Жылдыз ал кезде онунчу класста окучу. Сүйүүнүн керемет даамын татып жүргөн кези. Тилек аттуу, өзүнөн үч жашка улуу бала менен сүйүүгө ант беришкен. Ошондой таттуу күндөрдүн биринде айылга ырчылар концерт койуп келишти. Тилек, Жылдызды ээрчитип концерт көргөнү барышты. Өкүнүчтүүсү,
концерт башталгыча,
Тилек досторунун жанына барып, шараптан " серп " эттире алганга үлгүрдү. Жагымдуу концерттен соң, Жылдызды үйүнө узатып баратып, ээн жерге келгенде арактын таасиринен өзүн кармана албай алкымынан жыттап, кучактап, өпкүлөп кирди. Кыздын бакырып, каршылык көрсөткөнүнө карабай, арам оюн жүзөгө ашыруу үчүн жыга басты. Жылдыз каттуу коркконунан эс-учун жоготуп койду. Көзүн ачып караса, үйүнүн астында жатыптыр. Үйдөгүлөргө шек алдырбай, акырын бөлмөсүнө кирип жатып калды. Эмне болгонуну өзү дале аңдып түшүнө алган жок. Бир билгени, " кыздык абийиринен айрылдым " - деди да, өксүп ыйлап жата берди. Ата-энесине айтууга уялды, коркту. Эртеси турса көзүн шишик басып, өңү бозоруп, үнү да бүтүп калыптыр. Айласыз мектепке барбай койууну чечти. Жуурканга оронуп жата берди. Апасы кирип..<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Сабакка барбайсыңбы?
<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Жок апа, бүгүн сабак деле көп эмес, бир аз башым ооруп жатат - деп, башын төшөккө ката берди. Сыркоолоп калган го, мейли уктаса уктасын деген ойдо, апасы чыгып кетти. Ошол күндөн тарта Жылдыз аябай өзгөрүлдү. Мурдагыдай шайыр мүнөзү, баладай эркелеги жоголуп, өзүнчө бир ааламга кирип кеткенсиди.
Токтоо тартып, аз сүйлөп, кабагы кара булут сыңары эч ачылбай койду. Ата-эненси, достору, туугандары да байкап, эч түшүнө алышкан жок. " Эмне болду сага " - деген суроого, " эч нерсе " - деп гана кутулчу. Жашоосу бурганакка айланып, жашоо ага тар сезилип, жан дүйнөсү бырчыланып,
адамдарга болгон көз карашы өзгөрүлдү. Айрыкча, эркек аттуулардан жийиркенчү болду. А тигил Тилек болсо, ошол күндөн баштап дайынсыз жоголду. Досунан кат берип ийиптир. Катта мындайча жазылыптыр.
.<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">" Мени кечир, өзүмдү кармай албадым, сенин сүйүүңө татый албадым. Мен сага тең эмес экенмин. Бул күнөөмдү мен эч качан кечире албайм. Өзүмдөн жана сенден качып алыска кетип жатам. Кош бол, айыпсыз махабатым!
