Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#241 Пользователь офлайн   kanat4ik   11 Февраль 2014 - 00:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Вьетнам согушу жаңы гана аяктаган жылдар...
Үйүнө кайтып бараткан жоокер Сан Франсискодон
ата энесине телефон чалды:
« Ата, апа үйгө кайтып келатам, Бирок силерден
чоң өтүнүчүм бар, жанымдагы досумду ала
барсам болобу? » « Албетте, - деди ата – эне кубанычтуу –
таанышып алсак кубанычта болот элек.
«Бирок…- деп мукактана калган жоокер андан
ары шар кетти – Айта турган нерсе, ал согушта
оор жарадар болгон, мина басып алып оң колу
менен оң бутунан ажырап калды. Эми анын барчу жери да жок, ошондуктан биз менен чогуу
биротоло калса дейт элем»
Өңү бир аз кубара түшкөн ата,
«Кандай гана өкүнүчтүү, мейли келсин, балким
биз аны жайгаштырууга башка жер таап бере
алаарбыз» «Жок ата деди так кесе мен анын биз менен гана
жашашын каалайм»
«Эх балам, - деди атасы көшөргөн калыбында
Майып адамдын биз үчүн канча жүк болоорун
билбейсиңби? Ар кимдин өз жашоосу бар,
туурабы, анан өзүң ойлонсоң, андай немелердин биздин турмушка кедерги болушуна жол берүүгө
болобу деги? Кой уулум, ал досуңду эмтеден
унут да тезирээк үйгө кайт. Өз кара жанынын
камын өзү көрсүн»
Бул жоопту күтпөгөн болсо керек. Жигит оор
үшкүрүнүп алды да эч кың дебей туруп телефонду коюп таштады. Жаңы эле уулунан
кабар алып кубанып отурган ата-эненин
кубанычына суу сепкендей эле болду. Анан
барып:
«Балким катуу айтып шагын сындырып
койгондурмун, бирок чындыгын айттым да. Акылы бар эмеспи түшүнөөр. Көрөсүң бир эки
күндөн кийин эле келип калат деп жооткотуп
жатты атасы көз жашын кылгыртып отурган
аялын.
Ошону менен бир топ убакытка чейин жигиттен
эч кабар болгон жок. Эми ошончо согуштан аман келиптир, өз элинде эмне болмок эле дегендей
ата эне да тымызын санааркап коюп күтүп жата
беришти. Чынында ошончо чоң штаттын кыжы
кыйма элинин арасынан деле издеп көрүүнү
кыямат көрүп турушту.Арадан жума өттүбү
өтпөдүбү, айтор бир күнү Сан Франсиско полициясынан чалып калышты. Трубканы алып
сүйлөшүп турган атаны мээден нары келтирип
туруп уруп калгандай эле болду бул кабар.
«Уулуңар чоң имараттан боюн таштаптыр деп
жатты ар жакта, изилдөөлөргө караганда өз
жанын өзү кыйган». Кың дей албай туруп калган атанын колунан трубка түшүп кеткенде гана
эсине келди. Эсине келгени курусун, болгонду
болгондой угуп жанында турган жубайынын
эстен танып кулап баратканын коруп турса да
кармаганга жетише албай калды. Ошол ошо
болду. Канчалык кайра кайра телефон чалып, чын эле каза болгон өздөрүнүн уулу экенин
тактап угушса да, балким адашкандыр деген
үзүлбөгөн үмүт менен Сан-Франсискону көздөй
жол тартты ата – эне. Полициянын айткан дареги
боюнча дароо эле моргго кайрылышты алар Сан-
Франсискодо. Эхх, тагдырдын адамдарды адаштыруусу, жаңылтуусу турмушта канчалык
көп кездешсе да, бул жолу полиция
жаңылбаптыр. Сакал чачы өсүп өңдөн азып
кеткен уулунун сөөгүн дароо эле көргөзүштү.
Ооба, канчалык өңдөн азып арыктап, сакал
муруту өсүп жүдөгөн болсо да ата - эне үчүн баласынын келбети дале сүйкүмдүү дале
тааныш эле. Бирок... Бирок мына сөөктү өткөрүп
алганда экөөнү тең оор соккуга дуушар кылган
чоң өзгөрүү чыга келди алдыларына. Мындайды
алар уулунан такыр күтпөгөн чыгар... Керилген
жигитти кудум бирөө шылып алгандай жалгыз кол жана жалгыз бут менен өтүп жатты колдон
колго....
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   aziret-92   11 Февраль 2014 - 00:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 183
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 10:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Барбаганский

Соонундар го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   kanat4ik   11 Февраль 2014 - 21:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Сүйүү жана убакыт"


Өткөн бир убактарда адамдын Сезимдери жана
Жандүйнө байлыктары жашаган арал болгон
экен. Ал сезимдер менен чогуу Сүйүү да
жашаган экен. Бир күнү алар аралды океан
каптаарын байкашат да, баары өз кемелерине
түшүп аралды таштап кете башташат. А Сүйүү болсо шашпай, акыркы мүнөттөргө чейин калып
калат. Качан гана аралды суу каптап баштаганда
Сүйүү аралда аман калуунун жолу жок экенин
көрүп, жардам сурай баштайт. Анын жанынан
абдан жасалгаланган Байлыктын кемеси өтүп
бараткан болот. Сүйүү аны ала кетүүсүн өтүнсө, Байлык анын кемесинде алтын, күүмүш
зергерлерден Сүйүүгө орун жок экенин айтып
кетип калат. Анан Сүйүү жанынан кемеси менен
өтүп бараткан Арнамыска кайрылат. Ал болсо
Сүйүү анын кемесинде башаламандык кылып,
арнамысына шек келтирип коёрун айтып албай кетет. Айласы кеткен Сүйүү Кайгыга кайрылат.
Кайгы: "Менин көңүлүм чөгүп, кападармын, мен
жалгыз болушум керек" деп албай коёт. Анын
жанынан Кубанычтын кемеси өтүп баратканда
Сүйүү кол булгалап кыйкырса, өзүнчө ырахатка
батып абдан жыргап бараткан Кубаныч Сүйүүнүн жардам сураганын да укпай, жыргалына сүйүнүп
өтүп кете берет. Бир убакта эле Сүйүүнүн
кулагына: "Кел бери, мен сени ала кетем" деген
үн угулат. Сүйүү аны куткарууга келген картаң
куткаруучуну көрүп сүйүнүп кетет да, анын атын
да сурабай калат. Ошентип, куткаруучу Сүйүүнү кургак жээкке чыгарып коёт да, өзү сапарын улап
кете берет. Качан гана куткаруучунун кайыгы
көрүнбөй калганда, Сүйүү тигинин жакшылыгына
ырахмат айтпай калганын эстеп, Акыл-эске
кайрылып сурайт: "Мени ким куткарды?" деп.
"Убакыт" деп жооп берет Акыл-эс. " Убакыт?! Эмнеге ал мени куткарды болду экен?" деп
таңданат Сүйүү.
Ошондо Акыл-эс мындай деген экен: "Жалгыз
Убакыт гана жашоодо сүйүү канчалык баалуу
жана барктуу экенин түшүнөт жана билет. Демек,
убакытты уттурбай сүйүүнүн баркын өз мезгилинде, өз убагында таразалап баалай бил.
Убакыт өтүп кеткен соң, канча аракет кылсаң да
аны артка кайруу мүмкүн эмес.

Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 11 Февраль 2014 - 21:07

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   kanat4ik   11 Февраль 2014 - 21:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сага суктангандарды унутпа…

Адамдар өздөрү каалаган нерсеге ишенип, анын
чындыкка айланышын күтүшөт. Демек, ишеним
болуш үчүн кызыгуу керек.
Башка адамды түшүнүш үчүн аны жактыра билүү
керек.
Биз дайыма бизге суктангандарды жакшы көрөбүз да, өзүбүз суктангандарды унутта
калтырабыз.
Адам, дүйнөдө ага суктанган адам бар экенин
билгенде, өзүн абдан бактылууу сезет.
Сен жокто жыргап, сенсиз көңүл ачканды
ойлобой, сен үчүн азап тартып санаага баткандардын баркын бил.
Кайгыны жашыруу оңой. Сүйүүнү жашыруу оор.
Баарынан да кайдыгерликти жашыруу кыйла оор.
Дүйнөдөгү баалуу жана керемет нерселерди
көрүп же кармоого мүмкүн эмес, аларды жүрөк
менен гана сезүүгө болот. Баш кошоордо мен ушуну менен жашай алам
деген адамга эмес, муңсуз жашай албайм деген
адамды тандаган дурус.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   kanat4ik   11 Февраль 2014 - 21:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Айыкпаган оору жок"

Ушул заманда адам баласы эс-акылын өстүрүп,
бир кыйла цивилизацияга жетишкени менен,
руханий жагынан өксүдү. Кудай берген ички көрүү, сезүү, туйуу сезимдерин өстүрө албады.
Мисалы, ак пенде же болбосо таза адам
табийгаттагы кырсык же ар кандай окуяларды,
кубулуштарды алдын-ала биле алууга
жөндөмдүү. Андай адамдардын телефонсуз эле
бири-бири менен ой аркылуу сүйлөшө алуусу, табышып алуусу толук мүмкүн. Ак пенде, аян
алуу дейбизби же информация болобу, түш
көрүү жолу менен да алдыда өзүн же жакын
адамдарын, алтургай бүтүндөй коомчулукту
эмнелер күтүп турганын билип-көрүп тура алат.
Өткөн жылдагы Япониядагы оор кырсыкты акылдуу деген адамдар биле албай көп
жоготууларга дуушар болушпадыбы. Ал эми
учуп же сойлоп жүрүүчү жан-жаныбарлар
цунаминин болорун алдын-ала билишип, качып
кетишкен. Кудай менен болгон байланыш адам
баласын дайыма ар кандай кырсыктан, күтүүсүз оорудан коргоп турат, маалыматтарды ар кандай
жолдор аркылуу чексиз берип турат.
Ушундай жол менен кыйла жылдардан бери
пенделердин аурасын, рухун тазалап, оору-
кеселдеринен айыктырып жүрүп, көпчүлүгүнө
кара дубалар жасалганына, жолдору, багы байланганына күбө болдум. Ал тургай өлүмгө,
балдарынын ден-соолуктарына жасалган кара
дубалар көп. Бирок, дубалар кайтарылып,
кайдан, кимден келген болсо өздөрүнө тиет…
Эгер адам Кудайга ишенип, ниети күчтүү болсо,
айыкпаган оору жок, Кудайдын күчү баарына жетет. Кудай-таала адамды эң кылдат, назик,
асем кылып жараткан, кайсы жеринде кан
айлануу, энергия же микроэлементтер жетпей
жатса көрсөтүп оңдоп турат. Айрыкча баш
ооруса, денеде тигил же бул себептер менен ар
түрдүү оорулар пайда боло берет. Дегеле адам денесин традициялык медицинадай бөлүп-бөлүп
дарылоого болбойт. Адамдын аурасын, рухун
кошо тазалаш керек. Себеби, жөнөкөй
пенделерге көрүнбөгөн параллель дүйнөдөгү ар
кандай спектрдеги нурлардын таасири өтө чоң.
Мындан тышкары илешме кара күчтөр, орточо күчтөр, ач арбактар адамга жармашып алат.
Ошондон улам адамдын ойлору бузулат, кулк-
мүнөзү өзгөрөт, кырс, орой, кайдыгерлик, таш
боордук, зөөкүрлүк сыяктуу терс кыял-
жоруктары чыгат. Мындай оор программа
адамдын мээсинде турганда түрдүү оорулар пайда болот. Бул учурда антибиотиктер кантип
жардам берсин. Кудайдын күчү менен гана
иштеген ак табыптар же "куучулар" жардам бере
алат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   Nelli85   14 Февраль 2014 - 09:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 393
  • Катталган: 20 Январь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2015 22:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Азаматсыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   lucky_star   14 Февраль 2014 - 10:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнамаз менен маек
Уйку кандай таттуу... Мен дагы адаттагыдай уйкуга кирдим. Бирок билесиңерби, бүгүнкү уйкум адаттагыдан таптакыр башкача болду. Дүнүйө иштеринин машакатынан чарчап , уктап жаткан элем. Аттиң дүнүйөнүн машакаты кандай көп! Жылуу төшөгүмө кирип, ушунчалык уйкуга терең кирипмин. Бир маалда таңга бираз убакыт калганда, катуу чаңкоом менин уйкумду бузду. Суусунумду кандырайын деп ордуман турдум. Бир маалда төмөн жактан онтогондой бир добушту угуп калдым. Эки жагымды айланып карадым, баягы онтогон добуш негедир басылып калды. Мен ордуман туруп барып суудан ичип , кайра келип төшөгүмө кирдим. Баягы онтогон добуш кайта чыга баштады. Бул жолу катуураак чыгып, ыйдын добушуна окшоду. Мен акырын колум менен жерди сыйпаладым эле, колума жайнамазым илинди. Ал колума илинээри менен үнү басыла түштү.

