Коопсуздук Кеңешинин өлкөбүздөгү диндик
кырдаалга арналган отурумунун алдында
Турар Койчуев, Илгиз Айтматов, Абдыганы
Эркебаев, Миталип Мамытов сыяктуу
академиктер,
Эл акыны Омор Султанов, Эл
артисти Кайыргүл Сартбаева, коммунистка
Клара Ажыбекова, экс-депутат Асланбек
Малиев, “Манас Ордо” коомунун төрагасы
Анарбек Усупбаев баштаган бир топ адамдар
теңирчиликти өзүнчө дин катарында
каттоодон өткөрүү тууралуу Президентке
кайрылуу менен чыгышты. Азыркы алабарман
демократиялык мезгилде мындан өткөн
радикалдуу сунуштар менен деле бирөөлөрдү
таң калтыруу кыйын, эгерде теңирчиликти
жактагандар тийиштүү кагаздарын толтуруп,
процедураларын аткарышса, алар өзүнчө
диний уюм катарында каттоодон өтүшү
мүмкүн, анда талаш жок, бирок, ал уюмдун
келечеги кандай болот, ал фактынын коомго
тийгизген таасирлери кандай болот?
Академиктер Исламдан безгени жатышат... Бөлүнбөйлү Кыргызым!
#2 17 February 2014 - 19:04
Теңирчиликтин алсыз жагы жөнүндө...
Ар кандай дин сакралдашкан кандайдыр бир
идеологиялык окууга, нормативдик
документке негизделет. Юдаисттердики - эски
Инжил жана Тори, христиандардыкы - жаңы
Инжил, апостолдордун аны чечмелеген толгон-
токой эмгектери, мусулмандардыкы - Куран
жана шарият, Мухаммед пайгамбардын
хадистери, буддачылардыкы - Конфуцийдин
мурастары, бахаисттердики -Бахаинин 100дөн
ашык китеби ж.б. Мындан көрүнүп тургандай,
дүйнөлүк улуу диндердин бардыгынын
башатында конкреттүү инсандар жана
алардын окууларына идеологиялык,
философиялык база болорлук булактар турат.
Ал эми кыргыздар илгери Көкө Теңирге
сыйынышып, теңирчиликти дин катарында
тутунушкан, азыр ага кайтуу керек деген
менен ачык айтканда, теңирчиликтин
айылдагылар азырга чейин ырым-жырым
катарында колдонулуп жүргөн айрым
белгилери эле болбосо, кайта турган эч нерсе
деле жок. Теңирчилик - байыркы
бабаларыбыздын утурумдук тиричиликтерин,
жүрүм-турумдарын жөнгө салууда аябагандай
чоң роль ойногон, бул жагынан ал азыр деле
маанисин жогото элек, бирок теңирчиликтин
башка диндер менен атаандаша албай турган
эң алсыз жагы - анда адамдын өлгөндөн
кийинки гипотетикалык жашоосун
түшүндүрүүчү окуунун, идеологиянын
жоктугунда болуп атпайбы. Теңирчиликте
исламдагыдай, христиан дининдегидей бейиш,
тозок деген күчтүү түшүнүктөр жок, убал-сооп,
адал-арам деген гана координаттар бар, ошон
үчүн теңирчилик бардык диндерден эрте
жаралган менен күчтүү диндик окуу
катарында калыптанган, таралган эмес.
Ошондуктан аны кармангандар кийин ислам,
будда, христиан диндерине оңой эле өтүп
кетишкен. Кандайдыр бир окуунун диндин
деңгээлине көтөрүлүүсү үчүн ал
жарыкчылыктан мурда адамдын өлгөндөн
кийинки жашоосун көбүрөөк проекциялоосу
керек, анткени, адамдар тозоктон коркуп,
бейиштен үмүт кылгандан, жарыкчылыктан
өтөр менен биротоло жок болуп кетүүдөн
патологиялык деңгээлде корккондуктарынан
улам гана динди издешет, динге
кайрылышат, аны карманышат. Же бир сөз
менен айтканда, транценденталдуу
(жарыкчылыктын чегинен чыккан) нерселерди
убада кылбаган диндин эч кимге кереги жок.
