Көрү үчүлө р – залдын 98 пайызы (17-ноябрда)
Билет баасы – 200-250 сом
Алпаруучу – жигиттерди ышкырганга үйрөткө н Назира Айтбекова
Эсте калганы – Мирбектин туу көтөрү п алып ат чаптырганы
Эң мыкты номер – төрт достун аткаруусундагы "Кыргызым" ыры
Спорт Ордосуна барып көнгөн көрүү чүлөр цирктин оң канат, сол канатын таппай бираз кыйналышты. Атайын Толик сынчыга бөлүнгө н жумшак VIP-орунга да башка бирөө отуруп алыптыр. Тез эле "разборка" кыла коюп, анан концертке көңү л бурдум.
Адегенде шумдуктуу чабандестер өнөрлө рүн тартуулашты. Алардын аркасынан Мирбек бир колу менен кыргыздын желегин бийик көтөрү п, экинчиси менен тизгинди бекем кармап бастырып келгенде корүүчү лөр кол чаап тосуп алышты. Мирбектин жеке концертинин көркүн ачабыз деп Ирлан, Жаным Айзат, Ильяз, Айко, Сапар, Анжелика, Бактыгүл, Иса, Акбар, Чыңгыз, Бегимай, Мирбек, Султан жана "Азия Нур" бий тобу келишиптир. Бардык ырчылар "скромный" болуп эле аренада ырдашса, Атабеков аренанын кырына чыгып ырдады. Султан болсо аны көрүп алып, "Манастан Чубак кем бекен" дедиби, аренанын кырынан да ашып, элди аралап кете жаздады!
А Мирбек өзүнү н "визиттик карточкасы" "Таластык кыз" баш болгон эски хиттери менен катар жаңы ырларын да тартуулады. Оң канатта отурган он чакты кыз "Мирбек эле Мирбек!" деп акырында үндөрү чыкпай калганча чаңырышты. Мирбек "Мөлмө лүмдү" ырдап жатып, "болор-болбос баш баккан сени бөдөнө тумшук мамагың" деген жерин ансыз деле уялып ырдаганда тигил кыздар эстеринен танып кала жаздашты, тобоо!
Негизи, бардык эле концерттердей өткөн Мирбектин "Достор" кечеси циркте өткөнү менен жана атактуу төрт кан достун ат минип чыгып ырдаганы менен айырмаланды. Жакшысы, студенттер өз майрамдарында кафелеп тентибей, концерт көрүп, маданияттуу эс алып, үйлөрү нө кайтышты.
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 24 Ноябрь 2008 - 14:10