Мен таң калып сурадым:

- Эй жайнамазым , онтоп жаткан сенсиңби?

Жайнамаз:

- Ооба.

Мен:

- Эмне үчүн анттиң ?

Жайнамаз:

- Чынында сени чаңкоо ойготту эле , суудан ичип, суусунуңду кандырдың. А мен болсо, чаңкап турам, бирок менин суусунумду кандырган эч ким жок.

Мен:

- Каалайсыңбы, мен сага бир чөйчөк суу алып келип берейин ?

Жайнамаз:

- Жок , мени бул суу эмес, бирок тообону көп кылган , ибадаткөй пенделердин көз жашы чаңкоомду кандырат.

Мен :

- Сага суунун мындай түрүн кайдан тапмак элем?

Жайнамаз:

- Мына, дал ошол үчүн мен ыйлап жатам да! Андыктан Эй Абдулла, тур да, караңгы түндө эки ирекет намаз окугун , караңгы кабырың нурга айланат! Анткени сооптун кайсы түрүн кылсаң, сыйлыгы да ошол түрдөн болот. Убакыт болсо аз калды. Бир аздан кийин багымдат намазына азанчы азан айтат .

Мен:

- Эй жайнамазым, менин ишимди өзүмө койчу.-дедим.

Жайнамаз:

- Эй Абдулла, багымдат намазын оку! Анткени намаз дилиңди, жан дүйнөңдү тирилтет. Азандын убагы келип калды...

«Ас солаату хойрун минан науум» , «Ас солаату хойрун минан науум»(Намаз уйкудан артык)

Сен ар дайым, күнү – түнү дебей дүнүйөнүн чакырыгына жооп бересиң да, Каардуу, Улук Аллах Тааланын чакырыгына жооп бербейсиңби? !

Мен (ызаланып) :

- Мени тим койчу эй, жайнамаз! Уйкумду кандырып алайын. Ансыз деле өзүң билесиң го, мен ар күнү үйгө чарчаган абалда кайтып келип жатпаймынбы? !

Ошентип жылуу жуурканды жамынып да, уйкунун падышасына моюн сунуп, таттуу уйкуга кирди.

Жайнамаз:

- Эй Абдулла, бул дүнүйөң үчүн диниңен да көбүрөөк кам көрөсүңбү?

Мен ( кайдыгер үн менен) :

- Болду, тынчтан эй жанамаз. Суранам, сүйлөбөчү. Мен чарчап турам, уктайын .-деди.

Жайнамаз Абдулланын айткан бул сөзүнөн өкүнүчтүү таасирленип, биразга унчукпай калды.

Андан соң капаланган үн менен жайнамаз мындай деди: Эх, таңдагы эрлерге аттиң!!

А сен, пайгамбардын ушул сөзүн уккан жок белең? : «Күн чыгаардан мурдагы жана күн батаардан мурдагы намазды окуган киши тозокко кирбейт» Тактап айтканда багымдат менен дигер намаздарын. (Муслим)

Пайгамбарыбыз мындай деген: «Ким эки салкын убакыттагы намаздарды окуса бейишке кирет» (Багымдат менен дигер намаздары) (Муслим)

Пайгамбарыбыз дагы: «Караңгыда мечитке көп баскандарды , кыямат күнүндө аларга бериле турган толук нур менен сүйүнчүлө! »-деген. (Абу Дауд ,Тирмизий)

Пайгамбарыбыз өз сөзүндө дагы мындай дейт: «Мунафыктар (эки жүздүүлөр) үчүн багымдат менен куптандан оор намаз жок. Эгер алар ал экөөсүнүн соопторун билгенде, боору менен жылып болсо да келишмек.» (Муслим)

Ошондо Абдулла бейгамдыгынан ойгоно түштү да : Ооба, чындап эле, таңкы намаз өтө маанилүү.-деди.

Жайнамаз:

- Тур, Абдулла тур !

Абдулла ( эринип):

- Эртең , эртең баштайм кудай буюрса. А бүгүн мени жөн койчу , уктап алайын.

Жайнамаз(кайгырган абалда) :

- Эх, ким амалдардын сообун билбесе, ага бардык абалда ал амалдарды аткаруу оор сезилет. Эртең кабырда көпкө уктайсың. Эй, Абдулла! ошондо менин сөзүмдү, насаатымды эстейсиң- деди да , Абдулланы таштады.

Ошентип Абдулла уктап калды. Бирок анын бул уйкусу жашоосундагы эң узак уйку болду. Анткени, Абдулланын ажалы жетип , Аллах Таала ошол саатта анын жанын алды.

Андан соң Абдулланын өлүмү тууралуу билген жайнамаз ушундай ыр саптарын айтты:

Эй, тообосун эртеңкиге камдаган адам,

Эртеңкиге кепилиң барбы, болом деп аман?

Үмүттө жашайт ар дайым адамзат,

А бирок билгин, ал үмүт көзөмөлдө турат.

Өмүрүңдүн күндөрү, бардыгы санак,

Балким, сенин бул күнүң акыркы санак.

Араб тилинен которгон Касым Сыдыков

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   lucky_star   14 Февраль 2014 - 11:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

Дүнүйө менен маек
Дүнүйөдөн качып бир орундан экинчи орунга көчтүм. Андан алыстагым келди, бирок күчүм жетпеди. Кызматымды, турак жайымды, чөйрөмдү да өзгөрттүм. Жада калса жашаган шаарымды да, өзгөрттүм. Кыскасы, жашоомдогу бардык нерсени өзгөрттүм. Бирок тилекке каршы, ал дүнүйө жүрөгүмдөн чыкпаган бир азгырык болду. Көрсө, бул дүнүйө деген нерсенин сыпаты убакыт менен да, орундун алмашуусу менен да өзгөрбөйт турбайбы.