Теңирчиликтин алсыз жагы мына ушунда, ал
дүйнө тааным катарында жашашы мүмкүн,
бирок ал эч качан толук дин боло албайт.

#3 17 February 2014 - 19:07
[b Теңирчилик “Манаска” зыянын тийгизеби?[\
b]
“Манас” үчилтигин, “Кожожаш”, “Эр Төштүк”.”
Курманбек”, “Жаныш-Байыш” сыяктуу кенже
эпосторду теңирчиликтин идеологиялык негизи
боло алат деп элдик оозеки чыгармачылык
менен диний ой жүгүртүүнүн, көркөм
чыгармачылык менен сакралдык булактардын
айрымасын билбеген, теологиялык түшүнүгү
тайкы адамдар гана айтышы мүмкүн.
Сакралдашкан чыгармалар - бир сөзү да
өзгөргүс, эч ким ага тийише албай турган
догма. Аларды бурмалаганга, ар ким өзү
каалагандай интерпретациялаганга жол
берилбейт. Антпесе алар диний чыгарма
болуудан калат. Инжилге, Куранга, же Авестага
эч ким алымча, кошумча киргизе албайт. Ал
эми биздин эпосторду мурда гана эмес, азыр
деле ар ким айтып, ар ким өзү каалагандай
варианттарды жаратып жатса, алар кайдан
теңирчиликтин ыйык китептери боло алат?
“Манастын” эле жазылып алынган 80ден ашык
варианты бар, аларда теңирчиликтин
элементтери менен кошо исламга ж.б. диний
көз караштарга мүнөздүү нерселер да аз
эмес. Акыркы “Айкөл Манас” деген 10 томдуу
вариантта мистикалык көрүнүштөр да
жетишерлик. Эгерде “Манас” азыркыдай
интерпретацияларга учурай бере турган болсо,
ага кызыкдар айтуучулары чыкса, ал
теңирчиликти эмес, манихейчиликти же
бахаизмди даңазалаган чыгармага да айланып
кетүүсү мүмкүн. Мына ушундай ар кандай
өңүттөрдө эркин интерпретацияланып жаткан
элдик оозеки чыгарманы диндик ыйык китеп
деп атоонун өзү, эң эле жумшак айтканда,
ашкере алаңгазарлык жана сабатсыздык
эмеспи?
Экинчиден, теңирчилер, “Манас” үчилтиги
баштаган бир катар элдик эпосторду
теңирчилик дининин пайдубалы деп атоо
менен “Манаска”, демек, элдик рухка каршы
иш кылышууда. Анткени, теңирчилер кокус өз
уюмун каттоодон өткөрүшсө, анда ошол замат
“Манасты” баш кылып жогоруда аталган элдик
эпостордун бардыгын мектептердин,
ЖОЖдордун программаларынан, адабият
таануудан алып салуу керек болот. Себеби,
биз лайыктык өлкөбүз, Баш мыйзамыбызга
ылайык, мамлекет динден ажыратылган,
диний китептерди мамлекеттик мекемелерде
окутуп, пропагандалоого тыйуу салынган.
Антпесе башка конфессиядагылар биздин
ыйык китептерибизди да мектептердин,
ЖОЖдордун программаларына киргизгиле деп
чыгышат. Урматтуу академиктерибиздин
мына ушул жөнөкөй нерсени да
түшүнбөгөндөрү таң калтырат.

