Дагы бир кызык маалымат. Күн жерден бир топ эле жаш жылдыз экенин кээ бир окумуштуулар айтып чыгышкан. Бул нерсе кантип болушу мүмкүн кантип жер күндөн мурун пайда болуусу ыктымаал?
Кичине кененирээк маалымат берип койойун бул тууралуу
возобновился интерес к теории сжатия Солнца, выдвинутой Германом Гельмгольцем,
согласно которой возраст Земли не может быть более 10 млн. лет (сжатие экспериментально обнаружено и составляет около 0,1% за сто лет)
Күндүн пайда болушу 10 миллион жылдан ашуун эмес деп кээ бир окумутуулар далилдешкен,
эксперименттик түрдө. Ал эми биз билгендей жердин жашы беш миллиард жылга барабар деп келишет окумуштуулар.
Ушул карама каршылык кайдан келип чыкканын ким билет?
Таң калтырган табигат сырлары! Шумдук!
#82 15 February 2014 - 19:50
Ажал чакырган көлдөр
.
Дүйнөдө жүздөгөн коркунучтуу ысымдарга ээ болгон көлдөр бар. Алардын аттары эле адамдарга коркунуч жаратып аномалдуу зоналардын бири экендигинен кабар берет. "Мертвое" , "Озеро смерти"," Смердячье" деген аттарынан улам адамдар аларды айланып өтөбү, же андан башка да сырлары барбы? Айтор мындай табышмактуу көлдөр бир нече жандарды алып сыр бойдон калууда. Орусиянын Переславл-Зелесский деген жеринде коркунучтуу көл жайгашкан. Сууга түшүүгө тыюу салынгандыктан жергиликтүү эл анда эс алуудан качышып, балык уулоо үчүн гана барышат. Балыкчылардын айтымында көлдөгү балыктар да жөнөкөй балык болбой, илимде кездешпеген үч көздүү,бир көздүү, жүндүү, буттуу мутантталган балыктар экендигин кабарлаган. Алтургай облустук санмедэпидемстанциядан келишкен кызматкерлер суунун түзүлүшү минералдык сууга жакын экендигин билдиришкен. Ошондой эле көлдөн дарыя бөлүнүп чыкса да суунун дэңгээли бир калыпта тургандыгы табышмак бойдон калууда. Ар жылы жайкы эс алууга келген туристтер сууга түшүүгө тыюу салынгандыгына карабастан, көлгө түшүп каза табышат. Азыркы мезгилге чейин каза болгон туристтердин денелери табылбай калууда. Бир жолу балыкчылар эс алууга келген туристтин көлдүн ортороок жерине чейин келип, кыйкырып, суу астына кирип жоголуп кеткендигин байкашкан. Кыска убактан соң турист чөккөн жерден нефтке окшош так пайда болуп, бүт көлгө тарап кеткен. Кечке жуук конок каза тапкан жерге барышкан эр жүрөк эки балыкчы диамерти беш метрди түзгөн жарык чачкан айлананы кездештирген. Бул көрүнүш бир нече секундка созулуп андан соң бийиктиги төрт метрге жеткен фонтан атып чыккан. Ошол замат коркунуч баскан балыкчылар жээкке карай качышкан.Мындан сырткары бул көлгө тиешелүү дагы бир нече окуялар катталган. Сууга түшкөн адамдар түшүнүксүз тери оорусуна кабылып, жүздөрү өзгөрүп, чачтары түшүп, бешенесине мүйүзгө окшогон нерселер өсө баштаган. Медицина толук изилдеп бүтө албай эле, ооруга чалдыккан адамдардан дарт өзү жоголуп кеткен. "Смердьячье" көлүнү изилдешкен суучулдар анын ортосунан жарака кетип кудукка айланган терең чуңкурду табышкан. Бирок, ал кудуктун кайда барышы бир адамга да белгисиз бойдон калган.
.
сырдуу аймактар
.
Мындай коркунучтуу көлдөрдүн дагы бири Москва облусунун Шатур шайонундажайгашкан. Көлдөгү суунун өңү кызыл-күрөң түстө болсо, кээ бир жерлеринде кара өңдөгү суулар да кездешет. Көлдө бир да балык жашабай жергиликтүү тургундар аны айланып өтүүгө аракет кылышат. Бирок, буга карабай көлдө каза болгон адамдардын саны көп экени байкалган. Көлдүн түзүлүшүн космостон байкашкан космонавттар анын атайын чегилген айланадай экендигин кабарлашкан. Дагы бир аномалдуу көлдөрдүн бири Санкт-Петербург шаарынан 80 чакырым алыстыктагы "Сосновый Бор" шаарында жайгашкан. Жергиликтүү эл көлгө"Каплищенский" деген ысым ыйгарган. Көлдү курчаган токойдо курт-кумурска, ар кандай токой жаныбарлары бар экендигине карабастан көлгө жакын жолошпойт. Ал эми көлдүн өзүндө болсо бир да балык кездешпейт. Жергиликтүү адамдардын айтуусунда көлгө жакын келген адамды түшүнүксүз коркунуч ээлеп алат.
.
Ошондой эле ажал алып келген көлдөрдүн бири коңшу Казакстанда орун алган. Казакстандын Герасимовка районундагы айылдардын биринде узундугу 100м, туурасы 60м.ди түзгөн"Мертвое" көлү бар. Айланасында жашаган тургундар көлдү айланып өтүп, келгиндерге да ошол кеңешти беришет. Ага карабай эле сууга түшө коюшуп каза тапкан туристтер да аз эмес. Андагы суу болсо жайдын ысык аптабындада муздак бойдон калып, изилдөөчүлөрдү таң калтырган. Ал эми сууда болсо балык эле эмес, суу жаныбарларынын бири да кездешпейт. Сууастына түшкөн суучулдар толук кислород балону менен да үч мүнөттөнашык тура алышпайт. Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча көлдө жашоонун жоктугунун бир себеби көлдүн түбүнөн түшүнүксүз газ чыгып, андагы жандыктардын баары мүрт кеткен. Ошондон улам бул жерге бир да жаныбар жолой албайт деген бүтүм чыгарышкан. Мындай көлдөр жаралганынан ушундай жаратылышка ээби? Же болбосо түшүнүксүз кара күчтөрдүн салымы барбы? - Белгисиз…
.
Маркумду алты жыл катып…
.
Учурда адамдар акча табуу үчүн ар кандай жоруктарга барып таңдантат. Американын Флорида штатынын Себасьтяншаарынын Пенелопа Шерон Джордан аттуу тургуну алты жылдан бери каза болгон энесинин денесин катып жүргөнү маалым болду. Коңшулардын чакыруусу менен келген полиция кызматкерлери анын үйүн текшерип маркум Тимми Джордандын денесинин калдыктарын өз бөлмөсүнүн жер төлөсүнөн табышкан. Пенелопа Шерон Джордандын берген маалыматына караганда энеси Тимми Джордан 2003-жылы каза болгон. Энесинин каза тапканын кабарлабаганынын себеби Пенелопа энесинин пенсиясы менен согуш аракеттеринде катышкандыгы үчүн бөлүнгөн акчасын алып жанын багып жүргөн. Алты жыл аралыгында 176 461 долларды короткон Пенелопа, алдамчылыкменен айыпталып жоопко тартылуу алдында.Кайра тирилген кемпир Польшадагы айылдардын бириндеги 84 жаштагы тургуну өз үйүндө эстен танган. Кемпиринин абалынан чочуган жолдошу тез жардам чакырууга аргасыз болгон. Заматта жеткен дарыгерлер кемпирдин каза болгонун белгилеп, аны көмүүгө даярдык көрө берүүсүн өтүнүп маркумду моргго алып кеткен. Арадан бир нече саат өткөн соң морг кызматкерлери кемпирдин кыймылдаганынбаамдашкан. Чакырууга келген дарыгер кемпирдин түрүү экендигин билдирген. Кемпирди толугу менен изилдеп чыккан дарыгерлер денеге жан кайтып келгенин эскертип, аны толук изилдөөгө алышкан. Текшерүүдөн толугу менен өткөн аял учурда жолдошу менен экинчи жашоосун улантууда.
.
28 жыл асманда жүргөн космонавт
Чарльз Гинсон аттуу космонавт атайын тапшырма менен жарым жылдык саякатка аалам менйкиндигине карай жол тарткан. Арадан төрт саат өткөн соң жердеги изилдөөчүлөр, Чарльз Гинсон менен байланышты жоготуп койгон. Бир нече айлар бою изилдешкен окумуштуулар, Гинсонду таппаган соң аны дайынсыз жоголгон адамдардын катарына кошуп коюшат. Тапшырма жашыруун болгондуктан космос изилдөөчүлөр кесиптешинин жоголгонун коомчулукка жарыялабоону чечкен. Ошол бойдон аны издөө иштери токтотулуп, Гинсон тууралуу маалыматтар жоголуп кеткен. Таң калыштуусу арадан 28 жыл өткөн соң Чарльз Гинсондун радиограммасын деңиз аскерлери кармап калышкан. Байланыш толкуну кеткен жакка барган жоокерлер, океандан "Джемини" "капсулун" таап анын ичинен жоголуп кеткен Гинсонду алып чыккан. Жарым жылга гана чектелген тамак-аш менен жыйырма сегиз жыл асманда жүргөн Гинсонду изилдешкен окумуштуулар андан тыянактуу жооп ала алган эмес.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#83 15 February 2014 - 20:06
Саякатчы таштар
.
АКШнын Калифорния штатында атактуу "Өлүм өрөөнү" бар. Ал өрөөндү атактуу кылган көрүнүштөрдүн сыры чечиле элек. Андай көрүнүштөрдүн бири - саякатчы таштар. Өрөөндө илгери Рейстрэк - Плайя аттуу көл болгон. Убакыттын өтүшү менен ал көл кургап, түбү шор, туздуу жайыкка айланган. Жайыкта ар биринин салмагы 30 килограммга чейин жеткен чоң таштар жатат. Тагыраак айтканда, алар жатпайт, түшүнүксүз себептер менен жылып жүрүшөт.Аркасынан узундугу 30-60 метрге чейин жеткен издерди калтырып, бул таштар бир нече жыл бою бир орундан экинчи орунга көчүп жүрүшөт. Алардынжылып баратканын эч ким көргөн эмес жана таштар кайда, эмне максат менен бара жаткандарын ушул убакытка чейин негиздүү түрдө түшүндүрүп бере алган адам чыга элек.Көптөгөн окумуштуу, геологдордун көңүлүн бурган таштарга Карен, Марта,Шарп сыяктуу аял аттары коюлган. Бул таштардын эң чоңу Карен 350 килограмм. Ага карабастан Карен да бир нече жыл ичинде 120 метрлик жолду басып өткөн. "Таштардын жылышына жер титирөө, шамал, магниттик талаалар жана белгисиз сырдуу күчтөр себеп болот" деген божомолдор чыккан. Бирок, 350 килограммдык ташты ордунан жылдыруу үчүн аталган себептердин күчү жетпейт.Мисалы, жер титирөөдөн жылса, анда эмнеге кээ бир таштар жылып, кээси турган одунда кала берет? Ал эми себепкер шамал болсо, анда таштардын бир багытты көздөй эмес, ар тарапты көздөй жылуусу түшүнүксүз. Эмнеси болсода бул сырдуу саякатчы таштардын тили жок болгону өкүнтөт. Балким, таштар сүйлөгөндү да билишсе, кайда бараткандарын айтып беришмек...