Мен дүнүйөнү көзүмө көрүнө турган бир кейипте келүүсүн үмүт кылаар элем. Анткени ал көзүмө көрүнсө, аны менен ачык таймашып, өлтүрүүнү самачу элем. Ошенткенде гана мен андан кутулуп, жүрөгүмдөн биротоло чыгарып салмакмын.

Ошентип бир күнү жалгыз отурсам, бир маалда алдыма баягы дүнүйө бир кейипте келди! Анан ал, мага кайрылып мындай деди:

- Мынакей мен , эй Абдулла! Алдыңда турам. Сен эмнени кааламакчы элең?

Мен:

- (өкүнүп) Мени сага болгон сүйүү жана кызыгуу капалантып жатат. Менин сени таштоого күчүм эч жетпей жатат.

Дүнүйө:

- Бул сезим, табийгый болгон бир сезим. Андыктан кайсы бир адам: «Мен дүнүйөнү сүйбөйм!»- десе, ал калп айтат. Анткени мен дагы Аллах Тааланын жараткан макулугумун жана адамдардын напсилерине жагымдуумун.

Абдулла:

- Сен кантип муну табийгый сезим деп жатасың?

Дүнүйө:

- Ооба, бул табийгый сезим. Бирок мындагы көптөгөн адамдардын чоң катачылыгы , алардын дүнүйө ишин акырет ишинен илгери койгондугунда.

Абдулла:

- Мен дагы ошол адамдардын катарына киреминби?

Дүнүйө :

- Ооба, бирок сенде жакшы сапаттар бар.

Абдулла:

- Сен тууралуу чындыкты кантип биле алам?

Дүнүйө:

- Мухаммад пайгамбардын ушул сөзүнөн биле аласың. «Дүнүйө- бул жашыл, таттуу нерсе» Чындыгында пайгамбар, мени жашыл, таттуу нерсе деп сыпаттаган. Бирок момун киши үчүн бул дүйнө абаккана сыяктуу. Пайгамбар (саллаЛлохи алейхи ва саллям) айткандай : «Бул дүнүйө момунга абаккана , ал эми капырга бейиш»

Абдулла:

- Бирок мен кээ бир мусулмандарды билем. Алар жыргалчылыкта , ырахатта жашап жатышпайбы? !

Дүнүйө:

- Мында абаккана дегендин мааниси, сен түшүнгөн темирден болгон абаккана эмес. Бирок ал, Аллах Таала буюрган нерсеге чектелүү. Демек абаккана дегендин мааниси, бардык иштин чегин билип, кармануу болуп эсептелет. Ошондуктан Мухаммад бин Саммак (Ага Аллахтын ырайымы болсун) минтип айткан экен : «Эй Адам баласы, сен өзүң пайда болгон күнүңдөн бери камактасың. Сен атаңдын омурткасында камакта элең, андан соң энеңдин курсагында камакта болдуң. Андан соң бешиктин боосуна байландың, андан соң ишканаңда камалып отурасың. Андан соң үй бүлөңө кам көрүп , мээнетиңе байланасың. Эми өлгөндөн кийин да камалып калбооң үчүн, өзүң үчүн чыныгы ырахатты изде».

Абдулла:

- Оо, Аллах! Кандай сонун маанилүү сөз.! Эми түшүндүм. Бирок айтчы, эмне себептүү дүнүйө деп аталып калдың?

Дүнүйө:

- Эгер адамдар менин ысымымдын маанисин билишсе, алар менин сулуулугума азгырылышмак эмес эле. Менин ысымымдын эки мааниси бар:

1. Биринчиси, «дунув» (араб.) деген сөздөн келип чыгат. Мааниси: жок болууга , аяктоого жакын болгон нерсе.

2. Экинчиси, «данааъах» (араб.) деген сөздөн келип чыгат. Мааниси: пастык, акыретке салыштырмалуу көрксүз.

Абдулла:

- Анда сага азгырылбоом үчүн , сени менен кандай мамиледе болушум керек?!

Дүнүйө:

- Бул өтө олуттуу суроо. Бул сурооң менен сен, мени, сырларымдын бирин ачууга түртүп жатасың. Анткени мен кээде адамдарды мал-мүлк менен, кээде аялдар менен ал эми кээде болсо, мансап менен кармайм. Ушунун бардыгы менин сулуулугум. Ал эми сулуулук деген нерсе табиятынан убактылуу нерсе. А сен сулууга жеткен кыз, же жигиттин түбөлүк бир калыпта калганын көрдүң беле?!

Абдулла: (ачууланган абалда)

- Эй дүнүйө ! Сен сөздөн алыстабай , суроомо жооп бер! Сага кантип азгырылбай мамиле кылсам болот?

Дүнүйө :

- Акырын, эй курбум! Мени шаштырба! Мени менен мамиле кылуучу кишиге зарыл болгон сапаттардын эң негизгиси: «Сактык жана зээндүүлүк». Анткени мен ырахаттын , кумардануунун жайымын. Андыктан ким мени акыретке көпүрө кылган болсо, ийгиликке жетет. Ал эми ким мени турак жай кылып биротоло жайгашкысы келсе, ал зыянга учурайт. Демек мен , акыретке жетүү үчүн көпүрө сыяктуу жаймын, түбөлүк калчу жай эмесмин. Хасан аль Басрий минтип айткан экен: «Силер бул дүнүйөнүн алаксыта турган нерсесинен этият болгула! Анткени бул дүнүйөнүн алаксыта турган нерсеси абдан көп. Кайсы бир киши өзүнө алардын бир эшигин ачса, ага анын артынан андай эшиктердин ону ачылат.»

Абдулла:

- Андай болсо, кутулуу үчүн сенден биротоло ажыраймын.

Дүнүйө:

- Менин айтайын дегеним ал эмес. Бирок мени менен мамиле кылганыңда өтө этият бол демекчимин. Ар качан сага дүнүйөнүн бир эшиги ачылса, сен дагы , акыретке бир эшикти ачып кой. Бул дүнүйөдөгү насибиңди унутпа да , Аллах Таала буюргандай орточо , тең салмактуу абалда жаша.

Абдулла:

- Бирок мен коркуп жатам.