#4 17 February 2014 - 19:09
Мен учун Ислам дининен башка бир да дин жок. Жалпы мусулман элдери учун да.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#5 17 February 2014 - 19:13
[b]Дини бөлүнгөндүн – эли бөлүнөт…[\
b]
Кыргызстан эбак эле диний агымдардын,
секталардын, ар кандай ложалардын
эксперименттик аянтына айлангандыгы эч
кимге жашыруун эмес. Кыргыздардын
арасынан башка диндерге өткөндөрдүн
сандары бир нече миң. Бирок секталар,
ложалар дегенибиз менен алардын баары
фундаменталдык исламдын алдында жөн эле
баланын оюну болууда. Азыр коомубуз
геометриялык прогресстеги ылдамдыкта
исламдашып, анда радикалдуу исламдык
агымдар үстөмдүк кылып баратат. Мындай
шартта теңирчилер өз уюмун каттоодон
өткөрүшүп, бир эмес он гезитти ачып алып өз
үгүттөрүн жүргүзүшсө да исламдын агымын
токтото же ага сезилерлик атаандаштык кыла
алышпайт. Жагабы, жакпайбы, жакшыбы,
жаманбы, өлкөнүн исламдашуусу артка
кайткыс процесске айлангандыгы чындык Теңирчилер өзүнчө диний уюм катарында
расмий каттоодон өтүшсө, элдин биримдигине
доо кетээри турган иш. Башка диндерге өткөн
кыргыздар өз диний көз караштарын
афишалабаган, көпчүлүгү жашырышкан,
күндөлүк турмушта ал каршылыктарды
жаратпаган менен маркумдарды акыркы
сапарга узатууларда чоң чатактарды пайда
кылып жаткандыгын ачык айталы Цивилдүү элдердин бардыгында
көрүстөндөрдүн конфессиялар боюнча бөлүнө
тургандыгы мурдатан келаткан салт. Ислам
дининдегилердин көрүстөндөрүнө
мусулмандардан башкалар коюлбайт, бир дин
деп эсептелген христиандардын деле айрым
агымдарынын өздөрүнүн көрүстөндөрү бар.
Буддачылар, юдаисттер тууралуу айтпай эле
коёлу. Бизде башка диндерге өтүп кеткен
кыргыздардын сөөктөрүн жерге берерде ислам
динин кармангандар менен жаңжалдашуулар
болуп келаткандыгы эч кимге жашыруун эмес.
Эгерде теңирчилер өзүнчө диний уюмга
айланышса, эртели кеч алардын көрүстөндөрү,
сыйынуучу жайлары бөлүнүүсү зарыл. Бирок
теңирчилерди жактагандар түгүл протестант,
кришниат, баптист ж.б. болуп кеткен
кыргыздар деле өздөрүнүн сөөктөрүнүн
мусулман кандаштарынын арасына коюлуусун
каалашат экен. Ал эми чыныгы мусулмандар,
өзгөчө радикалдуу көз карашта турушкандар
ага макул болгулары, көнгүлөрү келбей, айрым
жерлерде башка диндерге өткөндөрдүн
сөөктөрүн ары алып бар, бери тарт деген
маанилерде жаңжалдардын болуп жаткандыгы
белгилүү. Мындан ары андай көрүнүштөрдүн
тереңдөөсү гана күтүлөт. Андай теңирчиликке
өткөндөрдү радикалдуу исламчылдар
“бутпарастар” деп жарыялап, ошого жараша
позицияга өтүп албайт деп ким айта алат?
Анда кыргыздар уруулар боюнча гана эмес,
диндик жактан да бөлүнүп, элибизди
Палестинанын комплекси чырмай
баштабайбы? “Жетимге көк жөтөлдүн кереги
не” дегендей, ансыз деле трайбалисттик,
уруучулук көрүнүштөрдөн, моралдык жана
адеп ахлактык кризистерден чыга албай
жатканда бизге андай жиктенүүнүн кереги
барбы?

#6 17 February 2014 - 19:17
Адашкан майда диний агымдар партиялардан да кобуроок болуп кетти окшойт.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#7 17 February 2014 - 19:18
Бизди ислам дүйнөсүнө душман кылышабы?
Теңирчилик байыркы бабаларыбыздын дүйнө
таанымы болгондугу чындык, анда талаш жок.
Андай дүйнө тааным байыркы түрктөргө гана
эмес, Зораастризмди карманышкан перстерге,
988-жылга чейин орустарга ж.б. токой талаа
элдерине да мүнөздүү болгон. Бирок азыр
перстер “Авестага”, орустар, украиндер ж.б.
бутпарастыкка, Батыш Европадагылар
манихейликке ж.б. кайрылып келебиз деп
жатышкан жок. Алар үчүн жогоруда
айтылгандар тарыхый өнүгүүнүн бир
мезгилинде алда качан басылып өткөн этап.