#84 15 February 2014 - 21:29
Бермутский три угольник - дегени чындык, ал жерде бизге белгисиз кубулуштар бар, аны изилдеп бутушо элек..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#85 15 February 2014 - 22:48
КЕЛГИНДЕРДИН КЫРГЫЗСТАНГА ВИЗИТИ
.
Уфологдордун айтканына караганда, Кыргызстанда таанылгыс учуучу объекттер (ТУО) акыркы жылдар ичиндеубак- убагы менен пайда болобаштаган жана андай келгиндердин визитин байкоого алуу керек. Анткени, учуучу объектилерден бөлүнүп чыккан радиациялар экологияга, жаныбарларга, адамдардын денсоолугуна зыян алып келүүлөрү мүмкүн. Мындан тышкары, ТУОлорду байкоого алуу менен өз учурунда өзгөчө кырдаалдын күтүлүшү боюнча маалыматты алууга болот экен. Мисалы, Чернобылдагы, Уфадагы кырсык болоор алдында, Грузиядагы, Армениядагы, Молдавиядагы кан төгүлүү, күчтүү башаламандык болоор алдында да аталган аймактарда ТУОлордун көрүнгөндүгү факт катары катталган. Ысыккөлдө кырсыкка учураган объект Шайтанмазардан кабар1991-жылы Каракол (мурдагы Пржевальск) шаарынын чыгыш жакта жайгашкан Шайтанмазар капчыгайына ТУОкулап түшкөн. Объект экиге бөлүнгөн чоң дирижаблдинформасына окшош болгон. Бирок, кырсыкка учураган объекттин алгачкы сүрөттөрү1995- жылдын аягында гана жарыяланган. Анда да зорго 1 миң 500 метр алыстыктан тартууга аргасыз болушкан. Анткени, объекттен адам туруштук бере албаган күчтүү энергия бөлүнүп чыгып тургандыктан, адамдар андан ары жакындап бара алышкан эмес. Изилдөөчүлөр объектти канчалык сүрөткө тартканы менен пленка күйүп калып турган. Объект кырсыкка учураган аймактагы абал 1995-жылы деле мурунку калыбынан жазган эмес.Мисалы, 1 миң 500 метр аралыкта компастын магниттик жебелери 180 градуска тескери айланып, электрондук сааттар иштен чыгып, механикалык сааттар түрдүү убактарды көрсөткөн. Керектүү аппаратуралар өзүнөн-өзү иштебей калган. 800 метр аралыкта адамдын чачы тик туруп калган абалга жеткен. Өлчөөчү приборлор күчтүү электр энергиясынын бөлүнүп чыгып жаткандыгын каттаган.Эми бул объекттин Шайтанмазарга келип кулаганга чейинки “саякаты” тууралуу.ТУО тууралуу алгачкы маалымат 1991-жылы Казакстандын Мангышлак аттуу жеринде бир күнү саат 4төн 42 мүнөт өткөндө узундугу 600, диаметри 100 метрге жеткен объект катталган. Ал Каспий деңизинин үстүндө 6 чакырым бийиктикте пайда болуп, 9600 км/ саат ылдамдык менен учкан. Операторлор бул объект учуучу тарелка экендигин баамдашып, бирок, өздөрүнүн болжолун тактоо үчүн дароо космодром менен байланышышат. Ал жактанэч кандай пландалбаган ракета учурулбаганын, бирок, өзгөчө объекттин учуп өткөндүгү катталганын билишет. Маалымат “Каспий” абадан коргоо бөлүгүнө жиберилет. Ал жерден абага дароо “МИГ-29” көтөрүлөт. Анын артынан элекоңшу аэродромдон дагы 2 истребитель учурулат. Учкучтар объект кимдир бирөө тарабынан башкарылып баратканы маалым болсо, анда аны конууга аргасыз кылууга буйрук алышат. Эгер буйрукка баш ийбесе, ок чыгаруу жагы эскертилген болот. Объектти колго түшүрүү Арал деңизинин жээгине пландаштырылат. Учкучтар өздөрүнүн радарларынын экрандарынан объектини көрүп турушкан жана объект тарапка радиосигналдарды жиберип, жерге конууну буйрушкан. Бирок, объект сигналдарга жоопбербей, душмандык аракетин да көрсөтпөй, түштүк-чыгыш тарапка учуусун уланта берген. Учкучтар абадан коргоо бөлүгүнүн командалык пунктунан ТУОго эки тараптан окчыгарууга буйрук алышат. Бирок,самолёттор объектиге 500-600 метр жакындап келгенде куралдар иштебей, навигациялык приборлор иштен чыгып калат. Объект зигзаг сымал маневр жасап, ылдамдыгын көбөйтүп,заматта көздөн далдоо болуп кетет. Бул факт Орто Азия региондорунун түрдүү станцияларында катталган.Объект Ыссык Көлдө Ошол күнү саат 5тен 27 мүнөт өткөндө Ыссык көлдүн түштүк жээгинде 4 миң 400 метр бийиктикте объект катталып, бир аздан кийин көрүнбөй калат. Ошентип, Орто Азия региондорунун станциялары объектке издөө сала баштайт. Анан арадан канча бир мезгил өткөн соң Караколго жакын жерде объектинин кулап түшкөнү маалым болот. Бул маалымат боюнча изилдөөчүлөр экспедиция уюштуруп, аталган аймакка жөнөшөт. Алар 15 күн тоо менен жүрүшүп, аба ырайынын катаалдыгынан жана кардын көптүгүнөн кырсык болгон жерге жете албай калышат. 21-октябрда кырсык күтүлгөн жерге объекттин сыныктарын алып келүү үчүнаба күчтөрүнүн самолёту жиберилет. Бирок, белгисиз себептерден улам вертолёт кулап, жарылып, экипаждагылар каза табышат. 1992-жылы мурун жолу болбогон экспедиция кайра аттанып барып, издегенин табат. Изилдөөчүлөр объект аскага илинип, экиге бөлүнүп калганын, кораблдин ичинен бирнече палубалар жана конструкциялар көрүнүп тургандыгын кабарлашат. Ошондон соң изилдөөчүлөр бир канча жыл кырсык тууралуу маалымат топтошуп, кийинки экспедицияга акча топтошот.1998- жылы жаңы экспедиция жолго чыгып, аталган аймакка 23-августта жетет. Алар барганда объект да, сыныктар дажок болуп чыгат. Ордунда жарылуудан кийин келип чыккан20 метрлик терең чуңкур гана калган болот. Окумуштуулар бугаэч кандай түшүндүрмө бере алышкан эмес. Сыягы, аскер адамдары кайсы бир жашыруун буйрук боюнча келишип, объекттин сыныктарын толук алып кетишкен окшобойбу. Айта кетчү нерсе, “бийлик уфологдор менен окумуштуулардын ишине жолтоо болуп, илимий иштерди жүргүзүүгө тыюу салган” деген маалымат бар. Мүмкүн азыр деле ал объекттин калдыктары бир жерде сакталып, дале изилденип жаткандыр.Хантеңири келгиндердин базасыбы? 1990-жылдары Тяньшань тоолорунун койнунан орун алган Акшыйрак кыштагынан нары так эле Хантеңири чокусуна жакын иштеген геолог чалгынчылар түрдүү ТУОлорду көрүшкөндүгү тууралуу көптөгөн маалыматтар бар.*.Инженер А.Апымбаев айдоочусу менен өздөрүнөн 30 чакырым алыстыктан асмандан купол сымал объектти көргөн. Андан жерге кара өңдөгүнур бөлүнүп чыгып турган. ТУО ошол абалда 10 мүнөттөй туруп, анан жокболуп кеткен.*.Геологдор тобу бир нече ирет күн баткандан кийин тоонун чокусунан капталында көптөгөн жаркыраган чекиттери бар чоң объектини байкашкан. Объект тараптан абанын өтө ысык илеби келип турган.*.Бир ирет таңкалаарлык жылдыз көрүнгөн. Ал бенгаль шамы сымал күйгөн тейден асманды кесип өтүп, бир маалда 180 градуска чукул бурулуп, анан кайра артына кайтып көрүнбөй калган.*.ТУО геологдордун машинасынын үстү жагында абада асылып турупкалган кезде машинанын мотору өзүнөн-өзү өчүп, бардыгынын сааттары иштен чыгып, катуубаш оорутуу келип чыккан.*.Бир ирет геологдор врачы өзүнүн жубайы менен жаркырап, улам багытын өзгөртүп учкан объектти көргөн. Объект бир кезде 8ге бөлүнүп, ар бөлүк ар тарапка учкан. Алардын бири Хантеңири чокусуна жакын барып конгон. Ошондо кандайдыр бир жарылууга окшош дабыш чыккан. Ал объекттен 30 мүнөткө чейин жарык чыгып турган. Геологдордон тышкары метеостанцияда иштегендер, Акшыйрак кыштагынын жашоочулары, экспедицияга баргандар да ТУОлорду көп ирет байкашкандыгы катталган. ТУОлор боюнча маалыматтар учурда деле келип түшүп жаткандыгы тууралуу кабарлар да бар. Аксуудан көрүнгөн оттуу шар 1990-жылы кыш айынын 9-февралында Аксуу районунун Арашан совхозунун чабаны Бекен Усубакунов түн ортосунда сыртка чыгып, айлананын негедир өзгөчө жарык болуп турганын байкайт. Аңгыча тоонун үстүнөн көтөрүлгөн оттуу шарга көзү түшөт. «Бул учуучу тарелка болушу мүмкүн» деп ойлогон ал дароо үйүнөн аялы менен улуу баласын чакырат. Үчөө объекттин кандайча төрт бөлүккө бөлүнүп, ар тарапка учканын көрүшөт. Бөлүнгөндөр биригип, кайра бөлүнүп туш-тушка учушат. Ушинтип мындай көрүнүш дагы бир жолу кайталанат. Анан объект баштапкы калыбына келип, Ыссыккөл тарапка көзгө илээшпеген ылдамдык менен учуп кетет. Төөашуудагы ТУО 2003-жылы 13-январда бишкектик Көлбек Рыспаев Бишкек-Ош жолунда таанылгыс учуучу объектилерди видеокамерасына тартып алган. Көлбек ошол түнү туугандарыныкынан үйбүлөсү менен Бишкекке кайтып келаткан болот. Түнкү саат 3төрдө айтылуу Төөашууну ашып баратып 2 жаркыраган белгисиз учуучу объектини байкап калат. Алгач аларды аскердик самолёттор депойлойт, бирок, жакшылап байкаган соң ал пикиринин туура эмес экенине көзү жетип, жанында ала жүргөн япон видеокамерасын алып чыгып, объектилерди тартып алат. Тартылып алынган материалды атайын изилдөө максатында көргөндөр «келгиндердин учуучу тарелкасына абдан окшош 2 объекттин тартылып калгандыгы чындык» деп далилдеп айтышкан.Жетиөгүздөгү окуяЖетиөгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Анатолий Мазниченко милиция машинасы менен кылмышка шектүү делген адамды Караколго суракка жана таанууга алып жөнөйт. Айлана мемиреп, “үлп” эткен жел жок. Бир топ жол жүрүшкөндөн кийин машинадагылардын баары тынчсызданып, бир нерсени сезгендей болушат. Бир нече мүнөттөн соң трассага катар реактивдүү самолёт тургандагыдай болуп машинага абанын катуу агымы уруна баштайт. Жол боюнда жаткандардын баары: таштар, жыгачтын сыныктары, сынган чырпыктар, маталардын айрындылары чаң-тополоң түшө асманга көтөрүлөт. Машина токтоп, милициялар эмне болуп жаткандыгын билүү үчүн биринин артынанбири жерге түшүшөт. Бир нече секунддан соң жол боюнда өсүп турган теректердин үстүнөн жаркыраган чоң диск формасындагы ТУО асманга көтөрүлөт. Милициялар пистолеттерин алып чыгууга аракеттенишкендери менен колдору селейип, эч кимиси ордунан жыла албай калат. Объект трассанын үстүндө абада бир аз убакытка кармалып туруп, анан күчтүү ылдамдык менен бийиктикке көтөрүлүп барып асманга төөнүп кеткен.ТУОлор Кыргызстандан эмне издейт?ТУОлор биздин жергебизге эмнеүчүн кызыгышаары белгисиз. Мүмкүн кендерибиз кызыктырабы, же акыркы жылдары өтө булганып бараткан экологиябыз тынчсыздандырабы, же жергебиздин сулуулугубу. .. белгисиз. Болгону, бөтөн планеталыктар өздөрүнүн бар экендигин жана аалам ичинен Кыргызстанга да кызыгышаарын өздөрүнүн визиттери менен аныктап келатышкандары гана далилдейт.
.
Даярдаган Канымжан Усупбекова
.
АРХИВ СУПЕР-ИНФО 2007-ж