Дүнүйө:

- Коркпо! Болгону, менин сулуулугум менен кандай мамиле кылууну жакшылап түшүнүп ал. Анан Масъуддун уулу(Аллах андан ыраазы болсун) айткандай боло көрбө!

Абдулла:

- Масъуддун уулу(Аллах андан ыраазы болсун) эмне деп айтты эле?

Дүнүйө:

- Ал минтип айткан: «Силерден бириңер түндөсү өлүк сымал , күндүзү коңуз сымал болбосун! »

Абдулла:

- Күндүзгү коңуз деген эмне?

Дүнүйө:

- Ал деген күндүзү тынчыбай, бир саат мында , бир саат тигинде учкан кичинекей жаныбар. Мына кээ бир адамдар да ушундай. Дүнүйө иши үчүн күнү-түнү тынбайт. Ал эми акырет иши тууралуу ойлонуп да койбойт. Адам баласы бир бечара . Эгер ал тозок отунан кедейликтен корккондой корксо, бейишке кирмек.

Абдулла:

- Эми мага эмнени насаат кылаар элең?

Дүнүйө:

- Сага Аллах Тааланын ушул сөзүн дайыма эстеп жүрүшүңдү насаат кылаар элем: «Аларга бул дүйнө тиричилигинен бир мисал келтир. Бул дүйнө тиричилиги биз асмандан жаадырган жамгыр сыяктуу. (Жамгыр жааса) жердин өсүмдүктөрү бири бирине оролушуп, кулпуруп, анан кургаган үйүндүгө айланып, андан соң шамал учуруп кеткен өңдүү...(эле бир көрүнүш) Чындыгында , Аллах – бардык нерсеге кудуреттүү. » (Кахф:45) Эгер сен менден бүгүн бир ирет сактансаң , эртеси күнү миң ирет сактан.!

Абдулла:

- Эми экөөбүз бири-бирибиз менен ачык сүйлөшүп алгандан кийин , сен мени азгырбайттырсың?

Дүнүйө:

- Каргадан эмне үчүн сен ар дайым самынды уурдай бересиң?-деп сурашыптыр. Анда ал: Зыян кылуу менин табиятым,- деп жооп бериптир. Мен да сага : азгыруу менин табиятым, - деп айтаар элем. Андыктан дүнүйөгө ашык болуудан сактан! Түндөсү өлүк сымал , күндүзү коңуз сымал болуудан сактан! Ушул сөздөрдү айтаары менен дүнүйө заматта көздөн кайып болуп кетти.

Ошондо Абдулла: "Эй дүнүйө, эй дүнүйө!" - деп кыйкырып кала берди. Бирок ага эч ким жооп кайтарган жок. Андан соң Абдулла башын төмөн ийип: "Мага дүнүйөнүн акыйкатын түшүнүүгө жардам берген Аллага мактоо болсун!" – деп , артынан ушул ыр сабын айтты:

Билип турсам, шек күмөнсүз ачык айкын,

Бул жашоо, экендигин бир гана саат,

Анда эмнеге, сарамжал болбоюн мен,

Ал жашоону кылып баарын, таат ибадат.

Араб тилинен которгон Касым Сыдыков

Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 14 Февраль 2014 - 11:04


АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   lo_ove_allaha   16 Февраль 2014 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 199
  • Катталган: 08 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 00:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан г. Бишкек

Кундордун бир кунундо Париждеги мечиттердин бирине оспурум кирип келип имамга кайрылат:
- Апам мени силердин мектебинерге окуганы жиберди!
Имам:
- А сенин апан кана? Биз аны менен суйлошушубуз керек.
Бала:
- Ал сыртта кутуп турат. Ичкери кире албайт, анткени ал мусулман эмес.
Имам баланын энеси ким экенин эмне максатта келгенин билуу учун эшикке шашыла чыкты.
Аял:
- мени менен коншу жашаган аял мусулман. Ал ар качан балдарын мектепке узатып жатканда балдары апасынын колунан ооп коштошуп жатканын кором. Урматтуу имам, мен бул олкодон ата- энесин карылар уйуно калтырган бир дагы мусулманды коргонум жок. Менин балам да ушундай тарбия алышын каалайм. Балама улгу-насаат беруунузду отуном. Алдан кучтон тайыганда силер сыяктуу доолоттуу карылыкты коргум келет,- деген экен ислам тарбиясына болгон таасирин жашыра албай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   lo_ove_allaha   17 Февраль 2014 - 07:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 199
  • Катталган: 08 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 00:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан г. Бишкек

Тээ бозоргон мунарыкты карап, улбурогон жаш келин ойлуу отурду. Ичинен эзген санаа аны кундузу эле эмес, тункусун да, кыйнай турган болду. Суйуктуу жары менен эми баш кошуп, бактылуу тутун булата баштаганда мурда уч уктаса тушуно кирбеген балээ башталды. Карыган кайнене менен жашоо мынчалык туйшуктуу болоорун ким билиптир. Кантип кутулаарын билбей кыйналып турду келин. "Жетишет бутуром бугун"-деди келин. "Уулу да, озу да билбей турган кылып бутуром". Ошонун менен, коптон бери бир чечимге келе албай жургон неме, шыр кыймылдап ыраматылык атасынын досун табып жоноду.
Жалан чоп-чар менен туркун ооруларга шыпаа берген аяш атасына оз атасындай ишенчу. Копту коргон кыраакы карыяга кошчусун кошуп туруп, ыйлай-сыктай арманын айтты да, акыры туйшугу тугонбогон кемпирди олтуруп тыныш учун уу сурап келгенин билгизди. Акылман табып копко ойлонуп алган сон:
- Кызым мобу даарыны кунуго уч маал кайненене тамакка кошуп берип тур. Бул уу акырындап денесине тарап отуруп, уч айда эмне болуп олгонун эч ким билбей калат. Башкалар шекшио калбаш учун сен кайненене болушунча жакшы мамиле кыл деп кенешин айтып, даарысын берди. Кубанычы койнуна батпай, кудундап келин, аяш атанын кенешин аткарууга дароо киришти. Кемпирге адаттагыдан тыш жылуу мамиле кылып, уу кошулган тамагын оксутпой берип жатты. Кунуго даярдалган чуйгун тамак, жылуу мамилеге кемпирдин да дили агарып, бара бара келинине оз кызындай мамилеге отту. Арадан айлар отту. Эми келинди кайра санаа басты. Бул уу уч айда олтурот деген эле аяш атасы. Оз энесиндей жакынына айланган мээримдуу кайнененин олооруно бир айга жетпеген убакыт калган экен. "Кантип бардым ушундайга? Эми кантем?"- деп куну- туну. Акыры чыдабай учуп кайра жетти даарыгер атасына. Жетти да боздоп ыйлап жатты. Энекемди баягы олтургум келген энекемди сактаныз. Суранам, айласын табыныз,- деп буркурап ыйлап жатты келин. Козунон колдоп жаш аккан немени карап алып, даарыгер мыйыгынан кулуп туруп:
- Айыккан экенсин кызым. Кудай буйурса, айыккан экенсин. Чыныгы оору сенин оюнда эле. Сен энене жакшы мамиле кылып жатып, ал оорудан айыктын. Энене берген уу болсо, чынында куч-кубат бере турган пайдалуу даары чоптор гана болчу,- деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   guard   17 Февраль 2014 - 14:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жогорудагылардыы окуп алып, козго жаш келет да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   dina   17 Февраль 2014 - 17:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Кайдыгердиктин капканы Сүрөт