Ыраматылык Салижан Жигитов агабыз
“кыргыздардын окумалдарынын көздөрү
желкелеринде, дайыма артты карап турушат”
деп айткандай, акын менен артисттерге сөз
деле жок, бирок академиктерибиздин элди
бириктире турган идеяларды көтөргөндүн
ордуна жиктештирип, анан кайраштыра турган
демилгелер менен чыгып жаткандары өтө эле
олдоксон, таң калыштуу болууда. Бул
урматтуу академиктердин мантияларына,
жаштарына, коомдогу ордуларына ылайык
келе турган жорук эмес. Же алар пайгамбар
жашынан өткөндө исламдан биротоло безип,
бутпарастыкка кирүүнү чечишкенби? Алардын
мындай адаттан тышкаркы жоруктарына эл,
коомчулук эмне дейт?Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында
ошол убактагы тышкы иштер министри
Э.Карабаев Израилге барганда “Кыргызстан
Иерусалимде элчилигин же консулдугун ачат”
деген билдирүү жасап жиберип,ислам
дүйнөсүндөгүлөрдүн бардыгын бизге душман
кылган.Мусулман өлкөлөрүнөн нааразылык
ноталары жаай баштаганда президент Акаев
Карабаевди кызматынан алып ыргытып
аларды араң тынчыткан.Анын айынан
көпчүлүк араб өлкөлөрүнүн бизге карата
мамилелери алигече оңолбой атат.Айрым
академиктердин теңирчиликти динге
айландыруу тууралуу демилгесинен кийин
алардын бизге карата мамилелери дагы
начарлайт,ислам дүйнөсүнө Кыргызстан жөн
эле бокочодой көрүнө баштабайбы? Азыр
айрымдар академиктер Ак үйдүн буйрутмасы
менен ошондой кайрылуу жасады деп
жатышат.Эгерде ал демилге чын эле Ак үйдөн
чыккан болсо, анда ал ХХI кылымдагы эң эле
ылайыксыз, алаңгазар, олдоксон демилге болду.

#8 17 February 2014 - 19:22
Ушуга кандай карайбыз эми туугандар?Бутпараст,
баптисттерден кутула албай жатканыбызда,
христианстводонда тээ илгерки динди чыпташтырып жатышканын карабайсыңарбы.
..Туура эми ата-бабаларыбыз тутунган дин экен,а бирок ата-бабаларыбыз Ислам дининдеда болушканго.
#9 17 February 2014 - 20:37
Академиктерди каржылап чыгууга турткон саясатка ыктаган бир нерсе бар болушу да мумкун. Академикти *академик*деп сыйлагыдай бир далилдуу суйлой алса эми , теледен дебатка чыккан айрымдары кыжырды кайнаткандан башкага жарашкан жок . Илимий изилдоолорун тактап алып , суйлоор созун белендеп анан ат салышпаптыр тыртандабай.
Жада калса дебаттын этикеттерин да сактаган жок. Бизде академиктер ушундай болсо , анда башкалар тууралуу кеп кылуунун кажети жоктой ...
Откондо мамлекеттен акча болунбой, оздорун оздуру каржылашсын деп атышты эле ... Илимди изилдебесек да жок дегенде жеген наныбызды актайлы деп *Тенирчиликти*которуп чыгышкан бейм... Айтор бул кадамдарын *АЛЖЫГАНИЗМ* катары кабылдадым !

ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#10 17 February 2014 - 21:40
Исламдын дуйнодогу менмин деген окмуштууларда катасын тапкан эмес булар кичинекей адамдар маселе жарата албайт Динге, Бирок кыргыздарга туйшук жаратат анткени Кыргызсынбы сен тенирчи болушун керек дегендер да чыгат ошондо эл экиге болунуп калат..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#11 17 February 2014 - 22:01
Жакында андан илгерки таш доорунда жыланач ата бабаларыбыз жаныбарга мисалы бугуга сыйынчу деп да чыгышат. Астфрулла, Аллахым алардын куноосун кечирсин.
#12 17 February 2014 - 23:07
Жакында андан илгерки таш доорунда жыланач ата бабаларыбыз жаныбарга мисалы бугуга сыйынчу деп да чыгышат. Астфрулла, Аллахым алардын куноосун кечирсин.
+1000000000000
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#13 17 February 2014 - 23:36
Тенирчилик дин эмес, тескерисинче динсиздик.
