KG Элмураттын ырларын жазгыласы
KG Элмураттын ырларын жазгылачы
#2 20 February 2014 - 19:52
Бир кездери угуп жургон ырым "Бакытка"
деп аталат эле
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#3 20 February 2014 - 20:01
Татынакай келинчек
Назигим, айдай кызым,
Жалгызым, дарманымсың,
Жараткан берген ырымсың.
Бой жетип калдың эми,
Бакытың издеп келди,
Узатам сени, кымбатым.
Кайырма:
Кайнатаң медер туткан,
Келин бол, садагасы.
Коломто отун тутанткан,
Кайненең үмүт кылган,
Келин бол, садагасы,
Каадасын сактап, бек туткан.
Татынакай келинчек,
Ата-энеңе эркелеп,
Жүргөн күнүң калды,
Эсте сакталып.
Татынакай келинчек,
Барган жерге бакыт сеп.
Ажарыңа турсун баары суктанып.
Кабагым-кашым дебе,
Жакпайт ал кайненеге.
Урматың болсун дээриңде.
Сүйүүгө туруктуу бол,
Жашоо - бул эң узак жол,
Басып өт, кызым, эрикпей
Назигим, айдай кызым,
Жалгызым, дарманымсың,
Жараткан берген ырымсың.
Бой жетип калдың эми,
Бакытың издеп келди,
Узатам сени, кымбатым.
Кайырма:
Кайнатаң медер туткан,
Келин бол, садагасы.
Коломто отун тутанткан,
Кайненең үмүт кылган,
Келин бол, садагасы,
Каадасын сактап, бек туткан.
Татынакай келинчек,
Ата-энеңе эркелеп,
Жүргөн күнүң калды,
Эсте сакталып.
Татынакай келинчек,
Барган жерге бакыт сеп.
Ажарыңа турсун баары суктанып.
Кабагым-кашым дебе,
Жакпайт ал кайненеге.
Урматың болсун дээриңде.
Сүйүүгө туруктуу бол,
Жашоо - бул эң узак жол,
Басып өт, кызым, эрикпей
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#4 20 February 2014 - 20:01
Мага "келинчек"
деген ыры жагат.
Создорун бирок так билбейм.
Создорун бирок так билбейм.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 20 February 2014 - 20:12
"Сагыныч"
Коштошуп кеттиң менден,
Карааның алыс узап.
Айлам жок кала берем,
Көрүнбөс буттан тушап.
Кайырма:
Жүрөгүм кошо кетет,
Ээн сиреп денем калат.
Сагыныч мени эзет,
Көрүүгө сени самап.
Күн өтпөс, ачылбас,
Шашылам көрүшүүгө.
Денеме сүйүү сыйбай,
Сен менен бөлүшүүгө.
Кайырма:
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#6 20 February 2014 - 20:15
Жамгыр
Жамгыр нөшөрлөп тынбай,
Кусалыктан көңүлүм ыйлай.
Мейли өтсүн уйкусуз түндөрүм,
Ак сүйүүм, өзүңдү күтөмүн.
Мейли өтсүн уйкусуз түндөрүм,
Ак сүйүүм, өзүңдү күтөмүн.
Жаралуу жүрөгүмдөсүң,
Уйкусуз түндөрүмдөсүң.
Жамгыр, өтүнөм сенден, суранам,
Сүйгөнүмдөн кабар ала кел.
Жамгыр, өтүнөм сенден, суранам.
Сүйгөнүмдөн кабар ала кел.
Дайыма жанымда элең,
Алыстасың эми сен менден.
Тажабайм, күтө беремин,
Ак сүйүүмдөн кабар ала кел.
Тажабайм, күтө беремин,
Ак сүйүүмдөн кабар ала кел.
Жамгыр нөшөрлөп тынбай,
Кусалыктан көңүлүм ыйлай.
Мейли өтсүн уйкусуз түндөрүм,
Ак сүйүүм, өзүңдү күтөмүн.
Мейли өтсүн уйкусуз түндөрүм,
Ак сүйүүм, өзүңдү күтөмүн.
Жаралуу жүрөгүмдөсүң,
Уйкусуз түндөрүмдөсүң.
Жамгыр, өтүнөм сенден, суранам,
Сүйгөнүмдөн кабар ала кел.
Жамгыр, өтүнөм сенден, суранам.
Сүйгөнүмдөн кабар ала кел.
Дайыма жанымда элең,
Алыстасың эми сен менден.
Тажабайм, күтө беремин,
Ак сүйүүмдөн кабар ала кел.
Тажабайм, күтө беремин,
Ак сүйүүмдөн кабар ала кел.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#7 20 February 2014 - 20:27
Айлыбызда алма гүлдөп турганда,
Гүлүн төгүп өрүк жашылданганда.
Биз турабыз ак мектептин алдында,
Кайрылабыз ошол сонун жылдарга.
Кайырма:
Кош эмесе, мектебим,
Кайра келер бекенмин?
Көздөрүмөн жаш агып,
Коштошуп бүгүн кетемин...
Китеп кармап бизге көптү үйрөткөн,
Билинбестен окуучулук жыл өткөн.
Алкыш айтам мугалимге, китепке,
Айла жок го бул мектептен кетпеске.
Гүлүн төгүп өрүк жашылданганда.
Биз турабыз ак мектептин алдында,
Кайрылабыз ошол сонун жылдарга.
Кайырма:
Кош эмесе, мектебим,
Кайра келер бекенмин?