Кызыкчылык заманга жарашабы?
Кыйынчылык талапты жаратабы?
Капканына чаптырып кайдыгерлик,
Каныбызга же сиңип баратабы?

Бир күнү чычкан ферманын кожоюну сарайга коюп койгон капканды көрүп калат. Ал муну фермадагы тоокко, койго, уйга кабарлап, кырсыктын алдын алуу керектигин айтат. Беркилер: “Капкан болсо, ал – сенин көйгөйүң капканга сен түшүп каласың, аның бизге кандай кырсык алып келмек эле”, - деп чычканды шылдыңдап коюшат. Эртеси күнү баягы капканга жылан түшүп калат да, сарайга келген кожоюндун аялын чагып алат. Фермер тез арада догдур чакырат. Догдур болсо фермадан аялына дары берет да, ысык тамак ичүү керек дейт. Фермер тоогун союп, аялына шорпо жасап берет.
Бул окуяны уккан кожоюндун урук-туугандары, дос-тамырлары эртеси эле күнү аялынын ал-акыбалын сурап келе башташат. Алардан уялган кожоюн талаага чыгарбай алып калган коюн соёт. Бирок ооруу күчөгөндөн күчөп, көп өтпөй кожоюндун аялы каза болот. Жаназага көп эл келгендиктен, кожоюн уюн союуга аргасыз болот.
А чычкан болсо кун сайын сарайдын бурчундагы тешиктен карап, терең ойлонбой “бизге тиешеси жок” деп кол шилтеп койгондордун улам бирөөсүн алып кетип жаткан кырсыкка башын чайкайт.
Бир нерсе сага түздөн-түз тиешелүү болбосо да, ал айланып өтөт дебей, сак бол! Эгер кайдыгерлик болбосо, биримдик жана ынтымак болсо, канча жандар кырсыктын алдын алышмак...


Ынтымак – бейпилдиктин көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү (Макал).

Алтоо ала болсо, алдындагысын алдырат (Макал).

Токтоолук – мыкты сапат, бирок көңүлкош болуу жарабайт (Ф.Вольтер).

Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   Gazii   18 Февраль 2014 - 22:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 100
  • Катталган: 15 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2017 20:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Баары ото соонун экен. Жазганынарга чон рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Kunnur   18 Февраль 2014 - 22:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 21 Июль 12
  • Соңку аракети: 11 Фев 2021 18:55
  • Жынысы:Аялзаты

Билгенден билбегеним коп экен бул жашоодо.рахмат мындан ары да жазып турасынар деген ойдомун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   ANGEL_   20 Февраль 2014 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Тагдырыңа ыраазы бол!
Илгери бир замандарда, жер бетинде кудуреттүү
сыйкырчы йогалар жашаган убактарда алардын
бирине жөнөкөй айыл тургуну болгон токойчу
келип мындай деди:
- Сен белгилүү сыйкырчысың, сен тууралуу мен
да уккамын. Айылда сени кургакчылык болгондо
жамгыр чакырат, а жамгыр көп болуп кеткенде
булуттарды айдай алат дешет. Оорулууну
көрбөстөн туруп, аларды аралыктан айыктыра
аларлыгыңды да билем. Менин сага келгенимдин себеби...
- Мен сенин эмнеге келгениңди билем, - деди йог
жай гана.
- Сага сен үч адамдын ордуна иштеп, бирок бир
адамдын гана акчасын тапканың жакпайт. Сенин
сулуу аялың бар, бирок ал сени сен
каалаганчалык берилип сүйбөйт. Сенин
балдарың сенин үмүттөрүңдү акташкан жок.
Сени оорулар жана оор ойлор кыйнап келет. Сен өз тагдырыңды кабыл алгың келбейт жана
өзүңдүн жашооңду адилетсиз деп санайсың.
Мага келгениңдин себеби да ушунда.
- Ооба, - деди токойчу башын жерге салып.
– Сен мага жардам бере аласыңбы?
- Жардам берем. Сен мага тагдыры сеникинен
мыкты болгон үч адамдын атын айт. Токойчу дароо эле үч адамдын атын айтты.
Андан кийин сыйкырчы ага көздөрүн жабуусун
буйруп, мындай деди:
-Мен сени бир нече мүнөткө өзгөчө абалга
келтирем. Сен болуп өткөн нерселердин баарын
сезесиң, бирок кыймылдап, ойлонуп жана болуп
аткандарды токтотуп коё албайсың. Сен тим гана
байкоо жүргүзүп жана сезип турасың,
макулсуңбу? Ошентип, сыйкырчы ишин баштады. Адегенде
эле ал токойчуну ал айткан адамдардын ичинен
жылкычынын жашоосун баштан-аяк баштан
өткөрүүгө мажбурлады. Токойчу жылкычынын
жашоосун башынан кечирип жатып, ал жашоо
бүткөндө жеңилденүү менен дем алды.
- Сен ушул тагдырды алгың келеби? – деп
сурады сыйкырчы.
- Жок, - деди бир азга ойлонгон токойчу.
Сыйкырчы андан кийин ага соодагердин
жашоосун көрсөттү. Бул тагдыр да ага жакпады.
Андан кийинки наабайчынын жашоосу да
токойчунун көңүлүнө туура келбеди.
- Жок, - деди ал,
-мен бул үчөөнүн тагдыры
меникинен жакшыраак деп ойлонуп
жаңылыптырмын. Мен алар менен орун алмаша
албаймын. Сыйкырчы ага кунт коё карап мындай деди:
- Жакшы. Эми каалаганыңды сура. Бир аз ойлонгон токойчу мындай деди:
- Мага өзүмдүн эле токойчулук ишим менен
жашай берүүгө уруксат эт. Ушундан кийин мен
тагдырым кандай болсо ошондой кабыл алам.
Жардамың үчүн рахмат. Ошондон кийин токойчу эч качан тагдырына
таарынбай турган болду. Себеби ал бир
чындыкты түшүндү: адамдын тышкы көрүнүшү
менен анын ички дүйнөсү дайым эле шайкеш
келе бербейт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   AZIK01   23 Февраль 2014 - 13:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Эне менен баланын маегинен.
-УУлум, менин коздорум нурун жоготсо эмне кыласын?
-Сизди олкобуздогу эн жакшы ооруканага корсотом,эне.
-Эгер мени ал жерде дарылай алышпасачы, балам?
-Анда дуйнодогу эн жакшы ооруканага алып барып корсотом,эне.
-Аларда мени дарылай алышпасачы?
-Анда бут омур бою сага кызмат кылам,эне.Сени жакшы кором,рахмат, балам!
-Менин коздорум корбой калса не кылмaксын,эне?
-Сага коздорумду бермекмин, балам...!
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   vankuver   23 Февраль 2014 - 22:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Эне мээрими
.