Байыркы адамдардын баары эле ошондой ишенимде болуп келген. Отко сууга сыйынып. А бул кыргыз тенирчилери башкалардан айырмаланып Манас деген типа пайгамбар ойлоп чыгарыптыр. Манас деген башта болгонбу? ушуну изилдеп алса болмок. Дагы адамдын кулкусун келтирип Манастын жети осуяты деп, 80-90чу жылдары бир жазуучу ойлоп жазган осуятын окуучуларга уйроконучу.
Мындай тенирчилерден коро Христиандар да жакшыраак. Себеби алар Ыйсаны уулу деп адашканы эле болбосо Кудайды тааныйт. Жана Аллах да ошол эле оздорунун кудайы экенин билишет. Бирок алар башкача оздорунун жолу ишеними менен сыйынышат. Ал эми Тенирчилердин адашканы отто аянычтуу.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#14 18 February 2014 - 00:50
Бул академиктер илгерки союз убагындагы атеист болушуп, Ленинди ата деп жургондор да. Союз тараганы ушуга чейин исламды карманышпаса,
демек булар ислам дини боюнча караманча тушунугу жок немелер. Тушунугу жок болгону учун тенирчиликти дин кыла коелу деп жатышпайбы,
элди тозокко суйроп. Ойлошотко кыргыздар оомо кете берет деп. Бул келесоолук,
ансыз деле уруучулуктан,
тундук - туштук деп экиге болунуучулуктон кутула албай жатканыбызда минтип. Мунун келечеги ото коркунучтуу нерсе. Бул кайсы бир чет мамлекеттин ЦРУ сыяктуу агенттеринин эле бизге жасаган болуп-жаруу аракети болсо керек. Алар коп акча сунуш кылышкан го дейм булардын кимдир бироолоруно.
Же биздин академиктерибиз алжышканбы.
..Олбогон адам жокко, олсо жаназасын тенирчилер окуйбу, тенирчиче...
#16 19 February 2014 - 03:36
Кыргызстан дин тутунусун козомолго алуусу зарыл! Исламдын бир жолунда !Азыркыдай бир нерсени жазганды токтотуп!
Дин адам баласынын жашоосунда Жараткан менен байланыш жасоо учун! Аны азыркыдай кийим кий! Диний адабияттарды жаттоо! Жуз башга тук остууруу!
Тентип жомок айтуунун ордуна так жана табыгый илимдердин китеп булагына суугарылуу керек. Биздин кылымдарга чейин эле диний адамдар жашап келген дагы да жашап келет. Анын ордуна заманбап жашоого керектуу болгон жаны маалыматтарды башкаруунун,
заманбап дарылоочуу тетиктерди жасоонуу аны колдонууну оздоштуруу керек.Кай дагы диний китепти окуп алып кочодо оронуп аял киши араба тээбип кан тапшырды болуп дуйного уят болбой! Эркеги Озунун тирилигин таштап ата энесинин таштап Сирияда мусулмандарды аткылаап журот! Эсин барда ,Этигинди жый деген Кыргызда!
Бир жолу маскарапооздуктун дагы жеткен чеги болот!
#17 19 February 2014 - 10:28
Эл журт Бакдоолот атту баладан кимдин кабары бар ?
<br><br>Жетиогуздо 2000 жылы төрөлгөн: "Курсакта сүйлөгөн бала" деп ошол убакта гезиттер "дүррр"
эткен: <br><br><br><br>
П.С.
Мен ошол китептин үзүндүсүн окугам, Куран же Библиага ошоп Кудайдын атынан:
"Мен айтам" деген сыяктуу
создор мене жазылган&
nbsp; "Иса (пайгамбар) менин тегим"&
nbsp; деп Бакдоолот озун айткан жерлери бар. &
nbsp;<br><br>
Кыскасы "Жаңы нук" деген &
nbsp;"дин"
(деп айтсам жаңылышпаймго)&
nbsp; баштаары айтылат. <br><br><
br><br><br>
Азыр Бакдоолот 14 жакшка чыгып калса керек, ал 12 жашка кийин өзү иштеп баштайт деп айтылган.