Көздөрүмөн жаш агып,
Коштошуп бүгүн кетемин...
Китеп кармап бизге көптү үйрөткөн,
Билинбестен окуучулук жыл өткөн.
Алкыш айтам мугалимге, китепке,
Айла жок го бул мектептен кетпеске.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#8 20 February 2014 - 20:35
Суйуу кучу
Журөгүм кулпурат,
Өзүңө ыр сунат.
Канат байлап,
Сени жандайт, сүйүүм.
Сезим кайнап,
Мени кайрайт бүгүн...
Кайырма:
Сүйүүнүн күчү,
Канат байлады мага.
Бакыт тартуулайт,
Көкөлөтүп асманга.
Жүрөгүм жалындайт,
Сүйүүдөн жаңылбайт.
Күтө берем,
Сен деп келем дайым.
Сени менен,
Жеңсем экен баарын
Журөгүм кулпурат,
Өзүңө ыр сунат.
Канат байлап,
Сени жандайт, сүйүүм.
Сезим кайнап,
Мени кайрайт бүгүн...
Кайырма:
Сүйүүнүн күчү,
Канат байлады мага.
Бакыт тартуулайт,
Көкөлөтүп асманга.
Жүрөгүм жалындайт,
Сүйүүдөн жаңылбайт.
Күтө берем,
Сен деп келем дайым.
Сени менен,
Жеңсем экен баарын
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#9 20 February 2014 - 20:38
"Кереги жок"
Жок менде жалын күйгөн баштагы,
Көңүлүм калды, сезим таштады.
Кыйнадың мени, сүйүүңдүн сенин,
Кереги жок!
Сезимимди ойноп кармадың,
Өзүңдү-өзүң мага алдадың.
Түшүндүм баарын, сүйүүңдүн мага,
Кереги жок!
Кайырма:
Жалган сенин сезимиң,
Кайдан калдым кезигип?
Сүйүүнүн кемесинде мен жалгыз,
Бүт эсимде, сен жок...
Эркелейм дедиң эби жок,
Асмандап жүрдүң чеги жок.
Жактырбай айтканымды,
Өзүңө тартканымды. Сөз жок...
Сен мени сынап күндү өткөрдүң,
Оюнчук болуп, мен да өрттөндүм.
Сүйбөсөң койчу, алыс сен болчу,
Кереги жок!
Мен да чындап сени байкадым,
Ичтен сызып жүрдүм, айтпадым,
Сындырба мени, не керек деги,
Кереги жок!
Кайырма:
Жок менде жалын күйгөн баштагы,
Көңүлүм калды, сезим таштады.
Кыйнадың мени, сүйүүңдүн сенин,
Кереги жок!
Сезимимди ойноп кармадың,
Өзүңдү-өзүң мага алдадың.
Түшүндүм баарын, сүйүүңдүн мага,
Кереги жок!
Кайырма:
Жалган сенин сезимиң,
Кайдан калдым кезигип?
Сүйүүнүн кемесинде мен жалгыз,
Бүт эсимде, сен жок...
Эркелейм дедиң эби жок,
Асмандап жүрдүң чеги жок.
Жактырбай айтканымды,
Өзүңө тартканымды. Сөз жок...
Сен мени сынап күндү өткөрдүң,
Оюнчук болуп, мен да өрттөндүм.
Сүйбөсөң койчу, алыс сен болчу,
Кереги жок!
Мен да чындап сени байкадым,
Ичтен сызып жүрдүм, айтпадым,
Сындырба мени, не керек деги,
Кереги жок!
Кайырма:
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#10 21 February 2014 - 15:39
Татынакай келинчек
Назигим, айдай кызым,
Жалгызым, дарманымсың,
Жараткан берген ырымсың.
Бой жетип калдың эми,
Бакытың издеп келди,
Узатам сени, кымбатым.
Кайырма:
Кайнатаң медер туткан,
Келин бол, садагасы.
Коломто отун тутанткан,
Кайненең үмүт кылган,
Келин бол, садагасы,
Каадасын сактап, бек туткан.
Татынакай келинчек,
Ата-энеңе эркелеп,
Жүргөн күнүң калды,
Эсте сакталып.
Татынакай келинчек,
Барган жерге бакыт сеп.
Ажарыңа турсун баары суктанып.
Кабагым-кашым дебе,
Жакпайт ал кайненеге.
Урматың болсун дээриңде.
Сүйүүгө туруктуу бол,
Жашоо - бул эң узак жол,
Басып өт, кызым, эрикпей
Назигим, айдай кызым,
Жалгызым, дарманымсың,
Жараткан берген ырымсың.
Бой жетип калдың эми,
Бакытың издеп келди,
Узатам сени, кымбатым.
Кайырма:
Кайнатаң медер туткан,
Келин бол, садагасы.
Коломто отун тутанткан,
Кайненең үмүт кылган,
Келин бол, садагасы,
Каадасын сактап, бек туткан.
Татынакай келинчек,
Ата-энеңе эркелеп,
Жүргөн күнүң калды,
Эсте сакталып.
Татынакай келинчек,
Барган жерге бакыт сеп.
Ажарыңа турсун баары суктанып.
Кабагым-кашым дебе,
Жакпайт ал кайненеге.
Урматың болсун дээриңде.
Сүйүүгө туруктуу бол,
Жашоо - бул эң узак жол,
Басып өт, кызым, эрикпей
Рахмат сага ушул ырын таба албай журөт элем

Супер-Инфо
super.kg
видео