"<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">Катты окуганда, жаш баладай эчкирип ыйлады. <br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Менин эми кимге керегим бар? Мен эми киммин? - деген суроолорду айтып, өпкөсүнө батпай шолоктоду байкуш. Ошол заматта оюна өлүм келди. Ооба, мен өлүшүм керек. Менин бул жашоодо жашоого аккым жок. Мен бул жер бетинде басып жүрүүгө татыксызмын деген сөздөрдү кайра-кайра кайталап, мал сарайга жөнөдү. Аркан жипти, устунга байлады да, мойнуна сала бергенде, кимдир бирөө кулагына шыбырагандай болду. <br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- " Өз жаныңды кыйуу, бул эң чоң күнөө. Сен сүттөй тазасың, сенде айып жок. Жаша! Сен жашашың керек. Сенин келечегиң али алдыда. Көп ийгиликтерге жетишесиң " - деген дабыштан чоочуп, эки жагын каранды. Эч ким жок. Олтуруп алып, кыз көпкө ойлонду. Арзуу кылган тилектерине жетишти самады. Ошол күндөн тарта Жылдыз баш-оту менен китеп, билимге сүңгүп кирип кетти. Китепти колунан түшүрбөй, басса-турса колунда китеп, дептер. Сабактан " мыкты " деген бааларга окуп, мектепте эң жакшы окуган активистердин катарына кошулду. Анын максаты келечекте врач болуусу эле. Жан-курбуларынан өзгөчөлөнүп,
токтоо акыл-эси менен, маанилүү сүйлөшү менен айырмаланып турчу. Кыздар оюн-күлкүгө тойбой отуруш, кечелерге даярданып, бийлеп-ырдашса,
а Жылдыз түнү-күн дебей китеп окуп, сабак кылчу. Өзү деле атына заты жарашкан жылдызы жанган сулуу да ажарлуу кыз болчу. Узун кара чачы белине түшүп, ар бир адамдын көз-жоосун алаар эле. Канчалаган балдардын жазган каты жоопсуз калып, канча кыздар ага суктанаарлык көз караш менен карашчу. Дегеле, бир бала менен сүйлөшүп, бир басканын эч ким көрчү эмес. Окууну бүтө элек, үйүнөн жуучунун буту үзүлчү эмес. <br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">Экзамендерди ийгилликтүү аяктап, өзү эңсеген окуу жайга өттү. Ал студент болгонуна кабанып турган кези. Университетте да мыкты окуп, эч бир баланын сүйүүсүнө көңүл бурбады. Курсташтары күндө той, күндө шеринеде жүрсө, Жылдыз үй-тапшырмасы менен алек. Өзүнүн курсунда окуган Дамир аттуу бала аны чын жүрөктөн сүйүп, жүрөгүнө кирүүгө аракет кылды, бирок майнап чыкпады. Беш жыл бою артынан калбай ээрчип, сүйүүсүн айткандан тажабады. Эркектерден көңүлү таштай катыган Жылдыз, көңүлүнө жакын жолотподу. Ал учурда досторунун баары бүлөлүү болуп, балалуу да болуп калышкан. Ата-энесинен,
тууган -уруктун, досторунун " качан турмушка чыгасың, сүйлөшсөң боло бирөө менен, эртең дипломду да аласың. Бол эми кары кыз болуп жүрө бербей күйөөгө тий " - деген сөздөрү жүрөгүнө көк таштай катуу тийчү. Ошол алты жыл ичинде Жылдыз өзү деле темирдей катып, таш боор болуп калган. Ошол аралыкта канчалык жүрөгү оорбасын, канчалык ичинен өксүбөсүн, бирок бир да көздөн жашын агызбады. Мелтейип, бир чекитти гана тиктеп тура берчү. Ал өзүнө эч качан ыйлабайм деп сөз берген. Бир күнү жатып алып ойлонду.<
br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- " Азыр медицина өрчүгөн убак, кыздыкты тиктирип деле күйөөгө тийсем болот го деди. Жоок, анте албайм. Жаңы жашоомду жалган менен баштагым келбейт. Жолдошумдун көзүн кантип карайм? Кайын-журтумчу?
Андан көрө ачыгын эле айтып, түшүндүрсөм балким түшүнөөр. Тиги Дамир мени сүйүөт, мен деле аны жакшы көрөм. Жакшы бала. Мени бапстеп жар кылышына көзүм жетет. Аттиң, кыз болуп калсам эмне? Жоок, ал да болбойт. Башында түшүнгөнү менен, кийин бир күн болбосо, бир күн жарылат. Айтат, мага кыз эмес тийгенсиң деп, ким билет канча адам менен болдуң дейт. Ишенбейт, баарибир ишенбейт. Андайда мен өмүр бою тилим кысык болуп, башымды жерге салып өтөм. Жакшысы тиктиртейин " - деген чечимге келип, эртеси гинекологко барды. <br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Саламатсызбы эже? Мен кыздык белгини тиктирсе кандай болот, канча күнгө чейин, ишеничтүүбү,
ушулар жөнүндө билгим келди, мүмкүн болсо кенен түшүндүрүп бериңчи дегенде эле, тиги эже сүйлөнүп кирди.<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Жаштык-мастык деп, өзүңөр ушундай ишке барасыңар да, анан күйөөгө чыгаар алдында уялбай бүтөгөнү келесиңер.