Бакдоолот&
nbsp; ребенок родившийся от непорочного зачатия,
этому предшествовало видение его матерью Гульнур, ( у нее был дар &
nbsp;ясновидения) о совершении обряда и обряд с молитвами совершенный в день &
nbsp;когда совпал Мусульманский Орозо айт и Христианский сочельник 19 января
1999 г. так и не понявшая до конца смысл обряда, ничего не подозревавшая&
nbsp; мать,
через некоторое время узнала что беременна от чего была в шоке, но
ребенок начал говорить через нее будучи в ее животе - утробе, точнее она впадала в
транс и начинала исписывать бумаги или говорить нечто в стихотворной&
nbsp; форме которые записывали окружающие люди. Ребенок сказал (написал руками матери) что &
nbsp;его &
nbsp;зовут Бакдоолот, когда родится и как родится, кто должен быть отцом, что до 12 лет &
nbsp;будет работать через мать, после чего начнет работу сам. <br><br>Мать не верила
думала что сходит с ума, но поверила когда начал расти живот. Как он
предсказал он родился через 13 (ТРИНАДЦАТЬ) месяцев, родился дома без &
nbsp;единого медицинского вмешательства.
В возрасте одного года свободно& nbsp; разговаривал, в это же время держал пост (орозо) 50 дней пил только воду, мать & nbsp;пыталась подсыпать сахар в воду он даже не попробовав это чувствовал и просил обычную воду, начал учить родителей новым словам обозначающим предметы& nbsp; некоторые предметы на которых нет перевода. До того как он родился он описал отца за которого должна была выйти замуж мать. <br><br>В 2008 году & nbsp;завершена книга "Бакдоолот" с очень глубоким смысловым содержанием в котором он пишет что является братом Иисуса, что люди исказили некоторые& nbsp; идеи Иисуса, что поведет за собой весь народ, объединит народы под одним & nbsp;"Жаны нук" - новым направлением" , что примечательно пишет от имени & nbsp;Бога так же как в Коране или Библии.<br> <br> Помоему это и есть Имам Мехди & nbsp;приход которого описан в хадисах Корана (хотя думаю это будет не один & nbsp;человек а несколько) и должен объединить все религии. И помоему высказывания других "местных деятелей" по сравнению с Бакдоолотовскими& nbsp; выглядят детским лепетом. Конечно указанное выше не с каждым происходит, Иисус тоже вытворял чудеса...<br> <br>Конечно про "ребенка говорящего в животе" писали все местные газеты тех времен и свидетельствуют жильцы Жетиогузского района где родился Бакдоолот. Разумеется хотели сделать деньги и сенсацию западные ученные, но время еще не настало, как он говорит начнет работу сам с 12 лет сейчас по надежной опекой, и конечно хотелось бы узнать мнения "специалистов" по данному вопросу. Будут ли объединены усилия во благо людей раз уж об этом стали говорить... & nbsp; & nbsp; & nbsp; & nbsp; & nbsp; & nbsp; & nbsp; & nbsp; & nbsp; <br><br>

#18 19 February 2014 - 10:50
Хе-хе, академик болсо эле баарын биле берет дейсизби. "Академик"
деген кыргыз окумуштууларынын уюму болгон Илимдер академиясынын анык мүчөсү деген эле наам же, форумда айтылгандай,
"китеп мүлжүгүчтөр клубунун"
мүчөсү.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#19 21 February 2014 - 09:47
Эл журт Бакдоолот атту баладан кимдин кабары бар ?
<br><br>Жетиогуздо 2000 жылы төрөлгөн: "Курсакта сүйлөгөн бала" деп ошол убакта гезиттер "дүррр"
эткен: <br><br><
br>П.С. Мен ошол китептин үзүндүсүн окугам, Куран же Библиага ошоп Кудайдын атынан:
"Мен айтам" деген сыяктуу
создор мене жазылган "Иса (пайгамбар) менин тегим" деп Бакдоолот озун айткан жерлери бар. <
br><br> Кыскасы "Жаңы нук" деген "
дин" (деп айтсам жаңылышпаймго) баштаары айтылат. <br><br><
br><br>
Азыр Бакдоолот 14 жакшка чыгып калса керек, ал 12 жашка кийин өзү иштеп баштайт деп айтылган.
Азыр Бакдоолот 14 жакшка чыгып калса керек, ал 12 жашка кийин өзү иштеп баштайт деп айтылган.
"Бакдөөлөт" атту коомдук фонд бар, ошол баланын атынан негизделген....

Супер-Инфо
super.kg
видео