Күндөрдүн биринде сыртта ойноп жүргөн балдар жарыша апасынын жанына чуркап келишет. Алардын талашкан бир маселеси бар эле: апасы кимисин баарынан жакшы көрөт?
Алардын талашын уккан апасы унчукпастан бир шамды алып, аны күйгүзүп коёт да, балдарына кайрылат: “Мына бул шам – мен. Ал эми анын жарыгы – менин силерге болгон сүйүүм. Ал баарыңарга бирдей тийип жатабы?
Балдары бир ооздон “ооба” деп жооп беришет. Андан кийин апасы биринчи шамдын жалыны менен экинчи шамды күйгүзүп, тун уулуна берет да, мындай дейт: “Мына, мен алгач тун улуума мээрим төгүп, сүйүүмдөн бөлүштүм. Андан менин сүйүүм кемип калдыбы? Албетте, жок”.
Ошентип, ал ар бир баласына бирден шам күйгүзүп берет. Бирок апасынын шамы ошол бойдон жарык чачып, балдарына “мээримин төгүп”, жанып тура берет.
.
Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт. (Макал)
.
Балалуу үй – базар. (Макал)
.
Энелик наамын актап, балтыр бешик
Баласын боорго кыскан эне кандай!
Балага, баласынын атасына
Ал эне ырыс чачып аткан таңдай! (Т. Г. Шевченко)
.
Бала – жердин жандуу гүлдөрү. .
(М. Горький)

.
Жашоонун маңызы
.
Бир күнү шакирти устатынан сурап калат:
– Устатым, жашоонун маңызы эмнеде?
– Кимдин жашоосунун? – деп сурайт устаты. Шакирти бир аз ойлонуп туруп:
– Негизин айтам, адамдын жашоосунун маңызы эмнеде? – дейт. Устаты терең үшкүрүнүп алып шакирттерине кайрылат:
– Кана, өзүңөр жооп берип көргүлөчү?
– Сүйүүдө эмеспи? – дейт шакирттеринин бири.
– Жакшы, – дейт устаты, – башка жооп барбы? Карыганда “мен өмүрүмдү бактылуу өткөрдүм” деп айтууга бир гана сүйүү жетишсиз го…
– Менимче, адам жашоосунда өзүнөн кийин из калтыруу керек, кылымдарга атын өчүрбөй турган жакшы иш кылуу керек, – дейт дагы бир шакирти, – мисалы, сиз сыяктуу.
– Ошондойбу? – деп күлө карайт устаты, – адамдардын көпчүлүк бөлүгү жөн эле жашап жатат дегиң келип турабы?
Шакирти ишенимсиз жооп кайтарат:
– Мүмкүн, ошол жашоонун маңызын издөөнүн кажети жоктур?
– Кана-кана, – деп устаты кызыга түшөт, – оюңду толугураак туюнтчу…
– Эгер адам өзүнө ушул суроону берсе, биринчиден, так жана акыркы ойду туюнткан жоопту баары бир таба албайт, ар дайым анын тууралыгынан күмөн санай берет. Экинчиден, кандай жооп тапса да, аны жериген бирөө чыгат. Ошентип, өмүрүңдүн баары жашоонун маңызын издөө менен өтүп кетет, – деп жооп берет шакирти.
– Башкача айтканда…
– Жашоонун маңызы – жашоодо! Колдо бар нерсенин баркына жете билип, маанисиз нерселерге убакытты коротпой, ар мүнөтүн туура пайдалануу менен татыктуу жашайлы, мына ушул нерсе ар бир адамдын жашоосунун маңызы деп ойлойм!
– Менимче, бул татыктуу жооп болду, – дейт устаты, шакиртине ыраазы боло.
Адам төрөлгөндө, “дүйнө меники” деп, муштумун түйүп түшөт да, өлгөндө, “бул дүйнөдөн эч нерсе алган жокмун” деп, алаканын жайып өтөт. (Талмуд)
.
Эгерде адам жаратылыш мыйзамдарына жолтоолук кылбаса, жаратылыш да адамга жолтоолук кылбайт. (А. И. Герцен)
.
Адам эки жашабайт, бирок адам болуп бир да жолу жашай албагандар көп. (Ф. Рюккерт)
.
.
Бата
Бекмат деген бир бай адамдын үйүндө тамактан кийин бата кылуу адеби унутулуп кеткен. Эч ким тамак жегенден кийин Аллага шүгүр кылып, бата тилебей калган эле. Бир күнү ал үйгө бир имам конуп калат. Бекмат имамга болгон сыйын көргөзүп, дасторконго тамактардын жана суусундуктардын эң жакшыларын жайнатат. Тамактанып бүткөн соң баары имамдын бата кылышын күтүп калышат. Бирок имам үй-бүлөнүн башчысы бата кылышы керектигин айтып үй ээсин карайт. Бекмат үнүн жасап: “Биз тамактан кийин бата кылбайбыз. Кайталама бата кылуу – бул жөн гана сөз болуп калат. Күндөгү эле окшош сөздөрдү жылдар бою кайталай берүүнүн мааниси канчалык?” – дейт. Ошол маалда үйдүн эң кичүүсү, жети жашар кызы атасына карап туруп: “Ата, анда мен күндө эртең менен турганда сизге “кутмандуу таңыңыз менен” деп, кечинде жатарда “жакшы жатыңыз” деп айтпай эле койсом болот экен да ээ?” – деп кызыга сурап калат…
Ошондон кийин Бекматтын үйүндө ар бир тамактан кийин Аллага шүгүр келтирип, бата тилеген адат кайра жанданат.

