Цитата
Башкы прокуратуранын 17-февралдагы коллегиялык жыйынында уктап калган Базар-Коргон районунун прокурору Артисбек Кыдыралиев иштен айдалган жок, ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай тактоону Башкы прокуратуранын маалымат кызматы жарыялады. “18-февралда башкы прокурор Артисбек Кыдыралиевди кабыл алып, коллегиялык жыйын учурунда өзүн туура эмес алып отурушун түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Ал жыйын учурунда өзүн жаман сезүүдөн улам уктап кеткенин билдирди. Аида Салянованын буйругу менен А.Кыдыралиев ээлеген кызматынан бошотулду, иштен айдалган жок”,- деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, коллегиялык жыйында аталган прокурор уктап кетип, башкы прокурор Аида Салянова анын залдан чыгып кетишин талап кылган. Мындан кийин ал жыйындан чыгып кетүүгө мажбур болгон. Буга чейин райондук прокурордун иштен айдалганы айтылган эле.
Ушуну силер кандай кабыл алдыңар?
Карап турсак кээ бири "туура чечим, Аида азамат!" дешсе. Кээ бири "эми алыстан бери келип көзү илинип кетиптир, анын эмнеси бар экен" деп жатышат. Менимче, мындай адамдарды иштен айдаган эле туура. Анткени бизде бүт жерде кайдигерлик. Райондук прокурор эмес депутаттар деле уктап калып жатышат.
Билдирүүнү түзөткөн: Surduu: 19 Февраль 2014 - 12:03