#86 15 February 2014 - 22:56
Марстагы ТУО
.
1965-жылы 13-июлда АКШнын "Маринер- 4" космостук зонду Марсты сүрөткө тартканда таң калаарлык эч нерсе байкалган эмес. 11 жылдан кийин "Викинг-1" зонду Марска конгондо экватордон кулап жаткан килейген космостук корабль байкалган. 80 градустагы кызыл чаңдуу абадан сүрөт даана көрүнбөйт. Объект зонддон 15 миль аралыкта жаткан. Анын 2/3бөлүгү металл жана ал цилиндр же тарелка сымал. Сүрөттөн анын каптал жагы көрүнбөгөндүктөн, анын формасын аныктоо мүмкүн болбой жатат. Ошондой эле катуу урунуудан чачыраган топурак да даана көрүнөт. Ал эмес тарелканын бир жак бети аскага урунганда чуңкурайып калыптыр. Mars Global Surveyor зонду тарткан сүрөт бир топ маалыматтарды берген. Аны окумуштуулар контрансттап дааналашкан. Натыйжада кеменин узуну 100 метр экендиги аныкталган. Кеменин сөлөкөтүн калыбына келтиришкенде кадимки "учуучу үч бурчтук" келип чыккан. Бирок объект тегиз эмес жерде жаткандыктан ал асканын урандысы да болушу мүмкүн деген ойлор айтылууда. Айрым окмуштуулар сүрөттү жарыктын чагылышуусу болушу да мүмкүн дешет. Ошондой болсо да объект бөтөн планеталыктарга тиешелүү деген пикир ишенимдүүрөктөй. АКШ ызы-чуудан качуу жана өзү гана изилдөө үчүн бул версияларды чыгарып жатат деген пикирлерда жаралууда. Кандай болсо да бу чексиз ааламда биз жалгыз эмеспиз. Биздин карын-бөлөлөр же таяке-жээндер кайсы бир жерде жашап жатышкандыр. ..

#87 15 February 2014 - 23:04
Каргашалуу бурулуш
.
Бишкек шаарынын "Дордой" базарына Баку көчөсү менен бараткан ат-спорт мектебинин тушундагы бурулуштун каргашалуу сырын башкалар билбесе да, ошол тегеректе жашагандар жакшы билишет. Анткени ал жерде айрыкча кыш мезгилинде авария көп болот. Албетте, азыр техника жүргөн жердин баарында эле кырсык катталат дечи. Бирок, бул аймактагы авариялардын көпчүлүгү ордутолгус оор жоготууну алып келет. Балакеттин баары айрым айдоочулардын шашкандыгынан жана мас абалда машина айдагандыгында талаш жок. Эмнегедир МАИ кызматы тарабынан бул жерге эч кандай белги коюлган эмес. Ушул тегеректе жашаган айрым улгайган адамдардын айтуусунда бир кезде бул жер мазар болгон экен. Арбактар айланчыктаганыйык жердин таасириненби, айдоочулар кээде өзүн жоготуп коюшары жөнүндө маалымат бар. Мындай пикирди МАИ кызматкерлери да жокко чыгара элек. Өткөн жылы эле кышында "Мазда" менен"Жигули" түртүшүп, эки жигит ошол заматказа болду.Баку көчөсүнөн анча алыс эмес аралыктагы Актилек жаңы конушунун жашоочулары негизинен ушул аялдамадан шаарга барып келишкендиктен өткөн жылы бейкүнөө автокырсыктан көзү өткөндөрдүн арбагына куран окутушкандан кийин баягыдай авариялар, адам өлүмү азыраак катталып калды.