.
Балаңды жалкоолукка үйрөтпөгүн,
Жашоодо белен оокат табылбастыр.
Турмуштун капилеттик кырсыгына
Эмгекке көнгөн адам багынбастыр. (А. Аухади)
.
Баланын тили – бал. (Макал)
.
Талаптуу бала – талпынган куштай, кумары канбас көкөлөп учпай. (Макал)
.
Атанын балдарга калтырган эң жакшы мурасы – анын жакшы тарбиясы. (Хадис)
.
.
Бардык элдердин жыргалчылыгы балдарды тарбиялоодо болот. (Джон Локк)
.
.
Дүйнөдөгү эң жакшы адам!
.

Көчө бойлой теңселе кадам шилтеген мас аялды кичинекей кыз жетелеп келатты. Ал аялдын кийими кир, чачтары уйпаланган, ал аз келгенсип, улам бирөөгө кыйкырып коюп келатты. Жолуккандар аны айланып өтүп, иренжиген түр менен карап жатышты. Айрымдары: “Кандай акмакчылык! Уят эмеспи! Ушундан көрө ичпей эле койбойбу! Аракеч!” – деп сүйлөнүп баратышты. Ал сөздөрдү угуп ызаланган тестиер кыз көз жашын көлдөтүп: “Ал аракеч эмес, силер билбейсиңер, ал… ал… дүйнөдөгү эң жакшы адам! Ал – менин АПАМ!” – деп кыйкырып жатты…
.
.
Апа деген асмандагы Айга тең,
Апа деген гүлдөп турган гүлгө тең.
Апа деген чалкып жаткан деңиздей,
Жарык берген, жашоо берген Күнгө тең!
.
Эне сүтүн актоо – өмүр бою кутулгус карыз. (Н. Островский)
.
Баарынан күчтүү, ыйык сүйүү – эненин сүйүүсү. Ал эч нерсеге багынбайт. (Т. Драйзер)
.
Бешиктеги баланын бек болорун ким билет. (Макал)

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   25 Февраль 2014 - 16:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Эненин жүрөгү
Бир уламыш эл арасында айтылып жүрөт. Бала менен апасы тууралуу. Анда эмесе ошол уламышты силерге айтып берейин. Бир айылда апасы менен баласы жашаган экен. Алар тынч жашап жаткан убакта, балага бир адам келип “Сен ушинтип жашагандан тажаган жосунбу? Эптеген жашоодон. Сени менен тең балдар кычыраган унаа айдап, заңгыраган үйлөрдө жашап жатат, жакшы жумуштарда иштеп, жакшы акча таап жүрүшөт, а сенчи? Сен ошентип жашагын келбейби? Сен менин бир тапшырмамды аткарсаң мен сага ченеми жок байлык берем, тонналаган алтынды, тонналаган жакутту, тонналаган каухарды” деп баланы азгырып баштаган экен.
“Ал кандай болгон тапшырма?”
“Жөнөкөй эле тапшырма, сен энең уктап жаткан маалда аны бычак менен жүрөккө сайып, анын жүрөгүн мага алып келүүң гана керек. Болгону ошо”
Кургур бала азгырыкка алданып, бычак алып апасына жөнөгөн экен. Байлык, бийликке жетүүгө курсант болуп. Бала чуркап үйүнө кирип уктап жаткан энесине кол салып, жүрөгүн кесип алат, кесип алары менен жиберген адам алдап кетчүдөй болуп, жанталашып чуркап келе жатып чалынып жыгылат. Энесинин жүрөгү колунан ыргып, өзү бозала жерди кучактап жатып калат. Ошондо эненин жүрөгүнө тил бүтүп “Балам эч жерин ооруган жокпу? Каралдым кай жерин ооруп калды? Ий күчүгүм ай, тур тура гой. Абайлабайсыңбы уулум, жеткен шашмасын да, жерге катуу тийип майып болуп калсаң эмне болот” деп баласына жалбарган экен. Ошол убакта эмне кылганын аңдаган бала буркурап ыйлап, өз жанын кыю үчүн колуна бычак алганда эненин жүрөгү:” Балам, антпе! Антпегин уулум! Билесиң го каралдым, сенин жакшылыгыңды көрсөм экен, сенин балдарыңды баксам экен, сенин жубайын менен эне кыздай болуп батышсак экен. Балам бүлөлү болуп, орун бачар болсо үйүн кайтарып, неберелеримди багып колуман келишинче жардамдашсам экен деп жашап келгенимди. Ушул баламдын жакшылыгын көрсөтө көр деп Аллахка күндө дуба кылып жашаганымды билесиң го каралдым. Менин жүрөгүмдү экинчи жолу жаралаба уулум, суранам уулум, мени экинчи жолу өлтүрө көрбө күчүгүм” деген экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 111813_0.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   PoZiTiV-86   25 Февраль 2014 - 17:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 19 Июнь 13
  • Соңку аракети: 10 Янв 2015 00:03

Аллах ыраазы болсун, баарыңарга!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   toxa-90-kg   01 Март 2014 - 23:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 22 Февраль 12
  • Соңку аракети: 02 Янв 2018 18:51
  • Жынысы:Эркек

абдан тасирлуу жана тура жого угутойт экен,дагы коп коп жазыныздарчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 32 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 32, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 22:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: