кыскас ойдодогу хадисте айтылгандай халифалык шамда болот аз калды иншаАллах
...
Урматтуу Али.хт Сирияда халифалык болот деп суйунуп олтурасызда. Анда бизде да орто азияда халифаттык болсун дейсизби?
Айтаарым ал Сирияда мусулман менен мусулман согушуп жатат. Опозиция менен окмот тарап. Жана ошол эле Америка Европа опозиция тарап болуп, Башар Асаддын бийликтен кетуусун талап кылып жатат. Анда эмне аларда халифалыкты каалайбы Европа Америкалар?
Ошол согуштан пайдаланып кээ бир террористтик топтор Сирияга кирип оз кызыкчылыгын ойлоп согушпаса, ал жерде эч кандай халифалыкты каалабан жонокой эле карапайым калк оппозиция менен окмот согушуп жатат. Жана оппозиция бийликти алганда деле эч кандай Халифалык эмес, кадимки эле СиРия олкосу тузулот. Аны тушунбогон кээ бир ашынган мусулмандар, каапырлар менен Сирия согушуп жаткансып Жихадка деп алданып кетип жатат. Алар барып ким менен согушканын оздору да билбейт. Америка Европа кайра оппозиция тарапта болуп жатпайбы. Алар кимге жихад кылат? албетте мусулман мусулманды олтуруп атат.
Ислам динин тутуп мусулман болсон эле Халифалык тузуп жашаш керек деген эмес. Халифат деген ошол эле арабдардын илгерки мамлекети борбору Багдад болгон. Бул жерде арабдардын эле оздорунун бийлик талаш саясий чыр чатагы. Ислам дининин эч кандай тиешеси жок бул жерде.
30дай араб олколорунун баардыгы тен Халифалык тузууну колдобойт.
Ошол эле Исламдын борбору болгон Сауд Аравиясы да колдобойт. жана халифалык тузууну каалагандарга курош жургузуп келет. Бир жолу мусулманбыз деп эле чектен чыккан болбойт. Исламда антип айтылганда эмес согушуп басып алуу жолу меннен адамдарды Исламга баш ийдируу. Биздин ыйык шаарыбыз Мееке Медина жайгашкан Сауд Аравиясы Исламды эн тушунгон Ислам менен жашаган олко, мына ушул олко ошол эле Европа Америка менен эн сонун достукта кызматташып байланышып келет. Болбосо ушул олкодо ошол Халифалыкты тузууну каалагандарчалык Исламды терен тушунгон адамдар жокбу?
Анан эле биздин кыргыз озбек мусулманмын дегендер, кимге жихадга кетип жатканын тушунбой эле, кайдагы бир уюмдардын тузагына тушуп алданып кете беришет.
Исламда илим алгыла дейт, керек болсо ошол каапырлардан алгыла деген. Илим алат десе созсуз эле Динди окуп уйронуу эмес, баардык жагынан медицинаны тарыхты окуп билуу, Астраномия математика тил уйронуу баардык жагынан.
Баардык нерсени башка элдерди таанып билип, алардын откон кеткен жашоосун уйронуп бир бирин сыйлап, дуйно таанымды кенейтиш керек да.
Ислам десе эле Арабдардын мамлекет тузулушуно баш катырышат. Ислам бул бут ааламга келген, жана акырындап акырындап жайылып отурат.
Ошол эле Ислам жетпеген тээ Индеецтерге да оз темпи менен жетет. Ислам десе эле Мамлекеттик Халифалык тузуу деп тушунгондук кыска ойлук.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