#88 15 February 2014 - 23:14
Маркумдардын эскертүүсү
,
Мен өмүр бою шофер болуп иштеп, азыр пенсиядамын. Жаш кезимде учу-кыйырсыз СССРдин аймагын баштан-аяк кыдырып чыктым окшойт. Ошол төрт дөңгөлөктүн үстүндө жүрүп көп эле табият кубулуштарына жана сырдуу окуяларга күбө болдум. Эмесе, ошолордун бирөөсүн сиздерге баяндап берейин. 1979-жылы Москванын ЗИЛ автомобилдерди чыгарчу заводунан Кыргызстанга жүзгө жакын жүк ташуучу машина берилип, биздин Сүлүктү автобазасына да бешөө бөлүнгөн экен, жетекчилер тажрыйбалуу айдоочу катары мени да борбор калаага жөнөтүштү. Москвага поезд менен төрткүнгө жакын жол жүрүп жетип, заводдон ар кимибиз бирден машина алган соң, кийинкилерди күтүп отурбай, беш-алтыдан болуп тезирээк Кыргызстанга жетүүгө шашылып калдык. Себеби биринчиден, мезгил кеч күз болгондуктан синоптиктер жакында Россиянын токойлоруна кар жаап, ошону менен жазга чейин эрибейт деп айтып калышты. Экинчиден, ЗИЛден үч минутада бир машина чыккан менен дүйнөнүн башка бурчунан да бизге окшоп келип, кезекте тургандар көп экен. Анын үстүнө Москвада грузовой машиналарды кайда коерубузду билбей кыйналдык.Ошентип онго жакын кыргызстандыктар колонна болуп жөнөдүк. Россиянын аймагынан тез эле чыгып, Казакстандын кеңталаасына киргенде чочулай баштадык. Себеби эл жашаган, айыл - кыштактар жок, эки шаардын ортосу жарым күндүк жолдококус машинаң бузулуп калса, даана азапты тартчудайсың. Бирок, казактын эрме чөлдөрүндө эл жашабаган менен мазарлар көп экен... Айрыкча түндүк жагында славян улутундагы элдер көп жашагандыктан болсо керек, жолдун боюнда христиан көрүстөндөрү көп жолукту. Сыягы, ал жерлерде бир кезде эл көп жашап, кийин шаарларга көчүп кеткен окшойт. Адатта христиан дининдегилер маркумдун жаткан жерине ар кандай эстелик белгилерди көп коюп, көзгө кооз көрүнөт эмеспи.Ал эми Казакстандын түштүк аймагына жакындаган сайын мусулман улутундагы адамдар көмүлгөн мазарлар да учурай баштады. Бирок, казак туугандар бизден айырмаланып, көзү өткөн тууганынын жаткан жерине сөзсүз күмбөз салышат экен. Ошондуктан алардын мазары славяндардыкынан да кооз көрүнүп, өзүнчө эле бир шаарды элестетип жатты.Бир кезде кайсыл жерге келгенибиз азыр так эсимде жок, бир эл жашаган аймакка кире бериште ошондой кооз мазарлардын тушунан өтүп баратып, суктанганымды ичиме жашыра албай, жанымдагы шеригиме" Куду христиандардыкындай кооз мазар экен" деп айтканымды билем. Ошондон бир минута убакыт өтпөй, түз эле жолдо бараткан машина рулду эч жакка бурбасам деле четке чыгып, оң жак капталы менен таянып калды.Бактыга жараша кабинадагы эки адам денебиздин бир да жери жабыркабай сыртка чыктык. Кузовдо болгону май куюлган 200 литрлик үч-төрт бочка бар эле. Алар тоголонуп кеткен менен биринин да ичиндеги май төгүлбөптүр. Аңгыча ары жакта МАИ посту бар экен, алар чуркапкелип, "Түптүз жолдо эмнеге авария болдуңар?" деп таң калышты. Мен болгону мазарга суктанган сөз айттым эле десем баш ийкеп калышты. Көрсө, бул жерде бизге окшоп кырсыкка кабылгандар көп болот экен. МАИ кызматкерлери мындай окуялар арбактардын айрым жолдон өткөндөргө нааразылыгынан улам көп болот дешти. Сыягы, менин жанагы сөзүм маркумдарга жакпаса керек. Ал эми машинанын эч жери чийилбептир. Беш-алты адам эле түртүп, тургузуп алдык. Биз андан кийин арбактарга куран окуп, андан ары жолубузду уладык. Кыргызстанга аман-эсен жетип, пенсияга бирда кырсыкка учурабай чыктым.
.
Орозбек ИСАБАЕВ, Сүлүктү шаары

#89 15 February 2014 - 23:27
Адам өлөөрдө өзүн кандай сезет?
.
Биз канчалык түбөлүк жашоону эңсеген менен эртеби же кечпи көрөр күнүбүз, ичер суубуз түгөнөрү чындык. Ал эми айрым катуу оорудан сакайгандар "өлүп, кайра тирилдим" деп бекер айтышпаса керек. Көрсө, андай учурда адам чын эле клиникалык өлүмгө учурайт турбайбы. Айрымдар өлүм менен өмүрдүн ортосундагы мындай абалда жагымдуу сезимге туш болушкандыгын айтышкан. Мисалы, менин азыр 56 жаштагы апам төрөт учурунда көп эле өлүп-тирилгендигин айтып калчу. Бир ирет докдурлар "Эми адам болбойт" деп карабай коюшканда өзү кыймылдап туруп кеткен экен. Ал эми 1882-жылы Англияда психикалык изилдөө коому уюшулган. Окумуштуулар "өлгөндөн кийинки өмүр" тууралуу терең изилдөөгө алышып, бирок ишенимдүү далил таба алышкан эмес. 1926-жылы Королдук коомдун мүчөсү Вильям Баррет адамдар өлүм алдында эмнени көргөндүгү жөнүндө китеп чыгарган. Андагы маалыматтарга ылайык кишилер көзү жумулуп баратып башка дүйнөгө туш болушуп, музыка угушкан жана маркум туугандары менен кездешкен. Азыркы медицина адамдарды клиникалык өлүм абалынан чыгаруу ыкмасын жакшы өздөштүрүү менен ажалга моюн сунгандардын демейдегиден башкача сезимгекабыларын далилдеди. Бирок, расмий илим тарабынан мындай жагдайлар америкалык врач Раймонд Моудинин "Өмүрдөн кийинки жашоо" аттуу көптөгөн адамдардын эскерүүлөрү камтылган китеби жарык көргөнчө жокко чыгарылып келген. Гэллапа институтунун маалыматы боюнча 1982-жылы клиникалык өлүмдү баштан кечирген жыйырма адамдын экөөсү Моудижазган сезимге туш болушкан. Айтмакчы, наркомандар, медитацияны практикалагандар, ал тургай өтө чарчаган же нерви жабыркаган адамдар да ушундай кырдаалга кабылышат. Тилекке каршы жандын денеден бөлүнүү процессин тасмага түшүрүү аракети оңунан чыккан эмес. Андыктан аркы дүйнө тууралуу адамдардын айткандары жана экстрасенстердин маалыматы боюнча гана биле алабыз. 70-жылдардын аягында Станислав Гроф жана Джоанна Халифакс өлүм алдындагы адамдын "учуусу" өзүнүн төрөлгөн мезгилин эске саларын айтты. Баса, кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген наристелер да ушундай абалга туш болушат. Ал эми нейробиолог Джек Кован өлүм учурундагы көзгө көрүнгөн кубулуштардын чындык экендигин ишенимдүү далилдеген. "Тоннельдеги" галлюцинация визуальдык маалыматты кайра иштеп чыгаруучу баш мээнин терисинин түзүлүшүнө байланыштуу. Мында пайда болгон толкундар концентрациялык же спирал сыяктуу формада болот.Албетте, "өлүмдөн кийинки өмүр" феномени илимге али табышмак бойдон кала берүүдө. Анткени денесинин кыймылы токтогон адам айлана-чөйрөсүндө эмне болуп жаткандыгын кантип көрөт? Балким, мээ демейдегиден башкача абалга кабылган эле учурудур? Көпчүлүк адамдардын клиникалык өлүмдөн кийинки жүрүш-турушу өзгөрүп, мурдагыдан оор басырыктуу, ак көңүл болуп калышкан...
.
Аноним Анонимова, Аноним шаары