<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Жоок эже, мен өз эрким менен эмес, мен..<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Билем, өз эркиң эмес, өз эркиң менен аракты суудай ичесиңер да, эсиңер кеткенде анан балдар өз эркин кылат.<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Эжее, мени угуңчу, мени.. Мени зордуктап койгон деп муңкана араң айтты. Мед айым бир аз орой сүйлөгөнүнө уяла түштү окшойт, " жүр, узиге текшереличи " - деди. Аңгыча эле күн " жарк " дей ачылгансып,
эженин көздөрү жайнай..<
br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Ой, сен кыз эле бойдон экенсиң го? Кайдагы зордукту айтып жататсың? Баары жайында экен. Сен кайдан мындай ой менен жүрөсүң?<
br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Койуңчу эже! Чын элеби? Кандайча? Жылдыз күтүүсүз жакшы жаңылыктан эсин жогото жаздап, жаш баладай мед айымды кучактап эрээркеп ыйлап кирди. Алты жылдык көз жаш, алты жылдык сүйүнүч. Эже ага түшүнбөсө деле, анын кубанычтан тамган көз жаштарын көрүп, ал да кошулуп ыйлап кирди. Бөлмөнүн ичи заматта ыйга толуп, сыртта кезек күтүп тургандар таң калычтуу күтүп турушту. Мед айымга рахматын айтып, эки бетинен секелек кыздай чопулдата өөп, чыгып кетти. Камакта отуруп чыгып, биринчи жолу күндү көргөнсүп, асманды жылмая карап алып, айлана берди. Жанынан өтүп бараткандарга "мен бактылуумун,
мен тирилдим, мен тазамын, мен.. мен.. " - деген сөздөрдү бакырып ааламга айтып жатты. Жолду ээлеп, сумкасын бирде өйдө ыргытып, бирде өң колуна, бирде сол колуна ыргытып, ырдап баратты. Айланадыгал жинди го дегенсип, шылдыңдап өтүшөт. Ал эч кимди көргөн жок, эч кимди укпады. Ак бууранын жанына келип отурду да, Дамирге чалды.<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Дамир, мага кылган сунушуң дагы деле өз күчүндөбү, же..? <br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Ооба, күчүндө. Айткам го, мен сени өмүр бою күтүүгө даярмын деп алып, Жылдыздын мындай суроосуна бир кубанып, бир таң калып турду.<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Жылдызым, сага эмне болду? Тынчтык элеби? Мындай сөздү мылтык такаса да сүйлөбөйт элең го?<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Тынчтык Дамир. Болгону мен катуу уйкудан ойгондум. Бир азаптан кутулдум. Эми алар артта калды. Эгер сенин жарың болуумду кааласаң, анда эртең жолугушканча деп, телефонун өчүрдү да, үйүнө бет алды. Үйгө кирип эле, досун кучактап алып эле, мен бактылуумун,
мен буйруса сүйүктүү жар болом деди. Досу түшүнбөй эле, келин болуу үчүн эле ушунчалык сүйүндүңбү,
деги эле кабагың ачылчу эмес эле, ушу сага ак ат менген хан-жигит жолуккан го ээ? Мүнөзүңдү жүз сексенге шарт эле буруп салыптыр деп тамаша аралаш сүйлөдү. Жылдыз бети-башын жууп чыкты да, балышка башын койору менен көзү илинди. Өмүрүндө биринчи жолу каттуу уктаптыр, болгондо да бир сутка кыймылдабай уктады. Эртеси сабакка турбай уктап жаткан Жылдызды көргөн курбусу ойготподу. Эс алсынчы, беш жылдан бери таң эрте туруп, кеч жатат. Чарчагандыр,
бир аз уктап алсын деп, ойготпой сабагына кетти. Сабактан кчинде келсе, дагы эле уктап жатыптыр. Өлүп калбадыбы деген ойдо, акырын барып ойготту. <br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Ой сен тирүүсүңбү?
Эмне анчалык эле уктап бир сутка бою?<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Койчу, кандай бир сутка? Саат канча болду?<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Саат кечки беш. Кечээ ушул маалда уктагансың.
