5) Аялдын негизги жыныстык укуктарынын бири -
бул анын “төшөк” маселесинде таптакыр үмүтсүз
абалда жалгыз ташталбоосу.
Мисалы күйөөсү
айыкпас “алсыз” (импотент) болуп туруп да
аялына талак бербей коюусу. Мындай кылганга
эркектин эч кандай укугу жок. Анткени Ислам ажырашууну үч талак менен, иилааны болсо төрт
айлык мөөнөт менен чектеп койгон. (Майданий, III, 37-38, 60.) Күйөөсү аялын жыныстык жактан пайдаланууга
кандай укугу болсо, күйөөсүн жыныстык жактан
пайдаланууга аялы да ошондой эле укукка ээ.
Демек күйөөсү аялына бул жаатта
жардамдашуусу керек. Эркек бул милдетин
аткарбай койсо айыпкер да, күнөөкөр да болот. Бул милдетин “аткара албай” калган эркек бел
күчүн арттыра турган дары-дармекти жана күчтүү
тамактарды алып колдонууга милдеттүү. Мына ошентип биз аялдын укугун
корголгондугуна күбө болдук. Демек аял
күйөөсүнөн “төшөктөгү” милдеттерин аткаруусун
мажбурлоого укугу бар. Ошондо да аткарбай
койсо казыга арызданганга акысы бар. (Билмен Өмер Насухи, Хукуку Исламийя ва истилахату
фыкхийя камусу, Стамбул-1985, II, 353.) Күйөөсүнүн эч айыкпас “алсыздык” оорусу бар
экенин билген аял, эгерде өзү кааласа каалаган
учурунда күйөөсү менен ажырашуу үчүн казыга
кайрылуусуна Ислам дини уруксат берет. (Майданий, III, 25.)
Аялзаты....
#61 10 February 2014 - 14:52
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#62 10 February 2014 - 14:53
Аялдын мурас алуу укугу:
Ислам дининин аялзатына ыйгарган эң башкы
укуктарынын дагы бири мурас укугу болуп
эсептелет. Бардык жаатта аял укугуна аябай
маани берген Ислам дини аялзатынын мурас
алуу укугунан ажыроосуна дайыма каршы
болгон. Ошентип Ислам дини Курандын аяттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө аялзатына
мурас алуу укугун берген. Куран аялдардын мурас алуу маселеси
тууралуу мындай дейт: “Алла тааланын балдарыңарга мурас бөлүү буйругу мындай:
эркек балага-эки кыздын үлүшү. Эгерде
кыздар экиден көп болсо, калтырылган
мурастын – үчтөн экиси, бирөө болсо
жарымы. Ата–эненин ар бирине, мурасчынын
баласы болсо алтыдан бири, эгерде баласы жок болуп, ата–энеси мурасчы болсо, энесине
үчтөн бири. Эгерде эркек бир туугандары
болсо, энесине маркумдун осуятын аткарып,
же карызын төлөгөндөн кийин калгандын –
алтыдан бири тиет. Ата-энелериңер жана
перзентиңердин кайсы бири силер үчүн пайдасы, жардамы көбүрөөк экенин
билбейсиңер.