#90 16 February 2014 - 02:03
Каннибализм же кан ичкичтер
.
Кайсы бир жылдары "эшек союп, этин жегендер чыгыптыр" десе, эл "бул эмне деген шумдук? Эшектин да этин жечү беле, ал анда киши эмес" деп уу-дуу болушкан. А бүгүнкү күндөрү илимпоз окумуштуулар биздин ата-бабаларыбыздын жашоо-шартын, үрп-адатын изилдешип, ар улуттун өкүлдөрүнө "силердин ата-бабаңар киши жеди беле?" деген суроо менен кайрылышкан. Алардын үрөйлөрү учуп "коюңузчу, жок!" деп чочуп, "а бирок башка элдерде жечү экен" деп кошумчалашкан. Бирок, "жел болбосо чөптүн башы кыймылдамак беле", кишинин этин жегендер эл арасында убактылуу гана болуп, токтоп калган эмес. Буга чейин жеп келишкен, жей да беришмекчи.
.
ЕВРОПА
.
Крестоносттордун биринчи жүрүшүндө алардын өзүнчө отряды болгон. Алар өлүктөрдү жешкен, курмандыктары кайырчылар. Кедейлер иши кылса адамдардын акыркы катмарындагы байкуштар болгон. Крестоностордун үчүнчү жүрүшүндө өзүн даңктуу, бийик эсептеген Ричард Львиное Сердце сарациндин элчилеринин жүрөгүнүн үшүн алыш үчүн алардын биринин башын кесип бышыртып,соус менен түштө тамактанган.
17-кылымдын башында Венгрияда атак-даңктуу Баториев тукумунан чыккан Элизабет аттуу графиня жашаган. Жаш кезинде өзүндөй атак-даңктуу теңтуштарынын арасында эч нерседен деле айырмаланган эмес. 18 жашында христиан аскер жүрүштөрүнө катышкан, кары, бирок, атактуу, бай адамга күйөөгө чыккан. Ошондон тартып өз курагындагы кыздарга бой көтөрүп, теңине алчу эмес. Алардан лесбиянка сүйүүсү менен садизмге көбүрөөк көңүл бургандыгына байланыштуу айырмаланган. Күйөөсүнөн түрк элдерин христиан жоокерлери кантип кыйнаганын үйрөнгөн. Жеңесинен болсо дыйкандардын төштүү, толугунан келген кыздарын жылаңачтап алып камчы менен сабаса моокуму канаарын уккан. Элден бөлүнгөн Карпаттагы Чежче сарайында кыздардын денесин үзүп-тытып, кордоп, зордоп, от менен куйкалап, өзүнчө кумардан чыккан. Бул жөнүндө эч ким билген эмес, кайдан билсин… 1964-жылы күйөөсү өлгөндө графиня келечеги жөнүндө көбүрөөк ойлонот. Графиня өтө сулуу болгондуктан, кекирейип жүргөн жаштыгы өтүп, 43кө чыккан жесир аялдын ар кандай чөптөр менен дарылап, крем сыйпап, магиялык ыкмаларды колдонсо дагы бетин бырыш басып, карый берет.
Бир күнү малай кызына ачууланып, ушундай бир күч менен жаакка чабат дейсиң, кыздын бетинен аккан кан чачырап, графинянын бетине жабышат. Канды сүрткөндөн кийин бети агарып, тазарып калганын байкайт. Графиня ошондо "күйөөгө тие элек жаш кыздардын каны, жашартуунун кызылэликсри турбайбы" деген бүтүмгө келет. Графиня ар күнү эртең мененки саат 4тө (4 күн чыгаар алдындагы магиялык саат деп эсептелет) кыздардын каны менен толтурулган ваннага жуунат. Кыздарды Железной Девада өлтүрүшкөн. Аялдын денесинин формасы түшүрүлгөн, түбүнө мыктар кагылган килейген жащикке салып, үстүнөн бастырылган. Мыктар денени тешип, кан чогулткучка тамган, ал жерден атайын от үстүндө жылытыш үчүн орнотулган идишке агып келген. Жылыгандан кийин ваннага куюлат. Мындан сырткары графиня кыздардын күйүттөн жана жарааттан аккан канын шимип ичкен…Элизабетаны жашартыш үчүн жумасына 6 кыз өлтүрүлгөндүктөн, сарайга жакын аймактарда кыздар калбай калды. Көп өтпөй жакшына кийинген аялдар өлкөнү кыдырып, өңдүү-түстүү сары чач кыздарды чогулта баштады. Ата-энелеринин баштарын айлантып, кыздарын кызмат кылууга тез эле көндүрүштү. Жергиликтүү лютеран пасторун канга боелгон, бузулган денелерди көөмп турууга сатып алышты. Канчалык кан ичип, киринбесин Элизабеттин сулуулугу ашынып кеткен жок. "Эми мага көк кан, (голубая кровь) жаш кан керек" деп ойлоду. 1609-жылы графиня кичине дворяндардын 25 кичинекей кыздарын "өзүн алып жүрүүчү сапаттарга үйрөтөм" деп ата-энелери менен макулдашты. Бул иш анын кан кечип доорон сүрүшүнүн акыры болушу менен аяктады. Дворяндар менен дыйкандар кыздарынын кайда экенине кызыкканда, "билбейм" деп ийин куушуруп кутулуп кетиши оңойго турбады. Анын үстүнө графиня кыш түнүндө "карышкырлар жеп кетет" деген үмүт менен төрт кыздын жылаңач өлүктөрүн замоктун сыртына ыргыттырган. Жансыз денелерди дыйкандар таап алышты…Парламенттин актысы менен графиняны өмүрү өткүчө түрмөгө кесишкен. Аны өзүнүн сарайында кичинекей тамак берип туруу үчүн салынган тешиги бар бөлмөгө бекитип салышты. Элизавета үч жарым жылдан кийин өлдү. Анын мойнунда 650 кыздын өлүмү бар деп айтышат.
.
АЗИЯ
.
Кытайда адам эти менен тамактанып калышкан, бул массалык түрдөгү ачкачылыктан келип чыккан. Биздин замандын 9-10 кылымдарындагы араб саякатчыларынын айтымында кытай элинин мыйзамында адам этин жегенге тыюу салынбагандыктан, коомдук жерлерде адам эти сатылган. Кытайлар тирүү да, өлгөн да адамдардын этин жеген. Кылыч менен башы кесилген адам этин денедеги ооруларга дары деп жешкен.Армиядагы жоокерлер азык-түлүктүн жетишпегендигинен, катарындагы ар бир онунчу жоокерди жеп коюшкан. Сунь династиясынын учурунда түштүк тарабында адам этинен жасалган тамактарды саткан ресторандар ачылган. Тамактар карылардын, аялдардын, жаш балдардын этинен жасалып, өзүнчө фирменный аттары болгон. Бардыгы биригип "эки буттуу койдун эти" деп аталган, бирок даамы кой этинен да чочко этине көбүрөөк окшош деп эсептешет.Кытайлыктар адам этин согуштун, ачкачылыктын азабынан эле жешкен эмес. 334-340-жылдардагы өлкөнүн императору Ши Хунун убагында өтө сыйлуу конокторун гаремдин жаш кыздарынын эти менен сыйлашкан. Коноктор гаремдин акыркы сулуу кызынын этин жеп жатпаганын далилдеш үчүн башын бышырбастан, подноско салып, ортого коюп коюшкан.
.
Индияда да кытай элиндеги ачкачылык өкүм сүрүп, эл өтө кыйналышкан. Индиялык жер иликтөөчүлөр адам каныменен сөөгү талаага чачылса түшүм мол болот деген көз карашка ишенишкен, кийин ал символикалуу түрдө адатка айланып калган. Мындан 100 жыл мурда гонуруусунун адамдары брамин сектасынын жаш балдарын уурдап, өлтүрүшкөн. Алардын канын талаага чачып, сөөгүн, этин жешкен.
.
ТҮШТҮК АМЕРИКА
.
Ацтектерде (уруу) адам аябай көп болуп, уй жана жапайы жаныбарлар аз болгон. Ат, кой дегендер болгон эмес, алар кийин испандардын келиши менен пайда болгон. Ацтектер кудайга укмуштуудай ишенишкен жана күнүгө курмандык катары кан агызып турушкан. Өрдөктөрдүн жай, кыш учуп келип-кетүүсүнө байланыштуу азык-түлүк бардык учурда боло бербеген жана күнүгө кудайларга болгон курмандыктар үзгүлтүккө учураган үйжаныбарлары ит менен индейка болгон. Ошентип адам каны менен жүрөгүнө аңчылык башталган. Кудай үчүн арналган курмандыктарды көргөндө испандыктардын төбө чачы тик турган. Алар Түштүк Америкага жайгашып жатышып, ичи эркектердин, жаш балдардын өлүктөрүнө, дубалдары, таштары адам каны менен шыбалып, боелгон, идолдордун алдында жаткан сан жеткис жүрөктөргө толгон храмдарды көргөн. Теңи желип, теңи калган денелерди, баштарды санап олтурса, Кортестин экспедициясындагы священник Фра Бертоменин айтуусунда мындай курмандыктар 100 миңге жеткен. 1468-жылы согуш кудайына сыйынуу убагында, бир эле храмда төрт күндүн ичинде 20 (!) миң адам өлтүрүлгөн.
.
Жогоруда айтылгандар боюнча эки сөздүн келип чыгышы өзүнчө эле кызыктуу. "Каннибал" жана "барбекю" деген сөздөр. Кариб аралында биринчи жолу испандар ацтектердин байлыгына жортуулга чыгышып, киши жегичтер мене бетме-бет сүзүшкөн жерде, кариб уруусунун чакан эли жашашчу. Европа тилдеринин өзгөчө айтылгандыгына байланыштуу алар калиб уруусу деп өзгөргөн, кийинчерээк канниб аталып калышкан. Акыркысынан "каннибал" деген сөз чыккан. Бизче киши жегич, өлтүргүч ж.б. Экинчи азыр мода болгон"барбекю" деген сөз дагы карибдердин сөзүнөн келип чыккан. Карибдер темир тор менен жабылган адам денесин туш кылып, от үстүндө бышырып, кургатып жешкен. Бул өзгөчөлүк "боукан" деп аталган, француз каракчылары аны"буканье" деп атап алышкан. Ал эми испандар "барбаноа" деп өзгөртүшүп, кийин бизге "барбекю" деп жеткен.
.
20 - КЫЛЫМ
.
Өнүгүүгө карабай бул жүз жылдыкта дагы киши жегичтер жок болбоду. Ганновердик вампир маньяк Фриц Хорман кармалды. Ал 1918-жылдан 1924-жылга чейин адам этинен жасалган сосискаларды саткан. Сталиндик коллективдештирүү убагында дыйкандардын котлеттеринин арасынан адам эти табылган. Бельцен, Бухенвальд, Освенцим лагеринде киши жемей гүлдөп өнүккөн. Камактагылардын тамагы жалаң кишинин эттери болгон. Жаза берсе киши жегендердин тизмеси эч качан бүтпөчүдөй. 300 миллион африка эли ачкачылыктан азап чексе, 150 миллиону жеген нерсеге тойбойт, 60 миллиону ачкачылыктын коркунучунда жашашат. Анан бизге ачка турган адам апасын, бир тууганын жебей кое алат деп ким кепил боло алат?

#91 17 February 2014 - 01:16
Англияны байырлаган "эң алгачкы
адамдар" табылды
.
Археологдор алгачкы жолу Африкадан
тыш жерде байыркы адамдын эң эски
издерин табышты. Британ музейи баш
болгон илимпоздор тобу Англиянын
чыгышындагы Норфолк шаарында
аталган аймакты миллион жыл мурда байырлаган беш хомо антесессордун
калдыктарын казып алышты. Бул
тууралуу аталган музейден
кабарлашты. Хомо антесессор – латын
тилинде байыркы адамдын бабасы
дегенди туюндурат.
.
Адамдардын бул түрү толугу менен
жок болуп кеткен. Кээ бир
окумуштуулардын айтымында, азыркы
адамдар, же хомо сапиенс үй-
бүлөсү дал ушул хомо
антесессорлордон тараган. Биринчи адамдар делген кишилердин бою 160
сантиметр келип, орточо салмагы 90
килограмм болгон. Айрым археологдор
хомо антесессорлор адам этин жеп,
каннибал болушкан деп айтып
жүрүшөт.
.
Британ археологдору тапкан калдыктар
ылайдын ичинде жакшы сакталганын
белгилешти. Табылган хомо
антесессор үй-бүлөсү байыркы
Темза дарыясынын боюнда жоголуп
кеткен мамонт, жапан бука, гиппопотам жана носорог өңдүү
жаныбарлар менен жашашкан. Хомо
антесессорлорду окумуштуулар
биринчи адам деп дагы айтып
жүрүшөт. Байыркы адамдын
бабалары Британ аралдарын байырлаган учурдагы Англиянын аба
ырайы Жер ортолук деңиз боюндагы
өлкөлөрдүкүндөй жылуу болгон.

