну үйрөттү. Сүйлөшүү, мамиле куруу. Ооба, бардык эле балдар бири-бири менен сүйлөшүшөт. Атүгүл бала бакчадагы балдар да. Бирок, бийлеген балдар жалпы тилди тезирээк табышат. Жагымдуу музыка жана бий классындагы атмосфера балдарды жакындаштырат. Мындан тышкары, бий баланы эркиндикке чакырат. Эгерде уулуңуз же кызыңыз жоош, тартынчаак болсо, аны бийге бериңиз - бий аны күчтүү жана эркин кылат.
Жакшы маанай. Бала бийлеп жатканда андагы стресстер бүт чыгып кетет (балдар да чоңдордон кем эмес стресс алышат). Мындан тышкары, бийлөө учурунда бүт органдарга, анын ичинде мээге да кандын куюлуусу жакшырат. Демек, маанай көтөрүлөт.
Сезимталдуулук. Бий менен үзгүлтүксүз машыгуу баланы сезимтал кылып, угуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Анткени, балдар бийлеп жаткан убакта аны менен катар музыканы угуп, аны түшүнүүгө үйрөнүшөт.
Сырткы келбет. Эгер бала кичинесинен баштап бийлесе, анын сөзсүз түрдө фигурасы келишимдүү, өзү ийилчээк болот. Ошондой эле алар жарашыктуу кийинишет. Ушундай мыйзам ченемдүүлүк бар: бийлеген балдардын кийимге болгон табити жакшы болот. Ишенбесеңиз, кызыңызды бий ийримине бериңиз.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#75 13 Февраль 2014 - 20:57
1.Кичинесинен музыка менен машыккан баланын акыл-эси башка балдардыкына караганда жакшы өөрчүйт. Музыкалуу бала жакшы окуйт, өзүнүн оюн сөз менен жакшы чагылдырат. Эгер балаңыздын чет тилдерин үйрөнүүсүн кааласаңыз, анын грамматиканы жакшы окушун талап кылбай, музыка менен машыгуусуна шарт түзүңүз. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн кийин музыка менен машыккан баланын мээсинин жакшы иштеши мындайча түшүндүрүлөт: музыканттардын мээсинин эки жарым шары бир убакта иштеп, активдүүлүгү бирдей болот. Анткени, музыкалык аспап эки кол менен ойнолот да, нейрондук сигналдар бирдей өлчөмдө бөлүнөт.
2.Жагымдуу, классикалык музыкалар баланын курсакта жатканынан баштап таасир эте баштайт. Кош бойлуу эне мындай музыкаларды көп укса, бала төрөлгөндө жоош болот. Ыйласа да ушул музыкаларды укса тынчып, уктап калат. Классикалык музыкаларды такай угуу жүрөк-кан тамырлар системасына жакшы таасир тийгизет, дем алууну жакшыртат, мээни тынчтандырат. Музыка баланын ой жүгүртүүсүн, көңүл коюусун, эске тутуусун жана иммундук системасын өөрчүтөт.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#76 13 Февраль 2014 - 20:59
Физикалык пайдасы - ким спорт менен машыкса, анын дене түзүлүшү башкалардыкына караганда жакшынакай болот. Анткени, мында баланын сөөктөрүнүн түзүлүшү кичине кезинен жакшырат. Спорт менен машыккан бала жеңүү, жеңилүү сыяктуу учурларын башынан көп өткөрөт. Бул болсо баланы турмуштагы ийгиликтүү жана ийгиликсиз учурларга бирдей караганга үйрөтөт. Командалык спорттук оюндар баланы ишенимдүүлүккө тарбиялайт. Бул турмуштагы эң керектүү сапаттардын бири. Спорт баланы келечекте бир нерсени жакшылап акыр-аягына чейин пландаштырып, андан соң ишке ашырууга үйрөтөт. Анткени, спортто гол киргизүүнүн же жеңиштин өзгөчө бир ыкмаларын издөө зарыл. Физикалык көнүгүүлөр "бакыт гормонунун" иштелип чыгышына шарт түзөт. Демек, спорт менен машыккан баланын маанайы көтөрүңкү болот. Статистика көрсөткөндөй, спорт менен машыккан адам стресске көп чалдыкпайт. Анан албетте, спорт ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Ал кандагы ашыкча кантты жана холестеринди айдап чыгат. Бул жалпы эле спорттун ден соолукка тийгизген пайдасы. Ал эми спорттун ар башка түрүнүн конкреттүү пайдалары төмөнкүдөй:
Волейбол жана баскетбол. Мында дененин бардык булчуңдары иштейт. Баланы жеңилдикке, бир нерсеге тез реакция кылганга тарбиялайт.
Футбол. Буттун жана жамбаштын булчуңдарына өзгөчө пайдалуу.
Хоккей. Дем алуу, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын ишин жакшыртат. Бирок май тамандуулукта, астмасы барларга, ашказанында жарасы барларга ойноо сунуш кылынбайт.
Сууда сүзүү. Нерв системасын бекемдейт, өпкөнүн ишин жакшыртат, булчуңдарды бекемдейт. Коньки тебүү. Ийкемдүүлүктү өөрчүтөт, буттун булчуңдарын бекемдейт жана келбеттүү кылат. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасынын ишин жакшыртат. Остеохондрозу, зат алмашуусунда көйгөйү барлар үчүн пайдалуу. Ал эми өпкө оорусу, астмасы барларга спорттун бул түрү менен машыгууга болбойт. Гимнастика. Ийилчээктикти өөрчүтөт. Кыздардын фигурасынын жакшы болушун жана бой- келбетинин туура өөрчүшүн шарттайт Чоң теннис. Ийкемдүүлүккө жана бир нерсеге тез реакция кылууга тарбиялайт.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#77 13 Февраль 2014 - 21:29
Cтатистика боюнча, ар экинчи бала тигил же бул курагында бир нерседен коркот. Биз көп маани бербегенибиз менен бул олуттуу маселе. Коркунуч - баланын психикасына терс таасир тийгизип, ал тургай стресске жеткириши мүмкүн. Эгерде өз убагында балага ошол коркунучту жеңүүгө ата-эне жардам бербесе, анын жашоодо ийгиликтерди жаратуусуна тоскоол болот.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#78 13 Февраль 2014 - 21:30
1.Көп учурда ата-эне өзү байкабай баласындагы коркунучтун пайда болушуна себепчи болуп калат. Бала жакын адамдарынын эмоциясын губка сыяктуу эле өзүнө сиңирип алат. Мисалы, бала башында курт-кумурскадан коркчу эмес. Бир күнү апасынын андан коркконун көрүп калса, ал да ошол күндөн баштап курт-кумурскадан корко баштайт. Андыктан, балаңыздын көзүнчө бирөөлөргө коркунучтуу түшүңүздү, бир нерседен катуу коркконуңузду айтпаңыз.
2.Көпчүлүк ата-энелердин бала тарбиялоосунда коркутуу деген туура эмес ыкма бар. Балаңыз тентек кылып сөзүңүздү укпай жатса "жез кемпирге берип коём", "азыр милиционер келип алып кетет" деген сыяктуу фразаларды колдоносуз. Ооба, бул коркутуулар убактылуу натыйжасын берет. Бала бул сөздөрдү уккандан кийин кайсы бир убакка чейин тартиптүү болуп калышы мүмкүн. Бирок, жез кемпирден же милиционерден коркуп калгандан тышкары балада "атам менен апам мени таштап кетеби?" деген чоң коркунуч жаралат. Ата-энесиз калуу - балдардагы эң кеңири таралган коркунуч. Анан да балада "балким, атам менен апам мени жакшы көрүшпөйт" деген күмөн ой туулат. Мындай ойлор баланын өзүн-өзү кемсинтип чоңоюшуна шарт түзөт.
3. Баладагы коркунучтун дагы бир булагы телевизор болушу мүмкүн. Кимде-ким үйүндө коркунучтуу фильмдерди, криминалдык жаңылыктарды көп көрсө, анын баласы коркок болуп калат. Андыктан, мындай берүүлөрдү балдарга көрсөтүүгө тыюу салынат.
4.Ата-эненин биринин сөзүн экинчиси жокко чыгарып турган тарбия да баланын жашоого болгон туруктуу көз карашын жоготот. Мындай балдар коркок, өзүнө ишенимсиз болуп чоңоюшат. Башкаларда эч кандай сезимди жаратпаган окуя бул балдарда коркуу сезимин жаратат. Андыктан, эгерде атасы "болбойт" десе, апасы да аны колдоосу керек. Ал эми пикир келишпестиктерди бала укпагыдай кылып такташып алыңыздар.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#79 13 Февраль 2014 - 21:32
Ар бир балада тигил же бул нерседен коркуу сезими бар. Бул кадимки көрүнүш. Бирок, ата- эне бул коркунучту жоюуга аракет жасоосу зарыл. Эгер бул сезим баланын аң-сезиминде калып калса, чоңойгондо аны жоюу мүмкүн эмес.
1 жашка чейинки коркунучтар
7 айлык баланын коркунучу - жалгыздык. Бул курактагы бала ээн бөлмөдө көп убакытка чейин жалгыз отуруп калса, анда коркок адам калыптана баштайт.
Ал эми 8 айлык баланын корккону - чоочун адамдар. Эрежеге ылайык, бул курактагы кыздар - чоочун эркектерден, эркек балдар - улуу аялдардан коркушат.
1-3 жаштагы коркунучтар Бул курактагы балдар врачтардан, уколдон, жаныбарлардан, чуңкурдан, бийиктиктен, жүрүп бараткан унаадан коркушат.
3-5 жаштагы коркунучтар Караңгылык, жалгыздык - бул курактагы балдардын коркунучу. Мындан тышкары, бул балдар жомок каармандарынан (жез кемпир, дөө, карышкыр) коркушат.
6-7 жаштагы коркунучтар Бул курактагы балдар үчүн эң коркунучтуу нерсе - өлүм. Болгондо да алар жаратылыш кырсыктары менен байланышкан өлүмдөн коркушат.
7-11 жаштагы коркунучтар. Жаратылыш кырсыктарынан коркуу бул куракта да уланат. Мындан тышкары, буга өлүктөн, вампирден, желмогуздан, скелеттен коркуу сезимдери кошулат.
Билдирүүнү түзөткөн: ANGEL_: 13 Февраль 2014 - 21:33
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.