#63 10 February 2014 - 14:54
(Ошондуктан,
өзүңөргө калса, мурас
бөлүштүрүүнү да адилеттик менен чече
албайсыңар. Мына ошол себептен кимге канча
мурас тийиши керек экендиги) Алла таала тарабынан парз кылынып коюлду. Албетте,
Алла билим жана даанышмандыктын ээси!
Силерге аялдарыңар калтырган мурастан,
эгер алардан перзент калбаган болсо,
жарымы тиет. Эгер алардын перзенттери бар
болсо, силерге алардын мурасынын төрттөн бири тиет. (Бул бөлүштүрүүлөр) маркум аял калтырган осуят жана анын карыздары
аткарылгандан кийин болот.” (Нисаа,11-12.)
бөлүштүрүүнү да адилеттик менен чече
албайсыңар. Мына ошол себептен кимге канча
мурас тийиши керек экендиги) Алла таала тарабынан парз кылынып коюлду. Албетте,
Алла билим жана даанышмандыктын ээси!
Силерге аялдарыңар калтырган мурастан,
эгер алардан перзент калбаган болсо,
жарымы тиет. Эгер алардын перзенттери бар
болсо, силерге алардын мурасынын төрттөн бири тиет. (Бул бөлүштүрүүлөр) маркум аял калтырган осуят жана анын карыздары
аткарылгандан кийин болот.” (Нисаа,11-12.)
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#64 10 February 2014 - 14:55
Эркектерге калтырылган мурас үлүшүнүн
аялдарга караганда эки эсе көп болуусунун
айынан Исламды сындаган айрым сынчылар
Ислам дининде эркектер менен аялдар тең
укуктуу эмес деген бүтүм чыгарышат. Бул
пикирлерин далилдөө иретинде алар Курандын “Эркек балага - эки кыздын үлүшү тиет,” - деген
аятын карманышат. Бирок бул фраза Исламдагы
мурас жөнүндөгү бардык мыйзамдарга
салыштырылып каралышы керек. Бул жаатта
аялдарга айрым учурларда мурас эркектерге
караганда көп калтырылаары көрсөтүлгөн. Исламга чейинки аялдарга эч кандай мурас
калтырылган эмес. Мындан тышкары алар
өздөрү ушундай болушкан. Мисалы, өгөй энеден
да баккан баласына мурас калтырылган. Ислам
дини гана аялдарга мурастоо укугун берген.
Куранда мындай деп айтылат: “Эркектер үчүн ата-энелери жана тууган-уруктары калтырып
кеткен мурастан үлүш бар. Аялдар үчүн да
ата-энелери жана тууган-уруктары калтырып
кеткен мурастан үлүш бар. Бул үлүштүн аз же
көптүгүнө (карабастан) парз кылынган акылардан.” (Нисаа, 4:7.) Ошентип негиз аныкталды: мурастын үлүшүнүн
өлчөмү ар бир адамдын өз жагдайына жараша
болот.
Жогоруда айтылгандай эле эркектердин үлүшү
аялдардын үлүшүнөн шартына жараша көп,
бирдей же аз болоору көрүндү.

#65 10 February 2014 - 14:57
Эркектердин чоң үлүштү алышы:
маркум атасы
болсо, эркек балага үлүш кыз балага караганда
эки эсе көп тиет.
Эркектер менен аялдардын үлүштөрүнүн
бирдейлиги: маркум аялдын баласы болуп, анын
балдары болсо, аялдын үлүшү эркектер менен бирдей болот: “маркумдун балдары болсо, ата-
энесинин ар бирине мурастын алтыдан бир
үлүшү тиет.” Бир тууган эмес жакын тууган
болгон эркектер менен аялдардын (ага, карындаш) үлүштөрүнүн бирдейлиги: “анын ар бирине (ага, карындаш) – алтыдан бир бөлүгү тиет.”
Аялдардын эркектерге караганда чоң үлүштү
алышы: аялга маркумдун кызына (бир туугандары болбосо) үлүштүн жарымы тиет, ал эми анын атасына үлүштүн алтыдан бири тиет.
“Бир эле кызы болсо – ага жарымы, ал эми ата-
энесинин ар бирине – алтыдан бири тиет."

#66 10 February 2014 - 14:58
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#67 10 February 2014 - 14:58
Ошентип Ислам дининде мурас үй-бүлөдөгү
адамдардын муктаждыгына жана
жоопкерчиликтигине жараша бөлүнөт.
Үй-бүлөлүк жашоодо үй-бүлөнү багуу жана
турмуш-тиричиликтин “ала куржунун” көтөрүү
негизинен эркектин өз мойнундагы милдети болуп эсептелет. Ошентип эркек эң азында, жок
эле дегенде эки адамды, өзүн жана аялын
багууга милдеттүү. Ошондой эле балдарын, ата-
энесин багуу милдети да эркекке жүктөлгөн. Ал
эми аялга болсо, күйөөсүн финансылык жактан
кароо жоопкерчилиги жүктөлгөн эмес. Аялды күйөөсү же уулу, атасы же болбосо ага-иниси
кароого жана багууга милдеттүү.
Демек өзүн, аялын, уул–кыздарын, керек болуп
калган учурларда ата-энесин, эже-
карындаштарын багууга жана кароого милдеттүү
болгон эркектин мурастан эжесине, же карындашына салыштырмалуу эки эсе көп үлүш
алуусу адилеттүүлүккө коошпостугу ары турсун,
чыныгы адилеттүүлүктүн дал өзү болуп саналат.
Түшүнүктүүрөөк болуусу үчүн бир мисал
келтирели. Мисалы, ага менен карындаштын
абалын алып көрөлү. Агасы үй-бүлөдөгү аялдарды (энесин, чоң энесин, апасын, эжесин)
жана ошол эле карындашын багууга милдеттүү.
Ал үйлөнгөндө аялына калың (шарият боюнча махр) берет жана аялы менен балдарын кароо милдети мойнуна жүктөлөт. Карындашы күйөөгө
чыкканда анын себин берет. Эгерде карындашы
күйөөгө чыкпаса, аны кароо милдети да агасына
жүктөлөт.