#92 17 February 2014 - 01:22
Кыйраңдаган планета
.
Белгилүү болгондой, Жер өз огунда
бир калыпта 23° эңкейиште айланып
турат. Эми элестетип көрүңүз: эгер
планетабыз олку-солку болуп
кыйраңдап (шаткая ось) айланса, анда
бир күндө эле төрт мезгил алмашып турмак. Бирок ошондой өз огунда бир
калыпта айланбай, оош-кыйыш
эңкейип айланып турган планета
табылды. Бул тууралуу Американын
улуттук космос агенттиги – НАСА
кабарлады. "Кепплер" космодүрбүсү Кепплер–413б планетасын тапты.
Жаңы табылган планетанын огу бир
күндө 30°ка чейин өзгөрүп турат.
Кепплер–413б планетасы Ак куу топ
жылдызынан 23 квадрильон чакырым
алыс (23,000,000,000,000,000
километр). Аталган планета саргылт
жана кызыл эргежээл жылдыздарды 66
күндө бир айланат. Окумуштуулар бул планетага 1500 күн байкоо
салгандан кийин, анын айлануу огу
туруксуз экенине күбө болушту.
Астрономдор Кепплер–413б
планетасы кандай себептен өзүнүн
огунда олку-солку айланганын
аныкташа элек. Божомолдорго
караганда, мунун себеби аталган
планета эки жылдызды айланганы жана алардын тартылуу күчтөрү
болушу мүмкүн.

#93 20 February 2014 - 17:09
Арыктата турган сагыз:
Салмагы көп адам сөзсүз арыктоонун айла- амалын издейт эмеспи. Ушул ойдон арылуу үчүн аргентиналык медиктер тамактан алаксыта турган сагыз ойлоп таабышыптыр. Аргентинанын дарыканаларда сатыла турган жалбыз кошулган сагызды ар бир адам чайнай берсе болот бирок, адистер, аны алардын мурда, баары бир дарыгер менен сүйлөшүп алууну сунушташты. Диеталык жаңылыктын түзүүчүлөрүнүн бири, илимий жана техникалык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун кызматкери Маркос Мейер сагыз аппетитти азайтаарын айтат. Бул - биологиялык активдүү кошулмалардын сагыз түрүндөгүсү, кантсыз жасалган. Курамында жашыл кофенин кофейини жок кошулмалары, андан сырткары да табигый ингредиенттер бар, алар адамды ток алып жүрөт", -депбелгиледи. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, аргентиналыктардын жарымынан көбү ашыкча салмактан жапа чегишет. Мейердин айтымында, бул продукция адамдын организмине азыктандыруучу заттарды берип, бирок, тамак-аш катары кызмат кылбайт. Диетолог аталган сагызды тамактануунун ортосунда күнүгө 2-3 ирет 15 мүнөттөн чайноого кеңеш берген.
Архивден алынды.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#94 20 February 2014 - 17:11
Обаманын телефону чатырлар аркылуу корголот:
Обама чет өлкөгө чыкканда анын телефон менен сүйлөшүүлөрү башкалар тарабынан тыңшалбашы үчүн атайын жасалган чатырдын ичинде сүйлөшөт. АКШнын президенти Барак Обаманын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары учурунда башка мамлекеттин атайын кызматтары анын телефон менен сүйлөшүүлөрүн тыңшабашы үчүн атайын чатыр колдонулат. "New York Times" газетасынын берген маалыматына ылайык, Обаманын чет өлкөгө болгон сапары учурунда, ал кала турчу мейманканадагы номерге атайын чатыр тигилет жана Обама маанилүү делген телефон сүйлөшүүлөрүн ушул чатырдын ичине кирип сүйлөшөт. Чатырдын материалдары тыштан келе турган электрондук толкундарды тозуп, тыңшоого мүмкүндүк бере албайт. Ошондой эле камерага тартууга да мүмкүн эмес. Өзгөчө, чатырдын ичинен тыңшоого жолтоо боло турчу айрым үндөр чыгарылып турат. Буга чейин Обама маанилүү телефон сүйлөшүүлөрүн атайын коргоого алынган телефон аркылуу сүйлөшчү. New York Times гезитинин башка маалыматына ылайык, эми АКШнын жогорку кызматында иштеген адамдардын чет өлкөгө жасаган иш сапары учурундагы маанилүү телефон сүйлөшүүлөрү да атайын жабдыктын жардамы менен коргоого алынат. Ошондой эле аскер тармагында иштеген жогорку кызмат адамдары да ушундай эле коргоого алынат. Андан сырткары бул кишилердин үйлөрүндө тыңшоого мүмкүн болбогон чакан бөлмөлөр да жасалат.

#95 22 February 2014 - 17:35
БАЙЫРКЫ ЦИВИЛИЗАЦИЯ
.
Археологдор эбак эле узун-туурасынан изилдеп чыккан Европадан эмнени табууга болот деген пикирге таянгандардын жаңылыша тургандыгы жакында далилденди. Көрсө, жер жүзүнүн ушул материгинде дале кол тийе элек табылгалар бар экен. Анткени ушул жылдын жай айларында азыркы Германиянын, Австриянын, Чехиянын жана Словакиянын аймагынан окумуштуулар байыркы цивилизациянын изин табышты: Стоунхедж менен Египет пирамидалары. Окумуштуулардын божомолунда бул имараттар биздин эрага чейинки 4800-4600-жылдардын аралыгында салынган болушу мүмкүн. Ошол байыркы доордогу туракжайлар тактайдан, топурактан тегерек формада салынып, пайдубалынын диаметри 4-5 метр болгон. Демек, илгерки адамдар кандай гана имарат курбасын, бекемдигине өзгөчө көңүл бурушкан. Ошондой эле дубалдарга тирөөчтөр кошо коюлган. Мисалы, азыркы Дрездендин аймагындагы эң ири храм комплекси эки катар дубал менен курчалган. Божомолдорго ылайык бир нече кылымдар мурда бул аймакка Дунай өрөөнүнөн көчүп келген уруулар курулуш иштерин колго алган.

#96 22 February 2014 - 17:40
Ванганын айткандарынан
.
Курск шаарынын адашы суу алдында сүзүүчү "Курск" атомдук кемесинин чөгүп кетээрин, Америкадагы Эгиз мунаранын кыйрап, эл аза күтөөрүн алдын-ала айткан Ванганын биздин заманга тиешелүү олуялыгын айрым окумуштуулар чечмелеп беришкен. Анда эмесе олуянын айткандарына токтоло кетели. Айткандарынын чын чыккандыгы менен дүйнө элин таңдандырган Ванга мындан 50 жыл мурун адамзатынын учурдагы жашоосу тууралуу төмөндөгүлөрдү айткан "Дүйнөдө көптөгөн күтүүсүз кырсыктар, катаклизмдер болуп, адамзат кайгыга батат. Жашоо-турмуш оорлойт. Адамдар диний ишенимдери боюнча бөлүнө баштайт…" Чындыгында бүгүнкү күндө жашоосуна канааттанган адамдар аз. Жашоо-турмуш оорлоп, дүйнө элин мүңкүрөткөн катаклизмдердин саны арбын. Акыркы 5 жыл ичинде Жер шарынын ар тарабында цунами, жер титирөө, суу ташкындоо, өрт каптоо сыяктуу канчалаган бөөдө кырсыктар катталды? Ал эми диний ишенимдерге таянышкан террорчулар 100 миңдеген кишилерге ажал алып келди. Адамдардын диний ишенимдерине шек келтирген иш- аракеттерге каршы уюшулган көтөрүлүштөрдүн көптүгүчү? "Учурда биз ар бирибиздин тагдырыбызды чечүүчү көрүнүшкө күбө болуудабыз. Себеби, биздин көз алдыбызда дүйнөдөгү эң маанилүү эки жетекчи кол алышты (Ванга Горбачев менен Рейгандын кол алышуусун белгилеген). Бирок, бул акыркы чечим эмес. Мезгил өтүп Сегизинчи келет.Сегизинчи- планетадагы акыркы, чечүүчү тынчтык келишимине кол коёт" деп 1988-жылдын январь айында айткан. Бул сөзүн Борис Ельцин Россиянын Президенти болуп турган чакта да кайталаган. "Россиянын бийлик башына Зюганов да, Лебедь да келбейт. Күтүүсүз фигура келет" деген. "Сегизинчи" келди, жакында эле Россия "Большая семерканын" катарына "сегизинчи" болуп кирди. Эми бүткүл дүйнөдө тынчтык орносо эле болгону. Мындан мурун 1979-жылы Ванга "Владимирдин, Россиянын атагы алыска жетет… Россиянын өнүгүү жолуна эч ким жана эч нерсе бөгөт боло албайт, Россия акырындап бүт дүйнөнү көзөмөлгө алат…" деп айткан. Азырынча андай боло элек. СССРдин убагында Россияны "Россия" деп атагандар аз болгон. Олуянын азыркы алп өлкөнүн атын кайра-кайра атаганына караганда айтканы келет өңдөнөт. Кайсыл Владимирдин атагы тууралуу сөз болгону такталган эмес, бирок тарыхый бурулуштарды жасаган Владимирлерден үчөө гана болууда. Алар: князь Владимир, Владимир Ленин жана учурдагы президент - "Сегизинчи" . Жогорудагы айтканы чын чыккан соң олуянын "2018-жылы поезддер электроэнергиянын күчү менен уча баштайт. Нефть өндүрүү токтотулат. Жер тынчтанып, эс алат" деп айткан сөзүн эстешкен. А жакында эле окумуштуулар Айдан гелий-3түн табылганын жана 2018- жылы аны өндүрүү иштери башталаарын жар салышкан. Термоядердик реактор үчүн күйүүчү май катары колдонула турган гелий-3 электроэнергияны үнөмдөйт. Себеби, реактор электр проводдоруна электро энергия берип проводдордун жардамы менен поезддердин "учушуна" өбөлгө түзот.

#97 22 February 2014 - 17:45
ЖЕР АКЫРЫН АЙЛАНА БАШТАДЫ
.
Парижде IERS деп аталган атомдук сааттын жардамы менен жердин айлануусун өлчөөчү эл аралык уюм бар. Себеби акыркы мезгилдеги байкоолорго ылайык жердин айлануусу жылдан жылга өзгөрүп турары далилденүүдө. Андыктан IERS 2005-жылы убакытка бир секунд кошуларын жарыялады. Балким, сиз мындан эмне өзгөрүү болуп кетер эле деп ойлошуңуз мүмкүн. Анткен менен окумуштуулар жети жыл бою мындай чечимге батына албай келишкен. IERSтин өкүлү Том. О Брайандын айтуусунда 1972-жылдан бери жана он бир жылдын аралыгында жер бирде тез, бирде жай айлангандыктан, убакыт да кээде кошулуп же алынып турган. Андан соң бир калыпка түшүп калган. Ал эми 1999-жылы белгисиз себептерден улам бир аз ылдамдай түшкөн. Азыр болсо жер кайрадан жай айланып, жыл мезгили туура бир секундка узарды.

#98 22 February 2014 - 17:54
Адольф Гитлер 1971-жылы Антарктидада каза болгон 1944-жылдын август айында фашисттик гестапонун жана ССТин жетекчилери Страсбург шаарындагы "Мезонруж"
мейманканасында жашыруун кеңешмеге чогулушту. Кеңешмеге ССтин обергруппенфюрери Э.Кальтенбруннер төрагалык кылды. Күн тартибиндеги башкы маселе - күнү бүтүп бараткан фашисттик Германиянын төбөлдөрүн Европадан кантип качыруу керек, ошол эки күн бою тыкыр талкууга алынды. Качуунун негизги багыты катары Түштүк Америка тандалып, муну ишке ашыруу үчүн "Шлюз" аттуу атайын операция иштелип чыкты. Бул операция чындыгында көптөгөн нацисттик төбөлдөрдүн жанын ажалдан арачалап калды. Кийинчерээк,
1957-жылы тирүү калган фашисттик жетекчилер "Кара интернационал"
аттуу жашыруун уюм түзүшүп ЦРУ менен кызматташууну жолго коюшту. Көрсө ЦРУ өз адамдарын тээ 1938-жылдан тартып эле ССтин арасына жайып жиберген экен. Америкалык тыңчылар Австрияда жана Чехияда жасалма күбөлүктөрдү жасоо борборунда иштешип, нацисттердин көптөгөн пландарынан кабардар болуп калышкан. Маселен, рейхс-маршал Э.Гиммлерге сержант Генрих Гицингер, аскер чалгындоосунун шефи Кальтенбруннерге Артур Шейдлердин атына жазылган паспорттор даярдалган.
Ал эми өзү еврей болсо да миллиондогон еврейлерди тукум курут кылган Адольф Эйхман түштүк Америкада көпкө чейин күн көрүп Израиль өкмөтү аны жыйырма жыл бою кууп жүрүп араң торго илген. Советтик чалгын да ЦРУдан калышпай иштеп Гитлердин оң колу болуп жүргөн М.Борманга түз чыгуунун жолун тапкан. Борман 1944-жылдан тартып эле "Рейнгольд"
аттуу жашыруун аты бар операция баштап Европадан алтын, бриллиант ж.б. баалуулуктарды ташып чыгып катууну уюштура баштаган. Операция Гитлердин жеке көзөмөлүндө турган. Бул мамлекеттик сыр катары эч кимге белгисиз уурулук эле. Нацисттердин уурдагандары жүз миллиондогон долларлык буюмдар болуп "Кара интернационал"
уюму үчүн бүгүнкүгө чейин кызмат өтөп келет. Бул байлыкты АКШнын да СССРдин да атайын кызматтары көпкө издешти. Баалуу буюмдар үч суу асты менен жүрүүчү кайыктар менен ташылып турган. Ошол кайыктардын биринин капитаны Дитрих Нибур кийин өтө бат байып кеткен ишкер катары шек туудуруп, АКШнын чалгындоо кызматынын көңүлүн бурган. Ал Перс де Гусман деген ат менен кармалып кийин Д.Нибур болуп чыккан. Бормандын өзүн да түштүк Америкага чыгарып кеткен да ушул Д.Нибур болгон. Борман согуштан кийин Гольдштейн деген фамилия алып Аргентинада тынч өмүр сүрдү. Бетине пластикалык операция жасаткандыктан ага эч ким деле көңүл бурган эмес. Ошо боюнча бактылуу карып, 1973- жылы Аргентинада көз жумган. Өлөөр-өлгөнчө ал АКШнын жана СССРдин жашырын агенттеринин көзөмөл канаты астында жүрдү. АКШ жана СССР үчүн Борманды саясий камакка алуу кызыкчылыгы болгон жок, анткени Борман аркылуу нацисттердин катылган байлыгына жол ачылып турулган. Бул аркылуу тирүү болушу ыктымал дешкен А.Гитлердин өзүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү да бар болчу. (Уландысы бар)
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#99 22 February 2014 - 18:01
Кудайдын каарыбы же…
.
Воронеждик Наташа 13 жашынан эле семире баштаган. Организминде гормоналдык бузулуу болгондон кийин кандай гана амалдарды жасап, кандай гана диеталарды кармаган жок. Бирок семире берди. Кийинчерээк жаш кыздын бүт денеси эмес, курсагы чоңое баштады. Өз фигурасынан уялган кыз такыр көчөгө чыкпай, үйүндө гана өмүр кечире баштады. Канчалаган медиктерди чакыртты. Эч ким диагноз кое алган жок. Наташа мезгил өткөн сайын баскандан кыйналып, дем алуусу кыйындап, кыймылы жайлап, акырында бир ордунда эле отуруп калды. Ордунан турганда бир канча убакыттан соң тең салмак кармачу. Жыгылып кеткен учурлары көп эле болгон. Тапичкесин кийгенде бир топ кыйналчу жана тизеси менен курсагын тээп басчу. Эң эле таң калычтуусу анын курсагы өтө салаңдап, "фартугу" 1 метрге чейин жетип кетти. Адамзат тарыхында мындай көрүнүш болгон эмес дешет медиктер. Алардын айтымында сумоисттер, оорукчандар аябай семириши мүмкүн, бирок курсагы "фартук" болуп минтип өсүп кетпейт. Окмуштууларды таң калтырганы адамдын териси мынчалык өскөнгө мүмкүнчүлүгү жок. "Фартук" эң жогорку - төртүнчү даражадагы чегинде 10 смге өсөт экен. А бул жерде 1 м. Дагы бир таң калычтуу көрүнүш Наташа өтө деле көп тамак жебейт, дагы да семирип кете берүүдөн коркуп, тамакты чен менен жечү. Көрүнүш табышмактуу болсо да медиктер операция жасоого белсенишип, Наташанын курсагын кесип салышты. Кесилген май катмарлуу теринин салмагы 57.5 кг. Азыр Наташа айыгуу жолуна түштү. Күн сайын кадимки дененин калыбына жакындап келатат. 32 жаштагы Наташа калыбына келсе, турмуш куруп, бүлө күтүүнү самап жүрөт. Бирок медиктер дале бул кубулуштун сырын ача элек.

#100 23 February 2014 - 19:25
Денесине Курандын аяттары жазылган наристе
.
Учурдагы 9 айлык Али Якубовдун төрөлгөндөн тартып эле денесине Курандын аяттары жана сүрөлөрү жазылып баштаганы бүткүл коомчулукту таң калтырды. Азыркы учурда Дагестандын Красно-Октябрь айылына Россиянын өзүнөн жана башка өлкөлөрдөн миңдеген адамдар наристени көргөнү келишүүдө. Россия муфтийлер кеңешинин делегациясынын артынан “МК” гезитинин кабарчысы Светлана Самоделова да барып келген.
Якубовдордун үйүнө бараткан жолду жашыл желек менен белгилеп коюшкан. Суунун жээгиндеги кыштан курулган анча көзгө урунбаган азыр үй ыйык жерге айланды.
Жолдор автоунааларга жык толгон. Биз менен катар эле “Газель” автоунаасы токтоду. Ал унаадан сакалдуу киши майыптар коляскасында отурган өспүрүм кызды түшүрүп жатты.
-Наристенин денесиндеги жазуулар табиятынан экендигине ишенесизби? – деп алардын артынан чыга калган аялдан сурадым. Ал мага ишенбегендечи дегендей түр көрсөтүп, түшүндүрүп кирди:
-Биз Жаратканга ишенген адамдарбыз. Аллах ар кайсы убакта түрдүү укмуштарды көрсөтөт. Азыркы Алинин окуясы – Аллахтан бизге бир белги. Биз бул жерге майып жээнибизди жана балалуу боло албай жүргөн жеңебизди алып келдик.
Якубовдордун үйүнө жеткенде “Субханаллах! ” деген үндөр угулуп жатты. Үйдүн короосунда пластик кутучаларга денесине аяттар, сүрөлөр, хадистер жазылган наристенин сүрөттөрү салынган. Жанымда турган мусулмандар жазууларды үнүн чыгарып окуп жатышты: “Аллахтын эң сүйүктүү адамдары – ыймандуулар”. “Мен күбөлөндүрөм: Аллах жалгыз, андан башка кудай жок”. “Аллах бардык нерсенин жаратуучусу”. “Жаратканга ишенбеген адам дүрбөлөңгө туш болду...”
Үйдүн алдына коюлган телевизордон Али тартылган видеотасма көрсөтүлүп жатат. Укмуш бала жашаган үйдү 14 милиция кызматкери түнү-күнү кайтарып турушат. Коноктор үчүн үстөлдүн үстүнө печенье, шоколад, момпосуйлар коюлган.
Алинин апасы Мадина шариятка ылайык жоолук салынып, узун юбка кийип жүргөн экен. Бирок, ал баласы төрөлгөндөн кийин ислам эрежесин катуу кармап баштаган.
-Мен Хасавюртов районунанмын. Катардагы көп балалуу үйбүлөбүз, апам үй кожойкеси, атам өмүр бою темир ширетүүчү болуп иштеген, - дейт Мадина. –Чоң энем мага 7 жашымда эле намаз окуганды үйрөтүп, мени чоң атамдын атасы Абдурахманга окшоштурчу. Ал атабыз тубаса жөндөмгө ээ болгондуктан анын колунан дарыланганы ар кайсы жактан келишчү экен. Бир канча саат бою токтобой Куран окуп отура берчү дешет. Күнү бою эч тамактанбаса да күчүн жоготчу эмес экен.
Абдурахман сыяктуу эле Мадинага да түшүндө аян берилчү экен. Мадина көбүнчө алдыда болоор окуяларды сезип, жакындарын бирде коркутуп, бирде кубандырып келген.
-Бир эжемдин тоюнда жездемдин досун көргөнүмдө алдымда болочок күйөөм турганын элестеттим. Шамиль менен таанышканыбыздан кийин экөөбүз тең бейшембиден жумага караган түнү төрөлгөнүбүздү билдик. Үйлөнүү тоюбузду да аптанын так ушул убагында өткөрдүк. Уулубуз Али да бейшембиден жумага караган түнү төрөлдү.
“Тыбырчылап жаткан наристе азанды укканда тынчып калат”
Андан кийин туугандардан бирөөсү 9 айлык Алини алып келди. Таң калыштуусу, наристе акжуумал келип, көздөрү да кара эмес экен. Бирок анын жакындарынын баары каратору. Баарынан да наристенин олуттуу, маанилүү көз карашы таң калтырат.
-Сезип жатасыңарбы, андан нур чачырап жатканын? – дейт чоң энеси Пиртас. Адатта кичинекей наристелер бейтааныш адамдардан жатыркашат эмеспи. Али болсо мага карай умтулуп жатты.
-Балага жан сакчы керек. Коноктор наристени кармалап көргөнгө аракет кылышат, эстеликке деп кийиминин топчусун жулуп алышат. Билесиңерби, баланын кийимдерин алып кетүүнү каалап, жалынып жалбарып сурашат... - деп айтып жатты чоң эне.
Бирок баланын ата-энеси баарынан да каапырлардан коркушат.
-Көпчүлүк каапырлар баламдын төрөлүшүн жактырышпайт. Аллах өзүнүн белгисин берип жөнөткөн баланы жок кылуу алар үчүн жакшы да.
Баланын азанга болгон реакциясын бизге көрсөтүү үчүн сакчылардын бирөөсү телефонунан азандын үнүн чыгарды. Ары-бери тыбырчылап, ойноп жаткан бала азанды угаар замат бир калыпта тынчып калып, бүт дити менен азанды угуп жатты.
“Врачтар 3 эле саат жашайт дешти, бирок...”
Азыр колуна баласын алып отурган Мадина убагында балалуу болууну каалабагандыгын айтат.
-Кызым Калимат 5 айлык болгондо боюма бүтүп калды. Биринчи төрөттө аябай кыйналдым. Жамбаш сөөктөрүм таркап, араң эле басып жүрдүм. Ошондуктан ичимдеги баланы алдырып салууну кааладым. Бирок туугандарым: “Бойдон алдырба, кызыңды биз карашабыз” деп айтышты.
Ооруканага барганымда врач Луиза: “уул төрөйт экенсиң. Аллах жардам берет, төрөп ал” деди. Эмнеси болсо да бойдон алдырайын деп жөнөгөнүмдө укмуштуудай музыка угулгансыды. Мечиттин жанынан өтүп баратып, дарбазадагы “Аллах” деген жазууну көргөнүмдө ордумда дел болуп катып, көздөрүмдөн жаш куюлуп кетти. Ошондо “мейли, майып болуп калсам да баламды төрөймүн” деген чечимге келдим.
Негизи эсеп боюнча бала февралда төрөлүшү керек эле, бирок Мадинанын толгоосу 3-январда эле келген. 8 айлык болуп төрөлгөн баланын салмагы 2900 грамм эле.
-Ымыркай аябай алсыз эле. Врачтар анын жүрөк жана талма оорусу бар экенин аныкташты. Ымыркайдын сол жагы жансыз болчу, уколду сезчү эмес, такыр ыйлачу да эмес. Башында врачтар аны 3 эле саат жашайт дешти, анан 3 күн жашайт дешти. Акыры барокамерада бир жума жашагандан кийин “Канча жашаарын бир гана Аллах билет” дешти.
Ымыркайдын ээгинде гематома пайда болуп, ал кеткенден кийин ордунда “Аллах” деген жазуу калды. Ошол учурдан кийин жогорудан мага бирөө жардам берип жаткандай сезилип, көп кабатырланбай калдым. Анан баламдын оорулары жоголду, таң калаарлык өзгөрүүлөр болуп баштады. Ошол учурда ооруканада оор абалда жаткан балдардын баарын айыгып кеткендиги врачтарды таң калтырды.
-Балам эч ыйлаган жок. Анын сабырдуулугуна, ынактыгына баары таң калышат. Үмүтүм үзүлүп көзүм жашка толуп калганда Алини колума алганым жетиштүү болчу, анын көз карашы мени тынчтандырчу.
Баланын денесине арабча жазуулар түшө баштаганы күтүлбөгөн көрүнүш болду. Ата-энеси аны сүрөткө тартып алганы менен эч кимге айтышкан эмес. Табышмактуу жазуулар барган сайын көбөйүп, буттарына да түшө баштаганда айылдык мечиттин молдосуна айтышкан.
Имам Абдула жазууларды окуп, которуп берет: “кудайдын алкышталган кулу”, “Аллах улуу”, “Жакшы ишке көрсөтүлгөн адам ал ишти жасаганга тете”.
-Алинин денесиндеги жазуулар дүйшөмбү, жума күндөрү пайда болуп жатты. Бул убакытта баланын температурасы 40 градуска жетип калгандыктан дароо “тез жардамды” чакырчубуз. Бирок врачтар келээри менен алардын көз алдында заматта температурасы түшүп калчу. Жазуулар 3 күн кармалып, алардын ордуна жаңы жазуулар пайда болуп турду.
“Орозо убагында наристе азыктануудан баш тартып жатты”
Баланы төрөлгөндөн бери карап жүргөн врач-педиатр Райсад Ярбилова мындайды өмүрүндө биринчи жолу көрүп жаткандыгын билдирди. Медициналык текшерүүлөрдө баланын дени сак болуп чыкты.
-Бирок баары бир уулумду ойлоп коркуп, аны жашырганга аракет кылып жаттым. – деп сөзүн улады Мадина. –Анын үстүнө айылда акча табуу үчүн өздөрү эле жазып жатышат деген ушак тарап кетти. Андан кийин баламдын бутунда мындай жазуу пайда болду: “эгер шектенип жатсаңар, жок дегенде бирөөнү жараткыла... ” Бул Курандагы 2-сүрө, 23-аят. Анын артынан эле 258-аят түштү: “ыймансыз адам дүрбөлөңгө туш болду”.
Өзгөчө бала жөнүндөгү кабар Дагестанга эле эмес, башка аймактарга да тарап кетти. Орозо убагы келгенде наристе күндүз азыктануудан баш тартып, кала берсе суу да ичпей койгонуна врачтар, дин кызматкерлери күбө болушуп, таң калышканын жашырышкан жок.
Мадина менен Шамиль Алига көз тийип калышынан же жугуштуу оору жугуп калышынан коркуп, келген адамдарга көрсөтпөй коюшту. Бирок көрүү үчүн келген миңдеген адамдар ызы-чуу болуп жатышты. Эч ыйлабаган Али кокусунан эле токтобой ыйлап баштады.
-Качан гана аны элдин алдына алып чыкканыбызда басылды, - дейт Мадина. –Андан кийин эле денесиндеги жаңы аятты көрдүк: “Далилди жашырган адамдын жүрөгү күнөөгө толгон”. Минтип жашоо кыйын. Ошондуктан уулубуз кадимки адамдардай жашашын каалайт элек. Бирок анын тагдыры өзгөчө болду.
“Бул элди эсине келтирүү үчүн жөнөтүлгөн белги”
Эмне үчүн өзгөчө бала Дагестанда төрөлдү? Ахмедпаши Амиралаев муну мындайча чечмелейт:
-Кизляр району – берекелүү аймак. Бул жерде отуздан ашык улуттун өкүлү жашайт. Жергиликтүү жашоочулар ишеним жагынан толеранттуу. Ваххабиттер да бар, салттуу исламды кармангандар да бар. Али – дүйнөнүн элчиси. Аллах аны адамдар ойлонуп, өздөрүнө келишсин деп атайын жиберди. Баланын денесиндеги жазуу – Дагестандагы козголоңду, зомбулукту токтотуу үчүн жиберилген Аллахтын бир белгиси.
Мен келгенден бир күн мурда Абдул-Вахед Ниязов баштаган Россия муфтийлер кеңешинин делегациясы келишкен экен. Эксперттер Алини төрөлгөндөн бери карап келген акушер, педиатр, хирург, дерматологдор менен жолугушуп, жыйынтыгында делегация чындыгында эле жазуулар өзүнүн өзү пайда болуп жатканын аныктады.
Ошол эле учурда жергиликтүү тургундардын айрымдары бул шумдукка ишенбегендигин айтып, жазууну өздөрү эле жазып коюшкан деген пикирди карманышат.
“Дагестанда азыр абал жакшы эмес. Жумушсуздуктун айынан жарандык каршы туруулар көбөйүп жатат, - дейт 52 жаштагы айылдын жашоочусу Бадави. –Баланын денесиндеги жазуу катардагы эле диний мистификация. Бирок адамдар күнөөлөрү үчүн тобо кылышы үчүн, келишпестиктерди токтотуусу үчүн бардык ыкмаларды колдонуу жакшы”.
Мадина түшүндө көргөнү боюнча баласынын үчүнчү тиши чыкканда денесинде жазуулар пайда болбой калат.
Азыр баары Алинин тили чыгып, сүйлөөр кезин күтүп жатышат.

Супер-Инфо
super.kg
видео