Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#41 06 November 2013 - 18:27
Кудайга шүгүр, ушул аңызды уккан адам бар экен!
Кээлер ишенбей коебу деп, абдан чочуладым эле...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#42 17 January 2014 - 22:05
Акын кыз-келиндерге
Канаттуу ыр дүйнөгө жакын конуп,
Калганга ыраазы бол акын болуп.
Канчасы ургаачынын жүрүшпөйбү,
Кадимки жөн эле бир катын болуп...
Кабыл ал Жараткандын жактыруусун,
Таттырган чыгарманын таттуу, уусун.
Азаптуу болгон менен Ыр жаратуу,
Акынсың сыймыктангын, бактылуусуң!
Унутпа эргүү келип турганында:
Ушул ыр сенин арзууң, жыргалың да.
Төрөбөйт асыл аял ара бала
Таза кан болсун, демек, ырларың да.
Канаттуу ыр дүйнөгө жакын конуп,
Калганга ыраазы бол акын болуп.
Ургаачы атпайлардын жүрөт кээси,
Урганга токол болуп, катын болуп...
16.01.2014-жыл.
Канаттуу ыр дүйнөгө жакын конуп,
Калганга ыраазы бол акын болуп.
Канчасы ургаачынын жүрүшпөйбү,
Кадимки жөн эле бир катын болуп...
Кабыл ал Жараткандын жактыруусун,
Таттырган чыгарманын таттуу, уусун.
Азаптуу болгон менен Ыр жаратуу,
Акынсың сыймыктангын, бактылуусуң!
Унутпа эргүү келип турганында:
Ушул ыр сенин арзууң, жыргалың да.
Төрөбөйт асыл аял ара бала
Таза кан болсун, демек, ырларың да.
Канаттуу ыр дүйнөгө жакын конуп,
Калганга ыраазы бол акын болуп.
Ургаачы атпайлардын жүрөт кээси,
Урганга токол болуп, катын болуп...
16.01.2014-жыл.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#43 14 February 2014 - 16:50
Жаралуунун жандырмагы
Койгон белем жүрөк табыштап,
Көзүм болду сага жабышкак.
Буруп турган мени өзүңө,
Бул кандай күч - мага табышмак?!
Сенден алат сезим кубатты,
Сездиргенде күлкүңбулакты!
«Берилип бир үнүң уксун», - деп,
Бергенби дейм мага кулакты.
Эч нерсеге жетпес бакты бу -
Эриниңдин даамын таттыруу.
Саамайыңды секин сылаган,
Салааларым кандай бактылуу!
Жуп болушат бири кем үчүн,
Жуурулушат берип дем-күчүн.
Жаратыптыр көрсө Жараткан,
Жашоо берип мени сен үчүн.
Жалганы жок билдим эми чын:
Жаралыпсың сен да мен үчүн!
13.02.2014-жыл.
Койгон белем жүрөк табыштап,
Көзүм болду сага жабышкак.
Буруп турган мени өзүңө,
Бул кандай күч - мага табышмак?!
Сенден алат сезим кубатты,
Сездиргенде күлкүңбулакты!
«Берилип бир үнүң уксун», - деп,
Бергенби дейм мага кулакты.
Эч нерсеге жетпес бакты бу -
Эриниңдин даамын таттыруу.
Саамайыңды секин сылаган,
Салааларым кандай бактылуу!
Жуп болушат бири кем үчүн,
Жуурулушат берип дем-күчүн.
Жаратыптыр көрсө Жараткан,
Жашоо берип мени сен үчүн.
Жалганы жок билдим эми чын:
Жаралыпсың сен да мен үчүн!
13.02.2014-жыл.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#44 14 February 2014 - 21:45
Ий сиздин ырларыңызды эле окуп жүрсөм. Кара сөздү да мыкты жазат экенсиз.Ийгилик сизге! Жолдоуңузга кара сөз чыгармаларыңыз да басылып чыгабы?
Мен таштабадым беле?
(Араккечтин диалог аралаш монологу)
-Ой, мага сунуп жатасыздарбы? Коюңуздар. Мен аны таштаганым качан?.. Оозума алмак тургай, бутумду жуугандан да жийиркенип калбадымбы, чиркин! «Болсо бутуңузду жуубай-ак, курсагың ызга эле ичип жүрүң үз, убал болот».-дейсизби? Ошо убал болбосун деп жүрүп ушул деңгээлге келип, көңү лүм үч көчкөн журттай калып отурбайбы. Болбосо, «убагында мен да мен элем, кыргоол тиштеп жээр элем» деп бир ит арманын айтмакчы, мен да оңой эмес элем-ов. Канчалаган майлуу-сү ттүү кызматтарда отурбадым. Канчалаган дос-тамыр күтүп, канчалаган мактоолоду, даңктоолорду укпадым. Ушул азыр көкүрө гү менен көк тирегендер, менин алдымда күчүктө й кыңшылашып, жыландай толгонушуп, маймылдай мылжыңдашып, таманымды жалаганга даяр болушуп, кирпигимдин ирмелишине дейре байкоо салышып турушчу эмес беле? Кана, ошол сыйлар?
Там-ташым көргөн көздү уялтып, «бах, чиркин!» дегизгисип, таңдандырып, тамшандырып, сүрдөтү п, ийилтип, алмончоктой балдарым «аталашып», ак куудай алган жарым алаканына салып бапестеп, «современный үй-бүлө шундай болуш керек» дегизгисип, суктандырып, ичтерин күйгүзү п турчу эмес беле? Кана, ошолор?
Мына ошолордун баарын ушул, түбүң түшкүр, жайлабдыбы!
Ошондон улам муну «Ар ыраак!» дешет турбайбы. Бул бар жерде Ар сенден ыраактап, Ар тургай Намысың да, Уятың да узактап, сенден алыстап качат тура. Андан соң, сен баарына кайыл болуп, ушунун гана кол алдындагы бир макулукка айланат эмессиңби. Ушул: "Ит болуп үр!"- десе, үрөсү ң, ушул: «Чочко болуп баткакка оона!»-десе, оонайсың , ушул: «Күл!»- десе, күлкүң келбесе деле, арсалактап күлөсү ң, ушул: «Ыйла!»-десе, Райкан ырахматылык айткандай «качанкы өлгөн атаңды» эстеп жаткансып ыйлайсың … Аныңа бер жакта карап тургандардын бир эсе кыжырлары келсе, бир эсе шылдыңдап күлгөнү н сезбейсиң дагы. Анан сенде кайдагы Уят да, кайдагы Намыс, кайдагы Ар?..
«Эч болбосо, алдыңызга алып коюңуз» дейсизби? Ичпеген соң, аны алдыма алып не кылам? Аны алдыма эмес андан жакын жактарыма деле коюп жатпадымбы, оозумду көчөдө гү жолбун иттерге жалатып… Ошондон тапкан пайдам кайсы?
«Ден соолук үчүнбү ?..» Хи-хи, ооба, «ден соолукту оңдойт»- деп, «ден соолугубуз мыкты болсун»деп жүрүп, ушунун айынан далайлары бул дүйнө менен коштошууга алы келбей, пурсаты жетпей, оозунда келмеси жок арам өлүп кетише бербедиби, каапырдыкы! Ошондон болсо керек да, Улукман акимби, же дагы ошондой ден соолуктун пирлеринин бири муну карап туруп: «А рак!..»-деген турбайбы! Башка ооруларды мындай кой, чынбы, төгүнбү , Адамзаттын башына ажалды алып келген Рак менен СПИД ушунун кесепетинен дешет го билермандар.
Э мейли суранып эле калдыңыз көңү лүңү з калбасын, келе бери бериңиз, алдыма койсо коюп коеюн.
(Узатылган идиштеги аракты кармап туруп)
Карасаң, карасаң, култуңдаган каапырды! Мөлтүрлү гүн, тунуктугун деле мунун. Ой, азыткы, ой, азезил, түрлөнгө нүн. Өзүнө тартканын. Тамшандырып, шилкейди ичке жуткурганын. Ой, шуркуя, жылмаңдаганын. Ымдагансыганын. Анан кантип, ушуну көрүп туруп бузулбайсың , анан кантип, оозуңа алып барып, ырахаттана жуткуң келбейт. Бар а нары! Айттым го, айланайындар, муну мага жолотпогула деп. Бул азгырык кишини соо коебу?!.
(Дасторкондун ортосундагы түркүн бөтөлкө лөрдүн арасынан бирин көрсөтү п)
Ой, тетиги бөтөлкө дөгүсү эмне? Коньяк дейсиңби? Ой, атасынын көрү ошондон куйчу, ошосун көрөйү н. Мынбул шайтан көздүү мөлтүрү ңдү нары ал. Ап-балли! Кана, алып жиберели, ошол силер айткан ден соолук үчүн. Ох, мунуң түзүк неме го? Ия де, тигинин эжесиби? Мунусу кичине токтоо, сыпаа көрүнө т го жылмыңдабай. Куйчу, дагы бирди. Дурус болсо, сиңдиси менен кырк жылдай бирге болуп жакында гана ажыраштым эле, ушусу менен дагы бир канча жыл буйрук болсо, бирге жашап көрөйү н. Атаңдын көрү, деле кызарып, кымтынып, уяттуудай көрүнө т, сиңдисиндей эместир.