#68 10 February 2014 - 15:00
Мына ушулардан таасын көрүнүп тургандай эле
аял финансылык жоопкерчилик жаатында эркек менен бирдей даражада эмес. А түгүл бул
жаатта эркекке караганда оңой жана жеңил
статуска ээ.
Демек, аялга мурастан эркектин үлүшүнүн
жарымынчалык берилүүсү эркекти аялдан
жогору баалоо болуп эсептелбейт. Бул эркек менен аялдардын финансылык
жоопкерчиликтери жана милдеттери эске
алынып, аларга мурастын адилеттүүлүк жана
тактык менен бөлүштүрүлүүсү болуп эсептелет.
аял финансылык жоопкерчилик жаатында эркек менен бирдей даражада эмес. А түгүл бул
жаатта эркекке караганда оңой жана жеңил
статуска ээ.
Демек, аялга мурастан эркектин үлүшүнүн
жарымынчалык берилүүсү эркекти аялдан
жогору баалоо болуп эсептелбейт. Бул эркек менен аялдардын финансылык
жоопкерчиликтери жана милдеттери эске
алынып, аларга мурастын адилеттүүлүк жана
тактык менен бөлүштүрүлүүсү болуп эсептелет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#69 16 February 2014 - 15:04
Аялды эрмектебе эгерде энен болсо, кыздарды шылдындаба,
карындаш, эжен болсо. Баардыгы жаман дебе, бироосу жаман болсо, кыз деле Эне болот, алтын башы аман болсо.
#70 20 February 2014 - 07:34
1. Аялдын тамак-ашы: Бакара сүрөсүнүн 233- аятында айтылгандай,
аялдын тамак-ашы
эркектин мойнунда жана нафаканын ичинде. Бул
жөнүндө Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде
мындай деп айтылат:
– Нафаканы кимге биринчи берейин? – деп
сураган сахабага:
– Нафакасы сенин мойнуңда болгон сенин
аялың, ал сага: «мага тамак–аш бер же болбосо
мени менен ажыраш» - деп айтат. Башка бир хадиси шарифте Аз. Пайгамбарыбыз
Муавийянын:
– Эй, Алланын Элчиси, биздин ар бирибизде
аялдардын кандай акысы бар? – деген
суроосуна:
–Өзүң ичип жегенде аны да ичирип-жедиришиң
керек, – деп жооп берип аялды ичирип-жедириш
эркектин мойнундагы милдети экендигин
билдирген.
эркектин мойнунда жана нафаканын ичинде. Бул
жөнүндө Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде
мындай деп айтылат:
– Нафаканы кимге биринчи берейин? – деп
сураган сахабага:
– Нафакасы сенин мойнуңда болгон сенин
аялың, ал сага: «мага тамак–аш бер же болбосо
мени менен ажыраш» - деп айтат. Башка бир хадиси шарифте Аз. Пайгамбарыбыз
Муавийянын:
– Эй, Алланын Элчиси, биздин ар бирибизде
аялдардын кандай акысы бар? – деген
суроосуна:
–Өзүң ичип жегенде аны да ичирип-жедиришиң
керек, – деп жооп берип аялды ичирип-жедириш
эркектин мойнундагы милдети экендигин
билдирген.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#71 20 February 2014 - 07:36
2. Аялдын кийим-кечеси:
Бакара сүрөсүнүн 233-аятында айтылгандай,
аялдын кийим-кечеси
да нафаканын ичине кирген эркектин мойнундагы
милдети. Муавийянын:
– Эй, Алланын Элчиси, биздин ар бирибизде
аялдардын кандай акысы бар? – деген
суроосуна:
– Өзүң кийингенде аны да кийиндиришин керек, –
деп жооп берип, аялдын кийим-кечесин алып
бериш эркектин мойнундагы милдет экендигин
билдирген.
да нафаканын ичине кирген эркектин мойнундагы
милдети. Муавийянын:
– Эй, Алланын Элчиси, биздин ар бирибизде
аялдардын кандай акысы бар? – деген
суроосуна:
– Өзүң кийингенде аны да кийиндиришин керек, –
деп жооп берип, аялдын кийим-кечесин алып
бериш эркектин мойнундагы милдет экендигин
билдирген.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#72 20 February 2014 - 07:37
3.Аялдын жашай турган жери: Эркектин мойнундагы милдеттердин бири – аялдын жашай
турган жери.
Аялдын жашай турган жерин
даярдап берүү эркектин жоопкерчилигиндеги иш.
Бул жашай турган жер кичинекей бир комната
болгон сыяктуу чоң бир квартира да болушу
мүмкүн.
Негизгиси – жашай турган жана аялын жана балдарын көчөдө калуудан сактоого жарай
турган жер болуу керек. Бул жерде мындай бир
суроо туулушу мүмкүн – кийим-кеченин, тамак-
аштын кандай стандартта болушу керек.
Нафаканын негизи материалдык
мүмкүнчүлүктөргө таянгандыгы үчүн динибиз бул маселеде так, кесе бир өкүм койбостон,
нафаканы эркектин экономикалык абалына
жараша милдеттүү кылган. Башкача айтканда, ар
ким тапкан акчасына жараша нафака берүүсү
керек. Биз үчүн жашоо стандартдарыбызды
белгилөөдө телевизордо көргөн ашыкча ысырапка үндөгөн жана жалган
бактылуулуктарга толгон рекламалар эмес, Аз.
Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жана анын аруу
жубайларынын жашоосу өрнөк болушу керек. Аз.
Айша энебиздин: “Бир ай бою Азирети
Мухаммеддин (с.а.в.) үй бүлөсү жей турган бир нан таба алышпайт эле жана казандары да
кемегеге асылбайт болчу” -деген сөзү ошол
замандагы мусулман аялдардын сабырдуулугун,
жоомарттуулугун жана Аллага болгон
тобокелдерин заманыбыз үчүн эң жакшы бир
өрнөк катары берсек болот.

#73 20 February 2014 - 07:38
Натыйжа
1. Нафака эркектин мойнундагы милдет.
2. Эркектин жоопкерчилигиндеги нафакага аялдын тамак-ашы, кийим-кечеси, жашай турган
жери жана башка күндөлүк муктаждыктары
кирет.
3. Нафака – аялдын каалаганындай эмес, эркектин экономикалык абалына байланыштуу.
Бул жөнүндө бизге Бакара сүрөсүнүн 233-аяты
менен Талак сүрөсүнүн 7-аяты кабар берет.
4. Нафаканын эркектин жоопкерчилигинде болушунун хикматы (даанышмандуулугу, сыры)
анын аялга караганда күчтүү болуусу. Эркек
кыйналбастан иштеп акча таба алат.
Ошондуктан, бул, аялдын кыйналып-
кысталуусун жана кайдан акча табам деген
санаасын жок кылат. Бул болсо динибиздин аялдарга берген жогору баа бергендигин
көргөзөт.
5. Эркек нафака табуу жолунда кыйынчылыктарга туш келсе, аялдын милдети –
ага жардамчы болуп, жакшы сөз менен болсо да
дем-күч берүүсү керек. Жакшы аял – кыйын
күндөрдө күйөөсүнө жардамчы болгон аял. Аз.
Хатижа энебиз бизге бул жаатта абдан жакшы
бир өрнөк. Себеби, ал Аз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кыйынчылык күндөрүндө материалдык
жана моралдык жактан колдоо көрсөтүп, аны
жалгыз таштаган эмес
6. Үй бүлөнүн нафакасынын өлчөмүн белгилеп жатканда ала турган өрнөк телевизорлордон
көргөзүлгөн рекламалар эмес, Пайгамбарыбыз
Мухаммед (с.а.в.) жана анын өмүрлүк
жубайлары болушу керек.
7. Эркектин мойнундагы негизги милдет – күчүнүн жетишинче үй бүлөсү үчүн адал тамак
таап берүү.

#75 31 July 2014 - 15:46
Автор эн жакшы.Жазгандарыныз туура эле.Аял заты эн назик,чыдамкай,
кучтуу,керек болсо ташты да ээрите алат.Аял затына данк!!!
Бар болгула аял заты!!!
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)

Супер-Инфо
super.kg
видео