<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Чын элеби? Жылдыз уйкусуз өткөргөн күндөрүн бир эстеп алды да, "упускать " этилген уйкулардын планын толуптур деп күлүп койду. Дамир экөө бүгүн жолугаарын эстеп, бети-башын түздөп алып, Дамирге баратты. Дамирдин кубанычында чек жок, ак көйнөк, костюм-шымын кийип алып, кудум тойу болуп жаткан күйөө баладай, алтын шакек менен бир кучак роза күлүн алып, Сулайман-Тоодо күтүп турат. Жылдыздын жүзүнөн нур жанганын көрүп, эки бети албырып, сүрдөй кетти. Тизесин жерге койуп, колундагы кутучаны ачып..<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Өмүрлүк жарым болууга макулсузбу?
<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">- Макулмун.<
br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">Колуна шакекти салды да, кучактап айландырып алды. Ал күнү экөөнөн өткөн бактылуу адам жок эле. Университетти кол кармашып, жетелешип, эгиз козудай ээрчинишип жүрүп аяктап, колдоруна диполмдорун алышты. Алар келечектеги эң күчтүү врачтардын бири эле. Жылдыз максатына жетип, ак халатчан кесиптин ээси болду. Алар турмуш жолуна аруу махабат менен кадам таштап, бир үйдүн түтүнүн булатып, жашап калышты. Алты жылдык өмүрүн аза тутуп, балалык таттуу күндөрүн кайгы менен өткөргөнүнө кээде өкүнсө, кээде күлүп койчу. Жаштык кылган экен да. Ошол каргашалуу күнү Жылдыздын этек кири да келип жаткан экен. Тилек аны баса жыгылганда,
эсин жоготуп койгон Жылдызды көрүп, коркуп кеткен тура. Анан үйүнө көтөрүп алып барып, өзүнө келе баштаганда таштап кетип салган экен. Бул айбандык кылыгына өкүнүп, өзүнөн уялып, орусияга кетип калган тура. Ошол бойдон жакында гана келиптир. Бакта баласын ойнотуп жүргөн Жылдызды көрүп калып, кечирди бекен деген ой менен барып калат. Жылдыз аны менен жылуу учурашып, ал-жай сурашканда,
Тилек кылган ишине өкүнгөнүн айтканда, Жылдыз " кечирдим " деп, акырын басып кетет. Жаштык акылы менен ошол күнү этек кири келип жатканда, кыздыгымдан айрылдым деп түшүнгөн экен. Тагдырдын тамашасын кара! Бул да болсо жараткандын бир сыноосу. Жеңил ойлуулукка алдырбай, өзүн бекем тутуп, жеңил жолго кетпей, өзүнүн өмүрүнө кол салбай баарын жеңип чыккан Жылдызга балли!<
br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
"><br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17.940000534057617px;
">Жазып алган Уулкан АМИРАЕВА.
ТАГДЫРДЫН ТАБЫШМАГЫ!
#1 17 February 2014 - 10:45
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#2 17 February 2014 - 11:38
Кыска-нуска,
анча-мынча жеңил ойлуу жаштарыбызга сабак болчу аңгеме экен.
Жылдыздын бир сутка бою турбай уктай бергени бир чети реалдуулукка коошпой кетсе, бир чети адамды ойго да салып жиберди "Апеей, ушинтип бакытка жетээрине аз калганда уйкудан ойгонбой калбагай эле..." дедиртип.
Эринбей жазып чыкканыңыз үчүн сизге да "бали".
Жылдыздын бир сутка бою турбай уктай бергени бир чети реалдуулукка коошпой кетсе, бир чети адамды ойго да салып жиберди "Апеей, ушинтип бакытка жетээрине аз калганда уйкудан ойгонбой калбагай эле..." дедиртип.
Эринбей жазып чыкканыңыз үчүн сизге да "бали".
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#4 17 February 2014 - 19:44
Кызыктуу экен.Окуп жатып денемде кумурска басып кетип жаткандай чымырап кетип атты.
#7 17 February 2014 - 22:07
Ушундай кыздарыбыз кооп болсунчу,кыргыздын наамысын сактаган.кее бир кыргыз жигиттери тугонуп калгансып башка улутун балдары менен жургон кыздарга,ушул кыздын акылын берсе экен жараткан,
#8 17 February 2014 - 22:13
Анча-мынча каталары менен жазылыптыр бирок зерикпей жазганына рахмат.Кээ бир жерлери Айгул Шаршен кызынын чыгармаларына окшоп реалдуулуктан алыстап кетиптир.Чыгармаларда *сеп* эттирип делсе,бул жерде *серп* этиптир.*Серп* эткени концерт буткучо таркабаптыр.
..Жаман иш болбогондон кийин озуно келтирип,*мен сага тийген жокмун*деп эле айтса болмок да.Эсин жоготкон кызды таштап качып кеткени... ушул жерлери чындыкка коошпойт.
#9 17 February 2014 - 22:41
УЗИ аппаратынын кыздыкты текшергенге тиешеси жок
Жакты
Жакты
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#10 18 February 2014 - 16:45
Айжан сен, өтө эле билимдүү окшойсун. Узи апараты менен кыздыгын текшерди дейсинби?Боюнда барбы жокпу,ошону текшерди да.
#11 18 February 2014 - 16:46
Айжан сен, өтө эле билимдүү окшойсун. Узи апараты менен кыздыгын текшерди дейсинби?Боюнда барбы жокпу,ошону текшерди да.
#12 18 February 2014 - 18:01
Айжан сен, өтө эле билимдүү окшойсун. Узи апараты менен кыздыгын текшерди дейсинби?Боюнда барбы жокпу,ошону текшерди да.
Билбейм, ал окуядан 6 жыл откондон кийин кош бойлуулугун эмес, кыздыгын текшерткендей онутто тушундум эле. Балким, жанылыш тушунуп алгандырмын.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#14 19 February 2014 - 16:33
Анча-мынча каталары менен жазылыптыр бирок зерикпей жазганына рахмат.Кээ бир жерлери Айгул Шаршен кызынын чыгармаларына окшоп реалдуулуктан алыстап кетиптир.Чыгармаларда *сеп* эттирип делсе,бул жерде *серп* этиптир.*Серп* эткени концерт буткучо таркабаптыр.
..Жаман иш болбогондон кийин озуно келтирип,*мен сага тийген жокмун*деп эле айтса болмок да.Эсин жоготкон кызды таштап качып кеткени... ушул жерлери чындыкка коошпойт.
Адабий тилде " сеп " этти деген сөз жок. " Серп " деп эле айтылат. Анан бул сөз бир эле жолу жазылган эле, кайдан дагы көрө калдыңар? Чындыкка окшотуу кыйын, өз көзүң менен көрбөгөн соң. )))
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#15 21 February 2014 - 22:22
Сонун чыгарма экен.
Акчасына карап кесип тандаба.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
#16 21 February 2014 - 22:52
Аябай жакшы, жаштарга сабак болчу, мааниси терен чыгарма экен. Рахмат зээрикпей жазып чыкканынызга.
Ал эми Айжан эже туура эле айтасыз, кыздыгын текшерген деп айтылтат УЗИ менен.
#17 23 February 2014 - 21:07
La-Lak.08 Эмне ошончо жыл откондон кийин боюнда бардыгын текшерткени бардыбы? кыздык тиктирем деп бардыго.
.
Т.Б-ЧА: Абдан сонун экен. чыныгы тагдыр табышмагы. Озун жашоодон жоготуп жургон Жылдыз озун кайра тапкан экен.
.
Т.Б-ЧА: Абдан сонун экен. чыныгы тагдыр табышмагы. Озун жашоодон жоготуп жургон Жылдыз озун кайра тапкан экен.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#18 24 February 2014 - 20:55
Аябай соонун жазылыптыр.
Зээрикпей жазганыңызга рахмат. Мен Айжан айымдын сөзүнө кошулам. 6 жылдан кийин кыздыгын текшерткени барды. Бирок УЗИ кыздыкты текшербейт.
Бирок жазган автор азаматсыз. Мен ойлоп калдым өзүңүз эле ушундай тагдырга туш болгон окшойсуз деп, анча мынча сөздөрүңүздөн байкамыш болуп койдум.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#19 05 March 2014 - 19:25
Соонун жазылыптыр.
Кыздыкты алдырып койсо ал коп жыл эч ким менен болбосо ал бутуп калат чындыгында 5-6жыл журо берсе мен бул нерсеге ишенем.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