…Кана, куй, толтура!
…И дагы куя түш, баатыр, зыкымданбай! ..
Кана, достор-р, ичели,
Жылый түш-ш-сүн иче-ичеги! .. Ых!..

#45 14 February 2014 - 22:12
Ырларынызга +5, диологунузга 3 деген баа берем.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#46 14 February 2014 - 23:18
Ырларынызга +5, диологунузга 3 деген баа берем.
Ырахмат, эжеке! Сизден "2" алып каламбы деп абдан корктум эле!..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#47 14 February 2014 - 23:20
Ий сиздин ырларыңызды эле окуп жүрсөм. Кара сөздү да мыкты жазат экенсиз.Ийгилик сизге! Жолдоуңузга кара сөз чыгармаларыңыз да басылып чыгабы?
Ооба. Атургай 2 чакан сценка да бар. Котормолору да...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#48 15 February 2014 - 00:41
ушул уламышты чон атам бала кезде айтып берди эле
Мен дагы кичинемде уккам. Жараткан шыпаасын берем десе ушинтип эле берип коёт экен да.
Рахмат, Барс аба! Чыгармаларыныз соонун кыска, нуска. Корком дуйнонуздо да конок болуп келдим, аябай жакты.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#50 15 February 2014 - 01:11
#51 15 February 2014 - 02:22
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#52 15 February 2014 - 02:35
Баракелде Барс агай! Сиздин чыгармаларыңыз бар экенин форумдан окуп, бирок таппай келгем. Эми кез келип отурам. "Аз, бирок саз"- жазат экенсиз. Дагы бир окурманга байыдым- дей берсеңиз болот. Күттүү режимине кирдим окшойт.)
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#53 15 February 2014 - 05:40
#54 15 February 2014 - 12:05
Эки же бир нече адамдын өз ара сүйлөшүүсү,
пикир алышуусу - "диалог"
, а "диолог"
эмес.
Ха-ха! Жогорку форумчулар орустун "вода" дегениндей жазылса керек дешип алышкан окшойт да... Чынында, "диалог" болуп жазылганы туура!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#55 15 February 2014 - 12:07
Баракелде Барс агай! Сиздин чыгармаларыңыз бар экенин форумдан окуп, бирок таппай келгем. Эми кез келип отурам. "Аз, бирок саз"- жазат экенсиз. Дагы бир окурманга байыдым- дей берсеңиз болот. Күттүү режимине кирдим окшойт.)
Жагымдуу сөздөрүң үчүн чоң ырахмат! Куш кел, менин жаңы окурманым!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#56 15 February 2014 - 13:14
Эки же бир нече адамдын өз ара сүйлөшүүсү,
пикир алышуусу - "диалог"
, а "диолог"
эмес.
Оп бали! Билип туруп анан эмне үчүн өлүмүш болом дейм да.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#57 15 February 2014 - 14:59
#58 28 April 2014 - 19:39
Кейиш ырлар циклинен...
Элиме собол
Атка минер кыргыз эй, килеңдеген,
Азыр даана билинди ким Эл менен!
Антың кана: «Аткарам, Кыргыз калкым,
Ар бириңдин арманың билем...» - деген.
«Азаматтар» бийликчил килеңдеген,
Аста баскан талтаңдап килем менен...
Кийип алып кийимин мусапырдын,
Кимдер калды биз барып тиленбеген?
Байкуш кыргыз, ачкарын чилеңдеген,
Болалалбадың тең ата бир эл менен.
Бар кызылың жөн койбой жула качкан
балдарыңа не дейсиң килеңдеген? !!
Элиме собол
Атка минер кыргыз эй, килеңдеген,
Азыр даана билинди ким Эл менен!
Антың кана: «Аткарам, Кыргыз калкым,
Ар бириңдин арманың билем...» - деген.
«Азаматтар» бийликчил килеңдеген,
Аста баскан талтаңдап килем менен...
Кийип алып кийимин мусапырдын,
Кимдер калды биз барып тиленбеген?
Байкуш кыргыз, ачкарын чилеңдеген,
Болалалбадың тең ата бир эл менен.
Бар кызылың жөн койбой жула качкан
балдарыңа не дейсиң килеңдеген? !!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#59 03 May 2014 - 17:25
Сизге кандай мактоо, кандай алкыш айтышты билбей турам. Калемиңизге таазим, Барс агай. Сөз булагыңыздын көзү соолубасын.
#60 03 May 2014 - 18:21
Чындыгында тан албай койууга мумкун эмес.Чыгармаларыныздын баары таасирдуу.Сизге уй булолук бакыт,чыгармачылык ийгилик!
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео